Будданын акылман ойлору: Сиддхартха Гаутама деген ким болгон?

  • 23.09.2023
  • 4191

Будда деген ким эле? Сиддхартха Гаутама мурдагы Индиянын, а бүгүнкү күнү Непалдын Лумбини деген жеринде биздин эрага чейинки 624-жылы туулган. Король Суддхода менен королева Майянын уулу, бай принцтин балачагы жокчулукту билбей, жакшы жашоодо өткөн. Жакшы билим алгандан тышкары ал тажырыйбалуу рыцарь, жакшы күрөшкөн балбан жана мыкты жаачы болгон экен.

29 жашында ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүнөн чыккан жаш жигит өлкөсүндөгү жакырчылыкты жана ачарчылыкты көрүп катуу таң калган. Ошондон кийин ал спортко, саясатка кызыгуусун жоготуп, атасынын такты мураска калтырам деген үмүтүн таш каптырган.

Ал хан сарайды таштап, чындык издеп эл аралап думана болуп кеткен. Ал алты жыл бою жер кыдырып, улуу аалымдар менен баарлашып, күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү үчүн билим топтогон.

Ал 35 жашка чыкканча издеген чындыгын тапкан эмес.

Бир жолу 35 жаш курагында ал Найранджана дарыясына жуунган соң, анжыр дарагынын алдына олтуруп зикир чалат. Көп жылдардан бери убара чегип издеп таппай жүргөн чындык, ага көз ирмемде келип, ал тазалануу абалына жеткен, ошондон кийин ал Будда деген ысымды алган, бул санскритте Тазарган же Агартуучу деген маанини берет.

Ал 80 жашка чыккан, бүткүл өмүрүн өзү издеп жүрүп тапкан нерсеге окутуп жүрүп өткөзкөн. Ошол кездеги Индияда салттык касталык системага каршы чыккан биринчи адам.

Анын окуусунун негизи – бул акылмандыкка, тең салмактуулукка жана теңдикке кеткен жолдор.

Эмесе анын акылман ойлоруна кезек берелик.

  • Бир шам менен миң шамды тутандырса болот, андан анын кызмат кылуу мөөнөтү кыскарбайт. Бакыт бөлүшкөндөн эч качан кемибейт.
  • Бакытка кеткен жол жок, Бакыттын өзү – жол.
  • Бирөө сени бактылуу же бактысыз кылат деп ойлоонун өзү күлкүлүү.
  • Бакыт сенде эмнең бар экенине же сенин ким экениңден көз каранды эмес. Ал бир гана сенин ойлонууңа гана таянат.
  • Эгерде силер бергендин күчү тууралуу мен билгенди билсеңер, анда бир да жолу тамагыңарды бирөө менен бөлүшмөйүнчө ичпейт болчусуңар.
  • Мен жасап бүткөн иштеримди көрбөйм; жасала элек иштеримди гана көрөм.
  • Сиз жабышкан нерселериңизди гана жоготосуз.
  • Өткөн күн кайрылып келбейт, а келечек келе элек. Сенде жашоого азыркы көз ирмем гана бар.
  • Көйгөй, сенин алдыда убактым бар деп ойлогонуңда.
  • Канчалаган ыйык сөздөрдү окуп, акылдуу сөздөрдү айтканың менен, аны өзүң жасабагандан кийин эмне пайда?
  • Бир кичинекей шамдын жарыгын өчүрүш үчүн, бүткүл дүйнөнүн караңгылыгы аздык кылат.
  • Байларга да, кедейлерге да бирдей ырайымдуу бол; ар биринин өз мээнети бар. Бирөөсү мээнетти көп тартса, экинчилери андан куру жалак калышат.
  • Бир нерсе жасасаң, бүт дилиң менен жаса.
  • Тартипке көнгөн акыл бакыт алып келет.
  • Эгерде сен өзүңдү чындап сүйсөң, бирөөлөргө жамандык жасай албайсың.

 Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз