Жаныбек Жанызактын котормосундагы англис эл жомоктору

  • 03.10.2022
  • 2090

Уйкудагы сулуу

Илгери бир заманда айкөл Падыша менен анын ажайып Ханышасы кыздуу болушат. Алар айабай сүйүнүшөт.

"Алтыным, ке... чоң той өткөрөлү!” - дейт Падыша.

Падыша менен Ханыша досторун тойго чакырышат. Алар жети периштени да тойуна чакырышат.

Бүгүн мына той болуп жатат!

Коноктор баары кичинекей ханбийкеге белектерин апкелишти. Периштелер да белектерин беришти. Алардын белектери өзгөчө болчу.

"Сен сулуу болосуң" дейт биринчи периште.

"Сен акылдуу болосуң" дейт экинчи периште.

"Сен айкөл болосуң" дейт үчүнчү периште.

"Сен ырчы болосуң" дейт төртүнчү периште.

"Сен бийлейсиң" дейт бешинчи периште.

"Сен дайыма бактылуу болосуң" дейт алтынчы периште.

Анан капыстан бирөө хансарайдын дарбазасын каккылап калат.

Бул тажаал периште болчу.

Түрү суук айабай. Баары андан коркушчу. Падыша аны тойго чакырбай койгонуна Тажаал периште айабай кыжыры келди.

"Мен да ханбийкеге белек бергим келет", - дейт тажаал периште.

Ал кичинекей ханбийкеге сөөмөйүн кезеп көрсөтүп: “Бу кыз он алтыга чыкканда колун жип ийригичке алдырып, өлүп калат!” – дейт.

Тажаал периште каткырып, көздөн кайым болот.

Баары кайгырып, кабактары бүркөлөт. Бирок жетинчи периште жардам бералат:

– Капа болбогула. Мына белегим. Ханбийке өлбөйт, ал болгону бир кылымга уктап калат, – дейт ал. – Анан аны бир ханзаада өпкөндө ал кайра уйкудан ойгонот.

Хан менен Ханыша коркот.

Хан жип ийригичтердин баарын бекитип салайын дейт. Ал шаарчага чабарман чаптырат: "Жип ийригичиңерди бекиткиле. Ханбийкени сакташыбыз керек", - дейт чабарман.

Ханбийке бойго жетип, керилген чүрөккө айланды. Ал ырдап, бийлегенди жакшы көрчү. Дайыма бактылуу эле. Ал бирок айабай дилгир болчу. Бүгүн анын туулган күнү. Ал оналтыга чыкты.

Ханбийке хансарайда сейилдеп жүргөн... Ал анан тепкичтерди көрдү. Капыстан бир дабыш чыкты. Ханбийке көп кызыгат эмеспи, ал дароо тепкич өйдө жөнөдү.

Тепкичтер мунарага алпарчу. Мунаранын башында бир бөлмө бар. Ханбийке эшикти ачты. Ал серт аялды көрдү.

Ал тажаал периште болчу!

"Салам. Бу жерде эмне кылып жүрөсүз?" - деп сурады ханбийке.

"Мен жип ийрип атам... Ийирип көрөсүңбү?" - дейт тажаал периште.

"Ооба. каалайм", - дейт ханбийке.

Ханбийке ийик ийригенге отурат.

Кокустан ал колун сайып алып, уктап калат!

Хан менен ханыша ханбийкени табышат. Алар аны керебетке жаткырышат. Алар тажаал периштенин сөзүн эстешет. Хан менен ханыша буркурап ыйлашат.

"Кой, көп ыйлап бакырбайлы", - дейт хан.

"Жетинчи периштенин белегин эстечи, биздин пери кызыбыз өлбөйт. Ал уктап гана жатат, болду. Ал жүз жылга чейин уктайт".

Хандыктагылардын баары капалуу. Эркектер менен аялдар ырдабай да, бийлебей да калышты. Балдар ойнобойт. Алар ханбийкени көргүсү келет.

Бир күнү хан боорукер периштеге жөнөйт. Ал андан жардам сурагысы келет.

"Мен ханбийкени ойгото албайм", - дейт боорукер периште.

"Бирок мен силерге жардам бералам".

Боорукер периште дөңгө чыгат. Ал хандыкты бир карап чыгат да, сыйкырдуу таякчасын бир серпип алат. Ошол замат хандыктагылардын баары уйкуга киришет.

Хан менен ханыша уктап калат.

Эркектер менен аялдар уктап калышат.

Балдар уктап калат.

Жан-жаныбардын баары уйкуга кирет.

Боорукер периште сыйкырдуу таякчасын дагы бир жолу серпет. Ошол саат хандыкты тегерете калың токой өсүп чыгат.Дарактар өтө бийик, алар хандыкты далдалап жаап калат. Жүз жылга чейин ал жакка адам буту баспай калат.

Ханзада келет атын бастырып. Ал токойду көрөт. Дарактардан нары мунараларды көрөт.

“Тиги, токойдогу эмне?" деп сурайт дыйкандан.

"Токойдо хандык жайгашкан. Хандыктагылардын баары уйкуда”, - дейт дыйкан.

Дыйкан ханзаадага тажаал периште жана сулуу ханбийке тарыхын айтып берди.

"Биз аны Уйкудагы Сулуу дейбиз, - дейт дыйкан. - Анан бир күнү бир ханзаада келип аны өпкөндө, кызыбыз ойгонот”.

Ханзаада кызыгып калды.

Ал Уйкудагы Сулууну көргүсү келди...

Ханзаада токойду аралап жөнөйт.

Ал токойду кылычы менен тазалап кирет. Чапкылайт, кескилейт. Катуу чарчайт.

Боорукер периште токойдо жашынып жүргөн. Ал ханзаадага жардамга келет. Сыйкыр таякчасын бир серпкенде дарактар жарылып, жол ачылат. Эми ханзаада хандыкты оңой табат. Ханзаада аксарайга кирет. Айлана жымжырт!

Адамдар жана жаныбарлар уктап атышат. Ханзаада Уйкудагы Сулууну издейт.

Ал тепкичтерди көрөт. Ошо тепкичтер менен өйдө көтөрүлөт. Эң бийик мунарадан кызды табат. Уйкудагы Сулуу керебетинде уктап жатат. Ал айабай сулуу.

Ханзаада кызды сүйүп калат! Ханзаада Уйкудагы Сулууну өбөт. Ошенткенде кыз ойгонуп кетет! Ал көзүн ачат.

Кыз ханзааданы көрүп, жылмаят. Ханбийке ханзааданы сүйүп калат:

"Ыракмат сага, ажайып ханзаадам!” - дейт.

Хандыктагылардын баары ойгонот.

Хан менен ханыша ойгонушат.

Эркектер менен аялдар ойгонушат.

Балдар ойгонот.

Жаныбарлар ойгонот.

Ханзаада менен ханбийке үйлөнүшөт.

Хандыктагылар кайрадан бактылуу жашап калышат.

Соңу

Алтынчач жана үч аюу

Бул окуя кичинекей кыз жөнүндө. Анын аты Алтынчач. Анын чачы алтын түспөл. Элдин баары аны сүйөт. Ал күн сайын айылына барып турат.

"Саламатсыңбы, Алтынчач! Кандайсың?" - деп сурайт ар бири.

Алтынчач күлүп-жайнап:

"Жакшымын. Өзүңөр кандайсыңар?" - дейт.

Алтынчач апакеси экөө кечки тамак ичип жатат.

Ал: "Апаке, эмне үчүн токойду жаман дешет?" - деп сурайт.

"Токойдо коркунучтуу айбанаттар көп, Алтынчач. Барба ал жакка!" - дейт апакеси.

Тек Алтынчач ал жакка баргысы келет. Айбанаттарды көргүсү келет. Токойдогу дарактар, гүлдөрдү көрсөм дейт. Ал күн сайын токойду эңсей берет.

Эртеси Алтынчач апасы менен сүйлөштү:

"Апаке, Алисанын үйүнө барып келейин".

Бирок Алтынчач Алисаныкына бармак эмес. Ал токойго бармак болчу!

Жолдон темир уста аны көрүп сурайт:

"Арыба, Алтынчач, кай жакка жөнөдүң?"

Бирок Алтынчач жооп бербейт. Ал дароо айылдан чыгып кетти...

Ал токой аралап жүрүп, жашыл дарактарды, кооз канаттууларды, көпөлөктөрдү көрөт. Ал тыйынчычкан менен коёнду көрөт.

"Ажайып токой! - дейт ал. - Коркунучтуу деле эмес экен!"

Алтынчач айбанаттар менен ойнойт. Ажайып дарактарга, гүлдөргө суктанат.

Түштөн кийин Алтынчач тамак ичкиси келет. Ал токойдон үйдү көрөт.

"Мен суу сурасам болот да", - дейт ал.

Ал үйгө жакындап, эшигин каккылайт. Ал бираз тыңшап турду да, анан эшикти ачты.

Үй кооз анан таптаза экен. Ал ашканага баш бакты. Ал жерде үстөл бар экен. Үстөлдө үч табак шорпо турат.

Алтынчачтын курсагы ачка. Ал шорпону ичкиси келет.

Алтынчач биринчи табактагы шорпону татыйт. Аябай ысык экен! Экинчи табакты татып көрөт. Анысы аябай муздак экен!

Кыз үчүнчү табактагыны татып көрөт. Ал өтө даамдуу! Кыз шорпону ичип салат.

Алтынчач эми чарчады. Уйкусу да келди.

Кыз жатак бөлмөгө кирет. Ал жерде үч керебет турат. Биринчиси аябай чоң экен. Экинчи керебет аябай эски. Үчүнчүсү абдан ыңгайлуу.

Алтынчач үчүнчү керебетке жатып уктайт. Көп өтпөй үч күрөң аюу үйүнө келет. Алар ал жерде жашашат. Күндө түшкү тамакка чейин алар токойдо сейилдешет.

"Кашыгым булганыптыр!" - дейт Аюу Атасы.

"Кашыгым булганыптыр!" - дейт Аюу Апасы.

"Кашыгым булганыптыр, тамагым канакей?" - деп сурайт балакай Аюу.

"Үйүбүздө ким бар?" - дейт Аюу Атасы.

Аюулар жатак бөлмөгө кирет.

"Менин керебетим чачык", - дейт Аюу Атасы.

"Менин керебетим чачык", - дейт Аюу Апасы.

"Менин керебетим чачык, аерде бир кыз уктап жатат!" - дейт балакай Аюу.

"Сен кимсиң?" - деп сурайт Аюу Атасы.

Алтынчач аюулардын сөздөрүн угуп, ойгонот. Ал анан өзүн тегеректеген үч күрөң аюуну көрөт.

"Жардамга!" - деп кыйкырат ал.

"Эмне кылып жүрөсүң биерде?" - деп сурайт Аюу Атасы.

"Силер... силер коркунучтуу айбансыңарбы?" - деп сурайт Алтынчач.

"Коркунучтуу? Жок ай, коркунучтуу эмеспиз", - дейт Аюу Апасы.

"Биз жакшы аюуларбыз", - дейт балакай Аюу.

Алтынчач ыйлайт. Ал үйүнө кеткиси келет.

"Мен үйүмө кетким келет, - дейт ал. - Апама барам!"

Аюу Апасы абдан боорукер экен, ал айтат:

"Ыйлаба, көлөкөм, Балакай Аюу сени айылыңа чейин жеткирип коёт".

Алтынчач менен Балакай Аюу жөнөшөт. Алар токой аралап тездеп жүрүшөт. Алар айылды көрүшөт.

"Суранам, сен токойго келип тур", - дейт Балакай Аюу. "Экөөбүз ойнойбуз".

Алтынчачтын апакеси кызын издеп жүрөт.

"Ох, сен биердесиңби, Алтынчач!" - дейт апасы. Ал жылмайып, Алтынчачты өбөт.

Кызын көргөнүнө аябай кубанат.

Алтынчач апасына аюулар жөнүндө айтып берет.

"Апаке, алар коркунучтуу эмес. Мен аларга барып, алар менен ойногум келет", - дейт ал.

Күн сайын Алтынчач апакесине айтат:

"Мен токойго кеттим. Мен Балакай Аюу менен ойногум келет".

Апакеси кызына ишенбейт, бирок жылмайып:

"Макул, кызым", - дейт.

Азыр эми Алтынчач менен Балакай Аюу абдан ынак достор. Алар күн сайын чогуу ойношот.

Соңу

Серт жөжө

Жай. Өрдөк-эне алты тукум басат. Беш тукум жарылып, беш татынакай сары жөжө чыкты. Тек, алтынчысы жарылбайт.

“О кудай, бу тукум чоң экен!” - дейт өрдөк-эне.

Кийин алтынчы тукум жарылат. Чоң боз жөжө чыгат андан. “Жок ай! Бу серт жөжө турбайбы! - дейт өрдөк-эне. - Жүргүлө, жөжөлөрүм, тооктукуна конокко барып келели”, - дейт өрдөк-эне.

Ал серт жөжөнү карап: “Байке-эжелериңин артынан гана бас. Бирөөлөр сени көрүп калбасын, сен сертсиң!” - дейт.

Серт жөжө капа болот. Тоок жөжөлөрдү көрөт. Ал серт жөжөнү да байкап калат. Тоок күлөт.

“Карасаңар, тиги жөжө серт экен! - дейт тоок. - Тамандары кыска. Ал боз экен. Тумшугу да көрксүз. Ал серт жөжө!”

Баары каткырышат. Серт жөжө айабай капа болду. Кийинки күнү серт жөжө кетип калат. Ал аны эч ким сүйбөйт деп ыйлайт. Ал көпкө жүрөт. Анан кумурскаларды көрөт.

"Саламатсыңарбы!" - дейт ал.

Тек кумурскалар серт жөжө менен сүйлөшпөйт. Көп өтпөй ал куштарды көрөт.

Алар: "Сен кызыксың! Бизге жагасың!" - дешет.

Анан эле катуу үргөн үн чыгат.

"Бу чоң дөбөт!" - деп кыйкырышат куштар.

Алар учуп кетишет.

Серт жөжө коркот. Ал чөпкө жашынат.

Чоң дөбөт болсо чөпкө чуркап жөнөйт. Ал анан серт жөжөнү көрөт. Ал серт жөжөнү жыттагылап, бирок кетип калат.

“Серт экем, ошондуктан итке жакпай калдым”, - дейт серт жөжө.

Серт жөжө ал жерден чыгып, жүрө берет, жүрө берет, анан бир үйдү көрөт.

Ал үйдө кемпир жашайт. Тамак бышырып жатат.

Серт жөжө тамактын жытын сезет.

“Мм. Даамын карачы! Курсагым ачты!” - дейт серт жөжө.

Кемпир серт жөжөнү карайт.

“Сен кызык жөжө турбайсыңбы, - дейт ал. - Курсагың ачтыбы? Муногу тамакты же”.

Серт жөжө тамакты жейт. Эми ал бактылуу!

Бирок кемпир менен бирге мышык менен тоок жашачу. Алар жаман эле.

“Сен бизге жакпайсың”, - деди мышык.

“Сен сертсиң”, - дейт тоок.

“Кет, серт жөжө”, - дешет алар.

Серт жөжө дагы капа. Ал үйдөн кетет.

Мына азыр күз. Суук.

Серт жөжө кетип баратат, кетип баратат. Ал асманды карайт, ак куштарды көрөт.

Алар кооз. Серт жөжөгө ак куштар жагат.

“Саламатсыңарбы!” - деп кыйкырат ал.

Бирок ак куштар серт жөжөнү угушпайт.

Алар асманда учуп барат. Серт жөжө учкусу келет, бирок канаттары кичине.

Мына, азыр кыш болду. Өтө суук жана кар көп.

Серт жөжө чарчады жана ачка.

Бир жолу серт жөжө бир адамды көрөт. Ал адам серт жөжөнү кармагысы келет.

“Бери кел, балапан. Мен сени жегим келет”, - дейт адам.

Серт жөжө секирет.

Карагыла! Ал учту!

Кыш айлары узун жана суук.

Серт жөжө өтө капалуу жана ачка. Бирок бүгүн күн ачык.

Жаз келди. Ак куштар кайтышты.

"Ал куштар сулуу, бирок мен сертмин", - дейт серт жөжө.

Серт жөжө ак куштар менен сүйлөшкүсү келет. Ал досторду күтсөм дейт.

"Арбагыла. Мен сертмин, бирок мага дос болгулачы", - дейт ал.

Ак куштар жылмайышат. Алар серт жөжөнү жакшы көрүшөт.

"Арба, иничек", - дейт ак куштар.

"Иничек? Мен иничегиңер эмесмин, - дейт серт жөжө. - Силер сулуусуңар, мен сертмин".

"Сен серт эмессиң. Суудан карачы өзүңдү", - дейт ак куштар.

Серт жөжө сууну карайт. Ал өзүн көрүп, айабай таң калат. Ал серт эмес экен.

Ал супсулуу ак куш! Серт жөжө ак куу!

Үч бала аккууну көрөт.

"Карагыла! Карагыла!" - дейт алар.

"Тиерде жаңы аккуу. Ал супсулуу".

Жаңы аккуу дегени өзү экен. Ал бетин канатына жашырат. Балдар аккууга бираз нан беришет. Эми жаңы аккуу жылмаят. Балдар аны жакшы көрүшөт.

Ал серт эмес! Ал татынакай аппак куу!

"Мен аккуумун!" - деп кыйкырат ал.

Жаңы аккуу бүт кайгылуу күндөрүн эстейт, бирок ал ачууланган жок.

Баары аккууну сүйүшөт. Анын достору көбөйдү. Ал айабай кубанат.

Соңу

Англисчеден которгон Жаныбек ЖАНЫЗАК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз