Азиз Несин: Арзан жумушчу

  • 10.10.2022
  • 1777

АҢГЕМЕ

Таңкы убак. Ири фабриканын кожоюну бөлмөсүндө эрте мененки кофесин ууртап олтурду. Күтүүсүздөн каалгасы кычырай ачылды. Бөлмөгө үстү-башы тытылган, кызык киши шуу кирип келди. Кебетеси жумушка орношууну самаган бекерпоз адамдарга окшош. Ал шапкесин колуна бүктөй кармап, ишкананын кожоюнуна кайрылды:

– Бай мырза, мен жумуш издеп жүрөм!

Кожоюн баш көтөрбөй, ага кыйгач тигилди:

– Кандай өнөрүң бар?

– Мен кесиптик окуу жайда билим алгам, биринчи разряддагы слесармын.

–  Бизге токарь керек.

– Мен Германиядагы заводдо беш жыл токарь болуп иштегем. Мүнөздөмөлөрүм бар.

Муну уккан кожоюн бир аз жандана түштү.

– Бизге көбүнчө моделчи зарыл.

– Мен биринчи класстагы моделчи боломун.

Ишкана ээси бармагын жалай берип:

– Эгер сиз жыгач уста да болгонуңузда...

– Устачылыкта төрт жыл толук мастер болуп иштегем.

“Албетте, бул – завод үчүн табылга!–  деп кубанды кожоюн. – Азыр чоң акчаларды сурана баштайт”.

– Жакшы, уулум! Бирок биз жумушчуларга муктаж эмеспиз.

– Мен сиз буйругандардын баарын аткарамын.

– Ошондой болсун! Макул, сени ишке алайын. Бирок билип кой: мен бир сүйлөп, бир кесем. Ашыкча акча төлөбөйм. Сен бизде ансыз деле артыкбашсың.

– Алкыш айтам, бай мырза, ашыкча сурабайм. Канча төлөсөңүз, ошого кайылмын.

– Биринчи топтогу мастерлерге биз, күнүнө беш лирден төлөйбүз. А сага, артыкбаш катары эки лир... төлөйбүз...

– Эмне кылмак элек, кожоюн, мен макулмун!

Өз жеңишине шерденген кожоюн жүзүн сүрдүү тартып:

– Дагы бир нерсе: бизде эсепке алынбаган жумуш күнү болот. Кийин ыйлабагын! Кимдир-бирөөгө боор ачып койсоң, ал боорго тебет. Күнүнө эң аз дегенде он бир саат жумуш!

– Кожоюн, он төрт саат толук иштесем деле мейли. Колум соолуп калат беле?

Кожоюн өз кулагына ишенген жок.

– Ук да, кийин укпадым дебе, иш жайыбыз тар анан караңгы.

– Кандайы туш келсе деле мейли.

– Аз жерден унута жаздапмын. Акча алдын ала берилбейт. Бир ай иштейсиң, тажрыйбага көнүгөсүң. Эгер биз ыраазы болсок, так ошондой, күнүнө эки лир төлөй баштайбыз!

–  Сиз каалагандай.

– Ооба, дагы бир нерсе. Иштеп тапканыңдан жыйырма пайызын техниканын амортизациясы менен сырьё чыгымына төлөйсүң.

– Эмне болуптур, кожоюн, сөзсүз!

– Дагы...

– Угуп жатам!

– Мен сага, бейтаанышка, эң мыкты техниканы ишенип берип жатам.

– Ишениңиз, мырза!

– Ал үчүн барымта керек. Миң лир кошосуң.

– Ант берем, кожоюн, ошентем! Атамдан мага чакан үй калган. Мен аны барымтага коёмун.

– Анда эмесе, цехке жөнө да, ишке кириш...

Бейтааныштын бөлмөдөн чыгып кеткенине бир мүнөт өткөн жок: өпкөсү көөп эки полицай ичкери кирип келди:

– Бай мырза, бул жерге акылынан айныган бирөө кирген. Ал жиндиканадан качып кеткен. Биз аны издеп жүрөбүз.

Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз