Бала көрбөгөн бир падыша жашаптыр. Карылыктын карааны жакындаганда артына мураскор калтырыш үчүн бала багып алмай болот. Бир келесоого падышалыгын таштамак беле, акылдуу бала табууну вазирине тапшырат.
Вазир бүт өлкөнү кыдырып, көптөгөн балдарды көрөт. Бирок бир да бала жакпайт. Акыры падышалыктын эң алыскы чек арасындагы кыштакты кыдырып, жолу болбой артка тартмакчы болгондо, наркы четтеги жаман тамдын алдында ойногон кичине баланы көрүп, андан атасы кайда экенин сурайт.
- Жашоону улап жүрөт, - деп жооп берет ал.
- Кандайча жашоону улайт? – түшүнбөй калат вазир.
- Талаага азыр үрөн сепсе, күздө түшүм болот. Түшүм болсо жашоо уланат.
Таң калган вазир апасы каякта экенин сурайт.
- Көз жашын карызга берип жүрөт, - деп жооп берет бала.
- Кандайча көз жашын карызга берет? – түшүнбөгөн вазир кайрадан таң калат.
- Апам өлгөн кошунабыздыкында ыйлап жүрөт, биздикинен бирөө өлсө алар келип ыйлап карызынан кутулушат.
Вазирге бала жаккандыктан дагы сынап сүйлөшмөй болуп, ага шарап алып чыгууну буюрат.
- Барып атыңызды жүзүмгө байлап келсеңиз гана шарап берем, - дейт бала каршы болбогону менен.
Вазир үйдү айлана бастырып бир да жүзүм көчөтүн таба албай кайра келип:
- Айланада бир да жүзүм көчөтү жок экен го, - дейт.
- Бир дагы жүзүмүбүз жок болсо бизде кайдан шарап болсун, - дейт ошондо бала.
Баланын зээндүүлүгү, акылга таяп сүйлөгөнү жаккандыктан вазир:
- Мындай бала мураскерликке татыктуу, - деп аны падыша ордосуна алып кетет.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ