Владимир Сутеевдин жомогу: Ар түрдүү дөңгөлөктөр

Чымын, Бака, Кирпи, Короз биригип үй курушту, ал үйдө ынтымактуу жашап турушту, бири-бирин сыйлашты, сырдашты, билишпестен чыр-чатакты урушту.

Бир жолу алар козу карын, мөмө-жемиш, гүл тергени токойго барышты, бара берип бир убакта ачык аянтка чыгып калышты. Карашса, ал жерде бош араба туруптур, кимдир-бирөө кандайдыр калтырып коюптур.  

Араба бош туруптур, аны чолок уста бир башкача куруптур: дөңгөлөктөрү төрт башкача экен – бири калдайып чоң, экинчиси саал кичине андан, үчүнчүсү орточо, төртүнчүсү таптакыр эле кичине болуп калган.

Алдына козу карындар өсүп калганына караганда, ал мында көптөн бери турган окшойт чамамда. Чымын, Бака, Кирпи, Короз таң кала карап турушту бул кызыктай арабаны. Аңгыча бадалдын арасынан чыга калган Коён да мыскылдады абдан.

- Бул сенин арабаңбы? –сурашты андан.

- Жок, бул Аюунун арабасы. Ал көпкө убара болуп муну жасаган, анан бүткөрбөй таштап салган. Турат анан андан бери какжырап, шамал тийсе калдырап.

- Муну үйгө алып кетебиз, келгиле. Чарбабыздын тиет бир күн керегине.

- Мейли анда, кетели  алып,  керекке жараталы барып.

Баарылап арабаны түртө башташты. Дөңгөлөктөрү ар түрдүү болгондуктан ал ордунан жылбады. Түртүштү-түртүштү эч кандай майнап чыкпады, араба карыш да алга жылбады. Ок жыгачы ары-бери бураңдады, дөңгөлөктөр эч бир жакка бурулбады. Жылса да жолдор жаман - узак барбайт мындан.

Коён болсо алардын бул жоругуна боорун тырмап күлүп жатты:

- Кимге пайда мындай кыйрайган арабадан, ордунан жылганга да жарабаган!

Баары чарчашты, бирок баш тарта алышпады, таштап кетип калышпады.

Кайра эле кирпи акыл тапты, алакан чаап мындай деп айтты:

- Келгиле, баарыбыз бирден дөңгөлөк алабыз, калган бөлүктөрүн таштап салабыз!

- Баракелде кирпи чечен, дайым акыл чыгып турат ушу сенден! - көтөрүңкү чыгарышып добушту, кубанып баары макул болушту.

Ар бири бирден дөңгөлөк алышты, үйдү карай шыдыр жолго салышты: Чымын эң кичинесин, Кирпи андан кийинкисин, Бака орточосун, Короз эң чоң немесин.

Алтын таажы Короз баардыгынан өтө сүйүндү, чоң дөңгөлөктү тегеретип үйдү карай жүгүрдү, кыйкырды анан аяймынбы деп үнүмдү:

— Ку-ка-ре-ку-у!

Алаң көз Коён муну кайдан жактырды, дале болсо боорун тырмап каткырды:

— Эй эси жоктор, апендилер! Эмне чыкты үйгө түрдүү дөңгөлөк апкелдиңер!

Бул арада Чымын, Короз, Бака, Кирпи чечен, убара болуп жолдо ката бир топ нечен, алып келип үйгө дөңгөлөктөрдү: “Не жасасак мындан?- деген ойго чөмдү.

— Мен билем! — деп аңгыча Чымын, алды да дөңгөлөктү эң кичинекей, жасады жип ийриген ийик – мына сага чоң ийгилик!

Кирпи чечен үстү-башы бүт ийне, дөңгөлөккө эки таяк урду эле, даяр болду чийне – оокаттарды оңой ташып келгенге.

— Мен да билдим не кылганды! – деп бака да кубанды. Орнотуп кудукка ал дөңгөлөгүн, оңойлотту суу алганды.

Короз дагы бир аз ойлонуп турду да, дөңгөлөккө бир топ тактай урду да, баара жасап агым тийсе чимирген, керектеди курганында тегирмен.

Дөңгөлөктөр жарашты бүт керекке: Чымын ийрийт жип-шууларын ийикке, кирпи ташып чийне менен козу карын, Бака сугарып чакалап чарбак-багын, Короз тартат тегирменге аштыктарын.

Бир ирет аларга Коён келди, көрөйүн деп баягы апендилерди.

Аны кымбат конокчо кабыл алып, Чымын берди колкабын белек кылып, Бака ага сапсары сабиз берди, Кирпи дагы тартууларды жемиштерди, айтты дагы сөздөрүн Короз сонун, алдына койду ысык токочторун!

Уялды Коён эми шылдыңына, бирок белектерди кол суутпай алды да:

— Кечирип койгула курдаштарым, менин силерге абдан чоң рахматым. Жаңылыпмын деп айтып апендилер. Алтын кол экенсиңер көрсө силер, көп түрдүү дөңгөлөктөн көп иш жасап, мага дагы жакшы сабак бердиңер!

В. Сутеевдин сүрөттөрү.

Которгон Кубанычбек Аркабаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз