
АҢГЕМЕ
Студент кезим. Каникулга чыгып, айылга келсем, кошуна баба Нюранын небереси да каникулга эс алууга келиптир. Айыл балдарынын көпчүлүгүнүн көңүлүнө толгондой го, ары өтсө да, бери өтсө да тийишип, ышкырып, кол булгагандар жетишерлик. Же аларга «экзотика» көрүнөбү ким билсин, айтор, ышкырыкка ышкырык менен, каткырыкка «ха-ха-ха менен» жооп кайтарат. А мен кадимкидей шаардын даамын татып калган жигитмин, ал «внученка» болгону тогузунчу классты аяктаганына карабастан, кээ бир жагдайларды билгени менен биртоп өзгөчөлөнүп турар эле. Бара-бара жакын дос болуп кеттик. Анын үстүнө алиги ышкырыктарга караганда, менин стратегиялык жагдайым алда кайда артык эле. Баба Нюра менен эшиктеш коңшулугубуз, мектептеги «Тимур командасындагы» мүчөлүгүм бар, ар нерсени шылтоолоп, эркин кире берем.
Акыркы чогуу өткөргөн бир айыбыз, Одиссейдин нары жаш, үлбүрөгөн Калипсо менен бирге өткөргөн жети жылынан кем болгон жок. Каникул аяктап, окууга кайтарыбызда, кыйбас сезим кучагында коштошконубуз дале эсимде.
Убакыт зымырап, окуум да бүтүп, жолдомо менен жумушка орноштум. Үй-жай күттүм. Тек ал кездеги жаштыктын бир элесиндей болуп ак-сары чачтын анда-санда кылт этип, кээде ойго түшүп кеткени… эми… пендебиз да.
Бир жолу шаарга келип, бир ашканага кире калганбыз. Официант кыз негедир көзүмө дароо чалдыкты. Озумду токтото албай жанына жүгүрүп бардым. Ишенесиздерби, дал ошол кыз! Ушул шаарда жашап, ушул шаарда иштейт экен. Бираз тотугуп, тармал чачын кыскартып койгону эле болбосо, баары баягыдай. Бир саамга сүйлөшүп турдук да, акыры жалт-жалт карай коштоштук. «Дагы да жолугарбыз, какие наши годы» дештик.
Андан бери биртоп мезгил зымырап учту. Жаңы жылдын астында жылдык отчётумду алып шаарга келген элем, кырсыкты кайдан деп болор эмес, баардык иштеримди бүтүрүп, мына эми кайтарымда кара басып машинам сынып калганы. Оголе көп оңдоону талап кыла турган. Кечинде майрам, а мен ай-талаада жалгыз калчудаймын. Карасам, тигиндейректе кафе бар экен, барып кардымды тойгузуп, анан эмне кылуу керектигин ойлонмокко кафеге кирдим. Столго жайланышып, официанттын келишин күтүп отурганмын. Ангыча эле кимдир бирөөнү жазгыра сүйлөгөн добушка селт эттим. Ооба, классиктер «баары өзгөрүшү мүмкүн, аялдын бетин бырыш басып, бирин-экин тиштери түшүшү мүмкүн. Бир гана өзгөрбөгөн нерсе — ал добушу» деп ырас айтыптыр.
Алиги бажылдактын ичинен ишенесиздерби, эски махаббаттын добушун жаземдебей тааныдым. Келди. Негизи баба Нюра, өзүңүздөр билесиздер го, кээ бир орус эжекелер канчалык толук болорун, бул ашыгым анын жарымындай размерге келиптир, анткени менен боюнда өзүнө тартып турган касиети бар эле, анысын жоготпоптур. Тек бул жолу тырмактарынын кызылы менен узундугу, азыркы иштеген жумушу, жалпы кафенин администраторуна ылайыктуу статусун айгинилеп тургандай. Өткөн-кеткенди айтып бираз отурдук. Машинанын сынган күйүтү бар, кездешүүнүн кызыгы бар, майрамдын келип калганы бар, койчу, жашырар не бар, бираз ууртап да койдук. Кеч да кирди. Кафеде иштегендер чогулуп, дасторкон жайып майрамдын алдын майрамдоо шаңын башташты. Мен да жүрөм аралашып. Мындай учурда эрксизден ээлигип, музанын ыр жаратары бар эмеспи, отура калып салфеткага чиймелеп:
Мне часто снились твои локоны,
Я никогда не забывал о них!
Истратил-бы бумаг центнеры, тонны,
Если писал-бы стихи про них!
О прекраснейшая бизнес леди,
Вот и встретились ныне с тобою вновь.
Ты стала краше белой лебеди,
И вспыхнула в наших сердцах любовь… — буркураттым десеңчи!
Баарына жакты. Кафенин ансамблиндеги бир жигит ошол замат обон жаратып аткарым берди. Кийинчирээк Радио ФМден уктум, КМШ аймагында хит болуп таралыптыр. Уккан чыгарсыздар. Саат он бирге жакын ырдап-чордоп сыртка чыктык. Алиги кыйбасым, «койчу, таштачы баарын, бүгүн нени менен бөлөсүң. Үйдө эч ким жок, Жаңы жылды чогуу тособуз, азыр такси чакыртам, ну пошли что-лисин» айтып койбогон соң, албетте макул болдум.
Мен негизи аял затынын көңүлүн калтырбаган адаммын, бул жолу кантмекмин. Анын үстүнө эпкиндеп алган орус келинчегин токтотчу күч бул ааламда сейрек ко. А мен да «туйлап, чаап бараткан азоо ат эмесмин да!»
Машинамды чакырган такси менен сүйрөтүп алып келип, кафенин короосуна киргиздик да, үйүнөжөнөдүк. Келсе-е-ек, үй толтура адам! Ага караган «прекраснейшаям» жок, баары менен мени тааныштырып жүрөт. Айтмакчы, ал кездеги аңгемелер орусча да, азыр казакчалап сөзмө сөз маанисин жазып отурганым. «Бирөөсүн атам, бирөөсүн апам» деди, калгандары бири эжеси, бири жездеси, кошуналары, курбулары ж.б. экен. Мени баба Нюранын кошунасы, ал «аккуудан сулуунун жакын досу экенимди билген соң не кереги бар, жандары калбай жатышат. Гу-гу! Жаңы жылды көңүлдүү тосолу! Сырттан бираз салют аткан соң баарын коюп гармошка тартып «пляскага» түшкөнүбүздү кантесиң. Шолохов атанын тили менен айтканда «едкий, сладкий бабьи поттун» жыты, даамы сезиле бергенде, «бизнес леди» «эми Жаңы жылды Москва убактысы менен ар ким үйүндө тоссун» деген пикир айтып, акырындап эл тарай башташты.
Ал кезде көзүм бийге кошулбай, жалгыз өзү, Жусипбек атабыз айткандай «аракка тоюп» отурганга түшүп, «аккуумдан» «тиги ким, тааныштырбадың го», — деп сурай койгонум кара басып. Бекер сурапмын, «Албы, ал мой муж»,- дебеспи! Мына сага! Ал эми мыкты болсоң бийлеп көр. «Ээй, мунуң кандай? Мужук не?»- дедим шашкалактап.
Антсем ашыгым: «Аны эмне кыласың, ал сибиряк! Шашпа, азыр аны башкалар менен бирге жиберем…»- дейт. Айткандай эле алиги немеге «Бар, эжемди Жаңы жылы менен куттуктап кел!»- дегенде ишенесиздерби, «муждун» сүйрөлүп, ыргалып туруп жөнөп бергени. Өзү да энгезердей неме экен. Жок, жок. Сиздер ойлоп калбаңыздар, мен анчалык коркок эмесмин. Бирден, мектептеги күрөшкөнүм бар, институтта бокска катышканым бар, армияда бираз машыкканым бас, бир да адамдан таяк жебеймин. Кеп ошол «сибиряк» менен жекеме-жеке чыксам да жеңилбесим анык. Бирок бул жерден «уурунун арты кууш» аттуу психологиялык дискомфорт маселеси алдыга чыга келди. Не деген гана ойлор келбеди дейсиз.
Мурунку «локон» ээси менен Жаңы жылды Москва убактысы менен тосконумду кантейин, абдан убарага түштүм. Аны койчу, айтор чала-була, аптыгып какап-чакап, не даамы бар экенин да билбейм, айтор, колума тийген суусундукту жута салып, эшикке качкандай чыгып, машинамды карай жөнөдүм. Таң аткыча титиреп, ичинде отурганым али күнчө эсимден кетпейт…
Казакчадан которгон Дамира ЖАЛПЕТЕКОВА