Акын жана окумуштуу Бакыт Мырзатаеванын «Күндөр күүсү» жыйнагын кол жазма кезинде окуп чыгып, бир маанилүү нерсени байкаган жерим бар.
Ал – жашоого, өмүргө, тирүүлүккө болгон ички кумар. Өмүрдүн ар бир ирмемине тынымсыз суктануу, жашоого жарык берген касиеттүү Күндүн ысык нуруна ар бир жолу биринчи көрүп аткандай табынуу, жалбаруу, таң калуу. Мекенге, эл-журтка, ата конушка болгон ысык сезим. Болгондо да Жыргалаң менен Ысык-Атанын суусундай кол күйдүргөн ысык арзуу, тунук махабат. Ошондой эле жашоодо жолуктурган жакшы адамдарга болгон ыраазычылык, урмат жана сый. Коомго, үй-бүлөгө, өмүрлүк жарына, балдарына, ата-энесине болгон арзуу, баалоо, түшүнүү, качан болсо алардын көңүлүн көкөлөтө турган көркөм поэтикалык боёкторду таба билүү.
Кыскасын айтканда, «Күндөр күүсү» - бул адамдык бакыттын ырлары, өмүр ырлары деп айтаар элем! Мен муну баса белгилеп жатканымдын өзүнчө себеби бар. Кийинки жылдары кыздар поэзиясында (ооба, адабиятчылар тапкан ушундай термин бар бизде) лирикалык импрессионизм деп мүнөздөлүп келаткан агым өзүнчө бир күчтүү идеялык-тематикалык тенденция катары байкалып келатат. Кандайдыр бир ички муң, өнө бойду аралаган өксүк, жетпей калуу темасы, муздактык музыкасы, айрылуу арманы бул тенденцияга абдан мүнөздүү көрүнүш десем жаңылбас элем. Мен, маселен, бул типтүү көрүнүштөн биринчи кезекте биз азыр жашап аткан жана бир кезде жашап өткөн кризис доордун поэтикалык портретин, эстетикалык элес-образын көрүп келем.
Бакыт Мырзатаеванын “Күндөр күүсү” жыйнагы ошол тенденциядан сыртка чыккан, башка багытка бурулган жыйнак. Ошону менен бирге жогоруда аталып өткөн тенденция кайсы бир деңгээлде аягына чыгып, кыздар поэзиясында жаңы бир интонациялар, мотивдер, мааналайлар башталдыбы деген ой жаралат. Ооба, “Күндөр күүсү” - бул Бакыт ырлары, жашоодо, коомдо өз ордун таап, турмуштун улуу мыйзамдарын туура түшүнгөн, аларды ыксыз трагизми жок кабылдаган бактылуу инсандын ырлары.
Мынча болду, лирикадагы бакыт, тагдыр-жазмыш темасы деген маселе боюнча бир-эки ооз сөз козгой кетсем. Бул чынында да оңой-олтоң эле жазыла калчу тема эмес. Маселен, Алыкул акынга кудай бүлөят дегенден эч бир айткан эмес экен – аны баарыбыз жакшы билебиз. Ошого карабастан анын руханий дүйнөсүнүн бакыбаттыгы, сак-саламаттыгы, инсандык кудурети, күчү азыркыга чейин баарыбызды таң калтырып келет. Кыска өмүрүндө, өзү айткандай, “көңүл зилдеткен” айыккыс дарт менен кармашып жүрүп күнү өтсө да, анын жашоого болгон кумары эч качан жанган эмес экен.
Кыргыз поэзиясындагы дагы бир дөө Жолон Мамытов да бул темага көп ыр арнап, көп толгонгон акын эле.
Басынып кусалыкка толгон денем,
баратам барик учкан жолдор менен.
Акынга бир тынымдык кайгы да оор
дүйнөдө күндө майрам болгон менен, - деп ар кандай абыгерчиликтерден тажап, жан дүйнөсү нечен кур сыздаганын айтса да:
Ишенем, ошондо да адамзатка,
Таалайдын керегине аба сыңар.
А силер бул саламды китебимдин,
Саргарган барагынан табасыңар.
Учурам турмуш сүйгөн үнүмдү мен,
Силерге көз кайкыган закымдагы.
Жыйырма биринчинин сулуулары,
Жыйырма биринчинин акындары.
Бүтүндөй жердин шарын, мейкиндикти,
Силерге ишенгени отурамын.
Адамдык сүйүү, чындык, эркиндикти,
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун топурагын... — деп жазган эле.
Акын Бакыт Мырзатаева
Бакыт Мырзатаева акын катары ушул оптимисттик маанайда, идеялык нукта өсүп келаткан акын.
Оо, кутман таң, ажайып таң, сулуу таң!
Чыйрыкса да чыкыроон, муз, сууктан...
Жасалмалуу жалган жашоо жолунда,
Жан дүйнөнү аластаган ууз таң!
Оо, кутман таң, күмүш кирпик көркөм таң!
Күндүн нурлуу алтын чачын өргөн таң.
Өткүн төгүп, мөндүр соккон шамалдуу,
Өзгөрүлмө аба ырайын көргөн таң...
Оо кутман таң, наристедей тунук таң!
Ай-ааламды ак нуруна жуунткан.
Ууртуна күлкү ойногон нур жамал,
Улам жаңы урпактарды туюнткан,
Улут жүзү сендей болсун улуу таң!!!
Акынга поэзиядагы байсалдуу сапар, илимий ишинде ийгиликтер каалайм!
Осмонакун Ибраимов, профессор