Ыйлады көз жашын тыя албай,
Бир айым, көчөдө буркурап.
Аңгыча топ балдар келишти,
Түртүшүп, ойногон чуркурап.
Кайрылып бир бала сурады:
— Эжеке ай, эмнеге капасыз?
— Аны сен түшүнүш эли эрте…
— Түшүнөм, неге антип жатасыз?
Анда айтат, шолоктоп ал айым,
Арманды ук түшүнсөң, карегим:
Ах, мени сүйбөдү бир да жан!
Эч кимге жок менин керегим!
Бүт күчүн, эрдигин чогултуп,
Балп этип, таштады сөздөрүн.
Баарынан сурадыңбы эже?—деп,
Бакырайтат күнөөсүз көздөрүн.
Үчүнчү класстын окуучусунун тилеги
Бир жолу жаңы жыл астында эжейи өзүнүн үчүнчү классынын окуучуларынан, алар Аяз Атадан эмне сурашарын жазып беришин суранды.
Үйүнө келип мугалим балдардын жазган дилбаяндарын текшере баштады. Алардын бири аны аябай капа кылды. Ал баланын кол жазмасы менен аябай аракеттенип, тилегин билдирип жазган — дилбаянды бир нече ирет окуп чыкты. Ал андан жазуудагы кетирген каталарды издеген жок, ал эми анчалык деле маанилүү болбой калган. Аңгыча бөлмөгө күйөөсү кирди.
– Кымбаттуум, эмне болуп кетти, эмнеге мынча капасың?
– Мына, окуп көрчү, байболгур, – деди да, дептерди колуна карматты.
«Аяз Ата мен сенден көп деле эч нерсе сурабайм. Бир эле тилегимди аткарсаң болду. Мени бир аз убакытка телевизор кылып койчу. Мен кечинде ата-энем чогуу олтуруп, менин сөзүмдү бөлбөй угушса дейм. Атам ишинен келгенден кийин менин жашоомдо эмне жаңылыктар болуп жатканын сурашын каалайм. Апам капа болсо, мага келип сүйлөшүп, капасын жазса кандай сонун болор эле. Мени көргөндө бир дубалдын бетин бүт ээлеген телевизорду көргөндө сүйүнүшкөндөрүн көргүм келет. Мен жаңы жылда балатыга да жылып, орун бермекмин. Мен бир аз болсо да телевизордун жашоосу менен жашагым келет!»
– Байкуш бала… Уксаң, ушундай да ата-энелер болушат экен ээ, – деп нааразы боло түштү мугалимдин күйөөсү.
Аялы башын көтөрүп жаш толгон көздөрү менен ага карады:
– Кымбаттуум, муну биздин уулубуз жазыптыр…