Бир кыштакта эки урушчаак кемпир жашаптыр. Кыштакты кесип өткөн дарыянын бири бул өйүзүндө, бири башка өйүзүндө жашаган бул экөөнүн өз ара урушкан беймаалдыгы алыстарга угулат. Алар күн чыгып үлгүрө электе эле дарыя жээгинде болуп урушун башташып, керээлдин кечке эмненидир талашкан кыйкырыктары тыйылчу эмес экен. Бул экөөнүн кандай талашы, бөлүшө албаган эмнеси барын түшүнбөгөн айылдаштары башында тажап, кийин көнүп деле калышыптыр.
Кемпирлердин биринин эстүү чоңойгон небере кызы бар экен. Чоң энесинин күнүгө болчу дарыя жээгиндеги урушунан уялган ал:
- Чоң эне, дарыяга барбай койсоңуз ал кыйкырып-кыйкырып тажаганда өзү эле тынчыйт, - деп чоң энесине акыл айтат.
- Сен эмне кызым! Мен ал мастанды кантип жоопсуз калтырам? Анын бир да сөзүн жөн кетирбейм! – дейт кемпир чакчаңдап.
Бирок бир күнү ноокастап калган ал дарыя жээгине бара албай калат. Ага түнү бою кам көргөн небере кыз таң атпай дарыя жээгинен урушчаак кемпирдин кыйкырыгы чыгып жатканын угуп басып барат. Эзелки душманы келбесе да анын небереси келгенин көргөн кемпир ажылдап койо берет. Бирок кыз дудуктан бетер үн чыгарбай дарыя жээгинде тура берет.
- Муну көрчү эй! Бул мастандын тукумун карасаңар эй! Дегеле кыйратып койгонсуп турганын! Дегеле каадалуудан бетер! Эй сен эмне барктуу немече бааланасың? Койо тур, колума тиерсиң! Чачыңдан сүйрөбөсөм элеби!..- деп акыры кармана албай калган кемпир этегин көтөрүп, жылаңайлактанып сууну кечип жөнөйт. Дарыя чоң эмес эле, бирок таманындагы таштары сыйгалак болгондуктан кемпир ортосуна келгенде тайгаланып жыгылып, аптыга суу жутуп, өйдө тура албай чабалактай баштайт. Кыз ойлонуп турбай жардам бергени умтулуп, кемпирди жээкке алып чыгып, кургак ташка отургузуп, саксайган чачын оңдоп, түшкөн жоолугун салат.
Кемпир башында унчукпайт, анан көзү жашылданып, аз өтпөй шолоктоп ыйлап кирет. Ал жаш кыздын алдында уялып, кандайча жалынычтуу жакшы сөздөрдү айтып жибергенин билбей калат.
Ошондон кийин ал айыгып чыккан берки кемпирдин жаман сөзүнө каяша айтпагандыктан, уруш өрчүбөйт. Ал тургай бул экөөнүн ортосунда акырындан барып ынтымак жаралат. Мындан улам кыштак элинин да кулагы тынчыйт.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ