Кээ бир адамдар эмне үчүн маанилүү нерселерди байкабай калары тууралуу акылман икая.
Америкалык индей адам досу менен Нью-Йорктун борборунда баратышкан.
Чак түш. Шаар ичи кымкуут, көчөдө толтура эл, машинелер ары-бери тынбай агылат. Транспорттордун күрүлдөгү, алардын сигналдары жана да башка үндөр абаны толтуруп, аарынын уюгу сыяктуу күүлдөп турду. Аңгыча эле индей токтой калып, тыңшады.
— Чегиртке чырылдап жатат.
Досу таң кала түштү:
— Эмне дейсиң? Эй, кудайды карасаңчы. Ушунча ызы-чуудан кайдагы чегирткенин үнүн угуп жатасың! Жөн эле кулагыңа ошондой угулса керек да.
— Жок, чын эле уктум, — деди тигил.
Ал бир аз тыңшап турду да, көчөнүн жээгинде цементтен жасалган челекте өсүп турган бадал сыяктуу өсүмдүктөрдү карай басты. Эңкейип, өсүмдүктүн түбүндө жүргөн чегирткени тапты. Досу таң калды.
— Шумдук! — деди ал. — Кулагың укмуштай угат экен!
— Жок, — деди индей.— Менин кулагымдын элдикинен эч айырмасы жок. Маселе кимдин эмнени уккусу келгенинде.
— Мындай болушу мүмкүн эмес! — дейт анда досу.— Мен канча аракет кылсам да мындай ызы-чуунун сага бир нерсе көрсөтөйүн. – Ал чөнтөгүнөн бир нече майда тыйын алып чыкты да, жөө адамдар үчүн жасалган кара жолго ыргытты.
Көчөдө дагы эле баштагыдай күрү-гүү болуп турса да, алар жыйырма кадам ары бара жаткан бир нече адам шыңгыраган тыйындын үнү чыкканда менден түшкөн жокпу дегенсип, жалт карашкандарын байкашты.
— Көрдүңбү, мен эмне жөнүндө айтканымды? — деп сурады индей досунан. — Бардыгы сага эмне маанилүү, ошого жараша болот.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ