Вольфганг Борхерт: Кудайдын көзү

  • 09.06.2022
  • 2851

АҢГЕМЕ

Кырбусу кызыл, топтоголок кудайдын көзү аппак чуңкур табакта жатты. Чуңкур табак ашканадагы үстөлдө турган. Килейген балыктын өзү кабыргасын каркайтып согуш талаасында жоого чабылгандай көрүнөт. Чуңкур табактагы балыктын көзү болчу. Бөлүктөп кесилген балык казанда куурулуп жатты. Чуңкур табакта жалгыз көз. Кудайдын көзү.

- Көздү ары-бери тарткылабай шүк олтур, – арыдан апам үн катты.

Мен көздү ары-бери түрткүлөп ойноп жаткам. Муну укканда бырс күлдүм да, сурадым:

- Эмнеге? Муну балык билмек беле. Ал казанда жатпайбы.

- Кой дейм. Көз сага оюнчук эмес. Бул көздү да, сенин көзүңдү да жалгыз кудай жараткан.

Муну уккана көздү эрмектеп жатканымды токтото салып, дагы сурадым:

- Бул көздү кудай жаратканбы?

- Албетте, – деп жооп берди апам, – Көз жалгыз кудайга гана таандык.

- Балыктыкы эмеспи? – такып сурадым.

- Балыктын көзү. Бирок эң биринчи кудайга таандык.

Башымды өйдө көтөрүп карасам, апамдын көзүнөн мөлт-мөлт жаш чууруп жатыптыр. Бүгүн балык кууруп жегени жатканыбызда, таятам кайтыш болду деген суук кабар келди. Апам көз жашын сүрткөн бойдон ашканадан сыртка кетти. Ал чыгып кеткен соң, кырбусу кызыл, кудум кудайдыкындай көз жаткан чуңкур табакты өзүмө тарттым. Эңкейип табакка жакын карадым.

- Демек мен кудайдын көзүмүн дечи? – акырын шыбырадым. – Анда сен таятам эмнеге өлдү билсең керек? Ыя? Эмне турасың, сүйлөбөйсүңбү!

Көз үндөгөн жок.

- Ушуну да билбейсиң, – дедим өзүмчө каадаланып. – Таятам эмнеге өлгөнүн билбейт, дагы кудайдын көзү имиш. Таятам кайрылып келеби? – Көздөн дагы сурадым. – Ыя дейм? Жооп бер дедим сени. Сен муну билишиң керек. Же эми таятамды эч качан көрбөйбүзбү?

Көз үндөгөн жок.

Мен эрдимди көзгө жакындатып, дагы бир ирет катуу такып сурадым:

-  Эми таятамды эч качан көрбөйбүзбү? Сүйлөчү. Качандыр бир кезде таятамды кайра көрсөк керек? Кийин бир жерден жолугабыз да, туурабы? Таятамды дагы көрөбүзбү дейм? Эй, кудайдын көзү, мен сенден сурап жатам!

Көз үндөгөн жок.

Ачуум менен табакты түртүп жибергенимде, көз табактан ыргып, жерге кулады. Жерде оонап жатып калды. Мен ага басып бардым. Көз жерде жатты. Кудайдын көзү. Кудайдын көзү жерде оонап жатты. Мен унчукпастан жерде жаткан көздү эңкейип карадым. Жок, көз эч үндөбөдү. Мен өйдө болдум. Кудайдын үн катышына убакыт берип атайын акырын өйдө болдум. Акырын, акырын басып эшикти көздөй жөнөдүм. Тутканы акырын кармап эшикти ачтым. Эшик жанында көзгө далымды салып аны бир нече убакытка дейре акырын тыңшап турдум. Жооп жок. Кудай эч үндөгөн жок. Мен ошондо көздү кылчайып карабастан туруп эшикти тарс жаап сыртка чыгып кеттим.

Орусчадан оодарган Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз