Дилазык: Кызыктуу жана сабак болор уламыш

  • 06.08.2020
  • 4550

Олтурду кыраан бүркүт бак башында,
Көз салып өткөн кеткен: карт, жашына.

Келишти канаттуулар, айбанаттар
Кур эмес, эттери бар тартуу кылар.

Бир күнү бак алдына келди чычкан,
Ал айтат: “Кыраан бүркүт, мени уксаң.

Чарчадым көргөн күнүм курсун менин,
Жашынып жан сактадым, азап жедим.

Олтургум келди менин сиз сыяктуу,
Орун алсам жаныңыздан уруксатпы?”

“Уруксат, каалашыңча олтура бер,
Коопсуз, тынч бул жашоонун жыргалын көр”.

Жөлөнүп магдырады чычкан бакка,
Калгансып коркунучтун баары артта.

Жыргады кыялында эркин жашап!
Аңгыча түлкү аны кетти ашап.

Тыянак: Эч нерсе жасабай, жөн эле олтуруп жанын багыш үчүн – өтө жогорку кызматка көтөрүлүү керек. Кызматтан жогорулаш үчүн – ресурс керек. Бекер эч нерсе жок, “түлкүгө” жем болбош үчүн эмгек кылып, өз артабаңды көтөрүү зарыл.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз