Александр Пушкин: Полтава

  • 30.12.2020
  • 3581

ПОЭМА

Биринчи кайрык

Байлыгы бар, даңкы бар,

Бак даарыган Кочубей;

Шалбаасы кең чалкыган,

Сан жылкысы күтүрөйт.

Полтаванын жан жагы;

Хуторлору, чарбагы.

Ачык, жабык катылган

Арбын дүйнө бар дагы.

Күркүрөбөйт күнүндө ал;

Күлүктөргө күмүш жал,

Крым ордо тартуулап

Турган кызыл алтынга.

Кымбат эмес ага түк,

Муңбас мурас, турак-жай;

Бүт бактына жарашып,

Турса кызы чырактай.

 

А да жөндүү: ага тең

Полтавада жан жоктур.

Бардыр аруу жан эчен,

Бирок андай болбостур.  

Элик өңдүү элпек көрк,

Турна моюн, шыңга бой,

Киевдеги кол жетпес

Теректердей шуулаган.

Ар кыймылы аккуудай,

Айдың көлдө калкыган.

Жазы маңдай, ай чырай,

Коңур чачы шаркырайт.

Сыймык тепкен төшпү же

Ак көбүкпү? - билинбейт,

Ууз эрин, оттуу көз

Кут жылдыздай дирилдейт.

Бирок, жалгыз көркү не?

(Аның чиркин көз ирмем!)

Көрктү кошкон көркүнө,

Сергек акыл, сезимдер.

Ошон үчүн кыйладан,

Тынбайт кыйбас жуучулар;

Украйна кыйрынан,

Россия учунан

Келет жуучу. Мария

Жуутпайт бирок жанына.

Эми, гетман кол сурап,

Сөз айттырып олтурат.

Гетман кажып-каржалган,

Тирлик, түйшүк, майдандан.

Бирок кантет, барбы айла,

Калды сүйүп карганда.

 

Жанып-өчүп жаш жүрөк,

Кечет жалын-өрттү көп.

Бирок, назик сезимдер,

Бир жаңылса, кечирбейт.

Канжолдордо сыналган,

Карт жүрөктүн күүсүн ук;

Кирпик ирмем кумарга,

Күйүт тартпайт умсунуп.

Далай кумар жалын-от

Табын алган көкүрөк,

Жай тутанат. А бирок

Өлүм гана өчүрөт...

 

Шумкар шуусун эшитсе,

Элик элтең этпейби;

Кыз дирилдейт эшикте,

Күтөт эмне деп мени.

 

Ачуу ызага уугуп,

Чыкты энеси бир кезде,

Айтты үнү буулуп:

«Алжыганын билбестен,

Айтканын көр какбаштын!

Аман турсак... баспастыр

Босогомду... таш капкыр!

Наристенин кусуру ур!

Жаш кыз эмес, кузгундун

Таш кучактар учуру!...»

Деди, кызы селт этти,

Уу ичкендей кубарып,

Өлүк сындуу үн-сөзсүз

Астанага кулады...

 

Эсин жыйды... Кайра кыз

Көзүн жумду – тил-ооз жок.

Чаркөпөлөк айланып,

Жүрдү ата-эне, бирок жооп

Угушпады... үйрүлүп,

Унтулар деп бул бүлүк.

Не болбоду. Эки күн

Наар сызбай кыз жатты.

Үнсүз сыздап, эчкирип,

Сымбат-сындан кут качты.

Үчүнчү таң атканда,

Көрүштү ордун бош калган.

 

Кайда кетти – жан билбейт.

Тек балыкчы аркыл кеп

Айтып жүрдү; ал түнү

Ат дүбүртүн укканын,

Казак доошу, артынан

Кыз кыңкысы чыкканын.

Таң дык салган шалбаада

Сегиз така из барын...

Жалындаган махабат,

Жаш, бозуңа карайбы?

Айбат кошуп айдай так,

Аппак чачтар далайды

Айтып турган чал кыздын

Кумар отун жангызды.

 

Суук кабар жатпады,

Учту желдей ой-кырдан;

Кызы абийирин аттады!

Сатты чалдын койнуна!

Эл караган ата-эне,

Жер карады бат эле.

Дайын болду ашкере;

Нени самап жаш дене,

Не деп өңдөн азганы.

Жуучу келсе жуутпай,

Неге тетир басканы;

Урмат кылып сунушкан

Колдорду не какканы.

Аңгеме айтса элирип

Үйдө үлпөт үстүндө,

Гетман сөзүн берилип

Тыңшаганы кыздын не,

Дайын болду эми бүт;

Гетман кабы бош кезде,

Эчбир дайны жок кезде,

Ал чыгарган ырларды

Неге сүйүп ырдары;

Дайын болду, кыз дээри,

Аскерлерди ат койгон

Неге көпкө тиктээри.

Эң төбөлү баш болгон,

Булавалар, бунчуктар

Керней-сурнай тарттырып,

Кыйкырганын тынчытпай

Карарын не жактырып...

 

Жок! Кочубей дүрбөсө,

Жолдоштор бар, байлык бар.

Бүт Полтава, жүр десе,

Чыгат намыс кайрышка;

Качат кайда карт каман,

Камап сарай ичинде

Алат кегин аңсаган,

Таламандын түшүндө.

Алат... Бирок, толгонуп

Бекийт башка ойго бу...

 

Катаал мезгил болчу анда;

Кармаштардан кан тамган,

Россия өзү эптеп

Петр көсөм жетектеп

Баш көтөрүп бараткан;

Улам катаал сабактар

Орус даңкын арттырды,

Паладини шведдин

Канча капыс сокку урду.

Соккон сайын солк этпей

Россия туралды.

Тагдыр кордук көрсөтсө

Так болоттой чыңалды.

 

Даңкы тайыз Карл да

Турду жардын алдында.

Көздөгөнү Москва.

Каршы аттанып астынан

Чыккандарды жапырып

Чаап келе жатыры...

Белгилүүдүр ар жагы;

Биздин күндө, бу жолдо,

Андан азар кол дагы

Артка качып шым болгон.

 

Украйна укмуштай

Толкуп турду туш-туштан;

Эңсеп элдик согушту

Ээликкендер болушту.

Алар гетман орустан

Кол үзсүн деп шарактайт,

Карл жакка болушкан

Кайрандарга таң атпайт.

Келди деди бир даары

Кек алуунун ыңгайы.

Бирок гетман Петрге

Ак кызматтан тайбады.

Салт салмагын кетирбей

Башкарды Украйнаны.

Дууга кулак жапырып,

Дуулай берди акырын.

 

«Гетман эмне, - деп, жаштар,

Карыды да... - деп баштайт.

Жатат түтөп козголбой,

От болбой же жок болбой.

Эл бийликти астына

Эмне кылсын деп берген;

Каргыш тийген Москва,

Камыр болор кез келген!

Аттиң, мындай чоң жолдо

Дорошенко болгондо...

Самойлович жаш жалын,

Гордиенко, Палей же...

Колду турса башкарып;

Көммөк эмес казакты,

Бөтөн жердин ак кары.

Тартмак эмес азапты

Украйна полктору».

 

Жаштык менен дүрмөттүү

Дуулдашты, дүрбөштү;

Атажурттун бир кезги

Азган чагын билбешти.

Кесир кылып заманды

Ниеттери карайды.

Эски даңктын өрүшү

Эстеринде жок калды;

Ыйык күрөш, келишим,

Ыйбараты Богдандын...

Баарын байкап, салмактап,

Гетман акыл айлантат.

Кими жалган, кими чын

Сактайт ичке тымызын.

Деңиз түбүн муз баскан

Кай иримчил айталат?!

Жүрөк зилин сыздаткан

Кай алты айла байкамак?!

Ал сыңары кыйладан

Кыйды чалды кыйнаган

Бар тилеги, мүдөөсү,

Билет аны бир өзү.

Билген сайын билмексен

Болуп гетман жорголойт.

Эл камында жүргөнсүп,

Ээликкенге эм болот;

Тилектерге – тилектеш,

Жүрөктөргө – жүрөктөш

Кылып өзүн сүрөттөйт;

Аярланып кылт этпей,

Өзү сындуу бир курак

Чогулушкан үлпөттө.

Байтак күндү дүң кылат;

Азаткерге азат дейт,

Сөксө сөгөт бийликти.

Азапкерге – азап жейт,

Күйүккөнгө – күйүттүү!

Айтор, аздар билишти,

Сырты жумшак, ичи заар

Экендигин бул иттин!

Карайганы үчүн ал

Акты кара кыларын,

Өчөшкөндүн өчүн ал

Өчүрбөрүн ылайым,

Кыялы үчүн кылмыштуу

Миң кубулуп турарын;

Ыйык нерсе жат ага,

Ыйман ишин тоотпойт.

0, ал үчүн жашоодо

Убал да жок, сооп жок;

Айрымасыз кан суудан!

Азаттыкты жактырбайт!

Атажуртту артынан

Саткандан да тартынбайт!

 

«Кузгун сени, карап тур! –

Деп Кочубей кычырайт, -

Жүрөк бир аз канап тур,

Кашыңдагы кызыма...

Билем сени өрт албайт,

Биздин кылыч кесе албайт

Мойнуңду бул... Ачкүзөн,

Москвадан башкесер

Келип кылдай мойнуңа

Кылыч такап турганда,

Түшөр самсып оюңа

Түбү-учу жок бул жалган;

Той уланып тоюма,

Кыз киндигин кескениң.

Шарактатып шарапты

Сага таазим эткеним!

Анан бир түн бет келип,

Көздү чукуп кеткениң...»

 

Достук дооран калды артта;

Жалгыз данды бөлүп жеп,

Сезим күүсүн салмактап,

Кандуу бычак өбүшкөн.

Айгай салса майданда

Айбалталар эгешкен.

Экөө жалгыз калганда

Эзилишип кеңешкен.

Кол чыгарып бир жеңден,

Колтук ачпай жүргөндө,

Гетман башын жыландын

Кочубейге чыгарган;

Каңкуулаган кеп айткан,

Бийлик, кудай кааласа,

Өзгөрүлөт деп айткан.

Кочубейдин гетманга

Көңүлү түз кез да анда.

Азыр кесе тиштенип,

Аламын дейт кыз кегин!

Арды коргой албаса,

Адамсып не жер басат!

 

Элдин бирок көзүнө,

Кечиргендей сезилет.

Түрпү: гетман, кудай бар,

Күнөөсү жок кылайган.

Какпаса эгер кыз кашын

Кантип башын аттасын,

Кылды кызы ушундай...

Кечет кайра кызын да.

Калат чынжай соттоорго,

Ата, абийирге кеткен доо.

 

Бирок кыраа көздөрү

Куртек кылар жан болжойт;

Мылтык сунса – өзгөрбөй,

Жылдыз сунса – алданбас!

Чабыш эмес, өзөктө өрт

Чагым менен тез өчөт.

Анын жайын чечмелеп

Аялына сөз берет;

Ачууга узун чачтуулар

Күйүккөндөй күйүккөн.

Аялы аны шаштырат,

Кайрайт, бүлөйт, үгүттөйт;

Кекке тунар күндү эстеп,

Чычкыланат, жаш сыгат,

Кысым толгон бир кечте

Кочубей аа ант кылат...

 

Капкан даяр. Жалтанбас

Искра ага көмөктөш.

Кеңеш курат: «душмандын

Жинин кагар себеп-жөн.

Бирок кайсы өртжүрөк,

Башын сайып жеткирет?!

Кайжан калктын камында

Чагым сөзгө ынанбас,

Катаал Петр алдында

Кабар сунуп туралат?!»

 

Каккы жеген ал кыздан

Калың казак ичинде;

Марияны жалгыз жан

Көрчү өңүндө, түшүндө;

Сүйчү ымыркай чагынан

Сезим менен жанкечти.

Күтчү алча багынан

Карабастан таң, кечти.

Күтчү өзөн боюнан

Өзү менен бирге өскөн,

Көрбөй калса ооруган,

Көңүлү өскөн бир көрсө...

Бирок кандай сүйбөсүн,

Жадатпады тушалып,

Кыйрачудай дүйнөсү

Кагып салса кыз аны.

Жуучу үстүнө жуучу жаап

Кирген кезде тек гана

Четтей берди ызалуу.

Айланганда айыңга

Мариянын жоругу,

Бүт Полтава жамырап,

Шылдың кепке жоруду.

Жалгыз анда өчкөн жок

Жүрөгүндө жылуулук.

Бирок, сөздөн сөз козгоп,

Мазепа аты угулуп

Калган жерде... кан качып

Жер тиктөөчү аргасыз.

.......................................

 

Асман ачык, ай жарык

Ат каңырты кайдагы?

Көз өлчөбөс айталаа.

Атчан кайда анталайт?

 

Шымал беттейт чапкан ат;

Бурулуштар, булуттар,

Дабан, дайра акжол айт!

Тыныгууну унуткар!

 

Кынсыз кылыч – ак жалын.

Капчык толо бүт дилде.

Шамал тарайт ат жалын

Шаңкай талаа үстүндө.

 

Керек жаштык көркүнө

Ат, кылычтар, теңгелер.

Бирок башта бөркүнө

Эчнерсе жок тең келер.

 

О, алардын миңине

Казак кабак өзгөртпөс.

Бирок анын ийнинен

Баш кетмейин, бөрк кетпес.

 

Бөрктүн жайы өкүм не? –

Гетман заарын дааналап,

Кочубейден Петрге

Бек тигилген анда кат.

 

Добул урар күндөр эч

Түшкө кирбейт... Мазепа

Езуит менен биргелеш

Элди козгоп жатат ал.

Түн жамынган бөрүдөй,

Түгөнбөгөн кеп-кеңеш;

Аш бышырып демине,

Арзан бийлик – сөз берет.

Жатында өкмөт жардыгын

Жиликтешет далдалдай;

Вассал санын арбытып,

Цардын башын шалгамдай

Соодалашат. Эшикти

Жыртат бирөө журт безген.

Чыгаан Орлик ээрчитет

Чыгаргандай чөнтөктөн.

Жер-жерлерге гетмандын

Жанжөөкөрү казар ор;

Булавинди сеп кармап

Дүрбөйт дондук казактар.

Толкуйт жапан ордо да.

Днепрдин ар жагы

Петр ойлоп койбогон

Коркунучка камданат.

Мазепа улам туш-тушка

Кат жөнөтөт бүктөлүп;

Амал менен укмуштай

Москвага түрктөрдү

Кайрайт. Ага Варшава

Сунат колду алыстан;

Очаковдо паша бар,

Оор күндө намысташ.

Петр менен Карлды

Арбоону да унутпайт.

Төрт тарабын бекемдеп,

Сокку урсам деп көшөрөт.

Ал ойлонуп, чектеген

Арам ойго жок ченем!

 

Бирок, башка чапкандай,

Бир келтирди эсине

Полтавадан жазган кат

Тийген кезде өзүнө;

Төбөлдөрү орустун,

Душманды албай алкымдан,

Кайра аларга болушту,

Жапаа чеккен жан сымал.

Чагым эмес, Петрдин

Жанын жеген жоо камы;

Кылмыш изин өчүрдү,

Калды сактап Иуданы.

Ал гана эмес жалалуу

Жандай аяп, царь ага

Айтты атайын; чууга бу

Катуу жаза турганын.

 

Мазепа анда муңайган,

Боло калат бир карып:

Жарык күбө, кудай бар,

Гетман царга жыйырма жыл

Кызмат кылды бел чечпей.

О, царь да сөз жетпес,

Зыйнат-сыйды көрсөткөн.

О, алалык азабың!..

Ал жашарын жашады.

Анан даңкка жылыткан,

Күндү кантип унутат?!

Чыккынчылык деген не?

Колго кактым мен эмне,

Станислав жалбарып,

Жардам сурап турганда?

Урааны – Украйнаны

Тагы менен сунганда!

А Царград султаны

Сөз салганда тыңшабас,

Керең беле? - Жок, гетман

Алыска акыл айлантып,

Петр менен ок кечкен,

Закымгабы зайракы?!

Өздөн чыккан жаттар бу;

Же Искра, Кочубей

Азиз башын аттайбы?!

Кан көксөгөн көкүрөк,

Каргыш тилеп азалуу

Каалайт өлүм жазасын!

 

Өлүм каалайт... О, кимге?!

Кызы кимдин койнунда?!

Кетпейт канкор чал ыраак,

Жоктон жүйөө табылат;

Өз ажалын тилеген,

Өзгөй мындай болбостур.

Акыл үрөп, билеби;

Үралбасын жолборско ит?!

Байлоону үзбөй карайлап,

Кай тоосуна таянат?

Таң калыштуу... Кызын же...

Бул күнөөгө салмакташ

Жок эч нерсе! Бир түнгө

Гетман башын алмашпайт!

 

О, Мария, черкестин

Сулуусунун буруусу;

Жылаан уусун сезбестен,

Жылас койнун жылыттың.

Кандай акыл жетчү күч

Буюктурган, буй кылган;

Бүт дүйнөдөн кечтирип,

Арбап алган бу жылаан!

О, жарыкта бакканың;

Тармал чачтын актары,

Терең бырыш, жиктүү сөз,

Оттуу көздөр, тик көздөр,

Бийлеп алган эсиңди.

Төшөгү үчүн кесирдүү

Учкан уя алгачкы,

Ата наамы алмашты.

Азезилдей көз менен

Арбап алган сени чал.

Мээр тамган сөз менен

Өчкөн сенде намыс-ар!

Кана карап – канбастан,

Кирпик менен ирмелип,

Унуткансың каргышты!

Унуткансың дүйнөнү!

Жок, бардыгы сага жат,

Ал турганда кашыңда.

Абийир-сыйга аралаш.

Сыймык кушун качырдың...

 

Түбү түшсүн! – иши эмне,

Абийир эмес, асмандын.

Дүйнө түгөл тизеңде

Гетман башы жатканда;

Тирлик, түйшүк, тагдырдын

Тамашасын унутуп,

Тайбас таймаш, жан сырды

Бөлө тарткан бир учур

Бүт баарына барабар.

Бирок кээде санаага

Самсып учат сабалап:

Куубаш куурап ата-эне

Калган окшоп талаада,

Жаңсайт, кезейт, чакырат

Көз жашына аралаш.

Жок, ал үчүн түпкүргө

Жашырылган, жабылган:

Украйна бүт билген

Ташка тийер чагылган!

 

Экинчи кайрык

 

Гетман керең. Кекенч-кек

Кетти эс-дартын жетектеп.

Чарк айланып чалына,

Жалжал карайт Мария.

Чал тизесин кучактап,

Дилгир сезим узатат.

Гетман ниети карайган,

Жок, сүйүүдөн агарбайт.

Таарыныч кылып наз толгон

Жагалданат жаш жубай.

Жок, кексе чал башка ойдо

Карайт кабак астынан.

Ичтен жеген ызалык

Күчөгөндөн күч алып,

Мууна сүйлөйт Мария

Бир бозоруп, кызарып:

«Гетман, кеп бер, бир сен деп

Көптөн аша кечкем мен.

Сүрүң эмес, сүйүүңдөн

Сүйөк табам деп келгем.

Кыйгам баарын астыңда.

Кылбайм өзөк азыр да...

Эсте бирок, ал түндү;

Коркуп, сүрдөп сунулгам.

Уккам каргыш-антыңды.

Унтулдубу бүгүн ал?!»

 

М а з е п а.

Курсанаага бөксөрбөй,

Курбум, сабыр сабын тут.

Жаштык кумар эрк бербей

Жатат сени жаңылтып.

Керексиз эч күдүк-шек:

Алыс сүйөм атактан,

Бийик сүйөм бийликтен!

М а р и я.

Бурба, гетман башкага.

Күн-түн жолуң каратып,

Күтсөм жооп жок мага!

О, мен бүттүм, тажаттым!

Бийлик, үлпөт бир жолу

Бийлеп алган эсиңди,

Сүйлөшкөнүң түн бою

Дубанаң же езуит.

Илеп тартпайм – жашырам

Сен түрткөн дил, денемди,

Арнап ичтиң жакында

Дульская дегенге.

А аның ким... билбейм мен.

Дульская...

М а з е п а.

Сен да эрге

Кароосуңбу?! Жоруп көр:

Суусун ичпей замзамдын,

Сулуу тандап жоруктуу

Кулкун созгон кай чал бар?!

Жаштык-боздук өлчөбөс

Катнаш үчүн жыңайлак,

Карттык кылам өтө эле.

М а р и я.

Жок, чаргытпай ачык айт!

М а з е п а.

Кадыржам бол, жашырар,

Эчнерсем жок, бил, сенден.

Келди мезгил чектелген,

Улуу жүрүш – улуу иш.

Кайнап, бышты – эртең кеч

Аймак билбес бурулуш.

Даңк чабытын каршы алып,

Туура өткөрбөй астынан,

Басты бизди Варшава,

Эзди бизди Москва!

Келди кезек азыр аа,

Өз башына өзү ээ

Украйна атынан

Туу көтөрөм Петрге!

Максат айкын машталган,

Эки король мен тарап.

Берет кандуу башталма,

Мүмкүн мага алтын так.

Досторум бар сыналган,

Дульская ичинде.

Езуит менен дубана

Ак мараама бүтүмдөш.

Турат алар жеткирип,

Королдордон кат-кабар.

Күмөн-шегиң өчтүбү?

Барбы айтарың башка да...

М а р и я.

О, ардагым, тактыны

Кимдер сенден талашат.

Кантаажысы калкыңын

Ак чачыңа жарашат!

М а з е п а.

Айтыш кыйын.

Кандуу ирим

Кимдин билет кимдигин.

М а р и я.

Сен турганда кылайган

Коркунуч жок, кудай бар!

Алтын такты аласың...

М а з е п а.

Алынсачы, а башым?!

М а р и я.

Алынсабы?.. Кошо өлөм,

Сенсиз мага жашоо не?!

Айтты дээрсиң: бүт сендик...

М а з е п а.

Сүйөсүңбү?

М а р и я.

Ким? Менби?!

М а з е п а.

Атаң менен эриңдин,

Аздектейсиң сен кимин?!

М а р и я.

Жайына кой ачпастан,

Жараларды карт баскан.

Унутайын деп келем,

Учкан жайды атайын.

Калдым эчбир өчпөгөн

Каргышына атанын...

М а з е п а.

Жок, ачык айт, экөөнүн

Кими кымбат?

М а р и я.

О, теңир!

М а з е п а.

Кымбатмынбы, демек мен...

М а р и я.

Ачык сага айнектен.

М а з е п а.

Деп коелу: менин же

Анын башы... Сот сенсиң.

Кимге өлүм? Сен кимге

Өмүр отун кечмексиң...

М а р и я.

О, азезил азгырба!

М а з е п а.

Тайсалдабай айткын бат!

М а р и я.

Каның – ичте. Сөзүң – уу

Кой, жиниңди агытпа!

Мен эчкимге өзүңдү

Алмаштырбайм жарыкта.

Бүтсүн суук сөздөр бу...

М а з е п а.

Жок, Мария, эстей жүр,

Жалгыз гетман деп келдиң.

..........................................

 

Жылдыздуу түн. Жыңсыз түн.

Украйна термелген.

Закым сактайт түн тынчын,

Демин тартпайт келген жел.

Шыңга бактар шоонадай,

Сырга тая шуудурайт.

А айнуру Белая

Церковь үстүн тундурат.

Тунат аппак нурга анык

Эски сепил, гетмандын

Кереметтүү гүлбагы.

Сыртта жымжырт. Түн керең.

Сепил ичи дүрбөлөң...

Мунарада түрмөдө

Муңга толгон Кочубей,

Катаал ойлор чынжырлап,

Жарык чубап тунжурайт...

 

Күтөт өлүм азандан.

Коркпойт андан – тик карайт;

Тек ал үчүн качантан

Тынчтык күзөп учкан от!

Кандуу табыт жайлуу ага.

Кирпик катат. О, теңир!

Касап чалган чалмага

Каш кайтарбай кетеби?!

Кай жазыгы үчүн ал?

Кас деп айтып, царь касын

Кабарлаган ишине ал

Кайт болобу аргасыз?!

0, жөн кетпей коштойбу,

Кошоктошкон досторду?

Алтын башты айбалта

Айыбы жок аларда,

Дос күйүтү калбастан,

Кас күлкүсү калабы?!

О, өтөбү өткүндөй,

Өчүн кубар эчким жок!

 

Бирде эсинде: Полтава.

Бирде – эш туткан ысымдар.

Бирде – бакыт мол чагы.

Бирде туруп кызы ырдайт.

Бирде эсинде: өскөн үй,

Бай, бакубат кездери.

Өзү жыйган ырысын,

Өзү кайра тепкени...

А эмне үчүн? Быт-чыты

Чыгат ойдун. Шалдырайт.

Оор эшик кулпусу.

Ойлойт карып: а, мына!..

Мунар жолго аралаш,

Поп да келе жатыры;

Бүт күнөөмө салабат

Кылыш үчүн акыры.

О, биз үчүн төгүлгөн,

Канына атан Христин,

Чынжай жүзүн эми мен

Тик кароого тийишмин!

 

Ыйлайлекте жаш кургап,

Ынтаа коюп ичтеги,

Чексиз бийлик астында

Жазгысы бар бүт черин.

Кыйрайт кайра ою бүт;

Ыйыгы эмес чиркөөнүн

Турат карап Орлик!

Бир жыйрылып,жийиркенип,

Туткун жаагы карышат:

«Касап, дагы бул сенби?!

Жай алсам да табыттан,

Аласаңар бүтпөйбү?!»

О р л и к.

Аласа эмес, сурак бу...

К о ч у б е й.

Кулагыңар – кулакпы!

Айткам баарын.

О р л и к.

Пан гетман

Болбош үчүн күмөндөр...  

К о ч у б е й.

Эмне күмөн? Күнөөмдүн

Дайын баары силерге;

Чагым чаккам – гетман ак.

Жаным саткам – кек санап.

Эмне дагы? Бүттү кеп.

О р л и к.

Биз билебиз, бүт билет,

Сенде байлык бар сансыз;

Катып жатат түпкүргө

Диканька эле канчасын.

Бар дүйнөңдү өткөргүн

Казынага аскердик.

Анан күткүн жазаңды.

Мен эмесмин, закон бу!

Сурайм закон атынан,

Мүлкүң кайда катылган?

К о ч у б е й.

Күткөм мүлктү, аның чын.

Көздөй үчтү, сурмалуу:

Бири – адамдык намысым,

Алды тартьш кыйноо аны;

Бири – абийири кызымдын.

Ыйык туткам ысымдай,

Мазепа аны көп көрүп,

Тебеледи, тепседи.

Сактап калдым бирди андан.

Ал – кетпес кек. Бул жалган

Бир кетирет ыймандан!

О р л и к.

Көроозунда турганда,

Көрүнгөндү сүйлөбөй,

Бир жүйөөгө жарагын;

Көрсөт каткан дүйнөңү!

Кыйнашсынбы, же дагы.

К о ч у б е й.

Акыйлашып, о, жалдап!

Алба мурда ажалдан.

Мен өлөмүн, тең бөлгүн,

Мазепа экөөң мүлкүмдү;

Казсын кандуу чеңгелдер,

Каткан жерди күн-түндөп.

Күйсүн гүлбак, чатырлар,

Кызым жолун көрсөтсүн;

Каптагыны катындан

Билбейт жакшы башка эчким!

Кудай, теңир жалгагыр,

Тынч койгула, о казыр!

О р л и к.

Акчаң кайда? Айт ылдам!

Алба күнөөң күчөтүп.

Жокпу? Кыйноо артыңда

Аңдып турат. – Күзөтчү!

Мээнет чырмап калды түн.

Гетман кайда? О, гетман!

Абийир-соттун каргышын

Катат бетпак кай капка?!

Көйгапта эмес, бейкапар

Киндик кызын күзөтүп,

Жыңсыз тиктейт Мазепа

Ал уктаган төшөктү.

Иет башын ичтеги

Чыккан ойлор чыйырдан:

«Кочубей кем бүттү эми,

Калбайт эртең жугу да.

Максат машташ турганда

Сүрү керек бийликтин,

Көр казышкан душмандар

Көмүлөрүн билишсин!

Эч керемет жөлөбөйт:

Өлөт! Экөө тең өлөт!»

Карайт кайра төшөктү,

Кайра артын качырат:

«0, жараткан нетет бу?!

Жер кулагы жети кат!

Жабылуу аяк түбөлүк

Жабык калбас; айбалта

Бир жарк этип, дүйнөнү

Жарар үнү... Аймактан

Аймак билбей айың кеп

Айтар баарын дайындап...

Анда кантти? Каргыш сок!

Кан жолдорду качырсаң,

Чагылганын жалгыз тос!

Кепил алба катындан!

Максат бирге чыкканда,

Ителги алып, куш салган

Эртекидей болуп мен,

Аражолдо соолуктум...

Анан калса бу шордуу,

Жылт эткен бүт жылдардан

Көргөн-билген жашоосун

Чалга кылды курмандык.

А мен ага...» - этет селт,

Көзүн тигет: төшөктө;

Жоболоңдон жок дарты,

Сүт уйкусун кандырат;

Балалыктай качанкы,

Акты-көктү айрыбас.

Кош эрини ачылып,

Толкуйт тыптынч көкүрөк.

А эртеңчи?! Даай албай,

Бурат көзүн аялдан.

Турат. Беттеп чарбакты

Кадам таштайт салмактуу. 

 

Жылдыздуу түн, жыңсыз түн,

Украйна термелген.

Закым сактайт түн тынчын,

Демин тартпайт келген жел.

Тыбыш кагат тек гана,

Күмүш канат теректер.

Бүдүк ойлор гетманга

Бүлүк салат. А көктө:

Адыраят айгактай,

Сан жылдыздар – сан көздөр.

Теректер да каз-катар

Кеңеш курган сот мисал,

Карт баштарын чайкашат.

Кысат, муунтат бирдеме,

Түн – түн эмес, түрмөдөй.

 

Шумдук күтүн ар кадам...

Онтойт бирөө зар кагат

Сепил жактан. Түш, өңбү,

Бир ишенип, ишенбейт.

Мүмкүн түнкү үкүдүр?..

Мүмкүн бөрү... Жаңылат!

Аттиң тааныш үчүн үн,

Күчөйт, түтөйт каңырык!

Аңгай салып... О, анда

Жоо жүрөгүн аларда;

Кан кыргындан таанылчу,

Забель менен Гамалей

Айкырыгы... жана ушул –

Кочубейдин үнү эле...

 

Аалам төккөн жарыктан,

Асман үнсүз жарып шаң;

Тоодо, толкун үстүндө,

Талаа, токой, ой, кырдан

Таң да таңшып бүт тилде,

Адам аттуу ойгонду...

Тек, Мария үлбүрөйт,

Таттуу уйкусу бузулбай.

Киргенсиди ким бирөө,

Тийди колдор бутуна.

Кетти ойгонун, шок нурлар

Жатты көзүн ачтырбай.

Колун созду наздана;

«О, Мазепа!» Башка жан.

Бир «дүрр» этти денеси,

Турду алдында энеси...

Э н е с и.

Чочубагын, бекерге

Кайнабасын шорубуз.

Түн бою саа жетем деп,

Көзүм көлдөй соолуду.

Тажаал тилин тапчу күч

Жалгыз өзүң. Сактап кал!

Өлтүрүлөт так бүгүн

Атаң сенин...

К ы з ы        (үрөйү уча)

Кайсы атам?!

Э н е с и

Билип туруп, билмексен

Болгонуңбу каралдым?!

Канордодо жүргөн сен

Эмес баары кабардар;

Гетман көптүн көзүнчө,

Мойсоп жатат кастарын.

Эки дебейт сөзүн царь.

Жок! Жашырып, жаппагын;

Мазепа үчүн сен эми,

Кыйдың ата, энеңи.

Төшөктөсүң бейкапар,

Кан төгүлүп эшикте;

Шейит кетсе мейли атаң!

Мейли башын кесишсе!

Жат белең же таш белең?

Жок Мария, башка элең.

Сен жалбарып, жалынсаң,

Шордуу атаңдын канын сап

Кыла койбос. Ал үчүн

Ата, арбакты унутуп,

Сен тепсеген намыс, ар

Эсиндедир...

К ы з ы.

Эмне болдум мен эми?!

Атам... гетман... не өлүм?

Зар какшаган энемби?

Кайдан? Кантип? Түшүнбөйм,

Өңбү десем, түшүмдөй.

Э н е с и.

Түш эмес бул каралдым.

Же жок беле кабарың?

Атаң сенин айыңдан,

Аламын деп кегиң кууп,

Царга айттырган дайындап,

Гетманыңдын жөнүн бүт...

Айыгышта кан тамган,

Өзү түшүп капканга;

Ал чагымдын өзөгү

Ичкүйдүлүк экенин

Кыйноо менен мойнуна

Алдырыптыр. Айбына

Башы кетсин дешиптир,

Калың колдун алдында.

Жар болбосо жараткан,

Бүгүн таңда... А атаң

Сепилдеги камакта...

К ы з ы.

Бүгүн? Атам? О, шордуу!

 

Өңү өлүктөй кубарып,

Кыз төшөккө кулады.

 

Кылк-кылк этет жер үстү,

Кызыл шапке, найзадан.

Добулбастар, сердюктар,

Полк тизилет кайталап.

Кайнаган калк – азатбой

Тик турчудай мунарган.

Элден селдеп жатат жол,

Жаны чала жыландай.

Будуң-чаңдын чогунда,

Кудум тагдыр соңундай

Курулууда баталга

Баталгада баш алган

Айбалтасын так кесеп,

Жемин күтөт башкесер.

Аял, эркек – ызы-чуу,

Кыжы-кужу кызуу учур

Тып басылды, топ жарган

Кыйкырыктан. Айбаттуу

Жымжырттыкты аттардын

Дүбүрттөрү ойготту.

Атып чыкты аркы учтан,

Аким гетман, сердюктар,

Старшиндер жандаган.

Эл дүр этти кайрадан,

Карап Киев кан жолун;

Келатты анда араба,

Арабага байланган,

Актан күйгөн Кочубей

Жаратканга, жалганга

Өзөк кылбай баш иет.

Жанда Искра – тил-ооз жок,

Көнүмүштөй тоготпойт.

Жетти араба. Токтоду.

Үндөр чыкты сыйынган.

Күйдү чиркөө оттору,

Башталды ырым-жырымдар.

Табынышты калың калк;

Жаннат болсун деп жандар.

А күйгөндөр агынан,

Жайрасын деп душмандар.

Айыпкерлер, а мына

Чыкты топтун алдына.

Кочубей түз озунуп,

Алды дагы чокунуп,

Койду башын дөңгөчкө.

Эл тынчыды көргө окшоп.

Айбалта ирмем жарк этти,

Тоголонуп баш кетти.

Бир күрсүндү бүт талаа,

Экинчи баш учта ана.

Дирилдеди чөп кандан

Желдет жели чыккандай,

Чачтан кармап баштарды,

Силкип, силкип таштады.

 

Бүттү. Калктын карааны,

Туш-тушка агып тарады.

Болбогондой эчтеме,

Тирлик, түйшүк кеп жөнөп,

Эл суюлган чоң жолдо;

Чарчап бүткөн, чаң болгон

Келе жатты эки аял,

Кандуу жакты бет ала;

Корккон, үрккөн жүздөрү.

Кимдир бирөө «кеч» деди,

Жакты жаңсап каргыштуу.

Бүт жыйналып... жалгыз поп

Табынууда... Табытты

Эки казак көтөрүп,

Арабага салышты.

 

Гетман көптөн узады;

Калды атчандар, кандуу жер,

Курчап алды бүт аны,

Коогалуу ойлор жан билбес.

Дудук болду үн катпай.

Даабады эч ким жанына.

Аттын терин кургатпай

Чапты үйүнө: «Мария

Кайда?» деди. Жооптор

Толду күтпөс күңк-мыңкка.

Кирди үйүнө кооптуу.

Үйдө эчким жок. Бүт тымтырс.

Бак тараптан издеди;

Жайык көлмө, калың шак,

Карайт аны таңыркап...

Мария эмес, издери

Жок! Качыптыр! Тандамал

Жигиттерин чакырат.

Аттар узап, чаң калып,

Жөнөйт куугун шатырап.

Кирпик какпай жигиттер,

Күлүк аттар жиникти...

 

Кетти ирмемдер кайрылбас.

Кайтпады үйгө Мария.

Кайда? Кантип? Качты эмне?

Жайын билген жок пенде.

Мазепа ичтен карышат,

Кайнайт... Келет эсине.

Жай алдырбайт жанын заар.

Конолгого бекинет.

Чыгат кайра түн менен

Күтөт кирпик ирмебей.

Кыйнайт бир күч алыскы.

Жарык менен жарышып,

Келет куугун. Аттардын

Көбүк-терин айтпагын!

Ойду-тоону аңтарып,

Ийне сымал бүт жерден

Издешсе да канчалык,

Билем деген кыз жөнүн

Угулбады... Унтулду

Бул турмуштан бир күндөй.

А энесин куу тирлик

Кетти алыска сүргүндөп.

«Ала-Тоо», М 5, 1987-ж.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз