Шерзод Комил Халил – 1982-жылы 13-сентябрда Кашкадарыя облусунун Китоб районунда туулган. 1999–2003-жылдары Өзбекстан Улуттук университетинин философия факультетинде бакалавр даражасын, 2003–2005-жылдары ошол эле факультетте магистр даражасын алып, заманбап Батыш философиясы жана тарыхы боюнча магистр даражасын алган. 2005–2007-жылдары Өзбекстан Улуттук университетинин жана Өзбекстан Жазуучулар союзунун жогорку адабият курсунун студенти болгон. 2005–2009-жылдары Ташкент текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун философия кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 2009–2011-жылдары Өзбекстан Улуттук университетинин философия факультетинде аспирантурада окуган. 2011–2012-жылдары Өзбекстан Улуттук университетинин философия факультетинде стажёр-изилдөөчү болгон. Учурда философия тарыхы боюнча докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатат.
♦ ♦ ♦
Дюлекан түбөлүк токой менен курчалган алыскы тайгада төрөлгөн. Ал жерде дайыма аппак кар бар. Жай келгенде адамдар бир аз күрөң-боз түстүү жерди көрүшөт. Дюлекан көргөн дүйнө атасы Миргачандын жыгач алачыгы, анын айланасын курчаган ийне жалбырактуу арчалар менен кедр токою, чанага кошулчу бугулар менен иттер, асман, булут жана тумандан турат. Ал уюл түлкүсү, көк бөрү, күрөң жана кара аюу, анан тайганын саздарын билчү. Атасы Миргачан ага кээде башка дүйнөлөр жөнүндө кызык нерселерди айтканы менен, ал бул нерселердин бар экенине көп ишенчү эмес. Көрбөгөн нерсеңе ишене аласыңбы?!
Бир күнү тайгага вертолёт келди. Бардык балдардай эле Дюлекан да вертолётту көрүп таң калды. Абдан чоң темир куш абада айланып, кууш боордогу жалгыз ачык түздүктөгү кар үстүнө конду. Ичинен беттери бир аз тырышкан, узун бой, ак денелүү киши түштү. Анын чачтары аюуга окшош күрөң, көздөрү көлгө окшогон көгүш эле. Ал Миргачанга карап кучагын ачты. Дюлекандын атасы да аны көздөй шашып жөнөдү:
— Акыры келипсиң-да, Виктор, — деди.
— Миргачан, учурашпаганыбызга да он беш жыл болуптур го? — ак денелүү адам атасынын ийнине таптап койду. – Уулуң кайда, ошондо ал жаңы төрөлгөн ымыркай эле. Убакыттын кандай тез өтүп жатканын карачы?!
Атасы Миргачан Дюлекан жаңы төрөлгөн учурда Виктор байке менен кокустан таанышкан. Чындыгында саякат жана укмуштуу окуялардын ышкыбозу болгон Виктор байке, мындан он беш жыл мурда тайгага келгенде токойдон адашып калган. Колу-буту тоңуп, карга эс-учун жоготуп жыгылат. Анын бактына Миргачан чана менен келе жатып үстүнөн чыгат. Ал ак денелүү адамды жыгач алачыкка алып келип, отко жылытат. Дары чөптөрдү кайнатып ичип айыгып кетет. Ошондон улам алар жакын дос болуп калышат. Виктор байке атасына өзү жашап жаткан дүйнө жөнүндө айтып берет, Миргачандын ал жакка баргысы келет. Ошентип Виктор байке аны Москвага алып барат. Миргачан ал жерден бир дүйнөнүн таасири менен кайтып келет, тайгалыктарга башка дүйнө жөнүндө ар дайым зоок менен айтат. Анткени ал жерге Миргачандан башка эч ким барган эмес...
Виктор байке Дюлекандардын алачыгында бир жума жашады. Бул убакта атасы аны иттер кошулган чана менен тайгага ууга алып барды. Бугу кошулган чанада сергүүгө алып чыкты. Виктор байке абдан кубанды. Үйүнө кайтуу үчүн жолго чыкканда Миргачанды өзү жашаган Москвага чакырды:
– Жок, ыракмат, – деди Миргачан чечкиндүү түрдө. – Мен ал жакка баргам. Кайра бара албайм. Ошол элестер мага өмүр бою жетет. Эгер каршы болбосоң, уулум Дюлекан барып келсе... Башка дүйнө жөнүндө анын да кенен түшүнүккө ээ болушун каалайм.
Миргачандын сөзүн жылмайып угуп, Виктор байке макул болду. Ошентип Дюлекан Москвага темир куш – вертолёт менен жетип келди. Дюлеканды таң калтырганы, бул жерде бир да жыгач алачык жок экен. Алар чоң таш кутуларды эске салган төрт бурчтуу үйлөрдө куду бугулардын үйүрүндөй топ-топ болуп жашачу. Бардык жерде айнектүү мунаралар жана түстүү жарыктар. Алар ызы-чуулуу шаарда күнү-түнү жаркырап турчу. Алар токойлорду кыйып, ачык түзөңдөрдү пайда кылышкан, көчөлөрдө чана менен эмес, унаалар менен өтүшчү. Виктор байке аны кубандыруу үчүн чачы эркектерге окшогон кыска, курсактары ачык кыздар кыйкырып ойногон бурчтарга алып барчу. Метро, гипермаркет, лимузин, интернет, бар, дискотека, эх-хе, учу-кыйыры жок нерселерди көрдү. Мунун баары кандайдыр жасалма, Дюлекан үчүн жат дүйнө эле. Анткени бул жерде эл “sms”, “odnoklassniki”, “facebook”, “whatsapp”, “фирма” жана кээ бир керексиз сөздөр жөнүндө сүйлөшчү. Дюлекан болсо тайганы – өз үйүн сагынган. Анткени ал жерде тунгус тилинде асман, токой, бугу жана нан жөнүндө сүйлөшчү...
Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ