* * *
1965-жылы Төлөмүш Океев «Бакайдын жайытын» тарта турган болуп калды. Бакайдын ролуна киностудиянын көркөм совети бир добуштан Мукеми «пробасыз» бекиттик. Фильмдин анча-мынчасы гана Чүй боорундагы кокту-колоттордо тартылып, көбү Суусамырда, Төө-Ашуунун белинде тартылмак.
Фильмдин редактору болчумун, Мукем мага маанилүү сөз айтчудай четке чакырып алды да:
– Давлением жакшы эмес, Суусамыр бийик, аяктан өлүп калам. Төлөмүш тилиңи алат. Төлөмүшкө айт, киносун ушу тегеректен эле тартсын, – деди эмнегедир батына бербегенсип.
– Давлениеңизди Суусамыр оңдойт, Муке, – дедим мен. – Чочулабай бара бериңиз.
– Э, койсоңчу жарабаган кепти! Ушу да куудулдукпу?! – Мукем мени тамашалап аткансып жактырбады.
– Чын, Муке! Төө-Ашуунун белине Мирсаид Миррахимов менен Валентина Исабаева экөө станция ачыптыр, бийиктикте канча бир кишини дарылап, гипертониядан айык тырып атыптыр... – десем, Мукем мени шылдыңдагансып:
– Ээй, ушу сен мени алдайм деп турасыңбы? Мен өмүрү бирөөгө алдатып көргөн жан эмесмин. Жомогуңу башкага айт, – деди.
– Алдатарын алдатып эле жүрөсүз, – дедим күлүп. – Жомок айтканым жок, гезитке чыккан. Эки макала окудум. Экөө тең үйдө...
– Шылтооң кыйындап баратат, тилими албайт экенсиңер. – Мукем жеңиле баштагансыды. – Ушинтээриңи билгем. Макалалардын чыкканы чын болчу. Калп айтпаганымы Мукеме далилдегим келди:
– Кетпей туруңуз! –деп үйгө чуркадым. Үйүбүз киностудиянын эле жанында болчу.
– Эй, бала, сен ырас эле гезитке барат көрүнөсүң? – Мукем оңтойсузданыбыраак боло калды. – Кой эми, ишендим, кайра кел.
– Жок, Муке. Көрсөтүп койбосом, мени калпычы ойлойсуз. Менде да ич күптү калбасын.
Макалаларды апкелип көрсөтсөм, Мукем окуган деле жок, тикте-еп туруп:
– Өлсөм, сен төлөйсүң, билип кой ушуну! – деди көзүн күлүңдөтүп. Анан гезиттерими өзүмө сунду. – Жакшы роль үчүн тобокел деп коюш керек, ээ? Сүйлөшкөнүбүздү Төлөмүшкө айтпа, болобу?
– Коркосузбу? – Кыйыгына тийсем, кызык сөз чыгабы дедим.
– Уят да! Кара жандын кайгысын тартып жүрүп да киного түшчү беле артис? Укса шылдыңдайт.
Чыгармачылык ой-санаасы, максаты, түшүнүгү купулуна толуп турган адамын Мукем, улуу-кичүүлүгүнө карабай, ыйбаа кылып сыйлачу. Бу саам Төлөмүшкө, Төлөмүш тартчу «Бакайдын жайытынын» көркөм дүйнөсүнө ылкамы түшүп, Төлөмүштүн бу чыгармадагы сценаристтик да, режиссёрдук да баркын баалагандан ага батына албай жаш балача толгоо бурап, бир чети өз ден соолугунан чочуласа, экинчиден, Бакайдын образына азгырылып, кыжалат болуп турган учуру эле. Бу саам да Мукемди Мукемдеги чыгармачылык ылкам жеңди. Суусамырдын түтөгүнөн заарканып, өлүмдөн корксо корккон чыгар? Мен андан шек кылбайм, анткени Мукем коркок болчу, а түгүл ийне сайдыргандан да жаа бою каччу. Бирок керек кезде, жакшы чыгарма күтүп турган кезде ден соолугун зарп кылып жиберчү. Сүрөткерлик абийирин корккондукка тепсетчү эмес.
Бийик жайлоонун сүрүнөн, түтөктүн коркунучунан жүрөгү үшүсө да, Мукем дагы бир саам жакшы көргөн роль үчүн тобокелге салып, бел байлады. 1960-жылы курорттон аша кечип, Акылбектин ролу үчүн шаардын мээ кайнаткан ысыгында репетиция жасап калганы эсиме ушундайда дайым түшөт. Эми болсо Бакайдын ролун кыйбагандан көк чайын, дары-дармегин түйүнчөккө тыкандап түйүп, киночулардын тобу менен бирге Суусамырга жөнөгөн жатты. Бирок ошоякка барарына кубангандай болгон жок. Эч ким менен сүйлөшпөй өзүнчө эле дугдуюп, жай кыймылдаганына караганда, Мукем дале ден соолугунан чочулап, Суусамырга жүрөкзаадалуу аттангандай туюлган мага. А балким, ролун ойлоп, көңүлү ошого уюп баштагандыр, ким билет?..
Суусамырга а деп барганда Мукем катуу кыйналыптыр. Мен жок элем. Бир жумача каракөк тартып, өлүп калчудай турбай жатып, анан көнүп кетиптир. Жайды жайлата Суусамырдын бийик жайытында киного түштү. Бээ саадырып, кулундарды кубалап кармап, желе байлады. Бара-бара «давлениясы» эсинен чыгып, акыры Суусамырдан көчөр мезгил жеткенде кеткиси келбей, эзелки жайыты, картаң бүркүтү менен кыйналып коштошкон Бакайга окшоп кыйналган.
* * *
Көкөмерен суусу менен Кабактын суусу кошулган жерди Арал дешет. Бадалдуу, кооз жай эле. Пансионаты бар болчу. Суусамырдан келген соң ошерде жатып, башка эпизоддор тарттык. Аны бүтүп, Мукем, Сабира эже үчөөбүз киностудиянын шалдыраган газигине түшүп, Фрунзеге жөнөп калдык. Фильмдин оператору Кадыржан биз менен Чаекке дейре бирге келип түнөп алып, эки күндөн бери бөлөк тарапта жер тандап жүргөн Төлөмүш менен фильмдин сүрөтчүсү Сагын Ишеновго кошулганы бурулуп кетти. Чаекке бир түнөдүк. Мукемин кадыр-баркы, атагы жалпы журтка маалим го, ал эми киндик каны тамган өз жеринде андан беш-бетер артык экени шексиз да, Кызарттын белинен өткөрө узатып келишти.
Андай жагымдуу мамиледен кийин, албетте, көңүлүбүз жайдары, жолдо ката ырдап жүрүп отурдук. Кочкордон өткөндө болсо керек эле, чаектиктердин машинеге салып берген бөтөлкөсүнөн Мукем экөөбүз коньяк жуталы десек, бөтөлкөнүн оозу чала буралып, ичиндеги коньяк бүт агып калыптыр. Жолдон сатып алганга караңгыда дүкөндөр жабык. Коньяктан каңтарылганда «Алтынчы күнү кечиндени» ырдай турган болдук. Кашайып ыр эсибизге келсечи! Же сөзүн эстей албайбыз, же овону ойго түшпөйт! Тилдин учунда эле тургансыйт, бирок эсте жок. Аныбыз Сабира эжеге жага бербей калды. Алдыда, шопурдун жанына эпейип отуруп алып:
– Ии, чала! – деп коюп, боору калбай бизди шакабалап, күлкүгө жыргап келатты.
– Ой, Сакиш, айтып койсоң боло! – Мукем кезек-кезек байбичесине кол сунуп калат. Эже ансайын жыргап каткырат:
– Эр болсоңор өзүңөр эстегиле! – деп.
– Айтпайле кой. Сенин айтканың бизге бир тыйын... Ырас эле, Сакиш, сен бизге айтпа, өзүбүз эстемейин түк да унчукпа. Эткен эме эле маалкатып эске түшпөгөн! – Мукем ушундан бир оюн чыгарып, ырга өчөшүп алдык. Ыр да бизге өчөшкөнсүп, оюбузга кирбейт. Караңгы түн. Айлана көрүнбөйт. Сабира эже бизге боору ооруду окшойт:
– Болду, ошончо эле көгөргүлө, мен баштап берейин... – деди эле, Мукем чарчаса да тамашасын таштабай:
– Партнерума акылдашайынчы, – деп мага кайрылды. –Же ырас эле билген кишиге баштатып алсакпы?
– Мейли, баштатып алып, тамак айрылганча бир өкүрүп-бакыралы дейсиз, кийин ушул ырды өмүрү ырдагыс бололу... – дедим тамашалап.
– Башта, Сакиш...
Сабира эже оңдонуп отуруп, тамагын жасап алды да... дымы чыкпай калды. Биз күтүп турдук. Бир маалда эже: «Э, кокуй» деди, акырын күбүрөп алды да, анан каткырыгы аралаш бакырып жиберди:
– Коку-уй, Муке, мени да Кудай урду! Эсиме жара чыгыптыр!
Күлүп атып боорубуз жок! Ырды эстей албай жүрүп отуруп, түнкү саат он бирден өткөндө Фрунзеге кыйналып жеттик. Мукемдердин короосуна кире бергенде, Мукем:
– Э, иттики, эми табылды! – деди тим гана.
– Апбечаралар ай-я, – деди Сабира эже чарчаганынан күлөөргө деле шайы келбей. – Эми машинеден түшпөй туруп ырдап алгыла, арманыңар калбасын...
– Кошуналар уктап атса, ойготобуз го? – Мукем машиненин айнегинен сырттагы терезелерди карап койду. Узак жол жүрүп катуу чарчаппыз, ырдаганга мойнубуз жар бербей, бири-бирибиздин көңүлүбүздү кыйбадык окшойт, бир куплетчедей ырдаган болдук да, «коштошолу эми» деп коштоштук. Мукемдер онтоп-сонтоп түшүп калды. Мен андан ары үйгө кеттим. Мукемин кинодогу эң мыкты ролу Бакай болуп, дүйнөгө таанылды.
* * *
Мукем күлкүчү эле. Бир күлүп алса оңой менен токточу эмес. Кысталышыраак жерде күлүп баштаганы да бир кызык болчу, а дегенде үн чыгарбай оозун томпойто бүлк-бүлк этип, күлкүсүн басайын деп баса албай, жедеп кыйналып, күлкүсү эки ууртуна толтура батпай кеткенде, «ба-а!» жарылып, көзүнүн жашы он талаа, тыйыла албай күлө берчү. Элдин баары эле жарашыктуу күлбөйт. Мукеме күлгөн абдан жарашчу, ажары ачылып, бойду эритип жиберчү. Ошондон уламбы, жанындагылар да күлкүгө аралашып, жуурулуша түшөр эле. Мукем улам эстеп алып эле боору эзилип күлө берчү, жарыктык. Оо, ачуусу да жаман болчу! Айтор, Мукемин кубанганы да, ачууланганы да бат «гүр-р» этип, олчойгон тейден сыртына чыга калчу.
Мукемин майдалап отурбаган шар мүнөзүн, каптап кетме ачыктыгын элдин баары эле жактыра берчү бекен же жактырбагандар да болгонбу? Албетте, жактырбагандар да болгон. Айрыкча кесиптештеринин кайсы бирлери күлкүчүлүгүн эмес, Рыскуловдун Рыскулов атанып, бийиктеп кеткен ийгилигин көрө албай, а түгүл өз жөндөмсүздүктөрүн өздөрүнөн көрбөй Рыскуловдон көргөндөр болду. Алар Рыскуловго нанын, ырыскысын тарттырып ийип жаткансып, Рыскуловго жамандык издеди... Мукем андайдын баарына чыдады, чыдаганы менен ичинен сызып, тымызын жүрөгүн сыздаткандыр...
Мукеми көрүнгөн жерде жамандап, сөгүп жатып калган артистер бар эле. Мукем антчү эмес, бирге иштешкендеринин эч кимисине сөз тийгизчү эмес. А киши менен мен канча жыл жакын жүрдүм, театрда, кинодо чогуу иштештик, фестиваль, декадаларга бирге бардык, чайлаштык, ачкылдашкан күндөрүбүз да болгон, бирок кесиптештеринин бирин да «ушу ушундай» деп атын атап, жамандаганын уккан эмесмин. Мукем кенедей кемчилик байкаса, тим тура албай күйүп-бышып, күнөөлүүлөрдү каарып, куйкалап жиберчү. Спектаклге даярдыксыз келип, ролун жүрнарылап чыгып кеткендерге күн көрсөтпөй кууратчу. Анан ошондой киши кантип элдин баарына, айрыкча таланты жок жанбактыларга жаксын?!
Ооба, талантсыз жанбактыларга Мукемдей талабы катуу, иште өжөр кишилер жакпайт. Ыйманы таза, дээринде чынчыл, эмгекчил артистер Мукемен жазганып, сыйлап турчу. Анткени алар Мукемин кадыр-баркын, театр үчүн күйүп-бышкан далалатын, Мукемдей белкүч болор адамсыз театрдын куну учуп кетерин түшүнүшкөн. Бирок ыймандууларга караганда ыймансыздар беттегенин алып түшмөйүн тынчыбаган өлөрмандар тура. Таланттуулар кечиримдүү болсо, жанбактылар кекчил болот экен. Мукени жек көрүп, андан кутула жадагандар театрдагы чыгармачыл атмосфераны бузду. Мукем ишенчээк, алып учма болчу. Ошол кыялын пайдаланып, Мукеми жанбактылар колдорунан келсе, бир адам менен да ынтымакташтыргылары келген эмес. Чоң-чоң өнөрпоздор менен жоолоштуруп, акыры театрдын башкы режиссёру Жалил Абдыкадыр менен таптакыр кол үздүрүштү. Мындай касташуунун Мукеме да, Жалилге да эч кереги жок болчу. Театрга да кесепети тийди. Ал алиги жанбактылардын эңсеген «жеңиши», чырактарына тамган май эле.
Жалилди театрдан кетиришкенден кийин Мукемин иши оңолгон жок. Мукем бир дагы даана роль жарата албай буй болуп жүрүп, көзү өтүп кетти. Анткени артистин табитин ачаар таланттуу режиссёрсуз артистин табы бышпайт, түлөгү жетилбейт. Жалилди театрдан кетиришкен соң, жалгыздатып алып Мукеңи талаш беркилерге оңой болуп калган: «Жогол театрдан! Сен чиридиң, театрды чириттиң! Сен жоголмоюн оңолбойбуз!» деп ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыкканча ажылдаган күндөрү болуптур. Ушундай уу сөздөргө чыдап, ошончонун баарын көтөрө алды бекен, Мукең? Ай, таң, көтөрүш кыйын го. Бирок ошондо да театр үчүн, чыгармачылык үчүн, артистик абийирдин тазалыгы үчүн күйүп-бышканын Мукем токтоткон жок. Токтото да алмак эмес. «Тим эле жүрө бербейби чунак киши. Рыскуловго эмне жетпейт!» дегендер болгон учурунда.
Туура, тим эле жүрүп, эч нерсеге кийлигишпей, жаман-жакшыны көрмөксөнгө салып (айрыкча жамандарын) четке чыга берсе, жашоосу тынч болмок. Жанбактылардын да жашоосу жыргал болмок. Эч ким анда Мукеңе тийбейт эле. А түгүл алиги жанбактылар Мукеңи жерге-сууга тийгизбей көкөлөтө мактап турмак. Анда Муке, Муке болбой эле жанбакты Рыскулов болуп калмак. Жарыктык Мукем өлөрүнөн бир-эки жыл мурда териси жукарып, бир башталса токтобогон кадимки жыргал күлкүсү жок, асанкайгычыл, кейип-кепчиме болуп калган.
* * *
Бир күнү киностудияда иштеген жигиттер менен кызматта акылдашып отурсам (Кинокомитетте башкы редактор болчумун) Мукем эшикти ачып, акырын башбакты. Отурган ордуман ыргып турдум:
– Оо, Муке, келиңиз!..
– Кишилериң бар тура, мышайт болом го, – деди Мукем босогодон бери өтпөй туруп.
– Мышайт болбойсуз, сөзүбүз бүтүп калды. – Мукеми утурлай бастым. Мукем мен жете электе ары сыртка чыкты. Табы болбой турса керек деп болжолдодум.
– Жумушта дагы канча кармаласың? – деди Мукем бүркөө тартып.
– Бүт десеңиз бүтөйүн, Муке! – Тамашага чаптыра бапыраңдаган болдум.
– Шаардын сыртына чыгып келсекпи дедим эле... – деди Мукем, бирок деген менен көңүлү жок.
– Мейли. Киностудияга тие өтсөк кантет, анча-мынча тыйын алмак элем...
– Тыйын-тыпырга бурулбаса болбойт. – Мукем тамаша айтып күлгөн болду, бирок анысы тамашага да, күлкүгө да окшой бербеди.
Мукем Театрлар коомунун Президиумунун төрагасы болчу. Айлык албаганы менен анын ишин да жанын үрөп, катуу иштечү. Ушул иши тарабынан бекитилип берилген «Волгасы» бар эле, ошого түшүп жөнөп кеттик. Баратып киностудияга тие өттүк. Шаардан чыга берердеги дүкөндүн тушуна Мукем машинесин токтоттуруп, шопуруна акча сунду:
– На, Володийа, коньяк купи.
– Коньякты ким ичет? – дедим.
– Сен экөөбүз!
– Мен ичпейм, Муке.
– Сен ичпесең, өзүм ичем! – Мукем кабагы ачылбай ороң этти, анан шопуруна ачууланды. – Давай, чо сидишь!
– Володя, не надо. Сиз да ичпейсиз, Муке, мен да ичпейм.
– Сен менин шопуруму башкарба! Иди! Я твой козаин, или он козаин? – деди Мукем.
– Конечно, Вы.
– Иди тогда! Не слушай!
Шофер коньяк сатып келди. Байтиктин Бозбөлтөгүнүн батыш тарабынан имерилип, жолдон бура тартып ээндеп токтодук. Мукем машинеден чыкпай бир топко унчукпай отурду да сөз баштап калды:
– Акмак болуп атабыз! Театрда тартип жок! Ишке ичип келмей!.. Келбей коймой!.. Сахнага мас чыкмай! Унчукпай коёюн дейм, чыдабайм. Унчуксам, калам балээге! Эмне кылышты билбей калдым!.. Балээнин баары Абдыкадыровдо деп, Абдыкадыровду жоготуп да көрдүк. Кана, оңолгонубуз?!
– Абдыкадыровду сиз жоготту дешет ко? – Атайлап эле жинине тийип чыйралткым келди.
– Эй, бала, сен!.. – Мукем каадасынча буурадай бурк эте түшүп бирдеме айтчудай болуп барып, анан ындыны сууп, колду шилтеп салды да исиркектене кабарып: – Ач коньякты, коньяк ичебиз! – деди.
– Ачпайм, – дедим. Эмнегедир эле болду-болбоду Мукеми Сабира эже катуу капа кылгандай сезилип кетти. Сакишинен калган көңүлүн Сакиши менен жазгым келди. – Муке, а көрөк минтпейлиби...
– Укпайм сөзүңдү! – Ачуусу жок, бирок таарынгансып чукчуң этти. – Атайы киши экен деп, шаардын сыртына алып чыкса, ыраазы болгондун ордуна мага тарбия үйрөтөт... – Ушунда да тамашасы калбады. – И, айта бер, кантели?
– Минтели! Өзүбүз эле «жыргабай», сиздин Сабира менен менин Сабирамы кошо «жыргатсак» кантет?.. –десем, Мукем мени ормоё бир карап алды да:
– Ошентелиби? – деди оозу бош.
– Ии, ошентпегенде! Бөөдө тил укпай алтүндө тынч уктайбыз... – Куудулданайын десем, Мукем тооткон жок. Кабагы ачылбады. Аялдарыбызды алганы кайра шаарга келдик. Мукем дулдуюп үн катпады. Үйүнүн жанына жеткенибизде:
– Кирип чакырып чык! – Мукем машинеде калып, мени жумшады. – Мылтыкты ала чыксын...
Мукем Сабира эжени көргүсү келбей, кыртышы сүйбөгөнсүп көрүндү мага. Күнөө эжеде экенинде шегим жок болуп калды. Бирок анда эмне үчүн аны алып келгенге макул? Же жашырып-жапкандагы амалыбы? Же чырдашып алып, сары убайым тарткандагысыбы?
Түшүнбөдүм. Түшүнбөсөм да Сабира эжени ичимде күнөөлүү эсептеп, экинчи кабатка жүгүрүп жеттим да эжени шаштырып чакырып чыктым. Сабира эже буйдалган деле жок. Өзбек чапанга оролгон мылтыкты Бактыбегине көтөртүп, тез эле чыкты.
– Салкын түшүп кетсе, чапандын кереги тиет, – деп койду эже машинеге отуруп атып.
Абышкасын алдыртан карап койду. Күнөөсү бардай карады. Анан менин Сабирамы барып алдык да, жүрүп кеттик. Бактыбекти да салып алганбыз. Бак-шактуу ээн жерге чыгып, бута коюп, мылтык ата баштаганыбызда, жамгыр төгүп коё берди. Көнөктөп куюп туруп алды эле, жаандын калыңдыгынан көз чыпкаланып, бутабыз эптеп эле үлбүл-бүлбүл, даана көрүнбөй калды. Бутаны ыраак да коюп алыппыз. Болбой ата бердик. Тийген-тийбегени белгисиз. Көз ачып-жумганча шөмтүрөп, жаанга чыланып кеттик. Сабираларыбыз чыркырап кыйкыра баштады: «Өпкөңөргө суук өтөт, келгиле машинеге!» деп. Мен баргым эле келет, Мукем жооп бербей көшөрүп жүрүп алды.
– Муке, жүрүңүзчү! Жаанда да киши мылтык атчу беле! – дедим чыдабай. – Жүрүңүз, Муке!
– Коньяктан кийин да жаандан корголочу беле! Корксоң өзүң бара бер! – Мукем какшык-чынын аралаштыра кадимкисинче күрүлдөп салды.
Атып атабыз-атып атабыз, бутабыз ордунан кебелбейт. Кулата албаганда, мылтык атпай таш менен уруп, жакындап бара бердик. Аңгыча жамгыр да басылды. Келсек, бутабыз эчак эле кулап калыптыр. Көрсө, биз жок нерсени эле окшоштуруп, бадалдын шооласын аткылай бериппиз. Демейде минтсек, Мукем эки күн бою күлмөк. Эми:
– Э, атта көйү, октун баарын талаага коротуп!.. – деп анча-мынча гана кудуңдай түшүп басылды. Ошого көңүлү саал ачылгандай болду.
Баары бир кабагы салынып, жарпы жазылбады. Сабира эже да адатынча шаңкылдабай жоош тартып, эмнедендир сак болгонсуйт. Күүгүм кирип, каш карайганда алардыкына келдик. Эмнеден улам экени азыр эсимде жок, же сөздүн ыгы келгенби, же баятан берки шектенгеним ичиме толуп кеткенби, мүмкүн, коньяктын да таасири болгондур:
– Сиз Күмүшалиева эмессиз, Күмүшалиева деген башка! Сиз жез кемпирсиз! Мукеми кор кылыпсыз! Өлтүрмөй болупсуз! Кудай сиздей аялды неге жаратты экен?! – деп каптап кирдим эле, демейде эч кимге жемин жедирбеген, кандан-бектен кайра тартпаган бышык Күмүшалиева жок, мага каяша айтмак түгүл балбаалап ыйлап коё бербеспи.
Менин Сабирам жер-жебеме жетип жемелеген тейинче мени такси менен үйгө алып жоголду. Эртеси Мукем ишиме келиптир. Уялып, жети өмүрүм жерге кирип, жеме угамбы деп турсам:
– Сакишти түндө бөөдө тилдедиң, анда күнөө жок, – деди Мукем. Эмне дешими билбей сөзүм оозуман түшүп калды. – Кечинде Сабираны ээрчитип, биздикине кел, – деди Мукем.
– Эмнеге?! – чочуп кете жаздадым.
– Эжең чакырып атат. Кечикпей эртерээк келсеңер, – деп коюп, Мукем чыгып кетти.
Бу эмнеси? Сабира эже чакырып алып, сазайымы окутайын дегенби? Э, мейли, эмнеси болсо да бара көрөрмүн, эртерек санаам да бир жаңсыл болсун деп, кечке жүрөк заада болуп жүрүп, кечинде Мукемкине келсек, Сабира эженин сабыры суз, көзүмө салкыныраактай көрүндү. Бирок мага жасаган мамилесинен, кебете-кепширинен ачуулангандыкты, нааразылыкты байкай албадым. А балким, сыпайы отуруп, кебез менен мууздамай болгонбу деп да оюма кетти. Чай ууртап отурдук.
– Ичсеңер, иштен келбедиңерби... кардыңар ачкандыр... – дегени менен Сабира эже муңайым. – Бексултан, – деди бир маалда эже үшкүрүп, – түндөгү сөзүң үчүн башка учур болгондо эки дүйнөдө бетиңи карабайт элем. Бирок капачылыгым жок, айланайын. Мукеңи катуу барктайт экенсиң... сыйларыңы мурда деле билчүмүн... – Эже каңырыгы түтөй түшүп оңолду. – Кечээ театрда Мукеңерге эмнелерди гана айтышпады! Өлбөгөн төрт шыйрагын гана калтырышты! Чыдай албай бир маалда чыгып кеткен, көрсө, темселеп сага барган турбайбы... – Эже бышактап коё берди. – Муну эми өлтүрүшөбү?! Же бу бир жаш болбосо, оорукчан!..
– Болду чайыңы жөн ичир... – деди Мукем дуңкуюп.
– Эмнеге болмок элем?! Болбойм-этпейм! Ким эмне дегенин баарын төкпөй-чачпай айтам азыр! – Эже ызасына чыдабай бууракандап басылды.
– Чай бергени чакырдың беле буларды же даттанганы чакырдың беле? Сенин датыңы уккудай бу ким? Айтпайсың! Аны оозанчу болбо! – Мукем караманча тыйып таштады.
Ошо бойдон ал сөз айтылбай калды. Кийин артистерден уксам, театрда жыйналыш болуп, Мукеме айтпаганды айтып, катуу асылышыптыр. «Театрдан жогол!» деген уу сөз ошондо айтылыптыр. А Мукем болсо:
– Жоголбойм! Мен өлгөндөн кийин да театрда жүрө берем!– деп каалганы карс жаап, чыгып кетиптир.
* * *
Кызык. Мүмкүн, жанбактылардын жинине тийиш үчүн ачуусу менен жөн эле айтып койгондур? Бирок чыны менен эле Мукемин баркы өлгөндөн кийин катуу билинди. Алиги окуядан кийин жарым жылга жетип-жетпей кыш, суук катуу болчу, доктурга көрүнгөнү автобуска чуркап баратсам, арт жагыман: «Өө!..» деп гүр эткен тааныш үн угулгансыды. Кылчайып токтой калсам, жолдун аркы өйүзүндө машинесинен чыгып, пальтосунун боорун топчулабай Мукем мени карап турган экен:
– Бас бери, – деп колду серпти.
Кар жаңы, жаш тейден калың жаткан, аттап-буттап Мукеме жетип бардым. Мукем унчукпай колун сунуп учурашты.
– Бооруңуз жагжаят да, Муке...
– Жашпыз да! – Мукем борсулдап күлдү. Бүчүлөнө баштады. – Сени өтө бергенде көрүп калдым, болбосо тушма-туш токтотот элем. Кайда, тумагыңды шалпайтып?
– Суук тийиптир, Муке...
– Этият болуш керек... – Мукем көңүл улап эле айтып койгонсуду. – Комбинатка чаап баратам, кеңейтиш керек болуп атат. Инженериби, бир билерман келмек эле... Сени көрүп атайы токтоттум... – Мукем көңүлдүү бакылдаганы менен, өңү кара-көк тартып, табы жоктой көрүндү. Ден соолугу начарлап жүргөн окшойт. Кийинки учурда мурду көп бүтчү, аллергия болуп жүрүптүр. – Кебек-дудукту ойнойм. Режиссёрго айт, сен авторсуң, кежирленбей мени ойнотсун.
Муну укканда ичимен кым этип, сүйүнүп кеттим. А түгүл, Мукемин Кебек-дудук болгондогу кебетесин элестете калгансыдым. Мунун жөнү мындай. Кебек-дудук менин «Алтын аяк» пьесамын биринчи новелласы «Улуу Үркүндөгү» каарман. 1974-жылы майрамдалчу Кыргыз ССРинин 50 жылдык юбилейине Кыргыз мамлекеттик драма театрында «Алтын аяк» коюларын 1973-жылдын этегинде телефондон кабарлашты. Режиссёруна Бообек Ибраев бекиптир.
Пьесанын 1966-жылы коюлган вариантында төрт новелланы бириктирген каарман жок, эл менен жерди байланыштырган идея жетиштүү го деген ойдо элем. Бирок бул оюм көрүүчүлөргө тегиз жете бербеди окшойт. Төрт новелла төрт башка пьесадай таасир калтырбаш үчүн драмада баштан-аяк катышкан каарман зарыл экени көңүлүмдө жүрчү. Бообектин каалаганы да ушу болду: жаңы вариант жазып бер деп, көшөрүп туруп алды. Чыгармачылыкта мага ушундай кыйнап иштешкендер жагат, жазып бердим. Ролдорду бөлүштүрүп, репетицияга кириштик. Макечал Мукем менен Советбек Жумадыловго тийди. Мукем Макечалды 1966-жылы коюлганда да ойногон, Мукенин театрдагы мыкты образдарынын бири. Бу саам репетицияга Советбек гана катышып, Мукем баштай элек болчу. Дудукту сурап турганына ичимен кудуңдаганымы билгизбей:
– Макечалчы? Макечалды кантебиз? – дедим.
– Ага азыр ал жетпейт, мурдум бүтө калып жатпайбы. Макечалга Жумадылов жарайт, – деди да тамашалап койду Мукем. – Мага дудук аябай жагат. Илгери а деп койгондо эле сурап алайын деп, Макечалга сугалактык кылып койбодумбу... Кандай, дудук боло аламбы, жолдош драматург?
Кубанганымдан шашып калдым. Мукем аткарса дудуктан укмуштай бир мааниси терең, татаал образ жараларына ишендим.
– Ушу жазылганындай аткара бересизби, же?..
– Же эмне, сөз жазып бере салайын дейсиңби дудугуңа?– Мукем маашыр алып каткырды.
– Жо, Муке!.. – Мен тамашасы жок айттым. – Мурдуңуздун бүткөнүнө шылтоолобоңуз, ойлоп жүргөнүңүз бар окшойт. Айтыңыз, каалаганыңыздай жазып берем... – десем, Мукем:
– Мындай ойногонго деле макулмун. Бирок дудук да тирүү жан, адам, ыраспы? Бир кыз жандатып коёсуңбу... Деги жакшылап ойлоп көрчү ушуну... – деди да машинесине түшө турган болду. – Машинеси менен жеткизип койбойт деп, догурунбай өзүң жетип ал, мен шашып атам...
– Коркпойле коюңуз, Муке, көнгөн эле автобусум менен жетип алам.
– Апбаракелде, ошент!.. – Машинеде кетип баратып, эшигинен башын чыгарып кыйкырды: – Дудукту унутпа-а, дудукту... – Машиненин эшиги тарс жабылды да узап кетти.
Мен доктурга барбай түз эле театрга келип, Мукенин сөзүн Бообекке айттым. Бообек ишенбегенсип, дым чыгарбай турду да:
– О, койчу? Өзү ошенттиби?!
– Өзү!.. Эмне экен?..
– Ой, анда эң эле сонун болбойбу! Мукемин дудугу!.. – деп Бообек кубанганынан сөз таба албай калды.
Кубанганыбыз да курусунчу, Кебек-дудуктун ролун Мукем ойнобой калды. Эки күндөн кийин: «Рыскулов сокур ичеги болуп, больницага жатып калыптыр» деп уктук. «Ошо да оорубу!» дегенсип, камаараган эмеспиз. Жолдогу алиги жолугушканыбыз Мукем менен акыркы ирет көрүшүп, акыркы ирет сүйлөшкөнүбүз болуптур. Ошондо Мукем табы жоктой көрүнгөнү менен тамашакөй, жайдары, көңүлү көтөрүлүп, чыгармачылык үмүттө кетти эле го!..
Мен ооруп төшөктө элем. 1974-жылы 1-февралда эрте мененки саат он ченде телефон чырылдаганынан алсам, Мукемин кызы Нуржамал экен:
– Байке... – деди да сүйлөй албай ыйлап жиберди. – Мамама берейин...
Трубканы мамасы алгандай болду. Мен жүрөкзаадалуу акырын:
– Алло... – дедим. Аңгыча эле трубкадан Сабира эженин:
– Бексулта-ан! – деп ачуу чаңырганы үрөйүмү учурду. –Мукеңер болбой калды!..
Анан калдыр-гүлдүр трубкасы түшүп кеткендей болду. Үйдө жалгыз элем. Калдаңдап, арыдан-бери кийине салдым. Такси менен Мамакеевдин клиникасына учуп жеттим. Мукем көзү ачылбай катуу-катуу дем алып, туш-тушунун баарында разиңке шлангдар самсаалап, эси-учун билбей жаткан экен, каңырыгым түтөп, муунум титиреп кетти:
– Муке-е!.. Муке-е!.. Муке-ее!.. – деп бакырып-бакырып жибердим.
Кудая тобо, адам эси-учун билбей, тилден калып жатса деле кулагы угабы деп калдым: мен бакырып жибергенде, Мукем көзүн ачайын-ачайын дегенсип, билинер-билинбес обдулуп, кирпигин бир-эки сермегенсиди. Же мага ошондой көрүндүбү? Палатада Сабира эже, Нуржамал экөө эле экен, ыйлап мага ыктай калышты. Аңгыча ак халатчандар келип үчөөбүздү палатадан чыгара баштады эле, берки экөө чырылдап, Мукеме жулуна беришти. Аларды ошондо эле алып кетиштиби, эсимде жок. Ичим бөксөрүп, коридордо турсам, кимдир-бирөө профессордун кабинетинде министр чакырып атат деди. Кирсем, Күлүйпа Кондучаловна, Мамбет Мамакеев, дагы бирөөлөр бар экен.
– Министерствого барып күтүп тур. Мен бир аздан кийин келем, – деди министрибиз.
– Эмнеге? – мен делдее түштүм.
– Муке жок уже! – эже кесе айтты.
* * *
Мукенин көзү өткөнүнө беш жылга жакындап калган. Рига киностудиясында командировкада жүрүп келсем, Күлүйпа Кондучаловна үйгө телефон чалып:
– Мукенин 70 жылдыгы подсрывом. Эс алсаң, театрга барып билчи эмне болуп атышат. Режиссёрдун баары ошоякта... – деди. Дагы бирдеме айтчудай болуп, бирок... – Ну, ладно... – деп трубканы коюп койду. Үнүнөн кабатырланганы сезилди. Мындайы эсимде жок. Кандай гана кырдаал болбосун кубанганын да, кейигенин да билгизчү эмес.
Түшкө жакын театрга бардым. Артистер, театрдын жетекчилери, эки режиссёру, кинодон дагы экөөнү чакырышса керек, баары залда экен. Көшөгөнү ачып коюшуптур. Сахна ээн. Учураштык. Мен сурабасам деле: «Эмне кылышты билбей башыбыз катты» дешти. «Сценарий барбы?» десем, бар экен, колума карматышты. Автору акындыгында айып жок, таланттуу жигиттерибиздин бири экен. Сценарийди окуп чыктым. Кашайып анда сценарийдин жыты да жок. Драматургиядагы бул жанрдын сырын, өзгөчөлүгүн билбеген, билмек түгүл өмүрү андайды окуп да көрбөгөн бирөө жазгандай. Рыскуловду Айга, Күнгө теңеген даңаза, жайдак мактоолор баштан-аяк ыр түрүндө жазылыптыр. Кеп ыр менен жазылганында эмес, жазгандары көзгө, көңүлдө элестебесе, «көрүнбөсө», анын эмнеси сценарий?!
Ушунча артистер, ушунча режиссёрлор жүрүп, сценарий дешке болбогон «сценарийге» байланып-маталып камалып калгандарына айран-таң болдум. Мындай «сценарийди» ким жактырып, ким кабыл алган деген суроо болушу мүмкүн. Аны териштирүүнүн кажети болсо да, чолоо жок. Жаңы жылга жеткирбей юбилейди өткөрүүбүз керек, ары ооп кетсе, юбилей болбойт. Ал эми Жаңы жылдын келерине аз гана убакыт калган. Ээн сахнаны карап туруп, Мукемин театрдагы мыкты ролдорунун бири Король Лирди эстедим. Мыкты болгону үчүн Шекспирдин 400 жылдык мааракесинде Мукем Лондондо Лирдин монологун аткарып, кыргыздын атагын чыгарганы тарыхта калды. Ооба, Король Лир Мукем ойногон роль, а Муратбек Рыскулов өзү кыргыз театрынын королуна тете инсан болчу. Ушуну ойлоорум менен көзүмө юбилейдин драматургиясы тартылды. Ичимен кым дей түшүп:
– Король Лирдин тагы барбы? Болсо алып келгилечи... – дедим.
Алып келишти. Такты сахнанын төрүнө койдурдум. Ал азыр менин баамымда, Лирдин тагы эмес, ушул театрдын, театр өнөрүнүн королу Муратбек Рыскуловдун тагы, же Рыскуловго коюлган «эстелик», а түгүл Рыскуловдун өзү деп боолголосок да жарашат.
Сахнанын жасалгасына эки микрофон, тактын арткы тушуна эни үч-үч жарым метрдей жашыл же көк тукабаны тикесинен илип, тукабанын бетине Мукенин тебетейчен бакыйган сонун сүрөтү бар, ошону чоңойтуп тагууну театрдын жетекчилиги менен макулдаштым. Кечени спектакль-эскерүү жанрында элестеттим. Ага бир кучак гвоздика гүлү, гүлдөрдөн үч-төрт жуп корзина да зарыл болору айтылды. Театрдын артистеринен тышкары Самара Токтакунованын «Сынган бугуну» чертип отурганы, «Тагылдыр тоону» темир комузда үч кыздын кагып турганы, кадимки «Эсимде», дагы жагымдуу ыр, күүлөрдүн коштоосу керек болот. Эстебес Турсуналиев менен Замирбек Үсөнбаевди да кошолу десем, театр деректиринин көзү чанагынан чыгып кете жаздады:
– Эй, аны!.. Эстебеспи?! Өлүү-тирүүсү белгисиз, таппайбыз го аны!.. – деди ал аптыгып.
Аптыкканынын жөнү бар болчу: «...шым уурдаптыр» деген айың тарап, Эстебестин дайны чыкпай калган. Эл оозу тегирмендин калагындай ээ-жаа бербей эленип, эки кишинин башы бириккен жерде үрөй учура: «Айылына барып асынып өлүптүр, казакка кире качып жоголуптур» дегендердин «билермандыгы» күчөгөн. Эстекеңи концерттерден көрбөй калдык. Ырлары радиодон тыйылды. Пендечилигибиз жанда жок шумдук экенбиз го: атактуу инсандын жаманаттысы угулса, аны жалаадыр деп күмөн санагандарга караганда, жантыгынан жата калып табасы кангандардын көптүгү өзүбүздү ойлонтор бекен же көнгөн ашмалтай итчилигибизден арылбай «жыргап» жүрө беребизби? Жакшыны жаманаттылап, беделин түшүрүүнүн эч деле кыйынчылыгы жок окшобойбу...
Коомчулуктун көңүлүн «иренжите жыдып» турган атактуу өнөрпозду актап, калкка кайра аралаштыруунун, менимче, ишенимдүү бир гана таамай жолу бар: өнөрпозду эл алдына чыгарып, кадимки өнөрүн кадимкидей көрсөткөндө, ушак-айыңчылардын үнү өчүп, өнөрпоз кадыр-барк туу ордун ээлейт. Эстебести юбилейдин программасына кошолу дегендеги максатым ушу болчу. Анын күнөөсү барбы-жокпу, ойлогон деле эмесмин, өнөрүнүн баркы, баалуулугу көңүлүмөн чыкпады.
– Ушакка ишенбей иш кылалы. Эстебес үйүндө эле болсо керек. Болбосо, кайда экенин бала-чакасы билер. Барып Муратбек Рыскуловдун 70 жылдыгында ырдатканы чакырып атабыз десеңер, кантип келбесин... – дедим театрдын жетекчилерине юбилейди сүйлөшүп отуруп.
Эстебести аман-соо таап келишти. Курган ырчы өңүнөн азып, аябай жүдөп калыптыр. Замирбек экөөнө «багыт» бердим. Төкмө акындар өздөрү эле мындайда эмнени, канча убакыт ырдарын тактап алып даярданат. Фрунзеде сасык тумоо кычап турган. Антигриппин деген дары мурунтан эле болгонбу же жаңы чыкканбы, биринчи көрүшүм. Нуржамал жаны тынбай кайдан-жайдан дарыны таап келип, тумоолой калган артистерге, алдын ала соолорубузга ичирип, репетицияны үзгүлтүксүз жүргүзүп турдук. Төшөккө жатып калган артистерди телефон аркылуу даярдаган учурубуз да болгон. Артистердин Мукени тирилтип алчудай ошондогу ынтымагына, чыгармачылык дымагына, аянбай иштеген дилгирлигине ыраазы болгон элем. Төшөктө жатса да, соо болсо да тикелеринен тик туруп, сасык тумоого алдырбай Мукенин юбилейин жогорку деңгээлде өткөргөндөрү эмгиче эсимде.
Мурда өтүп жүргөн юбилейлик кечелерге окшобогон кызыктуу спектакль-эскерүү жараткан элек. 1979-жылдын 18-декабринде Кыргыз академиялык драма театрында Мукемин 70 жылдык юбилейин өткөргөнбүз. Сахна жасалгаланган: Лирдин тагы ордунда, жашыл тукабанын бетинде Мукенин тебетейчен бакыйган сүрөтү. Жарык ошолорго гана тийип турат. Кайдандыр «Эсимденин» музыкасы кусалуу акырын угула баштайт. Мен көшөгө артынан чыгып келип, тактын чыканак таянгычына эки тал гвоздика гүлдү коюп, залга карап мындай дегем:
– СССРдин эл артиси, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, советтик театр жана кино өнөрүнүн мыкты чебери, кыргыздын улуу актёру Муратбек Рыскулов быйыл 70 жашка чыкмак. А кишини улуу-кичүү урматтап Муке дечү элек. Бүгүн Мукебиздин туулган күнү. Балким, бүгүн эмес, башка күнү, башка айда туулгандыр? Анткени паспортунда туулган айы менен күнү жок, 1909-жылы туулган деген гана жылы бар. Мукем курдашчылыкка март эле, Мукем оюн-тамашага март эле. Аталык мээрим, чыгармачылыкта изденүү менен табылгага март эле. Мүмкүн, туулган күнгө да март жаралгандыр? Андай болсо, ар жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки каалаган күндү Муратбек Рыскуловдун туулган күнү дешке акыбыз бар. Бир гана күндү анте албайбыз. Ал биринчи февраль!.. Биринчи февраль күнү Мукебиз дүйнөдөн кайткан... Улуу инсан өлүп баратканда да улуулугунан айныбайт окшобойбу. Мукем өлөрүндө чабалактап жанталашпаптыр. Жөн гана уйку-соонун ортосунда көшүлүп жаткансып, «Манас» айтыптыр, 30-жылдардагы комсомолдун күжүрмөн ырларынан, «Кызыл жоолукчанды», «Эсимдени» ырдаптыр, өзү жакшы көргөн ролдору – Тейитбектин, Отеллонун, Акылбектин, Лирдин, Эшкожонун монологдорун биринен сала бирин айтып жатып, театрдын сөзү менен айтканда, «образдан чыкпай» жан кыйган экен. Мындай барктуу өлүм көрүнгөндүн эле колунан келе бербес. Мукебиз: «Өлгөндөн кийин да театрда жүрө берем» деп өзү айткандай, көзү өткөндөн кийин да театрда жүрө берчүлөрдөн... Муратбек Рыскуловдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган эскерүү спектакль-кечени баштайбыз.
Баятан ыраактан чертиле баштаган «Сынган бугу» жакындап келаткансыйт. Сахнанын эки капталынан Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева чыгат. Колдорундагы эки тал гвоздика гүлдөрүн тактын чыканак таянгычына коюп, залга бурулат.
Даркүл Күйүкова:
– Төкөлдөштүн төрт кызы деп уксаңар керек. Атактуу опера ырчысы Сайра Кийизбаевадан башка үчөөбүз – мен, Бакен, Сабира Күмүшалиева ушу театрда иштейбиз.
Бакен Кыдыкеева:
– Улуубуз Сабира эже Мукемин жубайы. Жездебиз бизди көргөндө: «Балдыздарым» деп жетине албай жагалданып турар эле. Мукемдей жезделүү болгонубузга сыймыктанчубуз.
Даркүл Күйүкова:
– Кесиптеш болгонубузга андан беш-бетер сыймыктанчубуз.
Бакен Кыдыкеева:
– Өмүрүбүз өткөнчө дале сыймыктанабыз. Бир спектаклде бир көркөм идея менен бирге жашаган күндөрүбүз эстен кетпейт. Мен – Дездемона, Мукем – Отелло. Бир саам мени чындап муунтуп сала жаздаган...
Даркүл Күйүкова:
– Капырай десең, ошондо Кудай бир сактаган эле...
Аңгыча четки микрофон акырындап жарык болот да, а ченде «Сынган бугуну» чертип отурган Самара Токтакунова көрүнөт. Күйүкова менен Кыдыкеева экөө эки жакка ойлуу чыгып кетет. Жаманов менен Көбөгөнов эки жактан кирет, колдорунда бирден корзина гүлдөр. Корзиналарын тактын эки капталына коюп, залга кайрылганча «Сынган бугу» аяктап, а жер караңгыга сиңип кетет да, «Тагылдыр тоо» темир комузда акырын экинчи микрофон жактан кагыла баштайт.
Сыдыкбек Жаманов:
– Ырас эле ошондо Бакенди Муратбек муунтуп өлтүрүп салса кантмекпиз? Театрыбызды жаап салмак...
Абдыашым Көбөгөнов:
– Бакен эмес – Дездемона, Муратбек эмес – Отелло. Муратбектин образга катуу берилип, өзүн унутуп койгон учурлары далайле болгон. Отеллону ошондой абалга жеткирген сен болчусуң.
Сыдыкбек Жаманов:
– Мен эмес, Яго де! Ягонун кылбаганы барбы!
Абдыашым Көбөгөнов:
– Отеллонун согуш талаасындагы эрдиктери, чүрөктөй сулуу Дездемона экөөнүн ак сүйүүсү Ягонун ичин туз куйгандай ачыштырган да! Мындан өткөн көралбастык болбойт!
Сыдыкбек Жаманов:
– Кудай Таала ырыскыны Ягодой өңү-түсү келишкен венециялык азаматка ыраа көрбөй арабдын кара «кочкоруна» берип койсо, кара ниет Яго жөн жатмак беле!
Абдыашым Көбөгөнов:
– Ягонун жүзү каралыгына жаны кашайган бир студент Отелло менен Дездемонага болушуп, оюн болуп атканда сени таш менен урганы эсиңдеби?
Сыдыкбек Жаманов:
– Аны кантип унутайын! Таш кызыл ашыгыма тийип, канча күн аксап жүрдүм. Томугум жарылып кетпегенине шүгүр.
Абдыашым Көбөгөнов:
– Бечара студентти милийса кармап кетип камап койгондо, Муратбек сени, мени, бир тобубузду ээрчитип барып, араң бошотуп алдык эле го.
Сыдыкбек Жаманов:
– Ошону айтсаң. Кайран күндөр!.. Муратбек ошондойлорго кыйын эле... Тирүүсүндө баркын билбей далай асылбадыкпы ага...
Абдыашым Көбөгөнов:
– Муратбектин жоктугу театрыбызды аябай бөксөрттү. Өзүбүз да бөксөрдүк...
Экөөнүн диалогунун учурунда сахнанын экинчи четиндеги микрофонго жарык түшүп, «Тагылдыр тоону» үч кыз кагып турганы көрүнөт. Жамановдордон кийин сахнанын эки капталынан Сайрагүл Балкыбекова менен Гүлшара Дулатова чыгып келип, эки тал гвоздика гүлдөрүн тактын чыканак таянычына коюп, Мукени эскеришет. Алардан кийин Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев экөө эки жактан корзина гүлдөрдү кармай келип, тактын эки капталына коёт, ыр менен Мукеми эскеришет. Андан аркысын айтып отурбайын.
Эскерүү кечебиз кандай мүнөздө, кандай стилде даярдалып өткөнүн жогорудагы мисалдар аркылуу түшүндүргөндөй болдум. Финалда Сабира эже Муке экөөнүн уулдары Искендер, Бактыбек, кызы Нуржамал төртөө сахнага чыгып, эже Мукенин театрына, кесиптеш артистерине, унутпай урматтаган кыргыз элине ыраазычылыгын айтып баштаганда, эскерүүгө катышкан артистер туш-туштан жайыла ойлуу басып чыгып, Сабира эженин, балдарынын эки тарабына кыркар тарта жайгашып, «бир ооздон» мүнөздөмө менен Мукеми эскеришет. Ошол учурда «Эсимденин» овону кайдандыр акырын угулуп турат.
– Мукем тамашакөй эле...
– Оюнкараак болчу...
– Күлкүчү эле...
– Бир күлүп алса, тыйылмагы кыйын болчу...
– Мукем өжөр эле...
– Ролу оюндагыдай чыкпаса, көшөрүп отура берчү.
– Ишенчээк болчу...
– Ишенчээктигинен алданып да калчу.
– Мукем жашык болчу.
– Уколдон аябай коркчу...
– Ошо коркоктугу түбүнө жетпедиби...
– Гүрр этип ачуусу чукул эле.
– Театрда тартипсиздикти көрсө ошентчү.
Ушуну менен эскерүү-спектаклибиз аягына чыкты. Анын божомолдуу мүнөзүн гана айттым.
Дагы канча бир жолу элге көрсөтөбүз деген убадасын театр аткара албады: Сабира эже баштаган артистердин далайын сасык тумоо «көтөрүп урду».
* * *
Кечени жаңыдан даярдай баштаганыбызга анча-мынча күн өткөндөгү бир окуяга кайрылсам туура болчудай. Түштө репетициядан чыгып баратсам, театрдын деректири: «ЦКга Апсаматова чакырып атат» деди. Апсаматова Роба Насыровна Борбордук партия комитетинде бөлүм башчы, ЦКнын идеология секретарынан кийинки чоң кызмат. Апсаматова ал ишке жаңы орношкондо, айрымдарыбызды бирден-экиден чакырып маектешип, «сырдашып» дегендей «жакындашкан» жайы бар. Ошондон улам тааныш элек. Бардым. Учураштым.
– Отуруңуз, – деди салкын. Отурдум. – Рыскуловдун юбилейин сиз даярдап атасызбы? – деди.
– Ооба, – дедим. –Министр тапшырган.
– Мм... Турсуналиевди катыштырыппы?!
– Ооба, катышып атат.
– А эмне үчүн катыштырасыз? Же эмне кылганын билбейсизби?! – деди Апсаматова кекээрлегендей.
– Эмне кылыптыр? –дедим, «сурак» жүргүзө баштаганын ичимден жактырбай.
– Уккан жок белеңиз?! – Бөлүм башчынын жини келгени байкалды.
– Шым уурдады дегенби? – дедим.
– Билет турбайсызбы! Билип туруп эмне катыштырасыз?!
– Уурдаганын билбейм, көргөн эмесмин, – дедим. Ичимен кыжырым келди.
– Элдин баары айтып атпайбы!
– Айтып атса, ушактыр? Жалаадыр? – дедим сабыр токтотуп.
– Ушак эмес, чын! Көрүп келгендер бар! – Апсаматованын таноосу кыпчыла түштү, анан катуу кетпейин деп карманды окшойт. – Кошпоңуз, мой совет, – деди.
– Күнөөсүн далилдеген кагаз-кугаз барбы... маселен, соттун чечими? Ансыз Эстебести ууру дешке оозум барбайт, тем более, шым уурдады деш!.. Эстебестен отказ кыла албайм, – дедим эле Апсаматова кызара-татара:
– Жооп берип каласыз! – деди ачуусуна ээ боло албай.
– Мейли, эми да шым уурдаса, башымы кесип салгыла, – дедим тамаша-какшык аралаштыра.
Апсаматова жини келгенден урушайын деп уруша албай, тилдейин деп анткенге батынбай мени буулуга тиктеп, сөз таппагансып турду да: «Мени айтпады дебеңиз!..» деди. Укуругу узун бийлик менен тирешүү кайсы кудай урган келесоого жаксын! Чынымы айтайын, бөлүм башчынын кекеткенинен сестендим, бирок шек билгизбедим. Партия кызматкеринин талабына моюн сунбай Эстебес Турсуналиевди кошконум Мукеме арналган эскерүү-спектаклдин таасирине таасир кошту, көркөм эстетикалык маанисин күчөттү. Атактуу төкмө акынды ырдатпай кордоп турган чакта аны эл алдына чыгарсак, кайрадан сахнага жол ачылат, жаманаттысына эл ишенбейт деген ойдо элем, жаңылбапмын. Мукенин юбилейине удаа Кыргыз илимдер академиясынын 25 жылдыгында Эстебес Турсуналиевди бийликтегилер өздөрү чакырып ырдаткан. Коомчулуктун психологиясы ушундай. Муратбек Рыскуловдун 70 жылдыгына кошпогонубузда, Эстебестин жаманаттыдан арылышы арсар болчу.
* * *
Качанкы бир көңүл иренжиткен кылгылыкты эске салуунун кажети жоктур деген ойдо жүрчү элем. Терс жагынан болсо да «легендага» айланып кете жаздаган жорук-жосун оңой менен эстен чыга койбойт көрүнөт. Андан бери канча жыл өтсө да ошондогу айың кептин чын-төгүнүнө жетпей, атүгүл, Эстебесте күнөө болуптур деген кыжаалатта жүргөндөрдү угуп келатам. Ошондуктан тымпыйып унчукпай отуруп койгонум кайдыгерлик болчудай. Максатым – эптеп-септеп Эстебести актоо эмес, актыгын далилдөө!
Жаманатты жалаага Эстебес чет өлкөдө кыргыздын ырчы-бийчи өнөрпоздору менен чогуу, чамасы, Швецияда болсо керек эле, гастролдо жүргөндө кабылып, «уурусу» кармалган. Суроо: чет өлкөлөргө мурдатан барып-келип жүргөн Эстебес аяктын дүкөндөрүнөн байкатпай буюм кымырып чыгуу мүмкүн эмесин билбеппи? Кантип билбесин! Билген. Демек, уурулук болгон эмес, уурулукка атайы кабылткан кара ниеттик болгон. Уурулук жаман жосун экенин билбеген кыргыз жоктур. Айталы, мал уурдаганга, машине уурдаганга караганда «шым уурдаган» ченебегендей жийиркеничтүү жосун. Мындай айыпка кабылган адам адам катарынан чыгып, эл-журтуна жек көрүндү шүмшүккө айланат. Андайды актоо да кыйын. Эстебестин калайык-калкына балдай жаккан атагын, кары-жашты элжиреткен жагымдуу талантын көрө албай ичи ачышкан бирөө Эстебестин сомкесине билгизбей шым сала коюп кашайтпаса, уу-дуу чыкпайт эле го.
Учурунда уу-дуу ушак-айыңды чыгарып, бүт кыргызга жайып жиберген ким экенин билсек да, аты-жөнүн атоону ылайык көрбөдүм. Айтпадым. Эстебести жек көрүндү кылууга жандалбастаган максатына алиги кара ниет ишмер жетпеди. Жеткен күндө да Эстебестин атагы агабы, башкагабы, эч кимге оомак эмес. Ошону түшүнбөй бирөөнүн ырыскысын талашкандардын дөдөйлүгүнө таң калам. Же көрө албастыктын, ич тарлыктын дартына чалдыккандар акыл-эсинен адашып, өзүнө өзү ээ боло албай шорлогон «кыйындарбы»?.. Баса, Муратбек Рыскуловдун 70 жылдык юбилейинен 5 жыл мурда, 1974-жылы Эстебес Турсуналиевдин өмүрүндөгү дагы бир жагдай, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына көрсөтүлгөндүгү эсиме келди. Үчүнчү жолу көрсөтүлүптүр. Сыйлык ыйгаруу комитетине мүчө элем. Төрагабыз Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев. Сыйлыкты жыйынтыктоого чогулганбыз. Комитеттин үч секциясы лауреатка татыктуу деген бирден талапкерди жактырган чечимдерин окуду. Эстебес бу саам да сыйлыкка илинбептир. Төрагабыз секциялардын чечимине кол көтөртө салып, жыйынды бүтүрө турган түрлөндү.
– Менде сөз бар, – деп өөдө турдум.
– Эмне сөз, бүтпөдүбү! – Борбордук партия комитетинин бөлүм башчысы Жумагүл Нусупова мени тыя сүйлөдү. Сыйлык ыйгаруу учуру жеткенде бөлүм башчылар добушубузга көз салып, аңдып турчу.
– Эже, комитеттин ушунча мүчөсү кол көтөргөнү эле келдикпи, оюбузду айталы, – десем, отургандардын айрымдары:
– Айтсын, айтсын, – деп калды. – Эстебес үчүнчү жолу көрсөтүлүптүр. Төртүнчү жолу көрсөтүлбөйт. Көрсөтүлсө да комитет кабыл албайт. Жобо ушундай. Эстебестин ташкындаган төкмөлүк талантын айтпайле коёюн. Кыргыз элинин оозеки, руханий мурасын сактап келатканы үчүн да эбак эле сыйланышы керек болчу. Популярдуулугучу!.. Популярдуулугу боюнча мобу отурган Алыке, Гапар Айтиевич баштап баарыбыз биригип бир теңбиз да, Эстебес Турсуналиев бир тең. Эстебес кыргызды даңазалабаган өлкө дүйнөдө аз эле калды окшойт. Барбаган жердин баарына барды. Эстебес деген бир буту менен Түндүк Муз океанын, бир буту менен жээгиндеги кургакты басып туруп ырдаган адам! Анан ага кайта-кайта эле сыйлык берилбесе, бердирбей жүрөт деп эл мени айтпайт, Аалыке, сизди, Гапаке, сизди айтат. Сыйлык болгону үчөө. Бөлүштүрө салгандарын уктук, беките элекпиз. Сыйлык ыйгарган сайын бирден орус кошмоюбузду токтото туралы. Художник Игнатьевдин ордуна Эстебести киргизсек туура болот. Игнатьев Токтогул ГЭСин тарткан чыгармаларын көрсөтүптүр, мага түк да жакпайт, эч таасири жок. Андан көрө фотографтын сүрөттөрү таасирлүү... – деп сөзүмү бүтө элегимде Жумагүл Нусуповна:
– Ай, бала, токтот! Болду! – деп тызылдап жиберди. Гапар Айтиевдин муруттары тикенектей тикчие түштү:
– Сиз тыйбаңыз, бала туура айтат! – деди Нусуповага.
Көрсө, Гапар Айтиев Игнатьевди жаман көрөт экен, кийин билдим.
– Сунушум ушундай... – Күүлөнүп алгам, төрага колдоп атса токтоймунбу. – Игнатьевди ошончо эле кыя албай турсаңыз эмкиде сыйлайлы. Комитеттен мени чыгара салбасаңар, аныңарды эки кол, эки бутум менен колдоп берем...
Сөзүм бүтүп-бүтө электе Бакен Кыдыкеева, Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Насыр Давлесов, дагы бир тобу Эстебеске сыйлык бербесек калыстыгыбыз кайсы, элдин бетин карай албай калабыз дегендей күйүп-бышкан адилет ой-пикирлерин жаадырды. Жумагүл Нусуповна ээ боло албасын түшүндү окшойт, унчукпай тунжурап отурган, мага акырын сөөмөйүн кесеп, ууртунан жымыйгандай болду. Ниетинде эже деле биз жакта болсо керек деп, өзүмчө божомолдоп койдум. Акырында төрагабыз Гапар Айтиев:
– Олуттуу маселе козголду... Игнатьевди чыгарууга болбойт, жолдоштор. Дагы бир орун сурайлы, тарыхый мааракеге карата аксакал колдойт деген ойдомун, – деди.
Тарадык. Кечинде Эстебес үйгө телефон чалды:
– Бексултан, ыракмат, инилик кылыпсың. Сен болбогондо, дагы авут кетмек экем, – деди.
– Кимден уктуңуз? Обычно мындайды «мен болбосом» деп, өзүн өзү көкөлөткөндөр «сүйүнчүлөчү» эле – десем, Эстебес:
– Жумакматов айтты, – деди.
Асанкан Жумакматовдун «порядочныйлыгына» ичимен ыраазы болдум да:
– Мактанбай коё туруңуз, төртүнчү орунду кошсо, анан майлаарсыз, – дедим Эстебеске.
Төртүнчү орун кошулду. Эстебес Турсуналиевге да композитор Мукаш Абдраев, акын Абдрасул Токтомушев, сүрөтчү Александр Илларионович Игнатьев үчөө менен катар Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты ардак наамы ыйгарылды. Эстебес Турсуналиевге Токтогул сыйлыгын бердиребиз деп күпүлдөгөн 1974-жылдагы менен 1979-жылы Муратбек Рыскуловдун 70 жылдык юбилейинде ырдаткандан кийинки окуяны эскербесем деле болмок. Бирок эскерүүлөрдү окугандардын бири болбосо бири ойлонуп калар, бирөөнө болбосо бирөөнө «сабак» болор деген ниетте ортого салууну туура көрдүм.
Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү