Каракалпак жазуучусу Муратбай Нызановдун аңгемелеринен

  • 21.03.2023
  • 1236

Ишенимдүү маалымат

Коңшубуз Карлыбай менен бир подъездебиз. Эшигибиз бири-бирине карап турат. Бирок барыш-келишибиз анча эмес. Көп сүйлөшпөйбүз. Себеби, Карлыбайдын көргөн-билгени акча. Жүз миңдерди сүйлөсө көздөрү ойноктой түшөт.

Аялынын үстүндө бүткүл дүйнөнүн асыл кийимдери, колдорунун манжалары толо алтын шакектер. Биз алардын жанында бир майда-чүйдө ыпыр-сыпырлар менен алектенип жүргөндөйбүз. Кыскасы, таразада ташың тең келбесе, бир эшиктен кирип чыккан менен эки башка дүйнөнүн адамдарындай эле болот экенсиң.

Бир күнү бирөө орто бойлуу, бирөө тартайган узун эки жигит келди. Экөө алмак-салмак кошунанын коңгуроосун басып жатышты. Бирок эшикти эч ким ачкан жок. Себеби, алар үйүндө жок болчу.

– Бул үйдөгүлөр жокпу? – деди жигиттин бири биздин үйдүн эшигин кагып.

– Жок.

– Кайда кетишкенин айта албайсызбы?

– Эртең менен эрте Ташкентке кетишкен.

– Кечке чейин келип калышар бекен?

– Жок, келишпейт.

– Бир-эки күндө болобуз деди беле?

–Бизге эч нерсе айткан жок, бирок бирөөлөргө андан ары Бишкекке учабыз дегенин уккам.

– Мүмкүн рейси кечигип учпай калышы мүмкүн да.  

—Жок, учушту. Менин балам да эртең менен ошол рейс менен кетмек, ал келген жок, чогуу учушмак.

– Ыракмат. Эки жигит шыпылдай басып ылдый түшүп кетишти.

Ошол күнү телевизордо да кызыктуу эч нерсе жок, эрте жатып алдык. Эртең менен чай-пай ичип жумушка барайын деп чыксам, каалганын туткасында алакандай кагаз кыпчылып турат. Ала коюп окудум! “Берген ишенимдүү маалыматыңыз үчүн чоң ыракмат Кечээ көргөн жигиттериңиз”.

Карасам, кошунамдын каалгасы кулпусу талкаланып, ачык калыптыр.

09. 07. 1996-жыл.

Жаңылыш өлүм

Дүйнөдө Жараткандан башкасынын баары жаңылышат экен. Ал тургай Азирейил дагы! Социализмдин дөөлөтү гүлдөп турган бир заманда Азирейилдин катасы менен бир чоң заводдун деректири дүйнөдөн кайтыптыр. Жазмыштын биз билбеген мыйзамы боюнча мындай өлүктөр “жаңылыш түшкөн” деп эсептелип, кайтадан тирилтип жиберилет экен. Кыясы, о дүнүйнөнүн иштери да дайыма эле так боло бербейт окшобойбу.

Бул шордуунун иши көп кагаздардын арасында калып, он беш жылдан кийин жаңылыш өлгөнү маалым болуптур. Жараткан кайра тирилтип жиберип үйүнө келсе, баягы үйү ордунда экен да, бирок абалы начарлап калыптыр. Өзү өлгөндө жети жашында калган Азберген шырыктай жигит болуптур. Үйдө башка эч ким жок. Атаңмын десе баласы ишенбей, бир күн кечке далил келтирип жатып зорго ишендирди.

– Үйдөгү дүнүйө-мүлкүңөр кайда? – деп сурады баласынан.

– Бардыгын апам оборотко салып жок кылды.

– Оборотуң эмне?

– Соодага салып акча айлантуу, товар алып келип сатат.

– Акмак! Ошол соода кылмай биздин ишибизби? Өзү каякта?

– Эки жыл болду, чогуу соода кылып жүргөн бирөөгө тийип кеткен.

– Оо, жүзү курусун ошонун! Эжең кайда?

– Лицейде иштеген түрк мугалимге турмушка чыккан.

– Кандай дейсиң? Түрктөр бул жакта эмне кылып жүрүшөт? Чек арадан кантип өткөн?

– Азыр чек арадан өтүүдө эч маселе жок. Түрктөр биздин балдарды окутуп жүрүшөт.

— Их-х! Мен түшүнбөдүм. Тирилип келген адам өз үйүндө кайра-кайра күрсүнүп ары-бери басып жүрдү.

— Жакшы, менин партбилетимди алып чыкчы, райкомго барып келейин.

Бала аң-таң болуп атасын карады.

— Партбилетиңизди апам таштандыга ыргытып жиберген.

— Эмне?!

Тирилип келген адам көкүрөгүн мыжыгып, тарс этип кулап түштү. Бул жолу Азирейил жаңылган эмес.

1996-жыл

Кошумча суроо

Азыркы убакта элде «Мугалим билип турсаң да жакшы баа койбойт» деген пикир пайда болду. Мен, бул сөздүн калпын чыгармакчы болуп, окууга кирген күндөн баштап тирмейип китептен көзүмдү албадым. Көчөгө чыкпадым, той-аштарга барбадым, эси-дартым сынактардан өз күчүм менен өтүү болду. Жарым жылдык семестр башталды. Биринчи жолу сынак тапшырганы кирдим.

— Биринчи суроого жооп бер, — деди мугалим. Чапкан аттай токтобой арыш таштап, суроосуна шатыратып жооп бердим.

— Экинчи суроого өт.

Буга да көңүлдөгүдөй жооп болду

— Үчүнчү суроону баштай бер.

Үчүнчү суроосун да катырдым.

— Болду. Эми кошумча суроо берем, билсең — беш, эгер билбей калсаң таарынба. Сессияны жакшы тапшыруу үчүн эмне кылуу керек?

— Жакшы даярдануу керек.

— Дагы? Ырасын айтсам, дагы эмне кылышты билбейт экемин.

— Бар, даярданып кел, — деди мугалим баракчамды алдыма ыргытып.

Сыртка чыгарым менен студенттер курчап калышты.

— Кандай тапшырдың?

— Куладым.

— Кандайча?

— Үч суроосуна жакшы эле жооп бердим, бирок кошумча суроосуна жооп бере албай калсам кууп чыкты.

— Эң негизгиси кошумча суроо эмеспи? — дешти баары бир ооздон. — Биз бир суроого да ооз ачып жооп берген жокпуз, бирок кошумча суроосун катырдык.

— Кандай эле сурооңор?

— Ал суроо баарысына бирдей. – Жигиттердин бири акырын баракчасын ачып көрсөттү. Анда бели бүктөлбөгөн бир эки жүздүк салынган экен.

— Бул эмне?

— Эмдигилердин сынагындагы кошумча суроосуна жооп.

09. 07 1996-жыл

Каракалпак тилинен которгон Абирбек АБЫКАЕВ

Сатирик жазуучу, драматург, киноценарист Муратбай Нызанов 1951-жылы Кегейли районунда туулган. Улуту – кара калпак. 1977-жылы Каракалпак Мамлекеттик университетин аяктаган. 1980-жылдан баштап Журналисттер союзунун мүчөсү, 1981-жылы «Кегейли турмысы» газетасынын адабий кызматкери, 1993-жылдан баштап Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1999-жылы республикалык «Достук» орденине татыктуу болгон, 2001-жылы Каракалпакстандын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери, 2004-жылы «Бердак» атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, 2012-жылы «Каракалпакстан эл жазуучусу» деген наамдарды алган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз