Аман Саспаев: Гефест

  • 05.08.2021
  • 3317

АҢГЕМЕ

– Алып бергилечи бери, – Гера төрөттөн кийинки кан сөлү аз сүйкүмдүү өңүн суута сүйлөдү. – Көрөйүн да баланы...

Ал наристесин көз жүгүртө болсо да бир карап алууну эңсеп жатты. Бирок, алтын чылапчынга салып, жууп-чайкап, жыпар жыттуу май менен майлап жүргөн Артемида, баланы энесине бирден эле көрсөтө койгон жок. Эмне үчүндүр алар унчукпастан, өздөрүнчө көпкө күйпөлөктөштү.

Ушул бала боюна бүткөндөн бери Гера ширин кыялдарга бөлөнүп, жарык дүйнөгө наристенин жарк этип батыраак пайда болуусун такатсыз күткөн. Анын үстүнө, башка аялдардан төрөлгөн Зевстин татынакай балдарын көргөн сайын, Геранын күйбөгөн жери күл болучу. Күнүлүк деген – аял баласы качып кутула алгыс күнөө эмеспи. Эгер Гера Зевстен төрөп калчу болсо, бала сулуулук жана акыл-эс жагынан Олимптеги жаш кудайлардын баарын жолдо калтырууга тийиш. Ханышада жаткан жашыруун үмүт-тилек мына ушундай. Андай болбойт экен, мында «бала төрөдү» деген атка конуунун кереги жок. Мына эми, кезеги жетип текебер Ханышанын тилеги орундалды, баласын төрөдү. Бирок, ошол нурлуу Олимптин болочоктогу сыймыгын өз энесине көрсөтпөй жатышат.

– Ирида! – деди Гера кызматкер кызына үнүн саал катаал чыгарып, – Эмне мынча күйпөлөктөйсүңөр. Бери бергилечи...

Төрөт кудайы Артемида, кол башындай кызыл эт наристени алаканына салып, Геранын жанына келди. Анын айласыз кыймылдап жатканы билинип турду. Чыканактап тура калган Гера, балага көз жүгүртүп өттү да, өңүн өзгөртүп сала берди. Ал бүчүлөрү чечилген көкүрөгүн үрөйлөнө кайрадан топчулай баштаганын өзү да сезген жок. Наристенин кызыл күрөң курсагынан ичегиси чааралакей тартып, кыймылдап көрүнүп тургансыды. Чийдей ичке колу-буту таң каларлык ийри-муйру түшүрүп, чалкасынан түшкөн коңузду элестетип, дайны жок тыбырайт. Көгөргөн эриндер кайыштай чоюлуп, жеп-иче турган нерсе издегенсип жан-жагын жалмалайт. Анда каш дегенчелик каш да жок. Кыскасы, мына бул чыңалып-кызарган, сары түк тышына тепкен кичинекей бырыштуу бетте кудуреттүү Зевстин да, ашкан сулуу Геранын да кыпындай белгиси көрүнбөйт. Кабыргалары саналып, киндиги чорбоюп, кыйк-кыйк эткен кандайдыр бир жаман үн да чыгарып жатты бала...

Геранын каары келди. Ал табияттын шылдыңы алдына эч качан муюп көргөн эмес. Наристени колуна алды да, тирүү бала эмес куурчакты ала салдырып карап жатты. Анан колун чүпүрөккө аарчый баштады. Гера болсо, кумсаргандан-кумсарып ары карап, төшөгүнө жата кетти. Жоон сан үстүнө түрүлгөн жамынчыны да жогору тартпады ал. Алды менен ары карап жаткан Геранын тууралжын соорусу, жүктөн бошоп боксолонгон ичке бели андан жогору солкулдап жаткан жука, нары кең далысы корунду аларга. Гера күйүтүнө чыдабай ыйлап жаткан эле.

*      *      *

Деңиздин пири Фетида Гефесттин татынакай буюмдарын улам бирден алып карап, таң калып жатты. Майда үлүлдөрдөн, маржан-шурулардан бир-бирине кынап жасалган ар кыл билерик, шакек, сөйкө ал түгүл, падышалардын таажысы, аса таяктары устакананын бир капшытын бүт ээлептир. Анда илинүү турган моюнга тагылуучу акак, берметтерчи! Мына береки кызыл маржандын тизмегин алыңыз, анын ар бир даанасы биринен-бири ажырагыстай окшош жонулган. Укмуштуу чебердин бул чыгармасы тагынган кишиге өмүр бою кубаныч тартууламак. Олимптеги аял кудайлардын бир да биринин боюнан мындай жасалга табылаар бекен?

Салмактуу Фетида билинер-билинбес башын чайкап, Гефесттин өнөрүнө суктанат. Мындан жыйырма жыл мурда асмандан деңизге келип чулп эткен, көк карын наристеден мынчалык сыйкырдуу улуу адам чыгат деп ким ойлогон? Устакананын экинчи капшытындагы айнек кутуларда алтын балык сүзүп жүрөт. Бирок, ал чыныгы балык эмес. Ичине тетик орнотуп, тышын алтындаган балык сөлөкөтү гана. Төмөндө тактада болсо, темирден жасалган кичинекей жылаңач кишилер кадимкидей кыймылдап, өз-ара мушташып жатышты. Ал эми устакананы кайтарып, анда-санда чыңкылдап уруп, күнү-түнү сакчылыкта турган жез кандекти көргөндө Фетида аргасыздан күлүп жиберди. Ал жакындаганда кандек башын көтөрүп, кулагын тикирейтип, үрүп тура калган эле...

Гефесттин көөр төгүлгөн колунан чыккан согуш куралдары – жаа жебелери менен, кездик кылычтар кыны менен, калкан жана туулугалар чындыгын айтканда, Зевстин өзүндө да жок. Устаканага эртең менен кирген Фетида түш ооганда гана укмуштар дүйнөсүнө суктануусун аяктады.

– Кичине чагында, кооз үлүлдөрдөн кыя өтпөс элең, – деди Фетида Гефесттин дүйүм-түркүн өнөрүнө кайыл болгондон кийин. – Мына эми, сенин акыл-эсиңде кооздуктун жыйынтыгы жаткансыйт. Анын күчү менен кооз нерсени андан бетер кооздоо кудуретине ээ болупсуң. Бул албетте, өзүңдүн улуу касиетиң. Азыр мени да... сыймыкка бөлөшүң үчүн, менин тарбияма да ыраазы экениңди уккум келет.

Гефест устаканада, өзүнүн тарбиячысынын алдында чексиз урмат менен башын ийди:

– Сизге ыраазымын. Сиз менин бирден-бир тарбиячымсыз, бирден-бир энемсиз!

– Гефест, – деди Фетида үнү калтырап. – Мен сенин тууган энең эмесмин. Ошон үчүн сага бирден-бир эне боло албайм. Сенин энең – Гера, атаң – Зевс. Алар... тиги-и, күнөстүү Олимпте жашашат, дүйнөнүн тагдырын чечишет. Сен төрөлгөндө...

– Аны айткансыз, – деп жиберди Гефест тынчсызданып.

– Ошол бир кайгылуу окуяны кайра-кайра уккум келбейт. Ансыз да эсимен күнү-түнү чыкпас болду!

Фетида толкундануусун зорго басып, жигиттин көзүнө ойлуу карап турду. Бирөөгө эч качан жамандык ойлобогон, эстүү көздөн таарынуунун, өч алуунун алиде жетилбеген алсыз белгилери жылтылдайт. Бул майда учкундардын, чындыгында эмне натыйжа берери белгисиз өңдөнөт. Бирок, кимдир-бирөө «Герадан өч алам» десе, ага тоскоол болуу колунан келбесин да толук түшүнүп турду ал. Акыры, аёо сезими бийлик курган үн менен мына буларды күбүрөдү Фетида:

– Өзүң бил, эмне иштесең да! Бирок, аларда каар барын унута көрбө, уулум...

*      *      *

Дарбазага эки дөө келди деген кабар жеткизилди Герага. Дөөлөр түшүнүксүз бирдеме ала келген имиш.

– Бизди эчтеме билбейт, – деди кудайлардын тилинде начар сүйлөгөн дөөлөрдүн бири, андан ары алыскы Лемнос аралын жандап. – Биздин кожоюн муну Ханышага жиберди. Силер алсаңар биз кетебиз, – дегенди кошту.

Белек күтүлбөгөн жерден келгенине карабастан, аны жөн гана авез үчүн кабыл алаарын жарыялады Ханыша. Дөөлөр болсо, ыраазчылык билдирип жүгүнүштү да, кайтып кетишти.

Белек сарайдын ортосуна келтирилди. Кыздар да, Гера да анын эмне экенин билүүгө ынтызарланып турушту. Кынап менен оролгон кенеп сыйрылары менен сарай ичинде көз уялткан жарык пайда болду. Пери кыздар бир добуштан онтоп, жеңдери менен көздөрүн калкалашты. Алар эмес Геранын өзү да бул ажайып нерсеге колун серепчилеп кароого мажбур болду. Ортодо кооз орундук жаркырап турду.

Орундук деңиз түбүндөгү асыл таштардан жана анда жашаган жаныбарлардын эң кооз кабырчыктарынан кыйылып жасалган. Кырлары алтындалып, аны жээктей сансыз бермет тизмеги чөгөрүлгөн. Киши отурар жери майда кызыл маржандар менен ачакейленген, нары жайлуу, жары жумшак. Ал эми сөөнгүчүнө күлгүн шоола чачуусу асыл таштардан тизип, мындай сөздөр жазылган: Бул орундук чексиз көк асмандын жана күндүн Кудайы Герага арналып жасалды!

Жазууну окуганда Геранын жүрөгү билинер-билинбес булкуп өттү. Чындыгында, мындай орундук жердеги падышаларда да, асмандагы кудайларда да болгон эмес. Жарык дүйнөдөгү бирден-бир кооз орундук өзүнө гана арналып жасалганы, аны ченемсиз толкутуп турду. Текебер ханыша саал гана жылмайып, орундукту тегерене көпкө карады. Отуруудан мурда көздүн курчун мыктап кандырууну ойлогонсуйт. Бирок, бул укмуш, өзүнөн чыккан баласынын колунан жаралганын ал сезген жок.

Гера орундукка отурууга ыңгайланды. Ал эңиле түшүп орундуктун отурар жерин бир карап алган соң, ичке белин толгой тез бурулду да, кыздарга саал жылмая карап отура кетти. Кыздар алыстан кароо үчүн артына чегинип, бир жерде топтоло калышты. Анан баштарын кыйшайтып кызыга карашты. Гера чалкалай жылмайды. Бирок, чыгаан эки жакшы биригип бирин-бири толуктаган учур аз.

Алар адамдардын суктанууларын калыстап тепетең бөлүп алышмак эмес. Тескерисинче, табигый түрдө аны талашууга умтулушмак. Мындайда, көбүнчө күтүлбөгөн окуялар жүз берет. Геранын сандары бүлкүлдөй түштү да, мыкын жагынан кытыгысын келтирип бирдеме соймоңдоп өткөнсүдү. Ханыша бул шойкомдуу орундуктан тез тура калгысы келди, бирок обдулду да отуруп калды. Ал козголгус болуп чырмалганын сезе койду. Кыздар тегеректешти. Геранын да, кыздардын да аракеттери текке кетти. Сарайга башка кудайлар да келишти. Алар сыйкырдуу орундук жана ханышанын кыйын тагдыры жөнүндө сүйлөшүштү. Бирок, бир да бирөө орундуктун жашыруун тетигин таап, Гераны бошото алган жок.

Зевс аялынын мүшкүл абалын, шумдуктуу орундуктун чырмоосун түшүндү да салкын сүйлөдү:

– Тээ, төмөндө, Лемнос аралында Гефест деген чебер жашайт, – деди Зевс. Анын үнүнөн саал нааразылык байкалат. –Ал Геранын...ым, өз баласы. Менин уулум! Ошону алдыргыла...

Эми Герага баары түшүнүктүү. Ал алды менен кумсара түштү да заматта кайрадан кан ойноп чыккан жүзүн төмөн каратты. Кудайлар бул кабарга эмне айтаарын билишпей аңырышты.

Гермес жолго чыкты. Ал Лемнос аралына, Гефесттин устаканасына көздү ачып-жумганча жетип, улуу кудайдын буйругун жарыялады. Гефест дал ошол учурда өзүнүн сыйкырдуу көөрүгүн оңдоп жаткан. Ал Герместин сөздөрүнө этибар берген жок. Ал түгүл чабарманга карап да койгон жок. Гермес үнүн басым чыгарып, буйрукту кайталады. Мына ошондо төкөр уста жантаңдай басып Гермеске жакындады:

– Кайдагы бир катын капканга түшкөн экен деп, алыс сапарга барар алым жок. Көрүп турасыңбы, кол бошобойт... – Гефест колун чүпүрөккө аарчый, дөөлөргө көөрүк басууга ишаарат берди. Балкасын алды да төш темирге согуп койду.

Чеберге Зевстин буйругу таасир этпесин Гермес түшүндү. Анын андан аркы мактаганын, жалынып-жалбарганын Гефест угуп да койгон жок. Сарайга топтолгон кудайлар куру кайткан Гермести көрүштү. Айла түгөндү. Зевс ойлоно ары-бери басып турду. Сарайда оор тынчтык өкүм сүрүүдө. Бир кезде Гера башын көтөрдү. Сарайдакылар ага карашты.

– Дионис! – деди Гера шыңгыраган үн менен.

Ал орундукка чырмалгандан бери бир ооз сөз айткан эмес. Анын бул айтканы сарайдагы топ кудайга жашап шончо, алар кабак-каштарын серпип, Дионис жөнүндө эстерине алышып, өз-ара көңүлдүү күүлдөшө кетти...

Деңиздин гүрүлүнөн башка үн жок, бейкут жаткан Лемнос аралында кыз-уландардын көңүлдүү тобу пайда болду. Алар баштарына гүлдөн алкак кийишип, шыйрактарына, билектерине майда коңгуроолор байланышкан. Кийимдери тытык, өздөрү чарчап калган. Добул менен сыбызгыга үн алышкан ырлар, ар ким өз билгенинче кыймылдаган бийлер, шат күлкүлөр айыл-кыштакты жаңыртып, туптуура эле Гефесттин устаканасын кездөй бет алышты. Аларга аралаш чаң ызгытып келе жаткан эшектерге артылган толтура чанач кымыз өз алдынча булкулдайт...

Шайыр жаштардын тобун Гефест кубанычтуу тосуп алды. Устаканада көп жылдар буулуккан зергер, бир жолу болсо да өзүнө эрк берүүнү ылайык көрдү. Салт-санаа, үрп-адат дегендерден оолак өскөн бул жаштар заматтын ортосунда Гефесттин ич койнуна кирип үлгүрүштү. Чөйчөктөргө шарап куюлду да көңүлдүү күлкү арасынан созолонгон ыр башталды:

Чеберлердин-чеберине арналып,
Таланттардын-талантына арналып.
Акыл-эстин урматына арналып,
Ар бир колго алтын чөйчөк кармалып,
Көтөрүлсүн, жук калбасын кымыздан!
Көтөрүлсүн, жук калбасын кымыздан!

Ырдын аягы жаштар жагынан дагы бир жолу кайталанды. Көңүлдүү Гефест көп токтолгон жок, чөйчөгүн шыпкады да оозун төмөн каратып, жогору көтөрдү. Ыр менен бий кайрадан жандана кетти...

Он биринчи чөйчөккө жеткенде Гефест сөз алды. Ал колун кескин жандап добул менен чоорду, ыр менен бийди кан буугандай токтотту. Тост көтөрүүгө болсо, мына бул сөздөрүн арнады:

– Менин билсеңер, дүйнөдө, жок дүйнөгө эмес, ааламга даңкым тарады. Бирок, мен аны эч кимге мактанбаймын. Мен жан гана салалбайм, андан башканын баарын жасайм. Мактаныш эмне кереги бар? Мен өнөрүм менен кудайларды таң калтырдым, ханыша Геранын орундукка чырмалып. (Ал мен жасаган орундук!) чыгалбай отурганын, мага атайын киши жиберип алпаралбаганын айтып эмне кылайын. Эгер четин гана чыгарсам, курулай мактаныч болмок! Келгиле, ичелик, мен үчүн ичелик, менин чеберчилигим үчүн ичелик...

Добул менен чоор кайрадан жаңырды. Гефести даңктаган ырлар да бүтөөр эмес. Мына ушундайча, аз убакыт ичинде эле шараптан эки чанач, жүктөн бир эшек бошоду. Ал эми, он бешинчи чөйчөк көтөрүлгөндө шараптын жарымын көкүрөгүнө төктү да Гефест кыйшая кетти. Жаштар мына ушул учурду гана күткөн. Алар бошогон эшекке Гефестти жакшылап таңышты да, добул, чоор жана ырдын коштоосу менен Олимп тоосун көздөй жөнөп калышты. Бул жаштар – сүт кудайы Дионис жана анын жөкөрлөрү эле.

Гефест эртеси көзүн ачты. Кенен кесири жарык сарай. Алдында, орундукта жаш сулуу отурат. Сарайда андан башка жан жок өңдөнөт. Гефест баамдап карады эле, орундук өзү жасаган жетиктүү орундук болуп чыкты. «Гера!» деген ой шап эте калды ага. Энеси аны салкын көз менен ойлуу карап отургансыйт. Кирпик ирмебей текшере караган сайын Геранын көзү Гефесттин рухий дүйнөсүн жапырып, тебелеп бара жаткансыйт. Анда чыныгы кудурети күчтүү кудайдын сапаты бар экенин Гефест ичинен моюндап да үлгүрдү. «Өч алам» деп ким менен «ойногонун» ал ушул алгачкы минута ичинде эле жерине жете түшүндү. Куулук-шумдуктай оолак, сынар жактуу тарбияланган чебер, аалам кудайы алдында өзүнүн курушуп, кичирейип баратканын гана сезди. Ал баарынан кутула жадап, безе качканды эңсеп кетти. «Мындан кечирим сурайын да, бошотуп жиберейин, андан ары болсо Олимпти кежигемдин чуңкуру көрсүн» деген чечимге келди ал.

– Кечириңиз!

Гера билинер-билинбес селт эте түштү. Муну күткөн эмес. Ал уулунун алсыз жагын ашкерелеген кечирим суроону ылайыксыз деп билди. Демек, мындай болгондон кийин кезек өзүнүкү.

– Тур, ордуңан, – деди Гера салкын үн менен. – Мени бошот...

Гефест сына жаздап ооруган башын зорго көтөрүп, ордунан турду. Ал жантаңдай басып орундуктун артын жанып өттү эле, Геранын сандары бүлкүлдөп, тетиктер агытылды. Ханыша жай гана орундуктан көтөрүлө берди. Ушуну гана күтүп тургансып, эшиктер чоң ачылып, Олимптеги бардык кудайлар сарайга лап койду...

Улуу ханышанын тушоодон бошогонуна, Гефесттин Олимпке кайра келгенине Зевс катуу кубанды.

– Уулум, – деди Зевс көпчүлүктүн көзүнчө салтанаттуу сүйлөп. – Күнөстүү Олимп бүт ааламга сени менен сыймыктанууга тийиш. Мен сенин, мында, биз менен жашап калууңду каалайм. Мага арнап сарай салууң керек. Эмне тилегиң бар, айткын...

Гефест унчукпай жер карап, көпкө отурду. Кудайлардын мынчалык сый-урмат көрсөтүүсү анын сезгир, нары назик жанына тымызын жагып жатты. «Бул күтүлгөн эмес эле да. Эгер ушулары чын болсо, мында калуу да жаман эмес» деп ойлоду ал. Бирок, анын ойлоно жер караганы кудайларга тескери мааниде сезилди. Ушул сый-урматка карабай жапайылыгын карматып, Гефест Олимптен кайра кетчүдөй сезилди аларга. Асыресе Геранын шаштысы кетип баратты. Ал бир кезде аны балам дегенден намыстанган болсо, эми ошол көк карын наристеден өсүп чыккан улуу адам менен энелик сыймыкка бөлөнүүнү эңсеп турду. Ар кандай кысылтаянда да аялдарга жол өзүнөн-өзү төшөлө кетет эмеспи. Гера тез басып ар жактан Афродитаны жетелеп келе койду:

– Олимптин сыймыгы, сулуу Афродита сенин жубайың болууга тийиш. Бул ата-энеңдин сыйлыгы болсун. Ал эми, өткөндү унут...

«Жетет эми!» – деп ойлогон Гефест ордунан турду. Фетида ага жаш кезинен тартып, бирөөлөргө алкыш билдирүүнүн тартибин жакшы үйрөткөн. Ал Зевс менен Герага башын ийип таазим кылды.

– Ыракмат, сиздерге, эгер сулуу Афродита мага түбөлүктүү жар болууга макулдугун берсе, анда менден бактылуу эч ким болмок эмес. Бир гана айтаарым, мага өзүмчө, эркимче иштеген, тыптынч устакана керек...

Зевс менен Гера ойлоно кетишти. Бирок, башка кудайлар арасында күбүр-шыбыр күчөй түштү:

– Устакана...

– Устакана жана Афродита!

– Көөрүк басып турган Афродитаны элестете бергиле!

Бирок, Гефесттин чеберчилиги Афродитаны кайыл калтырган эле. Ал күбүр-шыбыр, ушактарга карабастан чебердик менен жашоого макулдугун берди. Геранын жүрөгү ордуна келе түшкөнсүдү. Мындай кубаныч үстүндө эмне кылуу керектигин кудайлар жакшы билишет. Аполлон кифарасынын алтын кылдарын терип, адаттагы жан эриткен музыка башталды. Музалар ырдап, хариталар бийлеп, Геранын сарайы заматтын ортосунда шаңга бөлөнө кетти. Гефест өзүнө ыктай отурган Афродитаны сүйүп калды. Анын сулуулугу, акылдуулугу жөнүндө мурда эле уккан. Бирок, аны аялдыкка алам деп эч качан ойлогон эмес.

– Бети-башыңды жууп отурушка даярданууң керек. Мен бул сөздү эскерте жүрүп тилим тешилди, – деди Афродита.

Гефест Зевске арналган алтын сарайдын төбөсүн кооздоп жаткан. Ал аялынын сөзүнө этибар берген жок, бүткүл акыл-эси оймодо турду.

– Гефест, дейм!

Гефест жакшы кийинип, өзүң күтүп турган татынакай Афродитага бийиктен карады да «Эмне?» дегенсип башын экчеп койду.

– Кызык, отурушка баруучу белең?! – ачууланды Афродита.

– Баргың келбесе... анда мен кеттим! – Афродита асыл кийимдерин шуудуратып жөнөп калды.

Гефест алтын алкагын колунан түшүрүп жиберди. Эмнегедир көөнү бузулуп, жасап жаткан иш заматта сүйкүмүн жоготуп койду. Ал балкасын жерге таштады да, жантаңдай басып жуунууга кетти. Жалгыз жуунуу эмес, жакшы кийинүүсү, жыпар жыттуу май менен майлануусу керек. Жасанып барбаса сарайда ушак тарайт. Кемсинте башташат. Ушулардын баары эмнеге зарыл экенин ал мүлдө түшүнгөн жок. Ар күнкү даярдыктын өзү анын жүрөгүнө тийип бүттү.

Отурушка көңүлсүз кирип келген Гефест, а дегенде эле өзүнүн уялаш агасы Ареске ыктай отурган аялын көрө койду. Афродита эркелей бирдемелерди айтып Ареске кынала кетип жатты. Сулуулук өкүм сүргөн мындай чогулушта шыңга бойлуу, булчуңдуу Ареске ийри буттуу жапалдаш уста теңелмек беле. Жалгыз бүгүн эмес, өткөн сансыз отуруштарда да Афродитанын ушундай кылыгын байкаган.

Гефест күчтүү бирок туруксуз сезимге жеңилгени ошончо, отуруш бүткөндүн баарына наалат айтып, дароо артына чегинди. Ал туптуура эле өзүнүн иш ордун көздөй жөнөдү.

Ал иш ордуна келээри менен жакшы кийимдерин чечип, туш тарапка ыргытты. Колдорунун калтырап турганына карабастан балкасын алып, алтын алкактарды күмүш тилкеге жаткыза баштады. Бирок, бирдемеге алагды болуп, эмне үчүндүр иши ойдокудай болбой жатканын да сезди. Бир туруп салып жаткан сарайдын күлталканын чыгарып, бузуп салууну ойлойт. Лемнос аралындакы өзүнүн жөнөкөй устаканасын эңсейт. Бул ой да турактабай, Ареске эркелей отурган Афродита көз алдына тартыла берет. Бир туруп, минтип көргөн жыргал өмүрдөн да, сулуу аялдан да безгиси келет. Бул жарыкчылыкта алардан жийиркеничтүү эч нерсе жок өңдөнөт...

Гефест иштеп, өзүмдү алаксытам деп келгени менен сарайдын кырбуусундакы күмүш тилкеге бир да бир алкак чөгөрө албады. Чебердин өз ишине деген акыл-эсин башка бирдемелер зордой баштагансыйт. Ал алагды болуп, ишин улап кете албасын билди. Баарын түшүнүп, билип турса да жанды жеген ички сезим ага тынчтык берер эмес. Ал жай басып күнөстүү Олимп тоосунун бийигине көтөрүлдү. Төмөндө жаркыраган Геранын сарайы, анда санаасыз кудайлар көңүл ачууда. Аполлондун сыйкырдуу кифарасы музалардын ыры шашпай угулат. Андан бери болсо, өзү тургузуп жаткан Зевстин алтын сарайы күнгө чагылышат. Ал бүтө элек. Гефест андан ары көз чаптырды эле, төмөндө жер бетин коюу булут каптап улуу деңиздер, тиричилик тиреги күр жерлер көрүнбөйт. Анын көзүнө дайыма күн тийип турган, дайыма жай мезгилин сактаган Олимп тоосунан башка эч нерсе илинбеди. Өзүнөн башка эч нерсе көрүнбөгөн бийиктик да бир жагынан Гефесттин зээнин кейитип турду...

Түн жарымы оогон кезде Афродита келди да Гефестке аялдабастан өзүнүн бөлмөсүнө өттү. Аялынын ушул кылыгы үчүн бирдеме айтуу же бирдеме иштөө зарыл өңдөнүп, чебердин өзүн зордоп тыюуларын жокко чыгарган, ички тилек баш көтөрдү. Мунун канчалык салмагы бар экени менен анын эсептешип отурууга чамасы келген жок. Жантаңдай басып, Афродитанын бөлмөсүнө кирип барды. Бөлмөгө бейсабат кирген күйөөсүн Афродита жакшы кабыл албады. Ага этибар бербестен чечинип жатты, абдан чарчаган. Аялдын кыбыр кыймылы, кыймылына жарашкан сулуу тулкусу, кооздукту өзүнөн улуу көрүп, аны кайра-кайра эңсеген чебердин жүрөгүн андан бетер азаптай баштады. Ичин куйкалаган жалын туптуура эле анын өзөгүнө чарпыды. Ал ооз ачпастан, өрттөн качкан немедей кайра эшикке жулунду...

Афродита Гефестке кошулгандан берки бир нече жыл ичинде улуулугу менен башка жагындагы алсыздыгын, алданма кызгануусун, туруксуздугун толук билип алган. Азыр ал жек көрүү менен сүйүүнүн чегинде азаптанган күйөөсүн жакшы түшүндү, боору ооруду. Өтө зарылдыгы жок болсо да, Афродита түнкү халатын жамына, акырын басып Гефесттин бөлмөсүнө кирди. Гефест аялынын келгенинен улам өзүн мөрөйлүү сезип турду. Бирок, анын эмнеге келгенин билгиси да келди. Афродитанын көзүнөн болсо кыпындай да белги билинбейт. Түбөлүктүү бир калыпта жашай турган аял кудайы алдында анын «сыр алдырышын» күтө кароо дегениңиз, балалык экенин Гефест билгени жок.

– Отуруш сага жакпай турганын билем, – деди Афродита жай гана. – Бирок, мага ансыз жашоо көңүлсүз. – Аял коңур үнгө салып, өзүнүн айтып жаткан сөздөрүнө укмуштай ишенээрин сездире сүйлөдү.

– Сен кооздуктун эң назик жерлерине чейин сезип, башкара билесиң. Бирок...

– Афродита! – деди Гефест саал манчыркап. – Азыр эч нерсе кулагыма кирбейт. Бүгүнчө мени тынч кой...

Аял бул сөзгө этибар берген жок.

– Гефест, бүгүн эч кандай иш бүтүрө албаганыңды билем! Мен...

Чындык алдына чыдап тура албаган чебер, жантандап Афродитага жетип келди да кыйкырды:

– Мени тынч кой деп жатам сага!

Афродита салмактуу гана ордунан туруп, улутуна эшикти көздөй басты. Төмөндө – жерде чоңоюп, бийиктикти кеч сезинген жандан ушундай оройлукту гана күтүүгө болорун ойлонду ал. Афродита суйсалып чыга берери менен Гефест ары-бери баса баштады. Ал таң атканча уйку бетин көрбөстөн, чычаладай кызарган көзүн алыска кадап, ойлонуу менен болду. Ал эми чарчаган Афродита колу-бутун эркин таштап, таттуу уйкуда жатты.

*      *      *

Зевске арналган алтын сарай бүтүп келе жатты. Сарайдын кооздугу жөнүндө сөз тарап, сыйкырлуу төкөр устанын укмуштай чебердигине бүт Олимп кайрадан таң калышты. Сарай дубалдарынын ички беттерине алтын такта жаткызылган даага жалаң берметтен чөгөрүп кудайлар өмүрүнөн алынган сүрөттөр тартылган. Колуна жеңиш кудайы Никаны кармап, алтын такта терең ойлуу Зевс отурат. Жанында болсо калптын душманы Дика. Ал курч көздөрүн кадап, адилетсиздикти издеп тургансыйт. Дубалдын дагы бир капшытында бир колуна күн, бир колуна ай кармаган, жылдыздар арасында калкып жүргөн Геранын сүрөтү тартылган. Гера башын бир жагына саал кыйшайтып, бүт ааламга мээр төгүп турат. Башка капшыттарга Зевстин тарыхый жеңиштерин – Титандар, дөөлөр, Тифон менен болгон салгылашууларын – баяндаган сюжеттүү сүрөттөр тартылган. Кыскасы, сарайга кирген жан жер жаралгандан берки өтүлгөн бардык тарыхый улуу окуялар менен таанышып чыгууга тийиш. Гефесттин ички эсеби мына ушундай.

Кудайлардын кенен-кесири, салтанаттуу турмушуна карабастан, жерине жете арыктаган, көптөн бери сакалы кырылбаган Гефест күнү-түнү дебей сарай ичинде күйпөлөктөп, оймо-чиймелер менен алек. Анын бүткүл сыйынты да, кубанычы да ушул иш орду болду. Боёктор шыбалып, чамбулала болгон тышкы киймин ал жумалар бою таштачу эмес. Адатта, анын иштеп жаткандакы учурун көрүү кыйын. Алагды кылган бардык нерсени өзүнөн алыстатып, жалгыздап барып кулагын колго алуучу. Ууртун чыкылдатып, жарым жартылай калп таң калып, бирөөлөрдүн жанында карап туруусун ал абдан жек көрүүчү. Чебер өзүн бир аз алаксытуу үчүн ишин токтотту. Сарайдан чыгып келатып талаада таш үстүндө, сарайды карап отурган ак көйнөкчөн кары Кыз-Мойраны көрдү. Мойра – кудайлардын жана жер балдарынын тагдырын жөнгө салуучу, кудурети күчтүү өкүмдарлар. Алар эзелтен эле жалынуу, жалбарууларга моюп көрбөгөн катаал жандар. Ал эми Гефест өзүнөн башка кимдир-бирөөнүн эрки менен болууну асили жактырып көргөн эмес. Ошон үчүн таш үстүндө отурган кызды жек көрө карады. Ал жантаңдай ары басты да: «Мага ушул жетпей жатты эле!» деп күңкүлдөдү.

Клото кыз көзүнүн кыйыгы менен сарайды да, чеберди да сөзгө алып бакылдап отурду. Анын тышкы көрүнүшүнөн – «менин эч кимге зыяным жок» деген момун кебете байкалат. Кайра кирип келе жаткан Гефест, кызды эшик түбүнөн кыжырлана дагы бир карады да «Тфу!» деп ашкере түкүрүнүп сарайга кирип кетти. Ал өзүнүн иш ордуна көтөрүлгөн соң терезеден акмалап карай баштады. Кыз болсо ордунан козголуп да койбостон мурдагы калыбында отура берди. «Бул эмне келип отурат?» деген ой Гефестке жабышты да кыт куйгандай орноду. Ал терезени көбүрөк караган сайын алагды болуп, «анын келип отурушунун» себептерин кайра-кайра ойлоно берди. Анын акыл-эсинде «кыз» менен «иш» тез-тез орун алмашып, сүйүү менен жек көрүү ортосунда укмуштуудай күрөш жүрүп жатты.

Күрөштө бири жеңилсе да бири жеңип чыгат, ал эми майдандын тытылганы тытылган! Гефест өзүнөн-өзү кыжырланып, оңдуу чыкпаган майда деталдарга сөгүнүп жатты. Ал эң акыркы иш катары күнгө чагылышкан гүлдүн толтоосуна алакандай жука күмүш жаткызышы керек эле. Кесип алган күмүшүн эки жолу колунан түшүрүп жиберди. Андан ары ачууга буулугуп, балкасын да, күмүшүн да ыргытты.

Анан жантаңдай басып терезеге келди да, тышты сазара карап калды. Мына ошондо кары кыз Клото козголуп, жан жагына эрине көз чаптырып ордунан турду. Кыз сарайга шүйшүнө карап, жай жакындап келе жатты. Гефест анын ар бир кыймылын бакылап турду. Кыз сарайдын эшигине акырын келип, каалгадагы, рамалардакы оймо-чиймелер менен гүлдөрдү кунт коё тиктеди. Кыздын өңүнөн кооздукка таң калуу менен берилүү, башканын баарын унутуу даана байкалып турду. Гефест эми мындай өңдү чийип түшүрүү мүмкүн эместигин ойлоно баштады. Эмне үчүндүр чебердин көңүл туманы серпиле түшкөнсүдү. Кыздын «келип отурушунун» сыры эми гана белгилүү!

Гефест терезеден карап туруп, кыздын көңүл күүсүнө орток болууну ойлоду. Устанын улуулугуна жүгүнүүгө даяр турганы, чеберге жерине жете кайыл болгону кыздын өңүнөн билинип турбайбы. Гефест алаканын кагып, этегин чоюп тартып, мойраны көздөй түшүп келди. Бирок, кыз анын сарай эшигинен чыгып келе жатканын мүлдө көрмөксөн болгонсуду. Бул кырдаал устаны андан бетер өзүнө тартты. Ал кыздын оюн бөлбөс үчүн чебердеп басып жанына келди, анан кызга катарлаша туруп анын караган багытын кунт коё кадалды. Бирок, кыздын эмнеге кадалганын ал жакшы түшүнө алган жок.

– Өкүнүчтүү! – деди кыз кыйладан кийин.– Өнөрдөн башка эч нерсе бүткөн эмес экен боюна. Өмүр бою өкүнүү, өмүр бою эңсөө...

Гефест бул сөздөргө түшүнө бербеди. Ал кыздын бетине карады.

– Кызык! – деди Клото Гефестке карабаган бойдон салкын гана.

Ушул сөздү айтып болгондон кийин Клото артына бурулуп, Гефестке карап да койбостон кетип бара жатты. Дүң-маң болгон уста ийинин куушуруп эшик түбүндө кала берди. Анын эсинде калганы эле Мойранын акыркы сөздөрү болду:

– Өмүр бою эңсөө, өмүр бою өкүнүү!

*      *      *

Олимптин дарбазасында бизге тааныш көңүлдүү жаштар пайда болду. Алар ырын ырдап, бийин бийлеп, шарабын сунушуп меймандардын алдын тосууда. Чабарман Гермес дүйнөнүн чар тарабына жар салып тойго чакырып жүрдү. Тунук булакты мекендеген, мрамор үңкүрлөргө байыр алган перилер, кооз токойлор менен тоолордун, дарыялар менен деңиздердин перилери Олимпти көздөй агылды. Жер балдарынын падышалары да келишти. Тыштан келген коноктордун баары Зевстин өзүнө арнап салдырган алтын сарайына кызыгышып, анын ичи тышындагы өрнөктөргө, кооз беделер менен сүрөттөргө суктана нары таң кала карап жатышты. Эч качан булут каптабас Олимп асманында күн жылуу нурун төгүп турду. Коноктор аптапта какталбасын үчүн, Зевстин буйругу боюнча жагымдуу жел аргы жүрүп турду. Алтын чөйчөккө куюлган мүрөк суулары күмүш табактарга тизилип, сарайды макташып топ-топ болгон меймандарга жеткирилип жатты.

Сарай ичинде болсо, эң кадырлуу меймандар отурушту. Аполлон кифарасынын алтын кылдарын тере чертип, музалардын ырларын коштоодо. Улуу гимндер, арноо гимндери айтылып, угуучулардын бою балкууда.

Бир кезде тышта тургандар баштарын ийип таазим кылышты, сарай ичиндекилер дүркүрөй орундарынан турушту. Сарайга Зевс, Гера, Гефест кирип келе жатты. Баарынын өңүндө кубаныч ойнойт. Зевс меймандарга текши карап, башын ийкеп алардан амандык сурады. Текебер ханыша тегерегине манчыркай карап, өзүнө арнап коюлган алтын такка бет алды. Ал уулунун ашкан чебер болгонуна мына ушундай сыймыктануу керек дегенсийт.

Гефест саал кеңирээк келген жаңы кийими менен жантаңдай басып, өзүнө жылмая караган жылуу чырайларга башын ийип, урмат билдире басты. Артта турган меймандар жапалдаш бойлуу устаны көрө алышпай моюндарын созуп, буттарынын учтарына тик туруп жатышты.

Зевс өзүнүн алтын тагына барып Геранын отурушун күттү. Сансыз меймандардын жана улуу кудайдын урмат көрсөткөнү менен ханышанын иши болгон жок. Ал эркинче жай басып тактасына барды да артына бурулуп, меймандарды кыдырата бир карап өттү. Андан кийин гана жанындагы нөкөр кыздарына колун берип, такка отурууга жардамдашуусун буюрду. Ал отурган соң гана Зевс колун жандап, меймандардын отуруусуна ишарат берди. Өзү да, Гефест да отурушту.

Зевс мойнун созо карап, отургандар арасынан кимдир-бирөөлөрдү издегенсиди:

– Афродита, Артемидалар кайда?

Согуш кудайы Арес ордунан туруп, башын ийип жылмайды:

– Неберелүү болдуңуз, ата, Гефест уулдуу болду!

Отургандар козголушуп, күбүр-шыбыр күчөй түштү. Гера да, Зевс да Гефестке саал башын ийип жылмайышты. Өз ылайыгындакы, нары жагымдуу нары тымызын куттуктоолор Гефесттин көңүлүн көкөлөтө түштү. Мына бул Олимп тоосуна батпай кылкылдаган кудайлар менен жер балдары жалгыз гана өзүнүн урматына жыйналганын, алардын чеберге деген ыраазылыгы менен сыймыктанууларын сезинүү оңой эмес да. Анын үстүнө перзенттүү болду. Кыскасы, азыр анын алаканына эки бирдей улуу кубаныч түшүп турду. Бул эки кубаныч Гефестке эки канат бүтүрүп, чексиз бакыт асманына калкыта көтөрүп бара жатты.

Узундан узак чубалжыган, белек көтөргөн адамдар тизмеги пайда болду. Алар эң кымбат сагынган буюмдарын алтын табакка салып, биринен сала бирин тартуулап, Гера менен Гефесттин алдынан өтүп жатышты. Тышта болсо согуштук оюндар – жаа атышуу, күрөшүү, найза ыргытуу боюнча мелдеш башталды.

Гефест мында аргасыз олтурганын эч кимге билдирген жок. Бул өңдүү салтанат бүткөндүн баарын жерге уруп, каалаган жагына баса бергенден кызыгы барбы ага. Баарынан да ал уулун көргүсү келип тынчсызданды. Афротиданын илгерки кылык-жолуктарын унутуп, аны кайра эңсей баштаганын да дал азыр сезип отурат. Улуу чебер болуудан да ата болуу сыймыгы анын башын айлантып бара жаткансыйт. Бирок, бул ички каржалуу көпкө созулган жок. Күсөгөн күнү чыгып, жарык нурун Гефестке төгө баштады.

Белек тартуу аяктай бергенде, алтын сарайдын оозунда тургандар, келе жаткан кимдир бирөөлөргө жарыла жол беришти. Эшиктен алды менен балканактай бала кармаган Артемида көрүндү, анын артынан удаалаш ак жибекке көөлгүтө оронгон Афродита, кызматкер кыздар чубай келишти. Арес күлүңдөп Гефестке жакындады. Эмне үчүндүр ал көңүлдүү. Гефест бир кезде Афродитаны мындан кызганганын эстеп жүрөгү кокус шуу дегенин сезди.

– Карачы, уулуңду, – деди согуш кудайы Арес, – болочокто ал бүт ааламдагы согушту башкарууга тийиш. Укмуш тура!

Колу-буту муунак-муунак, балканактай баланы улуу кудай Зевс колунан алып өптү да, Гера жакты жаңдады. Алдына келтирилген баланы Гера ойлоно өптү, бирок, ошол аралыкта Гефесттин жепирейген бою менен ийри буттарына көз жүгүртө кетти. Бала Гефестке келтирилди. Гефест наристесин мээрлене өөп, ички толкуусун басуу учун ары бурулду.

– Ат коюлсун, ат коюлсун балага!

– Геферодита болсун!–деген кубанычтуу үндөр угулду. Бирок, Олимптеги кудайлардын салты боюнча балага энеси гана ат коюуга тийиш. Бул каада эч качан бузулмак эмес.

Зевс Герага карады. Анын суроолуу карашынан аялы түшүндү да башын ийкеп, макулдугун билдирди. Өз ичинен болсо, «Геферодита» жаман ат эмес деген ойго келди. Ушунчалык чоң салтанат үстүндө уулуна ат коюу Гефестке өтө жагымдуу сезилди. Ал жаңы көрүп отургансып, Афродитанын сулуу көзүнөн көзүн албады. Афродита болсо Гефестке анда-санда гана көз кыйыгын таштап жатты.

 Артемида баланы ак жибекке ороду да Афродитага карматты. Баланын энеси элдин алдында перзентине ат коюуга тийиш. Афродита баланы алып, шашпастан кынаптап алаканына жаткызды. Анан сарай ичине тез көз жүгүртүп өттү. Андан кийин бир басып, эки басып Зевстин кызы – калптын душманы Дика отурган тактыны көздөй илкиди: Сарайда отургандар Афродитадан көз албады. «Бул эмне кылганы жатат?» деген ой ар кимде пайда болуп, укмуштуу тынчтык орноду. Кудум бир, түбөлүктүү катып калган таш сөлөкөттөр арасын акка оронгон жалгыз арбак аралап бара жаткансыйт. Афродита Диканын алдына келди да башын ийди. Кирпиктер кабышып, сурмасы тартыла түштү.

«Калптын душманына баш ийем, андай болгондон кийин да мен да калптын душманымын!» деп кубурап жаткансып туюлду отургандарга. Афродита артына бурулуп, тез басып ордуна келди да башын кескин көтөрдү:

– Баланын атасы – Гермес. Аты – Гермафродита! – деп жарыялады ал.

Анын үнү коңгуроодой шыңгырап, таза угулду отургандарга. Эч нерсени тоотпос Гера, алгачкы сүйлөмдү укканда селт эте түштү.

Арес кыжырлана кылычын жарым-жартылай сууруп, кайра тарс эттире салып койду да ары бурулду. Калгандар Гефест жакты кароого батына алышкан жок. Чындыгында, сарай толгон эл күтүлбөгөн бул кабарга эмне жооп кыларды билишпей деңдароо болушту. Алардын көбү адамды аяп, аны жооткотуу үчүн бирер айла караштырып жаткансыйт. Бирок, мунун баары текке кетти. Анткени, Гефест отурган алтын так эбак бош калган эле...

*      *      *

Чуру-чуу, күрү-гүү түшүп, мелдешип жаткан көңүлдүү адамдарды аралап өттү Гефест. Жантаңдай баскан жапалдаш бойлуу немеге эч ким көз кырын салган жок. Шөлпөйүп, саал кеңирээк келген кийимине өзү назар салууга анын татыктуу эместигин далилдеп тургансыйт. Ал өзүнүн бирден-бир сыйынты – устаканага бет алды. Жердин ой-дөңүнө карабай келе жаткан Гефест эсинен адашкан адамды элестетет.

Ал каңгырап бош турган устакананын эшигин чалкайта ачып кирип барды. Алды менен аны төркү дубалда тизилип турган кездиктер лыпылдата көз ымдап чакырып жаткансыды. Гефест ошолорду көздөй басты. Бирок, ага жете бербестен бир кылычты лып ала койду да шуулдата айланта баштады, анан билектей темирди көз илээштирбей чаап өттү. Как бөлүнгөн темир эки жакка зыңылдай учту. Гефесттин кектүү көздөрү оттой жанды. Ал сол бармагын жалап, кылычтын мизин сынай жүнүртүп өттү да, мизинде белги калбаган курчту ары ыргытты. Бирок, муну менен иш бүткөн эмес экен. Гефест төш темирге шашпай муштумун, анын үстүнө маңдайын коюп, жаш баладай өксүп ыйлап кирди...

Көөрүк баскан, барскан кармаган кара далы дөөлөр тыбыш билдирбей эшик түбүндө пайда болду, андан ары алар кожоюнунун кантип ыйлап жатканын кызыга карап турушту. Гефест өзүн бакытсыз сезди. Миллиондогон адамдар жүгүнгөн улуу чебер болуудан да өз аялы сүйүп, кадырлаган карапайым, бир эркек болууну үзүлө эңседи. Бир оокумда башын көтөрүп, дөөлөрдү көрө койгон Гефест, он талаа болгон көз жашына карабастан, үнүнүн бардыгынча кыйкырды:

– Силер да шылдың кылгыла, иттин балдары! Эмне турасыңар, киргиле бери, – чебер долулана кийимин чечип ыргытып, жылаңач этине жаргак алжапкычын тагына койду.– Бас көөрүктү!

Дөөлөр шашылыш ишке киришти. Сыйкырдуу көөрүк күшүлдөп, жалын бүркө баштады. Жепирейген устакана заматта жандана кетти. Кулак тундурган кадимки күшүлдөк менен чаңкылдак, чебердин кулагына Аполлондун кифарасынан да, музалардын назик үндөрүнөн да жагымдуу угулуп жатты.

Ал эс-учунан айрыла иштеген сайын моокуму канып, көңүлү жадырап, дөөлөргө арсалаңдай буйрук берет:

– Сок!

– Бас!

Бирок, жашыра турганы барбы, чебер ишке киришти да, бул жарыкчылыкта өзүнүн адаттагы бир бечара – өнөр туткуну экенин кайрадан унутуп койду...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз