ПОВЕСТЬ
1
Кенен ачылган темир дарбазадан жөөлөшүп чыккан элдин арасына кыпчылып, Левчук вокзалдын алдындагы машинелер турган аянтчага чыкты. Жаңы эле токтогон поюзддан эми эле топурап, аянтчага толо түшкөн эл бат эле ар кайсы тарапка сиңип жок болушту. Ал кадамын ишенимсиз, жай шилтеп, вокзалдан шаарга кеткен жолго саларын же аянтчада жүргүнчүлөрдүн толушун күтүп турган эки сары авдобуска карай басарын билбей, эки анжы болду. Кайда басышты билбей, колундагы бурчтарына жалтырак темир бекитилген эски чамаданын майланышкан ысык асфальтка коюп, эки жагын карап туруп калды. Бирөөлөрдөн сурабаса болчудай эмес. Чөнтөгүндө барар жеринин дареги жазылган бырышкан конверт деле бар, бирок жатка билгендиктен аны алып чыгып караган жок, кимден сурасам болор экен деп, ары-бери өткөн адамдарга көз сала баштады.
Бул кечте аянттан көп эле кишилер өтүп жаткан, бирок алар ага бүтпөй жаткан зарыл ишине ашыгып бараткандай, жада калса артына кылчайып кароого чамалары жоктой көрүндү, аларды токтотуп суроо бергенге батынбай бир паска карап турду да, күркөдөн гезит алып барактап келе жаткан өзүндөй улгайган адамга кайрылууну чечти:
– Байболгур, Косманавдар көчөсүнө кантип барышты айтып коюңузчу? Жөө барсам болобу же авдобуска түшүү керекпи?
Көз айнекчен адам гезиттен көзүн алып аны караганда, ал Левчукка алакты болгонуна нааразы болуп, жактырбагандай сезилди. Ал же көчөнү эстей албадыбы, же күндүн ысыгына карабай көк көйнөгүнүн топчуларын кекиртегине чейин топчулап, бырышкан боз кемселчен, сырттан келгени даана көрүнүп турган бейтааныш адамдын ким экенин билгиси келгенсип сынап жаттыбы, айтор аны башынан ылдый сыдыра карап, дароо жооп берген жок. Ал сынай караган учурда Левчук үйүндөгү шкафта атайын ошол үчүн кагылган мыкта бир нече жылдан бери пайдасыз илинип турган галстугун байланып албаганына өкүндү. Бирок ал галстук байланганды жактырчу эмес, байлаганды да билбейт, ошондуктан жолго чыгарда айылда, майрам күндөрү кийчү эскире элек, алигиче жаңы боз кемселин сатып алганына көп болсо да, бир да жолу моюнуна иле элек, өз учурунда модалуу болгон көк нейлон көйнөгүн кийип чыккан. Бирок бул жердегилер башкача кийинет экен, – бардыгы теннис оюнчулары сыяктуу жеңи кыска, жука көйнөк же дем алыш күнгө байланыштуубу, ак көйнөктөрүнө галстук байланып тыкыйып жасанышкан. Бул эми кайгыра турган иш эмес, мага сырт келбетимди ойлоп, жасанганым эле калыптырбы... деп койду ал өзүнчө.
– Космонавдар көчөсү, Космонавдар көчөсү... – кайталап жатып эстеди көз айнекчен, анан бурулуп арт жагын көргөздү. – Тигил авдобуска олтуруңуз. Жетинчи номур. Аянтка чейин жетип, ошол жерден түшөсүз да, көчөнүн аркы бетиндеги гастроном тарапка өтүңүз, ал жерден он биринчи авдобуска олтуруңуз. Аны менен эки аялдама өтүп, сурасаңыз түшүрүп коюшат. Дагы эки жүз метрдей бассаңыз издеген көчөңүздү табасыз.
– Рахмат, – деди Левчук, чындыгында мындай татаал жолду эстеп кала алган жок. Бирок аны сүйүктүү ишинен алаксытып кайра-кайра такып сурагандан тартынды, ал кыска суроо узатты:
– Ал жерге чейин алыспы? Беш чакырымдай болсо керек ээ?
– Кайдагы беш? Көп болсо эки-үч чакырым болот.
– А, андай болсо жөө деле барсам болот экен, – деди ал, керектүү көчөсү адегенде өзү болжогондон да жакын чыкканына сүйүнүп.
Ал чамаданы менен тротуардан ары-бери өткөндөрдөн жөөлөбөй абайлап өтүүгө аракет кылып шашпай, жайбаракат бара жатты. Алдынан экиден, үчтөн а кээде майда тобу менен жаштар жана улгайгандар, эмнегедир шашылып, баарынан кызыгы, баары бир тарапка – вокзалды карай агылып жатышты. Жолдогу тамак-аш саткан дүкөндүн жанында эл андан да көп болчу, ал дүкөндүн жаркыраган айнек витринасын карап таң калды, дүкөндүн ичинде сатып алуучулар аарынын уюгундай үймөлөктөп жүрүшкөн экен.
Сыягы, шаарда бир майрам же дагы бир башка маанилүү окуя жакындап, эл ага камданып жаткандай. Ал маселенин чоо-жайын чала-була кулагына илинген сөздөрдөн түшүнө албай баратып, чоң кызгылт-сары түстөгү тактайчада жазылган “футбол” деген сөздү окуганда гана шаардын көчөсүндөгү адаттан тышкары кыймылдын себебин билди.
Өзү футболго кызыкчу эмес, бул оюн майда балдарга, аны ойногон жаштарга гана ылайыктуу, ал эми улгайган жана акыл-эстүү адамдарга – бул мааниси жок, кызыксыз, балдардын оюну деп эсептеп, ал тургай аны телевизордон да көрчү эмес.
Бирок шаардыктардын бул оюнга мамилеси таптакыр башкача окшобойбу, болбосо көчөдө мынчалык эл котолошуп жүрүшпөйт эле да. Оюндун башталышына убакыт аз калган сайын, шашылып келип жаткан адамдар ошончолук көбөйө берди. Тротуарларды бойлой ичи шыкала толуп, жабылбай калган каалгаларында бири-бирине жабышып алган адамдарды тартып келген авдобустар араң жылып келсе, кайра кеткен авдобустар бопбош кетишүүдө. Ал эки көчөнүн кесилишинде шаардыктардын жашоосундагы бул өзгөчө көрүнүштү таң кала карап бир аз турду. Анан ал тротуар менен көпкө чейин шашылбай, үйлөрдүн бурчтарына чапталган көчөнүн аты, үйдүн катар номуру жазылган такталарды издеп баратып, акыры бир үйдүн бурчунан “Космановдтар көчөсү” деген көк тактайчаны көргөндө сүйүнүп кетти. Бирок бул жерде үй номуру жок болчу, ал кийинки үйдөн гана анын номурун көрүп, ага керектүү үйгө чейин дагы бир топ бар экенин түшүндү. Ал улам арылап, мурда-кийин келип көрбөгөн, жээнинен аны кубандырган кат келбесе, келем деп да ойлобогон, чоочун шаардын жашоосуна кызыгуу менен көз салып баратты. Жээни катында дарегин эле бергени болбосо, Виктордун үй-бүлөсү, кайда иштери тууралуу башка маалымат бербептир. Анан ал эмне кылсын, гезиттен капысынан кабылып калган адамдын тааныш аты-жөнүн көрүп калып, анын суранычы менен паспорт столунан ал адамдын дарегин таап бергенине шүгүр, биринчи курстун студенти андан башкага даремети жетмек беле. Мына, калганын эми өзү билип алат, ал ошол үчүн келбедиби.
Ал баарыдан дагы, согуштан аман-эсен кайткан соң Виктордун кийинки тагдыры жаман болбогонун баамдап кубанып жаткан. Ушуга окшогон көрүнүктүү көчөдө жашап жатканына караганда ал шаардагы акыркы адамдардан эмес болуш керек, а балким бир мекеменин башчысыдыр. Өзүнүн бул бүтүмүнөн кийин Левчуктун көңүлү жайланып, анын иши жакшы экенинен таптакыр эле күнөм санабай калды. Бирок да адамдын кандай адам экендиги анын кесиби менен кызмат ордуна карап бааланбасын, анын акыл-эси, мүнөзү, адамдарга жасаган мамилеси акыры барып адамдын ким экенин, анын бул жалган жашоодо эмнеге татый турганын чечерин ал жакшы түшүнчү.
Көк мелжиген, көп кабаттуу, ачык түстөгү кыш менен кыналып салынган, балкондорунда ар кандай майда-барат эмеректер, үй оокаттары жыйылып, аркы-терки кирлер илинген чоң үйлөрдү карап келатып, анын албетте, балкондуу жана жогорку кабаттардын биринде жайгашкан квартирасын элестетүүгө аракеттенди. Ал квартира канчалык өйдөңкү кабатта жайгашса ошончолук жакшы деп эсептечү, анткени бир жагынан күндүн көбүрөк тийгенин, экинчи жагынан кечкисин бийиктен караганда шаардын көпчүлүк бөлүгү көрүнүп турганын жактырчу.
Алты жыл мурда ал Харьковдогу балдызыныкына конокко барган, ошондо алардын бөлмөлөрү он кабаттуу үйдүн үчүнчү эле кабатында болсо да, кечкисин балконго чыгып карап турганды аябай жакшы көрчү.
Кызык, аны кандай кабыл алышар экен...
Албетте, ал адегенде каалганы такылдатат... Өтө катуу эмес жана тажатып кечке муштуму менен койгулабай, үйүнөн чыгарда аялы үйрөткөндөй, манжалары менен акырын чертип, эшик ачылганда бир кадам артка жылыш керек. Кепкасын үйгө кире бериште же тепкич менен чыга баштаганда эле чечип, колуна кармап алганы оң. Эшик ачылганда ал издеп келген адамын ушул жерде жашайбы деп сурайт. Виктор эшикти өзү ачып калса сонун болмок, отуз жылдан бери бир да жолу көрбөсө да, ушунчалык көп убакыт ичинде адам таанылгыс болуп өзгөрүлүшү мүмкүн да, ал аны дароо тааныйт болуш керек.
Ал анын атасын жакшы таанычу, а уулунун жок дегенде бир жери атасына окшобой койбойт. А балким эшикти аялы же балдары ачсачы... Жок, балдары азыр майда болуш керек. Ким билет, балким балдары деле ачышы мүмкүн. Беш, алты жашар бала деле эшик ачканга кантип жарабасын. Анда ал алардан кожоюнду чакырышын суранып, өзүн тааныштырат.
Мына ушул учур эң маанилүү жана кыйын. Көп жылдан бери жолуга элек таанышына кездешүү кандай кубанычтуу жана жеңил эместигин ал жакшы билчү. Эскерүүлөр менен катар ушул алдыңда турган чоочун адамды эмес, өткөн өмүрүңдүн бир өңүрүндө кайрылгыс болуп кеткен, жылдар өтсө да элесин өчүрбөй сактап келген эстутумуңдан башка эч бир күч калыбына келтире албаган, башка адамды билгениңди жана эстеп жүргөнүңдү ойлоп алып таң калууну, ал тургай кандайдыр бир ыңгайсыз абалды сезесиң...
Андан кийин аны үйгө кирүүсүн суранышат болуш керек. Бөлмөсү жаркыраган паркет, жумшак диван, килем, – шаардыктардын кимисиникинен болсо да кем эместир. Ал босогого чамаданын коюп, батинкесин чечет. Батинкени сөзсүз чечкенди унутпаш керек, азыр шаарда бутун кире беришке чечкен салт пайда болду деп айтып жүрүшпөйбү. Ал үйүндө керзи же резинка өтүгү менен төрдүн башына чейин чыгып жүрө берет, бирок азыр ал үйүндө жүргөн жок да. Демек, эң алгач батинкени чечкени туура болот экен. А байпагы жаңы, келер алдында айылдын дүкөнүнөн бир сом алтымыш алты тыйынга сатып алган, бул жагынан ал уят болбойт.
Андан соң сүйлөшө башташат. Албетте, бул оңой нерсе эмес. Канча ойлонсо да, ал сөздү эмнеден, кантип, баштарын билбеди. Атасынын көрү, эмнеси болсо да бара көрөт да. Ага арнап дасторкон жайышат болуш керек, ошондо туруп барып чамаданын алып, узак жол бою чайпалып келген, бооруна чет элдин кагазы чапталган чоң бөтөлкө менен айыл жыттанган тамак-аштарды алып чыгат. Азыр шаарда ачарчылык жок болсо да, айылдын жыты мурундун каңылжарын жарган колбасасы, банкедеги бал, өз колу менен кармап ыштап кургатылган эки-үч лещ балыгы дасторкондо ашыкча болбостур.
Ойлонуп баратып керектүү үйдөн өтүп кеткен экен, караса жетимиш менен башталган катар номур эбак бүтүп, сексен сегизинчи үйдүн тушуна келип калыптыр. Өзүн тилдеп алды да кайра артка бурулду, эл эс алууга арналып жасалган кичинекей аянтчаны майда кадамы менен тез кесип өтүп, бийиктиги биринчи кабатты бүт ээлеген “Чач тарач” деген жазуу илинген чоң үйдүн бурчундагы жетимиш алты деген санды көрдү. Ал ортодогу он үйдүн кайда кеткенине акылы жетпей бир мүнөтчө далдырап турду, ошол убакта жанынан кичинекей кыздын назик үн чыкты:
– Ата, сизге кайсы үй керек эле?
Арт жагындагы тротуарда эки кыз: биринчиси ак жуумалынан келген сегиздерге чыгып калган кыз, пакеттеги сүт салынган тор баштыгын башынан тегеретип ойноп, аны бакырайган көздөрү менен карап туруптур. Беркиси, эркек балдардын кыска шымын кийген, кара тору, бою биринчи кыздан бир аз өсүңкү кыз да кагазга оролгон бал муздагын улам жалап, аны байкап турган экен.
– Мага жетимиш сегизинчи үй керек. Силер ал үйдү билесиңерби?
– Жетимиш сегизинчи үйбү? Билебиз. А кайсы корпус керек эле?
– Корпус дейсиңби?
Ал корпус жөнүндө биринчи жолу угушу, корпус жөнүндө дегеле түшүнүгү жок болчу, ал үйдүн номуру менен көчөнүн аталышын гана жаттап алган. Ал эмне болгон корпус?
Ал такташ үчүн асфальтка оор чамаданын койду да, кемселинин ички чөнтөгүнөн керектүү дарек жазылган ушаланган конвертти алып чыкты. Чынында эле үйдүн номурунан кийин К тамгасы, анын жанында 3 деген сан, андан кийин квартиранын номуру көрсөтүлүптүр.
– Мынакей, үч деп турат. Үчүнчү корпус, сыягы ушундай окшойт.
Кыздар экөө бирдей баштарын тийиштире жанаша калып, анын кагазын карап, чындыгында эле үчүнчү корпус экенин, ал үйдү билишерин айтышты.
– Ал үйдө Нелька жашайт, ал үй тиги балдар кум менен ойноочу чатырчанын ары жагында, – деди балмуздак жеп жаткан кара тору кыз. – Биз сизге азыр көргөзүп беребиз.
Ал илкий басып кыздардын артынан ээрчиди. Кыздар үйдүн бурчунан айланып өткөндө, ортолорун тапталган аянтчалар, асфальттын ичке тилкелери жана жаңы отургузулган жаш дарактар бөлүп турган, бир нече көп кабат үйлөрдүн курчоосундагы чоң, ээн аянтча көрүндү.
Үйдүн кире бериш эшиктеринин алдындагы олтургучтарда аялдар сүйлөшүп отуруптур, арырактагы үйлөрдүн ортосунда волейбол тобунун тарсылдаганы угулуп турду, асфальтта майда балдар велосипеддерин ары-бери ойкутуп-кайкытып жүрүшөт. Аянтта кубалашып кыйкырык-чуу, оюндун кызыгына кирип алган балдар арбын экен. Катарлаша басып келе жаткан кыздардын кичинеси аны көздөй бурулуп суроо узатты:
– Ата, эмне үчүн бир колуңуз жок?
Курбусу бир нерсе түшүнгөн немедей анын сөзүнө үнүн акырын чыгарып жооп берди:
– Ирка, сен эмне билбейсиңби? Атанын колун согушта кесип салышкан. Ата, мен туура айттымбы?
– Чын, чын. Сен билет турбайсыңбы, азаматсың.
– Биздин корообузда Коля ата жашайт, анын бир эле буту бар. Бир бутун немистер жулуп алышыптыр. Ал кичинекей машине менен жүрөт. Момундай, кичинекей машине, мотоциклден кичине эле чоңураак.
– А менин чоң атамды фашисттер согушта өлтүрүшкөн, – деди сары кыз үшкүрүп.
– Алар бардыгын өлтүргүлөрү келишкен, бирок солдаттар өлтүртпөй коюшкан. Чынбы, ата?
– Чын, чын, – деди ал жылмайып, кыздар божурап жаткан сөздөр анын көңүлүнүн тереңинде унтулбай сакталып жүргөн ага жакшы тааныш нерселер эле.
Кичирээги алдыга чуркап чыгып, анын теке маңдайына тура калды, ал дагы эле пакет салынган тор баштыгын айлантып ойноп жаткан.
– Ата, сиздин медалыңыз барбы? Менин чоң атамдын алты медалы бар.
– Алтыбы? – анда жакшы экен, – деди ал анын суроосуна түз жооп бербей. – Демек, сенин чоң атаң баатыр турбайбы.
– А сизчи? Сиз дагы баатырсызбы? – чакыйып тийген күндөн улам күлүңдөгөн көздөрүн жүлжүйтө карап суроосун улантты кичинекей.
– Менби? Кайдагы баатыр! Мен баатыр эмесмин... Мен жөн-жай эле...
– Мына бул үй, – деди аңгыча кара тору кыз жаш дарактардын арасынан көрүнүп турган, ушул жердеги ак кыш менен салынган беш кабаттуу окшош үйлөрдүн бирине колун жаңсап. – Үчүнчү корпус.
– Чоң рахмат, кыздарым. Өмүрлүү болгула! – деп алкады кыздарга чын дили менен ыраазы болуп.
Кыздар жарышып “эч нерсе эмесин” деп кош айтышып чуркап кетишти, ал капилеттен толкунданып чыкты. Демек, жеткен экен да! Эмнегедир отуз жылдан бери оюнан чыгарбай, эстеп келген адам менен жолугушуудан тартынчыктап, аны дагы бир белгисиз убакытка жылдыргысы келип турду. Бирок ал өз жан-дүйнөсүндөгү мындай алсыздыкка алдыргысы келген жок – издеп келдиңби, демек кетенчиктебей алга жылып, жок дегенде жүзүн бир ирет көрүп, учурашып, ошол тапканың эңсеп издеп келген адамдын өзү бекен –дааналап билүү керек.
Ал үйдүн бурчундагы кочкул кызыл боёк менен жазылган номурдун жанына барып, колундагы кагаздагы номур менен салыштырып көрдү. Кыздар жаңылышкан эмес экен, быдырала дубалдын бетине К-3 деп бадырая жазылып турганын көрүп көңүлү жайланды. Катты чөнтөгүнө салып, топчуларын жакшылап бүчүлөп, чамаданын колуна алды. Эми квартираны табуу калды, бул да оңой эмес, мындай чоң үйдө кеминде жүз, а балким андан да көп квартира болсо керек.
Ал кадамын чечкинсиз шилтеп, эки жагына абай сала, гүл чалбардын жанында күнгө кактанып жаткан боз мышыкты айланып өтүп, үйдүн биринчи кире беришин карай жөнөдү. Ал каалганы ачардан мурда эшиктин алдында илинген жарыяларды көзү чалды, ал жерде почто индексин, үйдөн чыгып бара жатканда электр приборлорун унутпай өчүрүп кеткиле деген эскертүүнү, үйдүн жашоочуларынын короо-жайды тазалап, иретке салуу маселеси карала турган чогулуш болорун кабарлаган билдирүүнү окуду. Эшиктин үстүндө бул кире бериште биринчи номурдан баштап, жыйырманчы номурга чейинки квартиралар жайгашканы көрсөтүлүптүр, демек ага керектүү квартира бул жерде эмес экен. Муну түшүнгөн соң ал андан ары басып, экинчи эшиктен өтүп, үчүнчү эшикке кирмей болду.
Эшиктин алдындагы олтургучта далай жашты жашап, көрөрүн көрүп, ичээрин ичип бүтө жаздап, жедеп карылыгы жеткен эки кемпир олтуруптур. Күндүн ысыгына карабай күпшүйүп жылуу кийинип алышыптыр, ал тургай бири бутуна чокой кийип, а экинчиси терең ойго баткан немедей башын ылдый салып, колундагы таягы менен асфальт бетин чиймелейт.
Алар сүйлөшүп жаткан сөздөрүн токтотуп, аны карап калышты, сыягы бир нерсе сурайт деп ойлошту окшойт. Бирок бара турган жерин билип алгандыктан, эшиктин үстүндөгү жазууну карап, алардын жанынан унчукпай өтүп кетти. Кебетеси, бул жолу жаңылган жок окшойт, керектүү квартира ушул жерде болуп чыкты. Жүрөгүнүн дүкүлдөп сого баштаганын сезип, буту менен каалганы тээп ачып босогодон аттады.
Биринчи аянтчада кыркынчыдан кырк төртүнчү номурга чейинки төрт квартира жайгашыптыр, ал шашылбай тепкич менен өйдө чыга баштады, дубал боорунда катары менен тизилген номурланган көк жащикчелерден гезиттердин учтары кылтыйып көрүнөт. Ал номурларды карап, элүү экинчи квартира кийинки кабатта экенин түшүндү.
Кийинки аянтчадан токтоп эс алууга туура келди: мурда-кийин мындай бийик тепкичке чыгып жүрбөгөндүктөн кадимкидей күйүгүп калды. Анысы аз келгенсип, бир нерсе сурап келгендей же бир күнөө кылган адам сыяктуу бир кызыктай демин кыскан сезим бүт эркин бийлеп алып, андан арыла албай турду. Албетте, кандай ойлобосун, өзүн кандай сооротпосун, алдыда дагы көп толкундоолор болору түшүнүктүү эле. Балким бул жолугушуу бир топ жыл мурда болгондо жакшы болмоктур, бирок ал кездерде ал жөнүндө эмне билчү эле?
Башкалардыкындай эле сырдалган, эшигинин алдына салынган бут сүргүчү жана каалганын үстү жагына кадалган номуру бар 52-квартира аянтчанын оң жагында болуп чыкты. Чамаданын жанына коюп, терең дем алды да, өзүн зордоп, бүгүлгөн манжалары менен каалганы акырын тырсылдатты. Бир аз күтүп, кайрадан жанагы кыймылын кайталады. Ичкериден кандайдыр бир үн чыккансыйт, бирок жакшылап тыңшап көрүп радио сүйлөп жатканын түшүндү. Ал дагы бир жолку тыкылдатты, бул жолу кошунанын эшиги ачылды.
– А сиз коңгуроону басыңыз, – деди кошуна аял босогодон, Левчук коңгуроо кайда экенин карай баштаганда, ал шашкалактап алжапкычына колун аачыды да, чыга калып андан мурда эшиктин кашегиндеги араң көрүнгөн кара кнопканы басты. Каалганын ары жагынан үч жолу кыска-кыска, коңгуроонун ачуу үнү жаңырып өттү, бирок эшикти эч ким ачкан жок.
– Үйлөрүндө жок окшойт, – деди аял. Эртең менен кичинекей баласы ушул жерде ойноп жүргөн, азыр ал көрүнбөйт. Шаарга чыгып кетишкен окшобойбу.
Ал эмне кыларын билбей, эси эңгирей түшүп, тепкичтин тосмосуна жөлөнүп туруп калды. Ал кожоюндар үйдө жок болуп, бир жакка кетип калышат деп дегеле ойлобоптур. Мындай карасаң түшүнүктүү эле иш дечи. Өзү эмне, дайыма эле үйдө олтурабы? Азыр пенсияга чыккан күндө да, дайыма эле жылбай-чычпай үйдө олтуруш кайда.
Күткөндөн башка арга жок, алар эми качан келерин бир кудай билет, ушул аянтчада эле тура бермек беле. Ал ылдый түшө баштады. Кошуна аял үйүнө кирип бара жатып анын артынан кыйкырды:
– Бүгүн футбол эмеспи! Алар ошол жакка кетишсе керек.
Балким футболдо жүрүшкөндүр же башка жакта чыгар. Шаарда мындай эс алуу күндөрүндө барчу жерлер азбы, – кааласаң бакчага бар, кааласаң театрга же ресторанга барып эс ал; бара турган кызыктуу жерлер жетиштүү, бул айыл эмес да. Бул жиндини кара, эмне, алар отуз жыл бою сени качан конокко келет деп үйлөрүнөн чыкпай күтүп олтурушат деп ойлодуң беле?
Ал ылдый көздөй бир аз тигирек тепкичтерден абайлай басып кире бериштен сыртка чыкты. Кемпирлер аны көргөндө кайрадан сөздөрүн токтотуп, аны кызыга карап калышты. Бул жолу алардан жана өтүп бара жаткандагыдай кысынган жок, эшик алдынан өткөн ичке жолдун четине барып, мындан ары эмне кылышты ойлонуп туруп калды.
Баары бир күтүү керек. Далай жерди басып келгенге буттары да ооруп чыкты, бир жерге көчүк басып, бутту сунуп олтурбаса болчудай эмес. Эки жагын карап короонун четиндеги көлөкөдө, кыштан салынып жаткан курулуштун жанындагы олтургучту байкады, буттарын сүйрөп ошол тарапка илкип жөнөдү.
Чамаданын олтургучка коюп, жанына олтурду да, талыган буттарын ыракаттана созду. Эски, көнгөн эле батинкесин кийбей, аялынын айтканына көнүп, жаңы батинке кийип алганын ойлоп, өзүн тилдеп алды. Батинкесин чечип, өйкөлгөн буттарын эс алдырып алса сонун болмок, бирок аянтчада жүргөн элден, жакын эле жердеги чатырчанын алдындагы кумда ойноп жүргөн балдардан уялды.
Андан көп алыс эмес жерде, ушул өзү жанында олтургандай дагы бир курулуштун алдында эки киши “Москвичтин” тумшугун ачып коюп, бир нерселерин чачып алып, оңдоп жатышты. Бул жерден жанагы өзү чыгып келген эшик, анда олтурушкан эки кемпир даана көрүп турат экен. Ага элүү экинчи квартиранын кожоюнун ошол кире беришке келер замат эле таанычудай болуп туюлду.
Ал эч жакка кетпей ушул жерден күтүүнү чечти. Бул жер ага ыңгайлуу эле, көлөкөдө олтуруп алып, биринчи жолу көрүп, көп нерсесин жактыра баштаган шаардын жаңы кварталынын жашоосун шашпай карап олтура берсе болчудай.
Бирок санаасы удургуп, желдей жорткон күлүк ою аны ушул бүгүн олтурган олтургучка алып келген, тээ көп мезгил мурда партизандык турмушунда болуп өткөн эки күндү карай алып учуп жөнөдү. Азыр ага ал учурду картайып бара жаткан мээсин катырып, улам бир нерсесин четинен чубап чыгуунун эч кажети жок эле, – анын тунук акыл-эси ал кезде эмне болгонун кечээ эле болуп өткөндөй, майда-чүйдөсүнө чейин эсине сактап калган болчу. Ортодон өткөн отуз жыл анын анын эстутумундагы ошол эки суткада башынан кечирген окуяларды өчүрө албаган себеби, ал күндөр аябагандай оор болгонуна карабастан, анын жашоосундагы эң маанилүү нерсе болгонунан улам го.
Ал ошол күндөрдөгү окуяларды канча жолу эстеп, көз алдынан кайра-кайра айлантпады дейсиң, бирок ар бир ошондой учурларда ага ар башкача көз караштар пайда боло берчү. Кээ бир нерселер сезиминде кечигип болсо да уялууну, өкүнүүнү жаратса, кээ бирлери менен сыймыктанар эле. Кандай болсо да ал кез андан кийики жашоосу менен эч бир салыштырууга болбой турган согуш учуру эле, а өзү аркы-беркини аңдабаган, болгон аракетин душманын өлтүрүү жана башын октон аман алып калууга жумшаган, ден-соолугу бекем, ала-көөдөк жаш адам болчу.
2
Ал кезде бардыгы өз кезеги менен өтүп жаткан, – оор, тынчы жок учур эле, беш сутка бою ачка, аларды курчоого алган жазалоочулардын кысымына туруштук берип, акыркы күчтөрү калгыча кармашып, чарчаган Левчуктун көздөрү жабышып жаны жер тарта баштады. Ал карагайга жөлөнгөн боюнча жаңы эле көзү илинип баратканда, кимдир-бирөө аны чакырганын укту. Ал үн ага тааныштай угулду, ошол мүнөттө ал көзүн ачып, жооп берүүгө ниеттенди. Бирок уйку ушунчалык таттуу болгондуктан, денесин анын бийлигинен сууруп чыгууга кудурети жетпей, көздөрүн ача албай талыкшып жатты. Уйку-соо ортосунда жатса да, ал токойдогу кооптуу абалды сезип, бадалдардын шуудураганын, кимдир-бирөөлөрдүн кобур-собурун, алыстан чыгып жатса да курчоо башталгандан бери басылбаган атышуулардын үндөрүн анда-мында угуп жаткансыйт.
Бирок Левчук эч нерсе укпагансып, катуу уктап жатты, ага азыр бүт дүйнөдөгү болгон жакшы нерселерди берем десе да турмак эмес. Ал жок дегенде бир саат уктап алышы керек эле, ал өмүрүндө мындай укукка биринчи жолу ээ болду, эми ал укукту немистерден башка эч ким, – старшина дагы, ротанын командири да, ал тургай отряд командири да буза алмак эмес.
Левчук жарадар болчу.
Ал жаракатын кечке жуук Узун Тоо кыркаларында, алардын ротасы эртеден бери төртүнчү чабуулунун мизин кайтарышкан соң, жазалоочулар саздан өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын денелерин чогултуп алып чыгышып, бир аз тынчып калган учурда алды. Алар башчыларынын буйругун күтүп, бирок башчылары буйрукту эмнегедир кечиктирип жатышкандай. Согушта төрт жолку чабуулу катары менен ийгиликсиз болгон соң, башчылар бешинчи чабуулду жасоого буйрук берер алдында ойлонууга мажбур болгон учурлар арбын эле кезигет.
Согуш ишинде бир топ тажрыйбага ээ болуп калган Левчук, жакын өскөн дарактардын чырмалышып оролгон тамырлары чыгып турган өзүнүн анча терең эмес окобунда олтуруп, рота үчүн бир аз болсо да тыным пайда болгонуна көзү жетти. Дагы бир аз күтүп тургандан кийин кырдаган топуракка өзүнүн салмактуу “дегтярынын” кундагын жөлөп, чөнтөгүнөн кечээ жебей сактап койгон бир сындырым нандын кырбысын алып чыкты. Маңдайындагы токойдун өлөң чөп менен бадалдар өскөн, эңилчек баскан ичке тилкесине абайлап көз жүгүртүп олтурду, нанын чайнап бүтүп, курсагына бир аз да болсо бирдеме киргенден кийин чылым чеккиси келди.
Анын шоруна, баштыкчасындагы тамекиси түгөнүптүр, ал эки жагын карады, анча алыс эмес жерде, ушу сыяктуу эле тайыз, кумда казылган окобунда, тыптынч болгон кечки абага махорканын жыттуу түтүнүн буркуратып тартып жаткан кошунасын көрүп ага кыйкырды:
– Кисель! Чылымыңдан чектир!
Кисель гезитке оролгон чылымын бир-эки жолу терең соруп алды да, жарымынан азы калган түбүн чыбыкты сындырып ортосуна кыпчып, аны көздөй ыргытты, бирок анысы кашайып окопко жетпей түшсө болобу, Левчук эч ойлонбой чылымга колун созду. Бирок ага жете алган жок. Кайрадан обдулду, бул жолу белине чейин окоптун кырына чыга түштү. Ушул көз ирмемде колунун алдынан тырс эткен үн чыгып, бетине карагайдын чамындысы, кургак кум чачырап, саздын ары жагынан, анча алыс эмес жерден мылтыктын үнү жаңырды. Левчук “кырсыктуу” чылымды ыргытып, артка, окопко жашынганга үлгүрдү, жең ичинде пайда болгон жылуулукту дароо сезген эмес эле, бешмантынын ийинин, кебезин булайтып ок көзөп кеткенин көрүп таң калды.
– Ах, иттики!
Болбогон жерден жаракат алганы аябагандай өкүнүчтүү эле. Жаракаты да жеңил эмес көрүнөт: жеңинен аккан кан колунун башына чейин сызылып ага баштады, ийини ысып, тызылдап, ачышып чыкты. Левчук сөгүнгөн боюнча окопко кирип жөлөнүп олтурду да, тиштенип алып нан ороп жүргөн кир чытты алып жаракатын таңды. Убакыттын жылышы менен гана ал өзүнүн эмки абалын түшүнө баштады, сактыкты жоготуп койгонуна өкүнүп, саздын ары жагындагыларга кыжыры кайнады. Ийини улам катуулап ооруп, ал өзүн көздөй ок чыгарган тарапты каратып, анда жашынып жаткандар тыптыйпыл болгуча токтобой ок жаадыргысы келип пулемётун колуна алды, бирок пулемёттун кундагы ийнине тийгенде катуу ооруганына чыдабай аны колунан түшүрүп жиберди. Левчук мындан ары ал пулемётту кармай албасын түшүндү. Окоптон чыкпай Киселге кыйкырды:
– Ротанын командирине айтып кой: мен жаракат алдым! Угуп жатасыңбы, мен жарадар болдум?
Кеч кирип күүгүм түшүп калганы жакшы болду, күн керели кечке чакыйып тийип, эми өз уясына кирип, жука кездеме сыяктуу суюк туманга оронгон саздын сөлөкөтү бүлбүлдөп көрүнөт. Немистер ошо боюнча бешинчи чабуулун башташкан жок. Караңгы кире түшкөндө ал турган карагайлуу дөбөчөгө ротанын командири Межевич келди.
– Эмне, жарадар болдуңбу? – деп сурады да, карагай түбүндөгү кургак жерге жамбаштап жатканы камданып баратып, бирок анын эки көзү туман басып бозоруп, ок-дарынын сасык түтүнү менен кечки муздак желдин илеби согуп турган саз тарапта эле.
– Ооба, ийиним талкаланды окшойт.
– Оң жагыңбы?
– Ооба.
– Болуптур, эми айла жок, – деди ротанын командири. – Пайкинге жөнө. Пулемётту Киселге бер.
– Кимге? Тапкан экенсиз пулемётчикти!...
Командирдин бул буйругу Левчукка адегенде катуу тийди: эч жеринде кынтыгы жок, сылап-сыйпап алып жүргөн пулемётун, ушул айылдан келген, мылтыкты жаңы кармап, алигиче анын сырларын биле элек Киселге берүү, аны ошол адамга бардык жагынан теңөө менен барабар эле. Бирок Левчук анын деңгээлине түшкүсү келген жок, пулемётчу өзгөчө адистиктин бири болчу, аны эң мыкты деген партизанга, мурда кызыл армиянын катарында кызмат кылып келгендерге гана ишенип беришчү. А бирок чындыгында азыр кызыл аскерлерден эч ким калган эмес, пулемётту берерге башка адам деле калбаган. Эмне кылса ошол кылсын, бул эми командирдин өз иши деп ойлоду Левчук, ал менин көйгөйүм эмес, эми мен жарадар болгон адаммын.
Ал бул буйрукка кайдыгер караган адам сыяктуу түр көрсөткөн болуп, жанаша өскөн карагайдын жанындагы Киселге пулемётту алып барып тапшырды да, өзү токойдун ичиндеги булакты көздөй жөнөдү. Ошол, тылдагы жазалоочулардын курчоосунда калган токойдун бир булуңунда Верховец менен Пайкиндин чарбасы жана алардын жардамчылары: доктурларды партизандар тамашалап ат коюп алышкан “ажалдын жардамчылары” жайгашкан болчу. Бир жагынан алып караганда алардын тамашасында чындыктын үлүшү боло турган, анткени Пайкин согушка чейин тиш доктур болуп иштесе, а Верховец колуна бинт кармап көргөнүн бир кудай билет. Ошондой болсо да бул чөлкөмдө азыркы учурда булардан мыкты дарыгер жок эле, бул экөө эмнени гана кылышпайт, дарылашат, таңышат, ал тургай сөөктүн чиришинин алдын алып, башка чара табылбаса Крицкийдин бутун кескен сыяктуу буту-колдорун кесип салган күндөрү болгон. Ал кургур бир буту менен калса да аман-эсен айылына жетип жашап жүрөт дешет.
Булактын жанындагы чатырдын алдында жарадар болгон бир нече адам кезек күтүп олтурушкан экен. Левчук кезеги жеткенде чатырга кирди. Чырагы жок караңгыда олтурган доктур, анын кан болгон ийинин суутектин кычкылы менен тазаламыш болду да, өздөрү кендирден жасап алышкан бинт менен чатыратып таңып койду.
– Колуңду колтугуңа катып жүрө тур. Коркунучтуу эч нерсе жок. Бир апта өтпөй барсканды ыргытып ойноп каласың.
Доктурдун жылуу сөзү кээ бир учурларда эң мыкты дарыдан да жакшы таасир берерин ким билбейт. Левчук дароо эле ийининин ооруганы азайып, эртең менен кайра Узун тоо кыркаларындагы ротасына кайтып барам деген ойдо болду.
А азырынча уктап алыш керек. Ушул учурда анын бул дүйнөдөгү эң эле каалаган нерсеси уйкусун кандыруу болчу, ал эми азыр ага толук укукка ээ болуп турган...
Жан-дүйнөсүнө капысынан эле бүлүк салган кыска, белгисиз сезимден кийин, ал кайрадан карагайдын чырмалышкан катуу тамырын жазданып үргүлөй баштаган, бирок көп өтпөй эле тапыраган дабыштарды, адамдардын кобур-собур үндөрүн, арабанын кылдырттаганын жана айланасындагы кандайдыр бир тополоңду кулагы чалды. Ал Пайкиндин, өзүлөрүнүн жаңы келген штабдын башчысынын үнүн тааныды, андан башка дагы бир тааныш үндү угуп, уйку-соо ортосунда анын ким экенин ажырата алган жок.
– Барбайм. Мен эч кайда барбайм...
Албетте, бул отряддын радисти Клава Шорохина болчу. Анын коңгуроодой уккулуктуу үнүн бир чакырым жерде, топ адамдардын ортосунда туруп сүйлөсө да жаңылбай таанымак, а азыр көп болсо он метр нары жерден угуп жатпайбы. Анын уйкусу ачылып кетти, ал ойгонгону менен көзүн ача албай, жарадар ийинин бир аз кыймылдатып, демин тартпай тыңшап калды.
– Кантип, – эмне үчүн барбайт экенсиң? Бул жерде сен үчүн атайын оорукана ачалыбы? – деп күрүлдөдү, мындан мурда ротанын командиринин жардамчысы болуп жүргөн штабдын жаңы башчысынын тааныш үнү:
– Пайкин!
– Мен бул жердемин, жолдош штаб башчысы!
– Жөнөткүлө! Тихоновго кошуп, азыр эле жөнөткүлө! Язминге чейин эптеп жетишсе, ал жерде Лесковцтукунда болуп турат. Биринчи майга.
– Барбайм! – караңгыда айласыздан кабылган абалынан, канчалык каршылык кылган менен майнап чыкпасын түшүнгөн Клаванын үмүтсүз, ыйламсырап чыккан үнү.
– Түшүнсөңүз, Шорохина, – деди Пайкин жумшак үнү менен. – Сизге бул жерде калганга болбойт. Өзүңүз эле убагы келип калды деп жатпайсызбы.
– Мейли!
– Өлтүрүп салышат, шайтан алгыр! – штаб башчысынын ачуусу чындап келе баштады. – Курчоону жарып өтүшүбүз керек! Сойлоп жүрүшкө туура келет. Сен муну түшүнөсүңбү?
– Мейли өлтүрө беришсин!
– Өлтүрө беришсин... уктуңарбы мунун эмне дегенин? Мурда өлтүрүшсө болмок!
Бир азга баары унчукпай калышты, Клаванын бышылдап ыйлаганы, андан ары жакта арабакечтин “Так... Арам өлгүр!” деп атын жоошута албай сөгүнгөнү угулду. Тылга барууга даярданып жатышкан сыяктуу, Левчуктун дагы эле тургусу жок, тескерисинче, көздөрүн бекем жумуп, уктап жаткан кишидей демин тартып тыңшады.
– Пайкин! – деди чечкиндүү үн менен штаб башчысы. – Арабага салгыла да жөнөткүлө. Левчукту кошо жөнөт, ал жолдон көз салып барсын. Левчук кайда? Сен аны ушул жерде дедиң беле?
– Ооба, ушул жерде болчу. Жаратын таңып бергем.
«Мына сага, жыргап уктадым!» – деп ойлогон Левчуктун көңүлү чөгө түштү, ал балким менин ордума башка бирөөнү чакырып калгысы бардыр деген үмүт менен дагы эле кыймылдабай жата берди.
– Левчук! А Левчук! Грибоед, Левчук кайда?
– Ушул эле жерде уктап жаткан. Мен көргөм, – арабакеч Грибоеддин анын купуясын ачкан тааныш үнү чыкканда Левчук өз ичинде сөгүнүп алды: ал көргөн имиш! Аны ким көр дептир?
– Левчукту тапкыла! – деп буюрду штаб башчысы. – Арабага Тихоновду салгыла. Өткөөл аркылуу жөнөгүлө. Ал жерди да жаап ала электе үлгүргүлө. Левчук! – деп айкырды штаб башчысы.
– Мен! Эмне болуп кетти? – деп үн чыгарды, эми жактырбаганын жашырыштын кажети жок деп эсептеген Левчук, ал шашылбай кыймылдап жерге чейин ийилип турган бутактарды жылдырып чыгып келди.
Көзгө сайса көрүнгүс токойдун түнүндө, бир нерсени көрүү мүмкүн эмес эле, бирок түшүнүксүз үзүл-кезил добуштардан, партизандардын үндөрүн басаңдатып кобур-собур болушуп, кандайдыр бир опур-топур болуп жатышкандарынан улам, конуш орун которгону жатканын түшүндү. Карагайдын арасынан арабаларын сүйрөп чыгып, арабакечтер аттарын кошуп күйпөлөңдөп жүрүшөт. Жанында кимдир-бирөө пайда болду, узун боюнан, жамынган жеңсиз плащтын шуудураганынан, Левчук штаб командирин тааныды.
– Левчук! Сормо саздагы өткөөлдү билесиңби?
– Билем.
– Жөнө, Тихоновду жеткизесиң! Жигит өлүп калышы мүмкүн. Биринчи майдагы бригадага жеткизесиң. Өткөөл менен өткүлө. Чалгын азырынча ал жерди жабыша элек деп келишти. Тосуп кала электе өтүп кетсе болот.
– Дагы эмне дейсиз! – деди Левчук каяша кылып. – Биринчи майда эмнем бар экен! Өзүмдүн ротама барам!
– Кайдагы рота? Жарадар болсоң сага кайсы рота экен?! Пайкин, жараты кайсы жеринде?
– Ийининде. Ок тешип өтүптүр.
– Мына, алдагы жаратың менен сага кайдагы рота. Болду, өткөөлгө жөнө. Бул араба эми сенин карамыгыңда. Дагы... Клаваны да ала кет.
– Аны дагы Биринчи майгабы? – деди Левчук нааразы болуп күңкүлдөп.
– Клаваныбы? – Штаб командири бир мүнөткө такала түштү, ал Клаваны кайда жиберсе жакшы болорун билбей жаткан, ошол убакта Пайкиндин акырын чыккан үнү угулду:
– Клаваны айылдардын биринде, эмчи аялга тапшырганда оң болмок. Тажрыйбалуу аял болсо.
– Аялга, аялга! – жини келген Левчук анын сөзүн оозунан жулуп кетти, артка бурулуп баратып сол колу менен жамбашына өтүп жаткан курундагы катуу кабына салынган немис тапанчасын оңдоп жылдырды. – Кайдагы бир эмчи аялды издешим керек экен да...
Ага Клаванын абалы түшүнүктүү болгонсуду, бирок анын түшүнө да киргенге татыбаган камкордукту кылып, ага жардамдашайын деген ою да, каалоосу да жок эле, баардыгы курчоодон чыгуу үчүн жан аябай кармашып жүрүшсө, ал кайдагы бир Биринчи май бригадасын табат элем деп, болгондо да ушул – Грибоед, Клава, чала өлүк Тихонов менен жүрөт экен да...
Бул десантникти Левчук кечинде Узун тоо кыркаларынан келгенде эле байкаган – ал санитардык бөлүктүн чатырынын жанында, таардын алдынан бинт менен таңылган башы дөңгөчкө окшоп чыккан боюнча кыймылдабай сулк жаткан. Анын көздөрүнөн бери таңылуу эле, кыймылсыз, дем алганы да билинбей жатканын көргөндө Левчук ал эбак эле кетчү жагына кеткен го деп ойлогон. Ал аз келгенсип бул Клава... Бир кездерде Левчук аны менен бир чакырым болсо да токой аралап келүүнү бакыт катары эсептеген күндөр болгон. Азыр ага анын эч кызыгы жок эле.
Бул шайтан алгыр жаракаттын канча машакат алып келгенин карабайсыңбы, келечекте анын дагы кандай белектерин камдап турганын ким билсин! Алардын алгачкысы, Биринчи майдагы бригадага жетүү, фашисттердин курчоосун жарып өтүү оңой дейсиңби, чалгынчылар өткөөл ачык деп койсо эле боло берет бекен! Ал кандай ачык экенин ит билсинби, түнкү салкында үшүп бүрүшкөн Левчук ичинде өзү менен өзү ушинтип сүйлөшүп жатты. Пулемётун Киселге бербей ротада калып, бул санитардык бөлүккө жолобой эле койгондо болмок окшойт.
Левчук башчыларга ротасынан башка эч жакка барбасын айтып, аларга баш ийбей кетип калууну ойлоду, ротага барса командири көп болсо урушуп тим болмок, анткени ага деле ар бир киши баалуу болуп турган кез эмеспи, белгисиз жактарда темселеп жүргүчө кайрадан урушка киргени туура да. Ал ойлогонун айткыча, айта турган эч ким калбаптыр. Штаб башчысынын жеңсиз плащынын шуудурту бадалдын арасына кирип жок болду, ал эми Пайкин андан да мурда караңгы түндүн койнуна сүңгүп кеткен экен. Жанында куйругу менен арабанын жан жыгачын чапкылаган атынын божусун кармалап Грибоед, дагы эле ыйын тыя албай солкулдаган Клава калыптыр, аларга көңүл бөлбөй Левчук катуу сөгүнүп алды:
– Кара баскан башчылар, башыма кайдагы балээни үйдүңөр! Айла жок, барыш керек, энеңди...!
3
Алар караңгы түндө карагай-чердин аралап бара жатышты. Кээ бир учурларда дөңгөлөктөрү чуңкурга түшүп же бир омкорулуп калган дарактардын тамырларын тебелеп, араба эки жакка оодарылып кетчүдөй катуу чайпалат. Дарактардын самсаалаган бутактары, тикенектүү бадалдар арабанын капталын кытыратып тытып, анда отургандарды да аёосуз тыткылап, сайгылап жүдөтүп жатты. Башын улам кыйшайтып жарадар болгон ийинин корголотуп келатып, Левчук кайсы тарапка бара жатканын түшүнбөй да калды. Дагы жакшы, Грибоед бул жерлерди жакшы билет көрүнөт, оор жүктү кыйналып араң тартып келаткан атты улам камчылап унчукпай келет. Жини алигиче тарай элек Левчук сүйлөгүсү жок, айлананы, айрыкча арт жагын тыңшайт; анда-мында асманга атылган ракетанын жарыгы ансыз да агыш тартып турган жайдын асманын жаркыратып, андан түшкөн жарык нурлар дарактардын жалбырактары менен кошо дирилдеп барып жок болуп жатты.
Калың бадалдан эптеп өтүп, акыры карагайлардын ортосундагы жолго түшүштү. Араба чайпалбай түзүк жүрө баштаганда Левчук жанында жаткан десантникти бир аз жылдырып, оңдонуп олтурду. Тигинин уктап жатканы же эсинен танып калганы билинбейт, Левчук анын колундагы ага да, жарадарга да ыңгайсыздык жараткан авдоматты алып коймок болуп кундагынан кармап өзүнө тартты. Бирок катуурак тарта баштаганда, Тихонов капилеттен колдорун кыймылдатып, авдоматты коё бербей тырышты.
– Ж-ок... Тийбе...
«Келесоо! – таң калды Левчук өзүнчө, авдоматыңдын мага кереги жок дегенсип колун коё берди. – Буга эми авдоматтын эмне кереги бар?..»
Чынында Левчук бул авдоматка ээлик кылуудан качпайт эле, ал ага жакын арада аябай керек болорун билген. Бул жолдон немистер менен жолугушпай өтүп кетүү мүмкүн эмес, а анда болгону эки куту огу менен немистердин парабеллуму гана бар, андан тышкары Грибоеддин жонунда мылтыгы сороюп жүргөн. Балким Клавада кайсы бир браунинг сыктуу бирдеме болушу мүмкүн. Кыскасы, 25 чакырым жердеги Биринчи майдагы бригадага жетүү үчүн бул өтө деле көп эмес болчу. Бөтөнчө өткөөлдү немистер ээлеп алышкан болсо, чынында эле ошондой болсо керек. Конушту курчоого алып жатышкан соң, өткөөлдү ачык калтырышы мүмкүн эмес эле. Чалгынчылар айта беришпейби...
Ушундай ой башына келгенде Левчук Грибоеддин чыканагынан тартты:
– Токто!
Арабакеч божусунан тартып арабаны токтотту, алар айлананы тыңшап калышты. Арт жакта кандайдыр бир үндөр чыгып, а жакын арада тынч болчу. Керээли кечке атышуунун үнү басылбаган Дубровалян тарап да тынчып калгандай, жанындагы чарчаган аттын күшүлдөгөнү менен бадалдардын шамалга ыргалган добушу гана даана угулат.
– Өткөөл алыспы?
– Жетип калдык, – деди Грибоед башын бурбай.
– Ал жакка барбайбыз, – деп чечти Левчук.
– Ошондойбу! А кайда барабыз?
– Четке бурул.
– Кайсы четке? – ал ойлонуп көрүп Левчуктун айтканын туура көргөн жок. – Ал жактын баары саз, – деди ал баштагыдай эле ага бурулбай.
– Саз менен өтөбүз.
Грибоед бир аз ойлонуп унчукпай турду да, каалабаса да аттын башын жолдон четке бурду. Бирок ат калың чөптү аралап баскысы келбей кетенчиктеп айланы кетирди, арабакеч күңкүлдөп арабадан түштү да, божудан алып жетелей баштады. Левчук жерге секирип түшүп, жарадар болгон ийинин соо колу менен жаап, бадалды аралап жол баштады.
Ал бир эмес, беш чалгын барып жол таза, өткөөлдөн эч чочулабай өтө берсе болот деп ишендиришсе да, эмнеге ал жакка барганга көңүлү чаппай тетириленип жатканын өзү да билбейт эле. Өткөөлдү немистер жөн эле ачык калтырып коюшпасын ал жон териси менен сезип жаткан. Бирок ал башка жолду да билчү эмес, бир аздан кийин саз башталат, андан араба сүйрөгөн ат менен кантип өтүштү элестете албайт болчу, өзүн эмнеси болсо да бара көрөрбүз деп жооткотуп бара жаткан.
Ал согуш учурунда кандай гана ийне-жибине чейин эсепке алынып, алдын-ала иштелип чыккан эң мыкты иш-чара болбосун, немистер же ар түрдүү жагдайлар аны өзгөрүүгө дуушар кылып жиберерин, бардык иш өз убагында жана ошол жерде чечилерин жакшы билип калган. Өзүнүн партизандык турмушунда иш түзүлгөн абалга жараша чечилерин, сокур немедей алдын-ала иштелген планга жармаша берсе, көпкө узабай эле көрүстөндөрдүн губерниясында болорун, өзүн эле эмес башкаларды да ээрчите кетерин жакшы өздөштүргөн.
Грибоед болсо бул маселе боюнча ою таптакыр башкадай, алар калың өскөн камышты аралап келатканда бечара аттан жинин чыгарып, ага ар кандай аттарды коюп, жетер жерине чейин сөгүп, тизгинин кагып, шапалак менен жон талаштыра сабап келе жатты. Левчукка анын бул кылыгы жакпай, анын жасалма кыймыл-аракети тажата баштады, ага карап тыйып коймокчу болуп оозун жаңыдан таптаганда, камыштар түгөндү. Шалбаа башталды, айлана күүгүм тартып, төбөлөрүнөн асман көрүндү; муздак туман каптап шүүдүрм баскан талаа, суу өсүмдүктөрү менен чирик жыттана баштады. Алдыда саз жаткан эле.
Араба токтоду, а Левчук кыска чөп менен баратып өтүгүнүн алдынан былчылдап суу чыга баштаганда кыймылдабай, айланасына кулак түрүп тыңшай баштады. Алыстан атышуулардын үндөрү чыгып жаткан, бирок жакын жерлерде тынч болчу. Жарымына чейин туманга оронуп, сазда ольха токою үргүлөйт, кайсы бир тараптан тартар куштун акырын чыккан үнү киркиреди, башка канаттуулар али уйкуда болсо керек. Левчук дагы бир аз алдыга жылды, бутунун алды барган сайын жумшарып, эңилчек башталды, буту томугуна чейин ылайга кирип, оң бутундагы өтүгүнүн жыртыгынан суу кире баштады. Бул жер менен өтсө болчудай, ат өтсө эле болду, арабаны сүйрөп кете бермек.
– Эй, бери жылгыла! – деди ал үнүн акырын чыгарып, бозоргон тумандын арасынан.
Левчук Грибоедди ордунан жылып, келип калат ко деп күтүп жаткан, бирок бир мүнөттөн ашык өтсө да дайындары жок болгондуктан анын чыдамы кете баштады. Кебетеси бул арабакечтин аны, Левчукту тоготпой жаткандай түрү бар, кандай болгон күндө да жоопкерчилик анын мойнуна тагылды да. Дагы бир аз туруп, ал ылдам басып токойдун четине келди, араба ордунан жылбай, ал таштап кеткен жерде турган экен. Немистердин чолок этек мундирин кийген Грибоеддин кыймылдайын деген ою жоктой, далысын бүкүрөйтүп, аттын жанында туруптур.
– Сен эмне турасың?
– Анан кайда барайын?
– Кантип кайда? Менин артыман түш! Мени ээрчи.
– Сазгабы?
– Кайдагы саз! Катуу эле экен, сорбойт.
– Азырынча сорбойт, андан ары сормо башталат. Мен аны жакшы билем.
Левчук кыйкырганга даяр эле – ал билет имиш! Сормобу – демек, керек болсо сормо аркылуу өтөбүз, таң аткыча ушул жерде туралыбы – бул арабакеч согушту биринчи жолу көрүп жаткан немеби?
Бирок ал Грибоедди биринчи жолу көрүп жаткан жери жок, ал согушту башкалардан аз билет деп айта албайсың, ошондуктан Левчук аны сөккөндөн тартынды. Ал анын өткөөл жөнүндө бир нерселерди кобурап жатканын угуп таңгалды.
– Өткөөл менен баргыла дешпеди беле. Туура айтамбы? А бул жак – саз...
– Өткөөл дейсиңби? – ачууланды Левчук. – Сага канча жолу ок тийди эле? Эки жолубу? Анда эми үчүнчү жолу атышат. — Бир аз жумшара түшүп кошумчалады: – Сен немистерди өткөөлдү кайтарбай ачык таштап сала турган келесоолор дейсиңби? Башчылар айта беришпейби. Өзүңдүн башың болуш керек.
Грибоед унчукпай угуп турду да, үшкүрүп койду:
– Мейли! Мен каршы эмесмин. Бирок кантип?
– Менин артыман түш!
Араба акырын, кылдырттабай, жумшак, кыска чөп менен саздын жээгине жетти. Андан ары барган сайын аттын бирде арткы буту, бирде алдыңкы буту сазга батып, аны сууруйм деп обдулганда төрт буту тең ылайга кирип кетип жатты. Байкуш ат жулкунуп, таканчы издеп буттарын улам алга шилтеп, катуу жер таба албай, ого бетер ылайга батты. Клава арабадан түшүп, артынан ээрчиди, Грибоед улам токтоп, ат тизгининен тартып, Левчуктун изинен жаңылбайын деп жан талашат. Бирок Левчуктун да токтой турган учуру келип жетти; алар өлөң чөп баскан сормого такалышты; саздын үстүн самсаалаган туман каптап, анын арасындагы анда-мында ачык жерлерден саздын киргилт тарткан суусу жылтылдап көрүнө калат.
– Жетер жерибизге жеттик! – Грибоед үшкүрүп, жонунан чыккан тердин буусу булоолонуп, көөп калган өпкөсүн баса албай бышылдаган аттын жанында унчукпай туруп калды. Аттын арткы буттары тизесине чейин сазга кирип турду.
– Эч нерсе эмес! Ат эс алсын, бир аз токтой тур.
Левчук бешмантын чечип, арабанын үстүнө ыргытты да, соо колу менен жапыз өскөн ольханын бутагынан кармап, тартынбай, сазга бир аз кыйгачтап кирип барды. Эми ал тизесине чейин суу болгон буттарын ойлобой калды, өтүгү ылай аралаш сууга толуп, чалпылдай баштады. Жарадар колун оорутуп албастын аргасын кылып, өйдө кылып, колтугуна кысып алган.
Көп өтпөй ал белине чейин ылайга кирди, араң жылып алыс эмес жердеги бир түп ольханын жанына жетти, бул жерде бутунун алды бир аз да болсо былкылдабай, катуурактай сезилди. Бир аз эс алып кайсы багытка барышты байкап көрүү керек эле.
– Эй, бери келгиле!
Араба булкунуп барып ордунан жылды, ат алдыңкы бутун алдыга серпип таштаар замат, ылайга курсагына чейин батып кетти. Ат ары жулкуп, бери жулкуп, бирок арабаны кыймылдата албаган соң, аны байкап турган Левчук ылай толгон өтүгүн чалпылдатып артка кайтууга мажбур болду.
Грибоед божудан алдыга тартып, Левчук соо ийини менен арабанын артынан түртө баштады. Бир мүнөткө жакын жан үрөп, төшүнө чейин суу болуп, болгон күчү менен түрткөндө гана араба капталына жыгылчудай болуп барып ордунан козголду. Арт жакта арабанын изи менен этегин агарган тизесинен өйдө түрүп кармап алган Клава келе жатты.
– О кудай!
– Дагы кудайлайсың! – шылдың аралаш тийише кетти Левчук. – Чыйрала бер, кереги тиет.
Ал кайрадан алдыга түшүп, бутунун башы менен суунун түбүн тепкилеп көрүп акырындан алга жыла баштады. Бардык жерде терең жана былкылдап жумшак болчу, белине чейин суу болуп бир топко убаралады, бирок өткөнгө жарактуу жолду таба алаар эмес. Ал жүз метрдей жылгансыды, бирок жээкке жете алган жок. Кайда барба, сормо саз, өлөң чөп, чөп баскан өңгүл-дөңгүл жана үстүнөн көк туман көтөрүлгөн айнектей жалтыраган кара суу эле. Ал кайра артка кайтып келди да арабанын балегинен кармады.
– Кана, кеттик!
Грибоед божудан тартып жетелегенде ат бүткүл күчүн жыйнап эки-үч кадам шилтеди, араба бир аз жылып барып токтоду.
– Кеттик, кеттик!
Алар экөөлөп атка жардам берүүгө ашыгышты: Левчук балектен тартып, Грибоед арабанын кырынан кармап тартып, а ат жулкуп, буттарын тыбырчылатып, барган сайын чалган жармадай суюлган кара баткакка тереңдеп чөгө баштады. Ат жаныбар бир жамандыкты сезгендей жанталашып, арабакеч жетелеген түбү жоктой сезилген кара балчыкка тартынбай боюн таштап, болгон күчү менен дөңгөлөктөрү сормо сазга тартылып бараткан арабасын акырындан алга жылдырды. Баткак алардын төшүнө чейин жетти. Левчуктун жону менен башынан аккан тер суудай куюлду. Арабанын артынан Клава алынын жетишинче түртүмүш болууда. Ушинтип улана берсе, алар таң аткыча да бул саздан чыга алышар эмес. Бир кезде ал кетип, шалдайып унчукпай калышты. Таптакыр чөгүп кетпес үчүн жан жыгачты кармап, арабанын кырына жармашып алышкан; жонуна чейин сууга көмүлгөн ат, мойнун созуп араң дем алат. Артында чегилген араба болбосо, ал кургурдун бул балээден сүзүп өтүп кеткиси бар. Бирок кайда сүзөт эле?
Левчук биринчи жолу кабыл алган чечиминин тууралыгына күмөн санап, бул сазга баштап киргенине өкүндү. Балким өткөөлгө барышса өтүп кетишер беле. А эми же алдыга жыла албай, же артка кете албай таңдын атышын тозушка туура келет. Же арабаны таштап, десантникти жонго көтөрүп жөнөө керек. Дагы жакшы, Клава баарына чыдап, унчукпай, болгон күчү менен арабаны түртүшүп келет.
– Жээкке жете албай калабызбы! – деди катуу капа болгон Левчук.
– Айтпадым беле! – деп сөздү улады Грибоед. – Жиндилер сыяктуу сазга келип тыгылдык, эми кантип чыгабыз?
– Бир чакырымдай жүрдүк шекилдүү, – деди арт жактан Клава. – О, кудай, мен чыдабай баратам...
– Артка кайтыш керек, – деди арабакеч – Антпесек атты да, тигини да чөктүрүп алабыз. Өзүбүз деле соо калбайбыз. Бул жер терең окшойт, ого! Түбүнө бутуң жетчүдөй эмес.
Левчук чекесин ушалап унчукпай калды. Ал артка кайтышты же алдыга жылышты чече албады. Азыр аттын да, өзүлөрүнүн да алдары калбай, эстери оогон. Балким чынында – деп ойлоду Левчук, – артка кайтып, өткөөл аркылуу аракет кылсак кандай болор экен?
– Токтой тургула! – деди ал бир эс алган соң. – Эми бир карап келейин.
Ал чалпылдатпаганга аракет кылып, кайрадан сазга кирди, бир жерден терең чуңкурга туш болуп аз жерден чөгүп кете жаздады. Өңгүл-дөңгүлдөргө жармашты эле, алар анын салмагы менен кошо чөгө баштаганда булар ага жакшылыктуу таканчы бере албасын түшүндү. Ошондо ал каптал жагында самсаалап өсүп турган чөптөрдү карай боюн таштап, алардын сабактарынан тутамдай кармап калганга жетишти. Ал жер бери жактарга караганда тайыз экен. Ал андан ары башында ойлогондой туурасын карай эмес, сазды бойлой жөнөдү. Эми ал бул каргыш алган саздан кантип өтүүнү ойлонгон жок. Эптеп атты жана өздөрүн сазга чөгөрүп жибербей, аман алып калыш керек эле. Чындыгында саздын эң коркунучтуу жерине эми жетишкендей, суу барган сайын тереңдеп, ачык жерлер кеңейип, чөптөр азайып, ольха жыгачтары таптакыр көрүнбөй калды. Бул жерде араба эмес кайык керек эле, Левчук кайрадан кетирген жаңылыштыгы үчүн өзүн сөктү. Жаш баланын жоругундай иш болду деп ойлоду ал, кайра келген жолубуз менен артка кайтат окшойбуз.
Башында бышып жетилбеген ушул ой менен саздын ортосунда эки жагында сороюп кыймылсыз эки адам турган арабаны карай жылды. Алар аны чыдамсыздык менен күтүп жатышкан, таң атайын деп калды, а таң агарганда жылаңач сазда калуу кооптуу болчу.
Бирок эч нерсе ойлоп таба элек Левчук тигилерге жете электе, жакын жерден караңгы токойду жаңырткан мылтык үнү угулду. Секундга жетпей ага жооп иретинде адегенде мылтыктын, анын артынан бытырата аткан пулемёттун, дүңк этип чыккан миномёттун жана асманда ышкырып барып жарылган мина үндөрү аралаша түштү. Анан башталды – тарсылдап-түрсүлдөгөн, чыңырып-ышкырган, ахалап-охологон үндөр уйкусурап жаткан тумандуу түндү бир заматта ызы-чууга салып жиберди.
Алар турган жеринде катып калышты. Таң калганынан оозу ачылган Левчук бир нерсени көргүсү, түшүнгүсү келип караңгыга үңүлө карады, бирок туман баскан күүгүм түндө эч нерсе көрө алган жок. Ал капыстан оюна түшкөн божомолунан жүрөгү болк дей түштү.
– Бул өткөөлдөбү?
– Ооба, өткөөлдө, – маанайы пас жооп берди Грибоед.
Алар башкалар капыстан кабылган балээге көңүлдөрү ооруп, ошол балээ ушул төртөөнүн башына түшө жаздап калганын сезишти. Макул, алар го кутулуптур, а тиги көнөктөп жааган октун алдында калгандар кандай болушту? Атышууларды тыңшап жатып: кимиси жеңишке жетер экен деген ойдон кутула алышкан жок. Бул жерде ойлонуунун да кереги жок. Немистер аткылап жатышкан, бардык ок атуулар ошол тараптан болду. Анын үстүнө миномёт алардын отрядында жок эле. Демек, кимдир-бирөөлөр чалгынчылардын айткандарына ишенип өткөөлдөн өтүп кеткилери келишкен экен, мына эми азабын тартып жатышат. Ал жерде азыр өтө оор.
Левчук сууктанбы же капысынан жолу болгонуна сүйүнгөнүнөнбү, бүрүшкөн денесин калчылдатып өз жардамчыларына асыла кетти:
– Мынакей, энеңерди! А силер артка дейсиңер! Кеттик алдыга! Бардык күчүбүз менен алга кеттик! Бир, эки... түрткүлө!
Атышууларды тыңшап, алар кайрадан арабаны түртүп, тартып, алы калбай калган бечара аттын жанын койбой чапкылап айдашты. Бирок баштагыдан да ал-күчтөрү кеткендей, анысы аз келгенсип араба да ылайга аябай олтурган экен. Бекер эле кыйналышыптыр, Левчук чарчап, жылбай калды.
Өткөөлдөгү атышуулар басаңдаган жок, ал бир аз эс алып кайрадан саз кечти, бирде оңго, бирде солго алып, буту менен акырын басып көрүп, улам арылап узап баратты. Дагы жакшы, бутунда булгаары өтүк болчу, сууга тийгенде ал тарып, балтырына чаптап койгонсуп жабышып калды, керзи өтүк болгондо анысы балчыкка тыгылган боюнча калып, ал эмгиче жылаң аяк калмак.
Ал адегенде сазга биротоло чөгүп кетпесе, жээкке өтүүгө боло турган жерди өзү таап, андан соң арабага барып аларды ээрчитип келүүнү чечкен. Эми ал суунун тереңине көңүл бурбады, ансыз деле моюнуна чейин суу болгон, ал өңгүл-дөңгүлдөргө жармашып, кээде басса, кээде сүзүп, көкүрөгү менен коюу, сасыган баткакты жиреп баратты. Өткөөл тараптагы үндөрдүн бирин калтырбай тыңшап, бирде басылгансып, бирде күчөгөн атышуулардан кимиси жеңүүчү экенин аныктай албады. Балким биздикилер курчоону бузуп чыгышты, а балким партизандарды аткылап жок кылышты. “Келесоолор, – деп ойлоду Левчук. – Эмне үчүн баштарын окко тозуп беришти, андан көрө сазга салганда болмок да. Эми бизди саздан чыкканда немистер күтүп жатышпаса экен...”
Таң калыштуу нерсе, азыр ага саз коркунучтуу болбой калды, тескерисинче: тигил өткөөл учурда кооптуураак эле, а саз аны биринчи жолу корголотуп, коюнуна катып сактап жаткан жери жок, буга чейин да сактап келген, ал азыр сазды жакшы көрүп калды. Түбү терең, жээги чексиз болбосо эле болду.
Аңгыча туманда өзү да байкабай бадалдарга жакындап калганын көрдү, бул жээк болчу. Көп болсо 20-30 метрден кийин саз бүтөт. Калың өскөн өлөң чөптүн ичке тилкесинин ары жагында ольха бадалынын алдында көпкөк чөп өскөн аянтча көрүндү. Ал тиги жээкке чыккан да жок, тез артка бурулуп белине чейин саздын баткагын кечип арабага жөнөдү. Бул жолу карбаластап көрбөй адашып кала жаздады, туманда өтүп кеткен экен, арт жагынан суунун шарпылдаганынан улам кайрылып арабаны тапты. Жарымына чейин сазга баткан арабада Клава олтурган экен, десантникти суу кылбайын деп тосуп алса керек, Грибоед аттын жанында аны сактап калыштын аракетинде экен. Алар аны унчукпай тосуп алышты.
Анда эмесе мындай! – деди Левчук, арабанын жан жыгачына жармашып.
– Атты арабадан чыгар, адегенде Тихоновду алып чыгабыз, балким арабага кайра келебиз. Жээкти таптым, буюрса жакын калдык...
4
Акыры алар саздан чыкканда, сүттөй аппак болуп таң ата баштады. Эси-учу жок Тихоновду шөмтүрөп суу болгон аттын жонуна арта салып, Левчук жетелеп чыкты; Грибоед менен Клава аны эки жагынан жөлөп алышкан, арабакеч чөгүп кеткен араба менен кошо таштап кеткиси келбей; жонуна догоо, божуларын көтөрүп алды. Ат менен ат жабдыгы болсо арабанын жолдон табылып калышы ажеп эмес.
Жээкке жетишкенде алар жарадардын араң жан денесин жерге түшүргөнгө жарашты, аны тизеден өйдө өскөн узун суу чөпкө жаткызып, өздөрү да чөптүн арасынан орун алышты. Левчук сол жак бутундагы өтүгүн чечип, толуп калган жармадай суюк ылайды төктү, а оң өтүгүндөгү ылай анын тешигинен өзү агып жаткан. Грибоед дыйкандарча жайында жылаң аяк жүргөндүктөн, анын Левчуктуку сыяктуу көйгөйү жок эле. Ал мылтыгына тыгылган ылайды тазалап кирди. Клава сулк жыгылган боюнча кыймылдаган жок, а анын жанында башын ылдый шылкыйтып, кабырылып ичине кирип кеткен курсагын кагып, мойнундагы суу каамыты чечилбеген ат турду.
– Мынакей! А силер эмне дедиңер эле! – деди чарчаса да, Левчук канаттануу менен.
Анын бир кулагы өткөөлдөгү бара-бара сээлдеп чыга баштаган атышууларда болсо, бир кулагы ушул саз жээгиндеги алдамчы жымжырттыкта эле. Эң кооптуу учур эми башталат, ар бир кадам сайын немистер жолугуп калышы мүмкүн, ошондой күтүүсүз жолугушууларга даяр болуш керек. Ал суу болгон тапанчанын кабынан өзүнүн парабеллумун алып чыгып, бешмантынын этеги менен сүртүп тазалады. Ок салган эки картон кутуча сууга эзилип калган экен, аларды чөптүн арасына ыргытып, окторун бешмантынын чөнтөгүнө салды. Андан соң жерде жаткан Тихоновдун авдоматын колуна алды. Десантник сазда келе жатышканда эле кээде бир нерселерди кобураганы болбосо эс-учун жоготуп койгон, а азыр таптакыр үн-сөзсүз жаткан. Өкүнүчтүүсү, авдоматтын бир эле ок салган кутучасы бар экен, Левчук аны авдоматтан чыгарып алып, колу менен салмактап көрдү, кудай жалгап кутучада ок толтура сыяктуу. Ал кутучанын капкагын ачып текшерип көргүсү келди, бирок ал оюнан айныды: суу кийми денесине жабышып, муздак жел соккон сайын титиреп үшүп чыккан эле. Курганганга азыр шарт жок болчу, күн чыгып, жылыгыча чыдаш керек. Токойдун үстүндөгү асман агара баштаган менен таң аткыча дагы жарым саатка жакын бар. Аңгыча муздак суу чөптө жаткан жарадар кыймылдай баштады.
– Суу... Суу!
– Эмне? Суубу? Азыр, азыр, бир тууганым! Азыр сенин суусунуңду кандырабыз, – шашып калды Левчук. – Грибоед, жакын жерде булак болсо барып келе кал.
Грибоед мылтыгын колуна алып жээк бойлоп туманга кирип кетти. Левчук жанында жаткан Клаваны караса, ал да титиреп үшүп жаткан экен. Көз ирмемге келе калган аёо сезими аны үстүндөгү суу болгон бешмантын чечүүгө мажбур кылды.
– Ме, жамынып ал. Болбосо...
Клава бешмантты үстүнө жамынып кайрадан кырынан жата кетти.
– Суу! – деди десантник бул жолу буйрук бере үн чыгарып, анан бир нерседен чочугансып кыймылга келди.
– Акырын, акырын. Азыр суу апкелет, – деди Клава анын колунан кармап.
– Клава? – жарадар кызды үнүнөн тааныды. – Клава, биз кайдабыз?
– Саздан өттүк. Тынч жат...
– Курчоодон чыктыкпы?..
– Буйурса чыгып калдык. Сен коркпо.
– Догдур Пайкин кайда?
– Пайкин дейсиңби?
– Пайкиндин сага эмне кереги бар? – деди Левчук. – Бул жерде Пайкин жок.
Тихонов унчукпай калды, анан бир нерседен шек алгансып, жанындагы жерди сыйпалады.
– Авдомат! Менин авдоматым кайда?
– Авдоматың кайда жоголмок эле. Ушул жерде, – деп койду Левчук.
Ал колун сунуп талап кыла сүйлөдү:
– Авдоматымды бер.
– Ме, ал! Бирок муну алганда сен эмне кыласың!
Куралды жанына жылдырып алгандан кийин десантник бир аз көңүлү жайлангансыды, бирок кебетесинде жаңы секирикке камданып жаткансыган кандайдыр чыңалуу бар эле. Чындыгында эле бир аздан кийин мурдагы сөзү менен эч байланышпаган суроо узатты:
– Өлүп калам го ээ?
– Эмнеге өлмөк элең? – Левчук калп эле таң калымыш болду. – Жеткизебиз, жашайсың.
– Кайда... Мени кайда алып бара жатасыңар?
– Бир жакшы жерге.
Тихонов унчукпай калды, ойлонуп, кайра доктурду эстеди.
– Доктурду чакыргылачы.
– Кимди?
– Доктур Пайкинди чакыргыла! Эмне дүлөй болуп калдыңар беле? Клава!
– Доктур бул жерде жок. Ал бир жакка кетиптир, – Клава аны тынчтандырып, колунан назик сылап койду.
Тигил жарылып кеткен эриндерин жалап койду да, калтыраган үнү менен сүйлөдү:
– Кайда кетти... Мен билишим керек. Көзүм көрбөй жатат. Көзүмө эмне болгон? Менин жашагым келбейт.
– Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес, – деди Левчук ишенимдүү. – Жашагың келип калат. Бир аз чыда.
– Мага керек... Мен билишим керек...
Жарадар сөзүнүн аягына чыкпай басылды. Левчук Клава экөө бири-бирин карап калышты – алардын көйгөйлөрү дагы толтура сыяктуу. – Клава акырын үн катты:
– Тихоновго жаман болду.
– Ким билет, – Левчук ага макул болбоду. – Согуш дагы эле бүтө элек, кимге жаман, кимге жакшы болгонун азыр айта албайсың.
Көп өтпөй тумагына толтура суу сузуп алып Грибоед да келип калды, ал булак таба албай, саздын суусунан сузуп келе берген экен. Бирок десантник кайрадан эсин жоготту көрүнөт. Арабакеч эмне кыларды билбей, тумагынан сууну шорголотуп, кыймылдабай туруп калды.
– Жан казаның жокпу? – деп сурады Левчук.
– Жок.
– Эх сен, Грибоед чоң ата! Жаныңды бакканды да билбейсиң.
– Сен мага кандай небере болсоң, мен сага ошондой чоң атамын. Кырк бешке эле араң чыктым, – деп таарына кетти арабакеч, тумагындагы сууну силкип төгүп салды.
– Сен кырк бештесиңби?
– Ооба.
– Мына сага. А мен сени алтымышка барып калган го деп ойлогом. Мынча эмне карып кеткенсиң?
– Ошого, – деп койду Грибоед түз жооптон качып.
– Ушундай де! – Левчук үшкүрүп койду да сөздүн нугун башка жакка бурду. – Кайсыл тарапта айыл бар болду экен. Карап көрүш керек.
– Токойдон чыкканда Залозье деген кыштак бар, – деди арабакеч. – Өрттөшө элек болчу.
– Анда кеттик ошол жакка.
– А ал жакта балким... А балким немистер болсочу?
Эгерде немистер болсо албетте, барганга болбойт. Адегенде өзү чалгындап келгени туура болор, а булар бадалдын арасында жашына турушат. Антпесе кокустан бир нерсе болсо жарадар менен кутулуш кыйын. Алдыда эмнелер күтүп турганын бир кудай билет. Бирок саз жээгиндеги нымдуу жерде кечке жата беришке эч бир адам чыдабайт эле, суу чөптөн үшүп бүрүшкөн Клава биринчи козголду.
– Левчук, бул жерден кетиш керек, – деди ал чыдай албай баратканын билдирип.
– Көрдүңөрбү! Керекпи, демек, кетиш керек.
Алар орундарынан улам бири туруп, колунан авдоматтын колунан чыгарбаган жарадарды атка мингизишти, авдоматтын башын салаңдатпай каамыттын боосуна эптеп илип коюшту. Куралын сыйпалап көргөн Тихонов бир колу менен саздын илээшкек ылайы кургай элек аттын моюнунан кучактап, саргарган бинт менен таңылган башын ага жөлөп алды. Анын эки тарабынан кармашып, көлчүктүн ары жагында тумандын арасынан араң көрүнгөн бадал тарапка жетелеп жөнөштү. Болжолу ошол жерден нары талаа башталгансыйт.
Бир нече мүнөттөн кийин кыска ольха бадалдарынын арасынан токойдун чети көрүндү, ачык жерди айланып өтүү үчүн бир аз четке бурулушту. Ачка болгон ат улам башын ылдый салып, узун чөптөн бурдап, жайына койсо кечке оттогусу бар. Ат эңкейген сайын үстүндөгү жарадар жерге кулап кете жаздап, араң кармап жатышты, кыжырданган Грибоед атты капталга муштап сөгүп кирди:
– Так, арам өлгүр! Тоюнбаган...
– Койсоңчу? – атка боору ооруй кетти Левчук. – Бул деле тирүү жан, ачка болду да.
Таң бат эле агара баштады. Сазды каптаган туман тарап, айлана жаркырап, көз ачыла түштү; маңдайдагы токой үстүндөгү асман өрт чалгандай кызарып, күн мына-мына уясынан чыкчудай. Нымдуу токойдун таңкы суугунда үстүдөгү суу кийимдери денелерине чапталып, сууга чыланып жумшарып калган бут кийимдеринде буттары сыйгаланып, шалпылдаган адамдарды эч аёосуз сөөктөн өткөн муздак илеби менен калтыратып-титиретип койду. Ал аз келгенсип, Левчуктун жаракат алган ийини сыздаганын айтпа. Ооруган ийинин азыраак кыймылдатканга аракет кылып, сол колу менен десантникти колтуктап, айыл көрүнүп калабы деген үмүт менен эки жагын аңтара карап келе жатты.
Алар ээн токойдо дагы бир топко жүрүшчүдөй, кебетеси айылга чейин бир топ алыс көрүнөт. Азаптуу, тынчы жок түндөн кийин эстери ооп чарчап, уйкулары келип араң эле жылып бара жатышты. Саздан эптеп өткөн соң Левчук аз да болсо көңүлү жайланып калган, эми өткөөлдөгүлөр эмне болду, отряд курчоодон чыга алдыбы же чыга албады бекен деп сарсанаа болуп келе жатты. Эгерде курчоодон чыгышпаса аларга бүгүн өтө оор. Жазалоочулар абдан көп, ал эми отрядда ок-дары аз болчу, балким эмдигиче таптакыр түгөнгөндүр. Командирдин курчоодон чыгуу тууралуу чечими эң туура, бирок каякка? Өткөөлгө кимди жиберишти, мына ошол кызык. Эгер санитардык бөлүк менен тылдагыларды жиберишсе, албетте ошол жерде калышты. Чалгынга ишенишет имиш.
Бир учурларда Левчук дагы чалгында кызмат кылган, ошондуктан алардын кээ бир билдирүүлөрүнүн баасын жакшы билчү. Чалгынга барганда эле душмандар жөнүндө баарын билип келе алышмак беле? А башчылар алардан болушунча так маалыматтарды талап кылышат, анан түшүнүктүү да: божомолдоп көп нерселерди чындык катары бере беришет. Ал бир жыл мурда чалгынчы болуп жүргөн кезинде Киров бригадасынан Москвадан алардын отряды үчүн биринчи жолу, атайын жиберилген рацияны алып келүү үчүн барып келгени эсине түштү.
Аларда мындан кийин рация болот деген жаңылыкка баардыгы кубанышты, анан эмне кубанбай турган ишпи, Москвадагы партизандык башкы штаб менен түзмө-түз байланышуу тамаша эмес да. Бул маселе боюнча командирлер чогулуш өткөзүп, партизандар, комиссар Ильяшевич чыгып сөз сүйлөштү, – бардыгы милдеттемелерди алышты, убада кылышты, ант беришти. Радисттерди алып келүү үчүн алыскы сапарга Левчук баш болгон эң мыкты үч чалгынчыны дайындашты, аттиң, десең, ал кезде ал дагы азыркыдай эмес, мыктылардын бири эле.
Тапшырмага чыгардын мурунку күнү кечинде комиссар менен штаб башчысы көпкө чейин кантип барып, жолго эмне алып, коноктор менен кантип сүйлөшүп, эмнени айтса болот, эмнени айтпаш керек деген суроолор боюнча көпкө чейин көрсөтмө беришти. Мындай көрсөтмөнү Левчук ага чейин да, андан кийин да алганы эсинде жок, ошондо аларды эң маанилүү тапшырмага камдашкан.
Март айы, ала-шалбырт болуп, кыш аяктап, күн да жаркырап тие баштаган. Күндүз былчылдап эриген кар, кечкисин айнектей тоңуп, атка чегилген чаналар зуулдап, такалуу туяктардын музга тийген дабышы бүт аймакка жаңырып угулуп жаткансыйт. Бир түндө алтымыш чакырымды басып өтүп, эртең менен Кировдогу штабга кирип барышты, өздөрүнүн радисттерин ошол жерден жолуктурушту.
Экөөнүн улуусу сержант Лещев эле, – улгайып калган, кебетеси оорулуу кишидей жүздөрү саргайып, тиштери жедеп тамекиге ышталып, быштактай сары бул адамды биринчи жолу көргөндө эле жактырган жок: ал отряд кайсы жерде, ал жакка кантип барат, чана ыңгайлуубу, аттар жакшы эс алыштыбы, жамынгандай бир нерсе барбы, анткени хром өтүгүмдү жука чулгоо менен кийип жүрөм деген сыяктуу өтө эле кыйкымдуу суроолорду бере баштаган. Алар атайын ошол киши үчүн жамынганга аттын үртүгүн таап беришти, буттарынын үстүнө саман жабышты, ал болбой эле жаман климат менен партизандардын жашоо шартына ага жакпасын айтып наалып, бүрүшүп үшүп келе жатты.
Ал эми тескерисинче, радист кызды көрүшкөндө эле аны баары жактырып, ал татынакай болуп өзүнө жарашыктуу жаңы аппак кыска тон жана таңкы суукта жагымдуу үн чыгарган кычыраган кичинекей чокой кийип алыптыр; кыркылган териден тигилген, кулакчасын аркасына ойсоктоп байлап алган тумагынын маңдайынан сары көкүл чачы кашына төгүлүп, ал эми кичинекей алакандарындагы териден тигилген мээлейинин аппак боосун чолок тонунун ийининен артка таштап койгон экен. Сержанттан айырмаланып, ага бардыгы жакты, ал токойдун көркүнө, аппак кайыңдардын сулуулугуна суктанып, карагайда жүргөн тоңкулдакка кубанып, тынымсыз күлүп, алакандарын чаап жыргап келе жатты. Ал эми карагайдын бутагында секирип ойногон тыйын чычканды көргөндө чананы токтоттуруп, анын артынан чокою суу болгуча кар кечип аркасынан чуркап, суктана карап жүрдү. Кичинекей чуңкурчасы бар сүйкүмдүү жүзү албырып, каректеринен күлкү чачкан сулуу кызды көргөндө Левчук шилекейи чубуруп, кечээки башчылардан алган көрсөтмөнү караманча эсинен чыгарып жиберди.
Ал кыздын көзүнчө эмне деп сөз баштоону билбей кыйналганын айтпа. Калгандары деле ал сыяктуу кыздын сулуулугунан эстерин жоготушкансып, чылымдан кайра-кайра ороп түтөшкөнү болбосо, дудук болуп калышты. Бир кезде кыз алардын абалын түшүнгөндөй ичинен күлүп койду да, билмексен болуп сурады:
– Балдар, эмне унчукпайсыңар? Же орус эмессиңерби...
Анын бул сөзү бутага таамай тийди. Үчөөнүн бири да орус эмес эле, – украин Зеленко жана эки белорус Левчук жана Межевич. Демейде өз тилинен бөлөк тилде бир ооз да сүйлөбөгөн Зеленко орунсуз тамаша айтып калбаспы:
– А биз – нимистербиз!
Ошондо Левчук Зеленкону жиреп, аныкынан да орунсуз, орой айткан тамашасын эстеген сайын азыркы күнгө чейин уялат. Бирок андай болуп кетерин ким билиптир. Чананын арт жагында олтурган, Зеленко жинди кишиче тамашалаганда, ал капыстан эле шайтан сайгансып, тонунун боорун ача калып, кыштан бери жылуу деп кийип жүргөн сукнодон тигилген, аскердик белги катары тасмалар менен кыйыктар кадалган олжого келген мундиринин көкүрөгүн көргөзүп кыйкырып жибербейби:
– Хэнде хох!
Алар эсин жыйгыча жаңы радист укмуштуудай шамдагайлык менен чананын артынан оонап түшүп, жаш карагайлардын артындагы коого жашынганга үлгүрдү. Таң калган Зеленко аттын оозун тартып чананы токтоткондо, аларга ППШ оозу карап калган экен.
– Токто! Ордуңардан жылбагыла! – ал жактан өзүнүкүнө окшобогон корккон, чоочун үн чыкты.
Алар эмне болуп кеткенин түшүнгүчө, чанада, алардын жанындагы радист кыздын боору эзилгиче каткырган жылаажындай күлкүсү жаңырды. Ал саманда олтурган боюнча күлкүсүн токтото албай чалкалай калганда, башындагы тумагы жолго кулап, чөмөлөдөй чогултуп алган, тыкан тегизделген сары чачы моюн ылдый куюлуп түштү.
– Ой, боорум ай! Ой, өлүп баратам!..
Эркектер анын шайыр күлкүсүнө арбалып, аны менен кошулуп каткырууга батынбай мыйыгынан жылмайышты, карагайдын арасынан сактыгын жоготпой абайлап чыгып келген радисти чочулап карап калышты. Ал авдоматын аларга караткан боюнча жолдун ортосуна келип токтоп, болуп өткөн окуяга, айрыкча өз кесиптешинин шылдың аралаш көңүлдүү каткырыгына кандай мамиле кылышты билей турду.
Акыры, кыз каалашынча күлүп, чачылган чачын иреттеп жыйнады да жерде жаткан тумагын алып, башына кийди.
– Болду, Лещев, жетишет! Партизандардын боорун эздиң...
Лещев бул сөздөн кийин авдоматын ылдый түшүрүп, өзү да жөн жерден коркуп, башкаларды да бекер чочутканына дагы эле ишенбегендей, чананын каптал жагынан келип, анын эң артына барып коомай олтурду.
Ыңгайсыз абал бир топко созулуп, унчукпай отурушту, радист кыз гана көпкө чейин күлкүсүн тыя албады.
А кийинки күнү ал ыйлады.
Бөрү кечмеликтеги конуштагы отряддардын бири менен полиция ортосунда уруш жүрүп жаткандыктан, чалгынчылар ал кооптуу жерди айланып өтүшкө мажбур болушту, кеч кирип кеткендиктен тааныш айылдагы алардын байланышчысынын үйүндө түнөп кетүүнү чечишти. Үй ээси аларды жакшы кабыл алды, үйгө отту чоң жагып жылытып, жатканга саман төшөп берди. Радист кыз мурда эч качан уктап көрбөгөндүктөн кожойкеден суранып, аны менен орус мешинин үстүнө жатмай болду. Ал кожойкеден меш кантип жылыйт, кандай отун жагат, түтүн кайдан чыгат, бурчта илинген эмне чөптөр, ал эмне үчүн керек деген суроолорду майда-чүйдөсүнө чейин көпкө эзип сурады. Жатаар алдында кожоюндун өзүм эле кайтарып чыгам дегенине Левчук көнбөй, короодо күзөткө турчу кезекти бөлүштүрдү. Эч кимисин таарынтпас үчүн чалгынчылардын жазылбаган эрежеси боюнча чүчү кулак кармашты. Ар бири анын тумагынан кагазга жазып бүктөп койгон кагазды алып, күзөткө чыгар убактысын аныктап алышты.
Ар бири эки сааттан турмай болушту. Кыз дагы башкалардан калышкысы келбей өз кагазын алды да, түнкү үчтөн бешке чейинки убакытта күзөткө туруу бактысына ээ болду. Бул учур уйкунун эң эле таттуу кези эмеспи. Андан мурдагы, саат үчкө чейинки кезекти алган Левчуктун алмашалы деген сунушун четке какты, ал өзүнүн партизандык милдетин эл катары өтөгүсү келди. Ал аны көп деле кыйнаган жок, ал күндүзгүдөй эле түнкүсүн да анын эрки менен болуп, ага жагынуунун аракетин кылышкан. Өзүнө тиешелүү убакыт бүткөн соң, үшүгөн Левчук үйгө кирди. Орус мешинин капкагы бир аз ачылган атайын тамызгы сактоочу көзүндө чычаланын чогу кызарат, чалгынчы балдар самандын үстүндө коңурук тартып уктап жатышкан, ал суукта тоңуп калган өтүгү менен алардын буттарынан этияттап аттап өтүп, мештин жанына келип радист кызды чакырды. Кыз жооп берген жок. Аны төшөктөн чыгып турган ийининен тартып ойготууга батына албады. Ал дагы бир жолу чакырды, бирок кыз ушунчалык таттуу уйкуда жаткандыктан, анын уйкусун бузгусу келбей аяп, мешке колун кактап бир аз жылынды да кайрадан акырын жылып сыртка кетти. Ал дагы эки саат тургандан кийин таң да агарып, ал тигилерди ойготуп, жолго чыгууга камына башташты.
Мына ошондо ал ыйлай баштаган.
Ал өзүнүн биринчи аскердик тапшырмасын аткарбай уктап калганына, аны дайыны жок эркелетип аяп ойготпой коюшканына ызаланды. Бир күн кечке сүйлөбөй бултуюп жүрдү. Левчук өзүнүн чечкинсиздикине, уяңдык кылып аны ойготпой койгонуна өкүндү. Ал өзүнүн партизандык чолок акылы менен ага жакшылык кылам деп ойлогон эле да, а бул москвалык кыздын сезимдери таптакыр башка экенин кайдан билиптир...
5
Токойдун четиндеги бадалды аралап өтүп, картөшкө себилген талаага жетишти, бирок айылдын карааны да көрүнгөн жок. Алар бир саамга токтоп эки жагына абайлай көз жүгүртүштү. Токойдун бүткөн жеринен баштап жаңы эле түптөлгөн, ширеси толгон сабактарында сыя түстүү жылдызчалары бадырайган картөшкөнүн катар кеткен солдору созулуп жаткан эле, алар аны аралап жөнөштү. Атты кененирээк солдун ортосуна салышып, өздөрү ага жанаша баратышты. Картөшкөнүн сабагы кыска болгондуктан, алар көп деле кыйналышкан жок. Алды жактан кандайдыр бир дарактар менен бадалдар көрүнүп, андан ары кичинекей коктуча, андан да ары жакта ийне жалбырактуу токойдун карааны дүпүйөт. Алар бара жаткан Залозье кыштагы кайда экенин ким билсин.
Алар улам аттын жонунан шыпырылып кала жаздаган Тихоновду оңдоп-түзөп, унчукпай бара жатышты. Башы ылдый салаңдап онтогон жарадар авдоматтын боосунан бекем кармап, кармаган колун бир саамга да бошоңдоткон жок. Ал акыл-эси менен эле бара жаткансыйт, чынында эле бир кезде болгон күчүн жумшап үн чыгарды:
– Дагы көпкө чейинби?
– Эмне, эмнени айтып жатасың? – Левчук тиги эмнени айтканын түшүнбөй калды.
– Дагы көпкө чейин кыйналамбы?
– Аз калды, аз калды. Дагы бир аз чыда.
– Немистер кайда?
– Бул жерде немистер жок. Коркуп жатасыңбы?
– Корккон жокмун. Мен бекер эле кыйналгым келбейт.
Левчук аны соороткусу келген жок: ал анын сөзүндө кандайдыр бир чындык бар экенин жана анын талап кылууга укугу барын сезди. Ал жарадар болгон адамдарды далай жолу көргөн, оор жаракат алгандар жаш бала сыяктуу кежирленип, чыр болуп калышарын, аларга эркелеткен, жумшак мамиле керектигин жакшы билчү. Бирок кээде катуу болуш да керек. Бардыгына эле катуу мамиле зарыл дечи, бирок өздөрү кыйналып жаткан адамдардын көңүлүнө тиер сөз айтууга дайыма эле абийириң жол бербейт.
Алар токойдон көп узай элек болчу, аңгыча арт жактан бир нерседен корккон Клаванын үнү чыкты:
– Левчук! Левчук, тигил жакты карачы!
Левчук бурулуп артын карады, кыз солдун ортосунда башын ийинине катып олтура калган экен, ал суюк чыккан бадалдардын арасын көргөздү, ал жакта бир чакырымга жетпеген аралыкта үстү таар менен жабылган бир нече машине, жанында ары-бери баскан жашыл кийимчен адамдар жүрүшкөн экен. Булар немистер болчу.
Левчук аларды көрөр замат мээсинде пайда болгон – кутулбай калдык! – деген ачуу ойдон көкүрөгүндө бир нерсе үзүлүп кеткендей болду. Ачык талаада ат менен жүрүшсө, кантип эле көрбөй калышсын, эми эмне кылабыз?...
Артка качканга да кеч болуп калды көрүнөт. Грибоед дароо эле картөшкөнүн сабагынын арасына эт-бетинен жыгылды, Левчук аттын үстүнөн десантниктин оор денесин өзүнө тартып, бир колу менен кармап кала албай, экөө бирдей картөшкөнүн арасына кулады. Тихонов онтолоп барып басылды да солдун ортосуна узунунан сулкуюп жатып калды, а бош калган ат бир нерседен шектенгендей башын көтөрүп, жолду карап кулактарын тикчийтти.
– Шорубуз катты! Бул сага саз эмес! – бир мүнөт өтпөй Грибоеддин киркиреген үнү чыкты.
Левчук атка жакындап, каамыт боого илинген авдоматты алмакчы болду, бирок авдомат ал жерде жок экен, десантник жыгылып келатканда колуна иле түшсө керек. Ал картөшкөнүн сабагынын арасынан башын чыгарбай этияттап шыкаалады: бадалдардын ары жагындагы машинелер мурдагы ордунда эле турушуптур, алардын биринен кимдир-бирөө жерге түштү көрүнөт, алыстан машиненин эшиги ачылып, жабылган үнү угулду. Ошол жер аркылуу жол өтсө керек, немистер кетип баратып сийип-чычканы токтой калышкан окшобойбу, көтүңө келгирлер. Алар булар жаткан талаа жакка азырынча көңүл буруша электей, кудай жалгап аларды азырынча көрүшкөн жок.
Балким алар тез эле кетип калышар?
Партизандар таңкы шүүдүрүмү алигиче кургай элек картөшкөнүн арасында зарыгып, немистердин кетишин күтүштү. Аңгыча токой үстүнөн күн өйдө көтөрүлүп, талаага жылыганга үлгүрө элек жаркыраган таңкы нурларын тегиз чачып жиберди. Кебетеси, ошол жаркырап көздөрүнө тийген нурлар чагылышып, немистерге талаада жашынып жаткан партизандарды көрүүгө тоскоол болгондур.
Күн өйдөлөп көтөрүлө баштады, а алар эмнени күтөрүн, эмнеден үмүт кылышарын билбей кыймылсыз жатышты. Тихонов да кыймылдаган жок, Левчукка ал болуп жаткан нерсенин баарын туюп, билип жаткандай сезилди. Левчук сабактардын арасынан улам-улам тигил тарапты карап, бир кезде жолдо турган немистин бири алар жакты караганын байкады. Аны Грибоед да көрдү окшойт, оттоп жаткан атты шыбырап кубалай баштады.
– Чу, ары бар! Чу, чу! Чу, арам өлгүр!..
Бирок кеч болуп калды: алар талаада жүргөн жалгыз атты көрүп калышты окшойт. Биринчисинин жанына дагы бири – бойлуу, узун шинел кийип, колуна чака кармаган немис келип кошулду, алар колдорун жаңсап, алар тарапты карап бир нерселерди сүйлөшүп туруп калышты. Левчук немистер аларды алигиче көрбөсө да, атты көрүшкөнүнө көзү жетти.
А балким алар атка келип калса эмне болот?
Бул ой Левчукту оңой чочуткан жок, ал дагы суусу кургай элек байкуш атты кубалай баштады.
– Чу! Чу! Ары кет! Чу! Кет дейм!..
Акылы жок жаныбар аны кайдан уксун, башын көтөрүп, айланасын бир карап коюп, кожоюндарынын эмнеге шыбырап жатканын түшүнбөй, картөшкөнүн жаш, ширелүү сабагынан бурдап сугунуп оттоп жүрдү. Левчук же туруп айдап жибере албай, жок дегенде колун көтөрүп үркүтө албай, эмне кылар айласын таппай боздоп заманасы куурула түштү.
– Грибоед! Грибоед! Ары кубала! Батыраак ары кубала!
– Чу! Арам өлгүр! Ары бар! Чу! Чу! деп жатам!.. – Грибоед үнүн катуурак чыгарып атты үркүтүүгө аракет кылды, бирок ал солго капталы менен туруп алып жаш сабакты аймап, ордунан козголчудай түрү жок.
– Арам өлгүр! Бөрүлөрдүн жеми бол айбан!..
Эгерде ал азыр өлүп калса, балким аларга жеңил болмок. Бирок анын өлөр ою да жок эле, моюнунда каамыт жүрсө дагы, жаш сабакка жеткенине кубанып, курсагын кампайтуунун аракетинде. А алар шаабайлары сууп, жолду кооптонуу менен шыкаалап, жер менен жер болуп жатышты.
– Эмне, немистер алыс жактабы? – тынчсыздана баштады жарадар.
– Тынч! Башыңды көтөрбө!.. – деп тыйды аны Левчук.
– Немистер алыспы?
– Тынч! Кайдагы алыс... Тигине, жолдо жүрүшөт...
– Биякка келе жатышабы?
– Жок. Тынч жат...
– Кантип жок, – кырылдаган Грибоед өзүнүн жаткан жеринен башын көтөрө коюп кайра жашынды.
Левчук башын бир көз ирмемге көтөргөндө эле, аларды көздөй картөшкөнүн солдорунан шашпай аттап келаткан эки немисти көргөнгө үлгүрдү. Аларды көздөй келатканынан шек жок болчу, алардын кыймылынын багытын Левчук даана эле аныктады. Ат сабакты оңду-солду бурдап жеп олтуруп жыйырма кадамдай ары жылып кетти, а балким тигилер жакындап келгиче дагы ары жылып кеткиси бардыр. Сезиминде үмүттүн алсыз шооласы пайда болду, бул тигилерден аман-эсен кутулуп чыгыштын бирден-бир мүмкүнчүлүгү эле.
– Немистер кайда? – деди кайрадан Тихонов.
– Тынч! Кыймылдаба!
– Немистер кайда? Келе жатышабы?
– Ооба! Тынч...
– Колго түшүргүлөрү барбы? Жок, мени ала алышпайт!..
Анын акыркы, көмөкөйүнөн кыйкырык болуп чыккан бул сөздөрүнөн орду толбос жаңы кырсыктын илебин сезген Левчук селт эте түштү. Ал өзү жаткан картөшкөнүн солунан жарадарды көздөй тез оодарылып жатар кезде, ал жактан аны көздөй, атылган авдоматтын октору, анын жанындагы картөшкөнүн сабактарын бырыксытып, майда жашыл чамындыларга айлантып жиберди.
Өзүн жоготуп жиберген Левчук тигинин колунан авдоматты жулуп алды, ал адегенде аны немистерди карай атты го деп ойлогон. Бирок ал десантниктин чалкалап жаткан башын таңган даки тытылып, канга чыланганын, андан аккан кара кочкул кан жумшак топуракка жай сиңе баштаганын көргөндө баарын түшүндү. Ошондо ал тизелей олтура калып, мээлебестен эле адегенде токтоп, анан эстерине келгенде жолду карай качып жөнөгөн немистерди карай кыска кезек менен ок жаадырып жиберди. Жанынан Грибоеддин мылтыгы тарс этти. Левчук “Качтык!” деп кыйкырды да токойду көздөй болгон күчтөрүн жумшап аттап-буттап чуркап жөнөштү.
– Ах, келесоо!.. Ах, сандырак! – Левчук чуркап баратып сөгүндү, ал андан мындайды күткөн эмес.
Чындап келгенде бул чыккынчылык болчу. Ал башкалар эмне болот деп ойлогон жок, ал өзү жөнүндө гана ойлоду. Өзүнүн жеңил өлүмүн... Левчук тез эле алдыда чуркап бараткан Клаваны кууп жетти. Алар чуркап баратып немистер качкан машинелер тарапты улам карап коюшат, ал тараптан аларга карай бир нече жолу мылтык атылды, – октор баштарынан ышкырып өтүп жатты. Бирок жолдон токойдун четине чейин бир топ эле алыс болчу, эми Левчукта кутулуп кетебиз деген үмүт пайда болуп, өзүн баштагыдан ишенимдүү сезди. Бадалга жетип калышкан, ал эми бадалды аралап кирип кетишсе, алыстан атылган ок коркунуч жаратпайт. Бадалга кирер алдына ал артын дагы бир жолу карады: бир нече немис аларды машинелердин жанында карап турушуптур. Бирок баары бир тийгизе алышпасын билиштиби, аткылашкан жок. Ат жанагы алар качкан жерде куйругун шыйпаңдатып, мойнуна каамыт салынган боюнча оттоп жүргөн. Тихонов бул жерден көрүнбөйт экен.
– Кеңкелес! – Левчук дагы эле өзүнө келе албай жинденип жатты. – Ал үчүн канча азап тарттык. А ал...
Алар биринин артынан бири токойго кирип, бул коркунучтуу жерден алыстап, андан ары сейрек өскөн жаш кайыңдар менен балатыларды аралап, коюу өскөн бадалдарды айланып өтүп, бирде басып бирде жүгүрүп дагы бир топко барышты. Эгерде барган сайын кыйналып жүгүрө албай артта калган Клава болбогондо мындан да ылдам жүрүшмөк, аны адашып таппай калбасын деп күтүп калышты. Бечара кыз дарактарга жөлөнө калып, бутактарга жармашып алардын артында жыгылып калбай эптеп сүйрөлүп келет. Левчук анын кыйналып келатканын көрдү, бирок токтоп эс алганга убакыт жок эле, бул жерден колдон келишинче алыс кетиш керек, ошондуктан өжөрлүк менен токтобой улам арылап бара жатышты.
Бир кезде алар суюк токойдон чыгып, ар кай жеринде кырчын талдар өскөн кенен көк жайыкка туш болушту. Ал жерге жеткенде Левчук артта калган Клаваны күтүп, ал келгиче күйүккөнүн басууну чечти. Немистер артынан түшкөн жок окшойт, бирок аз жерден өлүп кала жаздагандарын, өлүмдөн кудайдын барманы менен гана аман калышканын ойлогондо, дагы эле денесин майда калтырак басып өзүнө келе албады.
Ушунун баары Тихоновдун келесоолугунун айынан. Албетте, анын өз жанын кыйганга укугу бар дечи, бирок өзү менен кошо жанындагыларды алып кете жаздабадыбы. Жайыктагы сейрек өскөн бадалдарда жашынып алган немистерге кайрадан кабылып жүрбөйлү деген ой менен, ал бадалдар жакты көз карашы менен тинтип карап, капыстан эле оюна азыркы маанайына коошпогон суроо келсе болобу: а балким десантник бизди өлүмдөн сактап калгандыр? Ойлоп көрсө, ал ок чыгарып, немистерди чочутуп жибербесе, алар сөзсүз жакын келишмек да көрүп калышмак. Атышуу башталмак, андан ким аман калып, кимиси ошол талаада каларын ким билет эле, балким бардыгы ошол жерде өлүшмөк.
Мына сага кеңкелес!..
Чындыгында эле десантник аларды сактап калгандай. Жүк болбой өзүнөн куткарганы – бул анык. Ошон үчүн эле ага рахмат айтса болчудай, болбосо же атка жете алышпаса, жарадарды көтөрө качып канча жерге узай алышмак? Согуш Левчукка укмуштуудай сабактарды берип, ал көп нерселерди үйрөнгөн эле. Ал эми үйрөнүп бүттүм, мен билбеген, мен көрбөгөн эч нерсе калган жок деп ойлочу. Бирок мына, үйрөнө элек, көрө элек нерселер алигиче бар экен да. Буга окшогон күтүлбөгөн нерселердин чеги болбойт окшобойбу, тагдырдын тамашаларын чечкенге бүт өмүрүң да жетпейт көрүнөт.
Мына бул Клаваны эле алалы.
Катуу кыйналып, күйүгүп калган бетин сепкил баскан радист кыз эркектерди араң кууп жетип, чөпкө чөгөлөп олтурап калды:
– Ой, жыла албай калдым... Болду, мындан ары баса албайм...
– Дагы эмне дейсиң! – Левчук өзүн кармай албады. – Анда эмне кылалык? Болгону бир чакырымдай узадык...
– Жок, эки чакырымдай болду, – деп оңдоду аны Грибоед.
– Эки чакырым болсо эмне экен! Алар эки мүнөттө кууп жетет. Машинелерди көрдүңөр беле?
Ага эч ким каяша айткан жок, бардыгы унчукпады. Клава мурдагыдай эле чөгөлөй олтуруп, бир колу менен жер таянып, ынтыга дем алып, ыйлап жиберчүдөй бышылдады, экөө аны карап эмне кыларын билбей турушту. Грибоед кышкы тумагынын алдынан кабагын бүркөп, эки анжы сезимдин туткунунда – же аны аярын билбей, же анын ушул тагдырга кабылышына кинени анын өзүнө тагышты билбеди. Левчук бул жерде көпкө турууга болбосун билип, аларды айласыздан токтоого мажбур кылып жаткан үчүн ага жини келип жаткан. Бул жер жашынууга ылайыксыз, немистер кубалап келип калса шорлору курумак.
– Болду. Өйдө бол. Бул жайыктан өтүп, тээ тигил карагайлардын арасына барып эс алабыз.
Клава демин ичине тартып, өзүн зордоп өйдө турду. Алар жай, улам токтоп жайыктан өткөн соң, жээгин өлөң чөп баскан суунун аркы өйүзүнө Клаваны Грибоед көтөрүп алып чыкты. Карагай сейрек өскөн дөбөгө чыгышканда ал-күчү караманча калбаган Клава арчанын кургак жаш бутактарынын үстүнө кулады. Эркектер токтоп калышты. Левчук колуна тер болгон кепкасын алды, күн көтөрүлүп жылый баштаган, шырп эткен жел да жүрбөй, бүгүн күн ысык болчудай. Бүгүнкү күндөн аман-эсен чыгуу керек эле, бул кылым жашагандан да кыйын болчу. Айрыкча ушундай сапарлаш кыз менен.
– Иш чатак! – Левчук Грибоедге тигиле карады. Тигил кышылдап дем алып, өзүнүн чолок этек, немистердин модасы менен көптөгөн чөнтөктөр жана топчулар менен асемделип тигилген мундирин кийип, күтүп турган.
– Жок дегенде бир аял болсо кана. Аялдар жашаган лагерь жолугуп калса эмне. Эмне күнөөбүз үчүн...
– Ат жана араба керек. Ат жок кандай болот?.. – деди Грибоед ойлуу.
– Араба да бар болчу. Ат да бар эле. Биз келесоолор аларды сактай албадык... Мына ошондой! Байкеси, бар, айылды изде. Балким жакын жерде айыл бардыр. Немистер жок айыл тап.
Грибоед көпкө күттүргөн жок, ал Клаваны аяп карап койду да, шыбырт чыгарбай дөңдөн ылдый түшүп кетти.
– Жоголуп кетпей тез кайт, уктуңбу? – деп кыйкырды Левчук анын артынан.
Клава бир эс алып тынчып калды. Левчук айланасын изилдей баштады. Карагайлардын ары жагында айдалбаган талаа, анан кайра токой созулуп жатат, жакын жерде айыл бары бир да байкалбайт. Карагай бутактарында учуп-конгон канаттуулар болбосо, таңкы токой тыптынч; атышуулар менен адамдардын үндөрү угулбайт. Левчук дөңдү айлана басып, токойдун арасын тыңшап келди – эч ким жоктой. Ал Клаванын жанына келип, токойдон чыккан дабыштарга кулак төшөп, кыздын жанына олтурду. Грибоед жакында келбейт болуш керек деп ойлоду, өтүгүн чечип, суу болгон чулгоолорун жерге жайды.
Клава капталы менен жатып, бакыракай капалуу көздөрү менен токойду карап жаткан.
– Силерди аябай убара кылдым. Левчук, мени кечирип койчу.
– Кечирим сураганда эмне. Согуштан кийин эсептешип алабыз.
– Ох, ал күндөргө жетемби? Өлүп калам го.
– Жетишиң керек. Ал жетпей калды, а сен жеткенге милдеттүүсүң. Аракет кылыш керек.
– А мен эмне, аракет кылбай жатыптырмынбы...
Ал акырын кишинин боорун оорутуп ыйлап кирди, ал болсо кызарып жооруган тамандарын күнгө кактап, унчуккан жок. Ал соороткон жок, сооротконду да билчү эмес, анын үстүнө бул окуяда Клава өзү күнөөлүү деп эсептечү.
6
Клава үн чыгарбай бышактап көпкө чейин ыйлады, Левчук аягында чыдабай кетти.
– Эч нерсе эмес, – деди ал, жумшарып. – Бир нерсе кыларбыз. Чыда.
– Ой, ансыз да чыдап келатам, бирок... Өзүң түшүнөсүң да.
– Негизгиси адамдар жашаган жерге жетип алсак. Бирок тегеректе эч айыл жок. Бардыгын өрттөп салышты.
– А кайсы жерди соо калтырышыптыр бул немистер, – деди Клава капалуу. Жолду карата ал ушул тууралуу эле ойлонуп келген сыяктуу.
– Аның туура, – деп көңүлсүз коштоп койду Левчук.
Ал өзүн кармап, сыртынан ага кайдыгер адамдай көрүнгүсү келгени менен, ичи бышып, араң турган. Ал мындай болорун кайдан билиптир. Кечээ эле Узун тоо кыркаларында жазалоочулардын кезектеги чабуулунун мизин кайтара алабызбы же жокпу, а эгерде жеңилип калсак, кайда качып, кантип жан сактайбыз деп ойлонуп олтурган. Анан эле ушул каргыш алган жаракат баарын астын-үстү кылып, ага Тихоновго Клаваны кошуп моюнуна жүк кылып салды. Эми кокустан мунуку башталып кетсе эмне кылат? Ал бул жөнүндө ойлогондо коркуп кетип, аны астыртадан карап койду. Бирок Клава бир аз жаткандан кийин өзүнө келип, эс алды көрүнөт, жер таянып алдына салынган кемселге түздөнүп олтурду. Анын атайын тиктирип алган баштары жерге сүрүлүп жүрүп агарып калган булгары өтүгү да, юбкасынын этеги да суу болчу. Левчук аны карап үн катты:
– Өтүгүңдү чеч. Кургай берсин.
– Ушу боюнча эле кургайт...
– Чеч, чеч!
Анын өзү чече албасын түшүнүп, ордунан турду.
– Кана, бутуңду бери сунчу!
Сол колу менен адегенде бир бутундагы, анан экинчи бутундагы өтүктү тартып чечти. Адегенде уялып жаткан Клава, бир мүнөт өтпөй өзүн эркин сезип, ага ыраазы болуп, жылуу көз караш менен карап койду.
– Сенин ийиниң кандай? Кайра таңып берейинби?
– Болбогон эле жараат. Кереги жок.
Ал ийниндеги жаракатына көнө түшкөн, дагы эле ротада калбай санитардык бөлүккө келгенине өкүнүп жүргөн. Эмдигиче ротасы менен чогуу курчоодон чыгып, бул көрүп жаткан азапты көрбөйт эле да.
– Тихоновду карабайсыңбы! Ал жөнүндө эмне деп ойлошту да билбейм, – деди ал Клаванын жанына олтуруп жатып.
– Коркуп кетти. А балким...
– Коркуп кеткени, факт. Бирок ал коркпосо биз кантмек элек?
– А балким, бизди ойлогондур? – деди Клава.
– Аны эми ким билет? Азыр анын эмне ойлогонун түшүнө да албайбыз? Бирөөнүн жан-дүйнөсү – бирөөгө түнт токой эмеспи.
– Билесиңби, жакшы адамдар дароо эле билинет.
– Койчу! Эмне сырты жалтырак, ичи калтырактар жок дейсиңби? Баягы шүмшүк сыяктуулар бар да? А мындай карасаң укмуш жакшы адамдай көрүнчү...
– Кимди айтып жатасың?
– Баягы эле жөнүндө да.
– Эми аны айтканда эмне! – бир саамга унчукпай туруп үн катты Клава. – Иш бүткөн соң баарыбыз акылдуубуз.
– Ошондой, иш бүткөндөн кийин акылдуу жана сакпыз. А башында ак көңүлбүз. Ишенчээкпиз. Көңүлүбүз жай, камырабайбыз, ал болсо аркаңдан келип бычак саят.
– Платонов ошондо эле айткан: шегим бар деген. Бирок далил жок эле да.
– А, далилди күттүңөр беле? Анан аягы эмне болду.
Алар бир азга унчукпай калышты, Левчук чыканактап жатып алып, бир тал чөптү чайнап, токойго көз жүгүрттү. Клава көңүлүнүн тереңинде жаткан бир нерсени айткысы келгенсип, акырын сүйлөдү:
– Албетте, Платонов жөнүндө ар кандай нерселерди айтабыз. Ага күнөө коёбуз. Бирок ага эле оңой болуптурбу? Мен аны жакшы түшүнөм, ал мага айткан: таза эмес экенин билип турам, бирок аны кантип текшересиң? Аны текшериш үчүн убакыт керек деген.
– Экөөнү тең жайлаганда болмок, – деди Левчук, жөнөкөй эле бир арзыбаган ишти талкуулап жаткансып. – А эмнеси бар экен? Күмөн санап жатасыңбы, экөөнү тең атуу керек эле. Ойлонбой туруп. Тиги Кисляковдо болгон окуяны билесиңби? Бир адам партизандардын катарында согушам деп келиптир, а агасы полицияда кызмат кылат экен. Эмне кылыш керек эле? Төлгөчү кемпирлер айткандай, балким чын эле ниети менен келди, а балким немистин агентидир. Текшергенге убакыт кайда, атып салышты. Баары жакшы. Адегенде бир аз абийирлери козголуп барып, анан тим болду. Бирок эми санаалары тынч, эч кандай күтүлбөгөн кокустуктар болбойт.
– Жок, андай кылган жарабайт, –деди Клава акырын. – Согуш баарыңарды таш боор кылып салды көрүнөт. Бул албетте, жакшы эмес. А Платонов андай эмес болчу. Ал адамгерчиликтүү эле. Ошол боорукерлигинен ушундай ишке кабылды окшойт. Ал башкаларды деле өзүндөй көрчү.
– Мына-мына -мына! – Левчук анын сөзүн илип кетти. – Адамгерчиликтүү! Анын адамгерчилигинен сен эмне деген азапты көрүп жатасың? Сен эле эмес, биз дагы...
– Балким сенин айтканыңда чындык бардыр. Бирок баары бир ал жакшы адам. Негизгиси – боорукер. А боорукерлик эч качан жаман болушу мүмкүн эмес.
– Сен эмне деп жатасың? – жини келе түшкөн Левчук ордунан тура калды. – Мүмкүн эмеспи? Бери кара. Мен сага азыр боор ооруп биринчи эле жолуккан айылга таштап кете берейин дейли. Сен өзүң ошону каалап жатпайсыңбы. Чынбы? Сенин көңүлүңдү калтырбаш үчүн бир жерге таштап кетейин. А бир күндөн кийин немистер келип сени кармап алышат. Ошондо жакшы болобу? Жок, мен жаман адаммын, сени да кыйнап, өзүм да кыйналып, кыйып таштай албай өзүм менен кошо сүйрөп жүрөм, а сен мени жаман көрүп каргап жатасың, чынбы? А мен сени тынчыраак жерге жеткизейин, адамча төрөп алсын, төрөгөндөн кийин да караганга шарттары болсо экен деп жүрөм да.
Ал бул сөздөрдү ачууланып, токтолбой бир дем менен төгүп алды. Бирок Левчукка анын макул болгонунун да, каршы болгонунун да кереги жок болчу – ал өзүнүн сөзүнүн чындыгына эч күмөнү жок эле. Анын согушта жүргөнүнө көп болгон, а согушта бөлөк чындыктын болушу мүмкүн эмес. Кайдагы боорукерлик – ал согушта жарабай турган нерсе. Балким ал башка убактарда жаман эместир, балким кээ бир учурларда керектүү нерседир, а бирок башыңдан ок чуулдап өтүп, ар бир көз ирмемде жаныңды сууруп кетүүгө даяр болуп турган учурда ал жөнүндө ойлоп отуруунун да кажети жок.
Клава терең ойго батып унчукпай калды, Левчук жылаң аяк, таманын тикенектей сайгылаган чөптү аралап дөңгө чыгып, ылдый жактагы карагайлардын үстүнөн көрүнгөн көк жайык тарапка көз жүгүрттү. Ал тарапта жол дагы, айыл дагы көрүнбөйт, бир дагы дабыш же немистердин жүргөнүнүн белгилери байкалбайт. Сыягы, алар токойдун киши буту чанда тийген жерине жетип жашынган окшобойбу. Атаганат, эми бир айылга туш болуп калышса кана. Аларга азыркы учурда айылбы, конушубу же жок дегенде токой кайтарган адамдар жашаган кичинекей кепе болобу, эмнеси болсо да Клавага керектүү жардам берер адамдарга муктаж эле. Левчук дөңдүн айланасындагы жаш балатыларды аралай басып, эки жагын тыңшады да, шектүү эч нерсе укпаган соң, жылаң аяк буттарын тикенектүү чөпкө абайлап таштап Клаванын жанына кайтып келди.
Радист кыз капталынан, көздөрүн жумуп жаткан, ал анын Платоновго болуша кеткенин эстеп таң калды. Кызды оор абалга салып коюп өлүп калды, бирок өлсө да кыз аны көңүлүнөн чыгарбай эстеп жүрөт. Кандай болгон күндө да кыз аны сүйчү да, ошондуктан ал аны кандай тозоктуу күндөргө салып кетсе да, аны бейиштей көрүп чыдап жүрбөйбү.
Ал чөпкө акырын олтуруп, авдоматты өзүнө жакын жылдырды. Аябай жаткысы келди, бирок уктап калгандан коркуп жаткан жок. Токойдун бейпил таңында ал өзүлөрүнүн абалы жөнүндө, бечара Тихонов тууралуу, Грибоед кайсы жерде жүргөнүн ойлонуп жатты. Албетте, Клава жөнүндө ойлобой коё алмак эмес.
Платонов тууралуу анын айткандары мүмкүн туурадыр, Платонов баарын байкап, туура чечим кабыл ала билген, дүйнөдө сейрек жолукчу акыйкатчыл, аскер адамында дээрлик жок, кыйкырык-өкүрүксүз касиетке эгедер, оор басырыктуу адам эле.
Левчук аны менен согушка чейин эле тааныш болчу, алар бир кезде Брестте чогуу кызмат өтөшчү. Левчук байланышчылар бөлүгүн башкарчу, ал эми Платонов чалгынчылардын полкунда штаб башчысынын орун басары эле. Дивизиясы курчоодо калып талкаланган соң, Левчук кышында атасынын айылындагы үйүндө баш калкалап, а жазында алардын группасы Ударцевдин группасы менен кошулган, ошол жерден ал Платоновго кайрадан жолуккан.
Эң кызыгы: уруштар, кагылышуулар, талкаланууга дуушар болуулар, токойдогу көрүнөө жана байкалбаган коркунучтарга толтура жашоо капитандын мүнөзүнө кыпындай да таасир тийгизбегендей, ал баштагысындай эле оор басырыктуу, кайраттуу, башчылар менен дагы өзүнөн кызмат абалы боюнча төмөн турган адамдар менен да бирдей мамиледе жүргөн, шашылбаган, дайыма ойлонуп иш кылган адам бойдон калган эле. Ал бир гана жолу ойлонбой, шашылыш иш жасады, мына ошол ойлонулбай кылган жападан жалгыз иш анын өмүрүнүн кыйылышына себеп болду.
Бардыгы майдын аягында отрядга эки кызыл аскердин келип кошулганынан башталды. Алар станцияда Германияга карагай жөнөтүп жаткан согуш туткундарынын чоң тобунан качып чыгышкан экен. Ал экөөнү отрядга алардын темир жолдогу байланышчысы Зойка, тигилердин партизандар менен байланыштырып коюусун суранышканынан улам ээрчитип келген. Отрядда ал кезде туткундан качып келип аларга кошулгандар көп болчу, ошондуктан дагы эки качкындын отрядга келип кошулушу таң калыштуу эмес эле. Таң калуулар менен тынчсыздануулар кийинчерек, жаңы келгендерди өзгөчө бөлүмгө чакыра баштаганда болду.
Алгач ал жакка бойлуу, оор жумуштан арыктап сөөгү менен тарамышы эле калган, өзүнүн айтымында согушка чейин Кемеровада инженер болуп иштеген Шевцовду чакырышты. Ал бир жылдан бери туткундан качып, партизандарга кошулуунун жолдорун издеп жүргөнүн айтып берген. Кыялы ишке ашып, алардын арасына кошулганына бактылуу экенин айтып, көрбөгөн азапты көргөзгөн шүмшүктөрдөн өчүн алуу үчүн, ага колуна курал беришин суранган. Бардыгы башкалардыкы сыяктуу эле жөнөкөй окуя, көпчүлүк партизандар отрядга ушинтип келишкен, ошондуктан ал көп деле шектенүүлөрдү жараткан жок, көп өтпөй эле аны экинчи ротанын катарына кабыл алышып, булактын нары жагындагы ротанын чатырына жиберишкен.
Аны менен кошо келген шериктешин угууну кечкиге калтырышты, анткени өзгөчө бөлүмдүн башчысы Зенович шашылыш иш чыгып бир жакка барышы керек эле, чегилген араба аны жер үйдүн алдында даяр болуп күтүп турган. Зенович партизандар кечки тамактарын ичип бүтүп, эс алып жаткан кезде келип, өзү жашаган жер үйдүн жанында кеч болуп калганына карабай аны күтүп жаткан экинчи качкын Кудрявцевди көргөндө бир аз таң калды. Ал аны бир сааттан бери күткөн экен. Зенович атынын чылбырын атчыга карматып, жер үйгө кирип, үстөл үстүндөгү майга чыланган биликти жандырды.
Кудрявцев кара каштуу куулук-шумдугу жок жүзүндө күлкү ойногон жагымдуу жигит болуп чыкты, дароо эле өзү жөнүндө төкпөй-чачпай айта баштады: катуу кармашуу болуп, анын танкасы кантип өрттөнгөнүн, жолдоштору аны кантип күйгүзбөй сактап калышканын, катуу жарадар болгондон калган жонундагы тагын көрсөтүп, ошол жаракаттын айынан туткунга түшкөнүн баяндады. Ал өзү Ленинградда туулуп өсүптүр, армияга чейин атактуу заводдо иштептир. Мекенин сүйөрүн, немистерди жек көрөрүн, аларга каршы кандай гана партизандык тапшырма болсо да аткарууга даяр, өзү жогорку класстагы радист экенин айтты. Ал андан тышкары, купуя сыр катары аны менен кошо качкан Шевцовду качаардан бир аз мурда бир нече жолу Коопсуздукту камсыздоо кызматынын башчысы өзүнө чакыртканын, аны агенттикке тартуулары мүмкүн экендигин кабарлады. Балким мен жаңылып жаткандырмын, анткени алардын эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн албетте, уккан эмесмин, бирок мекенин сүйгөн патриот катары, чынчыл адам катары бул тууралуу отряддын башчыларына айтпай коё албайм деп билдирди ал. Зенович Коопсуздукту камсыздоо кызматы тууралуу окуяны биринчи жолу укса да, атайылап эле сыр билдирбей, мага бардыгы белгилүү деп койду. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин ал күзөтчүнү Шевцовду чакырып келүүгө буюрду.
Шевцовду уктап жаткан жеринен ойготуп, кечирээк алып келишти, ал Коопсуздукту камсыз кылуу кызматына чакыруулар тууралуу укканда таң калды. Же таң калгандай түр көрсөттү. Ал аны ал жакка эч качан чакырбаганын, немистердин агенти эместигин, аларга эч кандай убада бербегенин айтып карганды. Кудрявцев жөнүндө жаман нерсе айткан жок – чогуу иштешиптир, баракта чогуу жатышчу экен, эстакададан эски төшөнчүлөрдү ташып жаткан учурда качууга ыңгайы келип, качып чыгышыптыр.
Зенович мунун баарын командирге билдирди, алар кеңешип туруп Шевцовду тинтип чыгууга буйрук кылышты. Түнүчүндө жигиттер анын шымынын кашатын сөгүп жиберип, сууга жууса кетпеген сыр менен кандайдыр бир сандар жазылган чыт чүпүрөк таап чыгышты. Бул эмне экенин, анын кайдан келип кашатында пайда болгонун Шевцов түшүндүрө алган жок, бирок бул немистердин жашыруун колдонуучу шарттуу белгилери экенин бардыгы түшүндү. Мындай нерселер партизандарга жакшы белгилүү болчу, эртеси Шевцовду чоң коого алып барып атып салышты.
А Кудрявцев ошондон кийин партизандардын арасында жалпы сүймөнчүккө айланды. Чынында эле немис агентинин бетин ачып, партизандарды бир балээден сактап калбадыбы; эгерде Швецов алардын арасында билинбей жүрө бергенде отряд кандай абалга туш болорун элестетиш кыйын болчу. Анын үстүнө жаңы келген партизан жигит укмуштуудай элге жугумдуу да, жагымдуу да болуп чыкты. Ал мыкты аткычтыгы, саат оңдогонду жакшы билгендиги, кыякты келиштире тартканы менен партизандарга тез эле алынып кетти. Ооба, алардын кыягы тамтыгы чыгып эскирип бүткөн кыяк эле, бүктөмдөрү тешилип, тарткан сайын жел чыгарып, баскычтары шылкылдап, үнү бузулуп, эптеп эле кыяк аты бар болчу, ошентсе да Кудрявцев аны ойдолотуп сонун ойночу. Бош убакыт боло калганда биринчи ротанын жанындагы дүмүргө олтура калып акырындан “Кыйналуу” же “Кичинекей көк жоолук” деген обондорду сала баштаганда, анын жанына партизандар чогула калып, кереметтүү обондорду тыңшап, анын манжаларынын эптүү кыймылдарына суктанып калышканда, ал өзү да жылмая карап, өзүнө өзү ыраазы болуп, кубанар эле.
Бара-бара башкалардын көзүнө чалдыккысы келбегендей кымырылып, биринчи ротанын чатырынын жанына Клава да келе баштады.
Ал жалгыз келип, уялгансып, кыйкырык-чуу болгон жигиттерден оолагыраак, кайыңдардын жанына келип туруп калчу, аны көрөр замат жигиттер жакын кел деп чакыра башташар эле. Кудрявцев адатта аны кайыңдардын жанынан көрөр замат, жалжылдай карап жылмайып, жеке ал үчүн эле кыягын ойкуштатып тартып жаткандай сезилчү. Клава анын ага көңүлү бурганын сезип, бир аз өзүн жогото түшчү, бирок сыр бербей анын тарткан кыягына кулак салып, айланасындагы жанын койбой тийишкен жигиттерди сылык кагып, өз ордуларына койчу. Бирок ага чындап эч ким тийишчү эмес, отрядда анын штаб башчысы Платонов менен болгон мамилесин жакшы билип калышкан. Левчук андай кездерде адатта ошол жерде болуп, кайсы бир болбогон иштер менен өзүн алаксытып олтурчу, ал кыздын кыякчынын жанына келгенин байкап турчу, анын ар бир кадамын, көз карашын, жылмаюусун көз жаздымдан чыгарчу эмес. Ал Кудрявцевдин ага болгон кызыгуусун дароо байкаган, бул аны чочулаткан эле.
Левчук Клаваны сүйөр-сүйбөсүн өзү да даана билчү эмес, балким ал ага жөн гана бир аз жактырып жүргөндүр, бирок анысын эч кимге билгизбей кайдыгер кишидей жүрдү, анткени Платоновдун бактысына каргаша болгусу келген жок.
Кировдон биринчи күнү алып келген күнү эле жаңы келген радист кыз менен алардын штаб башчысынын эзелтеден бири-бирин издеп табыша албай, эми гана көрүшкөнсүп чагылыша түшкөн каректеринен, бул экөөнүн мамилеси ушул көз караш менен эле чектелбей турганын түшүнгөн, алар бири-бири үчүн жаралган сыяктуу куп жарашып турушкан. Ооба, ошондо ал Платонов үчүн гана кыздан баш тарткан, бирок ал аны андан башка дүйнө жүзүндөгү бир да адамга, ал адам периштедей сулуу болуп, тамтыгы чыккан кыякта эмес, органда ойносо да ыраа көрбөйт болчу. Левчук эч кимге билгизбей, кандайдыр бир өжөрлүк менен, жаштык деми козуткан кызганычы менен, бардыгынын сүймөнчүгүнө айланган жаңы пайда болгон партизан Кудрявцевди жек көрө баштаган. Ал тургай бир жолу ал жөнүндө Платонов менен сүйлөшүүнү туура көрүп, аны жолдо бараткан жеринен токтоткон, бирок аны ошол учурда жер үйдө жайгашкан отряддын штабына чакырып кетип сүйлөшө албай калган. Кийин ошол сүйлөшүү болбой калганына аябай өкүнбөдүбү. Ким билет, балким ошондо сүйлөшүп калганда кийинчерек отрядда болгон чоң кырсык болмок эместир.
Бир жолу Клаванын рациясы бузулуп, өзүнүн “Северогу” менен керектүү толкунду кармай албай, эртең мененки байланыш үзгүлтүккө учурады. Лещев ал учурда отрядда жок эле, аны убактылуу Теслюктун группасына жиберишкен, ошондо Кудрявцевди эстешкен. Ал ишке түрүнүп киришти, бир жерин бурады, бир жерин чукулады, иши кылып рацияны иштетти. Бирок бир тетиги жарабай баратканын, ушул боюнча рация көпкө иштебесин эскертти. Бирок ал тетикти кайдан алыш керек? Кудрявцев ойлонуп, станцияда бир таанышынан тапса болорун, бирок ал өзүнөн башка кишиге ишенбей турганын айтты. Платонов Клава менен кеңешти да, тобокелчиликке барып, Кудрявцевди станцияга жиберүүнү чечти, бирок аны жалгыз жибербей Левчук жетектеген топ коштоп бармай болду. Левчук буга чейин деле станцияга барып-келип жүрчү, ал жакта тааныш адамдары бар эле, ошондуктан бул тапшырмага анча деле чоң маани берген жок. Ал мындан оор тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып жүргөн, бул жолу деле ошондой болот деген ишенимде эле. Станцияга Левчук жекшемби күнү жөнөмөк, ал эми ишембиде Клесцовдон өзү жетектеген үч чалгынчы менен кайтып келатып, жолдогу айылдагы таанышына кайрылышкан, ал нан, тузун коюп жакшылап сыйлап узаткан. Отрядга келгенде Левчук тапшырманы аткарып келгенин билдиргенден кийин, аны дароо эле ошол жерден күзөтчүлөрдүн жер төлөсүнүн жанындагы камак үйүнө жөнөттү. Жинденген Левчук командирге көп жаман сөздөрдү айтып, авдоматын өткөзүп берген соң, командирдин ат кошчусунун айдоосунда камак үйүнө жөнөгөн. Ал бешмантын секичеге ыргытып, артынан өзү секирип чыгып, эртең менен бошотушат деген ой менен уйкуга кетти. Бирок аны эртең менен да, кечинде да чыгарышкан жок, ал дүйшөмбүгө чейин отрядда станцияда буктурмага кабылып, алардын штаб башчысы Платонов каза болуптур деген кабар тарагыча ошол жерде жатты.
Муну укканда Левчук күзөтчүнүн кыйкырганына карабай, камак үйүнөн жүгүрүп чыгып, штаб турган жер үйгө жулунуп жөнөдү, ал жерде Клава жерде оонап, отряд командири жаалданып турган экен. Башка командирлер баштарын салып, катуу үшкүрүп аркы-терки басып жүрүшүптүр.
Штаб башчысынын өлүмүнө анын да чоң күнөөсү бар эле. Ал камакка түшүп калгандыктан жекшемби күнү кечинде Кудрявцевди жана үч партизанды алып топту станцияга Платонов өзү баштап кеткен. Эки партизан азыр командирге иштин кандай болгонун айтып жатышыптыр.
Аларды Кудрявцев саткан экен. Адегенде бардыгы жакшы эле болчу, шек санай турган нерселер байкалган эмес, күүгүм талаш алар станция жанындагы огородго жетип, андагы калың өскөн кара куурайдын арасына жашынышат. Караңгы болгуча күтүп, анан Кудрявцев кичинекей көчө менен таанышына жөнөйт да, калгандары аны ошол жерде күтүшөт. Көпкө күтүшөт, Кудрявцев күтүлбөгөн бир нерсеге кабылдыбы дей ойлойт. Чыдамы кеткен Платонов кара куурайдын четине чыгып, жакын жерлерге көз жүгүртмөк болот. Бирок капитан огороддун четиндеги тосмого жете электе, анын кысылып чыккан кыйкырыгы чыгып, андан бир аз арыраак жерден мылтыктын үнү жаңырат.
Балдар кара куурайдын арасынан огороддун башка жагына чуркашат, бирок ал жактан полиция авдомат огун жаадырып тозуп алат. Буктурмага кабылганын түшүнүп, ар кимиси ар кайсы тарапка чачырай качышат. Качып баратышып Кудрявцевдин полицияларга: “Папах кийгенин кармагыла!” деп кыйкырганын угушуптур.
Папах кийген Платонов болчу.
Көкүрөгүнө ок жаңылган штаб башчысын полицияга суракка алып барышканда эсине келбей ошол жерде каза болгонун кийин билишти. Кудрявцев ошол акциядан кийин станциядан жок болуп кетти. Сыягы, кожоюндары аны кыякта жакшы ойногонун жакшы баалай турган жаңы жерге жиберишсе керек.
Клава катуу кайгыдан баш көтөрбөй калды, Левчук тишин кычыратып жанын коёрго жер таппай жүрдү. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин аны чалгынчылардын ротасынан үчүнчү ротага катардагы пулемётчу кылып которушкан.
7
Грибоед үч сааттан ашык убакытта келди.
Левчук ордунан көлөкөгө жылып жаткан, күн ысып, күнгө жайылган кир чулгоосу калдыркан сыяктуу калдайып кургаптыр, өтүгү да курушуп бутуна араң батты. Клава үшүгөн адамдай калтырап, денесин титирек басып кыйнала баштады, Левчук ага бешмантын жаап, уктап эс алышын суранды. Ал жаман оюнда уктап калса толгоосу кармабайт деп ойлогон. Өзүнүн да уйкусу келип, кирпигинен тартса жыгылчудай араң турган. Бирок уктаганга болбойт. Уйкусун ачыш үчүн кыймылдап бир нерсе жасашы керек, ал авдоматтын ок салган тегерек кутусун чыгарып, анын капкагын ачты. Куту толтура эмес экен, Левчук окторду санап көрдү, болгону: төрт жолу жакшы жаадырып атканга араң жеткидей кырк үч ок калган экен. Ал кайрадан кутучаны жыйнап ордуна жайгаштырды, авдоматтын үзүлүп калган боосун улаштырды да Грибоедди күтө баштады.
Ал аны кеткен тараптан келет деп ойлогон, бирок арабакеч арт жактагы кызыл карагайлардын арасынан саксагай тумагына жабышкан карагайдын ийне жалбырактарын күбүп чыга келди.
– Кандай? – деди чыдамы кеткен Левчук, арабакечтин жүзүнөн эч нерсе байкай албай.
Ал жакын келип мылтыгын жерге таштап, жанына олтурду, тердеп, бырыш баскан чекесин жылтыратып тумагын чечти. Сакалын акыркы жолу бир апта мурда алса керек, бетин саксайган калың сакал басып, чарчаган неме ого бетер жүдөй түшкөнсүйт.
– Кандай десем? Бир айыл бар экен. Бирок өрттөп жиберишиптир.
– Өрттөлгөн айылдан табарыбыз эмне! – деди көңүлү чөгө түшкөн Левчук. – Бизге адамдар жашаган айыл керек.
– Ооба, өрттөлгөн экен, – анын нааразы болгонуна көңүл бурбай Грибоед сөзүн улантты, – Айыл четиндеги кырмандын жанында бир үй аман калыптыр. Бош ко деп ойлогом. Карасам бир катын жүрөт.
– Катынбы?
– Ооба, катын.
– Аны менен сүйлөштүңбү?
– Жок, сүйлөшө алган жокмун. Көрүп эле артка кайрылдым. Шашып калдым.
– А мейли! – деди Левчук. – Клава, кеттик эмесе. Тур! Алыспы?
– Өтө деле алыс эмес. Мобу карагайлардан ары коо, коодон ары өткөндө булак, андан нары... – деп эстей баштады Грибоед.
– Канча чакырым болот? Экиби, үчпү?
– Балким эки, үч болушу да мүмкүн.
– Кеттик!
Клава ордунан араң туруп, чайпалып жыгыла жаздап оңолду. Артынан Грибоед да кыйналып жатып эптеп турду. Арабакечтин аябай чарчаганы көрүнүп турат, ал бир аз эс алгандан кийин деле турушса болмок, бирок Левчук адамдар турган жерге тез жетип, өтө эле созулуп бараткан белгисиздиктен кутулгусу келди. Канткен менен Клаванын абалы оюнан кетпей, убакыт өткөн сайын ага көбүрөк тынчсыздана баштаган.
Алар артта баса албай келаткан Клавага кылчактап жай басып, карагайлуу дөңдөн ылдый түшүштү, коону айланып өтүп, көп өтпөй токойду аралаган жолго чыгышты. Жолго түшөрдөн мурда Левчук анын оң жагын, сол жагын көңүл коюп карап, жаңы түшкөн издерди издеди. Бирок издер эски болчу – жамгыр жууп эптеп эле билинген арабанын дөңгөлөктөрүнүн, аттын туяктарынын издери байкалат, кыязы бул жолдон көптөн бери тирүү жан өтпөгөндөй. Ошентсе да Левчук авдоматын ийининен ылдый жылдырып, көз ирмемде колуна алууга даярдап алды, ар бир бурулуш сайын токтоп, тегерегине абай сала карап, анан гана алдыга этияттык менен алга жылып баратты.
– Карабай эле кой, бул жерде эч ким жок, – деп күңкүлдөдү Левчуктун сактыгын жактырбаган Грибоед. – Мен жана эле өткөм...
– Муну кара, баатыр боло калат. Өткөн имиш! А немистер болсочу?
– Аларды шайтан алсын. Башка салганды көрөбүз да. Тагдырдан кайда качасың....
– Айтасың да... Сен өзүң жөнүндө ошентип ойлой бер. А биз дагы жашагыбыз келет. Чынбы, Клава?
Артта кыбырап кургап калган эриндерин кесе тиштеп араң келаткан Клава жооп берген жок. Сыягы, азыр анын тамашалашканга чамасы жоктой. Левчук аны карап кабагын бүркөдү, – эртерек Грибоед таап келген кырманга жетишсе болот эле, болбосо орто жолдон толгоосу башталса кантишет?
Грибоеддин тагдыр тууралуу айтканы ага жаккан жок, ал кандай болбосун кол куушуруп баш ийип берүүгө каршы болчу, өзгөчө согуш убагында. Ошондой болсо да турмуш запкысын көп тартып, согуштун азап-тозогун башынан кечирип келаткан арабакечтин абалын деле түшүнсө болот дечи.
– Мен ансыз да жашагым келбей калды. Таптакыр эле каалабайм десем да болот, – деди жылаң аяк буту менен тапталган кумду шыпыра басып бараткан Грибоед. –Жакындарымдын бири да калбаган соң, мага жашоонун эмне кереги бар? Катын жок, бала жок. Согуш бүткөндөн кийин мен эмне кылам? Кимге керегим бар?
– Келесоосуң! – деди Левчук. – Согуш бүткөндөн кийин кадырлуу адам болосуң. Сенин эмгегиң жакшы эле сиңбедиби! Биринчи жаздан бери партизандардын катарында жүрөсүңбү?
– Ооба, ошондой.
– Орден аласың, кадыр-баркың өсөт. Бирок орден алыш үчүн араба тартып жүрө бергениң болбойт.
– Э, ордендин мага эмне кереги бар! Менин Володькам тирүү болсо жетмек. Баарын бермекмин – кыздарымды да, катынымды да. Володькамды эле кайырып беришсе...
– Эмне, Володька да ошондо өлдү беле? – кызыга кетти Левчук.
– Ооба. Өзүмдүн колумда жан берди. Ок курсагын жарып кетпедиби. Ичегиси чубалып калды. Канаттуулардыкы сыяктуу ичке ичегилерин жыйнап жатам, жыйнап жатам, айтканда эмне...Байкуш балам!
– Оо, андай жарат жаман, – деди боору ооруй түшкөн Левчук. – Аябай жаман.
Жаман нерселер согушта жетиштүү болчу, бирок Грибоеддин тагдыры бөтөнчө оор болду. Буга кандайдыр бир себептер болдубу же маңдайына жазылган тагдыры ошондойбу, ал көргөн турмушту душманыңа да каалабайсың. Левчук анын мындай тагдырга туш болушуна бир аз да болсо анын боорукерлиги себепкер болду деп эсептечү.
Ал кезде Грибоед үй-бүлөсү менен Выселка деген чоң жолдордон оолагыраак, токой четиндеги айылда турушчу. Анын короо-жайы андан да ары – айылдын аягында, токойдун так эле түбүндө эле. Согуштун биринчи жайында фронт бул жерлерден кыйгап өтүп, дыйкандар биздикилердин чегингенин да, гитлерчилердин келишкенин да көрүшкөн жок. Айылдыктар көпкө чейин согушка чейинки жүз жыл мурда эмне кылышса, ошол иштерин кылып жүрүштү, а ошол күнү картөшкө казып жатышкан.
Калистрат Грибоед дагы аялы, улгайып калган энеси менен картөшкө казып жүрүшкөн, улуу балдары Галька менен Володька картөшкө терип, Шура менен эң кичинекейи Манечка картөшкөнүн аңызында отко жылынып, чокко бышкан картөшкөдөн карала-торала болуп жеп олтурушкан. Дагы бир аз казса бүтмөк, Грибоед ылдамдап каза баштаган эле, белин түзөп өйдө болуп, капыстан жаңгак дарагынын жанында, аны унчукпай колу менен жаңсап өзүнө чакырып жаткан адамды көрө койду.
Грибоед жерден бир картөшкө алып себетке ыргытты да, айланасын карады. Аялы эңкейип топурактын арасын чукулап жүрүп эч нерсе байкаган жок, ал казыла элек солдордон аттап-буттап тигил адамга жөнөдү.
Жаш карагайдын артына жашынган бейтааныш адам аны күтүп турган. Бул аскер бешмантын кийген, көптөн бери алынбаган сакалы саксайган, орто жаштардагы адам экен, колунда кармаган немистин авдоматы бар. Ал бул айылда немистер менен полициянын бар-жогун сурады, анын айтымында жакын эле жерде, саздын ары жагында жолдоштору күтүп жатышыптыр, алардын экөө жарадар деди. Алардын өздөрү баса албасын айтып, андан жардам беришин суранды. Бир канча убакытка баш калкалар жер керектигин түшүндүрдү. Грибоед иштин жайын жакшы түшүндү, эч нерсе айтпай артка кайтты да, огород четиндеги арабасына бээсин кошуп, жаңгак дарагын көздөй айдап жөнөдү. Ал жерден алиги авдоматчан аскер адамы арабага түштү. Алар көп деле алыс узаган жок, аскер адамы арабаны жолдун ары жагындагы топ карагайды көздөй айдатты. Ал жерде аны үчөө күтүп туруптур. Алардын экөө оор жарадар, өздөрү баса алышпайт экен, үчүнчүсү быйпык мурун, жаактарына жумшак сары түгү жаңыдан чыгып келаткан Веня деген жаш аскер жигит болчу. Алар жарадарларды арабага жүктөп, кеч кирип көз байланган убакта Грибоеддин үйүнө келишти.
Үч жума бою полковник- танкист менен саясий бөлүмдүн жетекчиси – үйдө тура албай, төшөктө жатышты, катындар колдон келишинче аларды багып, жандарынан алыс чыгышкан жок. Бир жолу Грибоед жергиликтүү тааныш фельдшерди ээрчитип келип тигилерди көргөздү, ага жакшы төлөп берип, жаракатына себе турган дары алып калды. Кудайдан болуп, дары жакшы жардам берди, бечаралардын жаракаттары акырындан айыга баштады. Ал эми алардын дени сак жолдоштору – Терехов менен Веня экөө үйдөн чыгып кетип, бир нече күн түнөгөнү келбей калышты. Алар үйдүн кожоюнуна эч нерсе айтышкан жок, бирок ал тигилердин партизандарды издеп жүрүшкөнүн түшүндү.
Выселкиге полициялар келгенде полковник керебеттен туруп, үй ичинен акырындап ары-бери баса баштаган, ал эми саясий бөлүмдүн жетекчиси төшөгүнө жаңыдан олтуруп калган эле.
Грибоед коркунучту өз убагында көрдү, жарадарларды мештин аркасына жаткызып, үстүлөрүнө эски-уску чүпүрөктөрдү ыргытканга үлгүрүп калды. Үйгө эки полицей киргенде үйдө чоочун адамдар жок болчу. Аларды алаксытыш үчүн Грибоед үстөлгө бир бөтөлкө самогон коюп, аялына чочконун туздалган майынан бир кесим алдырып тигилердин алдыларына койду. Кызып алышса да ал шүмшүктөр тинтүүлөрүн токтотпой, айылды түрө кыдырып жүрүп үч чоочун адамды кармап, алар жашынган үйлөрдүн кожоюндарын кошуп алып кетишти.
Кечинде Терехов менен Веня келгенде бир аз кеңешип, жакын арада токойго барып жанышмак болушту. Үйгө жакын жердеги калың өскөн жаңгак токоюнун арасынан жер үй казып, үстүн эңилчек, карагайдын бутактары менен жакшылап жаап салышты эле, он метр жерден карасаң да, ал жерде жер үй бары билинбей калды. Ичине каңылтыр темирден кадап жасалган кичинекей меш коюп, Октябрь майрамынын алдындагы түндө жакшылап жагып ысытышты да, жарадарларды алып барып киргизишти.
Албетте, көп убакытка чейин ал жерден чыкпай олтуруу мүмкүн эмес эле, тамак-аш, кийим-кечек дегендер керек эмеспи, түнкүсүн аскерлер Грибоедге келип, ал дагы аларга тез-тез барып турду. Кар түшкөнчө бардыгы ойдогудай эле, көйгөй биринчи кар түшкөндө жаралды, баскан издер кар үстүнө бадырая түшүп, улам кар калыңдап жааган сайын Грибоеддин ал издерди жашырууга жасаган аракетине карабай, үй менен жаңгак токоюнун ортосунда ичке чыйыр жол пайда болду. Канчалык жашырган менен эл деген көрбөй коёбу, акыры бир акмактар байкап калып, немистерге жеткизиптир.
Аны кокустук же балким Грибоед өзү айткандай, тагдыры сактап калды. Башкалардын аныкындай жолу болгон жок.
Жаңы жылдын алдында отун түгөндү, мурдагыга караганда отун эки эсе көп жагылган, анткени жер үйдү жылытыш үчүн канчалык жагышса да, баары бир жакшы жылыбай, айрыкча жарадарлар үшүдү. Жакын жерден кургак отун табуу кыйын эле, айылдыктар отун алыш үчүн он чакырым жердеги чытырман токойго бара турган. Бир күнү таң жаңы атып келатканда Грибоед Володьканы ойготуп, чанага бээсин кошуп, мурдатан барып жүрчү карагай кесүүгө атайын уруксат берилген участокту карай жөнөштү. Ал жерде бир нече жылдан бери Донбасстагы шахталар үчүн даярдалып, бирок ташып кеткенге үлгүрбөй калышкан кургак, тирөөчкө ылайыкташып даярдалган устундар жыйылып турчу. Ал жерге чейин бир топ алыс эле, бирок Грибоед түнгө чейин барып келип, жер үйдөгүлөргө караңгыда отун бергенге үлгүрөм деп ойлогон. Анын үстүнө таң аткандан бери майдалап кар себелей баштаган, демек, из калтырбай кар басып калмак.
Бирок ойдо жок нерсе болуп кетти. Алар чанага даяр устундардан толтура жүктөп, Ийри суудан кечип чыккандан кийин чананын эки таяныч жыгачы сынып кетпеспи, устундардын учтары салаңдап карга сүйрөлүп калды, бээ болгон күчү менен тартса да түзөңгө тартып чыга алган жок. Жүктү түшүрүп, коктудан үч бөлүп жатып араң ташып чыгарышты, ошентип алар Выселкиге өтө кеч, түн ортолоп калганда жакындашты. Грибоед бээни жетелеп жөө басып алды, а эси ооп чарчаган Володька үлдүрөп чанада олтурган; эртең менен эрте туруп уйкусу канбаган жаш баланын көзү жабышып үргүлөйт, атасы аны уктап калып чананын алдына тоголонуп калбасын деп коркуп, улам бурулуп карап келе жатты.
Айылга көп болсо дагы эки чакырымдай аралык калган. Капилеттен караңгы түндүн тынчтыгын тарсылдап чыккан атышуулардын үнү бузду.
Атышуу көпкө созулган жок – бир нече жолу мылтык үнү тарсылдап, авдомат тытырап барып басылды. Бирөөлөрдүн кыйкырыгы чыккансыды, ким билет балким ошондой угулдубу, анан барып тынчыды. Жамандыкты сезген Грибоед чананы жолдон чыгарып, карагайлардын арасына бурду да, божуну Володькага кармата коюп, токойду аралап жер үйдү көздөй чуркады. Ал жер үйгө чуркап жете электе эле чоң кырсык болгонун түшүндү. Жер үйдүн каалгасы колго жасалган бир илмеги жулунуп, экинчи илмегине кыйшайып илинген бойдон калыптыр, эшиктин алдында ичине саман салынган төшөктөр, отургучтар, жер үйдөгү чүпүрөк-сапырыктар чачылып, жер үйдүн айланасындагы кардын бетин чоочун издер тебелеп таптап салышкан. Жанагы уккан атышуулар ушул жерде болуптур, Грибоед жерде жаткан октун жездеринен колуна алып, жаңы эле атылган дарынын жытын сезди.
Грибоед кар кечип, булактын жанынан өтүп, жакын жердеги өз үйүн карай ашыгып чуркады. Жакындап барса, ал жакта полицейлер бака-шака. Күркүрөгөн командирдин үнү, аялынын ыйы угулду, анын үй-жайын талкалап жиберишкен экен, кийин билингендей үй-бүлөсүн, оокат-жайын чанага жүктөп алып кетип жатышыптыр.
Грибоед үч чана ээрчишип анын үйүнөн чыгып, чоң жолго чыгып кеткиче бадалдардын далдаасында карап турду. Ал тонолгон үйүнө кирмекчи болгон, бирок ачык турган эшикти көрүп оюнан айнып, кайрадан талдын далдаасына жашынды. Эми үй-бүлөсүнөн Володька экөө эле калганын, калгандарынан ажыраганын түшүндү. Тигил иттер буктурмада бирөөлөрдү калтырып коюшу мүмкүн экенин ойлоп, Грибоед талдын жанында бир аз турду да, артына бурулуп бадал тарапка кайтты.
Ал коркуп олтурган Володькага келип, бул жерде экөөнөн бөлөк жан калбаганын айтып, чанадагы отунду түшүрдү да, бээнин оозун чытырман токойго бурду. Алар ал жерде карагайдын түбүнө алачык жасап, эки күн, эки түн калтыраткан суукка чыдап жатышты, отунга баратканда алган нандын калганын акыркы сындырымына чейин жеп бүтүрүштү. Адам чиркин ит жандуу эмеспи, кычыраган суукта, кесерип ачка, алачыкта дагы эки күн жатышты. Эки күндөн кийин өзөктөрүн карайткан ачарчылык менен үй-бүлөсүнүн тагдырына санаркоо Грибоедди Выселкиге барышка мажбурлады. Бул жолу буктурма жок болчу, Грибоед муздак, адаттан тышкары жымжырт үйүндө дендароо болуп, канча жүргөнүн билбей да калды, бир кезде колго тийген кийимдерден алды. Жертөлөдө немистер шыпырып кеткенден калган картөшкөнү чогултса бир чакага жакын болду. Анын оокаттарынан калган ошол жарыбаган кийим-кечек менен картөшкө чытырман токойдо суук менен ачарчылыктан жандарын бир нече күн болсо да сактап, өлбөстүн күнүн көрүштү. Бир жумадан кийин кичинекей жер үй куруп, жылуулугунан түтүнү көп очок салып алышты.
Ата-бала ушинтип кыштан чыгууну чечишкен, эгерде алардын жаш бээси да тирүү жандык болбосо, балким жазга чейин жашашмак. Чытырман токойдон бир айры чөп да табылбасы белгилүү эмеспи, а Выселкиде кышкыга даярдаган үймөк чөбү бар эле. Баккан мал боор эт менен тең го, Грибоед ачка болгон бээсине боору ачып үйүнө эки жолу барып чөп алып келген. Анын барганын эч ким көргөн жок, ал атайылап бороон-чапкын болуп жатканда баргандыктан, артына из калтырбай барып-келип жатты.
Бир жолу дагы чөпкө бармакчы болгондо уулу ээрчий баштады. Бала элсиз токойдо жашагандан бери бир чети зеригип, бир чети бир туугандары менен энесин сагынып куса болду көрүнөт, унчукпай, күлбөй өзү менен өзү тунжурап, көз көрүнөө чөгүп баратты. Адегенде Грибоед буга көңүл бурган эмес, бирок кийинчерек анын абалын байкагандан кийин бала эмес, чоң киши оңой менен көтөрө алгыс оор кайгы башына түшкөн баласы, бир жаман нерсеге кабылбаса экен деп чочулай баштаган. Володька андан ушул азабы көп түнү жолго кошо ала кетүүнү суранганда Грибоед баланын көңүлүн калтырбай, кыйылып жатып макул болду.
Чын чынында ал аны ээрчиткиси келген эмес, эмнегедир жүрөгү бир жамандыкты сезгендей зыркырады, бирок өзүнүн жападан жалгыз баласын аяп, ал чанага келип олтуруп алганда андан түшүрүп, жер үйгө калтырып кеткенге кудурети жеткен жок.
Түнкү катуу шамалдан бутактары жерге тийгенче ийилген жаш карагайлар денесинин ооруганына чыдай албай нааразы болгонсуп шуулдашып, кар бетин ак чаңгыл кылып чаңдаткан бороон ойноп, бээ жол бою моюнун бир ыптасына кыйшайтып, башын шамалдан корголотуп, илээлеп араң келет. Түн ортолоп калганда алар чытырмандан чыгып, эптеп эле билинген Выселкиге кеткен жолго түшүштү.
Үйгө жакындаганда Грибоед караңгы, шамалдуу түнгө үңүлө карап, бир нерсени көрүүгө далалат кылды. Анын башында көз ирмемге үмүттүн алсыз шооласы пайда болду: а балким азыр терезелерден тааныш жарыкты көрөр, балким кыздары менен аялы үйдө аларды күтүп олтурушкандыр, полицияга алардын эмне кереги бар? Балким коё беришкендир. Немис бийлигине алар эмне зыян кылыптыр? Бирок Грибоедге аларды кайра көрүү бактысы буюрбаптыр, ал аялын полициялар кайра-кайра суракка чакырып кыйнашканын, балдарын алыс жактарга алып кетишкенин, карган энеси башына түшкөн кайгыны көтөрө албай, полициянын жер төлөсүндө өлгөнүн, ал эми үйүндө үч күндөн бери үч полицей буктурмада аны күтүп олтурушканын кайдан билиптир.
Ал арада Калистрат Грибоед бээсин шапалактап, өздөрүн күткөн кырсыкка жакындап келатты. Караңгыда дарбаза жанындагы ийри өскөн талдын, кудуктун, бөтөн жылкылар сындырып кеткен мал сарайдын жанындагы кашанын сөлөкөттөрү көрүнө баштаган. Бээ бир нерседен чочугандай капыстан токтоп, башын өйдө кылып, кулактарын тикчийтип кошкурду. Ал анын жылкыга караганда итке мүнөздүү сактыгын жакшы билчү, ал божуну бекем тартып, караңгы короонун ичин бүт дити менен үңүлүп, короонун ичин карай баштады, бирок шектүү эч нерсени байкаган жок. Ошентсе да, ал жакта бирөөлөр барын жон териси менен сезди. Володька да аябай коркуп алыптыр, ал чананын артында олтуруп шыбырап жатты: “Ата, ал жакка барба!” “Барба, Ата!”
Ал чананы артка бура баштады. Бирок бээ жол четиндеги карды кечип, чананын жан жыгачтары жолдун нугуна түзөлө электе короо жактан “Токто!” деген ачуу үн жаңырды. Грибоед бээни керилип туруп шапалак менен чаап калды, дал ошол учурда мылтык атылды. Володька дароо чанага жыгылып, өз үнүнө окшобогон үн менен бирдеме дегенсиди, а ал ага көңүл бөлгөн жок, тура калып болгон күчү менен бээни чапкылап баратты. Ээсинин абалын түшүнгөндөй бээ дагы ордунан атырылып, тынымсыз атылган октордун коштоосунда катуу таскагы менен жолдун ачык жеринен тез өтүп, токойго кирди. Токойдун калың жерине жеткенде гана Грибоед бээнин оозун тартып, чананы токтотту. Володьканын ийнинен кармап өзүнө тартты. Володька эки колдоп нооту кемселинин этеги менен курсагын кымтылай кармап кырынан жаткан экен. Атасы анын курсагын бекем кучактап титиреп жаткан колдорун өзүнө тартып, кемселдин этегин ачканда көздөрү чанагынан чыгып, жанын кайда коёрун билбей калды. Каны чуурган жаратынан, тирүү неме сойлоп чыгып жаткансып, бир башкача торсоюп көпкөн Володьканын ичке ичегилери чубалып түшө баштады. Бала акырын онтолоп, чубалган ичегилерин кан болгон көйнөгүнүн алдына чогултуп, бир тынымга да токтобогон катуу ооруга, башына түшкөн кырсыкты жеңип чыгууга алсыз экендигине чыдай албай ызаланып ыйлап жатты.
Ал аны жер үйгө алып келгенде али тирүү эле. Володька алсыз үнү менен бирдемелерди айтып жөөлүдү, энесин чакырды, анан тынчып калды да, таң аткыча сүйлөгөн жок, бут-колдору гана алсыз титиреп жатты.
Таңга жуук ал дем албай биротоло тынчыды...
8
Алар токойдун ичке жолу менен кызыл карагайлуу токойдун булуңун айланып өтүп, мурда кыйылган карагайлардын чөп басып калган дүмүрлөрү дүмүрөйгөн аянтчадан солго бурулушту. Бир чай кайнамдай убакыт өткөндө Грибоед аларды дөңсөө жердеги кара буудай эгилген талаанын четине алып чыкты. Ортолору тайыз арыктар менен бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн талаада суюк себилип, араларын козу уйгак менен ак баш ромашкалар басып калган кара буудай жаңыдан бышып келаткан экен. Грибоед кененирек арыкка түшүп, артынан экөөнү ээрчитип жөнөдү.
– Тигине, келип калдык, – деди арабакеч.
Левчук кандайдыр бир курулуштарды, жок дегенде камыш менен жабылып морлору чыккан үйлөрдүн чатырларын, айылдын кадимки көнүмүш белгилерин көрөм го деген, бирок ал эч нерсе көрө алган жок. Бул жерде жакын арада айыл болгонун кара буудай талаасынын ары жагынан көрүнгөн бир нече бийик өскөн дарактар эле кабар бергени болбосо, айылдан эч дарек жок. Жакындап барганда гана узун өскөн чөптүн арасынан ыш болгон кыштары көрүнүп, талкалаган мештерди, чала күйгөн короолордун, үйлөрдүн урандыларын көрүштү. Көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалдары эле калыптыр. Өрт болгон жерлерге жакын өскөн дарактар куурап, жалбырактары жок жылаңач бутактары тарбаят.
Кудуктун жанындагы бийик липа дарагынын бир тарабы жашыл бойдон калып, экинчи, күйүп калган капталында, асманды карай серпилген карайган жылаңач бутактары бир шумдуктай көрүндү. Тебеленген, солдору билинбей калган огороддордо жыгач челектер, ар кандай үй буюмдары, таяктар, кургап катып калган чүпүрөк-чапырактар чачылып жатат. Айылды жазында, жер айдала электе өрттөшсө керек, күздө себилген жер-жемиштер жыйналбай соолуп-чирип жатат, а жазында себилген эч нерсе көрүнбөйт. Огороддордун жанындагы айдоо аянттары каралбай ала бата менен кызыл куурай баскан.
– Сен бизди кайда алып келгенсиң? – Левчук токтоп, эки жагын карап туруп калды. – Бул жерде деги тирүү адам барбы?
– Бас, баса бер! Мени ээрчи.
Грибоед ылдам басып, өрттөнгөн айылдын аягын карай ээрчитип баратты, алар бадалдардын жанындагы анча терең эмес жардан өтөр замат, дөңдөгү ольха калың өскөн жердин жанындагы кырман четиндеги өтө чоң эмес эки курулуш көрүндү.
– Мынакей! Көрдүңөрбү? Ал катын ошол жерде бирдеме чогултуп жүргөн. Дары чөп же дагы башка бирдемедир.
– Акырын. Ушул жерде күтүп тургула, – Левчук арабакечтен айланып өтүп, кырманга жөнөдү.
Ольха токою тараптан чыккан жазында ылай болуп, жайлата күнгө кургап каткан ийри жол кырманга жетпей өрттөлгөн айылды карай бурулуп кетет экен. Анда жаңы түшкөн издер жок болчу, бирок бул жол Левчукка жаккан жок, ага түшөрдөн мурда аны абайлап карап чыкты. Эки курулуштан жолго жакын жайгашканы, бир бурчунда былтыркыдан калган саман жыйналган эски бастырма болчу. Андан ары чатыры кыйшайып, ар кай жеринен кабырга сыяктуу айырмач жыгачтары, тактайлары сороюп чыгып, эгин тазалай турган бөлмө экен. Левчук үйүлгөн таштарды айланып өтүп, дубалдын тегерегинде өскөн калың дан куурайды аралап барып бурчтан бурулганда, бөлмөнүн чала ачылган эшигин көрдү. Жакын жерде киши-кара көрүнбөйт. Кара буудайдын талаасынын жээгинде өскөн жапайы алманын бутагында чоң, карт карга конуп олтуруптур, ал моюнун буруп чочулагандай аны карап калды. Левчук колун шилтеп үркүттү эле, ал аны тоотуп да койгон жок, качан ал ийниндеги авдоматын жылдырганда гана ордунан шашпай козголуп, айылды көздөй каалгып учуп кетти.
Тегеректен жан адам көрбөгөн Левчук эшиктин эки жакка ачылар каалгасынын бирин акырын ачты. Бөлмө ичи күңүрт тартып, чириген саман менен чаң жыттанат; анын үстүнөн чыйпылдашып эки чабалекей учуп чыгышты, кебетеси бул жерде уясы болсо керек. Левчук эшикти кенен ачып босогодон аттады.
Грибоеддин бул жерден аялды көргөнү жалган эместей, – чындап эле бул жерде бирөө жашап жаткандай. Дубалдын алдында бир кучак тапталган самандын үстүндө эски сокмо таар салыныптыр, жанында эски, тамтыгы чыгып жыртылган төшөнчү сыяктуу бир нерсе жатат, андан бери суу алган жыгач челек. Дубалдагы кагылган мыкта булгаары кап илинген. Кире бериштеги таза шыпырылган жерде кончу кесилген булгаары өтүктүн башы жатат. Кир дубалдын бетин устундардын арасындагы көп сандаган жылчыктардан кирген күндүн нурлары жарык кылып жатты. Кире бериштин сол тарабында дагы бир жапыз эшик бар экен, бул боолонгон эгинди кургатар бөлмө сыяктуу, ошол эле жерде дубалга жөлөп койгон жыгач шаты туруптур.
Левчук бир аз тыңшап турду да анан акырын үн чыгарды:
– Эй! Тирүү адам барбы?
Жооп болгон жок, сыягы бул жерде эч ким жоктой. Бирок бул жерде кимдир-бирөө жашап жатканы чын болсо эртеби, кечпи, келиш керек деп ойлогон Левчук сыртка чыкты. Грибоед менен Клава бадалдын арасынан аны тынчсыздануу менен күтүп турушкан.
– Бери келгиле! – ал соо колун булгап тигилерди чакырды.
– Киргиле! – деди ал тигилер келгенде эшиктин эки каалгасы тең ачып. Адегенде буттарын араң сүйрөп, эшиктин кашегине жөлөнүп жатып Клава кирди. Ал адамзатынын ушул үңүрөйгөн турагына чочулай көз жүгүртүп, жерде жаткан сокмо таарды көрөр замат, ага шалдайып барып олтуруп калды.
– Болду! Бул жерден эч жакка кетпейбиз, – деди Левчук. – Бирок кожойке кайда жүрдү экен?
Грибоед бөлмөгө кирбей, анын тегерегиндеги дан куурай менен чалканды аралай басып, улам токтоп, тыңшап жатты. Бирок жакын жерде эч ким жок болчу. Бир дагы дабыш угулган жок. Болгону, анча алыс эмес жердеги алма жалбырактарынын жаңыдан жүрө баштаган эртең мененки сыдырым желге дирилдегени менен кара буудайдын акырын ыргалган добуштары угулат.
А Левчук ошол убакта курулуштун булуң-бурчтарынан бери аңтара карап жүрдү, шаты менен экинчи, боолонгон эгинди кургата турган бөлмөнүн чатырына чыкты. Ал балким бирөөлөр бизди көрүп жашынып жүрбөсүн деп ойлогон. Бирок бул жерде да эч ким жок болуп чыкты: чатырдын чаң баскан таманында адам изи түшпөгөнүнө көп болгондой. Тыпын менен чабалекейдин богунан бөлөк нерсе көрүнбөйт. Чатыр алдындагы айырмач жыгачтагы уядан чабалекейдин сары ооз балдары ооздорун ачып чыйпылдап тамак сурашат. Левчук жерге түшүп жапыс каалганы ачты. Тар, ыш бөлмөнүн ичи караңгы болчу. Желе баскан кичинекей терезеден тийген бир аз жарык көө болгон кара очокко тийип, андан сасыган, адамды тумчуктурган түтүндүн жыты урат.
– Эмне кылабыз, күтөбүз да. Сен кандайсың, дагы бир аз чыдай аласыңбы? –деп кайрылды ал Клавага, бирок ал жооп берген жок. – Эми бир нерсе жеп алсак...
Тамак ичишсе жакшы болмок дечи, бирок аларда бир сындырым да нан жок болчу, ошондуктан тамакты издешке туура келет. Левчук короого чыгып, аны айланта карап алды, жакын жердеги ольхалар өскөн тарапка көз жүгүрттү. Бирок кожоюндар алыс кеткен сыяктуу. Левчук кара буудай себилген айдоонун чети менен жолго чыгып, бир аз айлананы карап турду, эң четте өскөн ольханын ары жагына чейин барып, кооптуу эч нерсени байкаган жок. Арыраактан токойдун ортосундагы жазы ачык аянтпы же айдоо жердин четиби, чөбү өскөн талаа көз алдыга тартылды, Левчуктун көңүлүн андан бир аз өткөндөн кийин көрүнүп турган карагайлардын жанындагы саргайып бышып, орокту күткөн арпага удаа жаткан картөшкө айдалган ичке тилке бурду. Картөшкөнүн сабагы узун болчу, четки солдордо куурап калган сабактар жаткан, демек, андан казып ала башташкан экен. Андан казып келип бышырышты ойлоп, ал артка ылдамдай басып, чака же башка бир идиш таап келүү үчүн жөнөдү.
Левчук Грибоедге бирдеме керек болуп калбасын дегенсип эшиктин алдында күтүп турду, бирок тигил унчуккан жок. Ал бир кезде мындай учурларда ысык суу талап кылынарын эстеди, демек, от жагыш керек. Ал карбаластап отун издеди, бастырманын алдында бир нече кургак бутак жатыптыр, аларды буту менен тепкилеп майдалады, ошол эле жерге чоң таштардан кемеге жасап, от тутантты. Эми суу ысытканга идиш керек. Ал издеп жүрүп дан куурайдын арасында чаң болуп жаткан, түбү тешик кичинекей казан таап алды. Анын тешигине бутактан сындырып тыкты да, булакка барып суу сузуп келип кемеге асты. Ал ары-бери чуркап жүрсө да, кулагы бөлмө тарапта эле, бирок ал жакта азырынча тынч. Кемегедеги от жалындап күйүп, суу тез эле жылыды.
– Абдан жакшы, – бөлмөдөн чуркап чыккан Грибоед. – Туура кылыпсың!
– Тиякта кандай?
– Эч нерсе эмес. Баары жакшы.
– А сен... Эмне кылышты билесиңби?
– Билгенде эмне, бирдеме кылабыз да, – Грибоед дубалга жөлөнгөн малада жууп жайылган боюнча калган бозоргон чүпүрөктү алып кайра жүгүрүп кетти.
Дагы жакшы деп ойлоду Левчук, Грибоед болбосо ал жалгыз эмне кылат эле? Эми ал бүт көңүлүн бөлмө тарапка буруп тынчсызданды: а балким ал нерсени туура эмес жасап алсачы? Бирок бары жакшы эле болуп жаткансыйт. Көп өтпөй мундиринин этеги ботала-шатала булганган Грибоед чуркап чыгып казандагы сууну алып, кайра жөнөдү.
– Кандай?
– Бүттү, буюрса бүтүп калды...
Левчук бир аз таң калды: ал баланын бакырып ыйлаганын, жок дегенде энесинин кыйкырыгын угам го деп кулак түрүп жаткан, а бул карган арачы чал баардыгы бүттү дейт да.
– Болду, болду, – Грибоеддин үнү угулду, ал атайлап эле Левчук уксун деди көрүнөт, үнүн бийик чыгарып кайталады. – Буюрса баары жакшы!
Левчук сыртта, толкундоолорду, тынчсызданууларды түбөлүккө сезбес болгон атасынын ордун толтургусу келгенсип, төрөлүп жаткан өз баласынан бетер катуу толкунданып жаткан. Согуштун көп азап-тозогун чогуу көргөн жолдошунун аткара албаган бул милдетин аткаруу озуйпасы эми ага өткөндөй, мындан ары Левчуктун Клавага болгон мамилеси да анын Платоновго жасаган мамилесине жараша аныкталарын туюп-билип турду. Эмнеси болсо да ал Клавага кылган мамилесин Клава үчүн эмес, курман болгон штаб башчысынын алдындагы милдети катары санады.
– Ким экен? – чыдабай суроо узатты Левчук. – Эркекпи же кызбы?
– Жигит! – деди кандайдыр бир мурда байкалбаган жайдары мүнөз менен Грибоед. – Татынакай бала. Жүрү, көр...
Анда күтпөгөн жерден катуу кызыгуу пайда болуп, бөлмөгө кирди, Грибоеддин колундагы парашюттун жибегине оролгон кичинекей түйүнчөккө көз жүгүрттү. Аларды күүгүм бөлмөдө, чоочун бирөөнүн төшөгүндө кыйналган көздөрүн алайтып, Клава чочулоо менен карап жаткан.
– Мына, көр! Платоновдун эле өзү. Тим эле куюп койгондой, туура айтамбы?
Ымыркайдын алакандай чүрүшкөн жүзүнөн, жумулган көздөрүнөн анын эптеп тирүү жандык экенинен башка ал эч нерсе көргөн жок. Бирок энесинин көөнү үчүн, арачынын көңүлү үчүн калп да болсо ага макул болумуш этти:
– Албетте, албетте...
– Мына эми кайрадан үч эркек болдук, – деди Грибоед өзүнүн кадимки бушайман абалына келип. – Эми мунун курсагын кантип тойгузабыз?
Левчук эстей койду. Ал жанатадан бери өзүн бул жерде кыларга иши жок ашык адамдай сезип жаткан, эми ал өзүнө тагылган жаңы милдетти түшүнүп, жыртык казанды алды да сыртка шашкалактап жөнөдү. Ольхаларды аралап картөшкө себилген талаага жетти, сол колу менен картөшкөнүн сабагын жулуп, сабак менен кошо чыккан чоңдугу тооктун жумурткасындай картөшкөлөрдү тере баштады. Анын көөдөнү мурда болуп көрбөгөн кандайдыр бир жаңы же балким унутулуп калган сыяктуу адамзаттын түбөлүк жашоосуна катышы бардай, ал жерде согуш деген кара баскырга караманча орун жоктой сезимге толуп, анын Клавага болгон кыйкым издеп, жактырбаган мамилеси көз көрүнөө өзгөрүп, ага тууганына жасагандай урмат-сый менен карай баштады. Азыр Клава баягы бир кезде өзү отрядга алып келгендеги ойсоңдогон кыз эмес, жана да урмат сыйга ээ болгон штаб башчысы менен болсо дагы, никесиз боосуп алган шуркуя да эмес, а эң башкысы ал жаш балалуу эне болчу. Ага камкордук кылуу эми анын адамдык ыйык милдети эле.
Андан тышкары, жаш энеге бул токойдо канчалык оор болорун ал абдан жакшы түшүндү, ошондуктан анын партизандык тагдыры башына үйгөн оор түйшүктү жеңилдетүүнүн жолдорун издеши зарыл. Эң таң калыштуу нерсе, ал Клава аркылуу көп жылдардан бери биринчи жолу өзүн, партизан да, жоокер да эмес, чалгынчы же пулемётчу да эмес, а эң алгач, өзүн адам катары сезди, бул сезим ал үчүн жаңы жана жагымдуу болчу. Тим эле бул согуш деген неме болбогон сыяктуу.
Автоматты артына жылдырып, картөшкөнү булактын муздак суусуна жууду, казанды кемегеге асып суу куйду, кайрадан өчүп бараткан отту тутандырды.
– Менде бир аз туз бар, – деди Грибоед, бөлмөдөн чыгып келатып, казанга асылган картөшкөнү көргөндө.
– Койчу! Балким сенде нан да бардыр? – деп койду Левчук ага жооп кылып.
– Жок, нан жок. А картөшкөгө себелегендей туз табылат.
Арабакеч оттун жанына бир бутуна чөгөлөй олтура калып, мундиринин төш чөнтөгүнөн оролгон кызыл чүпүрөк алып чыгып ачты, анан анын ичинде оролгон кагазды ачып, туздан бир чымчым алды.
– Көбүрөк эле сал! Сенин бир чымчымың эмне болот! – деди Левчук.
Грибоед көбүрөк чымчып алды, бирок ойлоно калып, аны кайра таштап, эми үч манжасы менен чымчыды да казанга салды.
– Үнөмдөш керек. Бул түгөнсө кайдан аласың...
– Клав кандай? – деп сурады Левчук.
–Уктап калды. Мейли, уктасын, уктаганы жакшы.
– А кичинекейчи?
– Кичинекей да уктады. Эмчек эмип алып уктап калды. Ага андан башка эмне...
– Жакшы болуптур. Олтур, бир аз олтур.
– Жок, мен бара берейин. Бул жер ысып кетиптир. Башыма күн өтүп кетет деп корком.
Чынында күн улам көтөрүлүп, кырманда ысык боло баштады, мындан бир аз мурда суукка чыдабай үшүп жатышкандарына ишенүү кыйын эле. Ысыгыбы же суугубу – негизгиси алар немистердин курчоосунан кутулушту, партизандар да, дыйкандар да, немистер да жок – токойдун оңой менен адам келбес жеринде минтип жашынып олтурушат, а казанда карды ачкандардын ашказанына кичине болсо да жук болчудай, жаңы картөшкө кайнап жатат. Эмнеси болсо да чоң коркунуч артта калды, эгерде Тихоновдун өлүмү болбогондо, балким Левчук тагдырына бүгүнкүдөн да көбүрөк ыраазы болмок.
Аны азыр бир аз тынчсыздандырган, азыр алар баш калкалап эптеп да болсо жашаганга ылайыктуу жайдын ээлери жок болуп жатканы эле, баары бир кожоюнбу же кожойкесиби, кимиси болсо да Клавага мындан ары каралашар бирөө керек эле. Анын үстүнө Левчук андан маалымат алмак, балким өздөрү сактай албаган арабанын ордуна, башка араба табылышы да ажеп эмес. Бул эми алдыдагы күтүлгөн иштер дечи, а негизги Клавага байланыштуу көйгөй оңунан чечилди, атасынын көрү, калган иштер деле бүтпөй коймок беле, акырындап баары бүтөт.
Казандагы суу кайнады, картөшкөнү эзилтпей чыгарып алыш керек, Левчук ППШдан чыгарып алган сүмбө менен кайнап жаткан картөшкөнүн бирин сайгылап көрдү. Бирок ал дагы эле катуу болчу, дагы биртике кайнатыш керек экен. Ал отко колуна тийген бутактардын, тактайдын сыныктарын, тосмодо сайылган чырпыктарды бүктөп сындырып кемегедеги отко салып жатты. Грибоед отту карап маланын үстүндө үңүрөйүп олтурган.
– Эмне маанайың жок, абышка? – деди Левчуканы карап. – Бардыгы жакшы эле го.
– Жакшысы го жакшы, бирок, – Грибоед үшкүрүп койду.
– А эмне болду? Тихоновду ойлоп жатасыңбы?
– Тихонов дагы. Ал жаш эле да. Чындап эле жашагысы келген жокпу?
– Бардыгы жашагысы келет. Бирок бардыгы эле жашай бербейт.
– Мен да ошол жөнүндө ойлоп жатам. А эми бул жерде кичинекейди...
Кичинекей албетте, кыйчалыш убакта жарыкка келди деп ойлоду Левчук. Жок дегенде бир апта мурда төрөлгөндө мындай курчоодо калышпайт эле, эми Клава жаш наристеси менен бул таланып-тонолгон жерден алигиче издеп табыша элек чоочун адамдардын арасында кантип күн көрөр экен.
– Башка жактардан издейт окшойбуз, – деди Левчук. – Бул жерде күтүп олтура берсек, кимдир-бирөөлөрдүн келер-келбеси күмөн.
Грибоед отту тиктеп ойлуу олтурду, курсагы курулдаган Левчук соо колун шилтеп койду:
– А мейли. Адегенде курсакты кампайталы, анан көрө жатарбыз...
9
Левчук короодо эки саатка жакын, балким андан да көп олтурду. Күн жанаша турган үйдүн чатырына жашынып, короо ичин калдайган көлөкө басты. Левчукту олтурган жеринен эч ким тынчын алган жок, короодо кадимки көнүмүш жашоо – балдар жаш курагына жараша оюндарын ойноп, чоңдор дем алыш күнү бүтүрө жүрчү иштерин жасап, бири жуулган кирин жайып, дагы бири жолду шыпырып жүрдү.
Кашаанын жанында жаш жигит кызыл-тазыл оор килемди өзүнүн күчтүү колдорундагы күбүгүчү менен тарсылдатып сабаганда, андан чыккан дүңкүлдөгөн үн жаңырыктап тээ алыска сиңип кетип жаткансыды. Кемпирлер көлөкө түшкөндөн кийин бир аз олтуруп, үйлөрүнө кетишкен, а гараждын жанындагы эркектер дагы эле чачылган “Москвичти” чогултуп бүтө элек. Алардын жанында адаттагыдай топурашып, бир нече бала ойноп жүрүштү.
Левчук жанатан бери бул короону жакшылап карап, булуң-бурчтарынан бери жаттап алгыдай эле болду. Жалпысынан алганда ага бул жер жакты – таза, жакшы каралган, болгону, майрам күнкү базар сыяктуу эл көп, күүлдөп турат экен. Адам баарына көнөт эмеспи, өздөрү буга жедеп көнүп бүтүшкөндөй. Өзү деле айылдын айбанаттардын чуулдагы менен трактордун күркүрөгөн үндөрү эле бузбаса, мынчалык ызы-чуу түшкөн эл жок, тынч жашоого көнүп алганын ойлоду.
Левчук өткөн окуяларды эстеген сайын: ал азыр ким? Кандай адам болуп калды экен? – деген ойлордон арыла албады. Кээде анын көз алдына узун бойлуу, өзүн ишенимдүү кармаган, аркы-беркини байкап сүйлөгөн, жагымдуу күлкүсү жүзүндө ойногон адам элестей түшчү. Левчук көп сүйлөбөгөн адамдарды жактыра берчү эмес, өзү деле көп сүйлөчү эмес, бирок өзүнүкү башка кеп.
Ал бардык тарабынан жакшы болуш керек. Балким ал кайсы бир тармакта инженердир, азыр машинелер менен механизмдер боюнча адистер бардык жерлерде көбөйбөдүбү. А мүмкүн ал өзү ошол машинелерди жасагандардын бири болушу да мүмкүн. Авдомобилдерди Левчук мурдатан эле жакшы көрчү, кайсы бир убакта айдоочу болууну кыялданчу, колу болсо балким ал кыялын ишке ашырмактыр. Бирок бир кол менен каалаганыңдын баарын жасай албайсың. Үч жыл мурда алардын колхозуна шаардан шефтик жардам бергени бир инженер менен техник келишкен, алар фермада тоют даярдоочу цех орнотушкан, ошондо алар менен таанышып, аларды аябай жактырган. Левчук ал тургай аларга көмөкчү болуп жүрүп өзүн да жогорку класстагы адис катары сезген. Иши кылса жагымдуу болчу.
А балким ал бир белгилүү ооруканада операция жасап, оорулууларды дарылаган дарыгер чыкмак. Левчук адамдарды дарылоо кандай маанилүү экенин билчү, өзү согуштан кийин ооруканага көп каттачу, бир жолу согуштун майыптары үчүн ачылган Крымдагы санаторийге да барып келген.
Албетте, ал башка толгон кесиптердин бирин тандашы мүмкүн – эгерде окуган болсо, башы иштеген адам болсо, бул жашоодо анын ким болуп калышы мүмкүн экендиги башыңа да келбейт. Анын бир окуу жайын бүтүргөнү бышык, институтту бүтүп, балким бир илимдин кандидатыбы же дагы башкасы болгондур, ким билсин, окумуштуулар өздөрүн эмне деп аташарын. Кошуна айылдан бир кыз шаарга барып, бир күчтүү илимпозго эрге тийген эле, жайында энесиникине чогуу келишкенде анысын менин кандидатым деп айткандан танган жок. А энеси билими жок караңгы неме, бир-эки жолу жаңылып кетип аны депутат деп айтып алып уят болгон. Бирок ал таарынган эмес.
Анан дагы ал чарбачыл, тыйын санаганды жакшы көрүп, азыркы эркектердин сүймөнчүгүнө айланган ичкиликке жолобойт болуш керек. Ооба, бир кезде Левчук өзү да андай күнөөдөн таза эмес эле, бирок көптөн бери майрамдарда, кээ бир ыгы келген учурда, мисалы үйгө коноктор келгенде гана ууртап коюп жүрөт. Бирок Левчуктун жашоосу ага мисал эмес, ал андан сөзсүз мыкты болуш керек.
Ал эч качан сөгүнбөсө керек. Эми таптакыр орой сөздөрдү сүйлөбөйт десе болбостур, бирок азыркылардын айрымдарындай кантип болсун, эки ооз сөзүнүн бири бок ооз сөздөр. Андайларды мейли мугалим болобу, мейли бир чоң жетекчи болобу, Левчук жаман көрчү. Макул, согушта кан-жин, ачарчылык, өлүм аралашып турганда урушуп, сөгүшө кетсин, а азыр эмне үчүн сөгүшөт? Ушул жыргал жашоодо аларга эмне жетишпейт?
Бирок адистиги боюнча коомдогу орду боюнча ким болбосун, эң биринчи адам болушу керек. Левчук бул түшүнүккө кандайдыр бир татаал же философиялык маани берчү эмес, бул түшүнүк анда эң эле жөнөкөй: боорукер, кайрымдуу, акылдуу жана бирөөлөрдүн эсебинен жашабаган адам болсоң болду. Ал бул турмушта башкалардын эсебинен жашаганды жакшы көргөн шылуундарды, акылдуусунган кемпайларды көп эле жолуктурду. Андай адамдарды согушта башкалардын эсебинен тирүү калгысы келип кууланган адамдардай жек көрчү. Ал өзү эч качан куулук-шумдукка барып, бирөөлөрдү алдап сызга олтургузган жан эмес, ал адамдардагы чоң, кичине куулуктарды жек көрчү.
Бирок мунун бардыгы анын кыялы, узак, отуз жылдан берки – туптуура анын анчалык деле ийгиликтүү деп айта албай турган жашоосунун тең ортосу болгуча ойлонуп бүтпөгөн кыялдары эле. Чынында баары башкача болуп калышы мүмкүн экенин ал жакшы түшүнчү. Бирок ал андай болбой калышын каалаган жок, ал бардыгы өзү ойлогондой жакшы болушун, кудай ага бербеген уулуна кандай кааласа дал ошондой болушун самачу. Ал үч кыздуу болгон, үчөөнүн тең баскан-турганы, мүнөздөрү энесиникидей. Атасынын бир да жерин тартышкан жок. Виктор албетте, уулу эмес, бирок аны менен көп нерселер байланыштырып турчу. Ал окуядан кийин Левчуктун башынан өткөзгөн окуялар канчалык кыйын болбосун, бирок ошол кездегидей болгон жок. Ошондо ал бар күчүн жумшаган, ал тургай өз башынан да ашыра аракет кылган, кийинки окуяларга анда жөн гана тамызгы калбай калган...
10
Левчук казанда кайнаган картөшкөнү бир аздан кийин дагы бир жолу сайганда, сүмбө казандын түбүнө чейин жете түштү, ага бир колу менен ыңгайсыз болгондуктан Грибоедден казанды оттон чыгарышын суранды. Грибоед түстүү жиптер менен кооздолуп тигилген бир кездеги укмуш мундиринин этеги менен казандын кулагынан кармап кемегеден чыгарды да, чөптүн үстүнө көңтөрүп таштады. Суусу ансыз да соолугандыктан, калган суу бат эле агып, жерге сиңип кетти. Грибоед картөшкөнү казанга салып кемеге кайра асмакчы болду:
– Кичине кургасын.
– Кургатып эмне кыласың. Алып кир бөлмөгө, жейлик.
Грибоед бууланган казанды кайрадан колуна алып бөлмөнү карай басты, Левчук ага каалганы ачып, жол бошотту. Колуна оролгон кичинекей түйүнчөгүн кармаган боюнча көзү илинип кеткен Клава тигилердин дабышынан ойгонуп кетти. Левчукка ал эриндерин алсыз кыймылдатып жылмайып койгонсуп көрүндү.
– Тур, өзөк жалгап алалы! Мына, жаңы бышкан картөшкө. Быйыл жаңы картөшкөнү ооз тие элек болсоң керек?
Ал турууга аракет кылды, Левчук анын далысынан жөлөп өйдө кылып, артындагы саманды чогултуп, илинген булгаары капты бүктөп аркасына жөлөп берди. Клава колунан баласын түшүрбөй эптеп оңдонду да, бир колу менен маңдайына түшкөн чачын түзөдү.
– Уктап калдыбы? – деди Грибоед, анын алдына казанды жылдырып.
– Уктап жатат. Ойгонбой эле кечке уктап жатат, – деди радист кыз, анын үнүндө бир аз кооптонуу бар эле.
– Мейли уктай берсин. Атасын тартып жоош болгон го.
– Сага рахмат, байке, – деди Клава ага башын ийип.
– Рахмат айта турган деле эч нерсе жок. Ургаачы болгондо албетте, жакшыраак болмок...
– А сен деле оңой эмес экенсиң, – деди Левчук. – Кыйкырык да, ый дагы угулбады.
– Ал менден эмес. Сен эмне? Ал мына бул кыздын кайраттуулугу.
Экөө улам үйлөп, казандан ысык картөшкөлөрдү алып чыга башташты, а Клава алдындагы баласы менен дубалга жөлөнүп кыймылдабай олтурган, Левчук аны карап үн катты:
– Ал же. Эмне карап олтурасың?
– Бул баштыкта кашык бар эле, – деди ал.
Ал Клавнын жаныдагы немистердин жука баштыгын алып, аны аңтара баштады.
– А мынакей кашык.
– Дагы карасаң, кол казан бар. Алып чык. Атайын ушундай учурга деп сактагам.
– Кол казанбы? Ого! Го-го! – мындайды күтпөгөн Левчук, чынында эле ал ичинде суюк нерсе чулкулдаган солдаттардын ак алюминий кол казанын баштыктан сууруп чыкты.
– Самогонбу?
– Бир аз спирт. Сактап жүргөм...
– Ох, сен кандай азаматсың! – Левчук жан алы калбай балбалактап жатты. – Кудайым кичинекейиң экөөңө ден-соолук берсин. Грибоед, кандай, көтөрүп жиберелиби?
– Ушундай иш болуп жаткандан кийин, – Грибоед оңтойсуздана жооп берди, бөлмөнүн ичиндеги көптөгөн чаар ала көлөкөлөрдүн арасынан, анын каректеринен чыккан жагымдуу нур жылт эте түшкөнсүдү.
Алар кол казанда бир аз болсо да суу кошулган спирт табылганына кудуңдашып, аны кандайдыр бир салтанаттуулук менен ичишти: адегенде Левчук спирттен чоң ууртап жутту да, демин сыртка чыгарып, бир аз тынып, андан кийин гана ыракаттануу менен картөшкөнү жыттап, оозуна салды. Кол челекти Грибоедге узатты, ал жутардан мурда эле бети-башын бырыштырып, спирттен кичине ууртап, убагынан мурда шалбырап, эрте карып бараткан жүзүн ого бетер тырыштырып калды.
– Мунуң болбогон оокат! Ушундан көрө самогон жакшы.
– Салыштырганын кара! Бул деген таза, заводдуку... А самогон...
– Заводдуку болсо эмне экен. Самогон ичкенде жеңил кетет.
– А сен аласыңбы? – Левчук Клавны карады.
– Мага ичкенге болбойт болуш керек.
– А эмне үчүн болбойт? – деди Грибоед. – Иче бер. Менин аялым эмчек эмизип жүргөндө анда-мында ичип койчу. Ушундай учурда кантип ичпейсиң. Балаң да жакшы уктайт.
– Мейли, мага кичине эле...
Ал кол казанды эрдине алып барып, бир аз ооз тийди. Ыраазы боло түшкөн Левчук бакылдап кирди, – бирөөнүн кубанычын ал өзүнүн кубанычындай кабыл алчу.
– Мына эми жакшы болду! Эми тамак жейбиз. Картөшкө аачылбаса да даамдуу болуптур . Чынбы?
– Аябай даамдуу болуптур, өмүрүмдө мындай таттуу картөшкө жей элек болчумун.
– Тим эле козу карындай болуптур! Тузу бир аз кем болуп жатат, туурабы Грибоед? – деди Левчук Грибоед эмне дейт дегенсип.
Бирок Грибоед башын чайкады:
– Жок, бере албайм. Аз калды. Дагы кереги тиет.
– Билген эмесмин, билген эмесмин. Сараң турбайсыңбы.
– Сараң болбогондо кантмек элем? Көп болсо бир жөн эле. Бир жаласаң түгөнөт...
– Ой, башым тегеренип чыкты! – деди Клава дубалга жөлөнүп.
– Эч нерсе эмес. Бат эле өтүп кетет, –деди Левчук аны жайгарып. – Менин да көңүлүм ачылып, жыргап калдым.
Грибоед аны жактырбагандай карады.
Арабакечтин жүзүндөгү бырыштары ал бир нерсеге толкунданып, тынчсыздана баштаганда, бир нерсеге капа болгондо дайыма бөлүнүп-бөлүнүп кызаргансып чыкчу. Азыр да ошондой болду.
– Көңүл ачкандай убакпы? Күндүн кайда экенин карачы.
– А эмне экен?
– Ошол. Кечке чейин дагы эмне бар, эмне жок.
Левчук картөшкөнү жеген сайын табити ачылып ыракаттануу менен күйшөп жатты. Берки экөө сыяктуу эле ал дагы түнү менен жүрүп чарчаган, курсагы ачкан, эми ал бир аз кызый түштү, ошентсе да эмнегедир өзүн ишенимдүү жана күчтүү сезип жатты. Албетте, ал ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн экенин түшүнүп турган, бирок анда ок тийбеген күчтүү соо колунда авдоматы бар, буюрса, берки колу да бир аз чыдап койсо кыймылдаганга жарап, соо колуна өбөк-жөлөк болгонсуп калды. Согуш башталгандан бери ал ондогон коркунучтуу учурларды башынан өткөзүп, аман-эсен келет, эми ушул эл жок, унутулган ээн жерде, анын бир жаман ишке кабылышына ишениш кыйын. Албетте, эң жаман нерсе – бул өлүм, бирок ал аны анча коркута алчу эмес, ал анын баары бир келерине эбак макул болгон, азырынча тирүү турганда өлүмдөн коркчу эмес. Жашоо үчүн күрөшкөнгө жана өзү үчүн бекем турганга күчү азырынча жетиштүү болчу.
Башкалар өздөрүн андай сезишкен жок.
Грибоед жаман бир нерсе эсине түшкөнсүп, таптакыр эле үн-сөзсүз түнөрүп калды. Картөшкөнү чайнап жатып эле капыстан кыймылдабай, бир жерди тиктеп унчукпай калат. Клава бир эле учурда бир нече нерселерди жасоого үлгүрүүдө: тамагын да жеп, ошол эле убакта баласын карап, кандайдыр бир тынчсыздануу менен өзүнө гана угулгансыган бир нерселерге кулагын төшөп жатты. Левчук мурда да көп жолу анын ушундай өзгөчөлүгүн байкаган, ал оозундагы картөшкөнү жутуп жиберип ага кайрылды:
– Сен эмнеге эле кулагыңды түрүп жатасың?
– Менби? Бир нерсе угулгандай болду. Үндөр чыгып жаткансыйт...
Бардыгы тыңшап калышты, бирок шектүү дабыш угушкан жок. Левчук авдоматын мойнунан кармап сыртты карап келүүгө жөнөдү. Убакыт түшкө чамалап калыптыр, кырманды күн ысык нуруна куйкалап жиберчүдөй кактап, ысыктан эрип кетчүдөй болгон мейкиндик бейкапар үргүлөйт. Левчук кырманды айланта карап бөлмөгө кайтты.
– Кулагыңа угулуптур, Клавга. Эч ким жок.
– Угулса угулгандыр, – деп макул болду ага Клава. – Менде кээде ошондой болот. Мен кичинекей кезимден эле коркок болчумун! Үйдө жалгыз калгандан коркчумун. Бөтөнчө кеч киргенде. Москвада Солянкада жашачубуз, үй эски боло турган, чычкан толтура эле. Атам көбүнчө иши боюнча ар кайда кетчү, апам жумушунан кечиккенде, ал келгиче буфеттин бурчуна жашынып ыйлап олтурчумун. Чычкандардан өлө коркчумун.
– Чычканданбы? – деп таңгалды Грибоед.
– Ооба, чычкандан.
– Чычкандын эмнесинен коркосуң. Ал эмне тиштеп алмак беле?
– Чычкандар – карышкыр эмес. Карышкырдан корксо болот. Мен карышкырдан коркчумун. Бир кезде жүрөгүмдү түшүрүшкөн, – деди да Левчук жерге чалкасынан түшүп ыракаттанып жата кетти.
– Эми бир аз чырм этип алсак кандай болот. Кандай дейсиң, Грибоед?
– Аны өзүң билесиң да. Чоңубуз сенсиң.
Грибоед казандагы картөшкөнүн калганын жээр-жемексен болуп отурган. Левчук оозун чоң ачып эстеп, Грибоедди кантип күзөткө калтырып, өзү бир аз болсо да уктап алсам деди. Уйкусу аябай келди, бөтөнчө азыр, курсагына бирдеме барып, бир ууртам спирт ичкенден кийин көздөрү жабышты. Бирок ал Грибоедге эч нерсе айтып үлгүрө электе жанындагы Клава токтобой бышактап ыйлады, Левчук жаткан жеринен өйдө болушка аргасыз болду.
– Эмне болуп кетти? Сага эмне болду? Клава, бардыгы жакшы эле го!
Бирок ал бетин алакандары менен жаап, үн чыгарбай шолоктоп жатты. Левчук эмне болуп кеткенин түшүнбөй, аны сооротууга аракет кылып күйпөлөктөдү, а Грибоед жылаң аяк буттарын кайчылаштырып, аларды капа болуп карап олтурду.
– Мейли да, сен эмне кийлигишесиң? – деди ал бир аздан соң. – Ыйлагысы келсе ыйлап алганы дурус. Анын да өз билгени бардыр. Тим кой.
Левчук кайра ордуна келип олтурду, чынында Клава бир-эки жолу бышактап алып, жеңи менен көзүн сүртүп басылып калды:
– Кечирип койгулачы. Токтоно албай кеттим. Экинчи мындай кылбайм.
– Сен мындай тамашалаганыңды кой, – деп эскертти Левчук. – А болбосо билесиңби... Сени көрүп биз да бакырып ыйлап жиберебиз.
Анын эриндери кайрадан кемшиңдей баштады, анын ичинде кандайдыр бир ызасы козголгондой, Грибоед аны шашылып алаксыта баштады:
– Эч несе эмес.. Негизгиси – балаң бар. Буюрса бат эле чоңоёт. Каргыш алган согуш бүтсө бардыгы жакшы болот. Мага окшогон улгайып калгандарга кыйын, а жаштардын келечеги алдыда. Ыйлагандын кереги жок. Азыр кимге жеңил экен? Мага оңой дейсиңби? Мага силердин кайгыңарды берсе кана...
– Келгиле, көңүлдүү бирдемелерден сүйлөшөлүк. Мен мисалы силерге согуштун алдында аз жерден үйлөнүп кала жаздаганымды айтып бере алам.
Бирок Грибоед өз ойлоруна алаксып, Левчуктун тамашалуу сунушуна көңүл бурган жок, ал жерди тиктеп кайгылуу олтурган.
– Мен өзүмдү кылым жашасам да кечирбейм: эмне үчүн ошондо аны Выселкиге ээрчитип алдым? Эмне үчүн аны жер үйгө калтырган жокмун?
– Сен кимди айтып жатасың? Уулуңдубу?
– Ооба. Володька тууралуу. Өмүр бою өзүмдү кечирбейм...
– А мен өзүмдү атамды укпай койгонум үчүн кечирбейм, – деп анын сөзүн улап кетти жандана түшкөн Левчук түздөнүп олтуруп.
– Кырк биринчи жылы мен үйүмө бардым. А атамдын үйү өтө деле алыс эмес болчу. Кобринден Старобинге чейин көп деле ыраак эмес. Старобиндин жанындагы айылымды Курочки деп коюшат. Немистер биздин полкту талкалагандан кийин ар кимибиз ар кай тарапка чачырадык: кээси туткунга түшүп, айрымдары чыгышка, айрымдары токойго партизандарга кошулду. А мен атамдыкында баш калкаладым. Аскер кийимимди чечип, жөнөкөй кийимдерден кийдим да, атама жардам берип жашап жүрдүм. Атам эл көзүнө көрүнбөй жашынып жүр десе, мен болчумунбу! Баатырмын да! Кимден коркмок элем! Немистер жок болчу, бүт айылга бир полицай – Козлюк, эптеп киши кебетеси бар, араң жүргөн бирөө, анан да каруусуна чүпүрөк байлап, белине тапанча байланып алганын кантейин. Ошондон коркоюнбу? Өзүмдө чатырдын алдында ороп катып койгон СВД (Самозарядная винтовга Токарева-Токаревдин өзүн-өзү окточу мылтыгы) бар болчу, эгер бирдеме болсо акырын атып салмакмын. Бирок ал мага тийишкен жок, менден коркчу. Жазында мага окшогондорду районго каттоого чакыра башташты. Корккондор барып катталып келишти. А мен СВДимди алдым да токойго кетип калдым. Ошондон кийин Козляк эрдемсип, райондон толтура шүмшүктөрүн ээрчитип келип атама асылышыптыр.
– Уулуң кайда?
– Билбейм.
– А сен билбесең биз билебиз!
Ошентип атамды алып барып атып салышыптыр. Баары менин баатырдыгымдын айынан. Эр жүрөкмүн да. Жашын дегенин эмнеге укпай койдум экен. Атанын сөзүн угуш керек болчу. Мекендин коргоочусу, а атамды коргой албадым.
Ымыркай энесинин алдында кыбырап – жибек ороочунун ичинен бул дүйнөгө келгени, эң алгачкы ыңаалаган алсыз үнүн чыгарды. Клава аны этияттап, азырынча бала кармап көнө элек эпсиз колдору менен коомай кармап, чечекейи чеч болуп, эркелете турган эң эле керектүү, эң эле уккулуктуу сөздөрдү издеп таба албай жаткансып, өпкө-жүрөгү эзилип, ага бирдемелерди акырын шыбырап жатканын көрүп, жаш эненин абалын жакшы түшүнгөн Грибоед ага мындай деди:
– А абдан жакшы! Курсагы ачкан экен, эмизип кой. А сен ары кара, муну уялтпай.
Левчук ары бурулду, Клава сокмо таарды четинен тартып жамынып, баласын эмизе баштады.
– Ай кандай жакшы! – деген Левчук кайрадан жерге чалкасынан жатты. – Эгерде согуш чыгып калбаганда үйлөнүп алмакмын. Көздөп жүргөн бирөө бар эле. Аты Галка болчу. Эми кайдан. Галка да жок, аял да жок. Согуш!
– Кудайым ай! – Клава капилеттен жүрөгүн көптөн бери өйүп сыртка чыгалбай жүргөн нерсе жарылгансып кызууланып сүйлөй баштады. – Мен согуш деген эмне экенин түшүнүп коюптурмунбу! Өзүм барып суранбадымбы. Албай коюшканда тааныш аркылуу радио мектепке орноштум. Мен ойлогом... А бул жерде! О кудайым, бул жерде канча кайгы, канча кан, канчалаган өлүм! Кантип гана жергиликтүү эл чыдап жүрүшөт, билбейм? Мейли, эркектер го чыдашсын. А аялдар, кыздар, балдар. Алардын эмне күнөөсү бар? Сабап, итке талатып, өрттөп жатышат. Жөн эле өлтүрсө жакшы го, жырткычтардан да жаман кыйнап жатышпайбы!
– Алар алсыздарга эле кыйын, – деди Грибоед катуу үшкүрүп. – Коргоп алары жок, буларды эмне кылса да боло берет. Партизандарга катылып көрүшсүнчү – акелерин таанытып коюлары мүмкүн. А буларды койдой эле көрүшөт. Келишет да, курчап алып, малдай айдап клубга же сарайга алып барып камашат, шылтоолору документ текшеришет имиш. Андай эмес экенин баары билет, бирок барбай коё алышпайт. Үмүттөрүн үзүшпөйт. Камап койсо, балким коё беришер деп үмүт кылышат. Ата башташса бардыгын атпай калгысы бардыр деп үмүт кылышат. Ошентип үмүттөрү үзүлбөгөн боюнча жан беришет. Ушинтип үмүт биздикилердин оңой кетишине жардам кылат!
– Макул, немистер го өлтүрсүн. Өзүбүздүн эле кишилер өлтүрүп жатышпайбы. Жанагы полицайларды айтам. Өз элине алардын колдору кантип көтөрүлөт.
– Көтөрүлөт, – Левчук оңдонуп түз олтурду. – Анткени буйрук бар. Формасын кийишсе, куралдарын колдоруна алышса, анан буйрук беришсе аткарууга мажбур болушат да.
– Бирок ошого чейин кантип жетишти? – деди Клава түшүнө албай.
– Жашагылары келишет. Элден жакшы болгулары келгендери бар. А кээси түшүнбөстүктөн. Колдоруна чүпүрөк байлап алса эле жыргап кетебиз деп... Үчүнчүлөрүнүн Кеңеш өкмөтүнө кеги бар. Андайлар немистерге кошулуп өч алгылары бар. Адегенде баары жакшы адамдар, бара-бара бийлик даамын алып өздөрүн кыйын сезе башташат, андан соң колдоруна мылтык карматып, буйрук беришкенде: пуф! пуф! Бардыгы майда нерседен башталат.
– Бул айбандар аёо эмне экенин билишпейт көрүнөт, – деди Грибоед ойлуу. – Зарудич деген айылды немистер басып алып өрттөп жиберишкен экен; өрттөнүп жаткан бир үйдөн немистин бири мештин бурчуна корголоп олтурган кичинекей баланы көрүп калат. Аны чыгарып алгандын ордуна ал жырткыч мылтыгынын кундагы менен соккулап баланы бурчка ого бетер тыгып, кыймылдай албай эси ооп калганча сабап таштап коёт да, анан эмне болор экен деп жолдоштору менен топтошуп алышып өрт бүткөнчө карап турушат. Айылдыктардын өрттөнгөнү өрттөнүп, атканын атып кырышат. Баягы бала гана аман калыптыр. Немистер анын аман калганын көрүп жинди болгондой кыраан-каткы күлүшөт. Кан көрүшсө, самогон ичишсе кутурган иттен айырмалары жок. Канчалык көп кан төгүлсө, андан дагы көп канды самашат.
– Кудайым ай! – деди Клава. – Буга чейин өз кара жанымдан корксом, мындан ары эки адам үчүн коркушум керек. Мына бул бала үчүн. Менин кичинекейим!.. Менин кешиксиз алтын балам, мен сени кантип гана коргоп калар экенмин? Биздин үлүшүбүзгө мынча эмне ачуу тагдыр буюрду экен?..
Левчукка анын бул сөздөрү жаккан жок, ал туруп сыртка жөнөдү. Ал мындай ыйлактоолорго, бөтөнчө аялдардын ыйлактоолоруна көнбөгөндүктөн, чыдай албай кетчү.
– Болду эми ыйлактаба! Бир айласын таап чоңойтуп алабыз! Азырынча бир ыңгайлуу жер табышыбыз керек. Бул жерде күтүп олтура берсек эч ким келбейт окшойт.
– Азырынча буга турганга болбойт. Жата турушу керек, – деп сөзгө аралашты Грибоед.
– Жата берсин. Жанында сен болосуң. А мен барайын. Баары бир адамдарды табышыбыз керек. Бир жерде жүрүшкөндүр. Баарын жок кылышты дейсиңби. Бирин, экин киши калгандыр.
– Круглянкага барышың керек. Чоң кыштак бар эле. Бул жерден он чакырымдай болот.
– Мейли, Круглянкага деле барам. Ал жакта тааныш байке бар эле.
– Шипшиновичти айтасыңбы. Ал тирүү жүрдү бекен? Балким токойдодур.
– Токойго барбаса керек... Кол казанды берчи, суу алып келейин. Суусап чыктым.
Грибоед жаңы эле колун кол казанга сунганда, Клава кайрадан корккон кишидей элейип, бир нерсени тыңшап калды.
– Эмне болду? – деди аны түшүнбөй калган Левчук.
– Тыңшасаңар. Уктуңарбы?..
– Эмнени? – ага нааразы болуп үн чыгарган Левчук бөлмөнүн ортосунда катып калды.
Түш мезгилинин мемиреген тынчтыгын, кайдадыр бир жактан чыккан ооз кыяктын обону бузуп жаткан. Левчук унчукпай авдоматын алып, сыртка жөнөдү.
11
Ал каалганы ача коюп, кайра тез жаба салды. Ансыз деле каалганын жыш кагылбаган тактайчаларынын жылчыктарынан өрттөлгөн айылдан чыккан жолдо кара кийимчен адамдар олтурган эки араба кетип баратканы көрүнүп турган. Ал кара пилоткачандардын айрымдары мылтыктарын колдорунда кармап, кээси жондоруна асынып алышыптыр, алардын сүйлөшкөндөрү, күлгөндөрү жана ооз кыяктын назик үнү угулуп турду.
Левчук сөгүнүп алды.
– Эмне болду? – деди корко баштаган Клава. – Немистерби? Немистер бекен?
– Немистер! – Левчук каалгадан артка жылды. – Грибоед – бурчка! А сен жамын!
Ал Клавага жетип барып анын аркасында жөлөнгөн капты сууруп, анын үстүнө таштады.
– Тынч жат! Алар байкашкан жок, өтүп кетишет, – бул сөзүнө өзү да ишенген жок, ошентсе да жолдошторун жооткотуп койду.
Грибоед бурчка барып, караганга ылайыктуу жылчык таап, жолду шыкаалай баштады. Левчук каалганын жанындагы жылчыкка жабышып, жолдон булакка тез түшүп, андан өтүп, дөбөгө жай чыга баштаган арабадан көзүн албады. Арабада олтургандарды санады – биринчи арабада төртөө, экинчи арабада үч немис олтурушкан. Эми алар кырмандын жанынан өтүп кетишеби же токтошобу, эң негизги маселе ушунда эле.
Жок, алардын өтүп кетер ойлору жоктой – булакка жеткенде арабалар токтоду. Бирөөнүн катуу кыйкырган буйругу угулуп, адегенде бирөө, анын аркасынан бардыгы арабадан жолго секирип түшүштү. Левчуктун жүрөгү опкоолжуй түштү, сыягы, бул балээден оңой чыга алышпай турган өңдөнөт.
– Грибоед, жакшы кара! Тынч!
Бирок буйрук бербесе деле бөлмө ичи жымжырт болчу, Клава, капты жамынгандын ордуна самандын үстүндө чөгөлөй олтуруп, баласын бооруна бек кысып, көзүн Левчуктан алган жок. Грибоед бүкүрөйүп, жылчыкты шыкаалап турду.
“Эми эмне кылышат? Эмне кылышар экен?” – Левчук ичинен кайталап, тигилер мылтыктарын даяр кармап чөнтөктөрүнө окторду, дагы бир нерселерди салганын көрдү. Мына, арабаларын булактын жанына калтырып, алар кырманды карай кеткен жалгыз аяк жолго салышты. Алар адегенде эле экиге бөлүнүп – бири кырманды көздөй, экинчи азыраак тобу кырманды ольхалар жыш өскөн тараптан айланып жөнөштү. Алар камырабай, эч нерседен шек албагандай тамекилерин чегип, ойлорунда эч нерсе жок бейкапар сүйлөшүп келатышты. Мына ошол чын эле камырабастыкпы же атайын жасалган куулуктарыбы деген ой Левчуктун санаасын санга, оюн онго бөлүп, анын көңүлүндө балким жаныбыздан өтүп кетишер деген сокур үмүттү жаратты. Ал күтүүдөн чыңалып чыккан денесин жылчыктын жанындагы дубалга жөлөп, авдоматын атууга даяр экенин сол колу менен анын боорундагы жылдыргычты акырын кармап текшерип алды. Төртөө камырабай жай басып, кырманга жетип калышты. Ушул жерден авдоматтын огун жаадырып жиберсе ыңгайы келип турган, бирок алардын эмне ойлогонуна көзү жетпегендиктен, балким өтүп кетишер деген алсыз үмүт Левчукту андай кылуудан токтотту. Балким башка иштер менен кара буудай талаасына баратышкандыр, болбосо бул жерде партизандар жашынып жатканын кайдан билишмек эле деп ойлоду ал.
– Левчук, эмне болду? Алар кайда? – жүрөгү дүкүлдөп соккон Клава шыбырап сурады, бирок ал ага жооп бербей башын чайкады.
– Акырын!
Бир убакта полициялар кырмандын бурчуна киришип көрүнбөй калышты. Левчук устунга чекесин канчалык жабыштырып караса да, эч нерсе көрө алган жок. Аңгыча алар так дубалдын жанындагы дан куурайдын артынан чыга келишти. Алдыда узун бойлуу, белинде боосу узун сумкесин салаңдатып асынып, сукно мундир кийип, бир колуна немис мылтыгын көтөргөн полицай келатты. Экинчи колундагы сигаретин жерге ыргытардан мурда, удаа-удаа соруп алды. Ал короонун ортосуна жетип калган, Левчуктун дагы эле ал бөлмөгө кирбей өтүп кетиши мүмкүн деген үмүтү үзүлө элек болчу. Левчук жылчыктан анын кайда караганын көз жаздымынан чыгарбады, ал адегенде дубалды сыдыра бир карап алды, анан бурчтагы дан куурайдын арасын бир аз тиктеп, кокустан алар жана эле от жаккан кемегени көрүштү. Күйүп бүтө элек чычалалалардын учтарынан билинер-билинбес түтүн чыгып жаткан экен.
Левчук өзүнүн байкабастыгынан кетирген жаңылыштыгын ойлоп, үн чыгарбай сөгүнүп алды, бирок кеч болуп калган. Полицай эшикти көздөй кадам таштап, каалганы ачты, андан кычыраган үн чыкты.
Аркасы менен дубалга жабышып турган Левчук авдоматын алдыга сунуп, жанагы эле үмүтүнүн акыркы тамчыларынан арыла албай турду. Ал эми сырттан кирген неме бөлмөнүн ичиндеги күңүрт жарыктан көрбөй калышы мүмкүн деп ойлоду. Бирок полицай каалганы толук ачып бүтө электе эле анын маңдайындагы дубал тараптан Клаванын карайган денеси көрүнүп, чыңалган оор тынчтыкта удаа-удаа үч жолу ок атылды. Полицай акырын үн чыгарып, эшиктин кашегине жөлөнө жыгылгандай болду, балким дан куурайдын арасына кире качтыбы – билинбей калды. Левчук каалганы карай бир көз ирмемдей убакытка ок жаадырып өттү, ал азыр аларды аткылай баштарын сезип бөлмөнүн топурак таманына жата калды. Эшиктин маңдайындагы дубалдын жанындагы самандын үстүндө калтыраган колунда тапанчасын кармап Клава турган.
– Жат! Жат! –Левчук ага эки жолу кыйкырганга үлгүрдү, сырттан атылган алгачкы ок каалганын жанындагы устунду көзөп өтүп, аркасына жулунуп түшкөн кургак чамындыны калтырып дубалга кадалды. Ага удаалаш эле бөлмөнүн чар тарабынан атылган октор бөлмөнүн кургап калган устундарын тешкилеп, бөлмөнүн таза шыпырылган топурак таманын бир паста чириген чаңга толтуруп жиберди. Камоо башталды.
Эшиктин алдында бир аз жатып, Левчук бөлмөнүн төрүн көздөй сойлоп жетти, ал жактагы жылчыктан сыртка көз жүгүрттү. Кай тараптан аткылашканы билинбейт, октор баштарынан зуулдап өтүп, бирок бөлмөнүн таштан тургузулган пайдубалы бир да окту өткөзгөн жок. Бир жаман жери дубалдын жанында жыш өскөн дан куурай айрым жерлердеги жылчыктарды жаап тургандыктан, Левчук тигил акмактар өтө жакын кирип келишпесе экен деп чочулады. Жакын жерден алардын эшиктен жулунуп келишине же граната ыргытып, авдомат менен түбүңдөн келип атууга мүмкүнчүлүктөрү көбөймөк. Кандай кылса да аларды жакын киргизбеш керек. Мейли, алыстан аткылай беришсин. Бул кагылышуу башталганы Левчук кадимкидей жеңилдеп, өзүнүн көнүмүш абалына кайтты, анткени эми эмне болот деген мээни эзген суроодон биротоло кутулуп, жаш бала сыяктуу болбогон үмүткө жетеленбей калды. Ахыбалдары өтө эле оор экенин ал түшүнүп турду, ошондуктан анын бардык күч-аракети бир максатка – колго түшпөөгө багытталган. Ал бир бурчтан бир бурчка сойлоп, жылчыктардан шыкаалады, бирок полицайлар да аябай жашынган окшобойбу, өз бурчунан Грибоед ок чыгарганча Левчук алардын каякта экенин түшүнө албады. Грибоед аткылай баштаган соң, демек, ал жок дегенде өзү турган тараптан бир нерсени көргөн болуш керек. Клава болсо бооруна ымыркайын бекем кысып, дубалдын түбүндө, эшиктен көзүн албай жаткан. Левчук анын айласы түгөнгөн көздөрүн бир карап эле, радист кыздын иши чатак экенин түшүндү. Бардыгы эле жыргап кеткен жери жок дечи, бирок баарынан да ага оор болчу. Ал аны жооткотуп бир нерсе дегиси келди, бирок эмне айтышты билбей, ичинен сөгүнүп, эгин кургатуучу бөлмөгө ыргып кирип кетти. Бул тарап азырынча коргоосуз калган, аны тез арада жабуу зарыл эле.
Караңгы, ыш менен түтүнгө толуп сасып чыккан эгин кургатуучу бөлмөнүн ичинде дубалдагы сокурдун көзүндөй кичинекей терезеден бөлөк жарык кирер бир дагы жылчык көрүнбөйт. Ал авдомат учу менен терезенин бозоргон айнегин кагып салды да дароо жерге узунун түшүп жата калды. Ошол учурда алыстан атылган ок устундун карайган боорун жырып өтүп, агарган так калтырды. Демек, алар бөлмөнүн бул тарабын да көзөмөлгө алышкан экен деген Левчуктун көңүлү чөгө түштү, бул жактан кара буудайдын талаасына кире качып жашына да албайсың. Алардын абалы саат сайын оорлошту.
Бир аз жатып, акырын турду да терезеге барып, каптал жактагы ольха өскөн тарапты карады. Кара буудайдын четинде пилотка кийген эки адамдын көкүрөгүнө чейин чыккан сөлөкөттөрү караят – алар аны аңдып турушкан. Левчук авдоматын терезеден чыгарбай аларды карай кыска кезек менен ок чыгарды, – мейли, бул жерде атыша турган адам бар экенин билип алышсын. Оңой эле алабыз деп үмтөтпөй эле коюшсун! Анан эңкейип эгин кургатуучу бөлмөнүн бийик босогосун аттап өтүп, жылчыктан көзүн албай шыкаалаган Грибоеддин жанындагы дубалдын алдына барып жыгылды. Клава самандын артында баласын коюнуна катып бүрүшүп жаткан. Мылтыктын үнү жаңырып, бир ок чатырдын алдындагы устунга келип тийди да эмнегедир айлана тыптынч боло түштү.
– Грибоед, канча огуң бар?
Арабакеч көзүн жылчыктан албай, капталдай калып мундиринин чөнтөгүн сыйпалап, чала бүгүлгөн манжалары менен бир нече ок салынган кутучаларды алып чыкты.
– Мына, төрт кутуча.
– Болдубу?
– Ооба.
– Клава сендечи?
– Сегиз ок болчу.
– Үч жолу аттың, бешөө калыптыр... Эмнебиз менен согушабыз!
Абал өтө оор болчу, андан аман-эсен чыгышары арсар эле. Аларды бүт тарабынан айланта курчап алышып, баш көтөртпөй аткылап жатышты. Албетте, полициялардын октору жетиштүү болуш керек, элүү ок менен алардан кутула алабыз деген күлкү келерлик ой болчу. Андай болсо канттик? Жок дегенде бир үмүт берер чечим кабыл алуу керек эле, бирок Левчуктун башына эч ой келген жок. Болгону огун үнөмдөп бирден атмакчы болуп авдоматтын боорундагы жылдыргычты бармагы менен жылдырып койду.
– Эми эмне болот, Левчук? Кудайым ай, эми кандай айла кылабыз? – деди ындыны өчкөн Клава шыбырап.
– Акырын! Унчукпай жат! Эшиктен көзүңдү алба. Эгерде кирип келишсе чекеге ат! – деди ал буйрук берип, өзү да бул чоң, сүрүлбөгөн тактайдан жасалып, сыртка эки жагына ачылган, каргыш алган каалгадан көзүн алган жок, аны ичинен илип алганга да, ачылбагыдай тиреп койгонго да болбойт эле. Тигил акмактар граната ыргытты дегиче болду, алар каалгасыз калышат, анан кирип келип бирден терип атпай эмне болушуптур.
Канча бир убакытка атышуу токтоду, полицайлар мындан ары эмне кылышты кеңешип жаткан сыяктуу, аңгыча дубалдын ары жагынан жакын эле жерден бирөөнүн үнү угулду:
– Эй, Сапсагай! Багынып бергенге убакыт келди го дейм?
Левчук селт эте түштү: сапсагай деп бир кездерде аны чалгынчылар чакырышчу, эми бул үн ага аябагандай тааныш угулду, ал таң калды – бул ким болду экен?
– Эй! Угуп жатасыңбы? Куйкаланып кала элегиңерде багынгыла, же эмне, ордуңдан тура албай калдыңбы?
– Бул баягы, – деди ага бурулуп Грибоед. – Станциядан качып кеткенчи.
– Кудрявцевби?
– Ооба.
Левчук акырын сөгүнүп алды, бул күтүлбөгөн жаңылык ага жайында жааган кар сыяктуу болду. Бир мүнөтчө унчукпай жатты, барган сайын шакардай кайнаган кыжыры ичине батпай, бөлмөдөн чуркап чыгып авдоматтагы болгон огун аны көздөй жаадырып, аны жер менен жексен кылгысы келди. Ал ушул тапта өз өлүмүнө да кайыл эле. Бирок ал капыстан пайда болгон ачуусун убагында ооздуктап, тизелей басып Грибоеддин жанына барды.
– Тигине тиги бастырманын алдында. Самандын артында жатат.
– Келе берчи!
Ал арабакечтин шалдыраган аскер мылтыгын алып, дубал жанына ыңгайлашып орун алды. Ал жылчыктан канчалык аракет кылып чыгарайын десе да мылтыктын кароолу жайгашкан учу гана араң чыкты. Дагы жакшы, дубал сыртындагы калың өскөн дан куурай ал жылчыкты далдалап турган, ошондуктан анын атууга камданганын көрө алышпайт. А бирок ага да бул жерден Кудрявцев жашынып жаткан бастырманын саман жыйналган бурчу араң эле көрүнүп турду. Левчук мылтыгын атууга даяр кармап, бурч жакты мээлеп, Кудрявцевдин кыймылдашын күттү. Аңдып жатып, ал жактан кара пилотканын үстүнкү кыры көрүнгөндө ок чыгарды. Атар замат мылтыкты кайрадан тез октоп, ошол эле жерге мээлеп дагы бир жолу атып, күтүп калды. Бирок көпкө күткөн жок, бастырманын алдынан эч нерсе болбогондой шаңкылдаган тааныш үн кайрадан угулду:
– Сапсагай, сенин ишиң бүттү! Кармап асып салабыз! Карагайдын башында чирийсиң!
– А сен башка бир нерсе каалабайсыңбы! – деп кыйкырды Левчук жинденип.
– Келесоо боло бербе! Радист кызды бери жибер да колуңду көтөр. Ошондо тирүү каласың!
– Мен ансыз деле жашайм, саткын! А сен моюнуңа сыйыртмак салынып өлөсүң, чыккынчы!
– Мейли, өзүңдөн көр! – Кана эмесе балдар, аткыла!
Бул жолу алар Левчук көптөн бери көрө элек жамгырдай жааган ок алдында калышты. Бастырма жактан, жолдун чекесинен, ольха токоюнан бир убакта тарсылдаган үндөр жаңырып, аларды бир аскер бөлүгү төрт тарабынан курчап аткылагандай сезилди. Зуулдап учкан октор дубалдын кургак устундарына дүкүлдөп тийип, шыптан баштарына чамынды, чириктер куюлуп, үйдүн таманына түшкөн самандын топону барган сайын калыңдап, бөлмөнүн ичи бир заматта чаңга толду. Эгерде сыртынан калың дан куурай далдалап турган таш пайдубал болбогондо алардын шору эчак катмак. Азыр пайдубалдан баш чыгарып, тешиктерден сыртты кароого мүмкүн эмес эле, бирок кароо керек болчу. Левчук ушуну менен эле иш бүтпөсүн, бул тиги карышкырлардын аларды баш көтөртпөй бөлмөгө кирүүгө болгон амалдары экенин жакшы билди. Ал жатып алып, иретсиз атылган мылтыктын үндөрүн тыңшап, кайсы убакта аларга жооп берсе болорун баамдап, ошол көз ирмемди өткөзүп жибербөөгө даяр турду. Мындай жагдайда анын бир топ эле тажрыйбасы бар болчу, ал азыр бөлмөнүн сыртында эмне болуп жатканын көрө албаса да, алардын жакындап келатышканын жон териси менен сезди. Бир кезде ал жылчыкка авдоматтын учун тыгып жиберип, башын бир аз көтөрүп, оңго анан солго ок жаадырып жиберди; жанынан Грибоеддин мылтыгы да бир нече ирет атылды.
Башын кайра пайдубалга калкалап баратып, дан куурайдын кургак сабактарынын арасына бирөө жата калганын, дагы бири эңкейип алып бастырмадан чуркап чыгып баратканын байкоого үлгүрдү. Алар да бул кырманда өлгүлөрү келбеди окшойт. Бир мүнөттөй убакыттан кийин ольха токою тараптан атып жатышты, а бастырма жак тынчыды. Ал дагы бир аз андан ары эмне кылышты ойлонууга убакыт утуп алды окшойт. Бирок ал бөлмөнүн тиги тарабын ойлой коюп, тепкич менен эгин кургатуучу бөлмөнүн чатырын карай шашылды. Бөлмөнүн топон-чаң аралашкан жумшак таманы менен үч кадам аттап, самандын жанына барып жатты. Бул жерде жылчыктар көп болчу, ал өйдөтөн кара буудай тарапты карап, кара пилоткачан экөөнүн кырманды көздөй сойлоп келатканын көрүп, алардын арам ойлорун убагында таап алганына маашырланып мыйыгынан жылмайып, авдоматын атууга даярдады.
Эңкейип алып кара буудайды аралап келаткан полицайлар ал жактан аны көрө алмак эмес, ал жакшылап мээлеп атып жиберди. Биринчи полицай бир нерсеге таң калган сыяктуу, бир жолу жалт карап алып, түзөлүп тура калды да, буралып барып жерге күп этип түштү. Экинчиси, кароолго илинбей ольха токоюн карай безилдеп качып жөнөдү. Левчук шашкалактап артынан атып жиберип, тийгизе албай, бир октун бекер кеткенине өкүнүп калды.
Мылтыктан чыккан эки ок дароо анын кайда жашынганын билдирип койду, аны карай атылган биринчи ок шыпка тийип, үстүнөн чаң-топурак чууруй баштаганда ал тепкич менен бөлмөгө секирип түштү. Бул эски курулуштун кенендигине сүйүндү. Мейли, аткылай беришсин, бөлмө кенен, оңой менен тийгизе алышпайт деп ойлоду. Ал эртеден бери Клава жөлөнүп жаткан дубалдын жанына келип жатты да, устундардын арасындагы жылчыктардан кара куурайдын арасынан качкан полицай кайда кеткенин көрүүгө аракет кылды. Бирок ал көрүнгөн жок, кебетеси ал ольха дарактарынын арасына кире качканга үлгүргөн өңдөнөт. Бастырма тараптан дагы катары менен эки жолу ок чыгарып тынчышты.
– Эй, ок атканыңарды токтоткула! Радист кызды бер да каалаган жагыңа кете бер! Угуп жатасыңбы?
Дүрбөлөңгө түшүргөн катуу атышуулардан кийинки пайда болгон оор жымжырттыкты бузуп, дубалдын ары жагынан чыккан бул үн бир жаман жөрөлгөнүн башталышынан кабар бергендей угулду. Левчук жооп берген жок, тигилер да унчукпай калышты: сыягы, жооп күтүп жатышты. Алар эмне үчүн радист кызды талап кылышканын жана анын бул жерде экенин кайдан билишкенин түшүнүү кыйын эле. Бирок бул аларга белгилүү окшойт. Алар дал ушул үчүн келгенин Левчук эми түшүндү, а ал кеңкелес кетип калышар деп үмүттөнгөнүн карабайсыңбы, болбосо адегенде алар эч нерседен шек албай келатканда эле ыңгайын кетирбей авдоматтын огун жаадырганда, алардын бир тобу ошол жерде калмак. А эми эмне кыла аласың? Клава алардын койгон талабын экинчи жолу укканда ымыркайды самандын үстүнө жаткызып ыйлап жиберди:
– Ой, кудайым ай!.. Эми эмне кылабыз?..
Чындыгында эле эмне кылышты билбей турушту, бирок бул шүмшүктөрдүн колуна түшүп беришпейт да. Левчук ордунда жаткан боюнча кыйкырды:
– Эй акмак! Радист керекпи, бери кел! Кана! Келип албайсыңбы!..
Ал авдоматын жылчыктан чыгарып бир гана ок чыгарды, андан ашык ок корото албайт болчу, азырынча ушул эле жетиштүү болмок.
– Коё тур, шүмшүк! – деп кыйкырды Кудрявцев. – Чыдай тур! Азыр сени чочкону куйкалагандай куйкалайбыз!
12
Левчук алардын тамашалап жатпаганын түшүндү. Албетте, аларды чогуусу менен өрттөп жибергилери келгени анык, бирок ал үчүн курулушка жакын келүүлөрү керек. Алар менен мүмкүн болушунча кармашып, жакын жолотпоону чечти. Анда бир ууч огу менен тапанчасы, Грибоедде эки куту ок, Клавада беш ок бар, балким кеч кирип көз байлангыча туруштук беришсе, кутулуп кетишмек. Бирок күн алигиче төбөдө, кечке чейин дагы жашаш керек. Алар үчүн кечке чейинки убакыт, согуштун бүтүшүнө чейинки убакыттан кем эмес болчу.
– Грибоед, жакшылап кара! Сойлоп келаткандар болсо – дароо жайла!
Ал өзүнчө санап көрдү, экөөнү, а балким үчөөнү атып өлтүрүштү. Канчасы атып жатканын аныкташ кыйын болчу, бирок бештен ашык эместей. Экөө бастырманын бурчунда, экөө ольха дарактарынын арасында, бирөө кара буудайдын арасында жашырынып жатышкансыйт. Ал жактагынын бири, экинчи турбас болду. Жок дегенде дагы экөөнү жок кылышса, аларга жардам келип эле калбаса, кечке чейин күчтөрү теңелип калмак. Ошондо кимди ким алаарын көрүшмөк.
Левчук токойдун кооптуу сезилген жагын карай баштады. Ал ошол жактан сойлоп келип курулушка от коюшат деп ойлоду. Же адегенде бастырманы өрттөшөбү? Бирок ал шамал кайсыл тараптан болуп жатканын, отту кайсыл жагынан коё беришерин билбей турду. Ошентсе да ал кандай амал кылса да өрт койгону келген желмогузду киргизбөөнү чечти.
Адегенде бастырма тараптан мылтык үнү тарс этип, ок чатырдын алдында жарк этип тешип өткөндө, из калтырчу ок менен атып жатышат деп ойлоп, камыраган жок. Анын артынан удаа атылган ок из калтырган жок, бул кадимки эле ок экен деп койду. Үчүнчү жолу атылган октон кийин гана ал тигилердин арам оюн түшүнүп, ачуусу келгенинен көздөрү тунара түштү.
Аларды от жандыра турган октор менен аткылап жатышкан.
Клава дубалдын жанында кырынан жатып алып баласын капталы менен калкалап, а Грибоед өз жылчыгынын жанынан жылбай сыртты шыкаалап турган, алар эмне болуп жатканын алигиче түшүнө элек болчу, Левчук аларга эч нерсе деген жок. Чатырдын күйө башташын күттү, бирок ага каршы эч нерсе кыла албайт болчу. Сойлоп барган күндө да өчүрө албайт. Барганда эмнеси менен өчүрмөк? Көп күттүрбөй, дагы төрт-беш жолу аткылашкан соң түтүн чыга баштады. Клава дубалдан бери бурулуп, өйдө карап кыйкырды:
– Левчук, Левчук!
– Акырын! Күтө тур! Тынч!..
Бирок эмнени күтүштү өзү да билген жок. Алгачкы мүнөттөрдө алардын тушундагы чатырдын этегине от жабышып, түтүн барган сайын коюуланып баратты. Адегенде самандын ортосу оңурайып күйүп, анан андан чыккан жалын заматта чатырап, дуулдап тегерегине жайылып, соо жер калтырбай ысык кучагына алып аймалап кирди; алардын баштарына түтүнгө аралаш самандын чогу менен көө куюла баштады. Көп өтпөй Грибоед өзү турган бурчтан эшикке жакын жерге жылууга аргасыз болду; Клава да наристеси менен анын жанына барды. Левчук жылчыктан улам шыкаалап ордунан жылган жок. Ал азырынча чыдаса болмок, бирок улам удургуган түтүндөн көз ачышып, дем алуу кыйын боло баштады, ал чатыр толук күйө баштаганда эмне болорун азыр айта албайт эле.
– Клава, эгин кургатуучу бөлмөгө! – деп кыйкырды ал радистке. – Тез!
Клава кайталаткан жок, босогодон тез сойлоп өттү, Грибоед буту менен тээп, эгин кургатуучу бөлмөнүн каалгасын жаап салды.
Экөө бир аз жеңилдегенсиди, эми алар бечара эне-баланы каралап алаксышпайт. Аларга чабуул баштала электе кеңешип, эмне чечим кабыл алышты сүйлөшүп алышса болмок. Бир аздан кийин андай мүмкүнчүлүк болор болбосу белгисиз.
– Ишибизди бүтүрөт окшойт, кандай дейсиң? – деди Левчукка түтүндөн көздөрү кызарып, жашоодон үмүтүн үзө баштаган Грибоед.
– Өлгүлөрү келсе өздөрү өлө беришсин, – деди Левчук, жооткотконго башка сөз таппай. – А биз дагы көрө жатабыз...
Ал жанталашып кутулуунун жолун издеп, бирок жарытылуу эч нерсе ойлоп таба алган жок. Полицайлар төрт тарабынан курчаган убакта бөлмөдөн качып чыгам деген акылсыздык эле. Бирок бул жерде кала беришсе да көпкө чыдашпайт. Эмне кылуу керек?
Аштап бекиткен жерлери күйүп бүтүп, чет жактагы эки айырмач жыгач кулап, бөлмөнүн бурчун аарынын уюгуна окшогон кызарган чокко толтуруп жиберди. Грибоед жылаң аяк бутун чокко тийгизбей тартып алганга үлгүрдү, а Левчук аз жерден чоктун алдында кала жаздап, күйүп жаткан жыгачты буту менен тээп жиберип, эшикти карай секирди.
– Мына, өрттөнүп өлөт деген ушу, – деди Грибоед жөтөлүп жатып.
“Чынында эле күйүп өлөт окшойбуз”, – деп ойлоду Левчук. Бирок күйүп кете электе бирдеме кылыш керек, жок дегенде аракеттениш керек, эгер эч нерсе кыла алышпаса, анда өрттөнүп өлүүгө туура келет.
– Грибоед! – деп кыйкырды, ал дагы жөтөлүп. – Грибоед, каалгага кел! Каалганы түртүп көр!
Грибоед колун сунуп бир каалганы түртүп жиберди, ал бир аз ачылып, ары жылбай калды, ошол учурда бастырма тараптан эки ок атылып, каалганын тактайында эки тешик пайда болду.
– Шайтан алгырлар!...
Бирок мындан башка алардын бул жактан чыгар жолу калган эмес, бул тозоктон кандай да болсо чыгуулары керек, жалгыз ушул эшик аркылуу гана жандарын аман алып чыга алышмак. Бөлмө ичи жалындап күйүп, адам чыдагыс ысыды. Үстүлөрүндө чатырап күйгөн самандын чычалага айланып, ортосунан тең жарылып тарсылдап кулаган айырмач жыгачтардын үндөрү угулат. Үйдүн таманы күл менен ыштан, чала күйүп күбүлүп түшүп жаткан самандын талдарынан көрүнбөй калды. Грибоед бир учу күйгөн чаар таарды башына ороп, Левчук шымынын көчүгү күйө баштаганда, жата калып оонап жатып араң өчүрдү. Ачуу түтүн тумчуктуруп, көздөрүнөн жаш куюлуп эч нерсе көрө албай, адам чыдагыс ысыкта калган бул бечараларга, ачылган эшиктен гана бир аз таза аба келип жаткан. Эгин кургатуучу жайда деле мындан жакшы болбосо керек, бир нече мүнөттөн кийин ыкшып жөтөлгөн Клава босогодон аттап келип алдыларына жыгылды.
– Чыдай албай калдым... Болду, мындан артык чыдай албайм! Левчук! Мен чыгайын! Баламды сактап кал...
– Сүйлөбө! – деп кыйкырды жини келген Левчук. – Чыкканды сага көргөзөм! Бери сойлоп кел!
Ал жөтөлгөн боюнча эшиктин жанына сойлоп келип, Левчук жылып бошоткон орунга жатты. Чала ачылган каалгадан шамал удургуп, түтүн кирип же чыгып жатканы билинбейт. Левчук эңкейе калып авдомат менен каалганы ары түрттү эле, каалга кенен ачылды. Кайрадан удаа атылган мылтык үнү жаңырып, бир ок эшиктин кашегин жарып кетти, экинчи октун кайда кеткени билинбеди. Ал каалга кайра жабылып калбасын деп Грибоедге “Карма!” деп кыйкырды да Клавага башын ийкеп сыртты көргөздү:
– Тезирек! Угуп жатасыңбы? Дан куурайдын арасына жашын!
Ал анын айтканын жакшы түшүнбөй калдыбы же корктубу, айтор төшүнө ымыркайын кысып, жаш толгон каректери менен Левчукту жалооруй тиктеп бир нече секундга буйдала түштү. Бирок убакыт уламдан-улам тарып барат, чатыр толугу менен күйүп бүтө жаздап, жалын эми ылдыйлап дубалга жармаша баштады, күйүп көөгө айланган устундар мына-мына сынып түшчүдөй качыроодо. Бир аздан соң оттун ысык табынан өздөрү да тутанып кетчүдөй. Клава сыртка чыкканга үлгүрбөчүдөй туюлуп, чочуп кеткен Левчук аны аркасынан сыртты карай катуу түртүп жиберди. Бир көз ирмемдей токтоло калып өзүн колго алган радист кыз тизелей калып, капталы менен жылып барып жарым жартылай ачылган эшиктен сойлоп чыгып, дан куурайдын арасына кирип кетти. Ал аны аткылай башташат деп күткөн, бирок бастырмада аңдып жаткан полицайлар түтүндөн анын чыкканын көрбөй калышкан сыяктуу.
– Грибоед, тигилерди ат! Тигилерди баш көтөртпө! – деп кыйкырган Левчук, түтүнгө тумчугуп же өрттөнүп кетем деп ойлогонго да үлгүрбөй, аттап-буттап тепкич менен өйдө чыкты.
Полицайлар Клаваны кырмандан же ал башка барар жери жок болгондуктан, кара буудайдын арасынан кармап алышы мүмкүн болчу, ошондуктан аны коргоого алышы зарыл. Ал ага кантип жардам берерин, ал тургай авдоматтын кутучасында канча ок калганын билбесе да, жанын оозуна тиштеп от-жалынды аралап эгин кургатуучу жайдагы тааныш жылчыкка жетип барды. Кара буудайдын үстүн калың түтүн каптап, шамал аны түрмөк-түрмөк кылып айдап кетип жатыптыр; дем жетпей энтиккен Левчук түтүндөн жашы тынбай агып кызарган көздөрү менен кара буудайдын талаасына бир сыйра көз жүгүртүп чыкты, бирок Клаваны көрө алган жок. Балким аны дан куурайдын арасына атып салыштыбы же кара буудайдын арасына кирип жашынганга үлгүрдүбү? Чын эле ольха токоюнун четинен карайган эки адамдын карааны түтүндүн арасын карай аткылап жатыптыр, ал бир чоң дем алып, авдоматтын оозун аларга каратты. Жалын менен түтүндөн жакшы көрүнбөсө да аларга авдоматтын огун бир жаадырып алды. Ысык абадан дагы бир жолу кериле дем алганда, көкүрөгү ысып, көздөрү караңгылай түштү. Ал тумчуга баштаганын сезип, эс-учун жоготуп коём го деп коркту. Чиркин, жан деген кыйын да, ошондо ал сол колу менен устунга жармашып, эч нерсени ойлонбой тешиктен дан куурайга боюн таштады. Толгондон таштын үстүнө түшүп, санын оорутуп алды, бирок кайып келген ок колунун жанына тийгенде, ордунан тез тура калды. Кудай жалгап ок ага тийгендей болгон жок, ал эңкейип кара буудайды карай чуркады. Ал жерден аны кайрадан ысык түтүн каптап, тумчуга баштады, буттары чалыштап барып, кара буудайдын арасына жыгылып түштү, жанталашып тура калып кайрадан чуркады, ал кырмандагы өрттөн алыс кетүүгө бүт күчүн үрөдү. Кырман жакта атылган мылтыктын үндөрү ылдам-ылдам жаңырууда, сыягы немистер ал жакка кирип барышты көрүнөт. Ольха токою жактан да аткылай башташты. Левчук түтүн баскан кара буудайдын үстүндө бир нече ирет көк-жалынын чачыраткан октор учуп өткөнүн көрдү. Бул жолдун тосулуп калганын билип, тетири бурулду. Кара буудайдын үстүндөгү тумчуктурган түтүн баштагыдан суюла баштады, ошондуктан Левчук эңкейип алып улам арылап чуркады. Арка жагынан мылтыктын тарсылдагына аралаш, бир нерселерди айтып кыйкырган үндөр угулду, бирок ал көңүл бурган жок, ага тезирек токойго, жок дегенде ольха дарактарына чейин жетиши керек эле, антпесе бул талаадан анын аман чыгышы кыйын. Ал акырындап талаанын четине жакындады, биринчи, анан экинчи арыкты чуркап өттү, улам жыгылып, колдору менен тарбалаңдап жер таяна тура калат. Оң ийниндеги жаратынын ооруганын сезбей да калды, чыдатпай ооруганда тиштенип коёт, башындагы кепкасын эчак жоготкон, чекесинен аккан тер түтүнгө аралашып көзүнө кирип ачыштырып жатты. Анан ага карай атылган октор улам алыстан чыгып басылып калгансыды, ал буюрса аман калдым деп ойлоп койду. Эми ольха токоюна кирип алса болду.
Кара буудайдын ортосундагы жээктеринде аппак болуп ромашка өскөн арык менен айдоонун аягына чыгып, кайра дароо артка бурулду. Бирок кеч болуп калган эле. Айдоо менен токойдун ортосундагы узун чөп өскөн ичке тилкеде анын жолун тороп экөө чуркап келатыптыр: аны көрө калган арткысы алдынкысына кыйкырды, анысы тизелей калып аны мээлеп атып жиберди. Левчук мүмкүн болушунча ылдый эңкейип, артка, кара буудайды аралап качып жөнөдү. Тез эле кара буудайдан чыгып, чабылбаган өлөң чөптүү саздак аянтчаны, анын ары жагындагы талааны көрдү. Талаага чыгууга болбойт эле, ал жерден ит аткандай атып ташташмак. Анын үстүнө күйүгүп, алы деле калбаган. Ал токтоп кабынан тапанчасын сууруп чыгып, шарактатып октоп, атууга даярдап алды.
Көпкө күттүрбөй тез эле куугунчулар да келип калышты: ал кара буудайды аралап келаткан эки кара пилотканы көрүп, катары менен эки жолу ок чыгарды. Пилоткалар көрүнбөй калды, ал кайрадан кара буудайдан башын чыгарып күттү, биринчиси көрүнгөндө дагы бир жолу атты. Анан тапанчасын колунан түшүрбөй шалбаанын чети менен кара буудайдын капталындагы ольха токоюна чуркады. Ал араң эле бутун шилтеп, кара буудайдын арасынан чыккан полицайлар жетип келип баса калчудай жан далбастап баратты, бирок барган сайын алы кетип, буттары чалыштай баштады. Ал жыгылып калгандан коркту, эгерде жыгылса кайра турганга шайы жетмек эмес. Анда эле баары бүтмөк.
Бир кезде артын бурулуп карады, ошол убакта ышкырган ок башынан бир аз эле өйдө өттү. Ошондо да ал ылдамыраак чуркай алган жок, тескерисинче, илээлеп араң басып калды. Куугунчу кара буудайдын жээгине туруп атып жаткан, эми ал карабинди кайра октоп тизелей калып, мылтыкты чыканагы менен жөлөп ата баштады. Албетте, эми мээлегенге ыңгайлуу болчу, даана атып тийгизүүгө болот эле.
Левчук баары бир чуркай алган жок. Эми анын чуркайын деген ниети да, алы да калбады, өмүр үчүн болгон узак күрөштөн чарчагандай, анын ички дүйнөсүндө бир нерсе үзүлгөндөй, жашоого деген умтулуу токтоп, тиги жанында тургансып: “Ат, иттин баласы!” – деп кобуранып койду да ольха токоюн көздөй сүйрөлүп жөнөдү. Ал бадалга кирейин деген кезде полицай кайрадан атты. Ок анын бутунун алдындагы чымга тийип, кара так калтырып, жок болду. “Ат, дагы ат!” – деген боюнча кылчайып да койбой кете берди. Ок ар бир көз ирмемде анын мээсин чачыратып кетиши мүмкүн экенин даана билип турду, бирок сактаныш үчүн эч нерсе жасабады. Мылтыктын үчүнчү жолу атылганын, ал ок кемселинин бир өңүрүн тешип өтүп, чөнтөгүндөгү бир нече ок чөптүн арасына чууруп түшө баштаганда билди. Ал чочуп кетип чөнтөгүн сыйпалады да, октор анын жашоосунан да кымбат нерседей сезилип, аларды чөптүн арасынан тез чогултуп алды. Ошол учурда ал кара буудайдан бир топ узап кеткенин түшүндү. Эми ага ок тийиши кыйын болчу, эми ал артынан тарсылдап атылган окторго таптакыр көңүл бурбай калды.
Ал токой четиндеги чырмалышкан бутактардан өтүп, карагайлуу дөңсөөгө чыгып барды. Бул токойдун башталышы эле. Куугунчулар сыягы калып калышты көрүнөт, ал карагайларды аралап жүрүп олтуруп, акыры, эңилчек баскан кургак, жылуу аянтчага жетти. Чалынып кетип, карагайдын ийне жалбырактары түшкөн эңилчектүү жумшак жерге жыгылды, капталына оодарылып жатканга да шайы келбей көмкөрөсүнөн жаткан бойдон турган жок. Бул убакта жайкы асман акырындап бозомтук тартып, күн уясына жашынарына аз калган, токойдогу карагайлардын арасына салкын тартып көлөкө түшүп, кечтин жакындаганынан кабар бере баштаган эле...
13
Кечке күтө берип тажаган Левчук, чамаданын жерден алып, кайрадан экинчи кабатка көтөрүлдү, коңгуроону басмакчы болуп ордунан козголду. Балким алардын келгендерин байкабай өткөзүп жибердимби, алар небак үйлөрүндө олтурушкандыр деп ойлоду. Албетте, алардын биринин да өңүн көргөн эмес, ошентсе да эмнегедир көрсө дароо таанырын кандайдыр бир сезими менен туюп турду. Анын коңгуроону үч жолу катары менен басканына бул жолу да жооп беришпеди, үйдөн бир да дабыш угулган жок. Бул жолу жанагы коңшу аял да кимдин келгени менен кызыкпады, Левчук кайрадан ылдый түшүп, короого чыкты. Убакыт өтсүн дегенсип короонун ичин бир айланып келип, кирпич дубалдын жанындагы жанатадан бери көнө түшкөн отургучка олтурду. Айла жок, күтүү керек. Аны бул жерде күтүшпөсө да, атайын 500 чакырым жерден келгенден кийин жолукпай кайра кетмек беле. Бул жолугушуу башкаларга эмес, анын өзүнө керек болчу. Ал ошол кезде башынан өткөн окуяларды канчалык унутайын десе да унута алмак эмес.
Дагы бир жолу болбой кайткан түн анын эсинен кетпей жүргөн. Анда анын өмүрүн сактап калыш үчүн башка бирөө жанын кыйган, мына ошол кымбат баа, кайтарылбай калган карыз, отуз жылдан бери анын абийирин тынч жаткызбай кемирип келет. Мындай оор жүк менен жашоо өтө эле кыйын, бирок айла канча? Өткөн нерсени оңдой албайсың...
Кырк үчүнчү жылы жаңы жылдан кийин алар темир жолду жардырышмак. Адегенде баары ойдогудай болду, сержант Колобов башкарган үч партизан токойдон чыгып, Селетнев деген токой четиндеги кичинекей айылга жетишти, ал жерден темир жолго чейин эки чакырымдай эле, күндүз айылдагы өз кишисинин үйүндө жашынып жатышып, кеч киргенде темир жолду карай жөнөштү.
Күзөтчүлөрдүн көзүн жазгырып, алар тез эле мина койгонго үлгүрүштү, жыйырма мүнөткө жетпей фронтко оор жүк алып бараткан состав жарылып, быт-чыты чыкты. Мындайды күтпөгөн немистер эстерин жыйып аларга ок атышканча, партизандар айланма жолго салып айылга кайтышты, ал жерден ичкилик ичип, курсактарын тойгузуп, жатып уйкуга кетишкен. Бирок аларда дагы ашык бир мина калган, аны артка токойго көтөрүп кеткилери келген жок, ошондуктан кийинки түнү бир топ жерди айланып жүрүп темир жолдун аркы, токой жак бетинен чыгышты. Алар немистер бул тараптан күтпөйт, демек, ишибиз кечээ күнкүдөй эле ийгиликтүү болот деп ойлошкон. Бирок темир жолдун бурулуш жерине жеткенде алар немистердин күзөтчүлөрүн көрүштү, ошондуктан темир жол сызыгына элүү метрче жетпей жашынып, күтүүгө туура келди. Үч саат бою ит өлгөн суукта тоңуп жатышып, немистин күзөтчүлөрү бункерге жылынганы кетишкенде гана минаны коюшту. Темир жол линиясында азырынча тынч болчу, бир аз мурда эле фронт тараптан бир состав өтүп кеткен, эмки состав фронтту көздөй өтүшү керек эле. Ошол учурда Колобовдун башына алар шашып жатышып, минаны жакшы көмбөй калдык окшойт, немистер кыдырып келе жатышканда көрүп коюшат деген күдүк ой келди. Левчук калың күрткүнү кечип, аркы-терки жыгылган дарактарды, дүмүрөйүп, күрткүдөн баштары көрүнгөн дүмүрлөрдү аралап кайра баргысы келген жок, эмнегедир ал бул иш жакшылык менен бүтпөсүн сезгендей болгон. Бирок Колобовдун оюна бирдеме келсе, аны айнытуу таптакыр мүмкүн эмес болчу. Калыстык үчүн айтып коюш керек, ошондо ал Левчук, Филиппов, Крюк үчөөнүн бирин деле жиберсе болмок, бирок ал өзү кеткен. Калың кар кечип, туш келди жыгылган бутактуу кайың менен карагайларды аралап жеткиче бир топ убакыт өтүп, ал убакта темир жолдогу абал да өзгөрүлүп кетти көрүнөт. Балким күзөтчүлөр демейдегиден эрте кыдырып чыгышканбы, а балким башчылары текшерип келишкендир. Айтор аларга ал жакта эмне болуп жатканы көрүнгөн жок, капыстан бирөөлөрдүн кыйкырыктары угулуп, жаркырап учкан октор темир жолдун кырдаган топурагындагы карды куюн тийгендей чаңдатты. Ага удаа эле бункерден пулемёт тытырай баштады. Жолдошун коргоп калуу үчүн алар мылтыктарынан бир нече ок чыгарышты эле, бирок аларды көздөй пулемёттон окту ушунчалык чаба жааган мөөндүрдөй жаадырышты белем, алар баштарын көтөрө албай беш мүнөттөн ашык кыймылдашпай жатышты. Мына дал ошол учурда Левчук Колобовдон чыккан алсыз үндү эшитип, командирдин иши чатак экенин түшүндү. Пулемёт жаагын баспай, жалынын чачып, темир жолдун ары жагынан күзөтчүлөр тынбай аткылашты, а Левчук ага карабай коңторулган дарактар менен дүмүрлөрдү аралап темир жол линиясын көздөй эңкейип алып жүгүрдү. Кол кабын жоготуп, бешмантынын жеңин айырып, жүрүп олтуруп акыры жыгылып жаткан ачакей карагайдан сойлоп өтүүгө дарманы жетпей, мас-халаты кызыл-ала канга боёлуп жаткан Колобовду көрдү. Левчук унчукпай барып аны колтугунан сүйөп, жамгырдай жааган ок алдында карагайдан ылдый сүйрөп, кийинки кыйгачынан жаткан дарактын үстүнөн ары тоголонуп өтүштү. Колобов бекем тиштенип, тынбай онтолойт, бир багалегинен аккан кара кочкул кан аппак карга сиңип, кыпкызыл из калтырып келе жатты.
Күндүн суугу күчүндө болсо дагы, сыгып алма болуп тердеген Левчук он беш, жыйырма мүнөттөй убакытта ошол каргыш алган жерден араң өтүп, токой жээгиндеги балдар калган жерге жетип, аларды таппады. Аларды токойго кире качкандыр деп ойлоду да, Колобовду жонуна салып, бункерден тынымсыз атылып, тегерегинен зуулдап өткөн окторго карабай, эки жакка теңселген боюнча дарактарды аралап, бул тозоктун оту кайнаган жерден улам алыстап баратты. Ал Филиппов менен Крюк мына-мына алдынан тосуп чыгат деп күткөн, бирок кызыл карагайлуу токойдо жарым сааттан ашык жүрсө да алардын дайыны билинбеди. Бир кезде кыймылдаганга алы келбей кар үстүнө жыгылып, тура албай көпкө соолуп жатты. Пулемёттун жаагы тынбай тытыраганы болбосо, мылтыктын үнү сээлдегенсиди, баштагыдай жаркырап учкан октор көрүнбөй, кутулуп чыгууга үмүт жаралгансыды. Күйүккөнүн баскан соң дагы эле сүйлөбөй тишин кычыратып, онтолоп жаткан Колобовдун жаратын карай баштады. Ал анын шымын шыпырып, суукта тез уюп калып жаткан канды көрүп коркуп кетти. Мүмкүн болушунча ылдамыраак канды токтотуу керек эле, ал шымынан ичке курун чечип, Колобовдун жаракат алган санын эки жолу ороп таңды. Анан бул кара жолтой түндө чыккан дабыштарды улам тыңшап, тынчып, коркунучту ичине жашырган токойдо командирин аркасына көтөрүп көпкө жүрдү, бирок балдарды таппады. Адегенде алар таштап качышты деп жини келген, бирок ойлонуп көрсө, аларга мынчалык алыс кетиштин кажети жок эле. Демек... Демек, алар жанагы каргыш алган жерде түбөлүккө калышкан сыяктанат.
Болжол менен түн ортосунда токойдон чыкты. Карагайлар сейректеп, бадалдар көбөйө баштады, айланада эч дабыш угулбай тынч. Айсыз караңгы түндө жылдыздар жымыңдап, суук эми чындап күчүнө киргендей. Анын күчүн Левчук эң алгач муздай тоңуп, жарылып кетчүдөй болгон Колобовду кармап келаткан колдорунан сезди. Денеси менен чокой кийген буттары нымшып тердеп, чаалыккан көөдөнүнөн ысык буу чыгып жатса да, колдору камтууга келбей тоңуп, чыдатпай сыздаганычы. Колобов сүйлөгөн жок, ал эс-учун жоготкон көрүнөт, ким билет, балким сөз айтууга шайы келбегендир. Темир жолдон канчалык узады, саат канча болду белгисиз, бирок ага жакын жерде айыл бардай туюлду. Ал үңүлө карап, караңгыда тааныш жерди көрө албады. Ал бул жерлерде мурда болбогонсуйт, кайда келип калганын биле албай, ички туюму менен божомолдоп, кайсы бир айылга туш болом деп үмүттөнгөн. Убакыт өткөн сайын, токтогон жерден ордунан тура албай, олтурганы барган сайын көбөйүп, үшүгөн колдору чыдатпай сыздап жанын жеп, эмне кылыштын айласын билбеди. Караңгы түндүн коюнун көзүнөн жаш аккыча тиктеп, айылдын кандайдыр бир белгилерин издеди. Ал экөө айылга жетсе гана өмүрлөрүн сактап калышмак. Бирок анын үмүтү оозго салган муздай эрип, тегерегинде, эл-журт жердебеген мындай жапайы жерден айылды, болгондо да түн ортосунда табыш кыйын. Ал барган сайын оорлошкон Колобовду канча жолу тизелей калып жонуна артты, сейрек өскөн токойду аралап канча убакыттан бери жүргөнүн билбей да калды. Дагы жакшы, кар анча калың эмес, басканга өтө кыйынчылык жараткан жок.
Аларды Левчук Колобовду кайрадан кар үстүнө таштап, мас-халаттын тытылган жеңи менен бетинен аккан терин сүртүп жатканда байкады. Адегенде аны адам экен деп ойлогон, бирок бозомтук тарткан суук түндүн коюнуна үңүлө карап анын карышкыр экенин түшүндү. Ал сейрек токойдун ортосунда андан элүү кадамдай жерде бир нерсени күткөнсүп алар тарапты карап турган экен. Левчук андан корккон жок – карышкыр болсо эмне экен! Анын жанында мылтыгы, Колобовдун авдоматы турганда ач карышкыр кеппи. Ал өйдө болуп колун көтөрүп – кетип кал, келесоо! – дегенсип кубалады. Бирок карышкыр кулагын тикчийтип мурдун бир аз көтөрөр замат ал жактан адегенде бирөө, андан кийин дагы экөө, биринчи карышкырдай эле субагайынан келген, кандайдыр бир нерсеге даярданып алгансыган жырткычтар чыга келишти. Левчуктун жүрөгү опкоолжуй түштү, анын абалында төрт бөрүнүн пайда болушу тамаша эмес. Алардын кол салышынан чочулаган Левчук, тоңуп араң кыймылдаган манжалары менен көкүрөгүндө илип жүргөн авдоматтын тарткычын коё берди. Бирок карышкырлар аларга кайдыгер немелердей, бадалдын жанында, үчөө алдында, бирөө алардан эки кадамдай артта карап турушту. Алар бир нерсени күтүп жатышкансыйт. Бирок эмнени? Алтургай анын тынчсыздануусун сезген Колобов да анын арка жагынан баш көтөрүп кар баскан караңгы түнгө үңүлдү.
– Акмактар! Ушулар эле жетишпей жатышты эле...
Левчук ордунан туруп, карышкырлардан көзүн албай аларды көздөй кадам таштады. Карышкырлар чочулап да койбоду, болгону бир нече кадам артка чегиништи. Буларды эмне кылыш керек? Колобовго кайтып келип, аны жонуна салып, алдыга басты. Ага үстүндөгү жүгү менен артына бурулуп кароо кыйын эле, ал бут алдындагы кардан башка эч нерсе көргөн жок, бирок карышкырлар алардын артынан калбай келатышканын сезди. Алар көп алыстабай анын ар бир кадамын көз жаздымдан кетирбей жанаша жүрүштү. Левчук аларды авдомат менен аткылап кууп салсамбы деп, кайра өздөрү тийишпеген соң, жайына койду. Балким алар бир аз ээрчип, башка жакка кетишер? Аларга адамдардын эмне кереги бар?
Бирок жырткычтардын бул алсыраган эки адамга карата өздөрүнүн ой-пикирлери бар көрүнөт. Аңгыча бадалдар өскөн жер да бүтүп, алдыда эми кенен талаа агарып жаткан. Левчукта жакын жерде айыл болсо акыры бул жырткычтар артка кайтышат деген үмүт пайда болду. Ал карга тизелей олтуруп, акырын капталына кыйшайып үстүндөгү Колобовду жерге түшүрдү да, дароо башын буруп карышкырларды карады. Алар баштагыдан да жакындап келиптир. Алдындагы чоңураак карышкыр кырк кадамдай жерде кулактарын тикчийтип, аларга качырып тиш салчудай аңдып турган экен. Экөө артта турат, а төртүнчүсү эмнегедир көрүнгөн жок. Левчук анысы кайда деп артына кылчайып, таң калганынан оозу ачыла түштү, бадалды айланып, калың карды кечип, дагы төрт карышкыр аларды курчоого алып калышыптыр. Левчук алактай түштү. Ал тигилерди кубалап салмай болуп, асынган авдоматын колуна алып, жаңы эле атууга камынганда жанындагы алсырап жаткан Колобов эптеп башын көтөрдү.
– Токто, сен эмне кылганы турасың?
– А эмне болду? Карабайсыңбы алар жетөө экен.
– Кайда келгенибизди көргөн жоксуңбу? – деди каргылданып араң сүйлөгөн командир, Левчук караңгыга көз жүгүртүп кайда келишкенин аныкташка аракет жасай баштады. Чынында эле алар токойдон чыгыптыр, алдыдагы кенен талаада бир нерселер карайгансыйт, же бадалга окшобойт, же узун чөп экени билинбейт, абай караса, жарымым-жартылай карга көмүлүп баштары чыгып турган камышка окшоду, а андан ары бозоргон ээн талаа жаткансыйт. Андан бир аз алысыраак жерде дөңсөө сыяктуу бир нерсе дүпүйүп, бирок ал жерде эмне бары жылдыздуу караңгы түндө көрүнгөн жок.
– Заровье көлү, – деди бир аз тынган Колобов, ал бул сөздү айтып, башын көтөрө албай көкүрөгү менен карга жыгылды.
– Заровьеби?
Левчук таң калды – кайдан жүрүп бул жакка келип калышты? Бирок Колобов туура айткансыйт. Камыштын ары жагындагы Левчук талаа деп ойлоп жаткан түзөң, көрсө көл экен да. Албетте, көлдүн өзү бул жерде эч кандай коркунуч жаратпайт дечи, ал тоңуп калса керек. Коркунуч башкада эле, Левчук эми карышкырларга каршы авдоматты колдоно албайт болчу. Анткени, көлдүн аркы өйүзүндөгү карайып турган дөңсөдө Заровье деген чоң айыл барын Левчук жакшы билет. Ал айылды алар дайыма айланып өтүшчү, себеби ал жерде дзоттору, окоптору, бункерлери жайгашкан, күнү-түнү кайтарууда турган немистердин аскердик гарнизону боло турган. Бул жерден мылтык атуу өз өлүмүңө өкүм чыгаруу менен барабар. Бөтөнчө алардын азыркы абалында. Андай болсо эми бөрүлөрдүн үйүрүнөн кантип кутулушат? Бөрүлөр өздөрүнүн аймагы жакында бүтөрүн, андан кийин алар кожоюндук кыла алышпасын сезишкендей. Алар адамдарды тегерете курчап, булар эми эмне кылар экен дегенсип күтүп калышты.
Бирок алдыга дагы жылса болмок.
Ушул жалгыз мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн Левчук кайрадан авдоматты асынып, эптеп тырышып Колобовду жонуна салды. Жарадар жаткан жерде калган кара кочкул кандын тагын көрүп Левчук кандын жыты жырткычтардын бүйүрүн козгоп, тезирек эле аларды талап жегилери келип жатса керек деп ойлоп койду. Бирок оңой эле багынып бербеспиз! Эгерде тигил Заровье болсо, анда тезирек көл менен өтүш керек, а андан ары унутуп эле калбаса, дагы бир айыл боло турган, балким ал жакта да немистер болушу мүмкүн, ошондой болгон күндө деле жакшы адамдар табылып калар.
Ал камыштарга он метрче калганда, капысынан бир буту калың карга батып кетти, ал четти көздөй чыга берем дегенде экинчи буту да кирди, буттары дароо суу болгонун сезди, бул жерде сыягы булак же тоңбой калган саздак жер бар окшойт. Ал тырбалаңдап жатып катуу жерге араң чыкты, тизесине чейин суу болуп, чокоюнун ичине толгон суу чукулдайт. Тапшырмага чыгар алдында эле өзүнүн жаңы өтүгүн Башлыкты эптеп көндүрүп, анын чокоюна алмаштырып алганын эстеп сөгүндү, мына эми суу болгон чокой менен элүү метр басканда эле, суук анын буттарын өзүнүн болот кычкачы менен кыса баштады, мында ары кантип чыдар экен?
Колобовду көтөрүп ал көлдүн жээгине чейин араң жетти, камыштарды аралап барып, буту дагы эки жолу сууга түштү. Эми сууга түшкөнү, түшпөгөнү баары бир болуп калды, сууну кечип деле кете берсе болмок. Буттары үшүп чыкты. Бөтөнчө шамал карды үйлөп салган муз үстүнөн басуу кыйын болду. Тоңгон чокою муз үстүндө токтобой сыйгаланып, араң келатты. Бир аз барган соң эс албаса, жыгыларына көзү жеткен Левчук этияттап чөгөлөп олтуруп, жанына Колобовду жаткызды.
Кулактарын тикчийтип, дөбөтүнүн артынан желип-жортуп келаткан бөрүлөр, башчысы токтогондо баары орундарынан жылбай карап турушту. Алар Левчуктун калпыс бир нерсе жасашын күтүп жатышкансыйт. Чындап эле Левчук чыдамын жоготуп жиберди. Удаа-удаа келген кырсыктардан кийин өзүн кармоо кыйын эле, ал катуу сөгүнүп алды. Качып кутулууга жол жоктой, атканга да болбойт – чындап эле ушул каргыш алган көл үстүндө өлүшөбү? Бөрүлөр бул эки алсыз адамдын туңгуюкта калганын сезишти көрүнөт, алар таптакыр эле өздөрүн эркин сезе башташты. Левчук Колобов менен муз үстүндө кыймылсыз жаткан убакта, алар жарым тегерек болуп, алдыга бара жаткан жолду тороп алышты. Эми артка, токойго кете турган жыйырма метрдей жерде чыга турган жылчык калган. Калган үч тараптан өтүүгө мүмкүн эмес. Муз үстүндө бири-бирин улай катар турушкан бөрүлөр азырынча адамдарга катылбай, сактык менен алыстан тегеректеп аңдып турушту.
– Сашка, көрдүңбү? Карабайсыңбы, кылгандарын! – деди Левчук тынчсызданып, Колобов кыйналып жатып башын араң көтөрдү.
– Болуптур, сен кете бер, – деди ал.
– Кантип? Алар сени...
– Бар, бара бер. Авдоматты калтыр да бара бер.
– А эгерде алар... мага кол салышсачы?
– Коркпо. Мен калайын... Сен ат таап кел.
«Чындап эле!» деген ой Левчуктун башына келе калды. Бул кутулуунун бир жолу. Ал бул капкандан чыгып, айылга тез жетип, ат таап келет. Кишилерди жардамга чакырат. Ошол убакка чейин Колобов чыдаса, өзү карышкырлардан кутулуп чыкса, айылдан немистерге кабылып калбаса, анан дагы Колобовду немистер байкап калышпаса эле болду...
Левчук эптеп жатып өйдө турду, тоңуп кымтууга келбей калган манжаларын араң кыймылдатып мылтыгын октоду. Андан соң алкымына такалган шилекейин жутуп, эгерде карышкырлар качырып кирсе аман калбасын билип турса да, алардын курчоосунун дал ортосун көздөй бет алды. Мылтыкты ал таяк ордуна эле пайдалана алмак, атууга болбойт: биринчи эле ок чыгаруу алар үчүн ажалды ээрчитип келиши мүмкүн. Дагы жакшы, азырынча Заровьедеги немистер байкаша элек, тапшырмага чыгар алдында кийип чыгышкан мас-халаттардын пайдасы тийди көрүнөт.
Левчук түз эле үйүрдү беттеп жөнөдү. Ал алдыда куйругун кыпчып кар үстүндө соксоюп олтурган бир эле карышкырды беттеди. Октолгон мылтыгын карышкыр жол бербесе сокконго ыңгайлаштырып өйдө көтөрүп алган. Карышкыр ага жол бошотту. Азууларын көрсөтүп, ырылдап койду да, секирип кол салчудай болуп, бирок адамдын өтө эле ачуулу, чечкиндүү келе жатканынан чочулагансып, акыркы көз ирмемде артына кетенчиктеп, бир нече кадам артка жылды. Левчук басыгын акырындатпастан, артына кылчайбай, бирок карышкырларды көз жаздымынан чыгарбай көзүнүн кыйыгы менен карап, тез басып он метрдей өтүп, курчоодон чыкты. Карышкырлар анын артынан түшкөн жок, бирок ал өтүп кеткенде үзүлө түшкөн катарын тез калыбына келтиришип, ортого – Колобовду карай акырындап жыла башташты. Чуркап кетүүгө камданып алган Левчук токтоп калды. Бул жерден мас-халатчан Колобов жакшы көрүнгөн жок, а тегеректи улам кысып ишенимдүү кыймыл менен жылган бөрүлөрдү даана көрдү. Жүрөгү опкоолжуй түшкөн Левчук өзүн кармана албай артына кайрылды, бирок ойлоно калып кайра бурулуп, көлдү көздөй болгон күчү менен жүгүрдү. Бир мүнөттөй ал артын карабай чуркады. Тоңгон чокою тайгаланып жыгылып, жамбашын бир нерсеге уруп алып, шашкалактап тура калганда гана ал артына көз жүгүрткөнгө үлгүрдү, – караңгыда бир нече караан элес-булас көрүнгөнү болбосо, кыйкырык же авдоматтын үнү угулган жок. Ал карбаластап, ылдамыраак чуркаганга аракеттенди, ал кайда экени дайынсыз айылга жетип кайра келгиче, бөрүлөр тумшугунун алдында жаткан Колобовду жеп кетет деп коркту. Бүткөн боюнан тер кетип, күйүккөнүн баса албай энтигип чуркап баратып, кайра-кайра артына башын буруп, тыңшап коёт. Ал айылдын караанын чыдамсыздык менен күтүп, караңгы түндүн коюнуна үңүлө карап, атышуулардын же бөрүлөрдүн улуган үндөрүн угуудан коркуп жатты. Көпкө чуркагандыктан буттарынын булчуңдары уюп, же ысыганы, же тоңгону сезилбейт, бирок ал анысына да кайыл, иши кылып баспай калбаганына ыраазы.
Капысынан арт жагынан түнкү тынчтыкты бузуп, жаадырып атылган куралдын үнү жаңырганда, Левчук тык токтоп, демин ичине алып тыңшады. Адегенде ал Колобов чыдабай кетип бөрүлөргө ок чыгарды деп ойлогон. Бирок өтө эле тез-тез атылган октордун жаңырыгы көлдүн ары жагынан чыккансыйт. Эмнегедир катуу жаңырыктаган үн авдоматтын үнүнө окшошпойт, авдомат үнү мынчалык катуу чыкпайт эле деди Левчук өзүнчө. Аңгыча анын күмөн санашын далилдегендей, мылтыктар тарсылдап, кыйкырык-чуу күчөдү, ал эмне кыларын билбеди.
Ал Колобовго бөрүлөр кол салгандан да жаман иш болгонун, бул жерде бөрүлөрдүн эч кандай тиешеси жогун сезди. Булар немистер болчу. Бирок алар кайсыл тараптан аткылап жатышат? Үндөргө караганда көлдү карай атып жатышкансыйт же Колобовду көрүп калыштыбы? Кандай болгон күндө да тигил өтө коркунучтуу абалда калганын сезген Левчук, кайра артты көздөй күчүнүн жетишинче чуркап жөнөдү. Ал тоңуп калган чокоюн сүйрөп араң баратканда көл жакта дагы эле аткылап жатышкан, бирөөлөрдүн кыйкырыктары угулуп турду. Левчук Колобовго жеткенде эмне кыларын да билген жок, бирок баары бир токтобой кете берди. Анын жанында мылтыгы, баштыгында жүзгө жакын огу, чөнтөгүндө эки гранатасы бар болчу, ал жеткиче Колобов тирүү болсо болгону. Эмнегедир жанатадан бери анын авдоматынан үн чыкпай жатканы шектүү. Пулемёт, мылтык атылды, бирок авдомат үнү чыккан жок, Левчук токтобой чуркады, балким өз өлүмүнө бараткандыр, а Колобовду сактоо мүмкүнчүлүгү аябагандай аз эле.
Балким немистерден мурда жетишип калар?
Бул жакшы ой ага кадимкидей күч-кубат берип, ылдамыраак чуркашына өбөлгө болду, анын үстүнө атышуу да токтогонсуду. Эки-үч жолу айыл тараптан үндөр угулду, ал немистер көлдү көздөй келатышса керек деп ойлоду. Эгерде алар көлдү карай жаңыдан келатышса балким жетишип калмак... Бирок Левчук жаңылыптыр – алар көлдү карай эмес, тескерисинче көлдөн айылга, бөрүлөрдүн ордуна өздөрүнүн кандуу иштерин бүтүрүп кетип баратышкан экен.
Муну ал жакын эле жерден өзү муз оюлуп буту сууга түшүп жана Колобовду жанына калтырып кеткен камышты көргөндө түшүндү. Жарылган музду да көрдү. Ал жерде эми көп сандаган кыйма-чийме адамдар менен бөрүлөрдүн издери, кээ бир жерлеринде карайган кандын тагы гана көрүнөт. Бөрүлөр дайынсыз жоголуптур. Колобов да көрүнгөн жок. Шамал карда жабышкан жулунган теринин бучкагын жулкулдатып жатыптыр – сыягы, бөрүлөр да өз энчилерин алышкандай. Бөрүлөрдү кудай алсынчы! Колобовдун сүйрөлгөн денесинен калган кандуу из айылды көздөй кетиптир, ал жактан аралыктын алыстыгынан улам сөздөрү угула бербеген үндөр, күлкү, баарына белгилүү сөгүнгөн сөздөр үзүл-кесил угулуп жатты.
Ыйлап жибере жаздап өзүн араң тыйган Левчук карды кечип бир аз турду да, көл үстү менен чуркап жөнөдү...
14
Бир нече мүнөттөн кийин эсине келип өйдө болуп олтурду, – алыста, өздөрү өтүп келген өткөөл тараптан абада жаңырган атышуулар ага жана эле болуп өткөн окуяларды эсине салды. Колу менен эңилчек баскан дөңчөнү таянып, көзүн ачпай бир аз олтурду, а качан көзүн ачканда баары бир эч нерсе көрө алган жок, – эчак эле түн кирген экен. Башы кечээ аябай арак ичкен адамдыкынан бетер ооруп, ылдый салаңдап, кайрадан эңилчектин үстүнө кулап жаткысы келди. Атышууларга кулак салып, уруш алар өткөн саздан бир аз четте, – Круков жайлоосу тарапта болуп жатканын аныктады. Демек, кезек Биринчи майлыктарга да жеткен экен, аларга да жазалоочу отряд барган көрүнөт. Анын акыл-эсинде күндүз болуп өткөн окуялар тумандын арасында жүргөнсүп бүдөмүктөнөт, башынан өткөндөрдү майда-баратына чейин эстөө үчүн кандайдыр бир убакыт керек окшойт. Бир нерсе гана талашсыз: ал аман кутулду – кырманда өрттө күйүп өлгөн жок, ок жаңылбай токойго жетти, эми кайда барса да өзү билмек. Бирок ал буга өтө деле кубанган жок, анын аң-сезимин орду толгус жоготуу, чоң кырсык кетпей ээлеп алды. Өткөн түнү бул тапшырмага келгиси келбегендей эле, жүрөгү бул кырсыкты сезген экен. Бирок анда аны башка нерсе тынчсыздандырган, азыркы окуялар болот деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Чындыгында ал курчоонун күйүп турган ордосуна эмес, а тынч жаткан Биринчи майлыктардын бригадасынын коопсуз аймагына барам деген эле. Бирок эң чоң кырсык, адамды ал күтпөгөн жерден тосот окшобойбу.
Левчук оңдонуп олтуруп тыңшаганын улантты. Жакын жерлердеги токойдо баскан-турган адамдар байкалбай, кадимки тынч түндөрдөгүдөй жымжырт эле. Ооба, анын сак кулагы көп сандаган акырын чыккан түшүнүксүз үндөр менен шыбырттарды укту, бирок айлап-жылдап партизандык согушта жүрүп, токойду жакшы билчү, адамдын кулагы түн ичинде өтө сак болгондуктан, токойдогу көпчүлүк үндөр алдамчы болорун, а чыныгы шектүү нерсе дароо билинерин ал жакшы түшүнчү.
Бул жерде токойдун үлбүрөгөн тынчтыгын өйдөдөн соккон шамалдын шуулдаганы, анда-мында шамалга жулунган бутактардын карсылдап сынганы, уйку-соо ортосунда дарактарда конуп олтурган майда канаттуулардын үндөрү гана бузуп жаткан. Ал алыстагы атышууларды угуп олтуруп, өзүнүн алдыда чечер иштери тууралуу ойлонду, ордунан туруп Биринчи майга эптеп жетүүнү чечти. Ал жакка эми түн жамынып эле барбаса, күндүз жазалоочулардын колуна түшүп калчудай.
Теңселип турду да, курсагында салаңдап жүргөн тапанчасын жамбашына жылдырды. Кыйналып, чарчаган ийини сыздап ооруду, кайрадан таңуу керек эле, бирок аны эртеңкиге калтырды. Көзгө сайса көрүнбөгөн караңгы токойдо дүмүргө урунуп же бакты сүзүп албас үчүн колдорун алдыга сунуп, бут алдын абайлап карап барат. Кудай жалгап бул жерде токой бир топ суюк экен, ар кай жерде карайган карагайлар сороёт. Ал бир нече саат мурда бул жакка келген жолун эстей баштады, кайрадан сазга чейин барып, токойдун четинен солго бурулмак. Андан аркы жол эсинде калбаптыр, бирок ал атышуулар чыккан тарапты жана жылдыздарды карап туура багыт таптым деген үмүттө эле. Иши кылып немистерге кабылып калбаса болду.
Ал караңгы токойдо сокур кишидей колун алдыга сунуп, карагайларды сыйпалап өтүп, көп сандаган чөп баскан дүмүрлөр менен жыгылып жаткан тарбайган дарактарды, катуу куурайларды адегенде буту менен акырын тепкилеп көрүп, алдыга кыйынчылык менен жылып, көпкө жүрдү. Эң алгач токойдон чыгышы керек, ал анын четине мына-мына жетем, андан аркы жолдо ылдамыраак басам деп ойлоду. Тынчыбаган атышууларды угуп баратканы менен, оюнун баары кырман тарапта. Аны Клава менен Грибоеддин тагдыры тынчсыздандырып жаткан, алар кандай тагдырга туш болушту экен? Грибоед ал жерден чыга албаса керек. Бирок Клава кайда кетти? Ал бөлмөдөн чыккандан кийин жер соруп кеткенсип таптакыр көрүнгөн жок.
Ойлонуп баратып атышуулар чыккан тарапка эмес, кечээки жолу менен баратканын көрдү, мылтык үндөрү анын сол жагынан чыга баштады. Бирок Левчук ал тарапка бурулган жок, – эми ал сөзсүз кырманга баруусу керектигин түшүндү. Ал жакка бармайынча, эч жакка кете алмак эмес.
Муну жакшы түшүнгөн Левчук ал жакка батыраак жетсем деп чыдамы кетти. Ал алдынан чыккан бадалдарга, жыгылган ача жыгачтарга көңүл бурбай чалынып-чулунуп карбаластап, кырманды божомолдоп чуркады. Кечээ болуп өткөн окуяларды эстегенде, бүткөн бою титирейт. Бир саат мурда аман калганына сүйүнүп жатса, эми ал Грибоед менен Клаваны таштап кеткенине катуу өкүнө баштады, кандай болгондо да аларды таштабай, кандайдыр бир башка жолду издеши керек эле. Бирок ошондо да, азыр да ал эмне болгон жол экенин билген эмес; ал аны, Грибоедди жана өзүн сактап калыш үчүн болгон аракетин кылган. Анын аң-сезиминдеги: “бир нерсени туура эмес кылдың, анткени, өзүң араң кутулуп чыккан жалындаган тузактан аларды сенден башка эч ким сактап кала алмак эмес” – деген кечиккен сезим, аны барган сайын күнөөлөй баштады.
Эң биринчи ага кырмандагы бөлмөгө кириш керек. Аны ал жакка барса эле кечээги окуяны башкача кыла алчудай, иш кечээкиден ийгиликтүү бүтчүдөй бир кызык сезим айдап барат. Албетте, ал эч нерсени өзгөртө албасын, өзгөртчү нерсенин бардыгын эчак немистер өзгөртүп жибергенин түшүнүп турду. Ошентсе да аны ал жакка кылмышкерди кылмыш жасаган жери тартып турган сыяктуу, бир күч катуу тартып турган.
Ал күндүз кире качкан бадалга жакын жерден келип чыкты. Дароо дарактардын шуулдаганы басаңдап, айлана жарык боло түштү, мемиреп уйкуда жаткан жайкы талаанын үстүндө агыш тартып, сейрек жылдыздар жымыңдаган асманды тең экиге жарып өткөн Саманчынын Жолу агарат. Узун чөптүү шалбаадан чегирткелер өздөрүнүн тилдеринде бир нерселерди чырылдап, а асты жакта бүлбүлдөп талаанын сөлөкөтү көрүнгөнсүйт, – ал аз жерден ажалын таап кала жаздаган кара буудай талаасы болсо керек. Каргашалуу кырманга да аз эле калгандай.
Левчук бир азга токтоп, демин басты. Полицайлар өздөрүнүн арам иштерин бүтүрүп эчак эле кетсе керек, аны бул жерден күтүп жата беришмек беле. Ошентсе да не бар, не жок, ар кандай абалга даяр болгону жакшы, ал кабынан тапанчасын сууруп чыгып, атууга даяр кармап, токойдун чети менен жылып жөнөдү.
Ал адегенде жылтылдап күйгөн от көрөм го деп ойлогон (кырмандагы өрт кыска убакыт ичинде күйүп бүтмөк эмес), бирок алдыдагы талааны туман басып мунарыктап, канчалык аракет кылса да эч нерсени ажыратып көрө албады. Кечээ кара буудайдын талаасынан ушунчалык алыс кетип калганмынбы? –деп таң калды. А балким таптакыр башка жакка келдимби? Антейин десе, бул жерден өткөн жол анын эсинде эле, демек, кырман менен айыл жакын эле жерде болуш керек.
Ушинтип ойлоп, ал алдыга карай ишенимдүү кадам таштаган эле, капысынан чуңкурга түшүп, аз жерден жыгылып кала жаздады. Чуңкурдан чыкканда, бутактын ары жагынан жылтылдаган кичинекей отту көрө калды. Ага чейин дагы бир топ жер бар окшоду, – от тегерегине жарыгын чачпай, кара буудайдын үстүнөн алсыз кызарып турган эле, Левчук дабышын чыгарбай, бадалдын алдына олтура калды. Айланада эч ким жок болчу, чегирткелер адатынча өз обондорун салып чырылдап жатышкан. Токойдун ары жагынан атышуулардын алсыз үндөрү угулат. Бирок бул атышуулар өтө эле алыс жерде болгондуктан токойдун түнкү тынчтыгын көп деле буза алган жок.
Ал улам токтоп, сактык менен кырманга жакындай баштады. Он-он беш кадам басат, олтуруп тыңшап калат, күүгүм түндүн коюнунда шектүү нерсе көрүнбөйбү? – деп үңүлө көз салат да, кайрадан басат. Бирок айлана тынч болчу, он мүнөттөй баскан соң кара буудайдан өтүп, күтпөгөн жерден өчүп бараткан өрттүн жанынан чыкты.
Левчук кырманды араң тааныды. Кырмандагы курулуш кечээкиден эки эсеге жапыздап, чатыры таптакыр күйүп кетиптир, дубалдарынын ар кай жеринен шамал үйлөгөн сайын кызарган чоктордон чыккан тумчуктурган түтүн менен ыштын жыты каңылжар жарат; ал жакындап келип, караңгыда ыш менен түтүнү тарай элек, жарымы күйүп өчкөн алма дарагына кызарган жарыгын чачып, айрым жерлери жылт-жылт күйгөн эгин кургатуучу бөлмөнү көрдү.
Левчук Грибоедди калтырып кеткен, андан мурдараак Клава чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болгон эшикти көздөй шашыла жөнөдү. Ал бөлмөгө жол менен баргандан чочулап, кара буудайды аралап, үн чыгарбай бутун бийик көтөрүп басты. Ольха дарактарынан кырманга чейинки аралык кечээ ал жылчыктан карап жатканда ойлогондон бир топ эле алыс көрүнөт, жарым жолго жеткенде ал бир саамга олтуруп, айланасына кулак салды. Анан ордунан туруп, кара куурайды шыбырттатпай, эгинди кургатуучу жайды артынан айланып өттү. Ал дагы эле Клаваны бир жерден көрөм го деген үмүтү үзүлө элек болчу, эгерде ал бул жерлерде болсо, күүгүм болсо да тапталган кара буудайдын арасынан аны сөзсүз көрмөк. Бирок ал бул жерде жок болчу. Аны тирүүбү же өлүгүнбү, бул жерге калтырышпай, өздөрү менен ала кетишсе керек. Грибоед деле ошондой тагдырга туш болгондой. Ошентсе да Биринчи майга кеткиче өз көзү менен көрүп, алардын бул жерде жок экендигине ынаныш керек эле.
Алманын жанынан алар кечээ күнү картөшкө бышырган короо жакшы көрүнөт экен, ал тургай саргайган чөптө карайган так да байкалып турду. Маңдайында бөлмөгө кире турган эшикти көрдү. Ок тамтыгын чыгара көзөп кеткен каалгасынын бири ылдыйкы илгичине салаңдап илинип, экинчи каалгасы жерде жатат. Ал адамдын денесине окшогон нерсени көрө калып, алманын алдынан ыргып чыкты. Дабышын чыгарбай басышка аракет кылып, эшиктин жанына чуркап жетип, ылдый эңкейди – дагы эле толук күйүп бүтө элек көмүр менен ысык күлдөн сасып, каңырсыган ысык илеп уруп жатты, бирок кечээкидей кайдан болсун, бул ысыкка чыдаса болот эле. Жүзүн ысыктан буруп ал сол колун ичкери сойлотуп, сыйпалай баштаганда жабышкан суюк нерсеге колу урунду, чочуп кетип колун кайра тартып алды. Экинчи жолу сунганда анын колу Грибоеддин сакалы өскөн бетине, анын күйүп калган кийимине урунду.
Өрт менен чала күйгөн чылалардын каңырсып быкшыган жытынан деми кысылып, бир саамга олтурду да, кайрадан эңкейип, колун созуп, арабакечтин мылтыгын издеди, бирок колуна анын койдун терисинен тигилген тумагы урунду.
Ал тумакты кармаган боюнча кырмандан он метрдей ары барып, жерде карайып жаткан Грибоеддин денесинен көзүн албай карап турду. Отрядда аны Левчук көптөн бери таанычу, жакын мамиледе болбосо да, анын өлүмү жүрөгүн тызылдатып, катуу тийди. Коркунучтун алдында баары бирдей эле, эми минтип Грибоед өлүп жатат, а Левчук тирүү. Балким адегенде карыяны сактап калып, анан өз камын көргөндө туура болмок беле деп ойлоду Левчук. Бирок ал учурда экөө тең Клаваны сакташка аракет кылышпады беле, анан кандайдыр бир себеп менен Левчук тирүү кутулуп чыгып, а Грибоед минтип каза болуп олтурат. А анын тумагы ошол эле бойдон экен, күйгөн жерлери да көрүнбөйт. Койдун эски терисинен эптеп тиге койгон ушул тумак, жайы-кышы арабакечтин башынан түшпөй, бир жолу ок тийген башын күндүн ысык-суугунан сактап келди...
Азыр Левчуктун эсине Кара токой капчыгайында санитар Верховец экөө апрелдин суук түндөрүнүн биринде отко жылынып олтурушканда, башына ок тийип өлүм алдында жаткан Грибоедди алып келишкенден кийин, анын тирилип кетишин таңдануу менен айтып бергени күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартыла түштү. Сүйлөгөндү жакшы көргөн Верховец, күндүз балдар Выселкидеги үйүнүн жанынан кармап алышып, немистер атып кеткен Грибоедди кантип алып келишкенин айтып берген эле. Атайы эле анын келишин күтүп аңдып олтурушканбы же капилеттен кабылып калганбы, айтор бул жолу жандармдар анын үй-жайын таш-талканын калтырбай талкалашып, а Грибоеддин өзүн жандармдардын башчысы кайыңды каратып тургузуп, тапанча менен көк желкеге аткан экен. Түнүчүндө анын жансыз денесин таап алышкан чалгынчы балдар, дагы бир өлгөн жолдошуна кошуп, эртеси жерге бермек болуп отрядга ала келишет. Ал түнү оттун жанында олтурушканда, бир азга карыянын согуш мезгили үчүн да өтө катаал тагдырга туш болгонун кеп кылышып, анан башка сөзгө өтүшкөн. Сөзгө алаксып, түтүндүн ары жагынан маңдайларына колдорун ушалап, бүрүшүп үшүгөн бирөөнүн келип олтурганын байкабай калышыптыр.
– Силер менен олтуруп жылынып алайын. Шайтан алгырдыкы, тоңуп калыптырмын...
– Грибоед! – ордунан чочуп тура калды Верховец. – Сенсиңби?!
– Тоңуп калыптырмын. Күрмөмдү бирөө алып кетиптир...
Ал экөө өлүп тирилип келгени жөнүндө бир да сөз айтпай, эч нерсе болбогонсуп, колдорун отко кактап жылынып олтурган Грибоедден бир ооз сөз да сурай алышпай жалдырап калышты. Эртең менен алардан да кем таң калбаган Пайкин да аны карап, ал эки аптадай санитардык бөлүктө жатып, ошол бойдон ал жерден кетпей арабакеч болуп калган эле. Башындагы жаракаты бат эле бүттү, дээрлик уктабай калса да ооруп кыйнаган деле жок, болгону ок тийген башын ысыктан сактап жүрө турган болгон. Бул жолу сактай албай калды, аны экинчи жолу атышты. Эми биротоло тургус кылышты.
Өлүктү карап, ага боор ооруп турган, Левчукка аны бул жерге таштап салбай, токойго алып барып жерге берүү жөнүндө ой келди. Ансыз да тирүү кезинде көрбөгөн азабы калбаган бул бечараны күйүп бүтө элек өрткө таштап кетүү адамгерчиликке жатпайт эле. Ал жымжырт түнгө кулагын төшөп, тапанчасын белиндеги кабына салды да, эшикти карай кадам таштады. Жаңы эле эңкейип өлүктү жерден алайын дегенде жакын жерден арсылдаган ит үнү чыгып, айылдын чет жагынан асманга айланасына жарык чачкан ракета атылды; мындайды күтпөгөн Левчук шашып калды, тийген жарыктан бүрүшө калып, артка тез секирип, алманын далдасына жашынды. Ракета асманда күйгөн жиптей из калтырып, кырманга бир аз жетпей жерге түшүп, ыргып барып өчтү. Анын жарыгы өчөр замат, аны байкашканын же байкашпаганын билбей жүрөгү дүкүлдөгөн Левчук арт жагындагы кара буудай талаасын көздөй чуркады. Кудай жалгап, аны көздөй мылтык атуулар болгон жок, экинчи ракета асмандын башка бөлүгүндө – жол менен токойдун үстүндө жаркырап, бир нече көз ирмемге жер бетин жапжарык кылып жок болду. Бул жолу Левчук ага даяр болгондуктан, кара буудайдын арасына жашынып, олтура калганга үлгүрдү. Ал ракетадан анча деле корккон жок, аны бул жерден оңой менен көрө алышмак эмес, анын корккону жакын жерде жүргөн немистер менен алардын иттери. Өрттөлгөн айылдан жанагы чыккан овчарканын үнү ага аябай жакшы тааныш болчу, ал дал мына ошондон чочулады. Ракета жарыгы өчөр замат ал кара буудайды аралап ольха токоюна бет алды. Баратып эле эмнегедир арт жагында бир нерсеси калгансып, көңүлү алагды болуп, олтура калып артына кылчайды.
Бир үн чыккансыйт, демин ичине алып тыңшаса кичинекей бала эзилип ыйлап жаткандай. Левчук кара куурайдын арасын жин-шайтандар ээлеп алганбы деп таң калды, аңгыча баланын ыйы баштагыдан даана угулду. Бирок анын эмне болгон үн экенин аныкташка бир мүнөт да убактысы жок, кара куурайды иттер менен тегеректеп келатканын сезип турду, ал тура калып ольха токоюн көздөй чуркады. Эгерде анын жолун биринин артынан бири зуулдап жалтырап учкан октор тоспогондо, ал ошол боюнча токойго кирип кетмек. Октон жашынып кара буудайдын арасында жата калды, ольхаларга барып тийген октор жаңырып, алыстан атылган үндөрдү кайталап жаткансыйт. Ал аны байкап калышканынан эми шек алган жок, аны жол тараптан атып жатышкан, демек, кечээки жол менен – кара буудайды аралай ольха токоюн айланып качыш керек. Атуулар токтор замат, ал ыргып турду. Бирок чуркаар алдында кара буудайдын арасынан жарым-жартылай бурулуп, өбөктөй калып тыңшап, капыстан бир аз арыраак жактан жерде жаткан агарган бир нерсени көзү чалды. Ал таң калуу жана үмүт аралашкан сезим менен ошол тарапка тез жетип, ал эмне экенин туйду, жерден жылуу жандык оролгон түйүнчөктү эңип алып, төшүнө кыскан боюнча талааны айлана, токойду карай күч үрөп жүгүрдү. Ал ошол арада эле Клава да жатса керек деп ойлогон, бирок бул жерге кандай келип жатып калганы белгисиз наристеден бөлөк эч ким көрүнгөн жок.
– Айбандар! Шүмшүктөр! – деп шыбырап баратты ал өзүнчө, артында ажылдаган иттердин жакындаганын сезип. Алар анын изине түшкөнү анык болду, эми аны кара буудайдан чыгарбай баса калышы мүмкүн эле. Тилекке жараша маңдайынан ольха токою карайып көрүндү. Ал колундагы бала менен токой ичине кирер замат, асманга кезектеги ракета атылып, авдоматтын октору дарактардын бутактарына тийип жатты. Арка жагынан көз уялткан жарыкка аралашкан бири-бирине укмуштуудай чырмалышкан көлөкөлөр аны басып калчудай сезилет, башынан ышкырып учкан жаркырак октор тийген бутактар чамындыга айланып жатты.
Ал капысынан жыгылып, капталынан жатып калды. Бир көз ирмемге бала менен качып кутула албайм го, таштап кетсемби деген ой мээсинде кылт эте түштү. Бирок артынан иттер кубалап келатканда наристени алардын талоосуна калтырууга жүрөгү чыдамак эмес. Ал бир мүнөттөн кийин тикенектүү бадалды сол ийини менен жиреп, кемселинин этеги менен жылыганда сооронуп, суу болгон ороочусун алсыз буттары менен тепкилемиш болгон наристени калкалаган боюнча бутактарды аралап кирип кетти.
15
Ал киши буту баспаган сейрек өскөн ольха дарактарынын арасындагы саздын четине жеткенде таң жаңыдан агарды. Чыгыш тарапта алиге көтөрүлө элек күндүн алгачкы нурлары асманды акырындап жарыкка бөлөп, айланадагы бадалдар, карайып тарбайган ольха дарактары, бут алдындагы чөптүү саздак жерлер барган сайын даана көрүнүп, жаңы күн өзүнүн кезектеги милдеттерин аткарууга белсенип киришти. Бул жер ага тааныш эмес эле. Левчук кай тарапка баратканын небак эле билбей адашкан, бирде сазга такалып, кайра токойго кирип, кайсы бир шалбааны аралап жүрүп, акыры ольха дарактары жыш өскөн жерге такалды. Жаш дарактардын арасына кирбей, айланып өттү, аны кубалап келатканы ансыз деле белгилүү болсо дагы, улам артына кылчактап, тыңшап коёт. Түн бою анын аркасынан иттердин арсылдап үргөндөрү бирде алыстан, бирде жакындан угулуп жаткан. Караңгыда алар артта калышканы менен, анын изин жоготушкан жок, таң атканда алар эми ылдамдай баштаса керек.
Ал колтугунда эби келбей эптеп көтөрүп келаткан кичинекей жылуу денени карап ойлоно кетти: тезирек бир айылга, конушка, токойчунун алачыгына, жок дегенде токойдон бир адамга жолугуп, бул ымыркайды ага таштап кетсе кандай жакшы. Өзү канча аракет кылган менен анын өмүрүн сактап калгыдай мүмкүнчүлүгү жок. Анын үстүнө немистер андан жөн эле калып калышчудай түрлөрү жок. Кечээ алар жетөө болчу, түнүчүндө алардын үстүнө дагы кошулушту, аларда пулемёт, иттер, ракеталар болгонуна караганда бул багытта бир маанилүү ишке даярдык көрүп жатышкансыйт. А мен келесоо бул жер аркылуу Биринчи майга өтүп кетким бар. Тапкан экенмин да өтчү жерди!
Ал жээгинде ольха дарактары өскөн сазды бойлоп, сазды айланып өтүштү же сууга кирип саз менен кетишти чече албай бутун араң сүйрөп жүгүрүп келет. Анын карамагында дагы бир нече мүнөт убактысы бар эле, ал жашына турган ылайыктуу жер караса да болмок. Сууга айла жок калганда эле кирбесе, киргиси жок, балким саз жакында бүтүп калса, айланып өтөм деген үмүтү бар болчу. Тилекке каршы, саз өтө эле чоң көрүнөт, аны жээктеп чуркаганына бир саатка жакын убакыт өтсө да, анын аягы көрүнбөйт. Атышуулар эми оң жактан да, арттан да, сол тарабынан да угулуп жатты – бардык багыттарда уруш жүрүп жаткан окшоду. Ал болсо куугунчулары сүрүп олтуруп тааныш эмес токойдун коюнун карай жүгүрүп барат.
Колтугундагы ымыркай барган сайын тынчы кете баштады – чиренип, бүгүлүп, туйлап, бирок жибек ороочусуна бекем оролгондуктан, азырынча үн чыгарып ыйлаган жок, Левчук: кокус ал ыйлай баштаса эмне болот? – деп ойлоп тынчсызданды. Бактылуу кокустук эле экөөнү сактап калбаса, жакынкы арада бадалдын арасында авдоматтын огуна денелери калбыр болуп, жер кучактап жатып калышарын бул наристе кайдан түшүнсүн. Иттердин таландысында калышары да мүмкүн. Же чоң жолдун боюндагы телеграфтын карагайындагы зым байлаган илгичке бир кезде алардын Чернухадагы байланышчысы Трофим Дылды илип салышкандай ээгинен илип, көпкө чейин кыйналып өлсүн деп таштап кетишер. Ошентсе да Левчук немистер аны кармай электе ымыркайды жакшы адамдардын биринин колуна тапшырам деген үмүтү үзүлгөн жок. Өзү жалгыз болгондо минтип тигил акмактардан жашынып жүргөнчө, ыңгайлуу жерден аңдып туруп, аларга ок жаадырып тосуп алганы оңой болмок. Албетте, авдомат же пулемёту болсо жакшы дечи, бирок ал чалгында жүрүп тапанчадан таамай атканды да жакшы үйрөнгөн эле. Колунда бала турганда эч нерсе кыла албайт болчу, ийгиликке көзү жетпегенден кийин бекер эле тагдырын сынай бергиси келген жок. Ошондуктан ал калың өскөн өсүмдүктөрдү аралап, бирде басып, бирде жүгүрүп сазды айланып өтүүгө белсенди. Саз чындыгында эле бүтпөчүдөй. Түндөтөн бери бадалдарды, шалбааларды, дарактарды аралап келатса да, айылдан дайын жок. Ал эми өз күчүнө, чыдамкайлыгына гана ишене алмак, бирок тилекке каршы, анын күчү менен мүмкүнчүлүгү ар бир мүнөт сайын азайып барат, бирок анда кичинекейди сактап калсам деген тилеги өтө күчтүү болчу. Ал кандайдыр бир адамдын акылынан тышкары үмүт менен ушул кичинекей адамдын өмүрүнө жармашып, андан кандай да болсо ажырабаштын айласын издеди. Чынында эле бул жолдо ага ишенип берилген адамдар биринин артынан бири өлүп тынышты, эми эч ким тааныбаган, эч кимге кереги да жок болсо керек, колунда ушул ымыркай калып олтурат. Аны токойго таштап кетиш оңой болчу, ал үчүн эч кимдин алдында жооп да бермек эмес, дал ошол себептен Левчук аны таштап кете албады. Бул наристе аны ага кымбат жана эми бул дүйнөдө жок адамдар – Клава менен, Грибоед, Тихонов менен, ал тургай Платонов менен байланыштырып турган. Андан тышкары, ал Левчуктун эки күндөн берки кыйналуулары менен жаңылыштыктары бекер кетпегенин далили эле. Эгерде ал аны сактап кала албаса, анда жашоо үчүн жанталашып күрөшүүнүн эмне кереги бар? Бул согушта аман калуу оңой нерсе эместигин ал жакшы билчү, ошондуктан өмүрүнө үзүлүп түшүп кам көргөндү ал унутуп калганына көп болгон.
–Эч нерсе эмес, эч нерсе, бир тууганым! – деди ал наристени карап, ал көптөн бери сүйлөбөгөндүктөн каргылданып чыккан өз үнүн тааныбады. –Дагы көрө жатарбыз...
Бул жерде бир аз четтеп кеткен саздын кайыңдар өскөн кургак жээги менен ал мурдагы багытта элүү кадамдай жүгүрүп, кайра артка чукул кайрылды. Сазга айланган өлөң чөптүү жээктин тилкесине жакындаганда, ал калың чөптө изин калтырбаш үчүн, саздагы өскөн бадалдарды аралап жөнөдү. Адегенде суу тайыз, тизеге чейин болчу, анан акырындап тереңдей баштады. Ал таяк алып албаганына өкүндү, бирок аны алган күндө да кайсы колу менен таянмак эле? Саздын кара суусунун ар кай жеринде кырчын талдар менен ольхалар өскөн өңгүл-дөңгүлдөр жапжашыл болуп турганын көргөн Левчук, саздын анча терең эместигин болжоду, мүмкүн аман калышар. Ымыркайды колтугуна кыскан боюнча ал бир дөңгүлдөн экинчи дөңгүлгө секирип, бадалдын бутактарына жармашып, барган сайын тереңге кирип баратты. Жээктен элүү метрдей узаганда эле тизеден өйдө ылай боло баштады, көп өтпөй чым көң аралашкан саздын кара балчыгы санына чыкты, ал эми мындан ары тереңдебесе экен деп тиленди, кокус тереңдеп кетсе баланы кантет? Бирок саз тереңдегендин үстүндө болду, дөңчөлөр азайып, алардын ортосундагы чөп-чарсыз кара суунун жалтыраган бетинде чөмүч баштын жазы жалбырактары калкып жүрүшкөн. Левчук чөмүч баштар терең жерлерде өсөрүн жакшы билчү, ошондуктан алардан оолактап мох менен салаңдаган бутактарды кармай алса боло турган дөңчөлөргө жакын жүрүүгө далалаттанды. Ал шашып жатса да, тынч токойдо дабыштар алыска угуларын билгендиктен сууну шалпылдатпай басканга аракеттенди. Улам токтоп тыңшап коёт. Бир кезде ага карап бирөө кыйкыргансып угулду, ал токтоп кулак төшөдү, бирок шектүү үн кайталанган жок. Сыягы, ал үн алыс жактан чыгып, ага тиешеси жоктой. Ал тыңшап турган учурда буттары тизесине чейин илээшчээк ылайга кирип кетип, адегенде бир бутун, анан экинчи бутун араңдан зорго сууруп алды. Ал жанталашып жатып күрмөсүнүн этегин да сууга малып алыптыр, бир аздан соң күрмөсү таптакыр суу болсо ымыркай кантер экен? Эптеп жатып узун чөп өскөн дөңгүлдөрдүн бирине жетти да ага жөлөнүп, күрмөсүн акырын чечип ымыркайды ага этияттап ороду. Ал буттарын тыбыратып кыймылдаган менен ыйлаган жок, жылуу күрмөнүн ичи жагып, тынчып калды көрүнөт.
– Мына, эми жакшы болду! Тынч жат! Негизгиси: тынч жат да үнүңдү чыгарба! Балким бир нерсе кылып...
Санына чейин суунун ичинде туруп, ал кайда барышты карай баштады. Жакыныраак жерде иттерден жашынгыдай кургак бийик чөптүү дөңсөө же аралча болсо жакшы болмок. Бирок тилекке каршы, андай ылайыктуу жер көрүнбөйт, саз барган сайын тереңдеп, өңгүл-дөңгүлдөр сейрек тартып анда-мында дөмпөйүшөт. Левчук алардын ортосунда чөгүп кетчүдөй болуп, барган сайын кооптоно баштады. Колундагы ымыркай оролгон түйүнчөктү ал улам арылаган сайын суудан өйдө кылып, бийигирек көтөрүп, буттары менен сыйпалап бадалдар менен сууда өскөн өсүмдүктөрдүн тамырларына чалынбастын аргасын кылып кыбырайт. Кээде тең салмагын жоготуп, теңселе түшкөндө, суунун үстү капкара болуп ылайлана калат. Аңгыча таң агарып, жерге жарык түштү, негедир туман да жок, таңкы тунук асманда тытылган жүндөй суюк булуттар калкып учуп жүрүшөт, а айлана мемиреп тыптынч эле. Ошол тынчтыкты бузуп, кайсы бир жактан чыккан иттин үргөнү угулду. Ал коркуп кетип артын бурулуп карады да, жээктен бир аз эле узаганын көрдү. Сууну чалпылдатып жакын жердеги ольха дарагынын ачакей бутагы сууга салаңдап турган дөңчөнүн жанына жетүүгө ашыкты. Дөңчө өтө эле кичинекейи аз келгенсип, суунун эң терең жеринде экен, ага жеткиче кургак жери калбай, күрмөсүнөн бери суу болду. Бул жерге жеткиче бир топ убактысын кетиргендиктен, тигилердин жакындаганын сезди, балким анын суу шалпылдатып басканын угушса керек. Ал камдана баштады, баланы чөп өскөн дөңчөнүн кырына акырын жайгаштырып, экинчи колу менен тапанчасын алып чыкты. Суу бул жерде анын көкүрөгүнө чейин эле, ал башын бутакка каткан менен, эгер алар иттер менен сазга киришсе, аны сөзсүз көрүшөрүн билип турду.
Ымыркай ыйлабай турса эле болду.
Алардын келишкенин көрө электе эле, үндөр угулду. Бадалдын арасынан адегенде түшүнүксүз тилде сүйлөгөн башчысынын корулдаган үнү чыгып, анан барып жээкте өскөн ольханын бутактары кыймылдады. Левчук сууга дагы терең кирип, бадалдын арасынан жээктин көрүнүп турган бөлүгүнө көз жүгүрттү. Демин ичине тартып, бармагы менен тапанчасынын кулпусун жылдырып жатып, алардын саз менен калың өскөн бадалдардын ортосунда келатышканын көрдү. Бадалдын арасынан эң биринчи улам жерди жыттап, айланасын кыдырата карап, из кубалап келген кызгылт-күрөң ит чыкты. Анын артында бутактарды кычыратып сындырып, иттин артынан араң үлгүрүп, чалгынчылардын чаар ала кемселин кийген, маңдайындагы кырбусу бар кышкы тумакчан узун бойлуу неме, анын артынан дал ошондой эле ит менен дагы бир немис көрүндү. Алар токтобой алдыга чуркап өтөр замат, бадалдын арасынан алардын үйүрү, – бирдей мас-халат кийишкен, белдериндеги кол казандарын, баштыктарын, дүрбүлөрүн салаңдатып байлап алышкан, он чакты жазалоочу, авдоматтарын шарактатып жайнап чыга келишти. Алар жээкти бойлой биринин артынан бири ээрчишип, иттердин изи менен эки жакты карап, жүгүрүп баратышты, алар ар бир көз ирмемде Левчукту көздөй авдоматтарынан окту мөндүрдөй жаадырышка даяр болчу.
– Ох, шүмшүктөр! Ох, акмактар! – деп үшүгөндөн колдоюп калган эриндерин дуба айтып жаткансып кыбыратып, шыбыранды. Ал иштин чатак жагына айланганын жакшы түшүнүп турган. Эгер алар анын изин байкабай калып, токтобой өтүп кетишпесе анда ал бул жерден аман чыкпашы белгилүү эле. Бир аз убакытка ал ольханын далдаасынан аларды көрбөй калды, бутактардын кычырап сынган үндөрүн угуп, жакынкы секунддарда анын тагдыры чечилерин ойлоду. Өтүп кетишеби же кайра артка кайрылып келишеби? Аңгыча каңшылаган иттин ызалуу үнү чыгып, кожоюндун ага буйрук бере бакылдаганын жана дагы немисче айтылган түшүнүксүз сөздөрдү укканда ал иттер изди жоготконун түшүндү да, ийининен бери сууга кирип, башын дөңчөнүн далдаасына катты. Акырын артын бурулуп караса, ачык, бетинде бир да өсүмдүк көрүнбөгөн терең суудан кийин коюу өскөн кырчын талды көзү чалды. Ошол жерге жетип жашынса кыйла коопсуз болчудай. Бир секундалык убакытка ал ошол жакка баргысы келип, бирок тобокелчиликке салбады, ордунан жылган жок. Мурдараак кыймылдап, саз жээгинен алыстап кеткенге убакыт жетпегени өкүнүчтүү, балким ошондо аман эсен кутулуп кетмек.
Жок, алар андан ары кетишкен жок – алар артка кайрылышты.
Алар мурдагы тартип менен – анын изин кубалап бадалдан биринин артынан бири кайрадан артка чубап чыга келишти, ал тигилерди тиктеп, жүрөгүнүн дүкүлдөп соккону өзүнө угулуп турду: а кокус токтоп калышса эмне болот? Эгерде алар токтоду дегиче иттер сөзсүз сазды карап үрөрү бышык, анда иштин бүткөнү. Алар сазга кирген бурулуштан өтүп кетишкенсиди, биринчи иттин, анын артында аны жетелеген немистин өткөнүн даана көрдү, калгандары алардын артынан баратышкан, ошол учурда Левчук жээктеги өлөң чөптөн өз изин көрө калды. Ооба, бул анын изи эле, жээктеги суудан баштары чыккан чөптөрдөгү анын баскан жерлери алигиче түзөлгөнгө үлгүрбөй жалпайып, ылайланган суу киргилденип, жакшы туна элек экен. Байкабай калганын карабайсыңбы, этияттап басуу керек эле да, иттики! Так гана жээкте! Эми иттин артынан көрбөй өтүп кетишсе экен! Үшүгөнүнө корккону кошул-ташыл болуп денесин калтырак басып, ал жердеги кайыңдардын жанынан биринчиси, экинчиси, үчүнчүсү чуркап өткөнүн көрүп турду. Артта дагы үчөө бар эле, мына эми акыркысы болуп шашылбаган беттери салаңдаган семиз неме өттү. Левчук бир аз эс ала түштү, балким иши оңуна айланар...
Анын буттары суу түбүндөгү баткакка аябай баткандыктан, эптеп бошотуп, дөңчөгө эңкейди, күрмөнүн ичинен бошонуп бул дүйнөдө эмне болуп жатканын билгиси келгенсип тыбырчылай баштаган ымыркайга көз жүгүрттү. Күрмөнүн этегин ачып аны караганда ымыркай быйтыйган жүзүн кыймылдатып чекесин бырыштыра баштады, аны азыр ыйлап жиберет деп корккон Левчук дөңчөдөгү чөптүн биринин тамырын жула калып, сууга чайкап наристенин оозуна салды. Ымыркай чындап эле тамырды сорууга аракет кылып, тынчып калды, Левчук аз убакытка болсо да бул жигитти алдадым деп ойлоду. Анан ал кайрадан кыймылдабай тыңшап, немистердин кобурашкандары угулуп турду, кайра келе жатышабы деген, бирок алар келбеди; анын жоголгон изин таппай жатышса керек. Бир мүнөт өтпөй бирөөнүн бийик үнү заңк эткенде, ага жооп кылган үндөр жакын эле жерден чыкты. Левчук тигилердин дагы эмне балээ жасаганы жатканын түшүнбөй, тынчсыздана баштады. Ал жашынганга ылайыктуу жер издеп, көзү кайрадан кырчын талдарга түштү, ал жакка баргысы келди, балким немистер изине түшкөнчө андан ары да кетип калармын деп ойлоду. Бирок ал ойлонуп бүтө электе маңдай жагынан немисти көрдү: ал моюнуна эки өтүгүн бириктирип асып алып, анын изи менен жылаң аяк сазга кирип келе жаткан. Экинчиси авдоматын атууга даяр кармап алып беркиге бир нерселерди айтып жатты, сыягы жолдошун шыктандырып жатты көрүнөт:
– Forwerts, dort nicht tief! [Вперед, там неглубоко! (нем.)]
– Hier ist der Kluft [тут прорва (нем.)], – деди тигил нааразычылыгын билгизе кобуранып.
Левчук бармагы менен кайрадан тапанчасынын кулпусун жылдырып, аны ольханын ылдыйкы бутагына жөлөп атууга даярданды. Ал немисти ортону бөлүп, жалбырактар калкып жүргөн сууга чейин коё берип атууну чечти. Мындай жакын аралыктан ал немис кайра артка кайтпасы бышык, андан соң жээктегиси аны атып салат. А балким Левчук экинчи огу менен анысын да атып калууга үлгүрүшү мүмкүн...
Мына баары бүттү!.. Буга чейин канча азап-тозокту башынан өткөзбөдү, эми бардыгы минтип жөпжөнөкөй жана болбогон жерден бүтүп жатат.
Адатта, коркунуч пайда болгон мүнөттөрдө, анда коркуу, чочулоо сезимдер жоголуп, мээси таза жана так иштеп, колу күчтүү, атканы таамай тийчү. Немис өзүн күтүп турган ажалды сезгендей шашылган жок, ал тизесине чейин багалектери түрүлгөн арык ичке бутун бийик көтөрүп, абайлап басып келаткан. Ал астыга бүгүлө калган сайын моюнундагы өтүгү менен авдоматы курсагынын үстүндө салпаңдап, аны оң колу менен кармап алыптыр. Анда-мында башын көтөрүп, шапкесинин кырбусунун алдынан алды жагына көз жүгүрткөнү болбосо, көбүнчө бутунун алдын кароо менен алек.
«Балким ушундай келгениң түзүктүр. Кел, келе бер шүмшүк!»
Ошентип ал ага да, өзүнө да өлүм алып келе жатты.
Сазга кирип суу тизесинен өйдө көтөрүлгөн кезде немис кара жемиштүү бадалга жетип, анын бутагынан кармамакчы болуп кол созгондо, тайгаланып кетип капталы менен сууга жатып калды. Тура калам деп обдулганда, башындагы фуражкасы ыргып, андан акырын алыстап калкып барып чөгүп кетти. Чалпылдатып жатып, айланасындагы суу капкара болуп чыкты, тура калып жээкте аны карап боору эзилгиче каткырган жолдошуна бир нерселерди айтып кобурап кайра артын көздөй тарбалаңдап жөнөдү. Кургак жери калбай суу болуп, саздын баткагына оонап, кебетеси келишкен немис нааразы боло кобурап, болгон кийимин чечип жылаңачтанды. Экөө көпкө чейин анын булганган кийимдерин сууга чайкап, сыгып кыбырап жүрүштү. Аларды карап турган Левчук үшүп, титирей баштады, тигилердин батыраак кетишин чыдамсыз күттү. Акыры немис шымын, көк майкесин, өтүгүн кийди. Анын шериги, буту-колдору тартайган, моюнунда кол чырагын асынган жаш ефрейтор немис, бадал жакты карап бир нерсе деп кыйкырды, ага ал жактан жооп кылган добушка удаа эле, авдоматтын атууга камданып шарактаган үнү угулду. Левчук кулагын түрүп тынчсыздана баштады – булар дагы эмнени баштайт болду экен?
Бул жолу көпкө күттүрүшкөн жок, бадалдын ары жагынан авдоматтар тытырап, саздын үстүнөн октор чуулдап уча баштады. Левчук адегенде түшүнгөн жок – алар кимди аткылап жатышат? Аны азырынча көрүшө элек болчу, андан башка бул жакта эч ким жок эле. Анын үстүнө алар жана иттери менен чуркап өткөн тарапты аткылап жатышкан. Балким ошол жактан партизандар жолугуп калды бекен? Бул жердеги эки немис да ошол тарапка бармай болду көрүнөт, арткысы кемселин авдоматын бир колунан экинчи колуна алып, жүгүрүп баратып кийди. Левчук дагы арылап барып жашынууну чечти, ымыркайды жаңы эле колуна алган, ошол учурда авдомат үнү жаңырып, андан учкан октор так жанындагы суунун бетин чулпулдатып, андан чачыраган көп сандаган майда тамчылар анын бетине тийип жатты. Ал ымыркайды денеси менен жаап, дөңчөнүн үстүнө көкүрөгүн жөлөп, башын ылдый кылып, кыймылдабай калды. Эми ал аны немистер алигиче көрүшпөгөнүн, саздын үстүн туш келди эле аткылап жатышканын түшүндү. Ал ийинине чейин саздын суусуна чумулуп, жээкке көз жүгүрттү, бир аздан кийин ал жээкте эмне болуп жатканын көрдү – алар кайрадан саз жээгине бөрүлөр сыяктуу тизилип алышып, авдоматтарынан ок жаадырып, сазды акырындан айланып өтө башташыптыр. Аман калдым деген үмүт пайда болгон Левчуктун көңүлү кайрадан чөктү. Иттер менен кубалашканда таба алышпай калды го деп ойлой баштаганда, эми минтип мөндүрдөй жааган октун биринен үн-сөзсүз саздын ылай суусунун алдына жылып кете бермей болду окшойт. Бул солдатка согуш тартуулаган тагдырлардын эң эле татыктууларынан эмес эле. Мынча болду ымыркай да кошо өлсө жакшы болмок, а кокус тирүү калса анын тагдыры кандай болор экен...
Тарсылдаган аткылоолор тынчын алдыбы, ымыркай тыбырчылап ыйлай баштады, Левчук күрмөнүн этеги менен анын бетин кымтылап жапты, кокус тигилер укса кантет? Иттер ок ата башташкандан бери жаактары тынбай ажылдап үрүп жатышкан, кокус алар сезип калса сазга чейин жулунуп кирип келишмек. Кудай жалгап авдоматтардын тарсылдагы биринчи кезекте иттердин анан атып жаткандардын өздөрүнүн угуусуна тоскоол болуп, ымыркайдын алсыз үнүн азырынча уга алышкан жок.
Аман-соо калуудан үмүтү үзүлө баштаган Левчук эми жаркырап учкан октордун ал турган жерге улам жакындап тийип жатканын көңүлсүз байкап турду. Немистер окторун аяшкан жок, алар ар бир дөңчөнү, бадалдардын түптөрүн, саздан чыгып турган дарактарды аткылап жатышты. Суу бетинен миңдеген ылай аралаш майда тамчылар чачырап, суу кайнап жаткандай боркулдап, абада, сууда жалбырактар, чамындыга айланган бутактар, жулунган өлөң чөптөр учуп сапырылып жатып калды. Кырк биринчи жылы Корбиндин алдында эле болбосо, Левчуктун мындай жамгырдай жааган ок алдында калып көрө элек болчу. Мындай жааган октон аман калыш өтө кыйын. Ал болушунча бүрүшүп, дөңчөнүн артындагы сууга кирип кетти, ымыркайды сууга салганга болбойт эле, ал дөңчөдө өскөн мохтун арасында калды. Аларды карай атылган ок адегенде эле ымыркайга тиймек, бирок Левчукту да соо калтырбайт эле, демек, экөөнүн абалы бирдей болчу.
– Ах, шүмшүктөр, шүмшүктөр!..
Жанагы төшүндө кол чырагын салаңдатып асынган тартагай ефрейтор кайрадан жээкте пайда болду; бадалдан чыгып, авдоматын ийнине такап алып сазды карай токтобой ок жаадырып кирди. Ондогон октор жээкке жакын дөңчөлөрдүн чаңын чыгарып, дарактар менен бадалдардагы бутактардын чамындылары асманга көтөрүлүп, бир заматта саздын бетин жапжашыл кылып салды. Октор уламдан-улам Левчукка жакындап тийип жатты. Ымыркай өмүрүнүн акыркы күнүн жакындаганын сезгенсип, басылбай катуу ыйлай баштады, бирок тарсылдактардан анын үнүн Левчук өзү да уккан жок. Ал өзүнө карай атылган акыркы окту күттү. Андан кийин күтүүнүн да кереги жок болмок. Эми алар үчөө болуп калды. Биринчиси күтүүсүздөн алды жакка чуркап кетти, а калган экөөнүн бир убакта аткан авдоматтарынын октору ал турган жерге жакын өскөн ольха дарагынын быт-чытын чыгарып тытты. Суу үстүндө ок тийип бузулган кичинекей уянын майда ак жүндөрү самсаалап учуп түшүп, анын бирөө Левчуктун башынан, дагы бир-экөө анын жанындагы дөңчөдөн орун тапты. Левчук ымыркайды бир колу менен мохтун арасына ылдый басып, экинчи колуна тапанчасын алды. Ал четтеги авдоматынын ок салган кутучасын которуп жаткан немисти мээлеп, аны ала жатууну чечти. Аралык тапанча менен атканга бир аз алыс эле, үшүгөн колдору да камтууга жакшы келбей жаткан. Баары бир ал аны кароолго алды. Бирок алардын аткан октору негедир өйдө, анын башынан алыс кеткенин байкап, акырын артына бурулуп карады. Ал жакында эле өзү барып жашынгысы келген кырчын талдын жалбырактары туш тарапка бырыксып учканын көрдү. Ошондо тигилер жашынганга ылайыктуу дешип ошол жердин тамтыракайын чыгара аткылап жатышканын түшүндү. Левчукта кайрадан үмүт жаралды. Саздын бир четинен экинчи четине чейин зуулдап учкан октордун жаңырган үндөрүнөн кулагы тунган Левчук ымыркайды колтугуна бекем кысып алды, анын алсыз кыймылдаганын сезген менен ыйлаганын уккан жок. Тумчугуп калбаса эле болду деп ойлоду, кыймылдабай тура берип катуу үшүп, жаактары карышып калган Левчук.
Немистер акырындап оң тарапка жылып, авдоматтардын үнү алыстай баштады, бул жерлерде аткылай турган эч нерсе калган жок дешти окшойт. Бир аз тынчый түшкөндө Левчук орун которууга бел байлады. Ал сол колу менен ымыркайды өзүнө кыса кармап, оң колуна тапанчасын алып, сууну шалпылдатпай кадамын этият таштап, тийген октордон бутактары талкаланган кырчын талды көздөй баратты. Аны экинчи жолу аткылашпайт болуш керек. Бутактары суюлуп калса да, далдасына жашырынса болот эле. Ал бул жолу да аны кудай өзү сактаганын ойлоп таң калды, болбосо жана эле ойлоп бул жерге келип жашырынганда, эмдигиче денеси тийген октордон калбыр болуп, кансыраган өлүгү ушул муздак сууда жатмак.
– Тынчтан бир тууганым, тынчтан. Бир аз унчукпай тур, – деди ал ымыркайды карап. Бир паска эс алып турду, эки жагын абайлап карап алды да, акырын капталы менен жылып жөнөдү. Эгерде чөгүп кетпесем, бул жолу аны сактап калышым мүмкүн деп ойлоп сазга арылап кирип бара жатты...
16
Бир, бир жарым сааттан кийин дарактар менен бадалдар артта калды, алар менен кошо саздын ар кай жериндеги түпсүз сормо жерлери да бүтүп, мох менен калың өскөн чөптүү жерлер көбөйө баштады. Кээ бир жерлерде саз дагы эле терең, басканда былкылдап турганы менен, эми чөгөм деп коркпой өтүп кетсе болчудай. Авдомат үндөрү акырындап оң тарапка ооду, ал жакта дагы эле зуулдап учкан октор саздын бетин тытмалап, канаттууларды үркүтүп алыс качырып жаткан. Ал тургай адамдарга аралашып, алардан анча чочубаган сагызгандар дагы, сууга жакын учуп бул тарсылдактардан уча качып баратышты. Төшүнө баланы бекем кучактаган Левчук бир былкылдаган дөңгүлдөн экинчисине секирип, улам жыгылып кетчүдөй чайпалып, кайра түзөлүп жүгүрүп бара жаткан. Бир кезде ал секиргенге үлгүрбөй белине чейин балчыкка кирип кетти, жанталашып бир оңго, бир солго кетип, бут алдынан катуу жерди издеди. Суу болгон кийими денесине жабышып, кыймылдаган сайын бетине ылай суу чачырайт. Эми ал титиреп үшүбөй калды. Азыр анын жападан жалгыз ою ымыркай оролгон кичинекей түйүнчөктө болчу, аны колунан түшүрүп жибербейин деп коркуп, өзү жөнүндө унутуп да койду. Эмнеси болсо да эң кыйын учур артта калган сыяктуу, буюрса саз бүтүп, алдыда карагай өскөн жээк көрүндү. Бирок тиги жээкте аны эмне деген тагдыр күтүп турду экен?
Акыры ал саздан чыгып, нымдуу, бут кирип кетпегендей катуу чым жер менен чекенди өскөн кумдуу дөбөнү көздөй бир топтон бери кургак жерди баса элек, ичине ылай-суусу аралаш толуп калган өтүгүн шалпылдатып чуркап жөнөдү. Анын кебетеси адам көргүс эле, – башынан баштап, бутуна чейин суу болгону аз келгенсип, балыр аралашкан ылай бүт денесине жабышыптыр; ийини менен жеңдеринде кандайдыр бир сууда өскөн булалуу өсүмдүктөр самсаалап илээшип, балырга окшогон дагы бир нерселер кийиминин соо жерин калтырбай жармашып жүрөт. Бирок кудай жалгап ымыркай көп суу болбоптур, анын кемселдин ичинде тынч жатпай ыйлаганы курсагынын ачканыдыр. Ал ыйлаган сайын Левчук бул жерлерден алыстоого жан далбастады. Арт жактагы атылган октордон эми коркпой калды, эми аны тынчсыздандырган башка нерсе. Ал токтобой жүгүрүп бара жатты. Ал токтоп кийимдерин сыгып, кургатып алганга убактысын короткусу келген жок, анткени ал баланын өмүрү үчүн коркту. Дөңгө чыгып, ал жыш балатыларды аралап өтүп, ичке жалгыз аяк жолго туш болду. “Жол болгондон кийин, демек, жакын жерде айыл бар – деген Левчук жеңилдей түштү – эми кайрадан немистерге жолугуп калбасак эле болду”.
Ал жол менен чуркаган боюнча дагы бир он мүнөттөй барганда, ары-бери чайкалып чарчадыбы же уктап калдыбы, айтор бала акырындан тынчып, үнү чыкпай калды. Ошондо гана Левчук жай басканга өттү. Ал жылып калган, айланасын карап, бир жерге олтуруп, өтүгүн чечип, кургактап алууну ойлонду. Бул жерде немистер жок сыяктуу, дагы канча басарын ким билет, ошондуктан суу болуп тоголоктошкон чулгоосун оңдоп албаса, бутун өйкөп бат эле баса албай калары турган иш. Ал жаңы эле ушинтип ойлонуп, жол четиндеги белине чейин өскөн узун камыштарды карай баратканда, жакын жерден бирөөлөрдүн үнү менен ат дүбүртү угулду. Ал жолдон тез чыгып токойду көздөй чуркады, бирок кеч болуп калган, атчандар аны байкап калышты. Арчанын түбүнө бүрүшүп олтура калып, балким көрбөй өтүшөр деп күтүп калды. Бирок алар кеткен жок. Аттын дүбүртү капыстан басылып, так үстүнөн буюра сүйлөгөн адамдын үнү чыкты:
– Эй, бери чык!
Дагы кайдагы немелер келип калды деп бушайман болгон Левчук ичинен сөгүнүп алды. Сүйлөгөндөрүнө караганда өзүбүздүкүлөр сыяктуу, бирок ким билет, немистер же полициялар болуп калсачы? Колундагы баланы таштабай, акырын тапанчасын кабынан алып чыгып, бадалдын арасынан эңкейип, аларды так маңдайынан көрдү. Алар да аны көрдү окшойт. Булар партизандар сыяктуу, ар кимиси ар кандай кийинген үч атчан, камыштын ары жагынан өзүбүздүн советтик ППШ авдоматтарын аны карай каратып турушкан экен.
– Колуңду көтөр!
Левчуктун көзү толук жетпесе да, булар партизандар өңдөнөт. Ал колундагы баланы акырын чөптүн арасына коюп, артына тапанчасын катып ордунан турду. Анын мындай жайбаракат кыймылы атчандарга жаккан жок көрүнөт, алардын бири эскирип, өңү өчүп, оңуп бараткан гимнастёрка кийген жаш жигит бапагын желкесине жылдырып, атын аны карай теминди.
– Тапанчаңды ташта! Бол! Колуңду көтөр!
– Болду, болду, – деди Левчук. – Силер эмне, өзүбүзбүз...
– Кимге өз экениңди кайдан билелик!
Левчук алардын партизандар экенине көзү даана жетти, бирок тапанчасын таштагысы келген жок, анткени аны тигилер алып алышса кайра беришпесин билди. Ал убакытты чоюп жатты. Тигилер жакындап келип, аны акырындап курчай башташты. Эми кааласа, каалабаса да тапанчаны таштоого мажбур болот окшойт.
– Карасаңар, бул саздан чыккан окшойт! – деди, – экинчи, чап жаак келген жаш жигит.
– Саздан чыкканы, факт. Тиги жээктен, – билгени бар немедей сүйлөнүп, биринчи жигит атынан түштү.
Ошол убакта каптал жактан кең көкүрөктүү, бозоруп оңгон купайкесинин жакасын жагжайтып ачып алган үчүнчүсү, жакындады, – бул кебетеси тигил экөөнөн улуу окшойт. Анын сакалын таза кырып алган кара муруттуу жүзү эмнегедир Левчукка тааныш сыяктуу көрүндү. Бир нерсени эстей албай жаткансып, атчан дагы аны тиктеп карап калды.
– Токто! Сен Геройскийден эмессиңби? Фамилияң Левчук эмеспи?
– Левчук.
– Темир жол түйүнүн чогуу талкалаганыбыз эсиңдеби? Темир жолдо төрт дөңгөлөктүү арабадан бизди кандай аткылашты эле?
Левчук эми баарын эстеди. Бул былтыр кышында болгон, бул мурут экөө рельстин үстүнө аларга пулемёттун огун жаадырып жүргөн арабанын жолун бөгөп, рельстин алдына төшөлчү жыгачтарды сүйрөп барып коюшкан. Бул мурут ошондо арыкка бир чокоюн түшүрүп жиберип, жылаң аяк буту менен сыйпалап таба албай жатып, аз жерден экөө тең пулемёттун мөндүрдөй жааган огунан өлүп кала жаздашкан. Левчук көңүлү жайланып, тапанчасын кабына салды, берки балдар да жолдошунун айтканына ишенип, авдоматтарын ага кезебей, аны кызыга карап калышты.
– Сен эмне саздан чыктыңбы?
– Ооба, –деди ал кыска, эңкейип жерден ымыркайды колуна алды.
– А мунуң эмне?
– Муну айтасыңбы? Адам. Жакын жерде аял барбы. Буга эмчек керек, бир суткадан бери ачка.
Балдар таңыркап карап калышты, ал ымыркайдын бетин ачып тигилерге көргөздү.
– Ого! Чын эле бала экен! Карасаңар!.. Муну кайдан таптың?
– Айтып олтурса, бул узак окуя, балдар. Ургаачы адам керек, курсагын тойгузбаса өлүп калат.
– Жакын жерде үй-бүлөлүк лагерь бар. Ошол жакка бериш керек, – бапакчан жигит атына секирип минди. – Кулеш, бар жеткизип келе кал, анан бизди кубалап жетесиң.
– Жок, – деди Левчук. – Өзүм жеткизишим керек. Бул жерде... түшүнсөңөр, өзүм жеткизишим керек. Ал жерге чейин алыспы?
Өзүң бил. Жол менен барсаң алыс болуп калат. А бул жердеги булакты бойлоп барсаң он мүнөттүк жол.
Алар камыштын арасынан жолго чыгышты. Аттар бир орунда жөн тура албай тыбырчылап жатты, атчандар бир жакка шашып бара жаткансыйт, бирок саздан чыккан, алардын биринин таанышын жолго таштап кете алышпай турушту.
– Болуптур! – деди акыры бир чечимге келген бапакчан жигит, сыягы алардын тобунун башчысы ошол окшойт. – Кулеш, жолду көргөзүп коюп, артыбыздан кууп жет. Бортанын жанынан күтүп турабыз.
Мурутчан Кулеш атынын башын артка бурду, Левчук анын аркасынан шашыла жолго түштү. Ал кайсы бригаданын балдарына жолукканын түшүнө албай бара жатты, бирок Биринчи майлыктар эместей. Биринчи майлыктар темир жол түйүнүн талкалашканда катышкан эмес, ал кезде алар Минский тарапта жүрүп, бул районго жазга жуук келишкен.
– Сазда немистер сени аткылап жатыштыбы? – деп сурады Кулеш ээрге көчүгүн кыйшайтып артына кайрылып.
– Ооба, араң аман калдым.
– Саздан кантип чыктың! Ал жер оңой сормо эмес – о-ей!
– Чыктым. Өлдүм го дегем. А сен азыр кировдуктар менен жүрөсүңбү,– деп акырын тамырын тарта сурап койду Левчук.
– Ооба, кировдуктар менен. – Бизди аябай кысып киришти, акмактар! Кечээки күнгө чейин тынч болчу, а кечээ башташты. Угуп жатасыңбы, күрсүлдөтүп жатышат? Коргонуп жатабыз.
Левчук алар бара жаткан тараптагы атышууларды укту. Атышуу алыс жакта болчу, бирок атышуу бир мүнөткө да токтолбой, аларга анын үнү токойдон жаңырыктап келип жетип жатты.
– Эй, алдагы бала өзүңдүкү эмеспи? –деди Кулеш баланы карай ээгин көтөрүп.
– Жок, меники эмес, досумдун баласы.
– Аа, ошондойбу! Анда түшүнүктүү...
– Туула элек жатып жетим калды. Атасы да жок, энеси да жок.
– Турмушта баары болот, – деп үшкүрдү Кулеш. – Бөтөнчө азыркы учурда.
Левчук Кулештин сары тору атына катарлаш басып баратып, жакында эле башынан өткөн оор окуялардан кийин, көңүлү бир аз жайланып акырындап өзүнө келе баштады. Буюрса, ал эми бир ажалдан кутулуп, ымыркайдын өмүрүн да сактап калды окшойт, ал буга эч бир күмөн санаган жок. Чындап келгенде ал буга кубангандай да алы калган эмес. Азыр тагдыр аларды аяп, коркунучтуу нерселердин бардыгы саздын аркы өйүзүндө калган соң, ал кирпигинен тартса жыгылчудай катуу чарчоодон башка эч нерсени сезбеди, ал атчандан артка калып калбаска болгон күчүн үрөп, алды жагын улам карап, лагердин көрүнүшүн чыдамсыздык менен күтүп келе жатты. Лагерге жетип алса болду, андан ары эч жакка жылбайт. Баланы тапшырып берет да, уйкусу кангыча уктайт, андан кийин доктур болсо барып колунун жаракатын көргөзөт. Суу болуп, жакшы таңылбаган жаракаты сыздап ооруп, кээде адам чыдагыстай катуу сайгылашып жанын кыйнап жаткан, эмнеси болсо да ырбап кетпесе эле болду, андай болсо кантет? Барган сайын оорусу катуулап, тынчын ала баштады.
– Аз калдык, – деди Кулеш. – Булактан өтсөк эле келип калабыз.
Левчук күрсүнүп койду, балага көзүн салса ал тынч уктап жатыптыр. Жол карагай өскөн дөңдөн ылдый булактын боюнда өскөн жаңгактарды карай алып бара жаткан. Ал жерге жакындап калганда булактын ары жагынан аларды карай жабалактап чуркаган куралдуу адамдарды көрүштү. Аларды көрүп тигилердин бири колун жаңсады, эч нерсеге түшүнбөгөн Кулеш атынын тизгинин тартты.
– Эмне болуп кетти?
Жолго немис мундирин кийип, колунда немис авдоматы бар, кара тору, кишини жалтанбай тик караган өткүр көз карашы бар адам чуркап чыкты: анын көкүрөгүнө илип алган килтейген немис дүрбүсү салаңдап жүрөт, Левчук бул кировдуктардын командиринин бири экенин дароо түшүндү.
– Кулеш, токто! – деп кыйкырып ал авдоматын алдыга сунду. –Мунуң ким? – деди ал Левчукту сынай тиктеп.
– Бул Геройскийден, – деп жооп берди Кулеш. – Мына, ымыркайды үй-бүлөлүк лагерге алып бара жатабыз.
– Кайдагы ымыркай! – деп кыйкырды жинденген командир. – Баарыңар катарга тургула! Немистер кирип келишти, угуп жатасыңбы, эмне болуп жатканын.
Жаңгактардын арасынан жыйырмадай партизан жүгүрүп чыкты. Баарынын кебетеси чарчаңкы, күйүгүп алышыптыр, бир топ жерден чуркап келишсе керек, алар биринин артынан бири келип, командир менен Кулештин Геройскийден келген таанышынын сөзүн тыңшап унчукпай туруп калышты.
– Эмне, бала менен согушка кирелиби? – деп таң калды Кулеш.
– Мейли, сен баланы жеткизип кел! – командир тез чечим кабыл алды. – А сен бизге кошул. Мылтыгың кана?
– Жок, – деди Левчук. – Тапанчам бар.
– Тапанчаңды ал да менин артымдан жөнө!
Левчук бир секундча ойлоно калды, ал жарадармын деп айтайын деген, бирок командирдин чечкиндүү жүзүн көрүп ал оюнан айныды. Мындайлар сенин актанууларыңды уруп да ойнобойт – бирдеме болсо тапанчасын сууруп чыгып атып салуудан кайра тартпайт. Левчук муну өз тажрыйбасынан жакшы билчү.
Левчук баланы Кулешке берди, ал өтө этияттык менен баланы коомай кармап алдына өңөрдү.
– Негизгиси, курсагын тойгуза турган аялга бер, бала эмизген аял болсо сонун болмок. — деп эскертти Левчук.
– Айтканыңдай болот. Сен камсанаба.
Өткүр көздүү кара тору командир дөңгө чуркап чыгып аркасын карады. Левчук эмнегедир Кулеш баланы колунан түшүрүп жиберчүдөй коркуп ордунан жылбай карап турган, ал жаңы эле теминип ордунан жылып баратып, тизгинин тартып артына кылчайды.
– Эй, мунун ысмы ким?
– Ысмыбы? – Левчук таң кала кетти.
Чынында эле ал аны менен биротоло коштошуп жаткандыр, а ага эмдигиче ат коюша элек экен. Ысым тууралуу ойлонгондой болдубу? Ал ага мунун кереги бар деп үмүт да кылган жок эле да.
– Виктор! – деп кыйкырды ал, Платоновдун ысмын эстеп. – Виктор деп айт, фамилиясы Платонов. Эгерде...
– Түшүнүктүү!
Кулеш жол менен чапкылап барып жаңгактардын арасына кирип көрүнбөй калды. А суу кийими алигиче кургай элек Левчук ичиркенип алды да командирдин артынан дөңдү көздөй чуркап жөнөдү. Ал тараптан мылтыктар тарсылдап, алгачкы октор таңкы токойдун абасында чуулдап уча баштады...
17
Бир нече убакыт өткөндөн кийин Левчук балкондорду карап жатты, кире бериштин дал үстүндөгү үчүнчү балкон ошолордуку экенин адегенде ойлогон эмес. Чынында эле алардын бөлмөлөрү аянтчанын оң жагында болгон соң, демек, алардын терезелери короону карайт, а айнектелген кууш каалгасы, тепшиче-вазалардагы гүлдөр өсүп турган балкон да, ошол тарапта болчу. Андан башка ал жердеги чырпыктардан согулган отургуч, кичинекей үстөл, чатырдан кирген антеннанын жоон зымы көрүнүп турган.
Ал капыстан балконго бөлмөдөн чыгып, айнек банке менен гүлдөргө суу куюп, төмөн жакка бир көз жүгүртүп, кайра балкондун каалгасын ачык боюнча калтырып, бөлмөгө кирип кеткен агыш түстөгү халат кийген келинди көрүп калды. Левчук акыры ал күтүп жаткан адамдар үйлөрүнө келип калышканын билсе да, азыр эле көргөнүнүн маанисин дароо түшүнө албай дендароо болуп, ордунан козголо албай олтурду. Ооба, ал канча жылдан бери издеп таппай келген кишисине акыры жолукмак болду көрүнөт. Ал тигил эле жерде!
Он беш мүнөттөй мурда Левчук бир эркек менен аял ээрчишип алып, үйгө кирип бара жатышканын көзү чалган, бирок ал жапалдаш бойлуу, кең далылуу, кыска жеңдүү көйнөгүнөн эти жок чыканактары уркуюп чыгып турган эркекти арт жагынан эле көрүп, ага анчейин көңүл бурган эмес. Ал ар бир өткөн адамды өткөзүп жибербей тиктеп, карап олтурган. А Платоновду ал башкача элестетчү. Бирок эми турууга убакыт жетти. Турмуш дайыма эле адамдын үмүтүн, тилегин ишке ашырып, эркелете бербейт, анын өз каалаганын жасамай адаты бар эмеспи. Бирок адам да өз айтканын жасамайынча жаны тынбайт, натыйжада талаш-тартыш пайда болуп, кээде аягы жаман бүткөн чырга айланат.
Анын бул жолугушууну отуз жыл бою кыялында элестетип жүргөндөрү – балдардын оюнундай эле болуп калды, сыягы эми баардыгы башкача болот көрүнөт. Бирок ал учур кандай өтөрүн кайдан билет?
Левчук үчүн ошол партизандык турмуштан маанилүү себеп болмоюнча өзгөртүүгө болбой турган көп эле нерселер жүрөгүнүн тереңинде сакталып, сыртка чыкпай катылып жаткан. Анын үстүнө ошол окуялардан кийин тагдыр ага жүзүн тетир бурган эле. Алардын отряды камоодон чыгаар алдында ал колун кестирип, санитардык бөлүктө Грибоеддин ордун ээлеп, атчы болуп жүрдү. А ат багып жүрүп эмне эрдик жасамак элең?
Ал ушу күнгө чейинки өмүрүндөгү негизги окуя – бөрүлөрдүн үйүрүнөн аман сактап калган ымыркай болгон, өткөн турмушу менен жашап келди. Ал аны Кулеш алып кеткен боюнча көргөн жок. Жолуккан адамдардан ал жөнүндө канча сураштырса да, анын дайынын билген бир да адамды жолуктура албады. Жүздөгөн сомодой болгон күчтүү, менменсинген жигиттер жок болуп кетип жатканда бир кичинекей ымыркайдын тагдыры кимди эле кызыктырды дейсиң; Левчук сыйлыктарды деле жарытып алган жок, ал согушуп жүргөн учурда сыйлыкты көп деле бере беришчү эмес, кийин бат-бат сыйлай башташканда, ал согушка катышпай араба айдап жүрдү. Ошондуктан, анын эң чоң сыйлыгы ошол ымыркай, азыр өлкөнүн толук кандуу атуулу болгон Виктор Платонов эле.
Уктап, чымыраган буттарынын ооруганына карабай, Левчук чымырканып жатып олтургучта олтурган жеринен турду. Ал толкунданып чыкты: көп жылдар мурда башынан өткөн кыйын учур, алдыда турган отуз жылдан бери издеп келген жолугушуу, өзүнүн жакшыбы, жаманбы жашап өткөн акырындап аягына ачыгып бара жаткан өмүрү, аны бир башкача абалга алып келди. Капыстан пайда болгон кандайдыр бир жагымсыз толкундоосун басууга аракеттенип, ал үчүнчү этажга жай басып көтөрүлө баштады. Тааныш болуп калган эшик мурдагыдай эле бекем жабык болчу, бирок ал жакта жүргөн адамдардын добуштарын угуп, коңгуроону басты. Ал эшикти бирөө келип ачат деп күткөн, бирок анын ордуна бөлмөнүн түпкүрүнөн чыккан жумшак, ичке үндү укту:
– Кире бериңиз, эшик ачык.
Ал кепкасын чечкенди унутуп, эшиктин туткасын бурады.
1975-ж.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ