Көркөм-даректүү баяндан үзүндү
Биринчи бөлүм
Алмакан сулуу
Байыркы Ош шаарынын түштүгүндө, Ак-Буура дарыясынын боюнан орун алган айылдын эмне үчүн Төлөйкөн деп аталып калганын азыркы муун жакшы билбейт. Көзү өтүп кеткен аксакалдардын, санжырачылардын айтымына караганда, илгери-илгери бир чоң казатта жеңилген тарап ачууга алдырып, салтта жок жосунду жасап, ханды өлтүрүп коюшат. Салт боюнча хандын көзүн тазалаган оор күнөө. Ат көтөргүс күнөө кылгандар айыбынын кунун төлөп беришет. Кун төлөгөн элди башкарган Төлөйкөн деген кишинин аты, айылдын ысымын алган деген кеп бар.
Төлөйкөн жердин аты гана эмес, чоң уруунун да аты. Муңгуш уруусунан Жапалак, Төлөйкөн, Майне, Жоош, Соколок, Жылкелди, Көкжатык, Сары, Сарай, Эркекашка, Моңол, Жагалмай, Көштамга, Кодогочун таркаган. Түпкү теги Ак уул (оң) Наалы эженин балдары.
Эли дыйканчылыкка маш, жери сууга бай Төлөйкөндө жарык дүйнөгө келген, ыр менен кошо жаралгандай, ырдын күчү, ырдын руху, ырдын кудурети менен адамдын жан-дүйнөсүн агартып өткөн, ырдан дүйнө куруп, келерки кезге, соңку муунга ыр-сабак, ыр-сандык, ыр-мурас калтырган, улуттук поэзиянын кайталангыс алпы, от жүрөк акындын ата-теги жөнүндө азын-оолак айтып кетсек, ашыктык кылбас...
Илгертен эле элибизде жети атасын билүү бала үчүн парз. Төлөйкөндөн Алеке, Алекеден Майна, Майнадан Райымкул, Райымкулдан Каримкул, Каримкулдан Жолболду, Жолболдудан Жанбото, Мамат, Жанботодон Айтназар, Айтназардан Мамыт, Мамыттан үч уул – Кудайберди, Райымберди, Жолон.
…Алмакан тектүү жердин кызы эле. Атасы Мати бардар жашаган, оокатына тың киши. Төлөйкөн Ош шаарына ирегелеш болгондуктан, соодагерчиликти кесип тутуп, бери жагы Анжыян, Кокон, Самаркан; нары жагы Кашкар, Турпан; андан ары Индия, Багдадга чейин каттап турган. Буту – колу кыска, кодоо бойлуу болгону менен, кыймылы чапсаң, эки жакка чыгып, эл көрүп, жер көрүп бышкан киши, Фергана өрөөнүндөгү аты чыккан соодагер, кербенчилер менен мамилеси жакшы, кадырлуу эле. Алыш-беришке так, кайсы учурда болбосун ажат ачканга маш, сөзгө уста, колу ачык кишинин кадыры менменсингендердин анча-мынчасынан өйдө турганы анык. Кашкарга каттап, аялдардын шуру-тагынчактарын; алтын, күмүш, бермет, акак сындуу кымбат баалуу таштарды; үлпүлдөгөн жибек-шайы, хан атлес, түр-түр маталарды алып келип, Фергана-Оштун базарын кызытып, мата-сата тандоо жагынан көздүү атыккан. Аптанын эки-үч күнү үйүндө боло калса, тынып отурбай, эшик-элигине эгин-тегин эккен. Маалында чөлдүк кыргыздар деле көк-сөк менен иши жок, жайында жер которуп жайлоолоп, кар түшкөндө өөнгө карай жылып келишчү.
Мати аксакалдын дагы бир кумары бар. Жума, ишемби, жекшемби күндөрү таң атып-атпай, мал базардагы соодага аралашып, сатарман менен алармандын илебизине күбө туруп кол алыштыра, алакан силкилдете далдалчылык кылган. Малын пулдагысы келгендердин көпчүлүгү Матини бир-эки күн мурда алдырып, төрт туягынын баасын бычтырып, базарга алып барышат. Бирөөгө жаман сөзү жок, кайыр-мазирден качпаган Матинин мартабасын ашырган анын кемпири Нарбү колу гүл, элде жок чебер болгон. Жубайы сонодой созулган, акырын басып, асте сүйлөгөн, эркекке тике карабаган, адеби башкача жан. Ой-боюнан, акыл-ажарынан пири жанып турган ургаачыга суктанган дымактуу эркектердин “... кысталак, катындан жолу болгон экен” деп ичинен тымызын өрттөнгөнү көп болуптур.
Нарбү тал көчөттөй бой керип, күзгүгө каранып калган маалында күйөөгө бериңиз деп, жуучулар келгенде Матини “бою пас экен” деп чанат. Тил билги энеси кызынын жоон санынан чымчып туруп, “кеп бойдо эмес, теректей бой берип, темселеп жүргүчө, теменедей акылы менен сени кор кылбайт” дейт. Ошол ошол болду. Акылдуу жан кийин-соңгу күйөөсүнүн бою жөнүндө ооз ачпаптыр.
Алардын эки уулу, эки кызы бар: Үсөн менен Дубана, тун кызы Токто, кенжеси Алмакан. Кыздарын үйдөн карыш жылдырбай, керели кечке кеште сайдырып, өз өнөрүнө үйрөткөн Нарбү, алар бой тартканда, төркүнүнөн алыс кетиргиси келбейт. Алмакан он бешке чыкканда нооча бой, бетинин агы агына, кызылы кызылына чыгып, олоң чачтуу, кынтыксыз сулуу болуп жетилет. Алыс-жакындан жуучу түшкөн Алмакандын кардары көбөйүп, көз артып шыпшынгандардан, сөз айттыргандардан жаш кыз кысынып, көчө-көйгө чыга албай калат. Узун, шыңга, бастилүү боюна чүпүрөктүн түрү кылданбай-ылганбай жарашып, аз-маз тармалданган катуу, коюу жоон чачынан көйнөгүнүн желкеси бат сүзүлөт. Сүткө чайыгандай аппак жүзүнө бакырайган жоодур кареги жарашып, кирпиги матташкан оттуу көзүн тик багып карагандар аз. Куйулушкан кырдач мурдунун жанында билинер билинбес меңи ай жүздүү чырайын ого бетер ачат. Балакат кезинен апасы кулагына куя берген “кызга кырк жерден тыюусунан” токтоо өскөн, сулуулардын салты боюнча салабат, кербез күткөн Алмаканга анча-мынча адамдын даай албагандыгы – бир калыптагы сырдуу мүнөзү, токтоолугу.
Апасы Нарбү кызынын көңүлүн сурап нетпей, өздөрү турган коргондон эки-үч үй нары жашаган бир тууган тагасы Даниярдын уулуна он алты жашка чыга элегинде күйөөгө берет. Көз жашын мөндүрдөй төгүп, көшөгөнүн артында илгеркилердин салтын бузбай, сулуу кыз отуруп калат. «Таш түшкөн жеринде оор» болуп каларына ыкыбалы келишпей калганыбы же тагдырынын жазмышыбы, жыл айланбай, бала кезинен өпкөдөн кагынып калган күйөөсүнүн көзү өтүп кетет. Алмакан не кыз кылыгынын, не келин кезектин кызыгын көрбөй отуруп калат.
Көп узабай атасы Мати да сопсоо жүрүп, бутунан тайдыбы же билинбеген дарты чалдыбы, күндөрдүн бир күнүндө кара таандар каркылдашкан кечки маалда даарат алганы баратып, чалынып түшөт. Ошол жылы кыш эрте түштү. Кара суук калчылдатып, эртели-кеч чыкыроон аяздын каары катуу келгендей. Арыктарда муз каймактап, суунун үнү угулбайт. Биринчи кар жаай электе, Мати чилдеге жакын ноокастап калды. «Сол жагым тырышып жатат» деп, намиркен маасысына коңултак бутун илип, эшикке чыгып, кайра кирип, тынчы жок чал төшөк жазданбай ойдолоктойт.
- Алмакандын атасы, бир нерсе жесеңиз, кубат болот, – деп чебелектеген Нарбү ысык оокатын чалынын алдына жайнатты. Жумшак, жугумдуу деп сары майга унду кууруп, атала бышырып берди. Тамакка табити пастаганын көрүп, чалы жакшы көргөн жештүү, ичегидей былпылдаган пөшкөл жасады. Эки жакка каттап, суукка урунуп калганбы, тердеп отурса, тырышканы жазылар деген ойдо тамынын так ортосуна тереңде жер каздырып, үстүнө аш тактанын калыңдыгына барабар кара жыгачтын дүмүрүнөн кестирип жаап, сандал жасаткан. Үйдөгү очокко ит мурун, долононун жоон бутагын, дүмүрүн салдырып, көбүнчө өрүк отун жактырат. Өл өрүк отун кызыганда, чатырап дуулдап күйөт, чогуу таптуу, көпкө чейин ысыкты кармайт.
Кыздары сандалга бутун салып алып, саймасы менен күн кечкиртсе, Нарбү келди-кеттиге деп, маканын унунан зыгыра нан жасайт. Алаканга толчудай зубаланы чегип, томпойгон-томпойгон камырды ныгырып, четин борсойтуп калың, ортосун жукартып, кызыган казанга толтуруп бир-бирден жабыштырып, нан тоборсугандан кийин очоктогу чокту чогултуп үйүп, казанды көмкөрүп коёт. Алеки саатта мурду-башы борпоё кызарган нандар даяр болот. Мындай нан сыркоо күйөөсүн сурап кирген коңшу-колоңго, келди-кеттиге дасторконго коюлат. Көбүнчө каткан-кутканы мал-кал тейлеп, эшиктин ишин кылган мандикери Акмат жетимден ашпайт. Колу чарт-чарт жарылып, кыйма-чийме кесилген, тамтыгы калбай тытылган, териси өмүрү суу көрбөгөндөн, кат-кат кир-чаңдан жыгачтай катып, тарамыштай түйүлгөн баланын тамактанганы өзүнчө. Өздөрүнчө отурганда элдин көзүнөн бекитип, эшик-эликти саксактап, эл-журттагы ачарчылыктан сестенгендей, үн-сөзсүз отурушуп, тегирменге тартылган буудайдын унунан чекит басып бышырган, бетине сейдана себилген кыпкызыл тандыр нандарды жешет.
Көп узабай чал бирдемени сезгенби, кыздарын сырттагы далиске чыгарып жиберип, уулу Дубананы чакыртты. Дартын деле унутуп калгандай чөк түшө отура калып, көздөрү жайнап, белиндеги эки-үч курду шашпай чечти. Кат-каттап шайыдан тигилген саймалуу чарчыларды кошоктоп байлаганына караганда, эмне бардыгын боолгоп болбойт.
– Белимдеги кызылды мен айткандай кылып бекем кат. Заман оңбой калды бейм. Орус байлардын мал-мүлкүн тартып алып, өзүн кулакка тартат деген гап жүрөт шаарда. Өзүм уктум. Кийин соң эл тынчыса, бала-чакага кереги тийер, - деди.
Эки кочуштай жаркырак сары теңгелерди уучтап, ары-бери салаалап, өзүнө өзү корстон боло бир демге баарын унутуп, карыя магдырай түштү... Таң калып, карап турган берки экөөнүн көздөрү чанагынан чачырай түштү. Чал мурдатан чогултуп жүргөн теңгелерди сылап-сыйлап, күбүрөп бирден санап, көзү кыябай жатып, тулупту алдырып, акырын салды.
Моокуму кандыбы, бир топтон кийин кемпири менен баласынын кулагынын түбүнө шыбырай сүйлөп, кантип бекитүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү. «Эч ким билбесин, эч ким көрбөсүн, кыздарга да ооз ачпагыла, түндү шерик кылып ал» деген сөзүн кайра-кайра кайталады.
Мындайды күтпөгөн Дубана апкаарып, өзүнөн өзү калтырак басты. Бу кызылдар өзүмөбү? Чын элеби? Алдастаган эме нымшып тердеп, кайра калчылдап үшүп да кетти. Бир башына ушунча дүнүйө асмандан жаагандай, күтүүсүз келген бактысына ишене албай турду. Жүрөгү кубанычтан жарылып кетчүдөй лакылдап, дүйнөнү мүрүсү менен тиреп тургандай чатырады.
Оо, түндүн бир оокумунда, эл кызуу уйкуга киргенде, тоңгон жерди казам деп, алка-шалка тердеп, бир-эки күрөк топурак чыгарып, кимдендир кызгангандай, «көрүп калбадыбы» деген шексинүүдөн утуру-утуру эки жагын элеңдей каранып, таң супа салгыча бакандан белги коюп, сөкүн (оро) казуу менен алек болду. Эртеси так ошол маалда айыл тынчып, «шырп» эткен дабыш даана угулган өлүк түндө тулупту катып келди.
Коңшулар бири-биринен бир-эки чакырым алыс. Кыш кыроода ал-жай сурап, каттаган кишинин карааны аз. Атасы менен отурганда кыздар чук этпейт. Ар ким өз ой-санаасы менен алек.
Чал кечээгидей эмес. Таң аткыча онтоп, чабалактап, ары-бери оодарыла кара жанын уучтап чыкты. Ар кимди айтып жөөлүп, кайра тынчып, таң атаарга жакын тил-ооздон калды. Чалынын чилдээсин окутайын деген ойдо Наргүл айылдын наркы башындагы молдого чоң баласын жөнөттү. Бир ныптасы кыймылдабай калганын сезип, Матинин жүрөгү «шуу» дей түштү. Кайраттуу неме өзүн колго алып, алдастап коркконун балдарына билдирбегенге аракет кылды. Колу-бутун укалап, боюн түздөп, чалкасынан жаткырганда, алсыз дем алганы араң сезилди. А-а, өмүр деген кечээги көргөн кайраттан, кечээгидей кубаттан ныпым жок. Кемпири ылымык аталаны оозуна тутту, бир ууртам оокаттын өткөн-өтпөгөнү билинбеди. Бир маалда чукур дем чыгаргандай алдыга умтулду да, көтөргөн башы шалак эте, колу-бутун созгон бойдон жан берди.
- Ий, катыгүн, алдырып жибердикпи! - деп бакырган Нарбү чалын кучактай жыгылып, өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдады.
- Атама имне болду, апа?
Уулу тил-ооздон калган, сулк жаткан атасын кучактай жыгылды.
- Ээсине бердик, балам. О-о, аллахым, кайсы күнгө калтырдың мени...
Кайра боюн токтотуп, акылын пештеген Нарбү, балдарына «үн чыгарбагыла» деп ишарат кылды. Кыймылы ого бетер тездей түшкөнсүдү. Үйүндөгүлөрдү чыгарып жиберип, чалынын колтук-кончосун, бутунун манжасын бөздү жылуу сууга малып аарчып, аласын жууп, үстүндөгүсүн чечип алып, сурптан тигилген дамбалын, жегдесин жаңырагына алмаштырды. Утуру-утуру келме келтирип, каш-кирпигин сылап, сөөктүн буту-колун түздөп, ээгин бекем таңды.
Мындайда адам өзүн жоготуп койчу эле, Нарбүдө кайрат кайдан пайда болду? Акыретке моюн сунган жакын кишисинин акыркы даярдыгын өзү жасап, эркек балдарын да аралаштырбай, сөөктүн тазалыгы үчүн өзү гана жооптуу экенин сезди. Кенедей кезинде баш кошкон өмүр шеригинен айрылуунун ачуу чындыгы көкүрөгүн тепчип, тулку-турпатын, бою-башын сайгылап, буулуккан муңдан чыдамы кетип, үнүн барынча чаңырып-чаңырып ыйлады. Молдо кеч калганын жүрөгү сезгендей, эшегин тездетмекке камчысын басып-басып, ызы-чуу түшкөн үйдү көздөй келатты…
Бүт Төлөйкөн түп көтөрүлө келип, айылга жакын шаардык өзбек ашыналары, алыс-жакын авлати менен тажыясын каада-салтында өткөрдү. Матинин үйүнүн алдына алты канат боз үй тигилди. Сөөктүн мартабасын ашырмакка, Мати байдын кандай адам болгонун жар салдырыш үчүн оозунда сөзү барлары кошуп ырдасын дешти уруу аксакалдары. Салт боюнча жек-жаатына караштуу бүт кыз-кыркынын, келин-кесегин чогултуп, аялдар кыбыланы тиктеп ыйлап отурушту.
Алмакандын көкүрөгүнө тынчтык бербеген ой бирде канат байлап, бирде сыныккансып, эзгилеп жиберди. Бир туруп айтсамбы-айтпасамбы деп ыргылжың болсо, бир туруп: «Атама кошпогондо кимге кошом? Атам кандай адам эле?…» деген ойдон, атасынын дарегине айтылган мактоолордон эрдемсинет. Көөдөнү көлкүп, оозуна сала берген ырды авазына окшоштура албай, муңкантып-муңайдырган кайгылуу каадасына келтире албай жатты. Кошоктун кошоктой болушу үчүн кайгынын ачуу даамынан да, акыйкат өлүм ак экени, кимди болсо да баш ийдирери жанына батты. Ошол нерсе ээ-жаа бербей, алдыга жүткүнтүп, ыр сымал саптары ачыкка атырылып, ызы-чуунун басаңдашын күтүп, өз пайтин табалбай жатты…
Нарбү ыйдан жашы кургагандай, жеңеси үйрөткөн кошокту түзүк эле созолонтуп баратып, эки-үч сабын кайра-кайра кайрып, калганын эстей албай дудаланып калат. Сөзгө чоркоктугун, эс тутумунун чабалдыгын сезип, өзүнөн өзү уялып, кысынып-кымтынганын башкалар да туюшту. Чала кошокчу атыккан жеңеси ошол ыңгайсыздыкты, демдене албай жаткан аза ыйын билдирбеске эл угуп бүткөн, эл ичинде айтылуу саптарды жаадырат. Алымсынгандар байкалбайт.
Боз үйдүн ичине аял аттуулар батпай, жашыраактары босогодо туруп, «кимиси кандай кошот» деген ойдо, угуп эле эмес, «кимисинин даремети кандай» дегендей, Нарбүнү кыздары менен сындан өткөрүп жатышты. Жардап тургандардын ичинен жашы улгайган жоон-жолпу кемпир кошокко ичи чыкпагандай түз эле айтты:
- Ээ ботом, эки кызынан үн чыкпайт да? Тилдерин жутуп алганбы?
- Уулуп-уңшубай, атаңарды кошуп ырдагыла!– деди экинчи үн.
Ошону эле күтүп тургансып, Матинин жакын эжелеринен, көрүнгөнгө киришип, «кара жаак» атыккан Моймол кемпир кыбыланы карап, үңүлдөп ыйлап отурган эки кызга буйруй сүйлөдү:
- И-ии, атаңардын бай болгону жалганбы! Бай атам деп кош. Жетим-жесирге каралашкан жакшылыгын кош. Эл бөз кийсе, силерди кытайдын шайысы менен түрлөнтүп, Никалайдин тикме машинесин безентип, чебер атыктырганын кош! Үңүлдөп ыйлаганды мен маңгал деле билем! – деп зекигенде, бирде-экиде өлүм-житимге аралашып, кошок айтпаган Алмакандын жүрөгү туйлап, жарылып кеткенсиди.
Кайгыга кайышкан көкүрөгүндөгү ыр сымал саптар арсарланып, сыртка атып чыга албай жаткан. Бир маалда –аа деп, ооз ачканда, биринчи мертебе сөз тизмеги өзүнөн өзү оролуп, өзүнөн өзү куюлуп келди. Адегенде үнү калтырап пас чыкты, бара-бара чыйралып, кубаттангансып оболоп кетти.
Бектер бир келет бел ашып,
Бедерлүү тону жарашып.
Бек уулундай бай атам,
Кайдадыр кетти адашып.
Оо-уу-о-уу-ех...
Кандар бир келет кармашып,
Камкалуу тону жарашып.
Кан уулундай бай атам,
Кайдадыр кетти адашып.
Оо-уу-о-уу-ех…
Заңкылдап үнү ачык, бийик экен. Эки-үч аттамдан ары угулбаган апасынын кошогун басып, бүт коргондун ичин муңкантып ээлеп алды.
Турган-турган ордунда муюп укту. Пөстөктүн тешигиндей жыртык көзүн чылпак басып, бели бүкүрөйүп, колундагы таягын күндөп-түндөп медер туткан карылардын зээни ушунчалык кейидиби, араңдан-зорго сыгып алгансыган чолок көз жаш айласыздан ыргып жаткансыды… Карысын деле, жашын деле бүт ыйлатты Алмакандын кошогу. Оо, жарыктык пендең деген минтип күнү бүтүп, суусу түгөнгөндө бир күн баарын жыйыштырып, кой турга келбей, оо дүйнө аттанып кете берери насиби экен да деген ойго муюп, нары жакка барса келбес, түбөлүктүү сапарга кете турган сөөккө боор ооруп, “бир күнү мен да ушунун ордуна болом” деген калетсиз ойдон жашып турушту...
Ашыктуу жилик мүлжүттүң,
Аргымак аттай жүгүрттүң.
Айлансам атам күйөрүм,
Күйбөй бир кантип жүрөйүн.
Оо-уу-о-уу-ех…
Томуктуу жилик мүлжүттүң.
Тобурчак аттай жүгүрттүң,
Кагылсам атам күйөрүм,
Күйбөй бир кантип жүрөйүн.
Оо-уу-о-уу-ех…
Алтындан камар бел көркүң,
Айлансам атам эл көркүм,
Күмүштөн камар бел көркүң,
Күйөрүм атам эл көркүм.
Оо-уу-о-уу-ех…
Так ошол маалда коргондун жыгачтан жасалган дарбазасынан беш-алты атчан жакындап келатты. Тулкусу чымкый кара, эки таноосунун ортосунда үч-төрт манжачалык кашкасы бар карагерди булкунтуп, эң алдыда келаткан кишинин ким экенин тааный коюп, тажыя башкаргандардын бирөөсү чебелектей түштү.
- Абдырайым бек келатат. Атын алгыла!
(Уландысы бар)