Павел Пелин: Кой

  • 14.03.2023
  • 1103

АҢГЕМЕ

Василдин үйү жок болчу. Өмүр бою тердик жамынып төрдө жатчу жамбаштап. Ошондой болсо да анын буугучу менен эки чулгоосу, тайтуяк тапичкеси жана эң башкысы, чоң атасы Софроний Боудан атасына, андан ага мурас калган жашыл шляпасы бар эле.

Бирок анын кою жок болчу.

Бир ирет ал өз бир тууганы Георгенин кашаасынын жыртыгынан шыкаалап, анын бир кою барын көрүп калды. Бирок Васил анын буугучу менен эки чулгоосу да, тайтуяк тапичкеси да жок экенин жакшы билчү, ошол себептүү ал талаа-түздү жылаңайлак-жылаңач кезип жүрчү. Анысы аз келгенсип жашыл тургай, кара шляпасы да жок эле, анткени ал бакма бала болчу. Мурас калтырар чоң атасы болбосо кантсин, бечара...

Василе Георгени өлтүрүп, коюн тартып алгысы келди. Бирок ал көзачык кой эле. Ал Василенин кыйтыр оюн билип калып, Георгеге шыбырап айтып салды:

– Мени тартып алыш үчүн Василе сени өлтүргөн атат!

Георге төрдүн төбөсүнө чыгып келди:

– Укчу, Василе, сен мени эмнеге өлтүргөн атасың? Эмнеге мени аябайсың? Бала кезде кантип ойногонубузду унттуңбу? Эмне үчүн менин коюмду тартып алгың келип атат?

Ошентип ал жашып кетти. Василе үймөк чөпкө жөлөнө отуруп аркасын кашынып алды да, өзү кошо жашый баштады. Анан:

– Ук, Георге, мен сени, балким, өлтүрмөк деле эмесмин, бирок сенин коюң болуп, а меники жок болгону жарабайт. Өзүң калыстап көрчү: менин чулгоолорум бар, тайтуяктарым бар, жашыл шляпам бар. Мындан не пайда? Коюм жок. Ошондуктан сени бип-бир тууган катары көргөн мен өлтүрүүгө муктажмын, – деди кубарып-кумсарып.

Георге капалуу ыйлап жиберди. Ыйлап бүтүп тууганына минтип кайрылды:

– Василе, кел, мындай кылалы. Мени өлтүргөндүн ордуна, андан көрө мага чулгоолоруңду, тайтуяк тапичкелериңди, жашыл шляпаңды бер да, Кудай алып кетсин, коюмду ала бер.

– Мен муну мурдатан эле ойлогом, – деди Василе. – Мүмкүн эмес. Андай болсо мен сени эки чулгоо үчүн, эки тайтуяк тапичке үчүн, өзгөчө, шляпа үчүн, анткени ал мага атадан калган мурас эмеспи, эки ирет өлтүрүүгө мажбур болом. А сен эчтемкеси жок калып, коюңду тартып алыш үчүн мени өлтүрүүгө тийишсиң. Эгер биз, же кезектешип, же дароо бирге өлсөк, бизсиз койдун көргөн күнү не болот? Ачкадан өлүп калбайбы. Андыктан, Георге, эч кайда кача албайсың. Мен сени өлтүрүүгө тийишмин. Эгер сен өлсөң, ушу азыркыдай ажырашкыс ынак бир тууган бойдон калабыз. Мен сенин кабырыңа эки катар крест тургузам. Эл токтоп, «Эки катар эмен кресттин астында ким деген киши жатат болду экен, ов!?» деп ооздору ачылат. Ошондо мен: «Менин бир тууганым Георге жатат ал жерде. Ал өзүн кою үчүн курмандыкка чалган» деп жооп берем. Кандай, мыкты бекен?

– Мыкты.

Эмен крест Георгеге чын эле жакты. Бирок ойлонуп туруп:

– Василе, мындай крест алдында чулгоосуз, тайтуяксыз жана шляпасыз жатканым жарабайт ко дейм. Эгер сен аларыңды мага берсең, мейли, өлтүрсөң өлтүр. Антпесең, кимдир бирөөнүн башына мени казып алуу ою келип жүрбөсүн. Жылаңайлак, жылаңач жана жылаңбаш мени көргөндө ал эмне дейт? Өмүр бою койлуу болгон мендей киши үстүнө кийим, бутуна чулгоо оронуп, башына жашыл шляпа кийип көмүлүүгө тийиш, – деди.

Василеге мындай соодалашуу жаккан жок: койлуу жана жылаңач калгандан көрө, кийимчен жана койлуу калган жакшы эмеспи. Георге да ошондой ойдо эле, болгону ал коюн кийимден артык баалачу.

Маселени чече алышпай кыйналып, эми алар жарыша ыйлап киришти.

Күн батты. Үрөң-бараңда төрдүн артынан койдон башка, байлоосу бар чулгоолордон башка, тайтуяк тапичкелерден башка жана жашыл шляпадан башка бардыгы бар эки чоочун койчу жылып чыкты. Акырын артынан келип, койнунан балтасын сууруп чыгышты.

Андан аркысы – түшүнүктүү иш.

Бул эмне, насаатпы? Анын болушу да мүмкүн эмес. Жалгыз гана кой тууралуу сөз жүрсө, анда «Эгер союлгуң келбесе, анда кой болбо» деп койсо болот эле. Бирок бул жерде кеп кой тууралуу эмес, бир туугандар жөнүндө болуп атпайбы.

А кой деген кой. Азыраак ыйлып-сыктамыш этти да, алдына чөп ыргытып саай баштаганда бышкырбай калды.

Орусчадан которгон Капар ТОКТОШОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз