O`Шакир: Кыялдардын канчасына жетпедим

  • 29.03.2020
  • 4514

КЫЯБАНДА...

Жазмышка көнгөн экөөбүз,
жай бербей жанга чар тарап,
жанымдан жарың жетелеп,
жалт карап өттүң, жалт карап.

Тагдырга жүзүң муңайып,
тартылып колдон чыгаарың:
тар үчүн турду дүнүйө!
Тартылып оюң, чырагым.

Кыйлага чейин барганда,
кылчайган сени аядым.
Узатып тиктеп калгамын,
талып көз, талып аягым.

... Биз өткөн ушул кыябан,
бир кезде сыйрып ичиңди,
эсиңе салар өткөндү,
эстетер жакын кишиңди.
19. 11. 2003-ж.

*      *      *

Шам күйсө шамды айлана
далбастап канат талыткан,
дайынбы сага барбана?
Баракат издээр жарыктан.

Шам болсоң шам бол, сүйгөнүм.
Балбылдап жанба, а бирок,
барбана болуп күйбөйүн
баракат тапса жан-жүрөк.

Барбана бетер жүдөдүм,
Болалбай алыс же жакын,
ансыз да бейтынч жүрөгүм,
ансыз да бейпай эс-акыл.
14. 11. 2003. ж.

МАНЖАЛАР

О, мүрзөлөр, огундай жер шарынын,
октолгонсуп тик асманга жарымың:
ойлондурат тирүүлөрдү сүрүңөр,
“оомийин” деп айтар кезде парызын.

Шамал боздоп, шыбак жыты бур-р этсе,
жамгыр төгүп, жаныңарга гүл өссө.
Жатасыңар сезип, туюп тыңшабай,
Чагылгандар чарт айрылып “күр-р” этсе.

Келет канча келгин куштар кайрылып,
келет түнү үстүңөргө ай жылып.
Кезек менен кээде келсе тирүүлөр,
келет бирөө өмүрүнөн айрылып.

О, мүрзөлөр, жатасыңар уйкуда,
октолгонсуп коюп көккө умтула.
Ойлондурат тирүүлөрдү көз ирмем,
куран тарткан манжалардын учу да.
1996-ж.

ҮП

Чыркылдап асман,
чымчыктын үнү.
Кысылып аба,
ысыктын күнү,
көлөкө болбой
бадалдын түбү...
Кыркындан жаңы
кыркылган жүнү,
апаппак койлор,
акактап ой-бо-ой,
көлөккө издейт,
күн өтүп жондон.
Бөлүнүп чуркайт
беш-бештен, ондон.
Тескейге чууруп,
тескейден куулуп,
аптабы күндүн,
тирүүлөй кууруп...
27. 02. 2002-ж.

ЖАТАКАНА

1.

Өзүм менен өзүм болуп бөлмөдө,
жатакана болучу жашаганым.
Кызыкканым китеп эле
жыйнап койгон дубалдын боорундагы,
нечен улуу кеменгер.
Үстөлүмдө жыйылчу эмес анан да
түрдүү, түстүү гезит-журнал дегендер.

Убакытка сараң элем, 
башкачале дымагым,  
көздөгөнүм алыс болчу...
түнү бою өчүрүлбөй чырагым,
башты тартып шаан-шөкөт сыйлардан,
мени алакты кылар дагы
музыка эле табак, табак жыйналган.

Алга коюп бир максат көздөгөндү,
жагар эле жалгыздык...
жашаганым туурабай өзгөлөрдү.
Коңшу турган бирөө менен ишим жок,
чуру-күүгөгө айланткан бөлмөлөрдү.

2.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы...
жатакана шар суунун боюндагы.
Шаар ичи болсо да даңылдаган,
тоонун суусу акчу эле шарылдаган.
Сайды бойлоп чарчасам, дем алчумун
шаар үнүнөн кулак, мээ заңылдаган.

Жадасам да шаардын куу турмушунан,
жаңы келип айылдан
кымбат болуп жеталгыс айыл мага...
кусалыктан көөдөндө айырбаган,
ошол кез-ай, ошол кез...
жадатты эле шаар мени, жадатты эле,
троллейбус, автобус каршы-терши
кан жолдогу каттамы жаңылбаган.

Жатакана шар суунун боюндагы,
мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
эстегеним: ошондогу көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!

3.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы...
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен айылга биротоло камынып
кете турган болгондо
мени кармап калды элең,
далай жолу толгонгон.

Бойлоп басып сай жээгин,
зырп-зырп этип сай сөөгүм...
кыялбадым кыялда максаттарды,
өзүмдү өзүм турмушта аксатканды.
Анан дагы кыйбадым:
кылыгы бар мага коңшу келинди,
анда-санда башбагып кирип турган,
не ыр жаздым, жазбадым билип турган...

4.

Өз алдымча турмушка беталгамын.
Бирок жадап шаардагы тириликтен,
айыл жакка камынып, жеталбадым.
Үйрөнгөн соң жалгызбой тириликке,
керме тартып керилте,
кир-кечегим өзүм жууп, өзүм жайып,
түнөгүмө айланып биротоло,
сени кыйып айылга кеталбадым.

Чемоданым көтөрүп,
дегдеп жүрүп айылга жеткен менен,
бир аз күнчө өрүш алып жөнүгүп,
кайра өзүңдү сагынып, жатакана,
кайтар элем,
туулган жерден сен артыктай көрүнүп...

Сенде жашап жүргөндө:
убакытым сая кетпей күнү-түн,
иш үстөлдөн баш көтөрбөй үйрөнгөм.
Анда жалгыз билим экен үмүтүм.
Дүйнөсүнөн китептердин чыгалбай,
бири сала биринен,
уч-кыйры жок биригер...
пир тутканым: Фрейд, Фромм,
Юнг, Сартр, Камю, Ницше, Кант эле.
Окуу, билим мен үчүн
баш тартпаган ант эле.

5.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы...
жатакана шар суунун боюндагы.
Чарчаганда дем алып – күргүштөгөн
суу жээгинен ой издеп басар элем.
Ой кармалса, олжо тапкан немедей,
өз бөлмөмө кайрадан шашар элем.

Каршы-терши, каршы-терши канча ирет,
тар бөлмөдө кадам шилтеп кайчылаш,
көрүнчү эмес мен көздөгөн жол учу...
Тар болсо эгер, тар болгондур ал бөлмө,
дүйнө бирок тардыгы жок болучу,
ой чабыттын кенен эле өрүшү.

6.

Өзүм менен өзүм анда эндекей,
катышым жок тууган менен жатындаш,
бул дүйнөдө коколой баш бөлүнгөн,
далайларга мен кесел жан көрүнгөм.

7.

Жатакана жашоосу күү-шаң эле,
шаңдуу ошол жатакана ичинде
жантуйгу бир коңшу келин бар эле,
мээрим төгүп, мени аяган жароокер
коңшу келин тырс-тырс кагып эшикти
кирип келсе, көзү күйгөн шам эле.
“Азгырыгың келдим, –  дечү – кечиргин,
келгендигим: сени ойлондум, эзилдим...”

8.

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы...
жатакана шар суунун боюндагы.
Канчалаган кыял, тилек, ырларга
учкан уя сен элең...
Жаштыгымдын жалын кези
өттү сенде жашап жүргөн жылдарда,
калды сенде... көкүрөктө эң аяр
купуялуу сырлар да...

Ошол кез-ай, ошол кез оюмдагы...
жатакана шар суунун боюндагы.
Мен эмнеге сен жөнүндө эстедим?..
Эстегеним: аттанарда өзүңдөн
алыс, алыс көздөгөн
кыялдардын канчасына жетпедим!..
Февраль–март, 2004-ж

ЖҮРӨК
«Оорутпа, – деп айтасың – жүрөгүңдү…»
Жүрөк кантип оорубайт?
Жүрөк оору дегендин
канча бир себеби бар!
Жүрөк ооруп, жүрөк сыздап турбаса –
эт жүрөктүн анда эмне кереги бар?
«Жүрөгүңө баарысын алба» – дейсиң.
Кантип албайм?
Кабыл албай жүрөктүн тереңине,
жүрөктү аяп жашаштын кереги не?

Согуп турган жүрөгүң оорубаса,
сыздабаса, кайгырбаса, толгонбосо…
дүк, дүк этип
булчуң эти серпип-серпип турбаса,
мерес болуп катып калар,
кайгы-капа, ыза-муңду туйбаса.
Бул жүрөктү жүрөк деп эсептебейм:
жалгыз гана өз кайгыга туйласа.

Өзүм гана жүрөк оору болбостон,
жүрөктөрдү оорутуп да, сыздатып,
жүрөктөрдү дүргүтүп
ойготкум келет менин.
Демек анда,
оорлуу болсун дайыма жүрөк демим.

Жүрөктөрдүн каалгасын кагыш үчүн,
ошончолук жүрөктөрдүн кайгысын
жүрөгүмө эң жакын кабыл алам,
кезинде ушул: дүк-дүк деп талыбаган...
4-февраль, 2003-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз