Дэниел Верон: Караңгы доор

  • 22.12.2023
  • 4047

АҢГЕМЕ

Алыстан түнкү караңгылыкка чулганган жалгыз караан акырын жана ишенимдүү кадам шилтеп келатты. Үстүндө жамынган эски, самсаалаган тери, анын согончогуна жетип, жер чийип, бутак-сутактарга илине түшөт. Бул жерде түштүктүн учу-кыйырына көз жетпеген түздүгүнө караганда алда канча тынч эле; чексиздикке созулган мейкиндиктин бул же тигил жеринде жылдыздардын муздак, алсыз жарыгында сырдуу жандыктардын караандары элес-булас көрүнө калып, күңүрт дүйнөнүн жашоочулары кандайдыр бир муңкана үн чыгарышат. Булар эми тигини коркута албай калды. Жан дүйнөсүнүн тереңиндеги сокур сезими денени титиреткен алыскы үндөргө бара-бара көнүп баратты. Эми ал өзү издеген нерсени алар да издеп жатышканын билет. Муну качан билип алганы эсинде жок, бирок ал көп жылдар бою топтогон тажрыйбасынан улам көмүскө жандыктарга сейрек кол салышарын билет. Алардын көпчүлүгү бир жерге чогулуп турушу керек болучу, ал кезде планетадагы жашоо ушунчалык ылдамдык менен жоголуп бараткан учур эле.

Ал өзү кармап алган, жакынкы бир нече саат бою тамак болор түк баскан денелүү жаныбардын жытын сезип, жонунда көтөрүп келаткан баштыгын узун, карылуу колу менен кармалап койду. Анан бир нерсеге ыраазы боло, өзүнчө күңкүлдөп, жолун андан ары улантты. Маал-маалы менен караңгыда көрүнбөгөн жандыктардын көздөрү жылт-жылт этип, көрүнө калып жок болот. Сөөктөн өткөн муздак шамал бак-дарактын бутак-шактарын жылтыраган ак, кочкул жана кызгылт бубак менен каптап таштаган. Ал токойдо көпкө жүрүүгө көнгөн эмес, ошондон улам бул жерден сууктан баш калка кылар жай таба албасын түшүндү. Алыстап да кете албайт эле.

Бир кыйла убакыттан кийин токой четиндеги дөңсөгө жетти. Анын этегиндеги көп жылдар мурда жыгылып калган карт карагайлардын коңулуна боюн жашырды. Анан жерге чөгөлөп отурду да, жонундагы катуу баштыкты алдына койду. Ыкчам кыймыл менен оозун ачып, андан каны тамчылаган түктүү жандыктын денесин алып чыкты. Аны бир нече саат мурда таш менен ургулап, шайманы кетип жатып калганда кармап алган. Карылуу, узун колдору менен бир нече көз ирмем ичинде жандыктын этинен чоң-чоң үзүмдөрдү жулуп алып, биринин артынан бирин сугалактык менен эбегейсиз чоң, араандай ачылган оозуна салып кирди.

Ал бир нече сааттан кийин ойгонду. Суук сөөктөн өтүп, какшатып турду. Адегенде ага токой ичи көрдөй жымжырт болуп сезилди. Бирок дуулдаган шамал өзү менен кошо токой ичиндеги белгисиз жан-жаныбарлардын үзүл-кесил үндөрүн ала келип жатты. Жеңил кыймылдап, карагайдын коңулунан чыгып, керилип-чоюлду. Туш-тарапка көз чаптырды. Ал дөбөнүн этегинде тургандыктан, ага токой көрүнбөдү. Антсе да сокур сезиминин шоораты менен өзүнүн көксөгөн олжосу жакын эле жерде экенин билип турду. Дөбө аркылуу келгени жакшы болгон экен. Оюнда ушундай бүтүм чыгарды. Суук абадан тоңголок муз каптаган таштак жер, оркоюп-соркоюп жаткан сансыз таштар анын басышына тоскоол боло албады. Аттап-буттап жүрүп отуруп, бир нече мүнөт ичинде дөбөнүн башына чыкты. Дал ушул учурда горизонттон кылайып эбегейсиз чоң Ай көрүндү. Бул айлана-чөйрөнү даанарак көргөнгө мүмкүндүк берди. Чыгыш тараптагы өрөөндү тоңуп калган дарыянын нугу бөлүп турат. Анын жээгинде, болгону төрт чакырым аралыкта кандайдыр бир курулуштардын узун көлөкөсү түшөт. Ар кандай шартка каныккан көздөрү курч эле, ошол үйлөрдүн биринин терезесинен жарык чыгып турганын көрдү. Ичинен адамдын карааны өтүп кеткенин байкап калганга үлгүрдү. Тигинин көздөрү асманда жайнаган жылдыздан беш бетер жайнап, чачырап кетти.

Диккердин жүзү кубарып турду, ал терезе тарапка бурулуп, бир кезекте дайрадай аккан кан түспөлдөнгөн кызгылтым шалбаага кайдыгер гана карап турду.

- Азыр канча градус болду? - Адатынча эчактан бери чөгүп олтурган креслодон тура берип, үнүн пас чыгара сурады.

- Эшиктин суугу он беш градуска жетти, - ал аппараттын индикаторун карап олтурган боюнча шарт жооп берди.

Ал экөө баштагыдай эле сөз эмне жөнүндө болуп жатканына маани бербестен сүйлөшүп отурду. Күтүлбөгөн жерден ал көйнөгүнүн көкүрөгүн жагжайта ачып, ага көкүрөгүн жакындатты. Анан колунан акырын тартты.

- Мен жатам. Сен мени менен барасыңбы? - деди.

- Өзүң бара бер, - деп жооп берди Диккер кош көңүл гана.

Сара улутуна берип, алдыңкы ээрдин тиштеди. Көйнөгүнүн көкүрөгүн жапты. Бир аз тунжурап тургандан кийин:

- Биз мунун бардыгын эмне үчүн жасап жатабыз, Диккер? Силер эмнени күтүп, эмнеге ишенип жатасыңар? Же эмне, адамдар, бүтүндөй адамзат кырылып жатканын көрбөй турасыңарбы? - Аялдын үнү калтырап кетти.

- Жок, андай эмес. Жашап кетерибизге дале бизде үмүт бар.

- Бирок эмне кылуу керек? Эркектер менен аялдар бирге жатпай, сүйүү кумарына балкыбай калганын түшүнөсүңөрбү? Ушул башаламандыктан мурда мени көргөндө кайсы гана эркектин болбосун сезими ойгонмок, анан азыр мени менен жатмак. Бирге...

Диккер тултуюп ордунан турду да, аппаратты текшерип кирди. Сара эчак кетип калган.

- Профессор, термометр болгону 19,3 градусту көрсөтүп жатат.

Эртеден бери үн чыгарбай тунжурап, жазып олтурган кагазынан Соломон баш көтөрдү.

- Мен сага айтпадым беле, Диккер. Өткөн жумадан бери термометрдин таякчасы 20 градуска жеткен  жок, мындан ары да көтөрүлбөйт.    

- Демек, бул бүттү дегендикпи?

- Албетте, туп-туура. Биздин жеңиш.

Испан тилинен которгон Мусакун Сатыбалдиев

P. S. Салам, Олжоке, көптөн бери кабарлашпай кеттик. Бир четинен ден соолук, экинчиден үйдөгү көйгөйлөр, үчүнчүдөн Шри Свами Раманын «Гималай йогдорунун арасындагы жашоо» аттуу чоң китепти которуу сени менен кабарлаша албай калганыма себеп болду. Эки күндөн бери Испан жазуучу-фантастынын ушул аңгемелерин котордум. Испан тилинен которгон дегенге таң калба. Гуглдун жардамы менен кыргызчага, орусчага, казакчага салып атып, аңгеменин негизги өзөгүн таптым. Сөздүктө жок сөздөрдү интернеттен издеп, анда болбогондорду автордун өзүнөн сурап тажатып атып, акыры котордум. Ушуну «РухЭшке» берип койсоң жакшы болот эле. Жакында ал менин аңгемелеримден да испан тилине которот.

Саламым менен Мусакун.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз