Саул Абрамзон: Дин жана культ

  • 09.11.2020
  • 3255

ИСЛАМ

Кыргыз коомунда патриархалдык-феодалдык мамилелердин туруктуу сакталып турушу кыргыздардын дүйнөгө болгон көз карашында идеологиянын эң эле артта калган формасы — диний идеологиянын сакталып калышына шарт түзгөн. Диний идеология да өзүнүн мазмуну боюнча үстөмдүк кылып турган ислам динине анчалык жакындабаса да өткөндө кыргыздардын руханий турмушунда олуттуу роль ойногон. Бул дин кыргыздардын арасына бир кыйла кечирээк тараган.

XVI—XVII кылымдарга тийиштүү болгон тарыхый булактарда кыргыздар али да «капырлар», б.а. мусулман эместер же «капыр да, мусулмандар да эмес» деп айтылат. Исламдын кыргыздардын арасына бир кыйла ургаалдуу түрдө жайылышы болжол менен XVII кылымдын экинчи жарымына — XVIII кылымга дал келет деп эсептөөгө болот. Бул процесс, сыягы, кыргыз жерлерин Кокон хандыгы тарабынан басып алынышынан баштап бир кыйла активдүү түрдө жүргөн.

Исламды киргизүүдө жана аны жайылтууда дервиштер, кожолор жана эшендер сыяктуу үгүтчүлөр менен бирге кыргыз ак сөөктөрү да негизги роль ойногон. «Кыргыздар — Мухаммеддин туу көтөрүүчүсү Эркештин тукумунан» — манаптар жана алардын идеологдору айтып жүрүшкөн мындай «тарыхый» далилдер ислам жана анын традициялары кыргыздарда атам замандан бери эле жашап келе жаткандыгын жана анын түбөлүктүүлүгүн баса көрсөтүү үчүн колдонулган. Бирок ислам кыргыздардын арасында бир кыйла кечирээк тараган көрүнүш экендиги белгилүү.

Эгерде, ислам XVI кылымда кыргыздардын арасына таптакыр эле аз тараган болсо, андан кийинки кылымдарда да мусулман диний окуусу олуттуу ийгиликке жетише алган эмес. XIX кылымдын 60—80-жылдарында бул аймакта болушкан саякатчылардын (М. И. Венюков, Г. Е. Грумм-Гржимайло ж.б.) жазгандары XVI кылымдагы Сейфинин жазгандарынан аз гана айырмаланган көрүнүштү берет. Кыргыздар «үрп-адаттарды жылына бир жолу — Рамазанда айылга кожолор келгенде гана колдонуша турган» өтө начар мусулмандар катарында сүрөттөлөт, алардын арасында «өз пайгамбарынын атын билбегендер да» бар, ал эми даарат алуу, орозо тутуу үрп-адатын, а түгүл намаздын өзүн билгендер дегеле аз. Эгерде бул жазмаларда белгилүү бир даражада апыртуучулук бар деген күндө да тарыхый фактылар ислам кыргыздардын арасына алардын кошунасы — казактардын арасындагыга караганда терең тамыр жаюуга үлгүрө албаганын айгинелейт.

XVII кылымда, ойрот феодалдары кыргыз жерлерин басып алган мезгилде кыргыздардын бир кыйла бөлүгүнүн Фергана аймагына көчүп барышы кыргыздарды исламга тартуу ишине өз таасирин тийгизген өтө олуттуу окуя болду. Ферганада кыргыздар өзбек мусулман динчилеринин таасири астында калды, ишенчээк жана карапайым көчмөндөрдү динчилер үгүттөп өзүнө тартып, исламды кабыл алдырып, өзүлөрү үчүн кирешенин жаңы булагын түзүшкөн.

Кыргыздардын негизги массасынын Ферганадан өзүлөрүнүн мурдагы жерлерине, Тянь-Шандын аймагына көчүп келишкенинен кийин көпкө узабай көпөстөр, алардын артынан пайдакер жана фанатик өзбек молдолор жана айрыкча эшендер кыргыз калкынын калың катмарын көздөй агылып келе баштайт. Муну менен бир эле мезгилде өтө маанилүү стратегиялык жана соода пункттарын аскердик жактан бекемдеп чыңдоо аркылуу Кокон хандыгынын аскерлери буларды согуштук жол менен басып алуусун улантат. Кыргыздар үчүн анчалык узак эмес болсо да, бирок оор мезгил — өзбек колонизациясы башталат.

Исламды жайылтуу ишинде өзбек динчилеринде кыргыз бийлери менен манаптары жардамга келишти, алар өзүлөрүнүн кол алдындагы букараларына идеологиялык таасир көрсөтүү үчүн аппарат түзүүгө жан дили менен кызыгышкан.

Өндүргүч күчтөрүнүн деңгээлинин төмөндүгү, тез-тез болуп туруучу жуттарга (малдын массалык кырылышына) байланыштуу мал чарбачылыгынын туруксуздугу, бири-биринин малын басып алуу менен коштолгон уруулардын ортосундагы жана коңшу элдер менен болуп туруучу согуштук кагылышуулар, дыйканчылыктын начар өнүккөндүгү — ыдырап бүлүнүп калган уруулук түзүлүштүн илээшме салттары исламга чейинки диний ишенимдердин комплексинин сакталып турушу үчүн негиз болгон.

Диний түшүнүктөрдүн мындай системасы белгилүү бир кызыкчылыкты жана максатты көздөгөн тап болуп калыптанып калган жана феодалдык көчмөн төбөлдөрдүн белгилери ачык эле байкалып турган артыкчылыгы бар мите төбөлдөргө тезинен айланып бара жаткан манаптарды канааттандыра албай тургандыгы табигый нерсе эле. Өз букараларынын дүйнө-мүлкүнө жана өмүрүнө кожоюндук кылган, мурдагы уруу аксакалдарынын бийлигин толук тартып алган манаптарга ийкемдүү, жакшы жөнгө салынган идеологиялык аппарат керек эле, мындай аппарат бул дүйнөдө элдин тагдырын тескөөчү катарында манаптардын кадыр-баркын колдоого жана ал эми баш ийбегендерди теске салууга кызмат кылууга тийиш эле. Бул ролду массага таасир берүүнүн зор тажрыйбасы бар жана молдолордон жана үгүтчүлөрдөн турган чоң «штаты» бар ислам гана ийгиликтүү аткара алмак.

Манаптар менен бийлер ислам динин биринчи кабыл алышат, андан кийин аны өз букараларынын арасына, көпчүлүк убакта күч менен жайылта башташат. Ушул максатта айрым манаптар өзүлөрүнө өзбек молдолорду чакырышкан, алар алгач букараларды намаз окуу үчүн зарыл болгон негизги ырым-жырымдарды жана негизги дубаларды гана үйрөтүшкөн.

Кыргыздардын арасында исламдын таралышы жетишээрлик даражада узак жана оор процесс болгон. Жаңы дин массаларга түшүнүксүз эле, ал эми букаралардын бир бөлүгү молдолорго кас маанайда болушкан, анткени алар ырым-жырымдарды аткарууну катуу талап кылышкан жана зекет жана башка жыйымдарды — диний салыктар түрүндөгү материалдык төлөмдөрдү чогулта башташкан эле. Калк Кокон динчилдерин анча сүйө беришкен эмес, анткени ал кыргыздар жашаган бир кыйла аймакты «колония» катарында сүлүктөй соруп жаткан кокондук мамлекеттик системанын ажырагыс бир бөлүгү болгон.

Жердеги ар кандай жыргалчылыкка ач көздүк менен жутунган динчилдер букаранын көбүрөк эксплуатацияланган жана экономикалык жактан чабал бөлүгүнүн жактыруусунан аз гана пайдалана алмак. Ошондой эле манаптардын өз ичинде да исламды колдогону менен, динчилдердин ачык душманы болгондор да бар эле.

Ислам акырындап үстөмдүк кылуучу динге айлануу менен, кыргыздардын арасында кеңири тараган байыркы үрп-адаттар жана ырым-жырымдар менен сыйышып жашоосун уланта берди. Ислам кыргыздардын моралдык негизине жана турмуш-тиричилик укладына анчалык деле өзгөртүү киргизе алган жок. Өзүнүн таралышынын алгачкы этаптарында ал өтө эле жупуну роль ойноду, ал эми ошол эле убакта мусулманчылыкка чейинки диний түшүнүктөр али бир кыйла күчтүү болучу. XIX кылымдын эң ири феодалдарынын бири Ниязбеков Ормондун уулу — Үмөтаалынын Талканчы деген «ордолук» шаманы (бакшысы) болгонун айтуу эле жетиштүү. Ч. Валихановдун маалыматтарына караганда да Үмөтаалынын өзү шаман болгон экен. Ал мындай деп жазат: «Сарбагыштардын азыркы жол башчысы Умбет-Алинин ушундай (бакшы деген — С. А.) ардактуу наамы бар».

Ортодоксалдык динчилдердин өкүлдөрү, ошондой эле эшендер бакшыларды (калктын арасында кеңири таанымал болушкандыктан) өзүлөрүнүн атаандаштары катарында эсептешип, ошон үчүн аларды жек көрүшкөн жана ар кандай жолдор менен калктын аларга болгон ишенимин кетирүүгө аракет жасашкан.

Мусулман динчилдерин колдоонун пайдалуулугу манаптар үчүн ушунчалык ачык көрүнүп тургандыктан, бир кыйла кийинки муундун манаптары динчилер менен эң тыгыз байланыш жасай башташат. Буга XIX кылымдын 60—70-жылдарында Кыргызстандын Орусиянын курамына өз ыктыяры менен кириши бир кыйла даражада себеп болду. Бул окуянын артынан эле кыргыздарга татар динчилдери жабылып келе баштайт, булар диний үрп-адаттарды аткарууну катуу талап кылбагандыктан, зекет төлөөнү да жөн-жай койгондуктан кокон динчилдерине караганда калктын арасында чоң кадыр-баркка ээ болушкан.

Бул жерде кээ бир изилдөөчүлөр тарабынан жол берилип жүргөндөй исламдын таралышында аймактын Орусияга кошулуу фактысын ашыра баалап жиберүүгө көңүл буруп кетүү орундуу. Алар, орустардын келиши менен кыргыздар мусулманчылыкка кошулууну эмне үчүндүр зарыл деп табышкан деп айтышат. Бул — чындыкка туура келбейт, анткени Кыргызстанда, ал Орусиянын курамына киргенге чейин эле ислам үчүн негиз даяр болуп калган эле. Орусия капитализми тарабынан аймакты колонизациялаштыруу доорунда пайда болгон жаңы социалдык-экономикалык жана саясий шарт исламды кыргыз калкынын калың катмарына киргизүүнүн мурда эле башталган процессин тездеткен жана исламдын кыргыз кыртышына тамыр жаюусуна жардам берген ошол эле манаптар, орус падышасына кызмат кылууга өтүү менен исламдын идеологиясын жайылтууга алда канча белсемдүү киришкен.

Мындан келип, манаптар кыргыз айылынын социалдык структурасы менен тыкыс байланышкан элдик диний ишенимдердин өзүнө киреше алып келе турган жана анын кадыр-баркын көтөрө турган калдыктарын таптакыр этибарга алган эмес деп айтууга болбойт. Буга манаптардын ыйык мазарларды жана арча-талдарды пайдаланганын көрсөтүп кетүү эле жетиштүү. Манаптардын жетекчилиги менен алардын жанында курмандык чалынып, мусулман майрамдарынын (мисалы, курман айт) да, ошондой эле ар кандай стихиялуу апааттардын учурунда (кургакчылык, жут, жер титирөө ж.б. ) да чоң түлөө өткөрүлгөн. Ушуга эле манаптардын той (туулган күнгө, үйлөнүүгө ж.б. байланыштуу) жана аш сыяктуу элдик үрп-адаттарды пайдаланышканын да кошууга болот, бул үрп-адаттарга исламдын бир аз таасири тийгени менен да, көпчүлүгүндө салттык түшүнүктөрдү сактап турган. 1930-жылдардын башталышына чейин той жана аш манаптар үчүн жеңил жол менен байлык табуунун ыгы (буларды уюштурууга байланышкан зор чыгымдардын бүткүл оорчулугу айыл менен кыштактын кедей жана орто чарба элинин мойнуна түшкөн) жана эмгекчи массаларга саясий таасирди чыңоо үчүн белгилүү бир система болгон.

Манапчылыктын феодалдык маңызынын дагы көбүрөк тереңдеп, андан ары өнүгүшүнө, андан кийин анын капиталисттик эксплуатациянын методдорун пайдаланышына, анын падышалык түзүлүштүн бекем тирегине айланышына байланыштуу мусулман динчилдери акырындап отуруп манап бийлигинин системасына ушунчалык тамырлап кирип кеткендиктен, ири манаптардын көпчүлүгүндө имам менен мечиттер болуп, алар («рухий бийлик» дей турган) бийлик жана башкаруу аппаратынын «граждандык» бөлүгү менен бир катарда турган курамдык бөлүгүн түзүп калат.

Ошентип, кыргыз айылынын феодалдык төбөлдөрү исламды кыргыз калкынын калың катмарына киргизип, жайылтууда чечүүчү роль ойногон. Мына ошондуктан Б. Аманалиевдин «кыргыз манаптары исламды кабыл алууга жана жайылтууга анчалык кызыгышкан эмес» деген пикири менен макул болуу кыйын, бирок бир жагынан анын төмөнкүдөй жазганы туура: «Жалпы эле Кыргызстандын коомдук турмушунун патриархалдык-коомдук түзүлүшүнө монетеизмге негизделген ислам динине караганда бутпарастык түшүнүктөр көбүрөк туура келген».

Кыргыз калкынын басымдуу көпчүлүгүндө диний фанатизм байкалган эмес. Исламдын догмалары аз белгилүү болгон, диний ырым-жырымдарды баары эле аткара беришкен эмес. Бул жөнүндө Чокон Валиханов мындайча жазат: «Исламдын пуританизми бул элдин ичинде таралууга али үлгүргөн эмес. Буруттар (ал кыргыздарды ушундайча атаган — С. А.) өзүлөрүн мусулманбыз дешет, бирок Мухаммеддин эмне деген адам экенин да билишпейт. Өлүк көмүү, үйлөнүү шаман ырым-жырымы боюнча өткөрүлөт, бирок эгерде орто азиялык сабаттуу адам же татар табылса куран окутушат».

Тескерисинче, эл массасында антиклерикалдык маанайлар тараган. Алар расмий мусулман динчилдерине каршы багытталган. Алсак эң жогорку теңир — Кудайга кайрылган бир дубада төмөнкүдөй өтүнүч бар:

Ала чапан кожодон сакта!
Жыла баскан молдодон сакта!

Бардык колдо болгон каражаттар менен мусулман идеологиясын, «динсиздерди» жек көрүүчүлүктү жайылтуу менен феодал төбөлдөр динди өзүлөрүнүн үстөмдүгүн чыңдоонун куралы катарында пайдаланууга аракеттенишкен. Алар панисламизм идеологиясын элдик-поэтикалык чыгармачылыкка да жайылтышкан, элдин адаттагы каада-салттары акырындык менен мусулман үрп-адаттары менен алмашылган. Ислам идеологиясынын көбүрөк агрессивдүү формаларынын бири суфизм болгон. Мунун өкүлдөрү — эшендер кыргыздардын арасында суфизмди пропагандалоо боюнча активдүү аракеттенишкен. Алар «динсиздерге» каршы күрөшкө чакырышып, өз жолун жолдогондорду рухий жактан кулдандырышкан. Эшендер көчмөн кыргыздардан өзүлөрүнө жанталаша мурут тартышып жана аларга такай каттоо менен өзүлөрүнүн пайдасына диний салык түрүндө көп сандаган мал алып турушкан. Кайсы-бир жерлерде, а түгүл Тянь-Шанда да кыргыз суфий жамааттары болгон.

Суфизм түштүк кыргыздардын арасында өзгөчө кеңири таралган. Г. П. Снесаревдин бизге билдиргенине караганда жана XVI кылымдын чыгармасы «Мажму ат-таварихтен» да көрүнүп тургандай, Түштүк Кыргызстанда акыркы кылымдарда бир нече эски эшендик династиялар өтө зор таасирге ээ болуп турган (атап айтсак, акын-мистик Хувайдодон башталган династия, резиденциясы Ош шаарында болгон). Түштүк кыргыз уруулары жана кыргыздардын өзүлөрү мурут катарында мына ошол эшен династияларынын ортосунда бөлүнгөн. Өз кезегинде жергиликтүү эшендер өзүлөрүнүн санжырасын чуулгандуу Аппак кожодон бери улантып келе жаткан кашкарлык суфий жамааттары менен байланышып турушкан. Түштүк кыргыздардын эшен жамааттарынын суфизми анын бир кыйла көбүрөк өнүккөн, таза түрүндөгү формасына (Хуфия) таандык болгон жана жакшы уюмдашкандыгы менен айырмаланган.

Мусулмандардын беш ирет намаз окуу сыяктуу диний милдети негизинен эксплуататорлор табына таандык болгон адамдар тарабынан такай аткарылган. Меккедеги мусулман ыйык жайларга баруу (ажы) XIX кылымдын аягында — XX кылымдын башы ченде байлар менен манаптардын арасында бир аз тараган.

Мусулман диний майрамдары элдин чөйрөсүндө да майрамдалган. Бирок алардын майрамдары бутпарастык ырым-жырымдар менен айкалыша өткөн. Орозо тутуу сыяктуу диний үрп-адат ата-бабаларды эскерүү менен белгиленген. Ал күнү боорсок бышырышып, 40 шам (чийге кебезди ороп, май менен майлашкан) жагышкан, ал боз үйдүн очогуна тегерете коюлган. Арбактардын ысымдары аталгандан кийин шамдардын түбүн очоктогу отко ташташкан. Ал күнкү желген тамак-аш ата-бабалардын арбагына арналды деп эсептешкен. Эркектер жыйналып, чогуу намаз окушкан.

Экинчи бир диний майрам курман айт болгондо малды курмандыкка чалышкан жана ал тирүүлөрдүн майрамы деп эсептелген. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга, кошуналарга тамак-аш берилген. Бул майрамдын биринчи күнү кээде жаштардын катышуусу менен кыз куумай уюштурулган. Жаңы жылды (нооруз же оруз-нама) тосуу майрамы алда канча архаикалык мүнөздө болгон, бул орто азиялык дыйканчылык майрамы — науруздун белгилери жергиликтүү бутпарастык культтун калдыктары менен өзүнчө бир формада айкалышып турган. Бул майрамдын учурунда атайылап (февралдын аягында) буудайдан суюк ботко (көжө) бышырышкан. От жагылып, эркектер менен балдар анын үстүнөн секиришкен, күйгөн арчанын түтүнү менен адамдарды жана малды аласташкан.

Кыргыздардын арасында жашап келген байыркы диний түшүнүктөрдүн көп сандаган калдыктары алардын исламды үстүртөдөн өздөштүргөнүн айгинелеп турат. Түштүк кыргыз урууларынын арасында ислам алда канча тереңирээк тамыр жайган. Бирок бул жерде да анын идеологиясы бир кыйла мурдагы диндердин калдыктары менен сыйышып жашап турган, бул калдыктардын айрымдарына исламдын тийгизген таасири күчтүүрөк келген. Азыркы Кыргызстандын түштүгүндө диний караңгылыктын башкы борбору Ош шаары жана анын Тахти Сулейман «ыйык» тоосу болгон. Мындан башка да Азрети Аюптун «ыйык» дары булагы (азыркы Жалал-Абад шаарынын жанында), азыркы Ала-Бука районундагы Сафид-Буленд кыштагынын жанындагы Шах Фазил күмбөзү, Чаткал өрөөнүндөгү Идрис Пайгамбардын күмбөзү жана башкалар зыяратчылыктын жана мусулман идеологиясын жайылтуунун борборлору болгон. Бардык жерде тараган мусулман олуяларынын культу түштүк кыргыздардын арасында алда канча ачык көрүнөт, бирок бул жерде да ал белгилүү бир даражада ата-бабалардын культу менен байланышкан диний түшүнүктөрдү өзүнө сиңирип алган, бул Орто Азиянын башка элдеринде да болгон.

Кыргыздардын «мусулманчылыкка чейинки диний ишенимдери» деп айтылып жүргөн диний түшүнүктөрдүн комплексин кароого өтүү менен анын өзгөчө татаалдыгын жана көп стадиялуулугун баса белгилеп кетүүбүз керек, бул кыргыз элинин ошондой эле даражада татаал болгон этникалык тарыхы менен шартталган. Кыргыз элин түзгөн этникалык компоненттер өзүлөрүнүн теги боюнча бири-биринен айырмаланып турушкандыктан, алар туткан ар түрдүү диний системалар биринин үстүнө бири жөнөкөй гана «кабатталып» турат деп күтүү мүмкүн эмес. Кыргыздардын диний көз карашына синкретизм мүнөздүү деп эсептелинет. Бирок ал тигил же бул даражада бардык ошол этникалык компоненттерге да мүнөздүү болгон. Жыйынтыгында биз айрым диний түшүнүктөрдүн жонунан гана биригишип турганына же жанаша жашап турганына эмес, азыркы кыргыздардын ата-бабаларынын диний ой жүгүртүүлөрүнүн ар түрдүү стадияларында пайда болгон ошондой түшүнүктөрүнүн өзүнчө бир «эритиндисине» туш келебиз, мына ошондуктан кыргыздардын диний түшүнүктөрүндө синкретизм бар экенин таануу — кыргыздарда байкалган ар түрдүү диний культтардын бардык көрүнүштөрүн терең көңүл коюп изилдеп чыгуу зарылдыгынан бизди бошото албайт.

Диндин жана культтун алгачкы формаларынын калдыктарын «мусулманчылыкка чейинки диний ишенимдер» деген жалпы түшүнүккө топтоштуруу менен, Орто Азияга ислам тараганга чейин анын калкынын арасында кээде бирин бири алмаштырган, кээде катар жашаган ар түрдүү диний системалар болгондугун белгилеп кетүү керек. Буларга буддизмди, зороастризмди, христианчылыкты, манихейчиликти таандык кылуу керек. Булардын айрымдары Борбордук Азиянын көчмөндөрүнүн арасына чейин жеткен, алар менен кыргыздардын ата-бабалары да тааныш болушу мүмкүн. Биз исламга чейинки бул диндердин тигил же бул көрүнүштөрүн иликтеп карап отурбайбыз, биз — хронология жагынан алганда исламдан мурда орун алган диний түшүнүктөргө жана мүмкүн бул түшүнүктөр менен кошо бир мезгилде эле, кыргыздардын турмушуна азыноолак кирген диний түшүнүктөргө гана токтолобуз, анткени кыргыздардын өзүлөрү исламды бир аз кечирээк, ал кээ бир жергиликтүү элдик культтар менен чырмалышып калган кезде кабыл алган эле.

Бирок мен өз алдыма кыргыздардын исламга чейинки элдик диний ишенимдеринин бардык формалары менен ар кандай көрүнүштөрүн карап чыгуу милдетин койбоймун, мен кыргыздардын тигил же бул этногенетикалык байланыштарын ачып көрсөтүүгө мүмкүндүк бере тургандарына, алардын диний көз караштарында көрүнүктүү орун ээлегендерине гана токтоломун. Ушул көз караштан Үмай эненин культун, тотем түшүнүктөрүнүн калдыктарын, табият культун, фетишизмдин издерин, шаман культун, өлгөндөрдүн жана ата-бабалардын культун изилдөө менен, мен бири менен бири, ошондой эле ортодоксалдык ислам менен өзгөчө бир түрдө жана тыкыс чырмалышып кеткен исламга чейинки диний түшүнүктөрдүн алгачкы формаларын өзүмдүн классификациялаганымды жактоого умтулбаймын. Диндин алгачкы формаларын классификациялоонун азыркы тартиби азырынча жалпы таанууга ээ боло элек.

Муну С. А. Токарев тарабынан иштелип чыккан классификацияга таандык кылууга болот. Өзүнүн өтө кызыктуу эмгегинде Г. П. Снесарев мусулманчылыкка чейинки диний түшүнүктөрдү өзгөчө бир түрдө классификациялайт. Бирок ал «диндин алгачкы формаларынын элементтеринин генезиси жана өз ара байланышы жөнүндөгү дискуссияга кошулгусу» келбегенин, бирок диндин бул формаларына таандык болгон ар түрдүү комплекстерине тийип өтөрүн баса белгилейт. Азырынча бизде бул көрүнүштөрдүн толук илимий түрдөгү, бардыгы тарабынан кабыл алынган классификациясы жок, ошондуктан материалды жайгаштыруунун жана талдоонун өзүбүз түзгөн схемасына таянууга туура келет.

Жогоруда айтылгандай, мен кыргыздардын дининин алгачкы формаларынын бир катар калдыктарын четтеп өтүүгө аргасыз боломун. Аларга жаныбарлар культу, магиянын ар кыл түрлөрү (чарбалык, дубалоо, үй-бүлө-тиричилик ырым-жырымдарынын магиясы ж.б.), демонология, үй-бүлө культу жана үй очогунун культу, жалпы эле өлүк көмүү ырым-жырымдары, от культу жана д.у.с. кирет.

Башка изилдөөчүлөр аларды, диний түшүнүктөр жана ырым-жырымдар менен байланышта майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурушат деп ишенемин. Менин көз карашымча, аларды, кыргыз элинин этникалык тарыхын да жана маданиятынын тарыхын да кайрадан түзүү үчүн башка булактар менен бирдей даражада зарыл керектүү болгон тарыхый булактарга кошууга болот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз