АҢГЕМЕ
Биз бул жерди “үч бурчтук” дечүбүз. Анан кандай болмок эле? Башкача айтылышы мүмкүн да эмес. Бул жер чындыгында эле чийип койгондой, бир да кемтиги жок, үч бурчтуктун формасында болчу. Биз ал жерде экөөбүз жашадык, жетимиш үчүнчү же жетимиш төртүнчү жылдар болсо керек.
Биздин үч бурчтукту силер гректердин дельта тамгасындай толук үч бурчтук деп ойлосоңор жаңыласыңар, биздин үч бурчтук андай эмес, кууш, ичке шынаага окшогон үч бурчтук болчу. Сүрөттөп берейинчи: алдыңарга тегерек чизкейк турат. Аны бычак менен он экиге бөлөсүң. Чийилген цифербладга же айлананы отуз градустан он экиге бөлгөн – торттун бөлүктөрү болуп калат. Аны тарелкаңызга салып алып, чайдан ууртап, жакшылап карап көрүңүз. Ошол торттун формасы – так эле биздин үч бурчтугубуздай.
Балким, эмне үчүн силердин тилке ушундай формада болуп калды деп сурарсыз. А балким, сурабайт деле болушуңуз керек. Айырмасы жок – жообун баары бир билбейм. Жергиликтүүлөрдүн да эч бири билбейт. Билгенибиз эле – ал тилке илгери эле ушундай формада болгон экен, дагы көпкө чейин ушул формада кала берчүдөй. Менин байкоомдо, кошуналар үч бурчтук тууралуу сүйлөшкөндү жактырышпайт же аны ойлонуп баштарын ооруткусу келбейби – билбейм. Эмне үчүн ага кулактын үстүнө чыгып калган сөөлгө мамиле кылгандай кайдигер болушат – түшүнүксүз. Кебетеси адаттан тыш формасынан ошондой го.
Үч бурчтук эки тарабынан темир жол менен кысылып турат. Бирөө мамлекетке таандык, экинчиси – жеке менчик. Дегинкиси, эки линия катар келе жатып эле жолдун ортосунда оркоюп турган шынаанын учуна келип, адаттан тыш бурч менен эки жакка бөлүнүп кетет: бири – түндүк тарапка, экинчиси – түштүккө. Укумуш көрүнүш да. Үч бурчтуктун учуна туруп алып өтүп жаткан электричкаларды карап, мен өзүмдү толкун жиреп бараткан эсминецтин мостигинде тургандай сезчүмүн.
Бирок үч бурчтук жашоого ыңгайлуулук жагынан абдан начар жер эле. Биринчиден, тынчтык жок. Тилке эки темир жол линиясынын ортосунда сыгылып тургандыктан, поездердин такылдаганы бизге тынчтык берчү эмес. Алдыңкы бөлмөнүн эшигин ача салсаң, состав өтүп баратат, төркү үйдүн терезесинен карасаң, ошол эле көрүнүш. Чындап эле ошондой – кудум мурдуңдүн алдынан зуулдайт. Ушунчалык жакын өтөт, жүргүнчүлөр менен тиктешип, баш ийкешип учурашып койсо да болчудай. Азыр ошол күндөрдү эстегенде, ошондой майда-бараттар да маанилүү окуя сыяктуу сезилет.
Акыркы поезд өтүп кеткенден кийин тынчып калат да деп сурайсыз сиз. Хм-м... Билбеген элдин бардыгы ошондой ойлошот. Мен дагы ал жакта жашап калгыча ошондой ойлочумун. Кокуйдун бардыгы акыркы поезд болбогондугунда болуп жатпайбы. Эл ташыган поезд түнкү саат бирде ишин токтотот, бирок жүк ташыган поезд ошол замат ишин баштайт. Алар таң аткыча калдырайт, таң атаар менен эл ташыган поезддин иши уланат. Ошондой жашоо күн сайын, күн сайын улана берет...
Эхе-хе.
Биз эмнеге ошондой жерде жашап калдык? Жөнөкөй эле себеп – ал арзан болчу. Үч бөлмөлүү, ваннасы, ал эмес кенедей багы бар үй үчүн бизден, көлөмү чакан квартиранын акысын алышчу. Өзүңчө үйүң болсо мышык кармаганга да болот да. Бул үйдү атайын эле биз үчүн арнап койгондой. Биз жаңы үйлөнүп, ушунчалык кедей элек, мактанычы жок айтсам, бул багыт боюнча Гиннес рекорд китебин толуктай турган абалда элек. Үй тууралуу станцияда чапталган кулактандыруудан билдик. Шартын, ижара акысын жана үйдүн түзүлүшүн окуп, бизге оңдой берди болгонун түшүндүк.
- Абдан эле арзан, - дейт кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеген кашка баш клерк. – Эми бир аз тынчтыгы жогурак деңизчи, бирок ага деле көнсө болот. Дегинкиси мындай туракты табуу – олжо. Бул чындык.
- Көрсөк болобу? – деп сурадым.
- Албетте. Бирок силер өзүңөр эле барып көргүлөчү. Ал жакка барсам башым ооруп калат.
Бизге үйдүн ачкычын берип, кандай барарыбызды чийип көрсөттү. Жакшы адам экен!
Станциядан үч бурчтукка чейин жакын көрүнгөнү менен, жүрө бергенде бир топ алыс экен. Темир жолду айланып, биз рельсалардан виадук[2] аркылуу өттүк, бирде ылдыйыш, бирде өр талашкан ичке, ыплас чолок көчө аркылуу жүрүп олтуруп, акыры тилкеге артынан чыктык. Жакын жерде дүкөн да, деги эле эч нерсе байкалбайт. Анык какшыган жер экен!
Үй болсо үч бурчтуктун так учунда жалгыз турат. Биз кирип, бир саат бою келечекте байыр алуучу жайыбызды шашпай карап жаттык. Ушул мезгил ичинде терезенин айнектерин кылдыратып эки жагыбыздан тең поездер шакылдап өтүп жатты. Поездер өтүп жатканда биз бири-бирибизди укпай калабыз. Бир нерсе айтайын десең эле үй такылдак-шакылдакка толуп калат, анан поезд өтүп кеткиче унчукпай тиктешип калабыз. Ызы-чуу басаңдап, эми сүйлөшө баштайлы дегичекти кийинки электричка пайда болот. Байланыш үзүлөт дегендей да. Кадимки Жан-Люк Годардын[3] киносундай.
Ушу ызы-чуусу болбогондо үй бизге абдан эле жакчу.
Бир топ эскирип, какжырап калса да токономасы[4], ачык верандасы бар. Терезеден куюлган күн шооласы полго төшөлгөн татамини майда төрт бурчтуктарга бөлүп чагылдырат. Ушунун бардыгы мен бала кезде жашаган үйдү элестетет.
- Кандай, сага жактыбы? Алалыбы? - дедим. - Тынчы жогураак, бирок эптеп көнүп кетебиз да.
- Өзүң бил. Мен каршы эмесмин, - деди колуктум.
- Бул үйдө эми бизге чындап эле үйлөнгөндөй, бир үй-бүлө болуп жашагандай сезилип калат.
- Эмне, андай эмеспи? Биз эмне үйлөнө элекпизби?
- Үйлөнгөнбүз, албетте, ошентса да...
* * *
Агенттикке кайрадан келип, биз үйдү алабыз дедик.
- Кандай экен? – деди баягы кашка баш.
- Тынчы жогураак, бирок эптеп көнөбүз да, - дедим.
Көз айнегин алып, айнегин марля менен сүртүп, пияладан чай ууртап, көз айнегин кийип, мени тиктеп калды:
- Ошондойбу... жаштык, жаштык.
- Угу,- дедим.
Биз келишимге кол коюштук.
Заматта эле көчүп бардык. Бизди микроавтобусу бар досум көчүрүп барды. Жууркан-төшөк, кийимдер, идиш-аяк, столго коюлуучу шам, бир нече китеп, анан алар менен кошо мышыгыбыз – болгон мүлкүбүз ошол.
Радиоприомник, телевизор деген жок. Кир жуугуч машине, муздаткыч, стол, газ плитасы, телефон, чайнек, чаң соргуч... буларсыз эле... жашаган экенбиз да... Кандай гана кедейлик! Ошондуктан жарым саат ичинде эле көчүп бардык. Акчаң аз болсо, жашооң да жөнөкөй окшобойбу.
Досум эки темир жолдун ортосунда сыгылып турган биздин жаңы турагыбызды көргөндө, таң калганын жашыра алган жок. Микроавтобустан бардык мүлкүбүз үйгө жайгашкандан кийин, ал бир нерсе айтмакчы болуп мага карап оозун ачты, бирок ошол мезгилде кезектеги электричка өтүп эч нерсе угулган жок.
- Сен бирдеме дедиңби?
- Ушундай жерде кантип жашоого болсун? – Көргөндөрү аны бир топ эле бушайманга салып койду көрүнөт.
* * *
Кыскасы, биз ал үйдө эки жыл жашадык.
Бул жердин шарты жашоого такыр ылайыксыз экен, бардык кыйшык-тешигинен жел аркырайт, жайында го жакшы, а кышында анык кудайдын тозогу. Меш сатып алганга акчабыз жок, ошондуктан кечинде мышыгыбыз баш болуп жуурканга оронуп, кучакташып жатып алчубуз. Эртең менен турганда кухнядагы суу тоңуп калчу. Кыш бүтүп, жаз келерин күтчүбүз. Сонун мезгил да.
Бардыгыбыз – мен да, колуктум да, мышыгыбыз да жеңилдеп калар элек. Апрель айында темир жолдо иш таштоо болду. Ошол бир нече күн биз үчүн анык бактылуу күндөр сезилди. Күнү кечке бир да поезд жок! Мышыгыбыз кошулуп, темир жолго чыгып күнгө жылынганы турдук. Деңиз түбүндөгүдөй жым-жырт. Жаш элек, жаңыдан эле үйлөнгөнбүз, күндүн нуру болсо бекер...
Ошондон бери “кедейлик” деген сөздү укканда, ошол ичке үч бүрчтуу жердин тилкеси эсиме түшөт. Кызык, ал үйдө азыр кимдер жашайт болду экен?
Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ