Жек Лондон: Жалган күндөрдүн шооласын ээрчип[1]

  • 03.03.2024
  • 2226

АҢГЕМЕ

Ситка Чарли оозуна канжасын тиштеген бойдон «Полис-газеттин» дубалга чапталган бир сүрөтүн көпкө үңүлө тиктеп турду. Андан жарым саатча көз айырган жок, бирок улам алдыртан тымызын ага көз жиберип байкап турдум.

Анын башына кандайдыр бир ой түшкөнсүдү — кандай ой экенин кудай билсинби, иши кылып кызык болуу керек. Ал өз өмүрүндө көптү көрүп, далайды башынан өткөрдү жана укмуштуудай өзгөрүп кетүү да колунан келди: ал өз элинен четтеп, колунан келишинче бүт дити менен ак адам болуп кетти. Биздин ортобуздагы жылуу жайга келип, отко жылынып, биздин өз кишибиздей болуп калганын өзү да айткан болчу. Канткен менен ал окуганды, жазганды үйрөнө алган жок, бирок сүйлөөгө келгенде сөз берчү эмес, тилди эң сонун билчү, сүйлөшүүдөгү ак адамдын ой-пикирин, акылын, кыял-жоругун майын чыгара үйрөнгөн.

Биз керели-кечке оор жол жүргөндөн кийин, ээн алачыкка туш келдик. Иттерге болсо оокат берилген, кечки тамактан кийин казан-аяк да жуулду, эми биз бутту-колду керип, Аляскада жол жүргөндөр үчүн суткасында бир эле жолу келүүчү жыргалчылыкка батып — жатаардын алдында канжа тартып, ыракаттанып отурдук. Бизден мурда конуп кеткендердин бирөө алачыктын дубалдарына журнал менен газеталардын сүрөттөрүнөн чаптап коюптур, мындан эки саат мурда — биз биерге келгенден бери Ситка Чарлинин көңүлүн бурган мына ошол сүрөттөр болду.

Ал улам бирөөнө көз жиберип, сүрөттөрдү кунт коюп териштирип жатты; мен анын эмнегедир таң калып, түшүнбөй, кыйналып жатканын байкадым.

— Эмне экен?— дедим акыры жымжырттыкты бузуп.

Ал оозунан канжасын алды да, жай гана:

— Түшүнбөй жатам,— деди.

Кайта канжасын оозуна салып сорду да, кайта колуна алып, анын мүштөк жагы менен «Полис-газеттин» сүрөттөрүн жаңсап көрсөтүп:

— Мынабу сүрөт. Бул эмне деген сүрөт? Түшүнбөй койдум,— деди.

Мен көз чаптырдым. Укмуштай түрү суук бир адам жүрөгүн мыкчыган бойдон жерди карай эт-бетинен кулап баратат. Адонис иреңденген жазалоочу периште сыяктуу бирөө оозунан түтүнү тарай элек тапанчасын кармаган бойдон анын бет маңдайында турат.

— Кандайдыр бир адам бирөөнү өлтүрүп жатат окшойт,— демиш болдум.

Себеби ал сүрөттүн маанисине өзүм да так түшүнө албай, деңдароо болуп, тийиштүү жооп издеп таба албасымды сездим.

— Эмне үчүн? — деп сурады Ситка Чарли.

— Билбейм,— деп чынымды айттым.

— Бул сүрөттө окуянын аягы гана көрсөтүлгөн, — деди ал.— Башталышы болсо жок.

— Бул турмуш да,— дедим.

— Турмуштун башталышы болот,— деди ал макул болбогонсуп.

Мен унчукпай калдым, ал болсо дагы бир башка — эркек ак куу жана ургаачы ак куу деген сүрөткө бурулду.

— Мына бу сүрөттө башталышы жок, — деди ал,— Аягы да жок.

Мен сүрөткө таптакыр түшүнбөйт окшойм.

— Мына муну карап көрчү, -дедим үчүнчү сүрөттү көрсөтүп.— Мунун өзүнчө бир белгилүү мааниси бар экен. Сен ага кандайча түшүнөсүң?

Ал аны бир нече мүнөт тиктеп турду.

— Кыз оору экен,— деди бир топтон кийин.— Тиги доктор, аны көрүп жатат. Алар түн бою уктабай чыгышыптыр: көрдүңбү, чыракта май аз калыптыр, терезеден таңдын шооласы байкалып турат. Оорусу катуу экен, кыздын өлүп калышы да мүмкүн, анткени доктордун кабагы салыңкы. Бул болсо кыздын энеси. Оорусу катуу болгондуктан кыздын энеси башын столго коюп, ыйлап жатат.

— Иреңи көрүнбөйт, ыйлап жатканын кайдан билдиң?— дедим анын сөзүн бөлүп.— Мүмкүн уктап жаткандыр?

Ситка Чарли таң калгандай мен жакты жалт карап алды да, кайра сүрөттү карады. Анын түшүнүгү так эмес экендиги ачык байкалып турду.

— Мүмкүн, уктаса уктап жаткандыр,— деди ал макул болгонсуп. Андан кийин назарын салып, үңүлө тиктеп турду да:— Жок, уктаган жок. Уктабаганы ийнинен билинип турат. Мен аялдардын ыйлаганын көп көргөм— ийиндери ушинтип солкулдай түшөт. Энеси ыйлап жатат. Оорусу абдан катуу экен.

— Мынакей, сүрөттүн маанисине түшүнүпсүң — дедим.

Ал кайгырып, башын чайкап:

— Кыз өлөбү? — деп сурады.

Бул суроого мен жооп бере алганым жок.

— Ал өлүп калабы? — деди Ситка Чарли суроосун кайталап.— Сен сүрөтчү эмессиңби. Мүмкүн, билээрсиң?

— Жок, билбейм,— деп чынымды айттым.

— Бул турмуш эмес,— деп ал акыл-насаат айта баштады.— Турмушта же кыз өлөт эле, же айыгат эле. Турмушта кандайдыр бир өзгөрүү болот. Сүрөттө болсо эч кандай өзгөрүү жок. Жок, бул сүрөттөргө түшүнбөйм.

Ал абдан ыза болгонсуду. Ак адамдар билгендин баарына түшүнгүсү келди, бирок азыр ал ою ордунан чыкпай калды. Анын сөзүнөн да ошондой чакырык сезилип турду: бул сүрөттөрдүн бардык маанисин ийне-жибине чейин далилдеп, ага түшүндүрүп берүүм керек эле. Анын үстүнө анын көз карашында кандайдыр бир эң күчтүү кыял бар болчу,— мен аны көптөн бери сезип жүргөм. Ал бардык нерсени өз көзү менен даана көргөндө гана элестетчү, турмушту да үстүртөн элестетчү, үстүртөн сезүүчү жана ал жөнүндө образдуу ой жүгүртчү. Бирок башкалар жасап боёк менен чийимдердин жардамы аркылуу полотнойго түшүрүлгөн элестерге түшүнчү эмес.

— Сүрөт— турмуштун бир гана бөлүкчөсү,— дедим.— Биз турмушту көргөнүбүздөй сүрөттөйбүз. Мисалы, Чарли, сен, жалгыз аяк жол менен кетип баратасың дейли. Түн. Бет алдыңдан кичинекей кепе кездешти. Терезеси жарык. Сен бир-эки секунд терезеге көз чаптырдың. Көзүңө бирдеме урунду, андан ары кете бердиң. Мисалы, сен үйдөн киши көрдүң дейли, ал кат жазып отурат. Башы да, аягы да жок бирдеме көрдүң. Эч кандай өзгөрүш кыймыл болгон жок. Баары бир сен турмуштун бир кичинекей бөлүкчөсүн көрдүң. Аны кийин эстейсиң. Сенин эсиңде бир сүрөт калат. Ал, баягы терезенин алкагындагы сүрөт. Ал абдан таң калды. Менин айткандарымды кызыгып угуп жатып, дал ошол учурда терезени карап, кат жазып жаткан кишини көргөнсүп жатканын мен билип турдум.

— Сен бир сүрөт тартыпсың, мына ошонуң мага абдан түшүнүктүү,— деди ал. — Чындык. Мааниси да терең. Бир топ киши Доусондогу алачыгыңа чогулушуп, столду тегеректей отурушуп, кумар ойноп жаткан экен. Акчаны ченемсиз көп сайган экен.

— Ченемсиз акчаны көп сайганын кантип билдиң? — деп сурадым толкунданып, себеби, менин чыгармачылыгымды калыс сот баалап жаткан эле, ал сот турмушту гана билет, искусство менен тааныш эмес, ал эми чындык жагын болсо эч кимден сурабайт. Чынын айтсам, дал ушул сүрөтүмдү өзүм да жогору баалачумун. Ага мен «Акыркы саам» деген ат койгом жана мыкты чыгармаларымдын бирөө деп эсептечүмүн.

— Столдо акча жок,— деп түшүндүрдү Ситка Чарли.— Акча ордуна жүрө турган кагаздар менен ойноп жатышат. Демек, банкадагынын баарына доо коюп жатышат. Бирөөнүн колунда ар бирөө бир миң же эки миң доллардык сары кагаз. Экинчисинде— бирөө беш жүз же бир миң доллардык кызыл кагаз. Эң эле чоң оюн. Акчаны көп сайып, банкага бүт доо коюп жатышат. Муну мен кайдан билдим? Сенин карта берип жаткан кишиңдин чекеси ымшып, бети кыпкызыл болуп, албырып турат. (Мен таң калдым). Сенин карта алып жаткан кишиң отургучта алга жүткүнүп отурат. Ал эмнеликтен алга жүткүнүп отурат? Эмне үчүн анын иреңи сустайып, тиштенип, көзү тикирейип, чанагынан чыгып кете жаздап турат? Эмне үчүн карта берип жаткан кишинин бети кыпкызыл болуп, албырып турат? Эмнеликтен отургандардын баары катып калгандай мисиреет? Сары кагаз кармаган киши да? Ак кагазчан киши да? Кызыл кагазчан киши да? Эмне үчүн баары тең үн катпай отурушат? Себеби, абдан чоң оюн болуп жатат, анткени — оюндун акыркы саамы жүрүп жатат.

— Акыркы экенин кантип билдиң?— деп сурадым.

— Банк найзада, жетилик ачылып жерде жатат,— деп жооп берди ал.— Өз карталарына ойногон эч ким жок. Өз карталарын мындай таштап коюшкан. Баарынын тең көздөгөнү бирөө. Баары тең жетиликке ойноп жатышат. Банк же, жыйырма миңден ажырайт, же утат. Мына, бул сүрөткө мен түшүнөм!

— Баары бир оюн кандай аяктаганын сен билбейсиң да! — дедим шаңданып.

— Бул оюндун акыркы саамы, бирок карталар алиге ачыла элек. Сүрөттө алар ачылбаган бойдон кала берет. Ким утуп, ким уттурганы да дайынсыз бойдон кала берет.

— Алар ушинтип унчукпаган бойдон отура беришеби?— деди ал таң калгансып жана үрөйү учуп.— Карта алып жаткан адам да алга жүткүнгөн бойдон отура береби? Карта берип жаткан кишинин бетиндеги кызылы тарабаган бойдон калабы? Кызык экен! Алар орундарында түбөлүккө отуруп калышат турбайбы. Карталар да ачылбаган бойдон калат экен да.

— Бул сүрөт,— дедим.— Бул турмуш. Мындай окуяны сен өзүң да көргөнсүң жана кезиктиргенсиң.

Ал мени карап, ойлонуп туруп, андан кийин жай гана:

— Ооба, сен чын айтасың... Мунун аягы жок. Аны эч ким билбейт. Бирок бул чындык. Мен көргөм. Бул турмуш,— деди.

Ал өз ичинде ак адамдын чыгармачылык эмгегин баалап жана аны турмуштук кубулуштарга салыштырып, канжасын тартып, көпкө унчукпай турду. Кээде башын чайкайт, бир эки жолу угулар-угулмаксан өзүнчө күңкүлдөп койду. Андан кийин канжасынын күлүн кагып түшүрүп, ага дагы шашпай тамеки толтурду да, бир аз ойлонуп туруп, тутандырып, тарта баштады.

— Ооба, мен да турмуштун сүрөттөрүн көп көрдүм,— деди ал акыры.— Ал сүрөт тартылган эмес, өз көзүң менен көргөндөрүң. Мен аны жанагы кат жазып отурган кишини көргөнсүп, өзүнчө бир терезеден көрдүм. Турмуштун аягы-башы жок, ачык мааниси жок бөлүкчөлөрүн эң көп көрдүм.

Ал мага жалт бурулуп, ойлоно теше тиктеп туруп:

— Угуп турчу. Сен сүрөтчү эмессиңби. Бир кезде турмуштун баш-аягы түшүнүксүз бир сүрөтүн көргөм. Түндүктүн шооласы жарык кылган жана Алясканын алкагына коюлган бул турмуштун бир бөлүгүн сен кандайча тартар элең? — деди.

— Чоң сүрөт экен,— дедим.

Бирок ал менин сөзүмө көңүл бурган жок. Анткени анын көзүнө эстеликтен калган качанкы бир сүрөт элестеп жаткан болчу.

— Ага ар кандай ат коюуга болот,— деди ал сөзүн улантып.— Бирок аякта жалган күндөр көп болгондуктан, мен ага: «Жалган күндөрдүн шооласын ээрчип» деген ат ойлоп таптым. Бул алда качан болгон окуя эле. Мен ал аялды биринчи жолу мындан жети жыл мурун, бир миң сегиз жүз токсон жетинчи жылы күзүндө кезиктирдим. Менин Линдерман көлүндө питерборустук жакшынакай кайыгым бар болчу. Доусонго алып бараткан эки миң катты көтөрүп Чилкутту ашып түштүм, анда мен почточу болчумун. Анда жан-жаныбардын баары Клондайканы көздөй жулкунуп жаткан кез. Жолдо эл көп. Көбү бакты жыгып алып, кайык жасап жаткан. Аз күндө суулар токтойт; абада да, жерде да карды, көлдү да, агын өзөндөрдү да булуң-бурчу менен муз каптайт. Күн өткөн сайын кар да, муз да калыңдай берет. Же бир күндөн кийинби же үч күндөн кийинби, же бир жумадан кийинби суук түшүп, аяз кармаса, суу жоголуп, жалаң гана муз калат, мына ошондо жөө жүрүүгө туура келет. Доусонго чейин алты жүз миль — узак жол. Кайык болсо тез жүрөт. Баарынын тең кайыкка түшкүлөрү келишет: Баары: «Чарли, кайыгыңа сала кет, эки жүз доллар берем», «Чарли үч жүз доллар», «Чарли, төрт жүз» дешет. Бирок мен: «Жок» дейм. Бардыгына тең: «жок», почточумун дейм. Бир күнү эртең менен Линдерман көлүнө келдим. Түн бою жөө жүрүп, абдан чарчагам. Оокат даярдап ичип, жээкке жатып, үч саат уктадым. Ойгонсом саат он. Кар жаап жатат. Катуу шамал, болгондо да бороон-чапкын. Мындай карасам, маңдайымда кардын үстүндө бир аял отурат. Ак аял, укмуштай сулуу, жаш,— же жыйырма, же жыйырма бештер чамасында. Ал, мени тиктейт, мен аны тиктейм. Аябай чарчаган. Шайкелең аялга окшобойт, дурус неме экени сырткы кебетесинен эле көрүнүп турат. Аябай чарчаганы да байкалып турат.

— Ситка Чарли сенсиңби?— деп сурады.

Мен өйдө туруп, жууркандын ичине кар кирбесин үчүн аны оңдоп, кагып күбүдүм.

– Мен сенин кайыгыңа түшүп, Доусонго барам,— деди ал.— Канча аласың? Мен кайыгыма эч кимди алчу эмесмин, бирок «жок» деп айткым келбеди. Мен ага:

— Бир миң доллар,— дедим.

Мен бул сөздү, аял мени менен кете албагандай болсун дегенсип тамаша катары айта салдым; «жок» дегенден көрө ошенткеним жакшы эмеспи деп ойлодум. Аял мени көпкө тиктеп туруп, андан кийин:

— Качан жолго чыгасың?— деп сурады.

— Азыр.

Андан кийин ал:

— Болуптур,— деди.

Аял мага бир миң доллар берет.

Эмне айла кылыш керек? Аялды ала кетүүгө көңүлүм чапкан жок, бирок бир миң долларга жеткирүүгө өзүм сөз берип койбодумбу. Айран-таң калдым. Мүмкүн, ал да тамаша кылып жаткандыр?

— Көрсөт бир миң долларыңды,— дедим.

Мына ошол аял, чүмкөгөн адырлардын арасында жападан жалгыз жаш аял бир миң доллардык кагаз акчаларды сууруп чыгып, колума карматты. Бир акчаны, бир аны карайм. Эмне десем?

— Жок, кайыгым эң эле кичинекей. Жүк бата турган орун жок,— дедим.

Ал күлүп:

— Мен — таасыган саякатчымын. Мына менин бар болгон жүгүм деп, кардын үстүндөгү түйүнчөктү буту менен тээп койду. Анда: кендир кездемеге оролгон эки жылуу жамынчы жана аялдын азыраак кийим-кечеги бар экен. Таңылчакты колума алып, салмактап көрсөм, отуз беш кадактан аша турган эмес. Айран-таң калдым. Аял колуман таңылчакты жулуп алды да:

— Кеттик, — деди.

Ал таңылчакты кайыкка алып барып отурду. Эмне дейсиң? Өзүмдүн төшөгүмдү кайыкка алып барып салдым. Жөнөдүк. Шамал катуу согуп турат. Кичине парусту кердим. Кайык тоодой түрмөктөлгөн толкундардын үстүнөн тим эле куштай сызып жөнөдү. Аял аябай коркуп кетти.

— Корко турган болгондон кийин Клондайкага эмнеге келдиң?— деп сурадым.

Аял жооп катары каткырып күлүмүш болгону менен, катуу корккону көрүнүп турат. Аял абдан чарчады окшойт. Суунун күрүлдөп, шар аккан жеринен кезип, Беннет көлүн көздөй кайыкты бурдум. Суу долуланып буркан-шаркан түшүп агып жатат, аял коркконунан чаңырып жиберди. Беннет көлү менен сүзүп жөнөдүк. Кар, муз аркырап беттен урган шамал, бирок аял аябай чарчагандыктан уктап кетти.

Кечинде Уинди-Армга түнөдүк. Аял коломтонун жээгинде отуруп, тамак ичип жатты. Мен андан көз айырбай тиктеп отурам. Ал абдан сулуу. Чачын таранды. Коюу, кара коңур чачы оттун жарыгына чагылышып алтынга окшойт, кокус башын мына мындай бурса, тим эле алтындай жалтылдайт. Чоң кара көздөрү кээде көшөгөнүн ары жагындагы шамдын жарыгындай моймолжуп ыймандуу болсо, кээде күндүн нуруна жалтыраган музга окшоп каардуу балбылдайт. Жылмайганын кандай деп айтсам?.. анын жылмайганы менин түшүнүгүмчө: ак адамдын өпкөнүнө абдан жарашыктуу. Ооба, дал ошондой! Ал кара жумушту эч качан билген эмес окшойт. Анын колдору баланын колундай жумшак, назик. Айтор, анын бардык тула-бою, турпаты баланыкындай назик — анчалык чың болбосо да жумшак; колдору, буттары, бардык булчуңдары да баланыкындай назик жана жумшак. Тулку-бою шыңга жана ичке. Анын өйдө турганы, ары-бери басканы, жалт караганы, колун көтөргөнү, сунганы... сөз таап айта албайм, карап эле тургуң келет, айтор... айтор, сын-сыпаты— жакшы кайык сыяктуу зымпыйып турат. Ооба, ооба, дал ошондой; анын кыймылы да мемиреген суунун үстүндө жылып же көбүктөнгөн толкунда сызып бараткан жакшы кайыктын кыймылындай. Көз айырбай карап тургуң келет.

Толгон акчасы менен жападан жалгыз Клондайкага эмнеге келди? Билбейм. Эртеси күнү мен андан сурадым. Ал күлүп:

— Ситка Чарли, аны менен сенин ишиң болбосун. Мени Доусонго жеткирүү үчүн сага мен миң доллар төлөйм. Башкасында сенин ишиң болбосун,— деди.

Анын эртеси күнү аты-жөнүн сурадым. Күлдү да, андан кийин:

— Мэри Жонс, билгиң келсе,— деди.

Аты ким экенин билбейм, бирок Мэри Жонс эмес экенин жакшы түншүнүп турдум.

Кайыктын үстү аябай суук, ал үшүй баштады. Кээ кезде кайраттанып жакшы боло түшкөндө ырдап коёт. Анын үнү коңгуроодой шаңкылдайт. Мен Ыйык Крест чиркөөсүндө отургансып көңүлдүү бараттым. Анын ырынан улам күч алып, тим эле калакты укмуштуудай айдай баштадым. Андан кийин ал күлүп туруп:

— Суу тоңгончо Доусонго жете алабызбы? Сен кандай деп ойлойсуң, Чарли?— деп сурады.

Кайыкта отуруп кээде алыс жакка көз жиберип эмне жөнүндөдүр мелтирей көпкө ойлонот! Көз карашында Ситка Чарлини да, музду да, карды да көзүнө илбегенсийт. Анын ою кайдадыр эң алыс жакта. Кандайдыр алыс жак жөнүндө кайта-кайта ойлончу. Ошол алыс жакты ойлонгон убакта анын иреңи бузулуп, кумсарып кетет, адам дит багып кароого чыдай албайт. Иреңи катуу каарданган адамдын иреңине окшоп кетет. Бирөөнүн канын төгүүгө, бир жаңжал чыгарууга баш койгон адамдын кебетеси эле.

Доусонго жетээрге бир күн калганда жол жүрүү өтө оор болду. Булуң-бурч, жээктин баары муз, суунун үстүнө муздун кертиндилери калкып чыкты. Күрөөгө болбойт. Кайыкты муз кармап, тоңуп калат. Жээкке чыгууга мүмкүн эмес. Иш жаман. Юкон дарыясы менен төмөн карай сүзүп баратабыз, жол жыш муз. Түн ичинде муздун катуу шуулдаган дабышы угулду. Андан кийин муз акпай токтоп калды, кайык да токтоду, баары токтоду.

— Жүр жээкке,— деди аял.

— Жок, күтө турганыбыз оң,— дедим.

Кайтадан бардыгы аз-аздан өзөн менен төмөн карай жыла баштады. Кар жаап кирди, айлана көзгө сайса көрүнгүс. Түнкү саат он бирде бардыгы токтоду. Саат бирде кайтадан жылды. Үчтө токтоду. Кайык жумуртканын кабыгындай былчырады, бирок чөгүп кеткен жок, анткени муздун үстүнө чыгып калган.

Иттердин үргөнү угулат. Күттүк. Уктап кеттик. Таң агарып, сөгүлө баштады. Кар басылып калыптыр. Өзөн акпай, токтоп калган. Биздин дал эле бет алдыбызда Доусон турат. Кайык так эле Доусондун жанына келгенде кыйраптыр. Ошентип Ситка Чарли эки миң катты эң акыркы суу менен жеткизди. Аял дөбөдөгү кепенин бирөөнө жайланышты, мен аны бир жума көргөнүм жок.

Анан бир күнү күтпөгөн жерден мага келди да:

— Чарли, жүр мага кызматчы бол. Чанага чегилген иттерди айдайсың, түнкү коно турган жайды камдайсың, мени менен бирге жүрөсүң,— деди.

— Мен почточумун,— дедим,— тапкан кызмат акым өзүмө жетет.

Аял болсо мага:

— Чарли, мен көп төлөйм, — деди.

— Кен казуучу бир күндө он беш доллар алат,— дедим.

Аял:

— Демек, бир айда төрт жүз элүү долларбы? — деди.

— Ситка Чарли кенчи эмес да,— дедим.

— Билем, Чарли,— деди аял.— Мен сага айына жети жүз элүү доллардан төлөйм.

Бул абдан жакшы айлык акы. Мен ошентип аялга иштөөгө бармак болдум. Биз Клондайканы, Бонанзени жана Эльдорадону, Индей өзөнүн, Серный суусун өйдө бойлоп, Канадага чейин барып, кайра тартып, эки айрыкты Чуңкурду жана Алтын Топуракты басып, Доусонго кайтып келдик. Аял бирдеме издегенсийт, бирок эмне издегенин билбейм. Айраң-таң калдым.

— Сенин издегениң эмне?— деп сурадым.

Аял күлүп коёт.

— Издегениң алтынбы?

Дагы күлүп койду. Анан:

— Анда сенин ишиң болбосуң, Чарли,— деди.

Ошондон кийин мен ага суроо бергенди койдум...

Анын белине кыстарып жүргөн кичинекей тапанчасы бар. Кээде жолдо атып көнүгөт. Мен күлөм.

— Эмне күлөсүң, Чарли? — деп сурайт аял.

— Муну менен эмне үчүн ойнойсуң? — деп сурадым.— Эчтекеге жарабайт. Эң эле кичинекей. Баланын оюнчугу.

Доусонго кайтып келерибиз менен кадимкидей чоң тапанча таап берүүнү менден суранды. Кырк төртүнчү калибрдүү тапанча сатып бердим; аябагандай оор; бирок аны да белинен түшүрчү эмес.

Доусонго бир киши пайда болду. Каяктан келгенин билбейм. Билгеним — ал чечако, бизче — эне сүтү оозунан кете элек бала же келгин киши деген сөз.

Тиги аялдын колуна окшоп, анын да колдору назик. Кара жумушту эч качан көрбөгөн. Бүткүл турпаты назик. Адегенде мен болду-болбоду күйөөсү деп ойлодум. Жок, өтө эле жаш. Анын үстүнө бөлөк жатышат. Өңүнө караганда анын жашы жыйырмаларда. Көздөрү көк, чачы сары, муруту да сары. Аты Жон Жонс. Мүмкүн, инисиби? Билбейм. Мен суроо бергенди токтотком. Иши кылып, менимче анын аты Жон Жонс эмес. Бардыгы аны мистер Жирвэн деп чакырышат. Менин оюмча бул да анын анык фамилиясы эмес. Аялды да мисс Жирвэн дешет, бирок ал мисс Жирвэн эмес. Менимче, алардын анык аттарын эч ким билбейт.

Бир күнү түн ичинде Доусондо уктап жаткан жериме жигит келип мени ойготуп:

— Иттерди кош. Кеттик,— деди.

Мен суроо бергенимди койгонмун, туруп иттерди чанага коштум, биз жолго чыктык. Юконду бойлоп ылдый кеттик. Түн түшкөн мезгил, ноябрь айы, аябагандай суук: нөлдөн төмөн алтымыш беш градус. Аял да назик. Жигит да назик. Суук болсо каарып турат. Алар абдан чаалыкты, өздөрүнчө тымызын ыйлашат. Мен аларга: «Андан көрө токтоп, өр алалы» дейм. Бирок алар: «Алга» дешет. Мен токтоп эс алалы деп экинчи жана үчүнчү жолу айттым, бирок алар ар дайым: «Алга» дешет. Андан кийин мен аларга ооз ачканды койдум. Ошентип, күндөн күн өттү. Алар өтө эле назик. Суукка көк муштум болуп үшүп, аябай кыйналышты. Тери чокойго-көнбөгөн немелер буттарын жоорутушту, аксашат, мас болгон адамдай ары-бери араң теңселишет, тымызын ыйлашат, бирок ар дайым: «Алга! Алга!»— дегени деген.

Алар тим эле жин ургандай, ар дайым алга жана алга дешет. Эмне үчүн алга? Билбеймин. Бирок алга гана жылуу керек. Аларга эмне керек? Билбейм. Бирок алтын үчүн эмес. Аларды алтындын зээри шаштырган жок. Анын үстүнө толуп жаткан акча сарп кылышат. Бирок мен суроо бергенди токтотком. Мен да алга жана алга кете бердим, анткени — мен чыдамкаймын жана мага акыны арбын төлөшөт.

Биз Серкл шаарына келдик. Алардын издегени аерде да жок болуп чыкты. Эми өзүбүз да эс алып, иттерди да тыныктырабыз го деп өз ичимен ойлодум. Бирок биз эс алган жокпуз, бир күн да өр алган жокпуз.

— Тур, — дейт аял жигитке.— Кеттик.

Ошентип биз алга жөнөйбүз. Юкон артта калды. Батышты карай бет алып жөнөдүк, эки айрыктан өтүп, Танананын четине кирип бардык. Ал жерде жаңы кендер ачылган. Бирок алардын издегени аерден да табылбады, Серклге кайра келдик.

Жол жүрүү абдан оор. Декабрь айынын аягы. Күн кыска. Чыкыроон суук. Бир күнү эртең менен нөлдөн төмөн жетимиш градус болуптур.

— Бүгүн жолго чыкпаганыбыз оң,— дедим.— Муздак аба өпкөгө барып тийип, анын тегерек-четин куруштурса, айланы кетирген жөтөл башталат, ал эми жазында, жаман айтпай жакшы жок, кагын оору жабышуу да мүмкүн.

Бирок алар чечако да. Жол жүрүү эмне экенинин жытын да билишпейт, чаалыккандарынан жыгылганы турушса да:

— Алга! — дешет.

Ошентип биз алга кетебиз. Суук алардын өпкөсүн куруштуруп, тыкылдаган кургак жөтөл башталды. Жөтөлгүдөй болушса, көздөрүнөн чыккан жаштары беттеринен ылдый он талаа болуп агат. Мен май куурганда алар оттун жанынан оолак качышып, кардын үстүнө барып, жарым саат жөтөлүп келишет. Алардын беттерин суук чалып, бети карайып, ооруп, аябай абагер чегишти. Андан тышкары жигит баш бармагын суукка алдырып жиберип, тырмагы тегеренип түшүүгө аз эле жерден кармалып турат, демек аны жылуу алып жүрүш үчүн тери мээлейдин ичинен дагы жылуу мээлей кийүүгө туура келет. Ал эми катуу чыкыроон суук күнү бармак зыңкыйып үшүгөндө, жылытыш үчүн кол капты чечип, колун колтугуна тыгууга туура келет.

Серклге илең-салаң болуп араң жеттик. Жадегенде мен, Ситка Чарли өзүмдү аябай жанчылып-чарчагандай сездим. Рождество арапасы. Мен ичип-жеп алып бийлейм, көңүл ачам: анткени эртең рождество, эс алабыз деп ойлодум. Балакеттиби. Эртең мененки саат беш. Рождество. Уктаганыма эки саат болгон.

Жигит менин төшөгүмдүн башына келип:

— Тур, Чарли. Иттерди кош. Кеттик,— дейт.

Мен суроо бергенди токтоткомун деп айтпадым беле? Алар мага айына жети жүз элүү доллар төлөшөт. Алар кожоюн. Мен алардын кызматчысымын. Эгерде алар мага: «Тур, Чарли, тозокту карай кеттик» десе да, мага эмне, иттерди чанага кошуп, шапалакты тарсылдатып, тозокту карай кете берем. Мына ошентип, барып иттерди коштум, биз Юконду бойлоп, төмөн карай кеттик. Каякка? Алар айтышпайт. Жалаң гана:

— Алга! Алга! Алга кеттик! — дешет.

Алардын тырп этээрге алдары калбай, аябай чарчашты. Бир топ жүздөгөн миль жолду басып өтүшсө да, жол жүрүү эмне экенин али билише элек. Анын үстүнө аларга адамдын шайын кетирген кургак жөтөл тийген. Мындай жөтөлдөн күчтүү киши сөгүнөт, ал эми начар киши ыйлайт. Бирок алар ар дайым алга умтулушат. Күн сайын алга. Иттерге да тыным жок. Жолдугата күчтүү иттерди сатып ала беришет. Ар бир өрүү алган жерде, ар бир посёлка сайын, ар бир индей кыштагы сайын жүрбөй калган иттердин жан кайыштарын кыркып, жаңы, күчтүү иттерди чегишет. Аларда акча тим эле топондой, эсеп жок: акчаны топурактай сапырышат. Жинди немелерби? Кээде ошондойбу деп да кетем. Ар дайым кылчайтпастан аларды алга түрткөн кандайдыр бир шайтан азгырып алган окшойт. Алардын издегени эмне? Алтын эмес. Алар эч качан жер казышпайт. Мен көп ойлоном. Акыры, алар кимдир бир адамды издеп жүрүшкөндүгү оюма кылт эте түштү. Бирок кимди? Биз аны эч жерден кезиктире албадык. Бирок алар жемдин артынан сая түшкөн карышкырларга окшойт. Бирок булар кызык карышкырлар — назик; карышкырлар эмес, жол жүрүү эмне экенин билишпеген бөлтүрүктөр.

Түн ичинде уктап жатышып озондоп ыйлашат, кокуйлап онтошот, чарчап-чаалыккандарын айтып наалышат. Күндүз болсо сенделип жолго чыгышат жана тымызын ыйлашат. Кызык карышкырлар.

Форт Юконду басып өттүк. Форт Гамильтонду басып өттүк. Минукту басып өттүк. Январь айынын аяк чени. Күн абдан кыска. Саат тогузда таң атат. Үчтө күүгүм кирет. Анын үстүнө суук. Жадаганда мен, Ситки Чарли да чаалыктым. Ушинтип эле учу-кыйры жок жол тартып жүрө беребизби? Билбейм. Бирок ар дайым көзүм алды жакта — алардын издегени эмне? Жолдо бир да адам жок. Кээде жүз миль жол басып өтөбүз, бирок турмуштун жышанаасын кезиктирбейбиз. Кыбыраган жан жок. Тынчтык. Кээде кар жааганда биз талаадагы арбактарга окшоп калабыз. Кээде күн ачылып, күндүн көзү түш ченде чыгыш тараптагы дөбөчөлөрдүн ары жагынан бир азга кылт этип көрүнө түшүп жок болот. Асманда түндүк жаркыроо балбылдайт, жалган күндөр бийлейт, абаны сууктун боз туманы курчап турат.

Мен, Ситка Чарли кажардуу адаммын. Мен жолдо туулуп жана өз өмүрүмдүн баарын жолдо өткөрдүм. Бирок мына бу эки бөлтүрүк шилтимди түгөттү. Мен ач мышыктай катып бүттүм, түн ичинде төшөктө жатканда кубанам, эртең менен чарчаган бойдон турам. Бирок биз баягыдай эле таң аткыча, күүгүмдө да жолдо болобуз. Түн ичинде да жол жүргөнүбүз жүргөн. Ай, ушул бөлтүрүктөр! Эгерде мен ач мышыктай арыктап кетсем, алар көптөн бери оокат ичпей, ачкадан күмжан болгону турган мышыкка окшоп кетет. Алардын көздөрү бирде үңүрөйүп чанагына кирип кетсе да, бирде кутургандай балбылдап, жашылданат, бирде өлүктүн көзүндөй үлдүрөп, күңүрттөнө түшөт. Жаактары аскадагы үңкүрлөрдөй болуп чуңкурайып кирип кеткен. Нечен жолу суукка чалдыгып карайып калган беттеринин териси жок эсе. Кээде эртең менен аял:

— Тура алгыдай эмесмин. Тырп этээр алым жок. Андан көрө тынч өлгөнүм жакшы,— дейт. Бирок жигит анын төшөгүнүн жанында туруп:

— Тур. Кеттик,— дейт.

Ошеңтип жүрүп кетишет. Кээ бирде жигит жаткан жеринен тура албай калганда аял да ага:

— Тур. Кеттик,— дейт.

Бирок ар качан бир гана сөз: алга жүрүү. Ар дайым алга жана алга. Кээде соода пункттарынан кат алышат. Ал каттарда эмне жөнүндө жазылганын мен билбейм. Бирок бул алар кууган из — каттар аларды улам изге салат. Бир күнү бир индеец аларга кат апкелип берди. Мен аны менен ээнирээк аңгемелештим. Бул катты ага Юкондон ылдый карай шашылыш кетип бараткан жалгыз көз бир адам бергендигин айтты. Бардык болгон кеп ушул. Бирок мен бөлтүрүктөр дал ошол жалгыз көздү кууп жүрүшкөн экен деп түшүндүм.

Февраль айы. Биз бир жарым миң миль жол бастык. Беринг деңизине келдик. Аерде катуу шамал, бороон. Жол жүрүү өтө кыйын. Анвигге келдик. Мен эмне үчүндүр алардын ушуерден кат алаарына көзүм жетти. Алар абдан катуу алеп-желеп болушуп:

— Тез, тез. Алга! — дешет.

Мен аларга:

— Оокат камдап алыш керек,— дедим.

Алар болсо мага:

— Салт, тез кетишибиз керек. Оокатты Чарли Мак-Киондун алачыгынан сатып алууга болот,— дешет.

Демек, алар төтө жолго салып жөнөөгө чечишиптир, себеби — Чарли Мак-Кион ушул жолдун боюндагы Кара Зооканын түбүндө жашайт. Жөнөөр алдында мен Анвигдин попу менен бир-эки ооз сөз сүйлөштүм. Ооба, жалгыз көз абдан шашылып ушуерден өтүптүр. Ошондой дегемин: алардын издегени ошол жалгыз көз. Анвигден тамак-ашсыз, дээрлик кур кол жөнөдүк; салт, шашылыш кеттик. Анвигден алар үч тың ит сатып алышты, эми эң тездикте кетип бараттык. Жигит да, аял да жинди сыяктуу. Биз жолго эртең менен эрте чыгабыз, түнөккө болсо кеч токтойбуз. Кээде мен тиги эки бөлтүрүк жаздым болуп калышпады бекен деп артыма кылчайып карап коём, бирок алар эптеп-септеп келатышат. Алар алга, алга жүткүнүшөт. Кургак жөтөл тие баштаганда алар колдору менен көкүрөктөрүн мыкчышып, кардын үстүндө бөкчөйүп, көпкө чейин ыкшып жөтөлүшөт. Алар жөтөл тийгенде баса да, сүйлөй да алышпайт. Он мүнөт, болбосо жарым саат жөтөлгөндөн кийин гана баш көтөрүшөт. Көздөрүнөн аккан жаш, беттерине муз болуп, тоңуп калат, бирок алар:

— Алга, алга! — дешет.

Жадегенде мен, Ситка Чарли аябай каржалып бүттүм жана бул кызматыма караганда жети жүз элүү доллар анчалык деле жыргаткан акы эмес экен деп ойлой баштадым. Түз чоң жолго түштүк; жаңы эле өткөн изди учураттык.

Бөлтүрүктөр изди үңүлө тиктеп турушуп:

— Тез!— Тез! Ылдамда! Ылдамда!— дешет.

Иттерге абдан оорчулук келди. Биздин азыгыбыз аз, иттерди тойгуза азыктандыра албайбыз, андыктан күндөн-күнгө начарлай берди. Иттердин иши баарыбыздын ишибизден кыйын. Аял иттерге аябай боору ачып, көп убакыттарда көзүнө жаш да алат. Бирок аларды азгырган жана алга түрткөн азезил — токтоп өр алууга, иттерге тыныгууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Акыры биз жалгыз көздү кууп жеттик. Ал жолдун жээгиндеги кардын үстүндө жатат; бир буту сынган. Сынык бутунан сабыркап баш калкалай турган бирдеме да жасап албаптыр, эптеп-септеп улам отту жандырууга араң жарап, төшөнчүсүнө оронуп үч күн талаада жатыптыр. Биз жетип келгенде ал аябай сөгүнүп жатыптыр. Оозго алгыс сөздөр менен кимдир-бирөөнүн мындай сөгүнгөнүн мен түк да эч кимден уккан эмесмин.

Мен аябай кубанып кеттим, анткени алар издеген кишисин табышты, эми куда кааласа эс алабыз го деп ойлодум. Бирок аял:

— Кеттик. Тез! — деди.

Мен айраң-таң калдым. Жалгыз көз болсо мындай деди:

— Мага буйдалбагыла. Бирок мага өзүңөрдүн оокатыңарды калтырып кеткиле. Силер эртең Мак-Киондон сатып аласыңар. Анан Мак-Кионду быякка жибергиле, келип мени алып кетсин. Ал эми өзүңөр— алга!

Ал да карышкыр, болгондо көк жал кары карышкыр. Анын оюнда да бир гана максат — алга! Биз өзүбүздүн оокатыбызды ага бердик, ансыз дале жарыбаган бирдеме калган болчу! — Отун жарып берип, анын тың иттерин алып, жүрүп кеттик.

Биз жалгыз көздү кардын үстүнө калтырып кеттик. Ошентип ал каза тапты, анткени аны алып кетүүгө Мак-Кион келген жок. Мен бул кишинин ким экенин жана быякка кандайча келип калганын билген жокмун. Бирок менин оюмча, кожоюндарым кызматы үчүн акыны мага берген сыяктуу ага да арбын төлөшкөн болуу керек.

Биз ал күнү керели кечке, түнү менен оозубузга наар алган жокпуз. Эртеси күнү өтө ылдам жүрдүк, акыры ачкачылыкка туруштук бере албай, таптакыр каржалып, бутубузду тартууга жарабай калдык. Иши кылып, кечке жуук жолдун деңгээлинен беш жүз фут бийиктикте көз кайкыган Кара Зоокага жеттик. Иңир кирип көз байланып калган учур болчу, ошентип биз Мак-Киондун алачыгын таба албай койдук. Биз ач карын бойдон жаттык да, эртең менен алачыкты издей баштадык. Жер соруп кеткенсип ал жок. Бул абдан кызык окуя болду, анткени Мак-Киондун Кара Зооканын жанындагы алачыкта жашагандыгын бардыгы билишчү. Шамалы уюлгуп катуу соккон жана кары калың жээкке жакын жерде турдук. Бороон карды дөбө-дөбө кылып үйүп таштаптыр.

Менин оюма бир нерсе кылт дей түштү. Адегенде дөбөчөнүн бирөөнү, анан экинчисин казып кирдим. Алачыктын керегесине барып урундум. Эшикти тапканча каза бердим. Алачыктын ичине кирдим. Мак-Кион өлүп жатат. Анын өлгөнүнө эки же үч жума болгон окшойт. Кандайдыр бир кеселдин кесепетинен эшикке чыгууга шайманы келбей калгандай. Алачыкты кар басып калган. Колдо бар азыгын бүт жеп түгөтүп, анан өлүптүр. Мен анын азык-түлүк салган кампасына баш бактым; эчтеке жок, каңгырап бош.

— Алга,— деди аял. Анын көзүнөн ачкалыктын күңүрт оту жанып, кудум ичи ооругансып колу менен көкүрөгүн басты. Өзү желге чайкалган дарактай ары-бери теңселет.

— Ооба, алга,— деди жигит да.

Анын үнү картаң карганын каркылдаган үнүндөй күңүрт чыкты. Ачкалыктын азабынан акылынан тайый түшкөндөй болду. Көзү күйүп жаткан көмүрдүн жалынындай кыпкызыл. Ары-бери теңселип араң турат. Менин байкашымда, араң эле жаны бар.

Мен да:

— Алга! — дедим, анткени бул сезим мени камчылап акыры бир жарым милге созулган жолдун ар бир мили оюма бекем орноп, кыязы, мен да жинди болдум окшойт. Чынында эле бизге алга жүрүүдөн башка эчтеке калган жок: себеби оозго салар оокатыбыз жок болчу. Ошентип биз баягы кардын үстүндө калган жалгыз көздү да эстен чыгарып, алга жүрүп кеттик.

Эл сейрек каттаган чоң жолго түштүк. Кай бирде эки-үч айга чейин бул жолду эч кимдин буту таптакыр баспаган мезгил да болот. Жолду борошо күрткүгө толтуруп салгандыктан, быяктан да, тыяктан да каттаган адамдын изи таптакыр жок. Бир сутка тынымсыз бороон уруп, лапылдата кар жаады. Биз күндүр-түндүр жол тарттык, ачкачылык биздин өзөгүбүздү карайтып, кабыргабызды кайыштырды. Ар бир кадам сайын начарлай бердик. Анан аял жыгыла баштады. Андан кийин жигит жатып калды. Мен жыгылган жокмун, бирок бутум барган сайын оор тартып, чоюштап, бир нече жолу мүдүрүлүп, жер такандап барып аз-аз жерден жыгылбай калдым.

Февраль айынын акыркы түнү. Аялдын тапанчасы менен үч ак чилди атып алып, бир аз өзөк жалгадык. Бирок иттер ачка калды. Алар торпоктун жана морждун терисинен жасалган турмандарды чайнашат; аларды таяк менен кубалоого, турмандарды жыгачка бийик илип коюуга туура келди. Иттер түнү менен улуп-уңшуп, жыгачка тырмышып жатты. Бирок биз эчтекеге көңүл бурбайбыз. Өлүккө окшоп, сулк уктайбыз. Эртең менен көрдөн турган арбактай турабыз да жолго чыгабыз.

Биринчи март. Эртең менен мен бөлтүрүктөр кууган адамдын изин биринчи көрдүм. Күн ачык жана суук. Күн асманда көпкө аялдайт, анын эки жагында жалган күндөр жаркылдайт, абаны боз суук каптап турат. Жолго эми кар түшпөй калды, иттердин жана чананын жаңы эле өткөн изи даана көрүнө баштады. Чананын жанында бир гана адам баратат, изине караганда абдан каржалган, күчсүз болуу керек. Анын да оокаты жок окшойт. Бөлтүрүктөр жаңы издерди көрө салып, акылдан адаша түшүшкөнсүдү.

— Тез! — деп жаагын жанышат. Ар дайым:— Тез! Ылдамда, Чарли! Бат, бат! — дешет.

Биз жакшы эле шашкансыйбыз, бирок жол арбыбайт. Жигит да, аял да көп жыгылат. Эгерде чанага отургузуп койсо, шайы кеткен иттер бир карыш жерге жылбай, жатып калмак. Анын үстүнө катуу суукта чанада отурса, кайыгып кетүүгө да болот. Ачка киши суукка чыдабайт, бат үшүйт. Аял жыгылса, жигит эптеп сүйөп тургузат. Жигит жыгылса, турууга аял жардамдашат. Бирок экөө тең бирдей жыгылса, өз алдыларынча тура алышпайт. Ал убактарда экөөнү тең мен тургузам, антпесем ошо бойдон турбай жата беришсе кардын үстүндө зыңкыйып катып калышкыдай. Алар менен алпуруша берип, абдан кыйналдым, себеби, аябай чарчадым, анын үстүнө иттерди да күш-күштөп айдоом керек, тигилер болсо тырп этээрге шаймандары калбай, ошондон улам сөөктөрү оор тартып кетти. Кез-кезде мен да карга батып калам, бирок мага жардамдашаар эч ким жок, өзүм турушум керек. Ошентип, дайыма мен өзүм турам, тигилерди тургузам, анан иттерди айдайм.

Кечинде жалгыз бир чил аттым, ошентип биз ачка калдык. Жигит болсо мага:

— Эртең жолго кайсы убакта чыгабыз, Чарли? — дейт. Анын үнү көрдөн чыгып жаткансып араң эле угулат.

— Сен ар дайым эртең мененки беште жолго чык деп жүрбөйсүңбү — дедим.

— Эртең биз жолго үчтө чыгабыз,— деди ал.

— Өзүң майып болосуң,— деп мыскылдап күлдүм.

— Эртең биз жолго үчтө чыгабыз,— деп кайталады ал.

Ошентип биз үчтө жолго чыктык, себеби мен алардын кызматчысымын, алар эмнени буюрса ошону иштей берем. Асман ачык, суук, шырп эткен табыш жок, айлана тынч, соккон жел жок. Жерге жарык кирер менен айлана-тегерек капкаяктан бери даана көрүндү. Айлана жымжырт. Жүрөгүбүздүн соккону гана угулат: жымжырттыкта ал дүкүлдөп катуу согот. Жерге кулап түшкөнчө жинди болгонсуп уйку-соонун ортосунда кете беребиз, жыгылганда гана туруу керек экени оюбузга келет. Кайтадан алдыбыздагы жолду көрөбүз жана жүрөгүбүздүн сокконун угабыз. Мен уйку-соонун ортосунда кетип баратып, бир кызык ой башыма келди. «Эмнеге Ситка Чарли кара терге түшүп эмгектенип, ач-жылаңач сандалып, кудайдын азабын тартат?»

«Айына жети жүз элүү доллар үчүн»,— деп өзүмө-өзүм жооп берем, бир чети бул акылсыз жооп экенин да билип турам. Бирок бул туура жооп болчу. Ошол мезгилден тартып мен эч качан акча жөнүндө ойлогонду койдум. Себеби, дал ошол күнү менин көзүм ачылып, айлана жарык көрүнүп, өзүм да жакшы сезе түштүм. Ошентип, мен, адам акча үчүн эмес, эч ким бере албай, сатып ала албай жана сата албай турган баа жеткис бакыт үчүн жашоого тийиш экендигин түшүндүм.

Эртең менен биз алдыда кетип бараткан адамдын акыркы жолу түнөгөн жерине келип жеттик. Жаман түнөк, ачка жана начар адамдын түнөгү. Одеялдын жана тери чокойдун тытындылары, үзүндүлөрү кардын үстүндө жатат. Иштин жайы ачык түшүнүктүү болду: анын иттери турмандарын жеп коюп, ал одеялдардан жаңы жасаган окшойт.

Эркек менен аялдын көздөрү бул таштандылардан өтүп кетти. Мен экөөнө карай салып, суук шамалга туш келгендей, бүткөн боюм шуу дей түштү. Экөөнүн көздөрү чарасына терең ары кирип, чаалыккандыктан жана ачкалыктын кесепетинен жинди кишинин көзүндөй балбылдайт: иреңдери ачкадан өлгөн адамдыкындай, суукка туурулган капкара беттери өлүк түспөлүнө чыга түшкөн.

— Алга,— дейт жигит.

Бирок аял жөтөлүп, кардын үстүнө жыгылат. Бул кургак жөтөл, анын өпкөсүнө да суук тийген. Ал көпкө чейин жөтөлүп, анан мүрзөдөн чыгып келаткансып, араңдан зорго өйдө турат, бетинен ылдый аккан көз жашы муз болуп тоңгон, көкүрөгү кырылдап, оор дем алат. Ошондо да аял:

— Алга! — дейт.

Биз кайтадан жолго чыктык. Ээн мейкинди аралап, уйку-соонун ортосунда кетип баратабыз. Басып баратып уктап, азапты сезбей калабыз. Жерге талп дей түшкөндө гана ойгонобуз. Анан карды да, тоону да, алды жакта кетип бараткан адамдын изин да көрөбүз жана кайтадан баягы өзүбүздүн азаптарды сезе баштайбыз. Мелмилдеген кардуу түз мейкинге чыктык, тигилердин издегени нак биздин бет алдыбызда турат. Биздин алды жагыбыздагы бир милдей жерде кардын үстүндө бир топ караан көрүндү. Ал караандар жылып баратат. Менин көзүм тунарып, жакшы көрбөйт, бирок чымырканып көрүүгө аракеттенем.

Акыры, бир адамды, иттерди жана чананы боолголодум. Бөлтүрүктөр да көрүштү. Алардын алда качан сүйлөөгө да кудурети келбей, тек гана мындай деп шыбырашат:

— Алга! Алга! Ылдам!

Тырп этээр алдары жок, бирок басымыш болушат. Алды жакта кетип бараткандын одеялдан жасалган турмандары улам үзүлөт, ал улам токтоп, аларды улаштырып, жамаштырат. Биздин турмандар болсо өз жайында, анткени мен аларды ар күнү кечинде бакка илип койчумун. Саат он бирде тигил киши менен биздин арабыз жарым милдей калды. Күндүзгү саат бирде — чейрек миль калды. Ал абдан начар. Анын улам карга жыгылганы бизге көрүнүп турат. Анын бир ити таптакыр жүрбөй калды, ал анын жан кайыштарын кесип таштады, бирок итти өлтүргөн жок. Мен жандай салып өтүп баратып, аны балта менен кайсап таштадым. Өз иттеримдин да күчтөн тайып жүрбөй калгандарын ошентчүмүн.

Эми аны менен биздин арабыз үч жүз ярд[2] калды. Биздин кыймылыбыз өтө эле жай: балким, эки-үч саатта бир миль жол бассак керек. Биз дээрлик баспай калдык. Тынымсыз жыгыла берчү болдук. Өйдө туруп мүдүрүлүп, чалынып бир-эки кадам шилтемиш болуп, кайта жыгылабыз. Мен ар дайым экөөнү жөлөп-таяп тургузам... Кээде өйдө тура алышпай чөгөлөөгө араң жарашып, кайрадан карга үстөмөнүнөн барып түшүшөт; ошентип күч жыйнап өйдө тургуча башы менен карга үч-төрт жолу чумкуп алышат. Бирок алар дайыма алга бет алып жыгылышат. Тикесинен тик же чөгөлөп турган кебетесинде да ар убакта алга гана жыгылышат! Жыгылган сайын көздөгөн максатка өз бойлорунун арымындай улам-улам жакындай беришет.

Кээде токойдогу айбандарга окшоп төрт аяктап жылышат. Биз үлүл сыяктуу алга жылабыз, болгондо да жансыз үлүлдөй, бирок алдыда бараткан кишинин басышынан ылдамыраак. Себеби, ал да көп жыгылат жана анын жанында жөлөп-таяй турган Ситки Чарли жок. Мына эми аны менен биздин арабыз эки жүз ярд калды. Бир топ убакыттан кийин жүз ярд гана калды.

Кызык сөлөкөт! Болгондо да адам каткырып күлчүдөй кызык. Ооба, ооба үнүңдүн бардыгынча катуу каткырып күлө тургандай. Өлүк жандар менен өлүк иттердин куушуусу. Кудум эле коркунучтуу жаман түш көрүп кыйналгандагыдай: өмүрдү сактап калыш үчүн жаныңдын бардыгынча, бутуң үзүлгөнчө чуркайсың, бирок ордуңан кымындай жылбайсың. Жигит акылынан тайгылды. Аял да жинди болду. Мен да келесоо боло түштүм. Бүт аалам жинди болгонсуду. Бул ушунчалык кызык сезилет, менин аябай күлкүм келди. Алды жакта бараткан чоочун киши чанасы менен иттерин таштап, андан ары карды жиреп жападан-жалгыз жөнөдү.

Бир аз гана убакыт өттү, бирок акыры биз анын иттеринин тушуна келип калдык. Одеялдан жана тери чокойдон жасалган турмандары менен иттери чанага чегилген бойдон кардын үстүндө кыймылсыз жатышат. Биз жандай салып өтүп баратканда алар ачка балдардай бизге жалбарышып, кыңшылап, улуп-уңшуп коё беришти.

Биз да иттерди таштап, өзүбүз эле карды жиреп жөнөдүк. Жигит жана аял экөө тең— эптеп эле тирүү сөлөкөт. Кокуйлашат, онтошот, ыйлактап бышакташат, бирок алга баратышат. Мен да алга баратам. Менин көздөгөн максатым, ойлогон оюм бирөө гана: чоочун адамга жетүү. Ошондо мен тынчып, эс алам. Ошондо гана жаным жай алат. Ушунчалык чарчадым, жатсам, миң жылга чейин турбай уктагыдаймын.

Чоочун адам бизден элүү ярддай алдыда ак кардын үстүндө жападан жалгыз баратат. Ал жыгылат да, боору менен жылып кайта турат, мүдүрүлүп жыгылат да кайра жөрмөлөйт. Мергенчиден кутулуп кетүү үчүн жанталашкан оор жарадар айбанга окшойт. Мына эми ал өйдө турбастан, төрт аяктап гана жылып калды.

Жигит менен аял да өйдө тура алышпай, анын артынан жылып жөнөштү. Бирок мен али туруп басууга жарайм. Жыгылам, бирок дайыма өз алдымча кайра ордуман турам.

Кызык көрүнүш! Айлана апапак кар, ошол кар менен жымжырт мейкинди аралап жигит менен аял жылып баратышат. Алардын алды жагында чоочун киши жылып баратат. Күндүн эки жагында эки жалган күн турат, демек асманда катары менен үч күн турат. Катуу сууктан улам аба боз чаңгыт. Мына аял ыкшып жөтөлдү, ал басылганча кардын үстүндө сулк жатты да андан кийин кайра жылып жөнөдү. Мына, жигит башын көтөрүп алды жакты карады, бирок абышканын көзүндөй анын көзүнөн жаш агат; чоочун кишини көрүү үчүн улам-улам көзүн сүртөт. Мына эми чоочун киши кылчайып артын карай баштады... Ситка Чарли болсо эптеп-септеп басып келатат, эгерде жыгылса, кайта өйдө турат.

Бир топтон кийин чоочун киши жылганын токтотту. Ал эптеп жатып өйдө тикесинен турду, мээлейин чечип, тапанчасын колуна алды да, ары-бери теңселип, күтүп турду. Темгил-темгил болуп суукка үшүгөн капкара бетинин сөөгү менен териси гана калган. Кебетесинен ачкалыктын азабын аябай тартканы даана көрүнөт. Көзү чүңүрөйүп чанагына кирип, тиштери ырсаят.

Жигит менен аял да тикесинен турушуп, тигини карай жай басып жөнөштү. Айлана кар жана жымжырт. Асманда болсо катары менен үч күн турат. Абада боз чаңгыт суук жалтылдайт.

Мына ошентип окуя башталды. Мен, Ситка Чарли бөлтүрүктөрдүн кантип кан төккөнүн көрдүм. Эч кимиси үн катпайт. Жалаң гана ачкалыктан жапа чегип желмогуздай арбыйган чоочун киши тишин ырсыйтат. Ал эки ийнин шалдайтып, тизесин бүгүп, жыгылбас үчүн буттарын эки жакка талтайтып, ары-бери теңселет. Жигит менен аял ага элүү фут жетпей барып токтошту. Алар да жыгылбас үчүн буттарын эки жакка талтайтып, ары-бери теңселишет. Чоочун киши өтө эле алсыз. Анын колу тынымсыз калтырайт, ошол себептүү анын жигитти карай аткан огу талаага кетти. Жигит мээлейин чече албай алек. Чоочун киши аны да бир жолу атты. Бул жолу да ок талаага кетти. Ошол убакта жигит мээлейди тиштеп чечти. Бирок анын колу суукка чалдыккан. Тапанчаны колуна токтото албай карга түшүрүп жиберди. Мен аялга көз чаптырдым. Ал да мээлейин чечип, колуна чоң кольтту алды да, катар-катары менен үч жолу атты. Чоочун киши тишин ырсайткан бойдон карга көмкөрөсүнөн түштү.

Алар кайрылып, өлгөн адамды карашкан да жок.

— Алга,— дешти.

Ошентип биз жөнөп кеттик. Бирок тигилер издегенин табышкандан кийин эстери ооп, өлүктөй селейди. Тырп этээр шайы калган жок. Өйдө турууга таптакыр жарашпайт. Ал турмак боору менен жылуу колдорунан келбей калды. Алар бир гана максатты — эптеп көздү жумуп уктоону көздөштү. Ары-бери карап, жакын жерден өр алууга ыңгайлуу бир жайды көрүп, ошоякты карай аларды бутум менен тээп түртө баштадым. Иттерди айдай турган колумдагы шапалак менен аларды чыпылдата чаптым. Алар өкүрүп-бакырып жатып аргасыздан өр ала турган жерге эптеп жылып келишти. Мен алар үшүбөсүн деп чоң от жактым. Андан кийин барып чананы айдап келдим. Ачкадан өлбөс үчүн чоочун кишинин иттерин союп жедик. Экөөнүн үстүнө жуурканды жаптым, алар уктап кетишти.

Мезгил-мезгили менен ойготуп, оокат берем, уйкудан көз ачылбаган бойдон туруп тамак ичишет. Аял бир жарым суткадан кийин ойгонуп, кайта уктады. Жигит эки суткадан кийин ойгонуп, кайта уктады. Ошондон кийин биз жолго чыгып. Сент-Майлстын жээгине келдик. Беринг деңизи муздан тазалангандан кийин жигит менен аял кемеге түшүп, жөнөп кетишти. Бирок кетээрден мурун алар мага айына жети жүз элүү доллардан кызмат акымды төлөштү. Андан тышкары миң доллар кошумча сыйлык катары беришти.

Ошол жыл Ситка Чарли Ыйык Крест миссиясына көп акча берген.

— Чоочун кишини алар эмне үчүн өлтүрүштү? — деп сурадым мен.

Ситка Чарли токтолуп жооп берди. Адегенде ал канжасын соруп, «Полис-газеттин» сүрөтүнө көз чаптырып, аны сырдуу жаңсады да, сөзүн жай гана салмактуу баштап, мындай деди:

— Мен көп ойлондум. Билбейм... Ошондой болду. Бул менин эсимде калган бир сүрөт. Терезеден кат жазып жаткан кишини көргөн сыяктуу бир көрүнүш. Алар менин өмүрүмдө бир кездешип, кайта жок болду. Ал эми сүрөт жанагы мен айткандай: башы жок жана аягы түшүнүксүз болуп чыкты.

— Сен айтып бүткөнчө бир топ сүрөттү тартып жибердиң,— дедим.

— Ооба,— деди ал башын ийкеп.— Бирок алардын баарынын баш-аягы жок.

— Эң акыркысынын аягы бар,— дедим.

— Ооба,— деп жооп берди ал.— Бирок кандай?

— Ал турмуштун бир кичинекей бөлүкчөсү, — дедим.

— Ооба,— деди ал жактагансып.— Турмуштун бөлүкчөсү.

1905.

Которгон С.Эрматов

[1] Жалган күндөр — асмандагы оптикалык кубулуш: күн ылдый жерге жакын турганда, аны менен бирдей бийиктикте кээде пайда боло калган ачык шоола.

[2] Ярд—узундукту ченөөнүн 0.9144 метрге барабар англиялык өлчөөсү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз