Санжи Туйтунова: Жүрөк муздаган күн

  • 29.01.2022
  • 4813

АҢГЕМЕ

Кайсы күн экени эсинде жок... Сот алдында экөөнөн башканын баары ыйлашты.

"Отузга чыга элексиң, балаң мында, кызың тигинде, байкушум ай кантесиң эми" деп кучактап ыйлады орто жашап калган аял. Кайненеси болчу ал. Келин көзүнө бир тоголок жаш алган жок, унчукпады. Катып, муздап турду. Аны ала качып алып, "күйөө" деген атка конумуш болуп жүргөн эркек да ыйлаган жок. Мисирейип, кумсарып бышактап аткандарга чоочун адамдай карашты. "Бактылуу бол" деди ооз учунан эркек бир маалда. "Мен өлгөндө келбе, сен мен үчүн эчак өлгөнсүң" деди келин тиштенип. Эркектин өңү кубарып, колдору калчылдап кетти. Мурдагыдай уруп жибергиси келди окшойт. Бирок соттун короосунда, формачандар карап турганы үчүн айбыктыбы, кол көтөргөн жок. Келин ичинен чаап жиберсе деп турган. Дароо ошол жерден каматып, сабатып, өч алгысы келди. Мурда эмнеге антпеди экен?

Ары жакта эки милийса үстү жабык машинеден колу кишенделген эки кишини жерге түшүрүп, аларды көргөн топ киши туугандары окшойт чырылдап атышты. Сотто далай тагдырлар сынып, далай жаш төгүлөрүн келин ошол жерден биринчи жолу туйду. Конвойдун коштоосунда колун артына алган эки кишини карап туруп боору ооруду. "Эркиндигинен ажыраган кандай жаман" деп ойлоду. "Мага эмне" деди ичинен кайра, "мени ким аяп жатыптыр?"... Адвокат окшойт, толмоч киши чогулгандардын бири менен акча тууралуу сүйлөшүп жатты. Кызмат акысын сурап аткан өңдөнөт. Келиндин тээ көңүл түпкүрүндөгү бир жаранын карты сыйрылып, канап кеткендей болду. Адам кайгысынан акча жасалган жерден батыраак кеткиси келди.

Сот алдында эки кишиден башканын баары ыйлап жаткан. Улам бири кучактап, келиндин бетинен өөп коштошуп жатышты. Келин кайненесинин колундагы уулун өптү да бурулуп басып кетти. Эне менен баланы чырмап турган мээримдин желедей ичке жиби үзүлүп кеткенсиди. "Бизге ташта, жашсың, кааласаң көрүп турасың" дешкенине ынаган. Бул үчүн ал кийин миллион жолу өкүнөрүн кайдан билиптир.

Телефонго бир нече жолу чалуу келди, албады. "Эми сен кайгырба, чөкпө" деди жолдо баратканда эжеси. "Кан Манас өлүп, Каныкей деле жашаптыр го" деди. Андан ары унчукпай жолду улашты.

Жаз болчу. Күн мемиреп турган. Бирок ал жылуулукту сезбеди. "Жакшы барыңыз, мен ушул жерден калам" деди адвокат бала. Келин селт дей түштү. Эмнегедир баары анын айынан болгонсуп жек көрүп кетти да чөнтөгүнөн акча алып сунду. "Рахмат, сиз мага чоң жардам бердиңиз" деди суз. Жаңы эле окууну бүтүп, биринчи жолу ажырашуу процессине катышып ишти утуп алганына толкунданган жаш бала келиндин көзүнөн заар төгүлүп, үнү кыжырданып чыкканын байкаган жок.

Эмнеге биздин коомдо баарын эркектер ээлеп алган, эмнеге баарын эркектер чечет деп ойлоду келин ичинен. Дагы жакшы судья аял экен, ошого карабай ал дагы беркилерге тартып атпадыбы... Аял адвокат деле жалдасам болмок экен... Жок дегенде жылуу сөз менен көңүл улайт эле...  

Телефону дагы чырылдады, албады. "Тың" деген үн чыгып билдирүү келгенин сезди. Ачып окуса "... баланы байкеме таштаганың үчүн рахмат, бактылуу бол!" деген жазуу экен. Башка өлкөдө жашаган мурдагы кайнагасы жазыптыр, ага жооп берген жок. Номерди кара тизмеге киргизип койду.

Жаз болчу, бак-дарак гүлдөп аткан. Бут алдында көгүчкөндөр тыпылдап чуркап, учуп жатышты. Четтеги эки көгүчкөн бири-бирине жөлөнүп, бейкапар магдырашат. Көгүчкөндөр аз эле жашайт, ошон үчүн бири-бирин жектебейт деп ойлоду келин. Ушул канаттуулардыкындай да сезим болбоптур экөөндө. Ары жакта жаңы үйлөнгөн эки жаш кучакташып сүрөткө түшүп жатышкан экен. Колуктусу бажырайып күлүп, жаш күйөөсү ага ыктап, бул дүйнөдө экөө эле калгандай бакытка балкып турушкан. Аларды коштоп жүргөндөр шарактап шампан ачып, ырдап, бийлеп жатышты. Жашоо кызык... Бир эле күндө канча үй-бүлө куралып, канчалар кош айтышат. Канча жүрөк сүйүнүп, канча жүрөк муздайт...

Келин аларга карап, уурдаткан жылдарына, кайрылбай кеткен жаштыгына кейиди. Балким өзүнө чыккынчылык кылбаганда, бир аз чечкиндүү болгондо – баары башкача болот беле? Ала качууга эмнеге макул болду экен? Эмнеге каршылык көрсөтпөдү экен? Бул үчүн өзүн өмүр өткүчө кечире албайт ко.

Адамда эки күч болот деген чын белем. Келин ошол мүнөттө экөө күрөшүп атканын сезди. Бирөө "карасаң, жашоо кандай жакшы, сен эми азаптан кутулдуң, канат жайып уч, сен жазчу ырлар алдыда, жаша" деп шыбырап атты. Башкасы "жумшактыгыңдын азабын тарттың, сен эми эч кимге ишенбе, катуу бол, кыйындыгыңды далилде" деп шыбырап аткан. Ал экинчи үндү укту. Атаандаштык, текеберлик күч, жалаң күрөштөн турган дүйнөнү көздөй бет алып, адамдарды жакшы көргөн, жаман нерседен да жакшылык издеген, кечиримдүү, баёо жарымын чаң жолго калтырып кетти. Экөөнү бирдей ала кетсе деле болмок балким. Алды жагы бозоруп, эмне күтүп турганы белгисиз болчу.

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз