Эсенбай Нурушев: Айтматов – улуттук антропос

  • 12.12.2020
  • 4285

Белгилүү публицист жана адабиятчы Эсенбай Нурушев менен КР эл акыны Карбалас Бакировдун маеги...

- Урматтуу Эсеке! Белгилүү адабиятчы, сынчы, жарык чачкан акын, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитов: “Кыргыздардын доорун экиге бөлөмүн. Биринчиси – байыркы, экинчиси – Айтматов дүйнөлүк адабиятка кирген учур” дегендей оюн айткан эле. Муну кандай түшүнсөк болот?

- Туура, бейиши болгур Салижан агай ушинтип айтат эле. Бу кыргыздын Айтматовго чейинки тарыхы бир тең да, Айтматовдон башталган тарыхы бир тең деп калар эле. Чын да, кыргыз кыргыз болгону караңгыдан жол тапкан далай эле даанышмандары, капилеттен сөз тапкан ак таңдай акындары, жетимиш илек кол келсе, жеке кирип кол салган баатырлары, айтор, кыйынчыкма, таланты ташыган уул-кыздары көп эле болгон, бирок аларды ашып эле барса Алтай, Монголия, Орто Азия чөлкөмү билгендир, болбосо алардын көбү кыргыздын ичинде гана айтылып калган. Айтматов болсо дүйнөнүн Батышы менен Чыгышына, Түндүгү менен Түштүгүнө бирдей алынган, таанылган жалгыз кыргыз болду. Аны азыркы көңкү түрк тургай, орустар, азиялык айрым элдер өз өкүлүндөй эсептешет.

Бир окуяны айтып берейин. 1987-жылы Горбачевдун визитине байланыштуу ошо кездеги союздан отуз-кырктай журналист Индияга барып калдык, арасында азиялыктардан жалгыз мен экемин, Делинин аэропортунда паспорт текшерип отурган чек арачылар мага ылым санагансып: “Ташкент?! Ташкент?!”- деп жылмайып калышты. Башымы чайкап, Фрунзе, Кыргызстан десем, делдейе түшүп, ийиндерин куушуруп, тээ Сибирде жашаган жымшык көздүү туугандарыбыздан окшойт деп ойлошту көрүнөт, ”окей, окейлешип”  тим болушту. Анан арыраак басканда Айтматов эсиме келе калды, билер бекен дегенсип анын атын айта койдум эле, жана сустая түшкөн тигилер жакын бирөөсүн көргөндөн бетер: “О, Айтмат-ов! Жамийла, Белый параход!”- деп шадыраңдап кол чаап жиберишти. Бир-экөө келип колумду кармап, Айтматовдун өзүн көргөндөн бетер бирдемелерди айтып, кудуңдап жатышты. Ошондо бир чомочом көтөрүлгөнүн айтпа, ата! Кыргыз болуп калганыма, ушу кыргыздан Айтматов чыгып калганына ичимен миң ирет кудайга тобо кылып, жайдаңдап кеттим.

Мейманканада чогуу турган бир орус жигит: “Браток, они тебя встретили как самого Айтматова, вот что значить быть всемирно известным писателем!” – деп далыман таптап койду. Эртеси бизди коштоп жүргөн тилмечтен сурасам: “Айтматов Индияда өтө популярдуу, аны биз өзүбүздүн жазуучудай эле көрөбүз”,- деп айтты.

XI кылымда байыркы грек тилинде жазылган Корпус Герметикум - Corpus Hermeticum деген трактатта  антропос, жетинчи эон деген түшүнүк бар, Карбалас,  ал биринчи адам (первочеловек) дегенди билдирет, баары ошондон башталган делинет. Рухий мааниде алганда бизде эки Антропос бар, биринчиси – Манас, байыркы доордогу биринчи кыргыз - первокыргыз. Экинчиси – Айтматов, ал бизге соңку доордогу биринчи кыргыз (первокыргыз), улуттук Антропос болду, б.а. биздин жаңы замандагы башталышыбыздын башталмасы болду.

Ыракматы Салижан агайдын өйдөдө сен айткан сөзүнүн маанисин мен ушунтип чечмелейт элем.  

- Чыңгыз Айтматов феномени айтып бүткүс, түгөнгүс тема дешет. Анын аалам адабиятына алып келген жаңылыгынын өзгөчөлүгү эмнеде?

- Бул эми чоң сөз, Карбалас. Экөөбүз бир отуруп эле түгөтүп салар тема эмес. Ошентсе да жеке пикир иретинде мен бу жерде бир эле нерсени айта кетейин. Маселен, “Гүлсараттан” тартып Айтматовдо киши-кейипкерлер менен бирге жаныбар-кейипкерлер пайда болгон. Жорго Гүлсары, Каранар буура, Акбара бөрү, акырында Жаабас илбирс. Алардын баары чыгармалардын башкы каарманы болуп алынган. Ушул жосундан Айтматов өмүрү өткөнчө жанган жок. Ар бир ирет чыгарма жазган сайын ага кайсы бир жаныбарды каарман кылып алган дүйнөдө кайсы жазуучу бар? Мен, маселен, билбейм. Сен билесиңби?

- Мен да билбейт экем. Айтматов эмне үчүн минткен?

- Адатта кишилер ким бирөөнү жек көргөндө “айбан” деп тилдейт эмеспи. Ушунун өзүндө эле адам айбандардан өйдө турат деген текебер ой жатат. Иш жүзүндө болсо биз “адамгерчилик” деп атап алган касиеттер ошол айбандарда көп болот экен.  

Айтматов өзүнүн айбан каармандары аркылуу, биринчиден, адам баласы качан адам болоруна жооп издеди, алар аркылуу “эмнеге жашарын так билбеген жападан-жалгыз айбандын –адамдын” (Э.Фромм)  табышмактуу насилин, анын табиятын түбүнө чейин түшүнүп бүтпөсө да башкаларга караганда кыйла терең таанып-биле алды. Экинчиден, ошол айбан каармандар аркылуу жазуучу азыркы цивилизациянын кризисине чыкты. Эгер илимпоздорго ишенсек, жан-жаныбарлар болбогондо адамзат азыркыдай маданиятка, цивилизацияга жетмек эмес, балким, ал жер бетиндеги коколой жалгыз айбан бойдон калмак экен. Демек, айбанат дүйнөсү жок болсо, адамзат өзү да жок болот.

Айтматовдо ушул ой улуу метафора катары бүткүл чыгармачылыгын аралап өтөт: бугуну өлтүрүшкөндө бала балык болуп сүзүп кетет; Гүлсары өлгөндө Танабайдын өмүрүнө кеч кирет; Акбара өлгөндө Базарбайды Бостон атып салат, бирок анын өзүнө да кыямат келет; Жаабарс менен Арсен браконерлердин огунан бир үңкүрдө өлөт.

Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы бир өзгөчөлүгү, менин жеке пикиримде, мына ушул. Башка жактары, жаңылыктары да көп дечи, албетте, бирок аларды чекенелеп айтып чыгыштын өзү бир топ убакытты алмак.    

- Мен 2002-жылы сентябрь айында Чыңгыз агабыз менен эки күн шашпай отуруп маектешкен элем. Ошондо ал киши дин маселелери боюнча темага кайрылып: “Дүйнөлүк диндердин баарын бириктирейин деген асыл аракетим аттиң, ишке ашпай калды!..”- деп өтө өкүнүч менен айткан эле... Залкар жазуучунун ошондогу максатынын мааниси эмнеде жатканын чечмелеп бере аласызбы?

- Мындай да, Карбалас. Бу аалам бирөө, Жер бирөө, иши кылып, адамзатка бир эле дүйнө буйруган. Дин да ушуну айтат: бир кудай бар, бу ааламды ошол жараткан деп, туурабы?! Бирок ошол эле Ибраим пайгамбардан тараган диндерде алар үчөө болуп атпайбы, еврейлерде - Яхве, мусулмандарда – Алла, христиандарда – Ииусусту кудай тутушат, болгондо да алар бир бирин кабыл албайт, тааныбайт: ар бири мага гана ишен, менден башка кудай жок дешет. Буддизмди, индуизмди айтпай эле койолу, аларда кудайлар эсепсиз, мисалы, “Ригведанын” тексттеринде  миллионго чукул кудайдын аты аталат экен. Ошондо суроо пайда болот да: анда бу ааламды кайсы кудай жараткан?

Айтматов “Кыяматта” ушул соболду коюп жатпайбы: Авдий Каллистратов жалпы адамзат Борбордук бир кудай менен жашаса болбойбу деген ой жоруму үчүн семинариядан куулат.

Балким, жазуучу ошондо эле интеллектуалдардын Ысык-Көл шернесине окшотуп, же ошонун уландысы кылып дүйнөлүк диндердин өкүлдөрүн жыйнасамбы деп кыялданса керек. Бул идеяны Айтматовдон бир топ кечигип, атап айтканда, 2014-жылы Израилдин мурдагы президенти Шимон Перес козгоп, Рим папасына “диний ООН” түзүүнү сунуш кылган. Ал азырынча кыялый план бойдон турат, бирок адамзат бу жагынан эртедир-кечтир ойгонот, антпесе ал кыяматка туш болушу мүмкүн.

Айтматовдун алысты көрө билген озук ойчулдугун ушундан да байкасак болот.

- Лениндик сыйлыктын лауреаты, Дагестандын улуу акыны Расул Гамзатов Чыңгыз Айтматовго:

“Скачи, наездник, на коня надеясь,
Касайся неба и не знай преград,
Мой именитый полуевропеец,

Мой знаменитый полуазиат”,- деп арнаган ыр саптары менен эмнени айткысы келген?

- Жеке мага койсо Гамзатовдун аталган саптарын мындайча чечмелейт элем: билесиң да, күнчыгыш менен күнбатышты эзели бирикпес маданияттар катары караган көз караштар менен теориялар, алардын ичинде цивилизациялар кагылышы деп аталган (Хантигтон) чуулгандуу концепция бар, алардын тегерегинде талаштар ушу күнгө чейин бүтпөй келатат. Гамзатов бу жерде Айтматовду дал ошол теорияларды төгүнгө чыгарган жазуучу деп атап жатат. Анткени анын чыгармаларында Батыш менен Күнчыгыш маданиятына, жалпы философиясына ортоктош идеялар бар, ошону үчүн аны “жалпы адамзаттын ойчулу” деп атыктырышты.

Азыркы орус жазуучуларынын бири улам барган сайын Айтматов жаңы кырларынан ачыла берет, ал адамзат тарыхына такылеттик улуу жазуучу, ойчул катары кирет деп айткан эле. Менимче, ушу сөздө чоң чындык бар.

Маектешкен Карбалас БАКИРОВ

“Эркин Тоо”, 2020-жылдын 11-декабры.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз