Азис Несин: Чечен-машина

  • 04.03.2021
  • 3061

АҢГЕМЕ

Азыркы учурда машиналар жашоонун кайсы тармагында болбосун адамды алмаштырып жатпайбы. Робот аталган машина-кишилер — көп нерсени, аны жасаган адамдардан да кыйын жасашат. Биз адамдар жаңылып калсак: “Эми кантмек элек, адам деген жаңылат да,”— деп кол шилтеп коёбуз. Роботтордо андай болбойт. Азыр Америкада бир шумдуктай жаңы машина ойлоп табышыптыр: ал ыр чыгарат экен. Ооба, кадимкидей эле ырларды. Болгондо да саатына миң ырды.

Ал ырчы машинаны “Кнопкачан Берта” атап алышыптыр. Эгерде, эски ырлардан тажасаң мадемуазель Бертага келесиң да, кнопканы басып, каалаган ырыңды уга аласың. “Кнопкачан Берта” көп ырларды билет. Ар бир баскан сайын жаңы ырлар жаңырат, ал  дагы сенин маанайыңа жараша: бирөөнү сүйүп калдыңбы же бир нерсеге капа болуп турасыңбы, сүйгөнүң чанып кеттиби, же чөнтөгүңдө сокур тыйының жок калдыбы. Эгерде, мисалы өлгүң келди дейли, айтып эле кой: «Сүйүктүү мадемуазель Берта, мага кайгылуу ырдан ырдап берчи!» – ал сага ошол эле жерден аза күтүү маршын ойной салат; үйлөнгүң келдиби— үйлөнүү маршын ук. Кыскасы, каалаганыңдай...

Менимче, биздин өлкөбүзгө трактор эмес, муздаткыч эмес, кир жуугуч да эмес, так ушул сыяктуу машина өтө керек. Жок! Бизге кишини алмаштырган, бирок ырчы эмес, эл алдында сөз айта билген — чечен-машина керек. Мындай машинага башкаруучу партия эле эмес, бардык партиялар муктаж, анткени биздин ишмерлердин сүйлөгөндөрү элдин баарын тажатып бүттү. Мына, жыйырма жылдан ашты, ошондон бери алар айткандарын кайталап эле келатышат.

Башкаруучу партиянын өкүлү чыгып: “Эски бийликтин убагында...” деп баштаганда эле анын андан ары эмне менен баштап, эмне менен бүтөрүн билип турасың. Бийликке жетпей калган, оппозициядагы партиянын пластинкасы: «Эгерде биз бийликке келсек...»-- деген сөздөр менен башталат. Ушинтип жыйырма жылдан бери радиодо, митингдерде, курултайларда миң кайталап келатышат! Жетишет, тажап бүттүк!

Эгерде, биздин досубуз Америка чынында эле бизге жардам кылгылары келсе, анда чечен-машинаны ойлоп таап беришсин. Ал бизге чаң соргучтардан да, кир жуучу машиналардан да электр сакал алгычтардан да эң керек. Башкасын айтпаганда да, чечен-машина сүйлөп жатып эле оюна келгенди айтып, оозуна келгенди оттоп кетпейт, ашык сөз айтпайт.

Оппозициянын жана башкаруучу бийликтеги партиянын чечендери келишет да өзүлөрүнө тиешелүү кнопканы басат да айтышат:

– Канакей, мырза робот, бизге оппозициянын таш талканын чыгара бир сүйлөп койчу. Чечен-машина баштайт:

– Кымбаттуу атуулдар! Мен азыр сиздерге айта турган оюмду эч бир талашты жаратпаган цифралардын тили менен айтып берейин. Өткөн жылга салыштырганда көрсөткүчтөр токсон пайызга көтөрүлдү... ж.б.у.с.

Ал жакпай калдыбы? Башка кнопканы басыңыз:

– Урматтуу мекендештер! Өлкөнү кезек күтүүлөр талкаламак болду... Эмнени кааласаң ошону уга бер! Бирок таң калыштуу нерсе! Климатыбызданбы же башка бир себеби барбы, айтор бизге чет элден келген керектүү нерселер бат эле керектен чыгып иштебей калат. Мисалы, электирлештирилген темир жол, Италиядан келген телевизорлор. Алар бизде иштеп жатат деп ойлойсузбу? Жок, алар эчак эле иштебей калган. Ошон үчүн чечен-машиналардын бизде иштеп кетиши мүмкүнбү? Балким ага керектүү запастык бөлүктөр табылбастыр? Бүттү, токтоду! Жок болду!

Бизде эмне болсо сындырып жок кылабыз. Бардык өлкөлөрдө жаңы техникалык ачылыштарды жасап жатышат, а биз болсо кыйроолордун жаңы түрүн ачканга машпыз. Ах, эгерде биз миң кнопкалуу чечен-машинаны алып келип, аны сактай алсак ээ!

Кичинекей кыстырма: эгерде, качандыр бир убактарда чечен-машина иштей баштаса, прокуратурасыз иш бүтпөйт. Ал сөзсүз өзүнүн чечимин чыгармак:

– Чечен-машинанын баланчанчы... түкүнчөчү номурун басууга катуу тыюу салынат!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз