АҢГЕМЕ
Эрбо[1] өрөөнүндө узатасынан кеткен, бозоргон дөбө жатат. Карк эткен карга, курк эткен кузгун жок, же кыбыр эткен жан болсочу, куураган бирин-серин дарактар өскөн дөбөнүн жанында, эки рельстин ортосунда Күнгө какталып темир жол бекети жайгашкан. Бекет жанындагы имараттан түшкөн көлөкө жер аптапка куйкаланып, абасы үп. Ал жердеги бардын эшигине чымын кирбес үчүн бамбук таякчаларынан парда тартылып коюлган. Америкалык жаш адам жана анын жанында бойго жеткен кыз дал ошол имараттын көлөкөсүндөгү үп тарткан жайдагы үстөлдө олтурушат. Күн куйкалап тийип, бекетке Барселонадан келчү экспресс поездге дагы кырк мүнөттөй убакыт бар. Экспресс поезд бул жерге эки мүнөттөй токтойт да, Мадридди көздөй сапар улайт.
- Эмне ичебиз? – деп сурады кыз. Анан башындагы шляпаны чечип, үстөл үстүнө койду.
- Күн тим эле куйкалайт. Шамал болсо өлөбү, - жаш мырза кабагын чытып, тияк-биякка көз жүгүрттү.
– Бирден муздак пиво ичели анда.
- Dos cervezas![2] – жаш мырза парданы карап кыйкырды.
- Чоңунанбы? – деп сурады аял парда тартылган эшик ичинен.
- Ооба, эже. Чоңунан экини.
Ичкериден аял эки чоң кружкага көбүртө куюлган пивону алып келип, кийиз түпкүчтөрдү үстөл үстүнө коюп, алардын үстүнө кружкаларды койду да, алгач эркекти, анан кызды бир тиктеп алды. Кыз бет алдында жаткан дөбөдөгү кыраң жолдорду карап турат; Кыраң жолдор кургактан кагжырап, айланада куйкалап тийген Күндөн куурап, бозоргон талаа жатат.
- Каргыш тийип, мар жылан жалмап кеткендей жер, - деди кыз бозоргон талааны тиктеген калыбында.
- Мар жылан дейсиңби? Көрбөптүрмүн андайды, - деди эркек. Алдындагы пиводон тамшана тартып жиберди.
- Көрбөгөнүң жакшы.
- Жок, көрүшүм керек ошону, - деди жаш мырза, - Көрбөгөнүң жакшы дебе, көргүм келет ошону.
Кыз бамбук таякчалардан жасалган парданы тиктеп калды.
- Парданын бетине эмне деп жазып койгон? – деп сурады кыз, - Anis del Toro дейби, эмне экен ал?
- Anis del Toro. Ичимдиктин бир түрү.
- Ичип көрсөк кантет?
- Бери карап койгулачы! – деп кыйкырды жаш мырза. Ичкериден жанагы аял чыгып келди.
- Дагы кайталайынбы?
- Жок. Бизге эки стакан Anis del Toro.
- Суу мененби же?..
- Суу менен ичесиңерби дейт? – жаш мырза кызга кайрылды.
- Ммм. Билбесем, - деди кыз, - Суу менен ичсек жакшыбы?
- Жарайт. Суу менен, эже! – жаш мырза аялга карап кыйкырды.
- Суу менен ичсек жакшы де? – кыз жаш мырзага кайрылды.
- Өлөт да.
- Угут даамданат, – деди кыз ичип жаткан кружкасын үстөл үстүнө коюп.
- Баарында ошондой болот.
- Ооба, - деди кыз, - Баары эле угут даамданып, ичиңди зарына кылат. Өзгөчө сен бир нерсеге үмүт артканда. Баары эле куруп калат.
- Уфф! Болду, токтотчу, эй.
- Сен баштадың баарын, - деди кыз. – Менде баары сонун болчу.
- Жарайт. Азыр деле баарын сонун кылалычы.
- Макул. Мен кылып эле жүргөм. Болгону тиги турган дөбө каргыш тийип, жылан жалмап кеткендей дедим. Ушу жаманбы?
- Жаман эмес. Эң сонун.
- Мына, ичимдиктин даамын татып көргүм келди. Биз сапарга жаңы жерлерди көрүп, ар кайсынын даамын татып көрүүгө чыкпадыкпы, туурабы?
- Ошону айтып жатпаймынбы.
Кыз бозоргон дөбөлөргө көз жүгүрттү.
- Кандай ажайып дөбө, - деди кыз. - Каргыш урган, какшаал дөбөгө деле окшобойт. Мен болгону дөбөнүн бозоргон өңүн, андагы куураган дарактарды көрүп, ошентип айттым окшойт. Кел, дагы ичели.
- Кел.
Ысык шамалга бамбук таякчалардан жасалган парда желпинип жатты.
- Пивосу жакшы экен. Даамдуу, анан муздак, - деди жаш мырза кружкадагы пиводон кулкулдата жутуп.
- Керемет, - деди кыз.
- Бул өлгүдөй жеңил операция, Жиг, - деди жаш мырза бир аздан соң. – Мындан эчтеке болбойсуң.
Кыз башын шылкыйтып, үстөлдүн астын тиктеди.
- Бул сунушумду туура кабыл алып жатканыңа бөркүмдөй ишенем, - деди жаш мырза. – Укол менен эле бүтө турган иш.
Кыз мелтиреп, эчтеке деп жооп берген жок.
- Мен кайда барбайлы, кайда жүрбөйлү, дайыма сенин жаныңда болом, - деди жаш мырза. – Болгону сага укол берет, анан баары жакшы болот.
- Андан кийин экөөбүз эмне кылабыз?
- Андан кийин сен экөөбүздөн өткөн бактылуу адам жок. Мурда кандай бактылуу элек, кийин да ошондой болот.
- Эмнеге мындай деп ойлойдуң?
- Ушул гана жүрөгүмдү өйүп жатат. Сен экөөбүздүн бактыбызга ушул гана жолтоо.
Кыз бамбук таякчалардан жасалган парданы караган калыбында, андагы эки таякчаны кармалап калды.
- Ошондон кийин эле экөөбүз жыргап, бактылуу жашап калабыз деп ойлойсуңбу? – деди кыз.
- Анан баары жакшы болот, жаным. Мага ишенчи. Коркпо, баары сонун болот. Ушундай жолго барган көп эле адамды көргөмүн.
- Мен дагы көргөм ошондойлорду, - деди кыз. – Кийин анан жыргап кетишкендерин да көргөм.
- Эмесе мындай, - деди жаш мырза, - Эгерде каалабай жатсаң, анда кылбай эле кой. Мен сени зордоп жаткан жерим жок. Болгону бир арзыбаган нерседен коркуп жатасың.
- Сага ушул эле керекпи?
- Мен болгону эң жакшы жолу ушул дедим. Сени бирөө зордоп, кыл деп жаткан жери жок.
- Ушуну кылсам эле менин кадырыма жетип, сени сүйөм, сен үчүн керек болсо өлөм деп жатып калат экенсиң да, ээ?
- Мен сени азыр да сүйөм. Билесиң го.
- Билем. Ушуга макул болсом эле, баары өз ордуна келип, каргыш тийгир, жылан жалмап кеткендей дегенимде, ачууланбай да калат экенсиң да?
- Мен сени гана сүйүп өтөм, жаным. Ачууланган деле жерим жок. Болгону, билесиң го, мен бир нерсеге кыжаалат болгонумда ушинтип калам.
- Сен айтканды кылганымдан кийин, мага ачууланбай да калат экенсиң да, демек?
- Буга кыжаалат деле болбойм. Мындан эчтекебиз кемип калбайт.
- Макул, барса барамын ушул жолго. Мага да эми баары бир.
- Кандайча мага да баары бир?
- Эмне болсо, ошол болсунчу.
- Кой, андай дебе. Сен мага керексиң. Сен үчүн баарына даярмын.
- Кыйратасың. Сага да жок, мага да жок анда. Ошону менен эле жыргап кеткенибизди көрөм.
- Андай болсо, кылбай деле кой, айланайын, - күңк этти жаш мырза нааразы үнү менен.
Кыз ордунан ыргып турду да, бекеттин этегине дейре ойлуу басып барды. Бет маңдайда жаткан талаада Эбро дарыясынын жээктерин бойлоп дарактар, дандуу өсүмдүктөр ысык шамалга ыргалат. Дарыянын ары жагында, алыс жактан тоолор көрүндү. Ак булуттун көлөкөсү дандуу өсүмдүктөрдү, дарактарды аралай жылып, кыз дарактардын арасынан шаркырап аккан дарыяны көрдү.
- Мунун баары экөөбүздүкү болчу, - деди кыз. – Баары экөөбүздүн алаканыбызда эле. Эми ошол колдо турган нерсени жоготкону жатабыз.
- Эмне дейсиң?
- Эмне демек элем. Бизде баары жакшы болчу дедим.
- Бизде дагы да баары жакшы болот, буюрса.
- Жок. Эми кеч.
- Бүткүл дүйнө биздин колубузда.
- Койсоңчу.
- Дүйнөнүн төрт бурчун тегеренсек болот.
- Адашасың. Бул дүйнө эми биз үчүн эмес.
- Бул дүйнө биздики.
- Жок. Баары кеч болуп калды. Колдон учкан бакыттын, туурга кайра конушу кыйын.
- Биз колдон эч нерсени учурган жокпуз да.
- Көрөбүз. Колдон эмнени учуруп жибергениңди кийин билесиң.
- Жүр. Көлөкөгө туралычы, - жаш мырза чакчайып тийген Күнгө бир карап алып, кызга кайрылды. – Кыжаалат болбо, жаным.
- Кыжаалат деле болгонум жок, - деди кыз. – Алдыда эмне болорун баарын жүрөгүм менен сезип, түшүнүп турам.
- Э, каалабасаң кылбай эле кой дедим го, айланайын! Мен сени зордоп жатамбы?
- Мага ичкенге болбосо керек. Билем, - деди кыз. – Же дагы пиво ичсекпи?
- Жарайт. Бирок ушуну сен кылышың керек, берекем. Антпесек…
- Ой, болдучу! Макул дедим го, - кыз кызаңдай кетти. – Ушул теманы токтотолучу, ээ?
Алар ордуларына кайтып келип, үстөлгө олтурушту. Кыз мелтиреп, маңдайда жаткан суусуз, куурап жаткан кайракы дөбөгө дагы көз жүгүрттү. Жаш мырза бирде кызды суроолуу тиктеп, бирде үстөлдү тиктеп, үн-сөзсүз.
- Муну сөзсүз кылбасаң болбойт, жаным, - бир маалда жаш мырза агынан жарыла кетти, - Бул жерде эгер каалабасаң, мен сени зордоп жаткан деле жокмун, туурабы? Эгер сага ушул ошончолук эле керек болуп жатса, мейли, мен деле каршы эмесмин анда.
- Сага эмне мунун кереги жокпу? Экөөбүз бир ыкка келип, жакшы жагына чечип коёр иш болчу.
- Мага деле керек болчу. Бирок азыр мага ашка жүк, башка жүктүн кереги жок. Болгону сен гана керексиң. Мындан оңой эле кутулсак болот.
- Ооба десең. Бул бейтаалайдан оңой эле кутулсак болот.
- Сен ар кайсыны айта бересиң, бирок бул жерде меники туура.
- Бир нерсе айтсам азыр аткарасыңбы?
- Аткарам, алтыным.
- Анда безилдебей, сайрабай тура аласыңбы? Суранам, садагаң кетейин. Тынчып калчы бир аз.
Жаш мырза аюудай үңкүйүп, унчукпай калды да, бекеттин дубалына жөлөнгөн жүктөрүнө карады. Дубалда алар түнөгөн ар кайсы мейманканалардын тизмеги жазылып коюлган.
- Мен сени жарга такап жаткан жерим жок, - деп күңкүлдөдү жаш мырза бир топтон кийин. – Бирок мунун мага кереги жок.
- Жин ургандай кыйкырам азыр, - деди кыз.
Парда ачылып, ичкериден баягы аял эки кружка пиво алып келди, үстөл үстүндөгү нымдалган кийиз түпкүчтөргө кружкаларды койду да, аларга карап: – Беш мүнөттөн соң поезд келет, - деп күңк этти.
- Эмне деди? – деп сурады кыз.
- Беш мүнөттөн соң поезд келет дейт.
Кыз аялга ыраазычылыгын билдиргендей ага карап жылмайып койду.
- Кой, мен жөн турбай чемодандарды бекеттин аркы өйүзүнө алып өтөйүн, - жаш мырза сапарга кам ура баштады. Кыз жаш жигитке да жылмайган болду:
- Жарайт. Кайра бул жакка кел. Пивону ичип алалы.
Жаш мырза сулкуйган, оор чемодандарды бекеттин аркы өйүзүнө алып өттү. Рельсанын учун карады. Поезддин али карааны көрүнбөйт. Кайта келатканда барды аралай басып, ал жерден поезддин келишин күтүп, ар кандай суусундук-ичимдиктерден даам татып олтурган адамдарды көрдү. Ал жерде бир стакан Anis ичимдигин тартып жиберди да, олтургандарга карады. Олтургандардын баары азыр келер поездди күтүп жаткан шекилдүү. Парданы ачып жиберип, ал жерден чыгып кетти. Кыз үстөлдө аны жылмая карап туруптур.
- Маанайлар кандай, жаным? – деди жаш мырза үстөлгө жетип келер замат.
- Маанайлар эң сонун, - деди кыз. – Кыжаалат болор эч нерсе жок. Маанайым өтө сонун.
1927-жыл.
Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.
Аңгеме тууралуу котормочудан нускоо
Аңгеме Хемингуэйдин “Айсберг теориясынын” негизинде жазылган. “Айсберг теориясына” ылайык аңгеменин маңызы тексте ачык көрсөтүлбөстөн, кыйыр мааниде, “керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук” деген таризде “кыл кыяк менен кыңгыратып” баяндалат. Айрым окурмандарга Хемингуэйдин чыгармалары түшүнүксүз кабыл алынып, кызыксыз туюлганы да мына ошондон, б.а., улуу жазуучунун чыгармаларын кабылдоо окурмандан кайсы бир деңгээлде адабият жаатында алган билимин талап кылып, айрыкча кыскача жазылган аңгемелеринин ар бир сүйлөмүндө терең маңыз камтылган. Хемингуэйдин пикиринде мындай ыкмада жазылган чыгармалар көпчүлүк окурмандарга түшүнүксүз, кызыксыз кабыл алынганы менен, бир нече жолу окуп, маанисин толук аңдаган соң окурмандын эсинде түбөлүккө калат. Ал эми адабият жаатында академиялык билимге ээ окурмандарга “айсберг теориясы” боюнча жазылган чыгарма алардын кызыгуусун андан бетер арттырып, көптөгөн талкууларга жем таштаары бышык.
Эми аңгеменин өзүнө келели. Аңгеме түпнускада “Hills Like White Elephants” деген аталышта 1927-жылы жарыкка чыккан. Түзмө-түз которгондо “Hills Like White Elephants – Ак пилге окшогон дөбөлөр (адырлар)” болуп которулат. Америкалыктарда White Elephant (Ак пил) идиомалык сөз катары колдонулат. Бул мисалы: бирөөдөн олчойгон, чоң белек алдыңыз дейли. Бирок ал белек сизге зыяндан башка, эч кандай пайдасы жок. Кыргыздын “ашка жүк, башка жүк” жана “аты улук, супурасы курук” деген сөздөрү америкалыктардын дал ушул White Elephant (Ак пил) деген идиомалык сөзүнө жакыныраак келет. Эгерде аңгемени “Ак пилге окшогон дөбөлөр (адырлар)” деп түз мааниде которо турган болсок, бул кыргызча мааниде эч нерсени туюнтпайт. Ошого бул жерде аңгемеге маанисине ылайык “Какшаал дөбө” деген ат берилди. Какшаал, бетпак, каргыш урган, мар жылан жалмагандай - бул сөздөрдүн баары түпкүрүндө берекесиз, бейтаалай, керексиз деген маанини туюнтат.
Аңгеме 1920-жылдары Испанияда эс алып жүргөн америкалык жаш мырза менен бойго жеткен кыздын диалогунан башталып, бойго жеткен кыздын жан-дүйнөсүндө болуп жаткан трагедияны баяндайт. Аңгемеде боюна бүтүп калган кызды боюнан алдырып салууга күйүп-бышып көндүрүп жаткан жаш мырзаны байкоого болот. Бирок чыгармада бир да жолу “бойдон алдыруу” деген сөз колдонулбайт. Улуу жазуучу өз стилине таянып, бул жерде “бойдон алдырууну” гана жаап-жашырбастан, кыздын энелик сезими иштеп, жүрөгү сыздап жатканын, эненин карынында жаткан бейтаалай наристенин “бойдон алдыруу” сөзүн укканда, бүшүркөп коркуп жатканы аңгемеде көп бөлүгү суу астында жаткан айсберг сымал, толук ачып бербей, кыйыр баяндалат. Ар бир аялзатында үй-бүлөлүк бакыт дегенде сүйүктүү, жароокер жолдошу, андан төрөгөн тили балдай ширин наристелер көз алдына тартылышы аялзатында алмустактан бери калыптанып калган инстинкт.
Аңгемеде бойго жеткен кыз сүйүктүүсү боюңдан алдыр деген сунушуна ичинен анчалык ыраазы болбой, наристени боюнан алдыргысы келбей, ичинен сыздап, бери карап күлүп, ары карап ыйлап жатканын байкоого болот. Кыз үчүн бойдон алдыргандан кийинки жашоосу кызыксыз, супсак. Наристени бойдон алдырбай төрөп алгысы келип, бойдон алдырышын ойлогондо, кардында жаткан наристени ажалга салып берүүгө энелик мээрими жол бербей, ичинен каңырыгы түтөйт. Буга мисал, аңгемедеги кыздын сөздөрүнөн үзүндү:
- Макул, барса барамын ушул жолго. Мага да эми баары бир.
- Кандайча мага да баары бир?
- Эмне болсо, ошол болсунчу.
- Кой, андай дебе. Сен мага керексиң. Сен үчүн баарына даярмын.
- Кыйратасың. Сага да жок, мага да жок анда. Ошону менен эле жыргап кеткенибизди көрөм.
- Андай болсо, кылбай деле кой, айланайын, - күңк этти жаш мырза нааразы үнү менен.
Куйкалап тийген Күндөн куурап, кагжырап жаткан кайракы дөбө аңгемеде бойго жеткен кыздын жатынын салыштыруу иретинде берилген. Аялзатына төрөө бакыт алып келсе, бул жерде бечара кызга Жараткандан берилген төрөө бактысы америкалыктар айтмакчы “White Elephant (Ак пил)” сымал тескерисинче кайгы тартуулап жатат. Ал эми ошол дөбөдө куурап, өспөй калган бирин-серин дарактар кыздын кардында бойдон алдыруу туурасында угуп, бүшүркөп коркуп жатканы – али төрөлө элек бейтаалай наристени салыштыруу иретинде берилген.
Аңгемеден дагы бир үзүндү: “....Кыз ордунан ыргып турду да, бекеттин этегине дейре ойлуу басып барды. Бет маңдайда жаткан талаада Эбро дарыясынын жээктерин бойлоп дарактар, дандуу өсүмдүктөр ысык шамалга ыргалат. Дарыянын ары жагында, алыс жактан тоолор көрүндү. Ак булуттун көлөкөсү дандуу өсүмдүктөрдү, дарактарды аралай жылып, кыз дарактардын арасынан шаркырап аккан дарыяны көрдү.
- Мунун баары экөөбүздүкү болчу, - деди кыз. – Баары экөөбүздүн алаканыбызда эле. Эми ошол колдо турган нерсени жоготкону жатабыз.
- Эмне дейсиң?
- Эмне демек элем. Бизде баары жакшы болчу дедим.
- Бизде дагы да баары жакшы болот, буюрса.
- Жок. Эми кеч…»
Бул жерде жазуучу эркектерге «уугум сага айтам, уулум сен ук» деген таризде кайрылып жатат. Талаада агып жаткан дайра бул жерде үй-бүлөсүн багып жаткан ар бир эркекти символдоштуруу үчүн келтирилген. Талаа дан эгиндерге толуп, гүлдөп-өсүп, кулпуруп туруш үчүн сөзсүз дарыяга (сууга) муктаж. Үй-бүлөнүн куттуу аялзаты, наристелер бактылуу жашоо сүрүш үчүн эркектин камкордугуна муктаж. Ал эми, талаа бул Жер-Эне. Жер-Эне – бул бүткүл жандууну өстүргөн (төрөгөн) мээримдуу зат. Дарыяны бойлоп өскөн дарактар, суу жеткен жердеги дан өсүмдүктөр үй-бүлөнү шаңга бөлөгөн сүйкүмдүү наристелер. Наристелер – бул жашоонун кооздугу, ачылган түркүн-түркүн кооз гүлдөрү, көркөмү. Алардын үстүнөн көлөкөсүн түшүрүп каалгый учкан ак булут толук кандуу, бактылуу үй-бүлөгө түшкөн Жараткандын мээрими.
Ал эми улуу жазуучу Эрнест Хемингуэйдин кыргыз адабиятына, жазуучуларына тийгизген таасирине токтоло турган болсок, жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармалары Хемингуэйдин стилине таасирленип жазылганын байкоого болот. Мурза Гапаровдун “Экөө ээн бакта” аттуу китебинде камтылган чыгармаларында да турмуштук, үй-бүлөлүк мамилелерге чебер анализ берилип, бир дем менен окуй турган кызыктуу, тарбиялык мааниси зор чыгармалар болуп саналат.
Бул котормону эненин кардында туулбай жатып күнөөсүз жерден кескиленип аборт болуп, жарык дүйнөгө келер замат желим баштыкка салынып, таштандыга ыргытылып, адам болуп жаралуу бактысы буюруп, бирок бир күн да бактылуу өмүр сүрбөй өлүп кеткен бейтаалай наристелерге арнайм. Дүйнөдө ар дайым МЭЭРИМ болсун!