ЖАКЫПБЕКОВ Ашым: АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВДУН ЧОЛПОНБАЙ БААТЫР ТУУРАЛУУ БАЯНЫ

Автордон

1974-жылдын июнь айында Донго, Чолпонбай жүрөгүн окко тоскон атактуу Бор-Дөбөгө барып кайттым. Ага себеп бу болду: Чолпонбай жөнүндө колдон келсе бир чыгарма, асыресе кино-повесть жазуу көптөн бери кыстап жүргөн ой эле. Анын үстүнө жазуучу Кеңеш Жусупов бизге чакан документ фильм үчүн «Ата Журт» аттуу сценарий жазып берген. Ошол боюнча биздин киногруппа өлкөнү кыдырып, өткөн Ата Мекендик Улуу согушта кыргыздын баатыр уулдары курман болгон жерлерден кино тартмак.
Ошентип көптөн көксөгөн максатты жол көрсөтөр жылдыз көрүп, жөнөп калдык. Оболу Москвага, андан ары Воронежге, андай төмөн Лиски районуна бет алдык.
* * *
1942-жылдын 7-август күнү кечинде Совинформбюронун берген кабарында мындай деген эки ооз сөз эле: «Воронежден түштүгүрөк биздин бөлүктөр Дон дарыясын согуш менен кечип өттү. Советтик кошуун элдүү эки ири пункту ээледи…» («Правда», 1942-жыл 8-август.)
Согуш күндөрүндөгү демейки кабар болгону менен бул эки ооз сөз улуу эрдиктин даңазасы болчу. Кыргыз элинин карапайым уулу Чолпонбай Түлөбердиев ошол согушта 6-август күнү таңга маал душмандын ДЗОТунун ажал чачкан оозуна жаш жүрөгүн тосуп берип, кысталышта кыргынга учурап жаткан биздин колго жеңиштин жолун ачып берген.
Чолпонбайдын эрдигин жалаң Воронеж фронтунда 8 жоокер кайталаган. Ал эми бүтүндөй Ата Мекендик Улуу согушта мындай эрдик 200гө жакын болгон («Правда», 1970-жыл 29 март).
Айтмакчы, Чолпонбай курман болгон учурда атактуу баатыр Александр Матросов ремеслолук окуу жайында окуп жүргөн. Ал өз ыктыяры менен согушка кетип, айтылуу эрдигин 1943-жылы 7-февралда көрсөткөн. Бул эки азаматтын эрдиги алиги эки жүз азаматтын эрдиги менен түбөлүк даңктала бермекчи.
Ошентип, жол жүрүп бараттык. Баратабыз дегеним үчөөбүз: кинорежиссер-оператор Карим Абдыкулов, оператор Жеңиш Чукин жана мен.
Үймөктөлгөн пахтадай жумалакташкан ак булуттардан арасынан сүзүп чыгып, биздин «ЯК-40» Воронеждин үстүнөн бир кыйрылып кайкыганда калың токойдон суурулуп чыгып, жайылып жаткан Донду биринчи көрдүм. Кыязымда бу Дон Волгадан кең көрүндү. Кийин сураштырсам, Воронеждин түбүндө тосмо бар экен, дарыя ошого жайылып жатыптыр.
Ар качан чоочун жердин алгачкы көрүнүшү көңүлгө терең батат. Ал эми кыргыздын карапайым уулу алгач ушу жерлерге келгенде кандай ойдо болду экен деген суроо жетелеп бараткан жанга жаңы жердин көрүнүшү ого бетер кызык.
Воронеж таза шаар экен. Июнь айынын башы эле, улам жамгыр жаап кетет да, кайра күн ачылат. Асфальт сууга жуулуп, скверлердеги карагай, баатырлар мөлдүр тамчы тагынып, абасы токой ичиндегиден бетер аңкып калат.
Мезгил июндун башы болчу дебедимби. Биз жак түштүк эмеспи, чөп чабык башталып, эгин сүт камыр болуп калган кез. Бу жерде али көктөм экен, эгин жаңыдан кыр жаап, тулаң чөп тушарга жеткен. Электричканын терезе түбүнө отуруп, шуулдап артты карай учкан жол жээгин карап баратам. Каакым саргайып гүлүн ачыптыр, бирок негедир кышты эстетип, сагызган жүрөт. Улам бир кыштакка жакындагандын билгиси катары аркандалган жалгыз эчки жолугат. Андан ары жүрө түшкөндө аркандалуу торпок көрүнөт. Андан кийин жүн жоолугун кымталана салынган кемпир уюн жетелеп өткөрүп жүрөт. Бул көрүнүш улам кайталана берди, ошондон болсо керек, көңүлгө сиңип калыптыр.
Жери кара күрөң, семиз, жамгыр жаап өткөн окшойт, кара жол кара баткак. Биздин жерде өскөн чөптөрдүн баары эле өсүп турат: тарак баш, айгыр жыгар, көк катын, уйгак… кээде бейтааныш гүл-чөп учарайт: гүлкайырбы десем, жалбырагы окшош да, башы шыралжын сыяктанып кетет. Сары мончок гүлдөр ойноо кыз баладай поезди ээрчий жүгүрөт.
М.А.Шолоховдун «Тынч Донун» окуган адам кыргыз турмушун да, ошол эле учурда казак-орус турмушун да, так айтканда экөөнүн жуурулушуп кеткен элесин табат. Ошол улуу китепте сүрөттөлгөн Дон жакасы мына ушул го. Айлана адырмактуу, жыбыт-жылгалуу боло баштады, дөбөнү жырган андар кездешет, аң түбүн талашып өскөн кайың, тал. Жолду катар станциялардан жаңы түшүп жаткан кишилердин тилиндеги сөздөр да жаңылана баштады: «суховей», «суходол», «балка», «лог», «большак»… Булардын баары менен биз алгач «Тынч Дондон» таанышпадык беле.
Михаил Васильевич алтымышка жакындап калган киши экен, согуштун башынан аягыңа дейре болуптур, Чолпонбай жөнүндө сөз башталганда эле ал бир уккан окуяны кызык кылып айтып берди:
— Чолпонбай өзү орто бойлуу эле жигит болсо керек, — дейт Михаил Васильевич. — Мен өзүм көргөн эмесмин, себеби башка фронтто болчумун. Чолпонбайдын бөлүгүндө кошо жүргөндөр кийин бир жолугушууда келип айтып беришкен. Ал аттуу чалгында жүрүптүр да. Бу Дон талаасы, карагылачы, силер жактагыдай эле болуу керек. Анын үстүнө кыргыздар, силер, ат менен чоңойгон эл эмессиңерби. Атчан чалгындар душмандын терең тылына чейин барышып, өтө керектүү маалыматтарды таап келип турчу экен. Бир жолу «тил» кармап келүү милдет болот да, Чолпонбай бир чоң немисти бөктөрүп келген экен. Зор немис болсо керек, жанталашып туйлаган го, ошондо Чолпонбай аны көк желкеден ары бир коюп, бөктөргөн бойдон штабына жеткирсе, баягы дөөнүн эси ооп калыптыр дейт. «Ой, сүйлөп бербеген өлүк жүктүн эмне кереги бар» деп күлүшсө керек командирлер. Анда Чолпонбай кебелип койбойт дейт: «Э жөн жүрбөйт, туйлайт, анан бир койгом» дептир. Көрдүңөрбү, өзү тубаса эр неме окшобойбу…
Бул аңгеменин кызыгы менен Дон дайрасына кандай жетип барганыбыз да билинбей калды.
Биз Дондун сайына эңкейиштегенде өйүзгө бийик жээктен сандыктай агарган таш көрдүк. Алыстан таш сыяктанып, көк жээкте өзүнчө бөлүнүп турат.
— Чолпонбайдын эстелигине коюлган обелиск ошол, — деди Иван Андреевич.
Аны көрүп, биз ого бетер толкундадык. Анан калса алыстан караганда бийиктеп кеткен аркы өйүз Чолпонбайдын өз айылы, илгерки «Тельман» колхозунун түбүнөн аккан Кара-Сайдын жээгине, Кировкадан баратканда карасаң дайыма көрүнчү жээкке окшоп кетет экен. Душман ошол жээкти ээлеп жаткан. Азырынча бизге Бор-Дөбө көрүнө элек, ал нары бурулуп турат дешти. Бирок бул жээктен карап жаткан Чолпонбай жарланып кеткен адырлуу өйүздө көрүп алып, өз айылына келгендей болгондур. Сагынып жүргөн жаш жигит бул көрүнүштөн улам кандай ойлорго батты экен?…
Айылын эстеп элестетип, ичи ысыгандыр, ошол айылына окшош жерди ээлеп жаткан душманга кыжыры кайнагандыр… дагы, дагы — немис элинин коммунист уулу Тельмандын ысмы коюлган кыргыз айылынан келип, фашист немистер басып алган Совет жергесинде ал көп ойго баткандыр, биз тынч күндөрдө канчалык аракет кылсак да жете албай турган көп сезимдер тула боюн ээлеп чыккандыр?…
Кыйраган кыштактарды азап чегип жаткан орус элин көрсө, мезгил биздин аскерлер улам артка чегинип жаткан 41-42 жылдар болсо. Ал да көпчүлүктүн шарданы менен улам кетенчиктеп, айылы тарапка душмандан сүрүлүп бара жатса каны кайнабайт бекен, жини келбейт бекен… жинденип гана жөн болбой же бир адашкан окко учпай, күзгүдөй милтиреген ачык дайрадан көз көрүнө сүзүп өтүп, боордон ажал чачкан ДЗОТтун кара оозуна жаш жүрөгүн тосуп бербейт бекен!..
Бул-улуу эрдик! Мындай эрдикти тарых аз билет. Мындай эрдик эрдин эринин гана колунан келет.
Көк тулаң тумшуктун жонунда төрт чарчы ак каша менен курчалган, бор төшөлгөн аянтчада ак плита жатат, төрүндө ак обелиск. Обелисктин бетинде Чолпонбайдын колодон жасалган барельефи, баатырлык алтын жылдызы, жылдыздын астында «Советтер Союзунун Батыры Чолпонбай Түлөбердиев»деген алтын жазуу бадыраят. Обелисктин түбүндө банкеге, стаканга коюлган талаа гүлдөрү өсүп турат.
Биз башыбызды ийип, таазим кылдык. Селодон жасатып ала келген венок гүлдү койдук. Кайра чегинип баш ийип турдук. Төмөн дайрадан өтүп бараткан баржа үн салды. Кийин уксак, дайрадан өткөн жүргүнчү кемелерби, жүк ташыган баржаларбы, ушул жерде жанын кыйган бардык элдердин арбагына урмат көрсөтүп, үн салып өтөт экен.
Бизди ээрчий келген балдар да жолду катар тере келген гүлдөрүн обелиск түбүнө коюшту. Аздан соң селодон бир топ кыз балдар жүгүрүп келишти, алар да гүл коюшту. Нары жондон шалбар көйнөк, ак жоолукчан аялдар келатты. Бу обелиск турган жон ДЗОТтун орду эмес экен. ДЗОТтун орду тиги жардуу жээкте дешти. Ошол жакка жөнөдүк.
«Меловая гора» дегендей эле бар экен: сол тарабы алиги обелиск турган, дайра бети тик жар тушмук, оң тарабы «Чертов яр» — «Шайтан-Сай» деген чоң сай алдагайдан келип дайрага куюп турат. Эки ортодо кадыресе бийик төбө. Ар-ар жерин кыян суу жеп, жарлары чакан-чакан борлуу аска болуп калган. Асман тиреген ак чокулуу тоолордун арасында өскөн бизге бу адырмак майда көрүнүп, ошол себептүү «чакан» аска деп жаткандырмын. А чынында аскаларынын бийик беттери беш-алты метр келет.
Дзоту ар дайым душман чабуул жасаганда каршы алууга ылайыктуу жерге орнотот. Бу асканын чокусунан болсо, бет маңдайың жүз сексен градус көрүнүп турат экен: бүт алдың ачык дайра, дайранын эни ушул жерди кеминде жүз элүү-эки жүз метрчелик: оң жагың да мелмилдеген дайра, сол жагың да мелмилдеген дайра бети. Каардуу душмандын да митаамдыгы арткан эмеспи, өйүздөгү бадалдан чабуул койчу биздин аскерлерди дайранын бетинен терип аткыдай жайды ээлеп турган.
ДЗОТ турган асканын астына түштүк. Али ушу күнгө асканын түбүндө дат баскан жездер, эрип жуурулушуп калган чулу темирлер, төбөсү чирип тешилген каскалар жатат. Аларды көргөндө бу жерде мындан кырк жылы мурда болуп өткөн согуштун каардуу үнү кайра жаңырып тургансыйт. ДЗОТтон жогору кырдап кеткен траншеянын жүлгөсү, Шайтан-Сайдын боорунда биздин самолёттор бомбалаган чуңкурлар дагы эле дана көрүнөт. Ушул бордуу асканы мергендей өңүп чыгып, үч чоң пулемет ок бүркүп турган оңурайган кара оозго тике барып граната ыргытып, андан айла болбогондо көкүрөгүн тосуп берген тура баатыр.
Душман да ДЗОТун орнотор жерди аянбай тандаган экен. ДЗОТ артында узун жээкти бойлото траншеясынан автоматтарын кезеп жаткан калың аскерлерин, алардын арасында ар кайсы жерден аткылап турган пулемет, замбиректерин айтпайсыңбы. Жалаң ДЗОТтогу үч чоң пулемет эле 180 градус жерди алакандагыдай көрүп, терип турган. Биздин аскерлер мына ушундай катуу коргонууну бузуп өтүшкөн. Ошол баатырлардын жол ачары Чолпонбай болгон…
«Айгашка» аттуу китебинен