«Канча мезгил өттү... А мен дагы эле бүтпөс күндөлүгүмдү улантып жатам».
(Э. Мелхелайтис. «Контрапункт»)
- От өчкөн тура. Чоң кемпирдикине барып келчи.
- Койчу, кечээ эле баргам,— деди бала.
- Ширеңке түгөнүптүр. Бар, чай коёлу,— дедй энеси.
- Күн жаап жатат.
- Жааганы жакшы. Кап жамынып ал.
- Батинкам суу.
- Менин көлөчүмдү сүйрөп ал.
- Ылайга батып калам. Анан урушасың.
- Тур эми айтышпай.
Черик каалганы ачары менен муздак шамал урду. Жамгыр желеленет. Көчө ээн. Чоң кемпирдин сокмо үйү жаанга чыдабай эзилип, кулап түшчүдөй өчөйөт. Көчө балчык, майы чыгып, жуурулган ылай.
Ал бүкчүйө калып мал короону карай жүгүрдү. Көйнөгү заматта денесине чыптала түштү. Жамгыр аябай жаап жаткан окшойт.
Желе толгон шыптан тамчы «тып-тып» этип, каңырсык жыт мурун өрдөйт. Эзилген чыла томукка чыга түштү. Чыла муздак эле. Ал шөлбүрөгөн шымынын багалегин тизесине чейин түрүп койду.
Узун баканда шүмүрөйгөн эки тоок аны «эмне кылар экен?» дегенсип тикчийишет. Демейде «пыр-пыр» этип учуп жөнөшчү алар орундарынан жылышкан жок. Кыясы, тамчы тийбес, ыңгайлуу жай табышкан окшойт.
- Түт,— деди бала чылага кептеле түшкөн көлөчүн тарта албай жатып. — Түт дейм! — Эми ал жылаңайлак калды. — Кулагың тешикпи?! — деди.
«Курк-курк-курк». — Алар ордуларынан копшолор түрү жок. «Мейли, отура беришсин» деди өзүнчө кайра бала. «Мындай жаанда каякка барат». Бурчта төшөлгөн самандагы уяга колун салды.
- Бар экен. Ура!!!
Эки уучунда эки жумуртка. Көйнөгүнүн жакасын ачып, койнуна салып ийди. Алар муздак эле. «Хи-хи-хи, хи-хи- хи» - бирөө суук колун сойлотуп ийгендей күлкүсү келип, чыйрала түштү.
- Эч кимге айтпа, уктуңбу! — деди бала.
«Курк-курк, курк-курк» — деди тоок көзүн чекчейтип.
Ным болгон таар каптын бурчтарын кептештирип, шоңшойтуп башына илип алды. Кап оор болчу. Эми көйнөгү денесине жабышкан жок.
Болгону эки жумуртка.
Жылаңаяк камырдай жуурулган ылайлуу жолдо Чоң кемпирдин үйүн карай чымылдап баратты.
Жаа-жаа, жамгырым,
Байдын кызын алып берем.
Жаа-жаа, жамгырым!
Байдын кызын алып берем!
Эртең менен Ырсаалы бадачы жыландай чубалган шапалагын сүйрөп, жаанды тоготуп койбой ушул ырды ырдап баратканын уккан. Негедир эсинде калыптыр.
- А Черик, кел, — деди Чоң кемпир. — Тигине, Султанбек досуң. Сабактан башын көтөрбөй калыптыр. Бир тыйын берип ырдата албаганды, миң тыйын берип токтото албайсың. Кайсы кудай жалгаганына таңмын.
Султанбек чөгөлөп алып, үй тапшырмасын жазып олтурган экен.
- Ширеңке берип койсун дейт апам,— деди Черик.
- Ширеңке бизде да жок. Акыркы чий менен тутандырдым. Калакты тос,— деди Чоң кемпир. — Илгери ширеңке жокто биз ушинтчүбүз.
- Азыр. — Черик эңкейе берип, Султанбекке көзүн кысты. Бул сыртка чык деген белги эле.
- Жөнө тез,— деди Чоң кемпир кыпчуур менен чок боло элек быкшыган көңдү калакка салып жатып,— Кабың менен далдалап ал, жаанга өчүрөсүң.
- Макул.
- Эмне? — Далиске кошо чыккан Султанбек корс этти.
- Жыргализм.
- Эмне болду?
- Карачы.— Черик көйнөгүнүн бүчүлүгүн чечти.
- Тууптурбу?
- Ооба.
- Канча.
- Экөө. Силердикичи?
- Жок.
-- Болуптур, мен кеттим.
Жолдо ал жүгүргөн жок. Ичи ооруган эмече бүкчүйүп алды. Чочуганы калактагы чок эмес, койнундагы эки жумуртка.
- Жумуртка карадыңбы? — деди энеси от тамызып жатып.
- Жок.— Жүрөгү болк этти. Койнундагы жумуртканы кандай мыкчыганын өзү да сезген жок. Чок кармагансып колун тартып алды. Ылжыраган эч нерсе жок. Демек жумуртка бүтүн.
- Карап келчи. Куймак куюп берейин.
- Жок экен.— Ал кайра бат эле кирди. Оор жүктөн кутулгандай турушу жеңил, көйнөгү шымдалбай, сыртка чыгарылган. Эми койнундагы эки жумуртка бастырманын бурчунда жыйылган көңдүн кычыгында жаткан эле.
Бу жара чыккырлар десе, тууганды койду го. Өзүм карайынчы. Көлөч кана?
Черик селт этти. Энеси короого кирсе тооктор сүйлөп жиберчүдөй туюлду негедир.
- Көлөч кана дейм!
- Сыртта. Чылага тыгылып калдым.
- Көңдүн түбүнө туубасын, карачы?
- Ал жерди да карадым, жок.
- Анан эмне? Казанкап ууру алдыбы?
- Кайсы Казанкап? — Черик чочуп кетти.
- Ээ, илгери ошондой ууру болгон ушул айылда.
- Качан илгери?
- Ой эмне эле такымдап калгансың, чычкак алгыр! Тур, кургак көң алып кел.
Черик көң алып кирди.
- Ичикий, ичикий.
- Эмне үшүдүңбү?
- Эр болсоң өзүң чыкчы эшикке.
- Муну кара, жөн сүйлөгөн күнүң болобу.
- Болот, болот.— Кемегеде алоолонуп күйүп жаткан отко бутун кактады.— Апа, ал ууру биз менен окуган Казанкаппы?
- Кайдагы сенин Казанкабың? Ал илгери болгон. Ушул айылга бир ууру тынчтык бербей, эл аны аңдып калган.
- Анан? — От Чериктин согончогун тызылдатып ийди.
- Ох, калак-чолок Калматай, катыны өлгөн Супатай.
- Эмне дуба окуган немече далдырайсың.
- Бутум күйүп кетти.
- Келе бери.— Кемпир чийбаркут кемсели менен бутун ороп койду.— Эми үшүбөйт. Колуңду какта.
- Азыр дүмбүл болсо,— деди кызарган көңдүн чогун карап Черик.
- Эмне болмок ошондо?
- Жыргализм.
- Мунун жаргализимчилин. Жөн отур! — Кемпир кыпчуур менен шак эттирип чаап койду.
Койдум, койдум, таксыр. Казанкап ууруну айтчы андан көрө.
- А бир тамаша! Ал оңбогур кеч бешимде бир үйгө уурулукка кириптир. Эл байкап калган экен. «Эми кете албайсың» дешип, үйдү тегерете курчашып, жалаңдаган эки карылуу жигитти үйгө киргизишет. Ошондо кызык болот, эми эле кирген ууру жерге житип кеткенсип жок. Эки жигиттин издебеген жери калбаптыр: булуң-бурчту тинтишет, жүктү чачышат, анын астын карашат, сандыкты ачышат. Ууру көз көрүнө жок.
Кемпир быкшып түтөгөн көңдү дуулдатып үйлөп кирди. Очок оор түтөп турду заматка, анан «леп» этип жумшак жалын соймоңдоду. Батып бараткан күндөй кызарган чоктун илебин бала жакшы көрчү, тизесин кучактап канчага дейре болсо да отура бере турган.
- Анан, апа?
- Ананбы...— Түтүнгө ачышкан көзүн ушалап алды кемпир.“Анан акыры чыгат деп кеч киргенче эч ким кетпептир. Оо, түндүн бир оокуму кезде үйдөн арбактай, аппак бирөө чыккан имиш. Жүзүң кур! Эл дырылдап туш-тушка качып жөнөптүр.
Кемпир күтүүсүздөн каткырып алды:
- Көрсө, ал шумпай чоң казандагы уютулган жууратка кирип, капкагын жаап алган экен.
Черик күлгөн жок. Буту-бутуна тийбей, качып бараткан арбактай аппак Казанкапка боору ооруду.
- Болду, жылындым. Батинкем кургаптыр, мен кеттим,— деди бала.
- Каякка?
- Кичине ойноп келейин.
- Мейлиң, бутуңду суу кылба.
Эми ал тамеки сарайды карай шашып баратты. Коюнунда эки жумуртка.
Айыл балдары бүт сарайда. Жана эле үңкүйүп үйүндө сабак жазып отурган Султанбек да жетип келиптир. Аксак Рысбек кадаларга төрт чарчы кылып, чаарала кыл арканды тартып жүрөт.
Ортодо солдат шапкесин кыйшайта кийген Мады, далдайган шымынын багелегин түрүп кончуна кыстарып салган, майрам күндөй өтүгү жылт-жылт этет, ийининде куржунча илинген боксёрдун мээлейи.
- Эмесе мындай, ким жумуртка алып келсе мына бул мээлейди кийип мушташат. Эч нерсеси жокторго мына бул.— Мады четте жаткан кийизден сомдоп жасалган мээлейди көрсөттү.
- Кана ким эмне алып келди, ортого салгыла,— деди Мады калыбын жазбай.
Заматта аксак Рысбектин шапкеси жумурткага толо түштү. Өзү болсо мал санактагы эсепчидей ким канча апкелгенин саноо менен алек.
- Сенчи? — деди аксак Рысбек Султанбекке.
- Жок.— Ал жер карады.
- Эмне жок?
- Бүгүн туубаптыр.
Эч нерсе апкелбеген чакан топ четте күңөөлүүдөй нымтырашат.
- Мага мунун бир тыйынча кереги жок.— Мады топко басып келди.— Силер үчүн аракет. Мага во! — Баш бармагы менен кекиртегин чийип көрсөтүп койду. Маанилүү сөз сүйлөчү адамдай колу артында.
- Өзүңөр ойлогулачы, эртең же бүрсүгүнү, айтор, бир күнү «Кум-Арыктык боксёр Мамыров Черик рингада!» дегенде эл дуулдата кол чапса ким үчүн сыймык?
- Биз үчүн,— деди аксак Рысбек.
- Во! Мен үчүн эмес.
- Черик тамчы өткөн короодогу эки тооктун бүгүн тууганына ыраазы. Азыр алар маа десе жүздү, маа десе миңди тууса да алып келмек. Ал «Кум-Арыктык боксёр Мамыров Черик рингада!» деген сөз үчүн баарын, колунан эмне келсе ошонун баарын... жасоого даяр эле.
- Канча болду?
- Отуз үч, - деди Рысбек.
- Ким барат дүкөнгө?
- Мен! — деди дагы аксак Рысбек.
- Мейли. Жакшылап санат. Болбосо Жекшенаалы дүкөнчү алдамайын башы кычышат.
- Дүкөн бүгүн жабык,— деди дүкөнчүнүн коңшусунун уулу.
- Эмнеге?
- Аялы кетип калыптыр.
- Кетсе эмне экен?
- Өлөрчө мас. Ырдап жатат...
- Болуптур анда. Кана баштадык.
Кыл аркан тартылган рингада Черик. Бүгүнкүдөй өзүн баатыр сезген эмес. Четте турган балдар кымкуут болуп, сүрөгөн миң-сан элдей. Сомдоп жасалган кийиз мээлейчен Султанбек баштала электе эле боргулданып тердеп алыптыр.
Мурдун шуу-шуу тартып, кыл арканды бойлой корозчо чарк айланат.
Кулагына бир сонун үн жаңыргансыйт: «Рингада Мамыров Черик!»
- Эй, короздор! Бул эмнеңер?
Экөө тең үн чыккан жакты карады. Минген атынын бир капталына өбөктөп, аты да, өзү да жаанга чыланган Ырсаалы бадачы таң калып карап турган экен.
- Өз оокатыңды кыл, бул бокс,— деди Мады.
- А тигичи?
- Эмне тиги?
- Шапкедегини айтам. А да боксбу?
- Ишиң болбосун. Андан көрө уйларыңды кара, күздүккө кирсе бригадирден тумшукка жейсиң.
- Апей-апей, дагы сүйлөгөн болот. Азыр ким тумшукка жээрин көрөсүң.— Ырсаалы бадачы тору атынан ооп түшүп, калдайган плашын чечип, ээр үстүнө ыргытып ийди. Тумагын алганда (ал аны кыштыр-жайдыр башынан түшүрбөчү) кычкыл булоо капкагы ачылган казандан чыгып жаткансыды, кулагы жарганаттын канатындай далдаят.
- Кана кий!
- Эмне? — Мады түшүнгөн жок.
- Кий мээлейди!
- Ой, жин урдубу сени! Өлөр уй боксёрго сүйкөнөт деген ушул. — Мады каткырып алды. — Муну бокс дейт, абышка, уй эмес «өш» дегенге көнгөндөй.
- Кий дейм мээлейди! — Бадачынын үнү өкүм чыкты.
«Эми эмне болот?» дегенсип жарданган балдар.
Мады чоң мелдешке даярдангандай колдорун жайып, керилип-керилип алды, «мен мына минтип урам» дегенсип ой келди ургулап кирди. Кийиз мээлейди кийип, далдайып ортого басып келаткан Ырсаалы бадачыны көргөндө улактай бүкчүйө калып, бир колу менен жүзүн далдалап, экинчи колу менен аны «дүк-дүк» этип көкүрөккө уруп кирди.
- Балдарды алдаганыңды койсоңчу.— Мады аны туурап секирип-секирип коёт.
- Ким алдаптыр балдарды?
- Сен.
- Менби?
- Ооба, сен! Боксту эмне кылат экенсиң.
- Мына сага бокс! — Мады көз ачып жумганча Ырсаалыны ээк талаштыра коюп калды.
Балдар дуу эте түштү. «Дагы сок!» — Аксак Ырысбек ордунан туруп, чалынып каданы сүзүп ала таштады.
- Ушулбу боксуң? — Ырсаалынын тоготор түрү жок.
- Мына дагы, ал аз болсо! — Четтей берген Ырсаалыны дагы уруп калды. Аны бадачы чымын чаккандай да көргөн жок.
- Бокс андай болбойт, мына мындай болот!
Күтүүсүздөн Мады учкан калпактай жерге жалп этти.
Көз ачып жумгуча эмне болуп кеткенин балдардын эч кимиси байкаган жок. Мады жер таянып туруп келатып, кайра жыгылды.
- Боксёр имиш. Алгыла жумурткаңарды, экинчи ушу жерден көрсөм шыйрагыңарды сындырам,— деди бадачы атына минип жатып. Эски тумагын башына ныктап кийди да, плащын өңүрүнө бастырып койду. Эч нерсе болбогон өңдүү бейкапар, кээде гана тору атын теминимиш болот.
Жаа-жаа жамгырым!
Байдын кызын алып берем.
Ал кыңылдап ырдап баратты. Жер чийип, чубалжыган шапалагы соңунда сүйрөлөт.
Жаа-жаа жамгырым!
Байдын кызын алып берем.
Балдар да анын ырын кайталап чурулдап кетип баратышты.
Ошол күнү Чериктин энеси куймак куйду. Черик бала болуп мындай таттуу куймак жеген эмес.
Кемегеде от алоолонот.
Узун дубал. Көптөн бери шыбалбай жаанга эзилип, урчуктуу таштары оркоюп чыгып турат, түбүндө жаш чычырканак. Чычырканактан эптеп өтүшкө болот, бирок дубалдан ашуу кыйын.
Дубал бийик, эски дубал. Ага тырмыштың дегиче үбөлөнгөн жүгөрү нандай кармаган жери колуңда калат, кокус тайысаң чычырканакка кулайсың.
Күн бөтөнчө ысык, көчө ээн.
Үй жактан бак-бак эткен үн чыгат. Короодогу самоордун кеч бешимдеги шоңшойгон түтүнү чубалжыйт.
- Таш менен уралы,— деди Султанбек.
- Угуп коюшат.
- Укпайт. Аял алган кишинин алма менен иши эмне.
- Анан?
- Көрдүңбү? — Султанбек дубал түбүндөгү тешиктен агып чыккан сууну жаңсады.— Алма өзү агып чыгат.
Черик сүйүнүп кетти, бул ойдун келбегенин кара ага.
- Урдук анда.
- Экөө жарыша таш ыргытышты: «тапыр-тупур, тапыр-тупур!»
- Эмне, ташбы же алмабы?..
Султанбек ийнин куушурду.
- Алма го дейм.
Суу киргилденди, бирок эч нерсе чыккан жок.
Үй ичи дагы эле уу-дуу. Күтүүсүздөн бир мукам аваз оболоду.
Тектирге чыккан ээ-эй, тулаңды,
Жылкычы менен ээ-эй, куланды.
«Кыйт-кыйт»... — Жигиттин көмөкөй жарган сүрөөнү.
- Сакен ырдап жатат.
- Ийи.
- Артист болгон дешет, ошо чынбы?
- Болбосо ушинтип ырдайт беле.
- Кел, дагы уралы.
- Кел.
«Тапыр-тупур, тапыр-тупур». Күтүп отурушту.
- Жокко?
- Жок. Мен кирдим — деди Черик. — Буттап кой.
- Каякка?
- Чарбакка.
- Кармап алат.
- Кармабайт. Качып кетем. Сен карап тур, бир нерсе болсо ышкыр.
Короо ичи ээн. Боркулдап кайнаган самоор менен эч кимдин иши жок, эми аларга чайдын кереги жоктой...
Түлкүлөр качат ээ-эй, түз менен,
Тайгандар кубат ээ-эй, из менен.
Сакен дагы эле ырдап жатты, чарчаар түрү жок. “Кыйт!»— бозонун күчүбү же катуу сүрөгөндөнбү үн кырылдайт.
«Чымырдын куусун кара!»— деди Черик ичинен. Алма акпасын деп дубал тешигин зым тор менен тосуп койгон экен.
Черик көйнөгүн бекемирээк шымданды да, алманы койнуна сала баштады. Коюну заматта торсоюп чыкты, дагы салса болмок, «бары бир дубалдан ашарда төгүлүп калат» — деп ойлоду кайра.
Дубал бийик, эски дубал. Коюнундагы алма менен аша албасына көзү жетти. Ошондо дубал тешиги эсине түштү. Ал жерден жөрмөлөп өтүшкө болот.
- Алма агат азыр, тос, — деди ал дубалдын ары жагында отурган Султанбекке.
Өзү багалегин түрүнүп тешикке эңкейе бергенде көйнөгү бутакка илингенсип тартылып, койнундагы алма сууга табырап төгүлдү, чачыраган муздак суудан селт этип чочуп кетти өзү.
- Тос, торду кайра! — Арыктын кырында кара каш бейтааныш аял турган экен. — Тос дейм.— Аял дагы өкүм сүйлөдү.
- Эмнеге тосом, өзүң тос керек болсо.
- Дагы каяша айткан болот. Менден башка болсо сазайыңды бермек.— Бейтааныш аял тор менен тешикти кайра тосуп кирди. Үлпүлдөп, көз жоосун алган көйнөгүнүн бир учу сууда. Черик мындай кооз көйнөктү эч кимден көргөн эмес. Атырдын жагымдуу жыты — бир укмуш жыт.
Көйнөгүнүн этегин көтөрүп, арык кырын аттай бергенде аялдын чымыр жоон саны булт этип көрүнө түштү.
- Атың ким? — деди кара каш аял.
- Черик.
- Черик деген сенсиңби?
«Мени кайдан тааныйт?»— бала аң-таң.
- Канчасыңар?
- Экөө.
- Ме,— деди ал эки алма сунуп. — Экөөңө экөө. Аңгыча үйдөн Аниса чыкты. Ал айылдагы кыздардын бирине окшобогон башкача кыз эле. Чымырдын жалгыз кызы. «Кыз болсо Чымырдын кызындай болсун! Колунан баары келет»— дешип айыл апада ага суктанбаган киши жок. Ушу кезге чейин бирөөгө өйдө карап бейчеки сүйлөгөнүн Черик көрө элек, бир койдой жоош, тил алчаак кыз. Бирок чоң балдар аны «Үй күчүк» деп теңине албай, чычалата бере турган.
- Сизди чакырып жатат,— деди үлбүрөп Аниса.
- Мен сенин апаң болом.— Кара каш аял Чериктин мурдунун учун чымчып койду. Үйдү карай бараткан кара каш аялдын көйнөгү арт жагынан ого бетер кооз көрүндү ага. Айылдагы кампачынын аялынын да мындай кооз көйнөгү жок болучу. Эч кимде жок болчу мындай көйнөк.
Эртең менен энеси ойготту аны.
- Жүр,— деди кемпир, бир нерсеге бушайман болгон түрү бар.
- Каякка, апа?
- Баягы оңбогур катынын сабап... анысы кетип калыптыр түндө. Өзү да жок дейт. Артынан кошо кетсе керек.
- Ким апа?
- Ээй ким болмок эле, Чымыр да. Аялы жылдызы жанган, ыймандуу көрүндү эле. Анын кыялына киши чыдайбы. — Кемпир сүйлөнө берди.— Үч аял алды. Эми ушул түтөр деп сүйүндүм эле ичимде.
- Апа, ал бизге тууганбы?
- Тууган болчу беле кокуй, атаң болот. Сен кайдан билмек элең, биздин колдо өстүң чиедей кезиңде энең байкуш... — Кемпир унчукпай калды бир азга. — Ошондон кийин мүнөзү өзгөрдү, кургур атаңдын.
Аниса ээн үйдө ыйлап олтуруптур. Көздөрү кызарган, өпкөсү көөп солуктайт. Чоң энеси менен Черикти көрүп ого бетер өксүп кирди.
«Ыйлаба, Аниса! Сени эч кимге кор кылбайм. Эч кимге. Эми бирөө «Үй күчүк» десинчи эр болсо». — Чериктин бирөөгө жини келип муштуму түйүлдү.
— Ыйлаба берекем, ыйлаба. Жүр үйгө,— кемпир Анисаны колдон тартты.
Чыгып келаткан Черик кара каш аялдын көз жоосун алган кооз көйнөгү барча-барча тытылып, боз-ала чаң болуп босогодо жатканын көрдү.
Үйдө энеси жок болчу. Аниса кийимчен уктап жатат. Түш көрүп жаткан окшойт, күтүүсүздөн ууртунан жылмайып койду.
Бурчтагы чоң гүлдүү жоолук менен жабылган столдун үстүндө Анисанын көгүш дептери. Ручка сыяга малынуу бойдон калган.
Анын көзүнө мындай жазуулар чалдыкты: «Үй сочинениеси» /Эркин тема./
Ууру кылчу адамдай уктап жаткан Анисаны карап койду. Негедир кызык көрүндү ушул дептер. Ага баары кызык көрүнчү.
«Саламатсызбы, агай. Жүрөктө уюган нерсени кантип жеткизер экем?.. Мүмкүн менин сочинениеме күлөрсүз, мүмкүн «уяты жок кандай кыз» деп шакаба чегерсиз. А мага баары бир.
Азыр сыртта түн. Караңызчы, көөдөй кара түн, бирок үмүткө тирек болгон, өмүрдүн эртеңки күнүнөн кабар берген жылдыздар жымыңдайт. Алар таңдын атышын күткөнсүйт. Негедир мага сиз ошол жылдыз сымал сезилесиз. Ооба, жылдыз сымал! Бир чети кол жеткис алыс, бир чети көз жеткис бийик. Экөөбүз бири-бирибизден жылдыз менен жерден да алыспыз».
Черик түшүнгөн жок. Бул бир кызык сочинение болчу.
«Үйдө эч ким жок. Мен жалгызмын. Энем коңшубуз чоң кемпирдикине шырдак жасашканы кеткен. Черик уй фермага жакшы кино келиптир деп ошол жакта».
«Мунун эмнеси сочинение?»— деп ойлоду Черик.
«Жок, жалгыз эмесмин. Сиз барсыз жанымда. Соңку күндөрдө Сиз дайыма мени мененсиз. Бассам-турсам, мектепте, үйдө, койчу кайда жүрбөйүн Сиздин элесиңиз кошо жүрөт, өкүнүчтүүсү — ал элес сүйлөбөйт. Мейли, сүйлөбөсүн, мени менен кошо жүрсө болду.
Сиз унчукпаңыз. Мен сүйлөй берем...
Биздин үйдө табактай төгөрөк радио бар. Айылда биринчилерден болуп атам алып келиптир. Чоң апам атам байкуш апама белек кылган дейт. Азыр экөө тең жок: апамдын көз жумганына быйыл жети жылдын жүзү болот. Атам болсо соңку аялынын артынан шаарга кетип дайынсыз.
Биз бир үйдө үчөөбүз: мен, чоң апам, иним Черик.
Ошол төгөрөк радио чоң апам үчүн ыйык буюм. Кооз гүлдөрү бар тор менен алпечтеп жаап койгон, бирөөбүзгө да чаңын сүрттүрбөйт, өзү аарчыйт. Кыясы, бөтөн сүйгөн келининен калган эстелик болсо керек.
Ошол радио азыр ырдады. Мага тааныш ыр. Бул ырды мен биринчи жолу сизден уктум. Эсиңиздеби? Айылда түшүм майрамы болуп, сиз ушул ырды ырдагансыз. Негедир ошол ырда кусалык, сагынуу, аны кимдир бирөөгө арноо бардай туюлган ошондо. Кимге? Кызыл-тазыл кийинип, кырка тизилип отурган кыздардын кимисине? Ошондо алардан сизди кызгандым.
Ыр мага, жалгыз мага арналып жаткандай сезилди негедир. Сизден көзүмдү ала качтым, баары мени карап жаткансып эки бетим чымырады.
Чогулгандар дүркүрөтө кол чапты. Өзгөчө мен. Дагы, дагы Сизди ырдаса экен деп белгисиз бирөөгө жалбардым, дагы, дагы Сизди сахнадан көрүүгө кумарландым. Дагы, дагы...
...Ошол түндүн сулуулугу, ай! Эсиңиздеби, ошол түнү дагы асман бүгүнкүдөй тунук болчу, бүгүнкүдөй жылдыз мээрим төгүп жайнап турган, бирок ал башкаларга окшобогон өзгөчө түн эле. Ошол түнү кыздардан атайылап калып калган мени Сиз үйгө жеткирип келдиңиз. Эсиңиздеби, агай! Жолдо эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз, мен сүйлөөгө жүрөгүм даабады. Сиз эмнени сүйлөмөк элем деп ойлосоңуз керек.
Ал бир шумдук түн эле! Мен эч качан мынчалык бактылуу сезген эмесмин. Сиздин обон кулагыма кайра-кайра жаңыра берди ошондо. Мен эңсеген, мен сүйгөн обон! Ал эч качан токтобосо экен! Таңшый берсе экен!
Күндө эле адабият сабагы болсо экен деп тиленем. Ар бир сабак мага майрам, күндө эртеңкисин күтөм, кызык, ошол эртеңки сабак мен күткөн жаңылыктын жарчысы болчудай сезилет негедир. Кандай жаңылыктын — өзүм да билбейм, айтор, жүрөк эритчү бир кабарды күтө берем, күтө берем... Баарынан да башка окуучулардан үй тапшырманы сурап, түшүнүксүз нерселерди түшүндүрүп жатканыңызда ичим ачышып, Сизди алардан кызганганымчы. Кызык. Анан менден сурап калганыңызда билсем да билмексен болуп, тултуңдап таарына калчумун. Анда Сиз башка мугалимдерге окшоп урушпай, кайталап түшүндүрчүсүз. Анда да мен аябай кумарлана угаар элем.
Эсиңиздеби, агай. Бир жолу баа коюп калдыңыз. Мен сиздин катарыңызда элем, аябай этияттык менен жазып жаттыңыз, кандайдыр бир жагымдуу коңур жыт урду. Негедир сизге ыктап, көкүрөгүмө жакын турган чачыңызды сылагым келди. Күтүүсүздөн көкүрөгүм башыңызга тийип кетти. Денем чымырап, комуздун кылындай дирилдеди. Селт эттим чочуп. Ошону Сиз сездиңиз беле?
Жок, Сиз сезген жоксуз, ким билет, мүмкүн сезген чыгаарсыз... Мүмкүн, «кандай обу жок кыз» деп ичиңизден жээриген чыгаарсыз, мүмкүн кокусунан го деп маани бербей басып кете бердиңизби?..
Көкүрөгүм ызага толуп чыкты. Белгисиз бирөөгө кыжырым келип, ичимде каарып жаттым. Экөөбүздүн арабызга бөгөт болгон ошол сыяктуу сезилди негедир.
Сыртта түн. Караңызчы, көөдөй караңгы түн. Радио үнсүз, ал мен эңсеген ырды ырдап бүткөн. Ар качан эңсейм ал ырды. Ал сиз ырдаган ыр эмес, ал менин жүрөгүмдүн добушу.
Эсиңиздеби агай, бир жолу сизди аңдып, мектептин жанында күтүп тургам. Ошол күнү баарын айтууга бел байлап, ууру кылган адамдай балдардан бекинип, Сизди бир кыйлага чейин күттүм. Ай, менин уялчагым, ай! Сиздин караанды көргөндө эле оозумдан сөзүм түшүп, бет маңдай барууга эрким жетпей «эмне кылар экен» деп курбуларым аңдып тургансып, бүкчүңдөп далдаага бекинип, үйдү карай качып жөнөгөм. Жолдо келаттым, түшүм майрамын самадым, мемиреген бейкут жылдыздуу түндү эңседим. Ал майрам, сезимге биротоло уюган майрам качан келет?..
Ошол күндөн бери Сизди «ооруп жатат» деп башка мугалим сабак өтүп жүрдү. Биздин класс чогулуп, Сизди көрүп келишиптир. Мен барган жокмун — ушундай кылсам Сизден алыстай аламбы деген ниетим эле. Негедир соңку күндөрдө көңүлүм чөгүп, сабакка барсам бир нерсе жетишпеген сыяктуу сезилет...
Кечээ кайра сабак өтө баштадыңыз. Өңүңүз ак жуумал тартып, бетиңиз ого бетер шимирилип, чекеңизге чакан бырыш пайда боло калыптыр. Жүзүңүз муңайым көрүндү. Бир нерсеге кабатыр болгонуңуз байкалат. Эмнеге?.. Кечээ ойлогонум ошол болду, бирок таба албадым, азыр да ойлоном, бирок таба албайм. Мүмкүн, менин жардамым тиер айтсаңыз, агай?
«Кызык, мен жөнүндө эч нерсе билбесе, анан сыртынан тон бычып жүргөнүмө жол болсун! Унутуш керек»,— деп ойлоном. Бирок Сизди көрбөй калсам кандайдыр бир нерсе жетишпеген сыяктуу куса болуп сагынычым артар эле.
...Ошол күнү сиз ыр окудуңуз. Ал сүйүү, жаз, жамгыр, биздин айыл жөнүндө ырлар эле. Ал ырда эргүү да, кусалык да, жоготуу да, шаңдануу да бар болчу.
- Автору ким, агай?— дешти балдар.
- Бирөө, аны силер тааныйсыңар,— дедиңиз Сиз.
«Мага арналган ырлар»,— дедим ичимде мен.
Чукул арада сиз кетесиз. Аны сезип жүрөм. Сиз акынсыз, болгондо да чоң акынсыз. Сиз эңсеген, Сиз самаган нерсе башка. Мүмкүн, ал тээ алыстагы жымыңдаган жылдыз сымал кол булгап чакырып жаткан чыгар. Эми мен бөтөнчө күткөн, кумарлана сүйгөн сабакты өтпөйсүз. Болгону сезимде сагыныч менен кусалыктан алаксытчу Сиздин ырыңыз калды.
...Түшүм майрамын күтөм, ал кубаныч балкыткан бир учурду эске салат.
Мен сүйгөн, мен эңсеген обон. Ана, ал дагы жаңырды! Тыңшаңызчы, агай!..»
Эртеси Черик чоң жолду көздөй кетип бараткан мугалимди көрдү. Колунда оор чемодан.
- Тиги ким?— деди жанындагы Султанбекке.
- Агай го. Шаарга кетип баратат.
- Жок, аны айтпайм, тигичи?
Кыштакты бойлоп аккан сууну жээктеп, чоң жолду карай бирөө эт-бетине карабай жүгүрүп баратты.
- Жинди го!— Черик чочуп кетти. — Аниса! Токто!
Китеп баштыгын таштап ийип, анын артынан чымылдап баратканын өзү да сезген жок. — Аниса, ток-то-оо! — Чоң энесинен таяк жеп качканда да мынчалык жүгүрчү эмес.
Чоң жолго жете келгенде күнүнө бир жолу каттачу саргыч автобус тээ алыста зымырап бараткан эле.
Жол боюнда жалгыз Аниса.
Мугалим Кум-Арыкка кайрылып келбеди. Көп өтпөй Черик анын газетага чыккан ырын окуду. Ал сүйүү, түшүм майрамы, элеттик сулуу кыз тууралуу ырлар болучу.