Биринчи бөлүм
Сөөктү майрам сууга алып бүтүшкөн. Жаназасын түшүргөнгө каз-катар эркектер тизилип, котологон көпчүлүктүн алды-арты билинбейт. Баары тымтырс, шашкан көздөр көчө тарапты жалт карады. Эки жигит топтон суурулуп, атчандарды көздөй басты. Элдин аягынан да бирөө аларга кошулду.
Суусар тебетейди баса кийген, түлкү ичигин топчуланбай эки өңүрүн бош коё берген кең көкүрөгүн далдайтып, жерди ныгыра баскан даражалуу киши колундагы камчысын бооруна алып, ар жактан эле өкүрүп кирди.
- Бооруман айрылдым! Боорум-ой… боорум о-ой…
Аны коштоп артындагылар үн чыгарышканда, боз үйдүн керегесине туштай эки тарапта кыркалакей тизилип турушкан авлатиндагилер белгисиз күчтөн жандана түшкөндөй, мартабалуу конокторго ызаат көрсөткөндөй катуу өкүрүштү.
Алайдын Абдырайым беги Матиге кайдан жүрүп боор боло калды? Кексе кишилердин башы ушуга маң. А-а, шыпылдаган соодагер Кашкардан дүр-дүйнө товар тартып жүргөндө, Оштун тегерегиндеги аты чыккан бай-бийлер менен ымалашып, жакшы-жамандыгына катышы барлыгын, бу кадыр-көңүл эзелиден “бардыкы барман менен, жоктуку арман менен” экенин билишпейби? Салт-санаанын каадасы менен көңүл айтылгандан кийин боз үй ичиндеги авазынын не бир мукамы көңүлдү дирт эттирген келиндин үнү бура бастырбай, ошердеги саман-пакалдын үстүнө салынган шалчага малдаш уруп, отура калды. Жанындагылар да ооз ачпай бекти туурап, кандай отурса, дал ошондой чөк түшүштү.
Нарбүнүн жеңеси ызааттуу кишинин отурганын көрө коюп, жанындагыларды тынчтантмакка шыбырай, Алмаканды үнүңдү катуураак чыгар дегендей нукуду. Эми Алмакандын үнү кысылбай эркинирээк, арымдуураак чыкты. Башында айткан кошогун кайталап, муундарын куюлуштура дааналап, ар бир сабына басым жасап, кыябын келиштирип созолонтту. Атасынын чоң соодагер болгонун, булгаары өтүк кийип жаш мырзалардай жүргөнүн, кытайдын жибеги менен кыз-кыркынын түрлөнткөнүн бир айтып, мусапыр менен карыпка кайрымдуу болгонун эки айтып, ошондой кишинин мүңкүп-мүдүрүлбөй, кандайча жан таслим болгонун мындайча ырга кошту.
Кадамалуу камчыңды,
Кара ат басып сындырды.
Кайрыларым атамды,
Кара жер алып тындырды.
Оо-уу, Оо-уу, өх-өх!
Долонодон камчыңды,
Тору ат басып сындырды.
Толгонорум атамды,
Кара жер алып тындырды.
Оо-уу, Оо-уу, өх-өх!
Көкүрөктөн атылып чыккан муңду токтотуп калар ким бар? Алмаканга эч ким тыюу сала албады. Бирде жымжырттыктын теребелди муютканыбы, бирде багы келишпегени аз келгенсип, эми минтип кадырлуу атасынан айрылган сулуунун кошогун эли адеп укту. Ошондон кошокчу атыкты.
- Мати бекер өлбөптүр. Салдай болуп, жер өбөктөп өкүргөн эки уулун айт. Алмакан сулуунун оозу толгон кошогун айт. Арман дүйнө ай! Баралына келгенде кызы жаагын жанган кошокчу болот, - деп кемпирлер бири-биринен өтүп шыпшынып, Алмакандын дагы бир өнөрүнө тан беришти.
Матинин көзү өткөндөн кийин Нарбү көбүрөк тун кызыныкында баш пааналап, бала-бакырасына каралашып калды. Тун кызы Токтонун үйү деле алыс эмес, беш-алты чакырым үй нарыраакта. Алмакан агасы Дубананын колунда жүрүп калды. Эрмеги: айыл-ападагылардын кийим-кечесин тигип, түндүн бир оокумуна чейин Николайдын тикме машинесин тындырбай узанат. Жакын-алыстагы чебер деп уккандын баары киймесин ага тиктиртип, жыртык-тешигин жаматтырып алат. Ал маалда жоктун жону катуу дегизген, курсак нанга тойбогон жокчулук, элдин алды анча-мынчасынын аш-тойго кие турган сый чапаны болбосо, өңчөй аялдар, кыз-келиндер пес сурптан, бөздөн көйнөк кийишкен.
Бир күнү ыраң-башы жакшына, баскан-турганы жеңил, чыканактай сулууча келин дарыянын наркы өйүздөгү Озгурдан түйүнчөгүн колтугуна кысып, шыпылдап кирип келди. Түйүндөгү кулпурган кундуздун териси менен эндей кара манат, ичилигине деген кара сатини дагы бар кымбат баалуу матаны көрүп, Алмакан чочуп кетет.
- Кимдики бу?
- Кыз, бу бир аттуу-баштуу бай акемдики. Сиз аны тааныбайсыз. Сиздин колуңуздан тебетей кийсем деген ниети бар. Мээнетиңизди мойнума алам, – деди жанагы келин эбиреп-жебиреп.
- Жашы нечеде?
Келин так жашын билбесе деле болжолдоп айтты.
- Алтымышпы, алтымыш бешпи...
Наати биринчи жолу мындай кымбат баалуу буюмду жасарын ойлоп, бир эсе толкунданса, кайра “бузуп аламбы” деп чочулаган арасат оюн айттыра койбой, тиги келин баланча күнгө даяр болсун деп басып кетет.
Үч күндүн ичинде кыруусуна кундуздан кыюулап, төбөсүн төгөрөтө кырдап, үстү кара манаттан тебетей тигет. Көргөндүн баары таңданып-тамшанат. Тебетейдин даңазасы үйдөн-үйгө жетип, колунан көөрү төгүлгөн чебердин аты ооздон түшпөй калды.
Төлөйкөндүн өрүлгөн эки чачтай чубалжыган кошмок суусу бар. Бири айтылуу Ак-Буура, экинчиси Кайырма. Жаз алды кирген буурадай чамынып, айбат-сүрү жүрөктү “болк” эттирсе, суусу тартылганда тынчып, уялчаак кыздай ийменип, өзүнүн шары өзүнө жутулуп, коймаарек тартып турат. Кайырма бирде толуп, бирде соолуп, таканчагы бардай нугун жоготпойт. Сиркедей майда куму, одур-будур шагылы, түр-түспөлү ар башка, поруму ар нерсени элестеткен сыйкырдуу, канча кылымдын тамырын тарткан табышмактуу таштары аны түбөлүк сактап келаткандай. Дарыянын баш-аягын кулач жеткис чоң-чоң сүрөт таштар табияттын ар кандай соккусунан коргоп тургандай. А-а, кезегинде Кайырма кандай эле? Кайырма дарыя дечү илгерки төлөйкөндүктөр. Атчан киши өтө алчу эмес. Мелмилдеген көк кашка суусу оолукканда, аркы-терки чамынып, өйүз-бүйүздү жеп, кашатты бузуп, үйлөргө чейин кирип чаң салганда, Ак-Буурага атаандашкандай тизгин талашып калчу. Азыркылар муну кайдан билсин?
Жанаша аккан эки суунун өйүз-бүйүзүндөгү, коюн-колтугундагы жердин көркүн өрүктөр гүлдөгөндө көрүң!...Төлөйкөндүн ичи өрүкзар, өрүктүн кыл-кылы, шабдалынын түрү, анан калса тарбайган-тартайган тыт көчөттөрү менен кайрагачтары...Эрте бышкан ак, кызыл, сары өрүктүн даамы ооздо калат, өзүнөн-өзү сөөгү ажырап кете турган жарма өрүктүн ар кыл назик гүлдөрү биринен-бири өтүп чакчайып бажыраят. Бири гүлүн төккөндө, экинчиси гүл ачып кулпурат. Жаз келгенде айылдын ажарын ачкан, көркүнө көрк кошуп кулпурган өрүкзарды алыстан карасаң ак шоокумга оронуп, арууланып калгандай сезилет. Так ошол маалда көк чыгып, жаздын дене-бойду жибиткен аптабынан жер тоборсуп, эгин-тегинге камынып калышат.
Алмакандын акеси Дубана кетменин алып, короосунан кык чыгарып жатканда, азоо атын жулкунтуп, бейтааныш бирөө кирип келди. Күржүйгөн сөөк-саактуу, бойлуу, тегерек бети куюлуп түшчүдөй салаңдаган эткээл неменин түтөгөн кашынын астында жымыйган көзүнөн заарбы, кекпи учкундап, текебердүү. Дубана анын кийген кийиминен Абдырайым корбашынын дал өзү экенин айттырбай тааныды. Анын үстүнө эл ичи тынч эмес. Ош тараптан жүрөк үшүн алган шүйкүм кабарлар тараган. Бай, колунда мал-мүлкү бар кыйындардын баары басмачы болуп кеткендей. Большевиктер жаңы заман орнотот имиш. Бай, кедей деп бөлүнбөйт экен, малдарын орто колхозго кошкон, жарды-жалчынын көз жашын аарчыган теңдик болот дейт. Байлар ыктыяры менен байлыгын Совет өкмөтүнө тапшырбаса, кулакка айдалат же түрмөгө камалат деген кептер айыл аралап жүргөнүнө кыйла болгон. Аттуу-баштуу бай-бийлердин бир тобу басмачылыкка өтүп, тоо-ташка бекинип, кол курап, кызылдар менен кармашат. “Кимиси жеңээр экен?” деп, сар-санаа болуп, кимисине жан тартаарын билбей дендароо болгондору көп.
- Ассалому алейкум.
- Алейки салам... – деп ийилип учурашып, Дубана бектин атын алганы шыпылдай басты.
Өрүктүн түбүндөгү чакан чарпаядагы калың салынган төшөктүн үстүнө отургузуп, аялынын атынан айтып, эки-үч ирет үн салды. Анысы үйүндө жокпу, дасторкон жайганга Алмаканды чакырат. Сөөрүнүн үстүнө салынган шалчага төгүлгөн өрүктүн гүлдөрүн күрөктөй чоң колу менен малдаш урунган тизесин көздөй шилегилеп отурган корбашы кебин ток этер жеринен баштады.
- Бу атаң менен муназабыз жакшы болгон. Атаң ыраматылык тил билги киши эле. Атаңды тартсаң тилимди алаарсың деп айтканым бу, тууган-уругуңдан же каралашып жүргөн жетимдерден тирикараак, тыңыраагынан беш-алтыны көндүрүп бересиң. Ат-күл азыгын өзүм берем. Ошону масилеттешейин деп келдим. Угушума караганда кары-жашка тилиң өтөт, паркың бар экен, - деп сүйлөп атып, үйдөн чыгып келаткан жапжаш жубанды көрүп тык токтоп калды.
Үстүндө көйкөлгөн узун көйнөк, башына ак элечек оронуп, белине бел болуп куюлушкан чыптамачан, маңкайган сулуу Алмакан үйдөн чыга келип, “келиңиз” деп учурашкан таризде, ыйбаа кыла жүгүнүп, баш ийкеди. “Мурда эмне көрбөдүм? Чүрөктөй сулууну менден оозунуп алган ким болду экен?” деп, бир саамдан кийин ортодогу тынчтыкты бузуп, корбашы кайра үн катты.
- Бу кимдин жубаны?
- Ии… Былтыр эринин көзү өтүп кетти. Бечара, жаш эле… баягычы…- деп сөздөн чалынган Дубананын ичи тарып атканын биле койгонсуп, оозунан кебин жулуп ала койду.
- Укканым бар. Түзүк, түзүк… - деп очоктун боюнда от жагып отурган келинди астейдил акмалап карады.
Кара көөгө ышталган көрөнү отко коюп, Алымкан ичегисине шыбактын куурайын тутандырык кылып, көңдөн калап, улуулата от жагып, заматта чай кайнатты.
Меймандын алдына дасторкон жайып, капилеттен баягы өзү тиккен кундуз тебетейге көзү түштү да, жүрөгү алкымына тыгылып калгансыды. Ичи-койнун, бою-башын мупмуздак бирдеме жалмап өткөнсүп, денесин майда калтырак басты.
Нарыдан-бери чай кайнады, дасторконго ар кыл даамдардан коюп, жыла басып, үйгө киргиче шашты.
Корбашы жубандын нарыдан-берки чапсаң кыймыл-аракетин көз жебесинен кыя өткөрбөй, өзүнчө шыпшынып, бекер келбегенине ичинен кудуңдап отурду.
Күтүүсүз кирип келген корбашыны көргөндө “шуу” этип, жүрөгү бирдемени сезгендей, дүкүлдөп сокконунан өзүн араң карманган Дубана анын атайын келген жайын алдыртан сезип-туюп, башы маң катып, дендароо тартып отура берди. Бир-эки пияла чай ичкиче баш-аягы жок, аркы-беркини сүйлөшүмүш этти да, жаш жигиттей атына “шып” ыргып минип, корбашы жолго чыкты.
Шайманы оогон немече жүк алдында бүк түшүп отурган Алмакандын кулагына баягыда келген шыпылдак келиндин сөзү кайра-кайра жаңырып туруп алды.
Мати мал базардан ээрчитип келген жетим бала эрезеге жетип калган. Ар кимге колун сунуп тилемчилик менен жан баккан, тил-оозу жок эрбейген кара бала эле. Соодагер чал боору ачып, мал-калды караса деле бир курсагы тоёр, жакшы болсо, өз баламдай болуп кетер деген ойдо алып келген.
Акмат ушу үйгө келгени эч өзгөрбөдү. Аңкоо чалыш жүзүнөн, дендароодой мерездигинен ичи-сыртын түшүнүп болбойт. Айтканды айткандай “лам” дебестен жасайт. Же сүйлөп, же балага окшоп шоктонуп, күлүп-жайнап кишинин мээримин тартпайт. Ошогобу, чал-кемпир, кыздары деле мандикердин бар- жогун таназар алышпайт. Жайында эски шалчаны жазданып сөөрүдө, кышкысын малга кошулуп, чаркардын бурчунда самандын же чөп-чардын үстүнө жатып уктайт. “Кысталак, адам кебетеси эле болбосо, айдаган мал сыңары…”- деп калчу чал тан бергенин жашырбай.
Нарбү келгенден бети-колун сууга жуунта албай тили тешилди. Имерилип, боор бербеген баланын болгону ушул экен деп түңүлүп, аны өз оюна коюшкан. Бала чоңойгон сайын Оштун базары көзүнөн учуп туруп алды. Тилемчи кезиндеги элес-булас элестер кол булгалап азгырып, ээн-эркин жүргөнү көкүрөгүн эзип кусалантты, кандай болбосун качып кетүүнүн амалында жүрдү. Бирок колу-бутун тушагандай, бир нерсе кармап турду. Анан кайсы бир күнү үйдүн терезесин акмалап, жылт-жулт теңгелерди санап, маашырлана карап отурган чалды көрүп калды. Жүрөгү жагымдуу бирдемеден элеп-желеп боло туйлады.Өзүн коёрго жер таппай, ошол түнү кирпик каккан жок. Ары оодарылып, бери оодарылып, жанагы көзү көргөн теңгелер дитинен чыкпайт. Эси-дарты чалдын көз кызарткан кызылында...Тулуптун ээси кызыл дүйнөсүн каерге бекитип, кайсы маалда алып, санап, кайра ордуна койгонун даана билди.
Мати оо дүйнө узаардан бир-эки күн мурда Акмат үйдөгү “шырп” эткендин баарын туюп-билип жаткан. Түн ичинде Дубана бак арасындагы тоң тиштеген жерди кантип казганын, эки жагын элеңдей-коркуп каранганын, каерге жашырганын мал чаркардын үкүнүн көзүндөй тешигинен аңдып турган эле.
Түндөсү батыл казып алайын десе, Дубананын көзү чак, кулагы сак. Мурдагыдай тоого каттап, эки-үч күндөп жоголчу адаты жок. Күнүгө бир маал түндөсү сыртка чыгып, мал-калына көз салымыш этип, калп жөтөлүп, эки жагын саксактап көздөн өткөрөт.
Таң атпай, даарат алганы абдестесин көтөрүп, кашаанын четирээгиндеги ажаткананы көздөй баратып, үн салды:
- Акмат, тур, бүгүн экөөбүз бир жакка барабыз. Тезинен өзөк жалгап ал, жол алыс….
Мандикер үндөбөдү. Самандан башын көтөрүп, бир топтон бери түнү уктай албай кыйналганынан көңүлү кирдеп, уйку-соонун арасында кеңгиреп турду.
- Каякка?
Баланын өмүрүндөгү биринчи суроосу ушул болсо керек. Кагып койгондой, буту шилтенбей, Дубанадан жооп күттү.
- Сени корбашыга жигит кылып берем. Абдырайымга жагып калыпсың! - деп тамашалады.
- Барбайм!
Колу-буту тарбайып, мойну жооноюп, таноолору барбайып, бою узаргандан узарган, бала кезиндегидей эле жылдызы жок өспүрүм өктөм айтты. Дубананын желкеси тырышып, ачуусун жылоолой кесе айтты:
-Куп барасың! Эртең эле корбашы үйүмдү чаап, оокат-аштын таш-талканын чыгарып кетет. Жакшылыкча барып, кызмат кылсаң, өзүм кабар алып турам.
Дубана ичинен коркту. Көз алдына атты чаап, качып бараткан Акматтын айбаттуу элеси келе калды. Анысын билдирбегенге тырышып, өзү таргыл бозго минип, бир аз аксаган кула бээнин кунанынын чылбырын колуна алды.
Арадан беш-алты күн өтпөй, бейтааныш, чочун киши келди. Корбашы Алмаканга жуучу жиберет. Дубананын кабагы чытылып, аялы экөө үйгө кирип-чыгып бирдемени ачык айталбай күдүңдөшүп, бири-бирине сөздөрү жакпай калды. Абдырайым корбашынын дардисар көпөлөк көңүл зөөкүрлүгүн, көзүнө жакшы көрүнгөн сулуу кыз көрсө этектеп, зордоп тартып алаарын, ага барса карындашынын эртеңки күнү не болот деп кабыргасы кайышып, катуу толгонду.
“Атаңдын көрү, мурдунун жыты бардай шимшилеген ит! Буга Алмакандын кабарын ким жеткирди экен? Савит өкматынан коркуп, айылга келе албай, тоо-ташта жортуп жүрбөйт беле? Бу кандай ачыкка чыгып, тартынбай келип калды? Кабарын айтып, төртүнчүлөргө карматып берсемби?” деп ойлонуп, өзүнчө бушайман.
Дубана жуучуга астейдил түшүндүрүп:
- Корбашы убара болбосун бурадар, карындашымдын сөз алышып койгон кишиси бар. Энемдин акыбалы оорлоп, төшөк жазданып, илең-салаң болгонунан кызын азырынча чыгара албайт, – деди.
Жуучу тоого куру ооз кетти.
Абалап үргөн иттердин үнү ажылдаганы күчөп, айылдан обочороок үйлөргө жакындаганда үзүлүп-үзүлүп барып токтоду. Төрт караан эл каттаган жолдон эмес, айылдын бир тарабындагы дөңдөн ылдыйкы кашаттагы шилби, бадалдарды пааналап жүрүп отуруп, Дубананыкына жетишти.
Түн жарымынан ооп, уюгандай сулк көөшүйт. Асман түнөрүңкү, жылт эткен жарыгы жок. Үй тараптан “шырп” эткен дабыш билинбейт. Келаткандардын бирөө караңгы түндүн койнунан суурулуп чыгып, коргондун этегиндеги дөңдүн ылдыйына үзүнүп келип, таанып-тааныбастан үрүмүш болгон итке ышкырып, чакырды. Көп жыл бою өзү менен малканада жатып, жытыгышып калган кара ит куйругун шыйпаңдатып, ээсине чуркап келди да, чөчөйө отурган неменин колу-башын шимшилеп жалады. Көптөн бери жүрөгүн өйүгөн иштин оңунан чыкканына сүйүнгөн караан, колундагы шапалактай сулп этти ыргытканда,ит ошону күтүп тургандай “шып” илип ала коюп, көздөн далдоо жерге жөнөдү.
Алдындагы караан артындагыларга “баскыла” дегендей ишара берди. Ордун так билгенинен буйдалбай, бак арасындагы бакандан белги коюлган жерди адашпай тапты. Тоодон чыкканда эле көкүрөгүн куушурулта бийлеген коркунуч балалыгы калган үйгө жеткенде жоголуп, ичтен кекенген, муштумдай түйүлгөн ызаанын өчү бийлеп алды. Мати соодагер баласына бекиттирген кызылдын аалами, кызыл пулдун азгырыгы аны ушу үйдөн бир кадам ары бастырбай канча кыйнады? Көзүнүн карасы куюлуп түшчүдөй болуп, канча түн күзөттү? Малайлыктан эптеп качып кетем, ”олжом колго тийсе, менден бай киши жок” деген таттуу үмүтүн кечиктирип, эртең-бүрсүгүнкүгө калтырып, пайитин таппай жүргөндө, чалдын уулу корбашыга алып барып бергени жетимге оор тийген. Тилеги таш талкан болгонсуп, көздөгөнүнө жете албаганына ичи күйүп, ызаланды. Анан кез-кез жетимди баласынтып аяп,боор тартып жүргөн Махмуд деген корбашчынын жигитине сырынын четин чыгарды. Ал көпкө ойлонуп, өзүнүн колунан эч нерсе келбей турганына көзү жетип, паңсатка өтө берилгенин далилдемекке, баланын сөзүнө ишенип-ишенбей тобокелге салды.
Корбашы угары менен көздөрү жайнап, ичинен “жым”этти. Дубананын өткөндөгү жообун эстеп, тарамыштай түйүлүп жүргөн. Кудай берет деген ушул! Башына бакыт кушу өзү келип конгондой, терисине батпай сүйүндү, чырагына май тамганына толкуду. Соодагер чалдан калган дүйнө каякта десе?..Атаңдынгөрү, бул насип! Насиптен качып болобу? Эмнеге Дубана дымактуу жүрөт десе, атасынан калган кызыл оолуктуруп жүргөн турбайбы?! Шашпа - а!.. бек ичинен кекенип, кызганып кетти...
Экөө бышылдап, алка-шалка тер басып, жерди казып киришти. Кара ит шыйпаңдап, ээсине эркелеп айланчыктайт. Малкананын айванына байланган уйлардын кепшеп, туруп-туруп оор дем алганынан башка эч нерсе угулбайт. Түн баягыдан да коюлана түшкөндөй, бак ичиндеги эрбең-сербең караандар оңойчулук менен көзгө илешпейт. Бир убакта күрөктүн учу бирдемеге тийгендей болду. Үчөө жанталаша жата калып, топуракты туш келди шилегилеп, кубанычтан эңги-деңги боло, жан эти менен бирдей жез кумураны сууруп чыгып, заматта көздөн кайым болушту.
(Уландысы бар)