Федор Иванов: Күзгү

  • 27.01.2021
  • 3923

АҢГЕМЕ

Ал Париждин турмушу орто катмары менен борбор калаанын меймандары келчү “Юнипри” миӊ түркүн дүкөнүнүн кире беришинде турду. Келбетине  караганда он сегиз жаштын гүлүн тата элек. Бейтааныш бийкечтин колунда – ачык түстөгү дорбо.

Хуанга аны кайсы бир жерден көргөндөй сезилди. Кайсы жерден, качан бет келишти болду экен? Түшүндөбү, жогорку окуу жайынанбы же мурунку жашоосунандыр?

А балким, ушул бийкеч Веласкестин кыл калеминен жаралган портреттин кара фонунан өзүн жараткан жарыкка утурлай чыккандыр?

Сынакка чогуу даярданыш үчүн Хуанды Сорбоннанын жанында күтүп турган шеригин көз ачып жумганча эсинен чыгарды да койду. Бардыгын унутуп, алдыга кадам шилтеди. Бийкеч башын көтөрдү. Көз караштар чагылыша түштү. Жүздөргө жылмаюу аралады.

– Атыӊ ким?

– Жейн. Сеникичи?

– Менин атым Хуан.

– Испансыӊбы?

– Ооба!

– Бул жерде эмне иш кыласыӊ? Окуйсуӊбу? Иштейсиӊби?

– Сорбоннада инженер адистигинде билим алам.

– Мен Парижге жакында эле келдим, жумуш издегени. Манекенчи болгум келет. Ага чейин дүйнөнүн борборунда жакшы жумушка орношуу кыйын экен. Айтчы, силердин Сорбоннада топ-моделдер талап кылынбайбы?

– Бир азга чыдасаӊ, Жейн. Мен жакында байыйм, мода үйүн ачам дагы, сенин ысымыӊ менен атайм. Макулсуӊбу?

– Ооба, Хуан, күтөм! Өмүр бою күткөнгө даярмын!

Ишке ашырыш үчүн Хуандын сунушу өтө эле жакшыдай Жейн күлүмсүрөп башын акырын ийкеп койду. Ага арналган сөздөргө ойго баткандай кунт коё угуп жатканда көздөрү бир аз капалуудай көрүнөт, бирок анын көз карашы күлкү айкалышкан ысык жарык менен кайра жарк эте түшөт, назиктиги жана кунт коё билгендиги менен аӊгемелешин арбап алат.

“Жейн, эмне мынча татынакайсыӊ?!” деп Хуан ойлоп коёт.

Бул сөздөр анын жүрөгүнүн тереӊинде катылса дагы, аларды колдору, көзү, баш ийкегени ашкере кылып коёт. Хуан Жейндин жөн гана көптүн арасына сиӊип кетерине ишене албайт.

– Жейн, азыр колуӊ бир аз бошпу? Сенаны бойлоп басып келбейлиби?

Жейн уялыӊкы жылмайып башын ийкейт.

– Сени колтуктап алсам болобу? – капысынан суроо салат. Кайра жайдары жымыӊдайт:

– Сендей келишимдүү жигит менен Парижди аралап басууну кыялданып жүргөм, Хуан!

Алар Сенаны бойлой сейилдеп жүрүшөт, ал эми экөөнүн айланасында бүткөн бойду дүргүткөн кайталангыстыгы менен Париж суйкаят. Кичинекей кафелердин, ар кыл музейлердин өлкөсү. Жалгыз жүрсөӊ дагы капалыктан алыс шаар, анткени Париж менен жалгыздык жашабайт. Бирок азыр Париж дагы Хуан менен Жейнге керек эмес болуп туру. Париж бүгүн өсүндүдөй ашыкча. Хуан аста кечирим сурай Жейнди бир азга калтырып кетет да, бир тутам ак розаларды көтөрүп жетип келет.

Экөө бир канча саатка ажырашып, кечкурун мечиттин жанынан жолугушту. Андан соӊ көпкө чейин шаар аралап сейилдешти. Люксембург багында ак кайыӊдардын арасында Хуан селкини алгачкы ирет өптү. Андан кийин скрипканын сызылган абазы жаӊырган ресторандан тамактанышты, кызыл көйнөкчөн москоол цыган жагымдуу кырылдаган үнү менен ырдап жатат.  

Түн ортосунда Хуан жашаган мейманканага киришти. Жетелешкен бойдон бир ооз сөз айтышпастан бардыгын түшүнгөн мейманкана портьесинин жанынан өтүшүп, кызыл килем менен экинчи кабатка көтөрүлүштү. Каалга акырын кычырап ачылды, чоӊ Парижге сүӊгүгөн экөөнүн дүйнөсү тек гана экөөнүн дүйнөсүнө, обочо дүйнөсүнө айланды, чоӊ эмес номердин керебети, жумшак отургучу, отургучтары жана дубалдын жарымысын ээлеп, канча кылымдан бери турганы белгисиз күзгүсү менен түнт мейкиндигине айланды.  

Түн тез эле өттү. Жароокер сөздөр, жалындуу кучакташуулар, ачылган терезе, эч качан, ал турсун түн ичинде да уйкуга алдырбаган тынчы жок шаар. Каны катып суусап калыптыр. Кичинекей муздаткычтагы минералдуу суунун бош бөтөлкөлөрү, капыстан уйкуну умачтай ачырган таӊ.

Хуан ойгонуп, жалгыз экенин көрдү.

– Жейн, – деп үнүн пас чыгара чакырып көрдү. Үн жок. Чала тартылган терезе пардадан бөлмөгө күн нуру шыкаалайт. Көчөдөн авто-унаалардын үнү угулат.

Капысынан анын көзү күзгүгө урунду. Кызыл эрин боёгуч менен бир нерсе жазылып турган экен.

Хуан керебеттен ыргып туруп, жылаӊайлак бойдон күзгүгө жакындап келип, үнүн чыгара муундап окуду:

– Эркектерден өч алам. СПИД менен ооруйм. Кош бол!

Хуан сөздөрдү кайра-кайра окуду. Сөздөр мааниге ээ болбой акылына сыйбады, чындап эмес, түштөгүдөй, учугун таптырбай, аӊ-сезимине жуутпастан кетип жатты.

“Эмне үчүн?” Ал ваннага кирип, муздак суунун агымына башын тосту, эч нерсени сезбестен, ойлонбостон, кыймылсыз, коркуусуз, капасыз көпкө чейин турду.

“Мен аны табышым керек. Эмне үчүн мындай кадамга барганын билүүгө тийишмин! Анын мынчалык... өчүгүшүп калгыча ага эмне жамандык кылышкан!” деп анализге кан тапшырууга баратып эртеси ойлонду.

Терезенин ары жагында кооз жана көӊүл кош шаар күүлдөйт.

Оодарган “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек ШОРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз