Жэром Дэвид Сэлинжердин өмүрү жана чыгармачылык таржымалы

  • 30.09.2024
  • 2989

Жэром Дэвид Сэлинжер 1919-жылы 1-январда Нью-Йоркто төрөлгөн. Атасы теги литвалык еврей улутундагы ишкердүүлүк менен алектенген адам болгон (башында кинотеатр иштетип, кийин азык-түлүк товарларын сатуу менен алектенген). Апасы шотландиялык жана ирландиялык урууга таандык үй-бүлөдөн чыккан.

Бала чагында мектептеги маданий иш-чараларга активдүү катышып, мектептин дубал газетасына чакан чыгармаларын жарыялап турган. Мектепти аяктаган соң, «Вэлли-Фордж» (Уэйн, Пенсильвания штаты, АКШ) аскердик училищада окуган. Бош убактысында чакан аңгемелерди жазуу менен алектенген. Училищаны аяктаган соң, 1936-жылы Нью-Йорк университетинин атайын педагогика (кемтилгелүү балдарга билим берүү) бөлүмүнө тапшырган. Бир жылдан соң окуусун таштап, Австрияда жана Польшада эт азыктарын өндүрүү ишкердиги менен алектенип, 1938-жылы ишкердикти таштайт.

АКШга кайтып келгенден кийин, 1939-жылы Колумбия университетинин жалпы билим берүү мектебине тапшырып, алгачкы чыгармачылык изденүү чыйыры ушул жерден башталган.

1942-жылдын жазында аскерге чакыртылып, алгач байланыш бөлүмүндө, андан соң чалгындоо бөлүмүндө кызмат өтөгөн. АКШнын фашисттик Германияга каршы Европадагы аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөп, көптөгөн согуштук жана чалгындоо операцияларына катышкан. Дахау концлагеринде туткундарды бошотуу боюнча согуштук операциясына катышкан мезгилде, концлагерде отундай жыйылып жаткан өлүктөрдү, тирүү туткундардын абалын көрүп психикасы кескин жабыркайт. Согуштун аягында ден-соолугу начарлап, согуштук психикалык травма диагнозу коюлган. Бул тууралуу «Банан балыктар» (A Perfect Day for Bananafish) аңгемесинде согуштан психикалык жактан жабыркап кайткан Симор Гласстын образында берген.

Аскерде жүргөн мезгилде чыгармачылыгын токтотпостон, «Буудай аңыздын үстүндө» романын жазып, бир нече аңгемелери жарык көргөн. Фронто жүргөн кезинде аскердик кабарчы кызматын аркалап жүргөн улуу жазуучу Эрнест Хемингуэй менен жакындан таанышып, Хемингуэй ага «жин ургандай таланттуу» деген баасын берген. Экөөнүн жазуу стили эки башка болгонуна карабастан, Хемингуэй анын чыгармаларына жогору баа берип, алардын достугу Хемингуэйдин көзү өткөнгө дейре уланган. Согуш аяктаган соң Сэлинжер жарым жылдай Германияда кызмат өтөп, АКШга кайтып келген соң, чыгармачылыкка баш оту менен киришкен.

Чыгармачылык атак-даңкты ага 1948-жылы жарыкка чыккан «Банан балыктар» аңгемеси алып келген. Кийин дагы алты аңгемеси жарык көрүп, 1951-жылы анын эң белгилүү «Буудай аңыздын үстүндө» романы жарыяланган. Бул романы өзүнчө китеп катары басылып чыгып, бүгүнкү күнгө дейре бир нече жолу кайрадан көптөгөн нускада басылып чыгар замат окурмандарга сатылып кетип турат. Сэлинжердин чыгармалары дүйнөнүн дээрлик бардык негизги тилдерине которулган.  

Жазуучу 1965-жылы чыгармачылыгын токтотуп, өзү үчүн гана чыгарма жазып, аларды эч жерде жарыялаган эмес. Сырткы дүйнө менен да байланышын токтотуп, ЖМКларга, журналисттерге маек берүүдөн баш тартып, өз алдынча, эч кимге аралашпай өмүрүнүн аягына чейин күн кечирген.

2009-жылы Жон Дэвид Калифорния каймана аты менен чыгып жүргөн швед жазуучусу Фредерик Колтинг «60 жылдан кийин. Буудай аңызды аралап» аталыштагы «Буудай аңыздын үстүндө» романынын уландысы катары жазылган чыгармасын жарыкка чыгарган. Мунун айынан Сэлинжер жазуучунун үстүнөн сотко кайрылып, сот чыгарманы АКШда жарыялабоо чечимин чыгарган. Кийинчерээк Колтинг китепти башка өлкөлөрдө жарыялоого уруксат берген чечимди алууга жетишкен. 

Жалпысынан 35 чыгарма жазып, чыгармалар жыйнагы төмөнкүдөй аталыштарда басылып чыккан: Тогуз аңгеме (аңгемелер жыйнагы), “Френни жана Зуи”, “Буудай аңыздын үстүндө” (роман), “Тедди, Симор: киришүү”, “Гласстар тууралуу сага” ж.б.

Жеке турмушунда жана чыгармачылыгында Сэлинжер тууралуу төмөндөгүдөй фактылар белгилүү:

- Жазуучулуктан сырткары религиялык философияга кызыккан. Мындан улам христианизм, иудаизм, буддизм жана индуизм өңдүү салттык диндерди терең өздөштүрүп окуп чыккан. Аягында дзен-буддизм жана индуизм окууларына кызыгып, бул окууларды өздөштүрүүгө баш оту менен кирип кеткен. Чыгармаларынын өзөгүн дзен-буддизм жана индуизм поэзиясы түзүп, табышмактуу жазылган чыгармаларында көзгө көрүнбөгөн лирика жана поэзия байкалып, окурманды эстетикалык эргүүлөргө жетелейт. 

- Сэлинжер чыгармаларында сырткы дүйнөнү балдардын көз карашында берген. Ошого көпчүлүк чыгармаларында негизги каармандар катары жаш балдар тандалып алынган. Ошондон улам жазуучуну кээде өтмө мааниде балдар жазуучусу деп да аташа турган.

- Бир жазган чыгармасын эч качан кайрадан оңдоп чыккан эмес. Ал тургай адабий журналга чыгар алдында редактор оңдоп чыга турган жерлерин кайрадан жазуу сунушун айтканда да, мындан караманча баш тарткан, б.а., чыгармалары башында кандай жазылса ошол бойдон калган.

- Сүйүүдө анча жолу болбогон. 21 жашында 15 жаштагы сулуу Уна О’Нил менен таанышып, алардын ортосунда сүйүү оту тутанат. Бирок бул сүйүүнүн өмүрү кыска болгон, Уна О’Нил 18 жашка толгондо 24 жаштагы Сэлинжер сүйүктүүсүн 54 жаштагы атактуу актёр Чарли Чаплинге тарттырып жиберет. 18 жаштагы Уна О’Нил Чарли Чаплинге алтынчы аялы болуп тийип, андан 8 бала төрөгөн.  Бирок Уна О’Нил Чарли Чаплинге турмушка чыккандан кийин да Сэлинжер менен сүйүү мамилесин токтоткон эмес. Алар мезгил-мезгили менен жолугушуп турушкан.

- Биринчи жолу 1945-жылы немис улутундагы улутчул көз караштагы аткаминердин Сильва Вельтер аттуу немис кызына үйлөнөт. Сильва англис тилинде “шилекей” (saliva) сөзүнө окшош угулуп, бул Сэлинжердин жоро-жолдошторунун арасында келекелүү шылдыңды пайда кылган. Жазуучу досторунун арасында ушундан теригип жүрүп, жубайлар бир жылдан соң ажырашып кетишкен.

- Экинчи аялы Клара Дуглас менен Клара 16 жаш кезинде 1950-жылы таанышкан. Ал кезде жазуучу 31 жашта болгон. Клара 16 жаштагы бойго жете элек кыз болгондуктан, ага үйлөнүш үчүн Сэлинжер ал бойго жеткенге дейре күтүүгө туура келген. 1955-жылы кыздуу, 1960-жылы уулдуу болушуп, 1967-жылы ажырашып кетишкен. Кызы атасынын жолун улантып, атасы тууралуу бир нече очерктерди жазган. Кызы жазган кайсы бир өзү тууралуу очерк боюнча кызына таарынып, аны менен бир жылдан ашык сүйлөшпөй жүргөн.

- 1988-жылы 69 жашында өзүнөн 40 жаш кичүү 29 жаштагы Колин О’Нилге үйлөнгөн. Аны менен 2010-жылы дүйнөдөн өткөнгө чейин жашаган.

Жазуучу 2010-жылдын 27-январында дүйнөдөн өткөн.

Кубантай Эрназаров, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз