Акутагава Рюноскэ: Нанкиндик Христос

  • 07.07.2022
  • 2308

1

Мезгил күз, убакыт түн ортосу. Нанкин шаарынын Циванзе көчөсүндөгү бир үйдө кубарган кытай кыз эски үстөлгө чыканактап олтуруп алып, зериккен түр менен сырдалган патунустан алган дарбыз семичкелерин чагып жатты.

Үстөлдөгү май чырак алсыз жарык берет. Андан чыккан жарык караңгылыкты араң жарытып да, бөлмөнүн үтүрөйгөн түрүн ого бетер күчөтүп турат. Чаң баскан көшөгө дубалга жабыштырылган кагазы тытылган бурчтагы жүн жууркан олдоксон жабылган камыш керебетке салаңдайт. Үстөлдүн аркы тарабында кудум унутуп коюшкансыган эски олтургуч. Атүгүл абдан кылдат көз караш да бул буюмдардан тышкары, бөлмөнү кооздоп турчу башка эч нерсе таба алмак эмес. Бирок кыз убак-убагы менен семичке чакканын токтотуп, тунук көздөрүн бажырайтып, каршысындагы дубалга кунт коё кадалат; чындыгында ал жакта, дал анын бет алдында, кичинекей колодон жасалган керүү илгичте асылып турат. Ал эми анда Христостун колдору эки жакка керилип мык менен кадалганын чагылдырган жарым-жартылай боёгу өчкөн томпок айкели элес-булас көрүнөт. Кыз Иисуска караган сайын узун кирпиктериндеги кайгынын изи көз ирмемге жоголуп, мунун ордуна көздөрүндө баёо үмүттүн жарыгы жанып жатты. Бирок ал дароо көзүн ала качып, улам үшкүрүп, кара жибек кофтачан ийиндерин чарчаңкы куушуруп, кайрадан дарбыз уруктарын чага баштайт.

Кызды Сун Цзинь-хуа аташып, ал жан багыш үчүн түнкүсүн бул бөлмөдө меймандарды кабыл алган он беш жаштагы сойку. Циньвайдын көп сандаган сойкуларынын арасында сүйкүм жүздүү кыздар албетте, көп. Бирок Цзинь-хуадай жибек мүнөз кыздын табылышы, кандай десек да күмөндүү. Ал өз курдаштарынан, дагы башка сойку аялдардан айырмаланып, – калп айтпайт, оопай эмес, ар түн сайын шайыр жылмаюусу менен түнөргөн бөлмөсүнө келишкен меймандардын көңүлдөрүн ача турган. Эгерде алар берген кызмат акы шартташылгандан көбүрөк болуп калса, кыз жападан-жалгыз жакын адамы болгон атасын анын сүйүктүү ичимдиги – саке[1] куюлган чөйчөк менен сыйлай аларына сүйүнчү.

Цзинь-хуанын мындай жүрүм-туруму албетте, анын алпейим мүнөзү менен чечмелене турган. Бирок башка себеп да боло турган: кыз бала чагынан маркум апасы тарбиялагандай, католик ишенимин карманып, муну дубалда илинген керүү ырастап турат.

Айтмакчы, бир сапар ушул жылдын жазында Шанхайда өтүүчү ат чабыштарды, аны менен бирге Түштүк Кытайды көрүп кетүү үчүн келген жаш жапон турист ынтызарлыктан улам Цзинь-хуанын бөлмөсүндө түнөп калды. Тиштерине чылым кыстарып, Европа күрмөсүн кийген турист тизесинде олтурган Цзинь-хуанын кичинекей келбетин бейкапар кучактап олтурган, ошондо кокусунан дубалдагы крестти байкап, бурмаланган кытай тилинде ишенбегендей сурап калды:

– Сен эмне, христиансыңбы?

– Ооба, мени беш жашымда чокундурушкан.

– Анан кылган ишиң ушубу?

Туристтин үнүнөн шылдың угулду. Бирок Цзинь-хуа анын колдоруна кундуз чачтуу башын коюп, майда, тегиз тиштерин көрсөтүп, дайымкыдай шайыр жылмайды.

– Эгерде бул иш менен алек болбосом, атам да, мен да ачкадан өлмөкпүз.

– Атаң улгайып калганбы?

– Ооба... ал араң бутуна туруп калды.

– Ошентсе да... Мындай иш кылгандан асманга жетпей калам деп ойлобойсуңбу?

– Жок... – Дубалга көз кыйыгын жиберген Цзинь-хуа ойлуу сүйлөдү: – Мен, асмандагы Христос мырза менин жүрөгүмдөгүнү өзү түшүнсө керек деп ойлоймун. Андай болбогондо Христос мырзанын Яоцзякао участкасындагы полициядан айырмасы болмок эмес.

Жаш жапон турист жылмайды. Андан соң күрмөсүнүн чөнтөктөрүн аңтарып нефрит сөйкө алып чыгып, кыздын кулагына өзү такты.

– Бул сөйкөлөрдү Жапонияга белек катары алып кетиш үчүн алгам, бирок сага бул түндөн эстеликке калтырам.

Чындап эле алгачкы мейманды кабыл алган түндөн баштап Цзинь-Хуа өзүнүн бул ынанымынан бейкапар эле. Бирок бир айдан кийин бул такыба сойку, тилекке каршы, ооруп калды: анда жаман жагына айланган сифилис жаралары пайда болду. Бул жөнүндө уккан курбусу Чэн Шань-ча ооруну басаңдатат деп ишендирип, апийим арагын ичүүнү сунуш кылды. Андан кийин анын дагы бир курбусу – Мао Ин-чунь өзү пайдаланган гуньланьвань[2] дарысынын калдыгын жана цзялуми[3] дарысын алып келди. Буга карабастан, Цзинь-хуа жашынып олтуруп конокторду кабыл албады, ден соолугу да негедир оңолгон жок.

Ошентип Чэн Шань-Ча бир сапар Цзинь-хуанын алдына кирип, ишенимдүү түр менен дарылануунун мындай (көз көрүнөө ырымчылдыкка негизделген) ыкмасы тууралуу айтты:

– Ырас, оору сага меймандан жуккан болсо, аны тезирек кимдир-бирөөгө кайра кайрып бер. Ошондо эки-үч күндөн кийин айыгып кетесиң.

Цзинь-хуа колун жаагына таянып олтуруп, жүз көрүнүшү өзгөргөн жок. Бирок Шань-чанын сөздөрү кандайдыр кызыгуусун ойготту көрүнөт, кыскача суроо салды:

– Чын элеби?

– Ооба, чын! Менин эжем да кудум азыркы сендей болуп эч оңоло албай койгон. Ооруну мейманга өткөрүп берер менен, ошол замат айыгып кетти.

– Ал эми мейманчы?

– Конокту албетте, аяйсың! Анын атүгүл, оорудан көздөрү көрбөй калган деп айтышат.

Шань-ча кеткенден кийин жалгыз калган Цзинь-хуа керүүнүн алдына тизелеп олтуруп, Христоско жалбарып сыйынды:

– Көктөгү Христос мырза! Атамды багыш үчүн ушул жек көрүмчү иш менен алектенем. Бирок менин ишим мени гана уят кылат, башка эч кимге зыян келтирбеймин. Ошондуктан мен, атүгүл кандай болсом ошондой абалда көз жумган күнүмдө да, сөзсүз асманга барамын деп ойлоймун. Бирок эми иш-оорумду мейманга өткөрүп бергенден кийин гана уланта аламын. Демек, атүгүл ачкалыктан өлүшкө туура келсе да, андай болсо оору да өтүп кетмек, мындан ары эч ким менен бир төшөктө жатпоону чечишим керек. Андай болбогондо өз бактым үчүн мага эч жамандык кылбаган адамга жамандык кылган боломун! Бирок баары бир аялмын да. Кайсы бир мүнөттө азгырыкка алдырып коюшум мүмкүн. Көктөгү Христос мырза! Суранам, мени сактаңыз! Сизден башка эч кимден жардам күтө албаймын.

Мына ушундай чечим кабыл алган Цзинь-хуа Шань-ча менен Ин-чунь канчалык ынандырышпасын, андан кийин меймандарды кабыл алган жок. Ал эми кээде ага туруктуу меймандары келишкенде, алар менен жөн гана чогуу олтуруп, чогуу чылым тартып, андан башка алардын эч кандай каалоолорун аткарган жок.

– Ооруум коркунучтуу. Эгерде сиз мени менен жатсаңыз, ал сизге да жугат, – Цзинь-хуа кызып алган мейман баары бир зордоп ага ээ чыккысы келгенде дайым ушинтип айтып, атүгүл өз оорусунун далилдерин көрсөткөндөн уялчу эмес. Ошондуктан меймандар бара-бара келбей калышты. Кыздын жашоосу да күн санап кыйындай берди.

Ошол кечте ал эчтеке кылбастан алды жагын ойлуу тиктеп, үстөлгө чыканактап узакка олтурду. Меймандар мурункудай эле келишкен жок. Бул убакта түн акырындап көшөгөсүн тартып, баары тынчыды. Цзинь-хуанын кулагына болгону кайдандыр чегирткенин чырылдагы келет. Анын үстүнө бул от жагылбаган бөлмөнүн таш тактайынан суу сыяктуу адегенде анын боз жибек туфлисине, андан кийин бул туфлидеги назик буттарга сиңген суук уруп жатты.

Цзинь-хуа бир азга чырактын күңүрт жарыгына тигилип, андан кийин селт этип, эсинөөсүн басты. Дээрлик ошол эле мүнөттө сырдалган эшик капысынан ачылып, бөлмөгө бейтааныш чет элдик кирип келди. Кыязы, эшик болушунча ачылгандан улам го, үстөлдөгү чырак жалбырттай түшүп, караңгы бөлмө кызыктай болгон түтөгөн жарыктан улам жарк дей түштү. Бутунан башына чейин бул жарыкка бөлөнгөн мейман артка чегинип, ошол замат жабылган сырдалган эшикке кыйынчылык менен жөлөндү.

Цзинь-хуа эрксизден өйдө болуп, бейтааныш чет элдикке таңыркай тигилди. Меймандын жашы отуз бештерде эле, бул көздөрү бакырайган, күрөң түстүү чаар ала күрмөчөн, ушундай эле баш кийимчен жүзү тотуккан сакалчан эркек. Бир нерсе түшүнүксүз эле: ал шексиз түрдө чет өлкөлүк болсо да, канчалык таң каларлык болбосун, түрүнөн азиялык же европалык экенин аныктоо мүмкүн эмес болчу. Баш кийиминин астынан кара чачтары сербейип, өчүп калган мүштөгү тиштерине кыстырылып, эшиктин кире беришинде туруп калганда, аны быякка адашып кирген өлөрчө мас жолоочу катары кабыл алууга мүмкүн эле.

– Сизге эмне керек? – бир аз чочулаган Цзинь-хуа үстөлдөн жылбай туруп, жемелей сурады. Мейман кытайча түшүнбөстүгүн көрсөтүп, баш чайкады. Андан кийин оозунан мүштөгүн алып, кандайдыр түшүнүксүз чет эл сөздөрүн айтты. Бул жолу Цзинь-хуага баш чайкашка туура келди, мындан улам нефрит сөйкөлөр чырактын жарыгына чагылышып жатышты.

Кыздын эмне кыларын билбей карлыгач каштарын жыйрыганын көргөн мейман капысынан катуу каткырып, баш кийимин тартынбай алып ыргытып, теңселген бойдон ага карай басты. Үстөлдүн аркы тарабындагы олтургучка алдан тайып олтурду. Ушул мүнөттө ал Цзинь-хуага качан жана кайдан экенин эстей албаса да, мурда көргөн сыяктуу, кандайдыр жакын адамдай сезилди. Мейман тартынбастан, патунустагы дарбыз уруктарын жыйнап алды, бирок аларды чаккан жок, болгону Цзинь-хуага көз албай карап, кайрадан кызыктай түр менен жаңсагылап, чет тилде сүйлөдү. Цзинь-хуа анын сөздөрүнүн маанисин түшүнгөн жок, бирок элес-булас болсо да, мейман кыздын эмне иш менен алектенеринен кабардар экенин түшүндү.

Кытайчаны түшүнбөгөн чет өлкөлүктөр менен узак түндөрдү өткөрүү Цзинь-хуа үчүн адаттан тыш иш эмес болчу. Ошондуктан ал кайрадан олтуруп, адат болуп калган жайдары жылмаюусу менен мейманга таптакыр түшүнүксүз тамашаларды сүйлөй баштады. Бирок мейман ар бир эки сөз айтылган сайын кудум аны түшүнгөнсүп, шаңдуу каткырып, колдорун мурдагыдан да ыкчам жаңсагылады.

Меймандан ичкиликтин жыты урат, бирок анын кызымтал кызыл тору жүзүндө ушунчалык кайраттуу жашоо күчү топтолуптур дейсиң, андан улам бул кайгылуу бөлмөдө жарык боло түшкөнсүдү. Кандай болгон күндө да ал Цзинь-хуанын көзүнө өзүнүн нанкиндик мекендештерин айтпаганда да, буга чейин өзү көрүп жүргөн чет элдиктердин баарынан сонун көрүндү. Буга карабастан аны менен мурда кездешкендей болгон сезимден кутула албады. Бет алдындагы адамдын маңдайына түшүп турган капкара тармал чачтарын карап, шаңдуу жылмайып, алынын жетишинче бул жүздү мурда кайдан көргөнүн эстешке аракет кылды.

“Бул толмоч аялы менен кайыкта бараткан адам эмеспи? Жок, жок, ал сарыраак да. А балким, бул Циньвайдагы Кун-цзынын (улуу ойчул Конфуций – б.з.ч. 551-497-ж.ж.) мавзолейин сүрөткө тарткан неме болуп жүрбөсүн? Бирок ал бул меймандан улуудай көрүнгөн. Ооба, ооба, бир жолу мен Лидацяо көпүрөсүнө жакын жердеги ресторандын алдында эл топтолуп, бул мейманга абдан окшош адам рикшаны таяк менен сабап жатканын көргөнмүн. Балким... бирок анын көздөрү көгүшүрөктөй болчу”.

Цзинь-хуа буларды ойлонуп жатканда, чет элдик ошол эле шаңдуу түр менен мүштөгүн толтуруп, буркуратып тартып, жагымдуу жыты бар түтүндү үйлөдү. Андан кийин кайрадан бирдеме деп күлдү, бул жолу акырын күлдү, эки манжасын өйдө кылып, Цзинь-хуанын көздөрүнө жакындатып, “эки” деп жаңсагандай болду. Эки манжа эки долларды билдирери албетте, баарына белгилүү. Бирок мындан ары меймандарды кабыл албаган Цзинь-хуа мурдагыдай эле эпчилдик менен семичке чагып, ал да жылмайып, баш тартуу иретинде эки жолу баш чайкады. Ошондо мейман уятсыздык менен үстөлгө чыканактап, чырактын алсыз жарыгында элейген жүзүн Цзинь-хуанын жүзүнө жакындатып, ага тикирейе тигилип, күткөн кебете менен үч манжасын серейтти. Тиштерине семичке кыстырган Цзинь-хуа бир аз артка жылып, жүзү оңтойсузданууну көрсөттү. Мейман, кыязы, аны эки долларга сатылбайт деп ойлоду. А бирок кытайча билбегендиктен, ага муну түшүндүрүү таптакыр мүмкүн эмес эле. Өзүнүн жеңил ойлуулугуна аябай өкүнгөн Цзинь-хуа көздөрүн муздак жалт эттирип, эрксизден дагы бир жолу чечкиндүүлүк менен баш чайкады.

Бирок чет элдик бир аз жылмайып, кудум бир аз олку-солку болгонсуп, төрт манжасын көтөрүп, кайрадан чоочун тилде бирдеме деди. Эмне кыларын билбеген Цзинь-хуа колун жаагына таянып, жылмаюуга да алы келбеди, бирок ушул мүнөттө ал иш мынчалыкка жеткен соң, мейман тажамайынча баш чайкай бериш керек деп чечти. Ошол убакта кудум көзгө көрүнбөгөн нерсени кармагансып, меймандын колдорунун беш манжасы ачылды.

Алар андан кийин узакка чейин колдорун жаңсагылап сүйлөшүштү. Өжөрлүк менен бир манжадан кошуп олтурган мейман акырында ага он доллар да кеп эместигин көрсөттү. А бирок сойку үчүн чоң акча болгон он доллар да Цзинь-хуанын чечкиндүүлүгүн тайсалдата албады. Ордунан турган кыз үстөлгө капталдап турганда мейман ага эки колунун манжаларын көрсөттү, ошондо ал ачуулана буту менен жер тээп, бир нече жолу башын чайкады. Ошол замат дубалда илинип турган Иса пайгамбардын сүрөтү салынган тактай эмнегедир илгичинен чыгып, таш тактайга, кыздын бут алдына жеңил дабыш чыгарып түшүп кетти.

Цзинь-хуа шашыла кол сунуп, керүүнү этияттап өйдө кылды. Мына ушул ирмемде ал керилип турган Христтин жүзүнө капысынан көз жүгүрттү. Мына кызык, бул жүз үстөлдө олтурган чет элдиктин тирүү чагылышы болучу.

“Мен аны мурда кайсы бир жерде көргөндөй сезилгени ушул тура, – бул деген Христос төрөнүн жүзү да!”

Коло керүүнү кара жибек кофтасы жапкан көкүрөгүнө кыскан Цзинь-хуа маңдайында олтурган мейманына аң-таң карады. Шараптан кызарган жүзүн мурдагыдай эле чырак жарытып турган мейман маал-маалы менен мүштөгүн буркуратып, сырдуу жылмаят. Ал кыздын келбетинен, аппак мойнунан жана нефрит сөйкөлөр салаңдаган кулагынан көз албай тиктейт. Бирок Цзинь-хуага ал атүгүл, мына ушул түрүндө да кандайдыр бир жумшак айкөлдүккө толодой сезилди. Мейман бир аздан кийин мүштөгүн оозунан алып, башын сырдуу кыңайтып, күлө багып бирдеме деди. Бул сөздөр Цзинь-хуага чебер көз боочунун шыбырындай таасир кылды. Ал өзүнүн айкөл чечими жөнүндө унутуп калбады бекен? Күлкү чачкан каректерин ылдый кылып, колундагы коло керүүнү кармалаган кыз сырдуу чет өлкөлүккө уялыңкы басып келди.

Мейман шымынын чөнтөктөрүн аңтарып, күмүштөрүн шылдыратып, бир топко чейин Цзинь-хуага мурдагыдай эле күлгөн көздөрү менен суктана карады. Бирок капысынан көздөрүндөгү жылмаюу кызуу көксөөгө алмашкан мейман ордунан ыргып туруп, Цзинь-хуаны кучактап, өзүнүн ичимдик жыттанган күрмөсүнө бекем кысты. Цзинь-хуа кудум акылын жоготкондой болуп, башын чалкалатып, сөйкөлөрү салаңдап, бирок купкуу жаактары албырып, көздөрүнө чукул жакындаган меймандын жүзүнө арбалгандай тиктеди.

Албетте, эми кыздын бул таң калыштуу чет өлкөлүккө багынып берсемби же оору жугузгандан абайлаш үчүн өпкүлөөсүнөн качсамбы деп ойлонууга чамасы жок эле. Цзинь-хуа эриндерин анын сакалдуу ооздоруна тосуп, бир гана нерсени билди – эми анын көкүрөгүн жан күйгүзгөн, биринчи жолу баштан өткөргөн сүйүүнүн кубанычы каптап жаткан эле.

2

Бир нече сааттан кийин чырагы өчкөн бөлмөдө чегирткелердин араң угулган чыркылдагы экөөнүн уйкусураган демине күз муңайымын берип турду. Бирок бул убакта Цзинь-хуа көрүп жаткан түш керебеттин чаңдуу көшөгөсүнөн чыгып, чатыр үстүнөн алыс-алыс, жылдыздуу айлуу түнгө көтөрүлүп кетти.

... Цзинь-хуа бир аздан кийин сандал жыгачынан жасалган кызыл олтургучта олтуруп, алдындагы түркүн тамактардан таякчасына илип жеп жатты. Биерде чабалекейдин уясы, акуланын канаттары, бууга дымдалган жумурткалар, ышталган карп балыгы, куурулган чочко эти, трепанг балыгынан жасалган сорпо бар – мунун баарын эсептеп отура албайсың. Ал эми идиштер бүтүндөй көгүлтүр суугалдактар[4] жана зымырык куштар менен кооздолгон көркөм жайпак жана чуңкур табактар эле. Кыздын артында үлбүрөк парда тартылган терезе, терезенин артында балким, дарыя агып жатат. Анткени суунун тынымсыз шылдырагы жана калактардын чулп эткен дабыштары угулат. Цзинь-хуага кудум өзүнүн бала чактан кымбат болгон Циньвайында жүргөндөй сезилди. Бирок ал ушул азыр шексиз түрдө, асман шаарында, Христостун үйүндө болчу.

Цзинь-хуа мезгил-мезгили менен таякчаларын ылдый түшүрүп, айланасын карап коёт. Бирок кең бөлмөдө болгону ажыдаарлар оюп түшүрүлгөн мамылар менен тамактардан көтөрүлгөн бууга чулганган чоң хризантема гүлдөрү отургузулган карапа идиштер гана көрүнөт. Андан башка бир да жан жок эле. Ошондой болсо да тамак салынган идиш бошор замат, Цзинь-хуанын алдында жылуу жыт таркатып, кайдандыр башкасы пайда болду. Капысынан ал тийип үлгүрбөгөн куурулган кыргоол канаттарын чапкылап, шарап куюлган чөйчөктү аңтарып, шыпка атылды.

Ошол убакта Цзинь-хуа кимдир-бирөө артынан үн чыгарбай жакын басып келгенин сезди. Ошондуктан таякчаларын койбой туруп, ыкчам артка кылчайды. Арт жакта, өзү эмнегедир терезе болсо керек деп ойлогон жерде атлас жабуу жабылган сандал жыгачынан жасалган олтургучта тиштерине кальян үчүн узун коло мүштөк кыстырган бейтааныш чет өлкөлүк шаңдуу түр менен олтуруптур.

Цзинь-хуа биринчи көз караштан эле анын түнкүсүн өзүнө келген эркектин дал өзү экенин түшүндү. Болгону бул чет өлкөлүктүн төбөсүнөн бир карыш өйдө аралыкта үч күндүк айга окшогон жарык чачкан жука тегерек кыргак абада илинип туруптур.

Цзинь-хуанын алдында кудум үстөлдөн ыргып чыккансып, чоң табактагы жыпар жыттуу даамдуу тамак пайда болду. Кыз ошол замат таякчаларын сунуп, бул даамдуу азыктан илип алмакчы болду, бирок капысынан чет өлкөлүктү эстей коюп, артка кылчайып, тартынчаактык менен сурады:

– Сиз дагы бул жерге келип олтурасызбы?

– Жок, өзүң жей бер. Эгер муну жесең, анда сенин ооруң бир түндө айыгат.

Төбөсүндө тегерек кыргак нур чачкан чет өлкөлүк оозундагы узун мүштөгүн алып, чексиз сүйүүгө толгон жылмаюусу жарк этти.

– Демек, сиздин тамактангыңыз келбейби?

– Менби? Мен кытай ашканасын жактырбаймын. Сен мени али тааныбадыңбы? Иисус Христос эч качан кытай тамактарын жеген эмес.

Нанкин Христосу сандал олтургучтан шашпай туруп, арт жактан келип, аң-таң болгон Цзинь-хуанын жаагынан назик сүйдү.

Тар бөлмөгө күздүн муздак таңынын жарыгы төгүлгөндө Цзинь-хуа бейиштегидей уйкусунан ойгонуп кетти. Бирок чакан кайыкка окшогон төшөктүн чаңдуу көшөгөсү алдында дагы деле жылуу чала жарык. Бул күүгүмдөгүдөй чала жарыкта башы артка чалкалаган, көздөрүн али ача элек Цзинь-хуанын жүзү элес-булас көрүнөт, кубарган жаактарына кыязы, түнкү терден болсо керек, эндик сыйпалган уйпаланган чачтары жабышкан, ал эми жарым-жартылай ачылган эриндеринен күрүчтөй майда тиштери билинер-билинбес агарат.

Цзинь-хуа ойгонуп кетти, а бирок жаны дагы деле түшүндө жүргөнсүдү – барпайган хризантемалар, суунун шарпылдагы, куурулган кыргоолдор, Иса пайгамбар... Ошентсе да көшөгөнүн алды жагы улам жарык тартып, анын таттуу кыялдарына чыныгы турмушту даана сезүү, өзүнүн кечээ эле бул камыштан согулган төшөккө табышмактуу чет өлкөлүк менен бирге жатканын аңдап-туюу кире баштады.

“Оору капысынан ага да жугуп калсачы...”

Цзинь-хуа бул ойдон улам ошол замат кыйналып, эртең менен дагы бир жолу анын жүзүнө кароого күчү жетпестиги сезилди. А бирок уйкудан ойгонгон соң, анын сүйкүмдүү тотуккан жүзүн көрбөө андан да оор эле. Ошондуктан, бир аз олку-солку болуп, көздөрүн тартына ачып, жарык толук күчүнө кирген көшөгөнүн астындагы төшөктү көз кыры менен чолуп өттү. Бирок аны таң калтырып, бөлмөдө жуурканга оронгон өзүнөн башка жүз келбети колу-буту керилген Христоско окшогон чет өлкөлүк гана эмес, таптакыр эч ким жок болчу.

“Демек, бул да түшүмө кириптир го...”

Цзинь-хуа кир жуурканды серпип салып, туруп олтурду. Андан кийин колдору менен көздөрүн сүрткүлөп, салаңдап турган көшөгөнү өйдө көтөрүп, уйкулуу көздөрү менен бөлмөнү карап чыкты.

Таңкы серүүндө бөлмөдөгү буюмдардын баары ырайымсыз дааналык менен көрүндү. Эски үстөл, өчкөн чырак, олтургучтар – алардын бири тактайда кулап жатса, дагы бири дубалга каратып коюлуптур, баары кудум кечээги кечтегидей. Аз келгенсип чындыгында эле үстөлдө, чачылып жаткан дарбыз уруктарынын арасында кичинекей коло керүү күңүрт жарык чачат. Ымыр-чымыр көздөрүн ачып-жумган Цзинь-хуа бөлмөнү тиктеп дагы бир азга чейин уйпаланган төшөктөн турбай, чыйрыккансып, ордунан козголбоду.

– Жок, бул түш эмес... – Цзинь-хуа чет өлкөлүктүн түшүнүксүз көздөн кайым болгонун ойлоп, өзүнчө шыбырады. Албетте, ал кыз уктап жатканда бөлмөдөн акырын чыгып кетти деп ойлоого болот. Бирок кечээ эле өзүн укмуштуудай делбе болуп эркелеткен адамдын коштошууга бир да сөз айтпастан кетип калганына ишенбеди. Тагыраак айтканда, буга ишенүү өтө эле оор болуп турду. Анын үстүнө сырдуу чет өлкөлүктөн убада кылынган он долларды алууну унутуптур.

“Ал чындап эле кетип калдыбы?” Жүрөгү уйгу-туйгу болуп, жуурканга ыргытылган кара жибек кофтасын киймекчи болду. Бирок сунулган колдору токтой калып, жүзү албырып чыкты. Ал боёлгон эшиктин артынан сырдуу чет өлкөлүктүн кадамдарын укту бекен же жаздык менен жуурканга сиңген ичимдиктин жыты аны уялткан түнкү эскерүүлөрдү ойготту бекен? Жок, бул ирмемде Цзинь-хуа тулку боюнда болуп өткөн кереметтен улам, залалдуу жаралар бир түндө изсиз жоголушканын сезди.

“Демек, бул Христос болчу!”

Өзүн жоготкон ал төшөктөн ич көйнөкчөн сыйгаланып түшө жаздап, муздак таш тактайга тизелерин бүгүп, кайра жаралган Кудай менен сүйлөшүп жаткан магдалалык ажайып Мария сыяктуу жан дили менен сыйына баштады.

3

Кийинки жылдын жазгы кечтеринин биринде Цзинь-хуага качандыр бир келип кеткен жаш жапон турист чырактын күңүрт жарыгында кайрадан анын маңдайында олтурду.

– А тиги керүү дагы деле илинип турабы? – ал сөз арасында мыскылдуу үн катты. Ошол замат олуттуу тарткан Цзинь-хуа ага Христостун бир жолу түнкүсүн Нанкинге түшүп келип, кызды оорусунан айыктырганы жөнүндөгү таң каларлык баянды айтып берди.

Бул баянды уккан жаш жапон туристи өзүнчө мына буларды ойлонду: “Мен бул чет өлкөлүктү билемин. Бул жапон-америка тектүү жигит. Аны менимче, Жорж Мерри дешет. Ал өзүнүн Рейтер агенттигиндеги тааныш кабарчысына бир жолу Нанкинде христиан динин карманган сойку менен түндү өткөргөнүн, ал эми кыз таттуу уйкуга батканда, акырын качып кеткенин айтып мактанат. Мен өткөн жолу Нанкинде болгонумда, ал да мага окшоп дал ушул мейманканада токтоптур, андыктан анын жүзү дагы деле эсимде. Өзүн англиялык гезиттин кабарчысы деп атап, бирок таптакыр татыксыз, жаман адам эле. Андан кийин сифилистин айынан акылдан азат... Мындан чыкты, ал, кыязы, ушул аялдан оору жуктурган. Ал эми бул болсо, алиге чейин ушул жеңил ойлуу метисти Христос деп ойлойт экен! Мунун көзүн ачып коюу керекпи? Же унчукпастан, байыркы батыш уламыштарына окшогон түшүндө түбөлүккө калтырып койгон оңбу?..

Цзинь-хуа сөзүн бүткөндө турист кудум эсине келгенсип, ширеңке жандырып, жыты буркураган чылымын түтөттү. Андан соң атайылап кызыккан түр көрсөтүп, суроо берди:

– Ошондой дечи... Ошентип сен андан кийин бир да жолу ооруган жоксуңбу?

– Жок, бир да жолу, – Цзинь-хуа дарбыз уруктарын чагуусун улантып, ачык кабагы менен олку-солку болбостон жооп берди.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

22-июнь 1920-ж.

[1] Күрүчтөн жасалган ачытылган суусундук.

[2] Сифилиске каршы сымап кошулган дары.

[3] Каломель сымабы кошулган сифилистин дарысы.

[4] Лотос гүлү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз