Саясый саткынчылыктан сабак алгандар болгонбу?

  • 27.09.2024
  • 4552

БРУТ, СЕН ДАГЫБЫ, БАЛАМ!

Рим кол башчысы жана саясатчы Юлий Цезарь б.з.ч. 49-45-жылдары жүргөн жарандык согушта каршылаштарын бүт жеңип, өлкө анын башкаруусуна өтөт. Республикалык түзүлүш өз доорун аяктап, Рим империясынын доору башталат. Цезардын башкы максаты – республикалык башкарууну түп орду менен кыйратып, анын ордуна монархиялык башкарууну түптөө болгон. Цезарь бийликке келер замат бийликти жалгыз өзү башкарууну көздөп, диктаторго айланат.

Бирок Цезарь бул бийлик башында көпкө турбаган. Б.з.ч. 44-жылдын 15-мартында сенаторлордун тобу Республикалык башкарууну кайра калыбына келтириш максатында ордодо кутум уюштурушкан.  Бул кутумдун башында Гай Кассий Лонгин турган.

Сенаттын жыйналышы жүрүп жаткан маалда алдын-ала сүйлөшүлгөн план боюнча бир нече адам коюнга катылган канжарларды сууруп чыгышып, туш тараптан Цезарды сайгылап киришет. Ошол учурда Цезарга 23 жолу бычак урулган. Уламышка караганда Юлий Цезарь ошондо да багынбастан, ага жабалактаган адамдарды калемдин учтуу учу менен сайгылап, өзүн коргоого далалат кылган. Качан гана өз жанындай ишенген жакын адамы Марк Юний Брут каптал жагынан чыга калып, канжарды матырып жибергенде: Брут, сен дагыбы, балам! (латынча Tu quoque, Brute, fili mi!) - деген сөздү айтып, өз тагдырына, күтүүсүз келген ажалга баш ийип, шалдайып олтуруп калган дешет.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, Бруттун энеси ак сөөк тукумунан чыккан Сервилия аттуу аял. Күйөөсү каза болгондон кийин Юлий Цезарь менен көңүлдөш болуп, мунун арты менен Римдин ички саясатына да кийлигишип турган. Мындан улам Цезарь али жаш Брутка өз уулундай жылуу мамиле жасап, аны саясатта өзү таптап чоңойткон, ордодогу эң  ишенимдүү адамдарынын бири болгон. Брут Сервилиянын Цезардан никесиз төрөп алган баласы болгон деген да маалыматтар бар. Бирок мунун чындыгы жетишерлик анык эмес.

Республикалык түзүлүштү кайра калыбына келтиребиз деп, кутум уюштурган адамдардын максаты ишке ашпай калган. Цезарды жерге берген күнү башында Марк Антоний турган топтошкон эл Цезардын таламын талашып, көтөрүлүп чыгат. Ордодо кутум уюштурган адамдар Римди таштай качууга аргасыз болушкан. Натыйжада, бийлик башына Юлий Цезардын бакма уулу – Октавиан Август келип, Рим империялык түзүлүшкө айланат.

«Брут, сен дагыбы, балам!» - учкул сөзү өздөн чыккан  эки жүздүү, кыянаттык кылган саткын адамга карата айтылат. Кыргыздын «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» сөзү  дал ушул тарыхый учкул сөзгө шайкеш келет. Римдеги саясаттын казанында кайнап, саясатты өз билгениндей калчаган, улуу кол башчы, диктатор Юлий Цезарь адамдын ички оюн бир сүйлөшүп туйган, чычканга оңойлук менен кебек алдырбаган өтө кыраакы адам болгон. Арийне, бул дүйнөнүн ак-карасы, чын-жалганы, жаман-жакшы жактары Цезарь сыяктуу кексеге илгертен маалым эле. Бирок кайран Цезарь бул дүйнөнүн ушунчалык эки жүздүү болоруна өлүп баратып тан берген тура.  

Бул тууралуу рим жана грек ишмерлери туурасында эмгектерди жазган грек жазуучусу Плутархтын «Салыштырмалуу турмуш баяндары» аттуу эмгегинде жазып калтырылган. Андан кийин улуу англис жазуучусу Вильям Шекспирдин «Юлий Цезарь» аталыштагы пьесасында да баяндалат.

Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз