АҢГЕМЕ
Мындан үч жыл мурун өтүкчү Аляхинге үйрөнчүккө берилген тогуз жаштагы Ванька Жуков Ыйса пайгамбардын туулган күнүнүн алдыңкы түнүндө уйкусу качып, төшөгүнө жаткан жок. Үй ээлеринин жана өтүкчүлөрдүн иштен кийин кетишкенин күтүп, үй ээсинин шкафынан учу саргайып кеткен калем сапты сыя челеги менен кошо алып чыкты да, алдына уйпаланган бир баракты коюп, оюндагысын жаза баштады. Биринчи тамганы жазар алдында ал эшик менен терезе жакты бир нече жолу чочулоо менен карап алды да, башын төмөн ийип, үшкүрүп койду... Кагаз отургучта жаткан, ал эми өзү болсо отургучтун жанына тизелеп отурду.
«Айланайын чоң ата, Константин Макарыч! – деп жаза баштады. – Сага кат жазып жатам. Силерди Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм жана Кудайдын кудурети бардыгын каалайм. Менин атам да, апам да жок, мен үчүн жалгыз гана сен калдың». Ванька бүлбүлдөп күйгөн шамдын жарыгы чагылган күңүрт терезени карады да, Живарев мырзаларда түнкү кароолчу болуп кызмат өтөгөн өзүнүн чоң атасы Константин Макарычты элестетти. Бул, бетинде дайыма күлкү чачырап, көздөрү мас экенин билдирип турган 65 жаштардагы кичинекей, арык, бирок күүлүү-күчтүү шамдагай чал эле. Күндүз ал эл тынбаган ашканада уктап же тамак жасагандар менен тамашалашып, ал эми түнүндө болсо чоң тонду кымтыланып алып, чарбакты айланып басып жүрөр эле. Артынан башын төмөн салып картаң Каштанка менен капкара түсү жана узун денеси суусардыкындай болгону үчүн Вьюн деп атап коюшкан дөбөт эрчип алчу. Вьюн эркелегенди өзгөчө жакшы көргөн, өздөрүнүкүнө да, бөлөктөргө да бирдей шыйпаңдап караган, бирок беделин жоготпогон ит. Анын өтө ызааттуулугунун жана момундугунун артында эң чоң куйтулук жатканы анык. Өз учурунда жашынып барып, буттан тиштегенди, тоңгон музга чыкканды же тоок уурдаганды андан эч ким мыктыраак жасай албайт. Бир нече жолу анын арткы буттарын сындырышып, эки жолу асып да коюшкан, жума сайын өлөөрчө сабашчу. Бирок ал дайыма тирилип кетээр эле.
Мүмкүн азыр чоң атасы дарбазанын кире беришинде туруп, айылдык чиркөөнүн ачык кызыл терезесин көзүн жүлжүйтүп алып тиктеп, чокою менен жер тепкилеп, короо шыпыруучулар менен тамашалашып жаткандыр? Жыгач шакылдагы анын белине байланган. Колун өйдө-ылдый шилтегилеп, сууктан ийнин куушуруп, карт-карт кекире бирде үй шыпыргычты, бирде ашмачыны чымчылап жатса керек.
– Тамекини жыттагыңар келеби? – дейт ал өзүнүн тамеки салган баштыкчасын катындарга сунуп атып. Катындар болсо аны жытташып, анан чүчкүрүп киришет. Чоң атасы буга чечекейи чеч болуп, кыткылыктап күлүп кыйкырат:
– Алгын, үшүп кеттим! Тамекини иттерге да жыттатат. Каштанка чүчкүрүп, мурдун чүйрүп, таарынгандай четке чыга берет. Вьюн болсо ызааттуулук менен чүчкүрбөйт да, куйругун булгактатат. Аба ырайы болсо сонун. Асман ачык, теребел жымжырт да, жагымдуу да. Түн караңгы, бирок кыштактын ак чатырлары менен мордон сызылып чыккан коюу түтүндөрү, бубак каптаган бак-дарактар, күрткүлөр даана көрүнүп турат. Асман бүтүндөй жарык жанган жылдыздарга толгон. Саманчынын жолу болсо майрам алдында кар менен жууп тазалагандай ачык көрүнөт.
Ванька үшкүрүп, учту сыя челекке малды да, жазуусун улантты: «Кечээ кожоюн чачыман тартып короого сүйрөп чыкты да, алардын ымыркайын бешикке терметип жатып капыстан уктап кеткендигим үчүн чыбык менен сабады. Ал эми андан мурдараак кожойке мени балык тазала десе, мен куйругунан тазалай баштаган экем. Ал балыкты колуна алып, анын мурдун менин бетиме тыкса болобу. Мастердин жардамчылары мени шылдыңдашып, дүкөнгө аракка жиберишип, кожоюндан бадыраң уурдоого мажбурлашат. Ал эми кожоюн болсо, колуна эмне тийсе, ошону менен мени уруп калат. Тамак болсо жок. Эртең менен нан берет. Түштө ботко жана кечкиге да нан беришет. Чай же көжө берүүдөн кожоюндар өздөрү да калчылдап турушат. Мени болсо чөп үймөккө жаткын дешет. Ал эми алардын балдары ыйлаган кезде мен таптакыр уктабай, бешик 97 терметем. Айланайын чоң ата, кайрымдуулук кылып кыштакка, үйгө алып кетчи. Менин эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок. Бутуңа чөгөлөп, Кудайга түбөлүк сыйынам. Мени бул жерден алып кетчи. Антпесең өлүп калышым мүмкүн...»
Ванька оозун аңырдай ачып, өзүнүн кир муштуму менен көзүн аарчып, солуктап ыйлады. «Мен сага тамеки ушалап берем, – деп жазуусун улантты. – Кудайга сыйынам, эгерде антпесем эчкини бакыртып сабагандай сабагын. Мен бардык ишти аткара берем. Керек болсо бүркөнчүктүн өтүгүн тазалайм. Федьканын ордуна мал кайтарам. Кагылайын чоң ата, биерде эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Өлүм гана бар. Кыштакка чейин жөө жүгүрүп барайын десем өтүгүм жок, сууктан чочуйм. Чоңойгондо бул жакшылыгың үчүн сени багып, капа кылбайм. Ал эми өлсөң Пелагея энемдей кылып сен үчүн чокунам.
Москва чоң шаар. Бардыгы заңгыраган үйлөр, аттар көп. Ал эми койлор жок жана иттер кабанаак эмес. Мында балдар жылдыз алып жүрүшпөйт жана эч кимди чиркөөгө ырдоого жиберишпейт. Бир жолу бир күркөдөгү терезеден ар түрдүү балыктарды кармаса боло турган жиби менен кайырмак сатылып жатканын көрдүм. Эң мыкты экен. Аны менен бир пуд келген балыкты да кармаса болот. Бариндер алып жүрүшкөн мылтыктар сатылган күркөлөрдү да көрдүм. Алардын ар бири жүз сомдон турса керек... Ал эми эт сатуучу күркөлөрдө кара куштар да, тооктой илбээсиндери да, коёндор да турат. Аларды кайсы жерден атып келишерин сатуучулар айтышпайт. Кагылайын чоң ата, кожоюндун белекке берген балатысы өтсө, мага алтындын буусуна капталган жаңгак алгын да, жашыл сандыкка катып кой. Ванька үчүн деп Ольга Игнатьевна айымдан өтүнгүн».
Ванька титиреп-калтырап дем алды да, кайрадан терезеге тигилди. Ал дайыма чоң атасы балаты үчүн токойго барганда небересин өзү менен кошо алып барганын эстеди. Көңүлдүү учур эле! Чоң атасы да тамагын кырчу, суук да тамагын кырчу, аларды карап туруп Ванька да тамагын кырчу. Балатыны кыярдын алдында чоң атасы чылым чегип, үшүп турган Ваньюшканы шылдың кылып, тамекини узакка жыттачу. Бубак баскан жаш балатылар кимиси биринчи кыйыларын күтүшүп, кыймылсыз турушат. Кайда караба, күрткүдөн жебедей учкан коёндор атып чыгышат. Чоң атасы алдастап, кыйкырып калат:
– Карма, карма... Карма! Ах, мултук куйрук шайтан! Кыйылган балатыны чоң атасы кожоюндун үйүнө сүйрөп барат. Ал эми ал жерде аны тазалоого киришишет...
Баарынан көбүрөөк Ванька жакшы көргөн Ольга Игнатьевна айым чебелектейт. Ваньканын энеси Пелагея тирүү кезинде жана кожоюнда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөндө Ольга Игнатьевна Ванькага момпосуй берип, кыларга иш жогунан аны токуганга, жазганга, жүзгө чейин санаганга жана алтүгүл кадриль бийин бийлегенге үйрөткөн. Пелагея өлгөндөн кийин жетим Ваньканы адамдардын ашканасындагы чоң атасына, андан болсо Москвага өтүкчү Аляхинге жөнөтүшкөн.
«Келгин, айланайын чоң ата, – деп улантты Ванька, – Кудайдан өтүнөм, мени бул жактан алып кетчи. Мени, бактысыз жетимди, аясаң боло. Мени бардыгы урушат. Курсагым да ач. Ушундай көңүлсүздүктөн тынбай ыйлай берем. Өткөндө кожоюн жыгач балка менен башыма урду эле кулап түшүп, көптө гана эсиме келиптирмин. Менин турмушум иттикинен да жаман... Дагы Аленага, кыйшык Егоркага жана арабакечке таазим кылам. Ал эми менин ооз кыягымды эч кимге бербе. Сени күткөн неберең Иван Жуков. Айланайын чоң ата, келгин». Ванька жазылган баракты төрт бүктөдү да, аны жакында эле анча-мынча тыйынга сатып алган конвертке салды. Бир азга ойлонуп турду да, учту сыяга малып, дарегин жазды: Кыштакка, чоң атама. Андан соң чачын кашылап, ойлонуп турду да, минтип кошумчалады: «Константин Макарычка».
Ага жазганга эч ким жолтоо болбогонуна көңүлү ток Ванька тумагын кийди да, тонун жамынбастан көйнөкчөн көчөгө чуркап чыкты. Ал жакында эле эт сатуучу күркөнүн сатуучуларынан сураганда алар «катты почта ящигине салышат, ал эми коңур коңгуроолуу жана мас ямщиктер айдашкан үч ат кошкон почта чанасы менен ящиктеги каттарды жер жүзүнүн бардык тарабына жеткиришет», – деп айтышкан. Ванька биринчи почта ящигине жүгүрүп жетти да, кымбат баалуу катты ящиктин ичине салды. Таттуу үмүттөргө термелген бала бир сааттан кийин катуу уйкуга кирди. Анын түшүнө меш кирди. Мешке жылаңач буттарын кайчылаштырып чоң атасы салабаттуу отуруп, ашмачы аялдарга катты окуп берүүдө... Мештин жанында Вьюн ары-бери басып, куйругун бултактатат...
Которгон Д.ЮСУПОВ