Азыркыларга жомок
Илгери өткөн заманда артын караса Кичи Алай, астын караса Чоң Алай көрүнгөн ара жолдо Сактан аттуу киши жашайт. Жардылыгы жанда жок туруп кур намыс менен курсагы тоюп, кекирейген жан болот. Жаз кылтайды дегиче көчүп, жаман үйүн бөксөлөй тигип алып кыш түшкөнчө жайлоодон жайлоо кыдырып күн көрөт. Эл көзүнөн далда ач кулагыман тынч кулагым деп жалгыздап жашаганды жакшы көрөт. Бир желе бээсин саап кымыз ичип, күз келери менен кулунун сатып кышка согум камдап жан сактайт.
Жактырып алган жубайы кыз тууп берип, арадан он жыл өткөндө уул тууп, төрөттөн көз жумат.
Ошондон кийин аял албай так өтчүмүн деп Сактан сакалын сүйрөп, эки баласын жалгыз багып калат. Кызы он бешке толгондо уулу бешке карайт. Бойдок башы колоктоп күндү кечкиртип, түндү түндөй тизе кучактап таңды атырат. Жер агарды дегиче туруп күл чыгарып, от жагып, сакадай балдары кор болбосун деп жүргөндө эле, баргандан барып жүүнү бошоп, эңшериле карып кетет. Бир жолу эртең менен төшөгүнөн турбай калат. Балдары атакесинин уктап атканын көргөндө, ойготпойлу деп тышка ойноп кетет. Курсактары ачканда келип атакесин ойготсо ойгонбойт. Айылдын кишилери келип Сактанды жерге берип, балдарды көкүлүнөн сылап: «Багыңардан көргүлө» – деп таркап кетишет.
Кеч киргенден элеңдешкен жетимдер, кучакташып алып ыйлап-сыктап, түн оой талыкшып болгондо уктап кетишет. Ошондон тарта, түн кирген сайын кучакташып алып ыйга кирип, таңды атырышчу болот.
Бир жолу жетимдер кеңеше кетип:
– Мындан ары көргөн күнүбүз кандай болот? – дейт эжекеси.
– Биртике чыда, эжеке! Мен чоңоёмун, акча таап багам! – дейт иниси.
– Сен чоңойгончо төөнүн куйругу жерге тиет. Ага дейре ачкадан өлөбүзбү? – дейт эжеси.
Жетимдер ары ойлоп, бери ойлоп атасы барда көнүп калган адаты менен элден обочо жашайлы дешет. Эжекеси бээ саап, иниси кулун салып кымыз жасашат. Тоодон бирде ышкын, бирде карагат менен бүлдүркөн терип, саздан кемирчек казып жеп күн көрүшөт.
Бир жолу эжекеси кечинде инисине кеп салат:
– Чоң Алайдын кыздары күч күйөө таап албайсыңбы дешет. Буга кандай дейсиң?
– Ал деле жезде да? Абдан жакшы! – дейт иниси.
– Эртең мобул тоонун башына чык. Өрөөндү тең жарып өткөн чоң жолду көрөсүң. Ошол жолдон өткөн жолоочудан сурамжыла. Эжекеңе күч күйөө болчу бирөө бар бекен? Бар болсо тап! – дейт эжекеси.
Тоонун башына чыгып, иниси жол карайт. Эки Алайдын кайсынысынан караан көрүнгөндө утурлай жүгүрүп, жолоочу чукул келгенде эжекеме күч күйөө болчу киши барбы деп сурамжылай берет.
Дагы бир жолу эжекеси келип инисинен акыл сурайт:
– Кичи Алайдын кыздары күч күйөө таап албайсыңбы дешет. Буга сен не дейсиң?
– Жакшы болмок… – дейт иниси.
Эртеси артын караса Кичи Алай, астын караса Чоң Алай көрүнчү тектирге чыгып иниси жол карайт. Ары-бери өткөндөрдөн:
– Эй, кадырман, араңарда мага жезде, эжекеме күйөө болор киши барбы? – деп сурайт.
Күндөрдүн бир күнүндө бир жигит атынын оозун тарта калат:
– Сага жезде болчу мен, эжекеңе ээрчитип бар! – дейт.
Минген аты семиз, кийгени адеми, муруту чертилген кай жагынан келишкен жигит.
– Конок таап келдиңби! – деп эжекеси кубанат.
– Шул күндөн баштап бул жигит сага күйөө, мага жезде болот, – дейт кубанычы койнуна батпаган иниси.
– Мындан ары эч нерседен кем, эч кимден кор болбойсуңар. – дейт жигит.
Жигит өзү айткандай карамдуу киши болот.
– Жыгач чөйчөгүңү алтын аякка алмаштырам, – дейт жигит кыз менен сырдашкан сайын. – Кийгениң шайы, ичкениң бал менен май болот.
Бир жолу баланын түшүнө ак канаттуу ат минген жездеси кирет. Эжекесин учкаштырып алып асманга шарт учуп жөнөйт. «Эжеке! Эжеке, мени таштаба!» – деп чыркыраса кылчайып карап коюшпай кырды ашып кетип калышат. Чочуп ойгонгон эжесине түшүн айтып берет:
– Антпейт-этпейт, – деп эжекеси жооткотот.
Бир жолу иниси бээни кечки саамга айдап келгени кетет. Келсе жездеси астынан чыкпайт. Көнөгүн билегине илип желенин жанында турчу эжекеси да жок. Үйдүн жанына келип:
– Эжеке, бээ саа! – деп чакырат.
Жооп укпайт. Кайра да: «Эжеке, бээ саа!» – деп чакырат. Иниси түшү туш келгенин билип: «Эжеке, бээ саа!» – деп миң чыркырап үнү кудайга жетет.
Балага боору ооруган Кудай учуп эжесине жетсин деп инисинин далысына канат тагат. Эжекеси билсин деп тилин кыргызча чыгарат. Таң агарып атканда нокоттой кара көзү бар томуктай боз чымык эжесин издеп эки Алайдын ортосунан учуп чыгат. Тоо-таш, токой аралап учуп ошол күндөн ушул күн «Эжеке, бээ саалап!» сайрап калат.