Тагаймурад Шамурадов: Пенальти

  • 02.03.2023
  • 1139

Сатиралык аңгеме

Эзелки атаандаштар “Барселона” менен “Реалдын” беттеши кызуу уланууда. Жакында эле «Реалга» кошулган Берди балбан атактуу команданын курамында биринчи жолу ойноп жатканына карабай, алдамчылык аракеттери, тез чуркоо менен каршылаш команданын коруучуларын таң калтырды.

Күйөрмандардын "Берди! Берди! Баракелде! Жаша, ур, теп!» деген кыйкырыктары стадионду титиретти.

Мына, топ дагы эле Бердиде. Ал эки коруучунун ортосунан айып аянтчаны көздөй бат эле жарып кирди. Бир гана сокку берсе болду, сөзсүз гол! Бирок аны көздөй чуркап келген дарбазачы аны жыгып салды.

Калыстын ышкырыгы угулду: сары карточка жана он бир метрлик штрафтык тебүү – пенальти! Аны Берди балбандын өзү тебе турган болду.

Толкунданган Берди топту он бир метрлик белгиге койду. Дарбазачы кулачын жайып, турган жеринде маймылдай секирет десең. Калыс ышкырык чалып, топ тебүүгө уруксат берди. Күйөрмандар толкунданып, гол күтүп жатышты.

Берди балбан үч-төрт метр артка чегинип, тез чуркап келип оң буту менен топту тепти...

– Ой, ай, ай, бутум, – катуу сокку менен дубалга тийген буту ооруп ойгонгон Берди балбан бакырып жиберди.

Эртеси балдакка жөлөнүп, гипстелген бутун сүйрөгөн Берди балбанды көрүп, кесиптеши Нышан ага аянычтуу карады.

– Эмне болду?

Берди балбан жүзүн бырыштырып, болгон окуяны айтып берди. Оң бутунун баш бармагы сынган экен.

– Аа, түшүнүктүү, – деди Нышан күлүп, – уктаганда футбол ойнобош керек, досум!

Өзбекчеден которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Тагаймурад ШАМУРАДОВ1945-жылы төрөлгөн. Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. «Жандын ыракаты», «Аялынан коркпогон адам», «Жер баласы», «Асман кулаган күн» сыяктуу китептери жарык көргөн. «Дўстлик» («Достук») орденинин лауреаты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз