Муса Мураталиев: Момуя

  • 25.05.2021
  • 4582

Азыркыларга жомок

Илгери-илгери кең Таласты байырлаган, көптүгүнөн малынын санын албаган ордолуу бай өтөт. Карылыкка моюн сунуп калган кезде кичи токолу уул төрөп берет. Бай улуу каада менен элине жентек жегизет. Акылы тунук алты чал ары талашып, бери талашып баланын атын Момуя коёт.

Момуя тестиер болгон кезинде катыгып адам болсун деп бай аны койчусуна кошуп берет. Ай артынан ай, жыл артынан жыл өтөт. Момуяга зээн эрте кирет. Бир жолу койчусу байынын алдына келип:

– Момуянын суроосуна кээде эмне дээримди билбей, абдырачу болдум, – дейт.

Бай малын чачып баласына арнап сарай салдырат. Бөлөк элден мугалим алдырат. Окуткула деп тапшырма берет. Момуя тамга таануу менен табыят таануу сабактарын илинтпей өздөштүрөт. Арифметика менен латын тилин бирдей оңой үйрөнөт. Мугалимдер кайсы сабак болбосун Момуянын оңой өздөштүрүп кетишине айран-азыр калышат. Бир күнү мугалимдери чогуу отурганда:

– Агайлар, эжелер! – дейт Момуя. – Мындан ары силерге менин керегим жок.

– Түшүнбөдүк. Бул не дегениң? – деп сурашса.

– Окугум келбейт! – дейт Момуя. – Силер айткан акыл китепте жазылуу экен. Аны жалгыз өздөштүргүм келет!

Бай эки тарап бетме-бет олтурганда алардын талашын угуп уулунун кебин жактырат. Мугалимдерге бапырата акы төлөп, аттантып иет.

Жайылган койдун четинде жатып Момуя табыят табышмагын китепте акылдуу сөздөргө салыштырат. Алардын шайкеш жерлерин таап өлбөстүн дарысын жасоону самайт.

Момуя тогуз чөптү сегиз жолу бирин кошпой жанаякка салып бариктүү чөптүн тамырын тилип, сүтүн агызып талкандай маштайт. Четинен үзүп корголдой тоголоктойт. Ар бир жолу корголду авага ыргытуу менен дары даяр же даяр эместигин билет. Биринчи же тогузунчу жолу асманга ыргыткан корголду кайдан-жайдан пайда болгон канаттуу куш жерге тийгизбей илип алып жейт. Дайыны билингенде ал чөптөрдөн таколдук чогултат. Ара-чолодо дары ийлейт. Момуянын жанына куйругун шыйпаңдатып дөбөт келет. Мекиренген эчки келет. Сунган корголду бири-биринен талашып жеп турушат. Артынан Момуянын колун жалашат!

Бир күнү талмасы кармап койчусу чалкасынан кетип, оозунан көбүк агып, калтырап-титиреп жатып калат. Момуя калтасында дарынын бир корголун оозуна салса койчусу биртикеден кийин: «Өх!» – деп ордунан туруп басып кетет. Ошондон тарта таластык дарыгер атагы алыска кетип, Момуя атты уккандардын кулагы сүйүнөт. Айыгууну самаган кимде-ким: «Касиеттүү кең Талас кайдасың» – деп убай-чубай эл келчү болот.

Бай анда малын чачып пул кылып, доктур гана эмес эмчи-домчу кабылдачу көрктүүлүгү көз жоосун алган кең сарай салдырат. Калың кара той берип, өзү эл алдына чыгат:

– О, кагылайын калайык кебимди ук! Ушул мүнөт, ушул күндөн тарта ордумду мураскорума бердим! Азыр ушуга күбө болуп атасыңар! Мени кандай сыйлап келсеңер уулумду ошондой сыйлап алгыла! Кана эмесе, – деп кол жая бата тилейт.

Туш тарап дүркүрөтө алакан жайып, эл бата берет.

Тойду каадалуу бай аптадан аптага созо бердирет. Жамы журт улам күргүчтөп келип, ал учур коноктун аягы үзүлбөйт. Күлүк чабылып, такыя сайып, төө чечмей өткөрүлө эл чардайт. Зээни кейиген жалгыз Момуя болот.

– Атаке, мени чоонук болсун деп сыртта бактырдың. «Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат» – деп билимге карк кылдың! Эми төрт дубал ичинде кармайын дедиңби. А мен тоого кайтып кетким келет. Ээн жердин бөрүсү болуп сан гүлдөр арасында жашап көнүп калыпмын. Ал жакта кайсы бир саат, кайсы бир мүнөттө кубаты жетилип анан куурай турган чөптөр өсөт. Аны өз убагында алып калбасам каалаган дарыны жасай албайм.

Бай ары карап күлүп, бери карап ыйлап туруп:

– Балам, сен муну айткан жоксуң, мен аны уккан жокмун! – дейт.

Момуя атасынын ордосунда калат. Дарычылыгы күчтүү чөптөр бышкан күнү малайларын чогултуп, Момуя аларга кайсы жерде өсчү кандай чөптү кантип теришти үйрөтөт. Малайлар чөп тамырын күн тууй электе суур десе, алар чөптү качан тапкан учурда сууруп, шүүдүрүм саай кел десе арыкта суудан чөмүрө келип убаданы буза беришет. Момуя коргол жасап итине сунса жыттабай, малдын озуна салса бири да жебейт.

Күндөрдүн бир күнүндө бай ооруп төшөктө жатып калат. Тили сүйлөгөнү менен денесин кыймылдабаган шал ооруга чалдыгат. Ошондо Момуяны алдына чакыртып алып:

– Байлыгым болсо баары болот дечү элем. Жалган экен. Өзүңдү өзүмдөй мансап күтсө дечү элем. Бу да жалган чыкты! Эңсеген тоолоруңа кайтып бар. Атаңын дартына дабаа тап, – дейт.

Атакесин төшүнөн кыса-кыса кучактап, көзүнүн жашын сыгып салып, Момуя тышка чыгат. Мамыда байлануу ала айгырды минип жайлоонун төрүн карай учкан куштай зымырап жөнөйт. Койчусуна атынан түшүп берип, куржунун моюнуна артып, жөө басат. Коён токой бадалды аралап тоо таяна бергенге чейин койчусу Момуяны ээрчий карап узатат.

Момуя тоого чыгып баратып аруу чөптөр кулактарын үзө басып, ар кошмосу менен аралаш ийлеп, дарылыгы жеткенде аткулактын жалбырагына ороп, артынан келген малайынан үйүнө жиберет. Момуя ал дары атасынын оорусуна утурумдук дабаа экенин билет. Атасынын дартына даба болор ак гүл аччу чөп куураган кез эле. Тоо башына чукул, бийикте өсүп кеч жетилчүсүн табыш үчүн өйдөлөп чыга баштайт. Мөңгүнүн этеги тийип турган жалама зоого келип асканын ташын жарып өскөн бариктүү чөптү жолуктурат. Асманда жылдыз тегиз чыкканча ал жерде олтурат. Ай жарыгы көк гүл кантип ачылганын көргөзүп турат. Көк гүлдүн мөөнөтү жетип бышканын билет. Сүйүнүп гүлдүн бээ эмчектей жалгыз тамырын сууруп тазалап, дары ийлеп кирет. Көзүнөн тамган жаш жанаякта дарыны нымдап турат. Бир кезде кантип уктап кеткенин билбей жыгылат. Капилеттен барк эткен ач кыйкырык Момуяны уйкудан ойготот. Күн тууп, шүүдүрүм тоборсуган кез болот. Текти караса: кол сунса жетчүдөй чукул. Ат үстүндө соройгон малай кумурскадай кыбырап көзгө араң илээшет. Бирок үнү Момуянын кулагына кебелбей жетип турат. Момуя түнү бою ийлеп даярдап койгон муштумдай дарысын ышкындын жалбырагына ороп, төмөндү карай ыргытат. Дары малайдын колуна тийгенде:

– Атам кантип калды? – деп сурайт.

– Кечээ жакшы болуп калган. Таңга жуук тилден калды, – дейт малайы.

Момуя калтасынан коргол алып, төлгө болсун деп абага ыргытат. Кызыл тумшук чөкө таан пайда болуп, дарыны илип кетет. Бирок бул дары да атасынын дартына даба болбосун билет. Саамга өксөп ыйлап алып мындан да күчтүү дары жасамак болот. Ага жарачу бир гана чөп калган. Ал тескейдеги күн тийбес жайда өсөт. Кызыл гүлү кеч ачылчу жапан чөп. Андан уу сымал дары жасалат. Ичкендин жүлүн оорусу айыгат. Момуя ак мөңгүлүү тоонун күнгөйүнөн тескейине өтөт. Издеп барган чөптүн гүлү күбүлүп башы богок алып чанагын урук тээп турганын көрөт. Момуя андан башка дары чөп бардыр ниети менен мүлдө тик чокуну карай таш бооруна жармашып төрт аяктап чыга баштайт…

Ордолуу бай көз жуумп эли жетим калат. Момуяны иликтеген киши болбойт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз