Рюноскэ Акутагава: Жөргөмүш желеси

  • 30.09.2021
  • 3316

АҢГЕМЕ

Бир жолу Будда өзү жалгыз бейиштин шалбаасында сейилдеп жүрдү.

Шалбаанын баардык жерин акактай аппак суугалдактар[1] курчап, алардын алтын түстүү жүрөкчөлөрүнөн жагымдуу жыттар аңкып турду.

Бейиште ошол маалда эми жаңы таң аткан.

Ой кучагындагы Будда капысынан суу үстүндөгү суугалдактардын жайылган жалбырактарынын арасындагы суу терезесинен Суугалдак көлмөсүнүн тереңинде эмнелер болуп жаткандыгын көрүп калды.

Бейиш көлмөсү тозоктун дал өзүнө чейин жетип турду. Анын кристаллдай тунуктугунан Ийнелүү тоо жана Сандзу дарыясы биоскоптон көрүнгөндөй так, даана көрүнгөнүчү.

Тыякта, тозоктун тереңинде миң сандаган күнөөлүүлөр аарынын уюгундай кайнап жатышты. Будданын көзүнө алардын арасынан Кандата деген тозоку урунду. Кандата коркунучтуу каракчы болучу. Ал көптөгөн кылмыштарды жасаган: өлтүргөн, тоногон, өрттөгөн, ошондой болсо да ал жасаган иштердин арасынан бир жакшы иш табылды.

Кайсы бир күнү ал токой аралап келатып, токой ичиндеги жалгыз аяк жол менен чуркап келаткан жөргөмүштү көрүп калды. Кандата аны тебелеп салуу үчүн бутун көтөрүп баратып, бирок кайра токтоп калды: «Жок, бул кичинекей болсо да, тирүү жандык. Жөндөн жөн эле муну өлтүргөнүм аянычтуу».

Деди да жөргөмүшкө тийген жок.

Тозокту карап олтурган Будда Кандата кайсы бир жолу жөргөмүшкө өмүр тартуулаганын эстеди жана эгер мүмкүн болсо, күнөөлүүнү ушул бир кичинекей жакшылыгы үчүн гана тозок отунан куткарууну каалады. Тилекке жараша ошол маалда Будданын көзүнө бейиш жөргөмүшү уруна калды. Ал сонун күмүш жипти нефриттей жашыл суугалдактын жалбырагына илип койду.

Будда колуна жупжука жөргөмүштүн желесин акырындык менен алды да, анын аягын берметтей аппак суугалдактар гүл ачкан сууга чөгөрдү. Желе түптүз тозоктун өзүнө түшүп баратты.

2

Тозоктун тереңинде башка жандимилер менен бирге Кандуу көлдүн бирде тереңине чөксө, бирде өйдөсүнө калкып, Кандата дагы азап чегип жатты. Кайда караба, көөдөй караңгылык өкүм сүрүп турду. Кээде гана караңгыда бирдемкелер жылтылдап көрүнө калат. Бул күңүрт жылтылдаган нерселер коркунучтуу Ийнелүү тоонун ийнелери эле. Бул шумдуктуу көрүнүштү сүрөттөп жазууга сөз жок. Айлана көрүстөндөгүдөй тыптынч. Анда-санда гана тозоктогулардын онтогону угулат. Көптөгөн кыйноолордон кийин тозоктун эң тереңине айдалган кылмыштуу жандар жадагалса онтоого да, ыйлоого да күч табышпады. Ошон үчүн атүгүл атактуу каракчы Кандата дагы Кандуу көлдө тумчугуп өлүп бараткан бакадай үн-сөзсүз чабалактап жатты.

Бирок бир маалда Кандата башын көтөрүп, Кандуу көлдү чүмкөп турган караңгылыкка тигилди. Алыскы-алыскы асмандан түпсүз туңгуюкка карай жупжука жарыгын чачып, башка тозокулар көрүп койбосун деп корккондой этияттык менен жөргөмөштүн күмүш желеси түшүп келе турду.

Кандата кубанганынан алакандарын чаап жиберди. Эптеп ушул желеге жабышып алуу керек да, жогоруга карап чыгып кете бериш керек. Ошондо чындап эле бул азаптан кутулуп кетүүгө болот. Эгер жол болуп калса, бейишке да кирип кетсе болот. Анда эле сени кайрадан Ийнелүү тоонун бооруна айдап чыгышпайт, кайрадан Кандуу көлгө ыргытышпайт.

Ушундай үмүткө демденген Кандата жөргөмүштүн желесине эки колдоп бекем жабышты да жогоруга чыгып жөнөдү.

Албетте, бул тажрыйбалуу каракчы үчүн көнүмүш иш эле. Бирок тозоктон бейишке чейин он миңдеген чакырым жол басуу керек. Ал канчалык катуу тырышпасын, ага тоо башына чыгыш кыйынга турду. Чыга берип, чыга берип акырында Кандатага окшогон күчтүү жан да чарчады. Асмандын өзүнө дем албай жетүү мүмкүн болбоду.

Айла канча, дем алууга туура келет. Мынакей, ал жарым жолдо желеге илинип токтоп калды да, ылдый жакты карады.Кандата бекеринен бул жупжука желе менен мынчалык тырмышып өйдөгө чыгып баратпаптыр. Ал азыр эле жан чыдагыс азаптарды көргөн Кандуу көл түпсүз тереңдикте чөгүп жатат. А тиги тозоктун тереңинде күңүрт жылтырап жаткан шумдуктуу Ийнелүү тоонун төбөсү анын бут алдында. Эгер ал ушундай ылдамдык менен кете берсе, ким билет, чындап эле тозок отунан кутулуп кетер.

Желеге бекем жармашкан Кандата канча бир жылдан кийин кайрадан адамчы сүйлөө мүмкүндүгүнө ээ болуп, көөдөн кере кыйкырды:

- Кутулдум! Кутулдум!

Бирок ошол замат эле башка эсеби жок тозокулар да желеге жармашып алышып, кумурскалардын тизилген катарындай болушуп, анын артынан чыгып баратышканын көрүп калды.

Бул укмуштуу көрүнүшкө күбө болгон Кандата адегенде коркконунан жана таң калганынан оозун аңырдай ачкан бойдон көздөрү чекчейди да калды.

Бул жупжука болгон желе анын өзүн араң көтөрүп баратат, мынча адамды ал кантип көтөрмөк!

Эгер эле желе үзүлүп кетсе анда ал өзү дагы, - о шумдук, ушунча бийикке чыгып алган өзү дагы тозокко тоголонуп түшөт. Кош бол, кутулууга болгон үмүттөр!!!

Ал ушинтип ойлонгуча күнөөлүүлөр Кандуу көлдүн тереңинен ызылдап чыгып жатышты. Жүз миңдеген тозокулар узун чынжырча болушуп, жылтылдаган желе менен жогору чыгып баратышты. Ушундайында бирдемке кылбаса, желе үзүлүп кетет да, ал тозокко кулап түшөт.

Ошондо Кандата үнүнүн барынча кыйкырды:

- Эй, тозокулар! Бул менин желем! Ага жармашууга силерге ким уруксат берди?! Кана, тез түшкүлө! Ылдый түшкүлө!

Бирок ошол замат кандай окуя болуп өттү дейсиң!

Ушу маалга чейин үзүлбөгөн бүтүн желе дал Кандата илинип турган жерден үзүлүп кетти.

Адегенге үлгүрбөгөн Кандата шамалды жиреп улам төмөн туңгуюкка учуп баратты.

Тозоктун жылдызсыз, айсыз асманында ипичке шооладай болуп жылтыраган жөргөмүштүн желеси гана илинип турду.

3

Суугалдак көлмөсүнүн жээгинде турган Будда болуп жаткан нерселерди башынан аягына чейин көрүп турду. Качан гана Кандата ыргытылган ташка окшоп, Кандуу көлдүн тереңине чөгүп кеткенде Будда муңайым жүз менен сейилин андан ары улантты.

Кандатанын жүрөгү ырайымды билчү эмес. Ал жалгыз өзү гана тозоктон кутулуп чыгышты ойлонгону үчүн кайрадан ал жакка барып калды. Будданын көзүнчө болуп өткөн бул окуя кандай уяттуу жана аянычтуу эле!

Бирок бейиштеги Суугалдак көлмөсүндөгү суугалдактарга баары бир болчу. Алардын берметтей аппак гүлдөрү Будданын бут алдында акырын башын ийип ыргалышат.

Будда кадам таштаган сайын алардын алтын жүрөкчөлөрү айланага аңкыган таттуу жыт таратып турушту.

Бейиште убакыт чак түшкө жакындап баратты.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

[1] Суугалдактар - лотостор.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз