Насыпбек Асанбаев: Абышка-кемпирдин эмки көмөчү

  • 10.04.2020
  • 8827

АҢГЕМЕ

Бул жомок абышка-кемпирдин качып кеткен көмөчү тууралуу жомок. Бул жомок аңкоолугунан, жалкоолугунан, чалпоолугунан ырысын качырган абышка-кемпирдин көмөчү тууралуу жомок. Бирок бул жомогум сага арналбайт, бөбөгүм. Муну сен укпа, мен айтпайын. Бул жомок кимге арналарын алар өздөрү билет. Эмесе, кеп башынан болсун...

Ошентип капилет жаткан жаңы конушка кайып-каскагынан карантин да кирип келди. Карантин келгенде жөн келчүбү, карантүнүн ала келип, ансыз да томсоруп жаткан кемпир-чалды ого бетер томсортуп келди. Баягы батперек кууп кеткен балдары, кыяк чертип кеткен кыздары деле жай учурда келчү эмес эле, эми аларды ого бетер жоготуп келди. Белди бекчейтип, көздү чекчейтип жүрүп бир айда бир тийген бенсия болсо кемпирдин кепичинен, абышканын асмайынан ашпайт. Карайлаган абышка-кемпир же ватсапка кирбей, же фейсбукту билбей капилет жаткан бойдон карантинге кабылып, кымындай даярдыгы жок камалып калышты. Эми эмне жеп, эмне ичишет?

Айласы кеткенде чал кемпирин түрттү, кемпир көлөчүн түрттү. Акыры мэрия дегендин балдары эки бөлүп жегиле деп таштап кеткен эки аяк ундун калганын кырып-сырып көмөч жасамай болду. Кайран кемпир эрдин бүлкүлдөтүп чалын кууруп, соорусун сүлкүлдөтүп камырын жууруп отуруп калды. Жөн жуурубай акыркы ашым болбосун деп бөпөлөп жуурду, тишке жумшак болсун деп тебелеп жуурду.

Анан тебелеген камыры тирсийип, бөпөлөгөн камыры бөрсөйүп калган кезде сүйкөп кетсең дүрт эткен, тийип кетсең чырт эткен сыйпалама печкага табасын коюп, нанын салды. Салганы курусун, чалына «карай тур» деп тапшырып, өзү эки күн сериал көргөн немедей эңкейип жатып, кеңкейип уйкуга кетти.

Чалдын көзү болсо шыпта. Чал чал эле болсо нанды ойлочубу. Түндү ойлойт, тамды ойлойт, санды ойлойт... бирок, асти нанды ойлобойт ко чал деген. Кашайгандан саат басып оюна жылдыз келет. Санасам дейт, арбасам дейт, аймасам дейт. Жаш кезинде көзү курч беле, же жылдыз аз беле, тигил-тигил, бул-бул деп оңой эле санай койчу эле, эми жылдыз деген жер жайнайт. Андан да бир орунга тура албай булактаган, тигинден буга секирип тырактаган жылдыздар эңсетерин-эңсетет, бирок санатпайт...

Ошентип кеңкейип жатканда жылан чакпас кемпирин жылан чактыбы, жылкы теппес кемпирин жылкы тептиби, айтор «чурр» этип чаңырды. «Ой муну жылан чакпайт» деп абышка кенебейт. «Жыланды жылан чакчубу» деп күбүрөнөт.

Бери бурулса кемпири нандын жанында турат. Караса кайран нан, кыз өңүндөй албырган, кыз-келиндей кулпурган, жыттаса жыпар мончок, кармаса бал кемирчек жаңы нан жаңыдан түтөп күйөйүн деп калыптыр. Кемпири антаңдап барып оттон алып ыргытты. Жөн ыргытпай абышканы карай «карма, көтөк!» деп кыйкырып ыргытты. Аңкайган абышка кармачубу. Эт кармаган абышка, бет кармаган абышка, көт кармаган абышка көмөчтү кайдан кармасын... Ысык нан башына тийип, кашына тийип, чатына тийип куйкалап ийгенде гана «какый» деп бир кыйкырып, эки кыйкырып алып эшикти карай тээп жиберди. Чалпоолугун көрбөйсүңбү, каапырдын.

Нанды тепкен оңбойт дечү эле, эмкилер оңуп эле жүрүшкөнсүйт. Бирок, бу кемпир-чал оңгон жок ошол күнү. Мэриянын балдары башка чапкылап, көзгө чапкылап, төшкө чапкылап атып берген нанын качырып ийген немелер оңгон жок...

Кийин ошол кулпурган көмөчтү көбү көрүптүр. Короодогулар көрүптүр, терезедегилер көрүптүр, балкондогулар көрүптүр... Бир гана милиция көрбөптүр, УКМК көрбөптүр, салыкчылар көрбөптүр, бажычылар көрбөптүр... Эми алардын чын эле көрбөй калышканын же көрсө да кууп жетпей калышканын ким билсин. Айтор күбүр-шыбыр кепке караганда шапкесин баса кийген уялчаак, алдына киши салбаган сөгүнчөөк, тамга тааныбаган отличник жана мойтоңдогон двоечниктер алдап кармап алышкан дейт. «Укпайбыз да көрбөйбүз. Жакын келип айтпасаң, биз эч нерсе билбейбиз» деп алдап кармап алышкан дейт. Анан комитет бекилген дейт, комиссия түзүлгөн дейт. Сессияда айтылган дейт, складга катылган дейт. Кыскасы, ошондон бери жым болгон дейт. Же желгени билинбейт, же кемпир-чалдын үйүнө келгени билинбейт.

Андан бери канча өттү. Карантин да бүттү, коронавирус да кетти. Бирок баягы көмөчтүн күйүтү кетпеди. Кайран абышка! Түндү ойлогон абышка, тамды ойлогон абышка, санды ойлогон абышка ошондон бери нанды да ойлоп калат дейт. «Кыз өңүндөй албырган, кыз-келиндей кулпурган нан эле» деп нанды ойлоп калат дейт. Бирок оозунда нан дегени менен нары жагында эмнени ойлоп атканын кемпири деле билбейт дейт.

Кыскасы, дейт-дейтке келсең кеп кете берет дейт. Андан көрө муну сен укпа, бөбөгүм, сен укпа. Сенин заманың башка буюрса, муну сен укпа...

Комментарий калтырыңыз