ТУЮК СҮЙҮҮ
Эсенбай Нурушевдин аңгемеси. Маркум Салижан Жигитовдун арбайына арналган.
ИЗДӨӨНҮ ТАБУУ
Мезгил Исатовдун аңгемелер топтому. Аталган автордун чыгармалары кыргыз адабиятында кескин өзгөчөлөнүп турат. Аларды кара сөз түрүндөгү поэзия деп койсок болот
ЧАЛ ЖАНА ДЕҢИЗ
Атактуу америка жазуучусу Эрнест Хемингуэйдин “Чал жана деңиз” ангемеси Алым Токтомушевдин котормосунда. Жазуучунун «Чал жана деңиз» повести Пулицер (1953) жана Нобель (1954) сыйлыктарына татыктуу болгон.
ЖУРНАЛИСТИКАНЫН НЕГИЗДЕРИ
Китеп жогорку окуу жайларынын «Журналистика» жана «Коом менен байланыш» адистиктеринде окуп жаткан студенттерге, жаш журналисттерге арналат.
ТЫНЫМСЫЗ АККАН САЯСАТ
Китепте эл аралык окуяларга байланыштуу жаралган ой-жүгүртүүлөр жана түрлүү божомолдор менен прогноздор, баа берүүлөр, аларга сары эсеп салып, талдоолор, түшүндүрүү аракеттери келтирилген. Китеп негизинен келечекте саясый илим жана эл аралык журналистикага кызыккан жаштарга, студенттерге жана кеңири аудиторияга арналган.
Айылга кетип калган ата
Нуржигит Кадырбеков - адеп-ыйман маселесин эрикпей козгоп келаткан авторлордон. Анын ырлары, кара сөз чыгармалары тез-тез жарыяланып турат.
Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун «Калпак сыры» деген чыгармасы тууралуу кеп кылабыз.
Эмнеге кетти?
Карыганда шаардын ызы-чуусу менен түтүн-ышынан жадап айылга кеткен адамдар бир кыйла. Кийинки кездери айыл менен шаардын айырмасы азайды, таза суу менен жылуулук, технология жетишкендиктери ал жерлерге деле жетти. Экологиялык таза азык, жерге жакын болуу урбанизациядан тажагандарды элетке байыр алдырууда. Айылдын таза абасы, туулган жердин касиети кимди да болсо өзүнө тартары бышык. Бирок ал жерде тирилик кылууга шаардык болуп калган айылдыктардын баары эле батына бербейт.
Шаарды айылга алмаштыруудан улам жеке турмушумда күбө болгон бир окуяны ушул ирет ортого салгым келип туру. Мындан беш-алты жыл илгери коңшу айылга жакшы иш менен барып сый үстүндө шаардан айылына келе берген бир агам менен сүйлөшүп отурганбыз. Туугандардын айтуусунда, агабыз пенсияга чыккандан кийин айылга келиптир, жакшылык-жамандыкта жакындарынын кашында экен. Бир ойлонтчу жагдай: жеңебиз, бала-чакасы жайкысын эс алууга гана келишпесе, шаардагы жылуу үйүндө эле жашап атышыптыр. Анан кыш келип күн сууганда агабыз деле көнгөн шаарына кетип калат экен.
Айыл менен шаардын ортосу 200 чакырымга жакын, атайын чыгынып эле чыкпасаң кыйла узак жол. Ошол агамдын айылдык «одиссеясынан» улам менде дагы бир ой пайда болду. Айыл канчалык жакшырып, жолуна асфальт төшөлүп, булак суусу үйлөрүнө кирип, коммуналдык «жыргалдары» арбыганы менен, шаардыктар жабылып кайра айылына кайтат деп айтыш кыйын. Заман, коом шарты шаарга ыктап, шаар үстөмдүк кылган заманда айылдар азайып, шаардык болуу жараяны ургаалдуу жүрө берет деп айтууга негиз бар.
Алдыда кеп кылчу Нуржигит Кадырбековдун «Калпак сыры» аңгемесинин каарманы да «үч кыз, бир уулу менен аялын таштап» айылына кетип калат. Айтылуу жазуучу Кубатбек Кердегейдин жолоюна түшүп алган ал кишинин эмне үчүн анткени жакындарына табышмак бойдон калат.
Кеп башында белгилей кетчү жагдай, Кадырбеков сюжет куруу, каармандардын аракет-кыймылын ырааттуу баяндоо жагынан кыйла ийгиликтерге жетише алган. Боорукер атанын үй-бүлөсүн таштап, айылга кетип калышы кимди да болсо ойлонтпой койбойт: эмнеге кетти, эмне үчүн кетти? Аялы, балдары атасы макул десе ошол эле күнү келишке даяр экен. Атасы келтирбей атыптыр. Эмнеге, эмне үчүн?
Аңгемеде аты аталган Кубатбек жазуучунуку белгилүү. Бу жалгандын чындыгына жетем деп кечил жашоого өткөн улуу жазуучунун алдына койгон бийик максаты бар, күндөлүк азгырыктардан алыс болуп, түбөлүктүүлүктүн ырахатына баш-оту менен кирип кетүү. Нуржигит Кадырбековдун каарманы андай бийик материяны алдыга жайбайт, тек гана көнгөн уясынан өзүн күч менен бөлүп салат. Себебин да айтпайт, эмнеге кеткенин сурагандарга жооп бербейт. Артынан келген аялын урушуп, балдарын жолотпой, жалгыз жашоого өтөт.