ТҮНКҮ ГҮЛДӨР
...Көп күттүм. Күттүм көпкө... Көпкө күттүм...
Кар болуп из түшелек Кадыр түндө,
келет деп, бир жарк этип кадимкиңдей.
Жарыгым, турна мойнум, жаз саамайым
ачылды жылдыз менен түнкү гүлдөр
жалгыз сен ачылбадың, мерес болдуң
жаз саамайым, жарыгым, турна мойнум.
...Көп күттүм. Күттүм көпкө... Көпкө күттүм...
Унчукпай көрүстөндөй дудук болуп,
келет деп таза бойдон, тунук бойдон.
Ардагым, азезилим, көпкөк түшүм
дирилдеп чыйрыгышты түнкү гүлдөр.
Чыкпадың күтүүлөрдүн мечитинен
көпкөк түшүм, ардагым, азезилим...
Көпкө күттүм. Күтө бердим... Күтө бердим...
Кылымдай чети оюлбас кесек-кесек.
Жаш болуп, жаңы болуп келеби деп
жоодурум, көркөм дүйнөм, жүзүм зарым,
түндөрдө канат жайчу түнкү гүлдөй,
а мүмкүн көрүстөндө ачылаармын
жоодурум, көркөм дүйнөм, жүзүм зарым...
1-октябрь, 72-ж.
КӨЗ БАЙЛОО
Тартуулайм таң зоорундай ууз сүйүү!
А сүйүү – зер-алтынсыз даңк күйүтү...
Тартуулайм оттой жанган илептерди
А илеп – кайс-нысапсыз илеп белги (!)...
Тартуулайм таң зоорундай ууз сүйүү...
Жупуну, каш кайтарбас эмес белең.
Жосунсуз эмоцияга делбе болбос...
Жувардай ак аялдын денесинен
Жалакор жапаа чектиң эмне жолдон?!
Жупуну, каш кайтарбас эмес белең...
Мен эми пери болом, түшүңдө ойнойм,
Мен эми кырдан келем, кыдыр болуп.
Мени эми кол жетпеген жылдыз бойдон
Желбирейм жер түбүнөн тынчыңды алып...
Мен эми пери болом, түшүңдө ойнойм...
Сен эми жалгыз мага жетиш үчүн
Тагдырдан, бак-таалайдан кечериң чын.
Сен эми жалгыз мага жеткен күнү
Жашоонун жылтырлыгын, түркөйлүгүн
Туюнуп, алсыз шамдай өчөрүң чын!
Тартуулайм таң зоорундай ууз сүйүү...
Октябрь, 1972-ж.
КҮЙГӨНДҮН АКЫРЫ
Жашыл көйнөк кийип сен,
Жарк деп күлдүң бийиктен.
Жарар бекем шарпаңа
Жаш күнүңө күйүксөм?!
Кызыл көйнөк кийип сен,
Кылт деп өттүң бийиктен.
Кыяр бекен демиңе
Кыз күнүңө күйүксөм...
Кылыч болсом жараган
Кырдан душман караган.
Жебе болсом жараган
Жерден душман караган.
... Көгүш көктө ай чыкты...
Көңүл ыргап айчыктуу...
Жокту эңседим бар болуп,
Барды эңседим жок болуп...
Жоокер болуп төрөлдүм,
Жоболоңдун, эрөөлдүн.
Жок экениң билгенде
Сен өлдүң да, мен өлдүм...
Сүрүн эңсеп кылычтын,
Сүлдөр болдум, тырыштым.
Сүттөй түнгө болупмун
Сүрөөндөшү жыныстын...
Калбыр кылган күнү-түн...
Кайда жарык үмүтүм?!
Кадыр түндүү калемкаш
Кана ыргак, кана уйкаш?
Октябрь, 1972-ж.
* * *
...Өткөндөр шоораты жок өтүп дымсыз
Жутулат ач көзүнө бүтпөстүктүн.
Мен менен өткөндөргө, менин ырым
Тек гана айчык түндө салат көпүрө...
Сен мени бүт түшүнүп бүткөн күнү –
Ал менин өлгөндүгүм, бүткөндүгүм.
Кылымда кызыл коко мунара калып,
не болду? Кайда житти нагыз зергер?
Зак алып, зардеп алып, ырахат алып
Кайлашкан тирүүлүккө кайран эрлер.
Мунара бүткөн күнү унутулар
Зергердин кайс-нысабы барбы менде...
Жүрөккө жеткен күнү жок болуу бар,
Ырларым жок болуунун бир аянты.
Түшүнбө ырларыма, садагасы...
Сен мени бүт түшүнүп бүткөн күнү
Ал менин өлгөн күнүм – бүткөндүгүм...
30-октябрь, 72-ж.
* * *
Шаарды туман чалган жүрөт кечтер,
Сыртта жаз. Тоолордо жаз. Ойлордо жаз.
Сан жылдар зарыктырып, жүрөктү эзген
Сайрандайт качандыр бир “Ойгонуу вальс”.
Дени сак күндөр менен күлүп ойноп,
Бошонуп туткунунан түмөн жылдын,
Күлмүңдөп, күлгүн бойдон, тирүү бойдон
Сен менен сейил дооран сүрөм, курбум.
30-октябрь, 72-ж.
АЙТЧЫ, АЙТЧЫ...
“...айтчы,
уурудай түрмөңө кирейинби,
удургуп жүрөгүңдө жүрөйүнбү?!”
(“Азаттык”) Шербет
Коңурум менин, кайсарым менин,
Не болсун дейсиң?! Кана айтчы эми,
Кана айтчы эми?! Канаттуу перим!
...Ырыңа болоюнбу жарык кептер,
Жылдыздай наркы тоого тайып кетпей
кушмаарек бешенеңде бал-бал жанып,
лоолоюнбу жагалданып...
айтчы...
Жолбашчың болоюнбу?! Генийиң болоюнбу?!
Алдыда болоюнбу?! Же кийин болоюнбу?!
Азаттык үшөйүнбү?! Түрмөгө түшөйүнбү?!
Санжыра жылдарыңдын, кусамат күндөрүңдүн
чынжырын үзөйүнбү?!
айтчы...
Таш болуп катайынбы, Сфинкстей
чөл болуп жатайынбы, бир суу ичпей?
Ойготуп өлгөндөрдү күлкан жагып
жанайынбы күндөн жарык...
...асабаңды жаркыратып...
.....................................................
Жалгызсың ушунчалык... Жалгызымсың ушунчалык...
Жалгызсың, жалгыздыкта жалгыз гана
керекмин саа!
Мен гана!
Мен гана!
1-декабрь, 72-ж.
ЖАРЫК СЕЗИМ
К.Шербетке – жакшы-жакшы каттарга, жарык сезимге, менин тирлигимдеги эң жөнөкөй жана күндүзгү ыр
Түбү-учу жок бу дүйнөдө куник, серт,
Турна мойнум, ууз сүттөй тунуксуң.
Абийир-сыйдан ажыраса бу турмуш,
Ат көтөргүс айыбына туулупсуң.
Болсо дагы биздин сарбан кайчылаш,
Тирүүлүктүн туу белинде бир жолу
Аалам кезген ала булут чокудан
Жок дегенде чогуу ырдайбыз бир жолу.
Мүмкүн бизди тосуп тураар айрылуу,
Мейкиндикте, убакытта көк мөлтүр.
Күйөөр биздин сагынычтуу көзүбүз,
Көрүстөнгө берип муңдуу көкмөл түр.
Сүйөм сени, максат кылбай сүйөмүн,
Зардеп кылбай урук-нуркту, жынысты.
Жымсыз түндө жылдыз уурдап теңирден,
Кылмыш кылдың, муз денемди жылыттың.
Күн тутулган күрөң күнү жолуктум,
Жолугуулар күтөт бизди даа кайдан?
Быт-чыт кылган нерселердин тартибин
Түштөгүдөй аян жансың дагы айтам:
Түбү-учу жок бу дүйнөдө кунук, серт,
Турна мойнум, ууз сүттөй тунуксуң.
Абийир-сыйдан ажыраса бу турмуш,
Ат көтөргүс айыбына туулупсуң.
1-январь, 1973-ж.
* * *
Кургак, кургак, сөздөй кургак жаады кар.
Мен капаста. А азатта – январь.
Аппак, аппак шейиттей ак кийинген,
Оттой ысык эрди менен Джинндин[1],
Жарым өлүп жатканымда ойготуп,
Ысык шыбыр деди мага: «Ой, корком,
Муздаксың сен, таштан дагы муздаксың,
Маа акпадың! Түндүккө актың. Музга актың.
Сүйөсүң сен ачык дагы, тымызын.
О мени эмес! Атак-акча ырысын.
Көрөсүң сен, чындыкта эмес, түшүңдө
Жаткансыйсың сербаа, ыйык төшүндө.
Жатуум керек... андан башка мен эч ким.
Акча сындуу, чыны сындуу, чылым сындуу керекмин...
Анда неге ноода болдум, эридим?
Анда неге ысык денем, эриним?
Керек болсо закым менен шамалга
Мүрзө бетин жылытмакмын мен анда.
Дүйнөдө жок, эки тирдик, эки өлүм!
Акмаксыңар! Бобби Фишер экөөңөр...»
Кургак, кургак сөздөй кургак жаады кар.
Мен капаста. А азатта – январь.
3-январь,73-ж.
[1] Джинна Лоллобрижида