ЖИГИТОВ Салижан: ЖИГИТОВ МЕНЕН АБДУРАЗАКОВ ТУУРАЛУУ НУРАЛЫ КАПАРОВДУН ЭСКЕРҮҮСҮ

«Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап качып турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агабыз дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок Салижан аке сөздү ырбатпай дароо токтотуп, бөлөк сөзгө буруп кеткен. Ишенбай ага сыртынан жоош, токтоо көрүнгөнү менен чала-чарпыт түшүнүгүң бар маселе боюнча талашка түшсөң, оңбогондой кырс киши болчу. Сөзүңдү кыя чабат. Акыл-эс, билим, тажрыйба жагынан экөө бирдей эле даражада сыяктанат, болду-болбоду Салижан ага Ишенбай аганын кырс кыялынан жалтайласа керек деп көпкө чейин өз ичимен ушундай бүтүм чыгарып жүрдүм.

Бир күнү иш кабинетимде олтурсам Салижан ага адатынча жаркылдап кирип келди. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, сөздүн ыгы келе калганда көңүлүмдө жүргөн суроомду узатсам:

— Ээ, Нуралы, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Ишенбайдын башы бүтүн адам. Ишенбай алгандай билимди биз өчөйүп өз жерибизден чыгалбай жүрүп алалган жокпуз. Ишенбайдай англис, япон тилин билбесек, Япония сыяктуу өнүккөн капиталисттик мамлекетте он беш жыл жашабасак, Арбатов сыяктуу академиктер менен, Хонда сыяктуу миллиардерлер менен маңдай-тескей олтуруп баарлашпасак, аныкындай билим-тажрыйба бизде жок болуп жатпайбы. Каймагынан ажыраган көк сүттү ичкенсип советтик цензуранын чыпкасынан өткөн орус тилиндеги китептерди окудук, бардыгы жаап-жышырылган социалисттик түзүлүштөгү мамлекетте жашадык. Кайсы бир жөөт диссиденттердин каңырыш сөздөрү аркылуу угуп жүргөн чет тилдеги баалуу китептерди, илимий эмгектерди Ишекем бурмаланган, бычып-тонолгон орус тилинде эмес, түп нускада – англис, япон тилинде эбак эле окуп алган. Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят. Мен Ишекемдин түп нускадан алган билимин, дүйнөнүн тең жарымын өз көзү менен көрүп, өз жон териси менен сезип кыдырып, жашап келген турмуштук тажрыйбасын сыйлайм, — деп түштүктүк досторум айткандай, агынан жарылды…