Карабин Мирлан уулу: Энең сени коргоп турган опол тоо!

  • 11.05.2021
  • 5611

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска

Милдет

Жан дүйнөмдү өрттөп турат жалын бук,
Жарадарым биз кайсы күн жаңылдык?
Жаркыраган келечек деп жан үрөп,
Жүрөктөгү өлкөбүздү сагындык.

Катар турган ашууларга кусабыз,
Кайнайт ичте, көздө буулуп ызабыз.
Эркин элдин  уулубуз биз дейбиз го,
Эми качан эркин ойноп  учабыз?

Жаштык кез ай, кор болууда чет элде,
Жарадарбыз мишен болуп бечелге.
Жансыз кайтып бараткандар кечирсин,
Жандан артык, жаркыраган мекенге.

Ташта! Тапкан бөтөн жерге шоруңу,
Тоо боорунда биз чоңойгон жол улуу.
Бийиктикке бирге ураалап жетели,
Биздин милдет: тоо боорунда жолугуу.

*     *     *

Кусаланган дүйнөң алсыз,  алыста,
Кубатыңдан тайба, алга жарышта.
Жыгылууга убакыт жок, кез азыр,
Жүрөгүңө бир кайгы муң жабышса.

Эсте баарын,  сен чоңойгон ак тамда,
Эне байкуш мээрим бөлөп ак нанга.
Сезимтал жан, кусасынан түн ыйлайт,
Сен жөнүндө түшүн көрүп жатканда.

Отурса да бирөө сүйлөп, жатса да,
Ою сенде атыңды айтып башкага.
Чакырганы, кайра чочуп бирөөгө
- Чырагым-ай, адаштым дейт актана.

Сенин аппак көйнөгүңдөн кубат  таап,
Сагынычын  айта берет кучактап.
Сапарыңда чарчабооңду тиленип,
Сени гана эне жүрөт  кубаттап.

Чеңгелине салып  турмуш  согоордо,
Энең сени коргоп турган опол тоо!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз