Аксана Исмаилбекова: Саясый «айлампаны» талкаласа болобу?

  • 01.12.2020
  • 5061

«Карусель» же кыргызча «Айлампаны» талкаласа болобу? Постсоветтик формалдуу эмес башкаруу шартында жаңыдан пайда болуп жаткан саясатчылардын кырдаалы

Мен Кыргызстандын саясый лидерлеринин расмий эмес башкаруусу боюнча изилдөө жүргүзүп келем. Алгач, Кыргызстандын акыркы саясый тарыхына кайрыла турган болсок, биз көп нерсени түшүнө алабыз. Тактап айтканда, изилдөөлөрүмдүн негизинде, Кыргызстандын баардык президенттери конституцияны өз кызыкчылыгына ылайыкташтырып өзгөртүп келишкен. Расмий эмес башкаруу системасы ар кандай режимдерге ылайыкташып, конституциялар алар үчүн  иштеп келген. Азыркы учурда кайра эле баягы каруселге бара жатабыз. Кантип ошол каруселди сындырса болот деген суроо туулат?

Ал үчүн расмий жана расмий эмес башкаруунун ортосундагы айырманы билүү керек. Расмий жана расмий эмес башкаруунун диалектикалык байланышы, ошондой эле анын Кыргызстандагы коррупцияга түздөн-түз таасири бар. Расмий саясый системадагы өзгөрүүлөргө карабастан, формалдуу эмес башкаруунун логикасы, өзүнүн жазылбаган эрежелери жана практикасы сакталып кала берет. Расмий эмес башкаруунун өз укуктары, милдеттери бар жана алардын бардыгы саясый таасирди, санкцияларды жана ресурстарды багыттоо жана башкаруу үчүн иштешет. Эң кызыгы – расмий башкаруу системасынын артында  ар дайым Расмий эмес башкаруу турат. Муну менен эмнени айта алабыз, формалдуу да, формалдуу эмес да башкаруу системасы ресурстарды жана бийликти бөлүштүрүүчү функцияларга ээ. Жана бөлүштүрүүнүн артыкчылыктарына жетүү же аларды четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз катары колдонулат.

а) Эл кайсы каталарды кайталап жаткандыгын түшүнүү үчүн;

б) Саясый реформалар жана коррупцияга каршы кыймылдар ийгиликсиз болуп жатканды билүү үчүн;

булардан мурун эң ириде расмий эмес башкаруу жөнүндө тереңирээк билүү  керек.

Ошол расмий эмес башкаруу системасы дайыма  реформаларга тоскоолдук кылып келет. Азыркы учурда биз реформанын ордуна, мыйзам бузууларды ачык көрүп жатабыз. Өзүнүн ийкемдүү жана ар тараптуу мүнөзүнөн улам, формалдуу эмес башкаруу практикасы ар кандай формалдуу саясый системаларга ылайыкташууга жөндөмдүү. Бул саясый башкаруу системасынын ачык-айкындуулугуна зыян келтирет жана коррупциянын натыйжаларын контролдоого терс таасирин тийгизип, институционалдык өнүгүүгө жол бербейт. Бул система жаштарга жол бербей, ачыктыкка жана адилеттүүлүккө тоскоолдук кылат.

Экинчиден, формалдуу эмес башкаруунун ички функциясын билүү маанилүү. Тагыраагы, карусель деген түшүнүк (токтобогон айлампа). Бул "карусель" системасы мурунтан эле бирдей схемаларды карманган: биргелешип иштөө, көзөмөлдөө механизмдери жана маскировка.

Кызматташуу топторго же тармактарга тартуу менен байланыштуу. Кызматташуу көпчүлүк учурда Акаев, Бакиев жана Жээнбековдун доорундагы жакын туугандык байланыштар, достор жана регионалдык иденттүүлүктүн айланасында жүргөн. президенттер лоялисттерди көбөйтүү үчүн тууганчылыктын жана регионалдык картаны ойношту. Ошентип, кызматташуу саясый максаттар үчүн курал катары колдонулган. Атамбаев өзүнө жакын адамдарды бириктирүү үчүн дайындоо жолу менен Түштүк менен Түндүктү тең салмактап, аймак-аймак болуп бөлүнүүдөн жана тууганчылыктан чыгып, башкача жол менен жүрдү. Мисалы, анын достору, партиялаштары, кеңешчилери, ал тургай айдоочулары таасирдүү кызматтарга ээ болушкан. Бул анын мурунку президенттерден айырмаланып, өз бийлигин легитимдештирүү жолу эле. Бирок баарибир өзүнө жаккан лоялдуу топту курганга аракет кылган.

Көзөмөлдөө механизмдери атаандашкан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салууда жана тармактар ичинде тартипти камсыз кылууда жасалган. Бардык президенттер оппоненттерин демонстрациялык жазалоо жана тандап камакка алуу аркылуу түздөн-түз көзөмөлдү колдонушту. Бул жакка коррупциялык чуунун баары кирет. Атамбаевдин тушунда оппозиция активисттери ар кандай коррупция боюнча айыпталып камалышкан. Бирок Бакиевдин тушунда, эгерде оппозиция лидерлеринде президентке каршы жетиштүү компроматтар болсо, аларды камакка алган, кээде  көзүн тазалап, өлтүргөнгө чейин барышкан. Акаев камакка алуу жана ээлеген кызматынан алуу ыкмасын колдонгон. Жээнбеков болсо парламентти кайырмакка салып кармап турчу, бир нерсе десе компромат менен коркутканды адат кылган.

Камуфляж же маскировка – бул расмий эмес бүтүмдөр демократиянын институционалдык фасадынын артында жана мыйзам үстөмдүгү менен жүзөгө ашыруу. Демократиянын маскировкасы дээрлик бардык президенттер тарабынан кеңири колдонулуп келген. Айрымдар бул риториканы башкаларга караганда көбүрөк колдонушкан. Атамбаев менен Жээнбеков көбүнчө антикоррупциялык өнөктүктөрдү колдонуп, өз тобунун кызыкчылыгын көздөп, саясый лидерлерди мыйзамдуу түрдө куугунтукташкан. Азыркы учурда, Садыр Жапаров болсо люстрация же реформаны маскировка кылып колдонууда.

«Айлампаны» талкалоо?

Учурдагы "карусель" же расмий эмес саясый система 2020-жылдын 5-октябрындагы Революция менен аяктап,  жаш муундардын, аялдардын аракеттери жана алардын үндөрү менен коштолгон. Угулбай жүргөн жаштардын жана аялдардын үнү угулду, себеби азыр социалдык медиа аябай жакшы өнүгүп жатат. Социалдык тармактарды колдонгондор арасынан үнү ачык-айкын угула турган адамдардын күчүн белгилөө өтө маанилүү. Жаштар болсо эскилер кетип, жаңы муундун өкүлдөрү келсин деп талап кылышууда. Бирок ошол эле учурда фейк жаңылыктар чыгып жатканын байкап жатабыз. Маргиналдашкан жаштар жылдап айланып келе жаткан эски саясый система же башкача айтканда, каруселге кол салышты. Бул жагынан алганда, Интернеттин же социалдык тармактардын ролу чоң. Ар кандай либералдык, диний, салттуу көз караштагы жаш муун өсүп келе жаткандыктан, муун маселеси күн тартибине коюлат. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, дагы бир жагдай – бул эски системага шек келтирген социалдык тармактардын, күчтүү жарандык коомдун, ошондой эле сырт жактан акча которуулардын ролу аябай чоң. Бирок эски системадагылар ар кандай жолдор менен өз кызыкчылыгын колдоп, бийликти бербей келишет.

Шайлоо, COVID-19 сыяктуу глобалдык пандемия шартында өттү, ал саламаттыкты сактоо системасынын кыйрагандыгын баса көрсөтүп, бир ай ичинде 1200ден ашуун адам өмүрүн алып кетти. Өкмөттүн шалаакылыгы барган сайын сын-пикирлерди жана ишенбөөчүлүктү күчөттү. Жаштар гана келип, өкмөт менен кошо иштешип, дарыгерлерге медициналык жабдууларды, гуманитардык жардамды жана экономиканы коргоо үчүн коопсуздукту уюштуруп турду. Ошентип ыктыярчылар Кыргызстандагы өкмөттүн ролун өз колуна алып, ыктыярчылар тобу жаш саясый лидерлерге айланды.

Кыргызстандагы эң "үнсүз" үндөр: жаштар жана аялдар

Кыргызстандык коом патриархалдык мүнөзгө ээ жана жаштар менен аялдардын мааниси жарым-жартылай изилденбеген жана таанылбаган маселе, анткени бул топторду өзүлөрүнүн тилинде “угуу” мүмкүн эмес. Анткени, өйдө жактагылар өзүлөрү "доминант" топтордун тилинде же патриархалдык үн менен сүйлөшөт. Азыркы учурда Садыр Жапаров, ата катары каралып, жаштардын үнү такыр эле угулбай калды. Кыргызда кичүүнү ызатта деп келишкени менен, өкүнүчтүүсү: азыркы учурда эскилер салтты өз кызыкчылыгына колдонуп, жаштар силер эч нерсе билбейсиңер, биз сүйлөйбүз деп, маргиналдык топтордун үнүн айтып жатышат.

Кыргызстандагы азыркы кырдаал бул "үнсүз" топтор патриархатка каршы турарын көрсөттү. Алар муну социалдык тармактар аркылуу, о.э. алардын үнү угулуп жатканына жана дискуссияга аралашып жатышат. Алардын үнү мурдагыдай жетпей калбай, канчалык жаштардын үнүн жапканга аракеттенгени менен, социалдык тармактардын ролу чоң болуп, жаштардын бири-бири менен маалымат алмашуусунда гана эмес, буга чейин маргиналдашкан топтордун баарлашууга катышуусунда да маанилүү болууда. Азыркы учурда кандай гана мазактаган кыска роликтер чыгууда: Камчы, Камчыны камады, спектакль, шоу, анекдоттор чыгып жатат.

Мен сүйлөшкөн жаштардын айтымында, алар жаш муундардын жана аялдардын парламентте өкүл болушун каалашат, анткени ушундай адамдар гана кырдаалды башка нукка өзгөртө алышат. Алардын ою боюнча, дал ушул жаштар шайлоого тоскоол болгон коррупциялык аракеттер менен криминалдык бийликке жол бербей, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, коңгуроо кагышууда.

Кыргызстандын келечеги – жаштардан жана алардын күчтөрүн бириктирүүдөн көзкаранды. О.э. саясатта эски системадагы көз караштан тайбаган элита алмашуусу зарыл. Эгер системаны алмаштыруу керек болсо, алардан көзкарандысыз болууга тийиш экендигин баса белгилегим келет. Себеби жогоруда айтылгандай, карусель айланып кете берет, бирок ушул айлампанын иштешин токтотуу жаштардын гана колунан келет.

Азыр биз көрүп жаткан эски системанын кыйрашы гана эмес, эски элита бул аракетке жол бербейт же болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайыкташууга аракет кылышат. Айлампа иштеп жатат!

Аксана ИСМАИЛБЕКОВА, илимий-изилдөөчү, Лябниц-Чыгыш Таануу жана Изилдөө борбору, Берлин шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз