АҢГЕМЕ
Ал он сом таап алды...
Эртең менен дүкөнгө барган. Кире бериште кызыл акча жатат. Таңданды. Коркуп да кетти. Эки жакты элеңдей карады. Өзүнө тааныш кишилер жүрөт. Баары — аялдар, көбү — кемпир. «Бир да эркек жок экен»,— деп ойлоп койду ал. Акча жатат. Эч ким албайт. Баары — бейкапар. Ал акчаны көздөй басты. Алып туруп: «Кимдин акчасы!» — деп кыйкыргысы келди. Бирок анын жанына келгенде, эмнегедир алгысы келбей калды. Эмне үчүн минткенин өзү да билген жок. Акчаны көзүнүн кыйыгы менен карап өттү. Он сом. Жаңы экен. Көрүнөө эле жаткансыйт, бирок эч ким албайт. Бирөө байкап калдыбы дегендей дагы элеңдей карады. Ага көңүл бурган жан жок, ар ким өзү менен өзү.
Дүкөнчүнүн маңдайына келди да, текчелердегилерди карамыш болуп туруп калды. Санаасы тынчыбайт. Аңгыча бирөө акчаны көздөй басты. «Алды! — деди тыбырчылап.— Алды!..» Жок, албады. Кылчайып карап да койбоду. Сүйүндү. Эми акчаны алгысы келди. Бирок кимдики деп кыйкыргысы келбей калды. Алууну гана самады, кандай болсо да эптеп колго тийгизсем деп эңседи. Жүрөгү дүкүлдөй баштады. Акчага бет алды, ого бетер дүкүлдөдү. Жанына келди. Артынан бирөө карап тургандай сезилип кетти. Бирок кайрылып карай албады.
Баштыгын бир колунан экинчн колуна алымыш болду да, жерге эңкейди. Алды! Он сом. Баштыгына салып жиберди. Негедир муштумун бекем түйүп алды, өзүнөн өзү эле түйүлүп кетти. «Азыр кыйкырат,— деди шыбырап,— азыр...» Артын карай албады. Бир ач-уу үн кулагына жаңыргандай болду. Селт эте түштү да, артын жалт карады. Ага назар тиккен жан жок. Денесин жыйрып, какая басып баратты. Артынан бирөө муштаганы келаткандай, андан коргонгондой какайды. Кичине басып барып, денесин жазды. Эс ала түштү. Кайра бурулду. Бирөө шек алып калгандай эле туюлуп туруп алды. Дүкөнчүнүн маңдайына келди да, калп күлүп:
- Сүт барбы, эже? — деди.
- Турбайбы,— деди дүкөнчү таңдана.
- Аа...
Күлдү, башын чайкап күлдү. Чын эле байкабай калган экен деп ойлоп калсын деп күлдү. Өзүн аяп да кетти. Кайра артка бурулду. Бирдемесин унутуп калгандай шыпшына кетти, дүкөнчү чын эле унутуп калган экен деп ишенип калсын деп шыпшынды. Дагы эле өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Дүкөндөн чыкты да, үйүнө бет алды. Үйгө барайын деп деле ойлогон жок, жөн эле үйүн көздөй басты. Эмне жөнүндө ойлоп баратканын өзү да билген жок. Көңүлүнөн акча да чыгып кетти, болгону анын кызыл экени, он экени калды. Эсине келип чочуп кетти. "Кайда баратам? — деди ал күлүп,— Алыш керек. Үйгө тезирээк жетүү керек. Бала...» Дүкөндөн эч нерсе албай чыгып кеткенин эстеп таңданды. Оюна он сом кылт этти.
Сүйүндү, кудуңдап сүйүндү. «Ал да сүйүнөт,— деди өзүнчө жобурап.— Сөзсүз сүйүнөт! Кайдан алдың дейт, айтпайм. Айласын кетирем...» Күйөөсүн элестетти. Акчаны көрсөтөт, жок, алып барган көр-жерлерди көргөндө эле ал билет. «Ой, мунун баары кайдан?..— дейт чочуп.— Ушунун баарына жеттиби?!» Айтпайт, күлөт да, калган акчаларды алып чыгат. Анан!.. Кудуңдады. Көп өтпөй көңүлү чөгө баштады. Кимдики деп кыйкырам дегенин, кыйкыргысы келбей калганын эстеди. «Эмне үчүн?— деди маанайы пас.— Эмне үчүн?.. » Жооп таппады. Көңүлү ого бетер чөктү.
Акчаны дүкөнчүгө берип койсомбу деп ойлоду. Кайра тарткынчыктады. «Жана бербей, эми...» Алган жерине кайра таштап койсочу, жоготкон киши келет да... Дүкөндү көздөй басты. Бир аздан кийин тык токтоду. Күйөөсүн элестетти, анын таңданганын, сүйүнгөнүн. Өзүнүн акчаларды алып чыкканын, анан айтпай күйөөсүн жан алакетке түшүрөрүн элестетти. Айрылгысы келбей калды. Он сом акча эмес, кандайдыр бир сыйкырдуу нерсе катары көрүнүп кетти. Эмне экенин таппады. Айласы кеткенде баштыгын ачып, акчаны карады. Жатат. Кыпкызыл. Эңги-деңги болуп турду. Кайрадан күйөөсүн эстеди. Эртең менен экөө кагыша түшкөн эле. Акчалары жок болчу. Кечээ көздү жуумп туруп, кымбат баалуу бир буюмду сатып алышкан. «Эртең кантебиз?» — деген күйөөсү. «Бүжүрөп дайым эле кур калабыз,— деген бул ыйлактап.— Бөтөлкөлөр деле бар да!» Өзүң бил дегендей күйөөсү үндөгөн эмес. А бүгүн: «Дүкөнгө барып келе коёсуңбу,— деди күйөөсүн.— Сүт-пүт алып келсең... Мен баланы карап турайын». «Койчу, бөтөлкөлөрдү өзүң эле өткөрүп жүрчү,— деген күйөөсү.— Уят экен. Бир да эркектин бөтөлкө өткөргөнүн көрө элекмин. Мен эле... Анын үстүнө...» «Анын үстүнө,— деген бул тултуңдап.— Эмне анын үстүнө, бирдеме болсо эле анын үстүнө!..» Алкылдап жөнөгөн. Күйөөсү нааразылана колун шилтеп кала берген. Бүгүн эркектердин майрамы экенин жолдо келатканда араң эстеди. Күйөөсүнө боору ооруду.
"Анын үстүнө...» деп эмне үчүн айтканын түшүндү. Анан бул сөзгө айрыкча ызаланганын эстеп ичи түтөдү. Бүгүн майрам, белек берүү керек. Жөнүрөөк болсо да берүү керек. Былтыр да так ушул маалда акчалары түгөнүп алган. Бүгүн да... Ушуларды ойлоп, башы катып: «Түшүнөөр, көрүп турбайбы!..» — деген аргасы кеткенде. Эми интип... Жеңилдей түштү, сүйүндү. Дүкөнгө кандайча жеткенин билбей калды. Кирди. Эч ким аны элес алган жок. Дүкөнчүнүн маңдайына келгенде катып калды. Акчаны кантип алаарды билбей турду. Чөнтөктөрүн оодарып, акча издемиш болду. Анан шыпшына дүкөнчүнү карады. Ал жакшылап изде дегендей жылмайды. Ойлоно калды а, «аа!..» — деп баштыгын оодарып, он сомду сууруп чыгып күлдү. Дүкөнчүгө сунду.
- Бөтөлкөлөрдү өткөрбөйсүңбү? — деди дүкөнчү.
Ал селт дей түштү. «Өзүңдүкүбү?» дегендей угулду.
- Өзүмдүкү,— деди алактап.
- Бөтөлкөлөрдү өткөрбөйсүңбү? — деди дүкөнчү кайра таңдана.
- Аа... Мен тиги... Өткөрөм.
Бөтөлкөлөрдү шашьш-бушуп коё баштады. Дүкөнчү эсептей баштады. Он сом турат. Дүкөнчүдөн көзүн алайт. Башын башка жакка бурса эле, ал билип коюп, кыйкырчудай сезилип туруп алды.
- Эмне аласың? — деди дүкөнчү.
Ал эмне дээрди билбей мукактанып туруп калды да, анан эсине келгендей алактап айта баштады. Алгандарын да баштыгына шашкалактап салып жатты. Дукөнчү он сомду колуна алды. Көзү ала чакмак боло түштү. Дүкөнчү акчаны тигиле карап, териштирип жаткандай туюлду. Жылмайды, дүкөнчүнү карап, жөндөн жөн эле жылмайды. Дүкөнчү да жылмайып койду. Акчаны ар жакка кайдыгер ыргытты. Жонунан оор жүктү алып салгандай эс ала түштү. Дүкөнчү арткандарын кайырды. Ал акчаларды кайда салаарды билбей элеңдеп калды. Эсептеп жаткандай түр көрсөттү. «Бир беш сомдук, эки бир сомдук экен!» — деди өзүнчө. Акчаларды бекем мыкчый кармады.
Ошол бойдон эшикке жөнөдү. Баштыгына салды да, эки жакты карап койду. Көңүлсүз баратты. Акча таап алганы капысынан эсине түштү. Өмүрүндө биринчи жолу. Бала чагында кандай эңсөөчү эле. Өзү менен бирге ойногон курбусу Нургүл тапкыч эле. Ал көп жолу таап алган. Экөө бирге эле жүрүшчү, ага табылчу да, бул атайы издесе да... Арданчу. «Эмне үчүн ал табат да, мен таба албайм?» — деп сураган бир жолу атасынан. Атасы тамашалап күлгөн: «Нургүл кичинекей чагында... көп жеген го... же ал жер карап жүрөт, а сен көк карап басасың...» Жер карап да жүрдү, бирок тапкан жок. Ошондо кандай эңсечү эле... Андан бери канча жыл өттү, мунун баарын унутуп да калган. Негедир бүгүн эстеп отурат. Ого бетер көңүлсүз боло баштады. Эстегиси келбеди. Бирок бала чагындагы дагы бир окуя аргасыздан эсине түштү.
Бир күнү апасы көп акча жоготуп жиберди. Баары издешти, издеп жүрүшөт, издеп жүрүшөт. Суй жыгылышты. Апасы өзүн күнөөлүүдөй сезген. Эч кимди тике карай албай, «быякка бардым эле, тыякка бардым эле, чөнтөгүмдө эле жүргөндөй болгон» — деп кайсактай берген. Апасы ушунчалык аянычтуу көрүнгөн. Караңгы кирип калганда, сууга түшүрүп салбайын деп булакка бармак болду. «Күнүң ошого байланып калса да койчу! — деген атасы ачуулана.— Караңгыда кайдан издемек элең. Булакка түшүрүп салсаң, бирөө эчак илип кетти да...» Апасы үндөй албады. Булакты көздөй жөнөдү. Бул да ээрчип алды. «Мындай бастым эле, тигиндей бастым эле, бул жерден тынгам» — деп жанталаша шыбырап коюп, апасы жерди теше тиктеп баратты. Баарын эсине түйүп алганына таңданды. Апам ошондо булакка кандайча барып келгенин азыр да унута элек болсо керек деп ойлоп койду. Бул оюна ынанып калды. «Эмне үчүн унута албайт?» Ичи күйдү... «Таптым!» — деп кыйкырып жиберген бир жерге келгенде апасы. Анан бирөө тартып алчудай басып жыгылган. Акча чачылып калыптыр, апасы жанталашып терип жатты. А бул болсо апасын карап тура берген. Эч нерсе көргөн эмес. Караңгы болчу. Калдыраганынан улам гана акча болсо керек деп боолгологон. «Акчаны кантип көрдү?» Ичи ачышты. «Алда өлүгүңдү көрөйүн ай!..» — деген апасы акчаны жыйнап алгандан кийин оор үшкүрүп. Апасы ыйлагандай сезилген ошондо... «Алда өлүгүңдү көрөйүн ай!..»
Апасынын үнү кулагына жаңырды. «Эмне үчүн ушинтти, кимди каргады?..» Таппады. Анан апасынын ошондогу күнөөлүү кейпи көз алдына тартыла түштү. Аяды. Өзүнбү же апасынбы — билбеди. Кадамын катуулатты, өзүнөн өзү эле катуулап кетти. Колунда эч нерсе жоктой сезилди. Мурда мындай жүк менен кырга дейре беш-алты тынчу. Азыр — жепжеңил. Кырга жеткенде, «тынып алуу керек» — деди шыбырап. Баштыгын жерге койду. Ойлонуп туруп калды. Акчаны кандайча тапканын, кантип алганын элестетти да, негедир уялды. Ойлогусу келбей, баштыгын алып жөнөй берди.
Кырга чыгып келатканда, акчаны адеп көргөндө кимдики деп кыйкырам дегенин, кайра андан баш тартканын эстеди. Сүйүнгөнүн, ушунчалык сүйүнгөнүн эстеди. Арданды. Эмне экенин өзү да билбейт, айтор арданды. Какая басканын, дүкөнчүнү карап калп күлгөнүн, акча издемиш болуп чөнтөгүн оодарып кайпастаганын элестетип, ыйлагысы келди. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Баарыдан да кудуңдап сүйүнгөнү, күйөөм да жетине албай кубанат деген ою аны эзип жиберди, жүрөгү мыжылды. Акыры акчаны дүкөнчүгө берип коёюн деген чечимин, кайра буга эрки жетпей койгонун, атүгүл аны жаткан жерине таштап коюуга да кудурети жетпегенин эстеди. Эмне үчүн?— деди ал шыбырап.— Эмне үчүн?..» Шыбырап баратты: «Эмне үчүн?... Эмне үчүн?..» Бирок өзүнөн өзү эмнени сурап жатканын билбеди. Жол узарып кеткендей болду. Чаалыгып, энтикти. Кырга чыкса эле баары бүтчүдөй, баарынан арылчудай сезилди. «Алда өлүгүңдү көрөйүн ай!..» Апасынын наалыганы кайрадан жаңырды. Эс ала түшкөнсүдү. Ушинтип бакыргысы келди.
Кырга да чыкты. «Эмне үчүн Эмне үчүн?..» — деди энтиге. Эс алайын деп ойлоду кайра. Баштыгын жерге койду да, оор үшкүрдү. Жеңилдей түштү. Эми бир аз чыдаса, үйгө жетет. Баары бүтөт да калат. Баштыкты алды да, шашылыш жөнөдү. Жүгүрүп бараткандай болду. «Мына, аз эле калды... Эптеп жетсем.. Өзүнөн өзү качып келатты... Жол боюндагы жалгыз тал чий көзүнө чалдыкты. Таңдана карап туруп калды. Күндө көрүп жүргөн чий, жанынан өткөн сайын сындырып алып эрмектеп, үйгө жеткенде ыргытып жиберчү. Эч нерсе ойлочу эмес, кайдыгер эле. Азыр тигиле карады. «Мотурайып калыптыр...» Атасы: «Жоготпой үйгө алып бар. Апаңа гана бер»,— деп акча берген. Үйгө келсе апасы жок экен. Акчаны кайда коёрду билбеди. Үйдүн ичинен катчу орун таппады.
Жанына алып жүргүсү да келбеди. Акчан огороддогу чийдин түбүнө катты. Чийге сойлотту да үстүнөн таш бастырып койду. Эч ким жок болчу. Кечинде келип караса, акча жок. Таш турат, акча жок. Титиреп кетти. Издей башташты. Чийдин түбүн каза баштады. Кайсы чийге катканын билсе да, бардык чийлердин түбүн казып чыкты. Жок. Ишенбеди. Эртеси да казды. Жок. Акчаны катып жатканда эч кимди көрбөгөнүн айтты. «Бирөө алып кетет деп, кошуналар катса катып койгондур... Алса, алып келер... Коңшу-колоң менен чачташып жүрө албайм...»— деп койду апасы. А коңшулары унчуккан жок...
Көпкө чейин унута албай жүрдү. Күн сайын чийдин түбүн карап чыгат, туш тарабын издеди. Табылбады. Азыр ал чийлердин бирөө да жок... «Эмне үчүн үйгө койбой, чийге каттым? — деп ойлоду.— Кызык...» Акчаны жоголгонун билгенде, титиреп кеткендигин эстеди, ар бир чийдин түбүн аңтарганын, күн сайын чукулап казганын элестетти. Жоголгонун билсе да, табылбастыгына көзү жетсе да...
Күн сайын... Кызык. Кадамын ылдамдатты. Титирегени көңүлүнөн кетпей койду. Өзүнө өзү батпа баратты. «Эмне үчүн? — деди шыбырап,— эмне үчүн?" «Алда өлүгүңдү көрөйүн ай!..» Тааныш үн. Аңгыча үйүнүн карааны көрүндү. Көңүлү көтөрүлдү. Күйөөсүн элестетти. «Дүкөндү көчүрүп келгенсиң го, кайсы акчаңа алдың?» — дейт таңданып. Айтпайт. Беш жана эки бир сомдукту да сууруп чыгат. «Ой, бул кайдан?» — дейт ал ого бетер аңырайып. Дагы күлүп үндөбөйт. Күйөөсү ачуулана баштайт: «Кимден карыз алдың?!» Айтпайт, сырдуу күлөт. Күйөөсү эмне дээрин билбей, ары-бери басат. «Эч кимден,— дейт анан.— Карыз алгандай жинди бекемин!..» Анан...
Үйүнө көңүлдүү кирди. Алып келгендерин үстөлгө коё баштады.
- Ой, ушунун баарын алдыңбы? Эмне кечикти десе... Акча...
Ал жооп бере албады. Баштыктагы акчаны сууруп чыгууга да кудурети жетпеди. Бырышып-тырышкан беш сомдук, эки бир сомдук... Күйөөсүн жалдырап карады. Күнөөлүүдөй карады.1
- Ыйлаган жок. Былк этпей уктап жатат,— деди күйөөсү.
Баласы жөнүндө айтып жатканын араң билди ал. Жолдо келатканда баласы тууралуу ойлобогону да оюна кылт этти. Күйөөсүн жалдырай карап турду. Күйөөсү таңыркаганын жашыргандай бажыраят. Ага ушунчалык аянычтуу көрүндү. Бекем кучактап: «Майрамың менен!» — деп өпкүлөгүсү келди. Күйөөсүн көздөй басты, ал да бир нерсе күткөндөй жадырайт. Жанына келди да, бекем кучактап, сүйлөөгө дарманы келбей титиреди:
- Он сом...
- Эмне?! Он сом!..
Ого бетер сыга кучактап, солуктап жиберди:
- Он сом... Он...