Исамиддин Пулатов: Ата

  • 11.02.2023
  • 2297

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

АҢГЕМЕ

Мен ошол жылы үчүнчү класста элем. Боюм бир аз өсүп, биринчи класста кийген кийимиме батпай калдым. Ал аз келгенсип апам шымымдын бир жерин жамап берсе, эки күндөн кийин башка жагынан сан-сан болуп жыртылчу. Кышында чоң эжемдин кызыл пальтосун кийген элем. Экинчи классты байкемдин эски бут кийими менен араң бүтүрдүм. Кыскасы, ата-энем мага жаңы кийим алып бермек болду. Базарга жол алдык...

Базар. Жашы улуулар айткандай, курсагы ач адам базарга барса тоёт. Жебесе да тоёт. Болбоду дегенде базарды көргөн адамдын көзү ток болот. Атам экөөбүз кийим-кече сатылуучу тарапты жарым күн айландык. Ар бир кардардын жанынан алыстап баратканыбызда атам кайгыруу менен башын чайкайт. Менин көзүмө карабаганга аракет кылат. Ошентип мага "туура келчү" кийим табылды. Кызыгы, атам алып берген шым, көйнөк, бут кийим да бир аз чоңураак экен. Атам «эки-үч жыл жайбаракат киесиң» деди. Өзүмдө жок аябай кубандым. Эртеге мектепке барып, классташтарыма мактанайын деп көңүлүмө түйдүм.

Бала бала экен да. Атасынын чөнтөгү же ал-абалы анык кызыктырар беле? Мен да бала болчумун. Кийим базардан чыкканыбызда тамактын жыты келип, тамакка көөнүм чапты. Айрыкча шишкебек көзүмө оттой көрүндү.

– Мага шишкебек алып бериңиз, – дедим атама шишкебек бышырган жакты көрсөтүп.

– …

– Караңыз, ата, мага да алып бериңиз, курсагым ачты.

Бул сөздү эч бир ата "көтөрө албайт". Мен өтө катуу сүйлөдүм окшойт. Атамдын бир колунда менин жаңы кийимдерим, экинчи колу чөнтөгүндө болчу. Эмненидир чамалап, анан чайканага карап басты.

– Жүр, балам, сага шишкебек алып берейин, – балким кенже баласы болгонум үчүндүр, атам бир жолу да сөзүмдү эки кылган эмес.

Ашпозчу байке бир нан, эки шишкебек алып келди. Тарелкада пияз да койду. Мен алгач эч нерсеге көңүл бурбай, алдыдагы тамакты шашып жей баштадым. Бир шишкебекти жегенден кийин бир аз ичим ачышып, атама кайрылдым.

— Сиз жебейсизби?

– Сен жей бер, балам, менин курсагым ток, – деди атам нан менен пиязды чайнап.

Мен шишкебектин баарын жеп бүттүм, атам болсо ачуу пиязды нанга кошуп жеди...

Жылдар өтсө да, эмнегедир бул окуяны эстен чыгара албадым. Эмнелерди эстегим келгенин унутуп калдым. Бирок атам менен болгон окуя дагы деле эсимде. Анткени ал кезде жөн эле дыйканчылык менен алектенген атамдын мага жыл сайын жаңы кийим алып бергенге акчасы жок болчу. Ошондуктан, мага кыйла чоңураак кийимдерди алып келип, сага “туура келет” дечү эле. Же болбосо атам курсагынын токтугунан эмес, чөнтөгүнүн “ачкалыгынан” пияз чайнаганы жүрөгүмдү ачыштырат. Ошондо атам менин балдардай тамакка шашканымды, даамдуу тамак алып бергени үчүн өзүнү баатыр деп эсептегенимди сезип көзүнө жаш келди. Кызыгы, «пияз ачуу экен» деп сездирген жок.

Бүгүн балдарыма каалашынча шишкебек алып бере алам. Каалаган кийимдерин кийишет. Чөнтөгүмдө акча түгөнүп калат деп кабатырлануу жок. Атам да тирүү. Жакында ошол бала кездеги эскерүүлөрдү эстеп, атама шишкебек алып берүүнү чечтим. Ойлобоңуз, муну менен мен карызымды үзүп салам деген ойдон таптакыр алысмын. Бирок адамда түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сезимдер болот. Жүрөк аны тим эле буюрат.

Атам экөөбүз заманбап ресторанда отурдук. Үстөлдү үч-төрт түрдүү шишкебек менен толтурдум. Эң сейрек кезигүүчү тамактардан заказ бердим. Атам колуна бир шишкебекти алып, көпкө тиктеп отурду. Бир чымчым жеди. Атам да ошол окуяны эстеп отурабы деп өзүмчө ойлодум.

– Алыңыз, ата!

– Уулум, буларды жегенге тишим жок, мунун ордуна ачуу көк чай ичсем жакшы болмок.

Жүрөгүм эзилип кетти. Атам ошондо да ачуу пияз менен курсагын тойдурган эле!

Исамиддин ПУЛАТОВ – 1985-жылы Самарканд облусунун Ургут районундагы Сопу айылында төрөлгөн. Самарканд мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган. Облустук «Зарафшон» гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.

Самарканд облусундагы калемгерлердин чыгармаларын чогултуп, «Мекенди сүйүүнүн бакыты», «Мекеним, сыймыгым!», «Ой жүгүртүүдөн байкоого», «Чыгармачылык көңүлдүн сооронучу», «Теңдеши жок, Өзбекстаным!» сыяктуу китептерди даярдап, редакторлук кылган.

«Талант мектеби» VII республикалык жаш калемгерлер семинарынын катышуучусу. «Жылдын эң активдүү жаш журналисти – 2012», «Жылдын эң активдүү журналисти – 2014» республикалык конкурсунун жеңүүчүсү.

«Жигиттин намысы болсун!» (2016) публицистикалык чыгармалар жана «Жымжырттыктан кийин» (2020) ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Учурда «Жомбой тонги» («Жамбай таңы») гезитинин редактору.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз