Жер жүзүндөгү бардык пенделер жана элдер табиятка карата мамилеси, биологиялык заты, коомдук маңызы, өндүрүштүк кызматы, тарыхый өсүш багыты, маданий чыгармачылыгы жагынан түпкүлүгүндө бири бирине өзөктөш, киндиктеш, жарнакташ. Мүлдө адамзат жаратылыштын койнунда, объективдүү дүйнөнүн кашында, тиричилик закондорунун алкагында бүт дүйнөлүк тарыхый өнүгүштүн бириккен субъекти катары аракет кылат.
Ошентсе да бүгүнкү конкреттүү тарыхый кырдаалда адамзаттын биримдигине доо кетирген карама-каршылыктар абдан көп.
Адам ата-Ава эненин балдары эң оболу расалык белгилери боюнча ич ара кескин жиктелип кетет. Өң-ырайынын ак, кара, сары түстө болушу жамы инсандар арасын данакерлеп турган касиет деш кыйын. Дүйнө калкынын ыркын диний ишенимдер да бузбай койбойт. Диндер башынан эле бири бирине кас жаралып, далай ирет элдерди кырды бычак кылып кырыштырганы белгилүү. Бир динге сыйынгандар экинчи бир диндин өкүлдөрүн өгөйлөмөйү жер жүзүндө дале кала элек.
Адамзаттын биримдигине оту күйүшпөгөн мамлекеттик бирикмелер, жылдызы каршы саясий системалар, көкүрөк тирешкен согуштук блоктор, кайнатса каны кошулбаган идеологиялар, элдешпес социалдык-таптык антагонизмдер да аңырайган жаракаларды салат. Биримдигинин жогунан мүлдө адам баласы ушу тапта табият менен таймашып атып өндүргөн дөөлөтүн көбүнчө акыбети кайтпас согуштук камылгаларга сордуруп, ошонун айынан дүйнөлүк масштабдагы энергетикалык жана экологиялык кризистерден кутула албай, өтө курч социалдык проблемалардын башын ача албай, баарынан да атом-ракеталык кырсыктан туташ кырылуу коркунучун так төбөсүнөн тайдыра албай, аябай кыйын чайналып турат.
... Азырынча эмне көп — жалпы адамзаттын бир жакадан баш чыгарышын өктөм сураган глобальный проблемалар көп; эмне көп — бүт адам аттуунун бир кишидей аракет кылышына мүмкүндүк бербеген каргашалар көп. Андай каргашалардын ичинде жер жүзүндөгү жарандардын дегеле көп тилде сүйлөгөнү да чекене орун ээлебейт. Адамзаттын дарман-шайын куруткан балакеттердин бири ошол. «Тилдердин көптүгү илим менен техниканын өнүгүшүнө чыны менен тушоо салып, дүйнө калктарынын маданий жана илимий-техникалык кызматташтыгына жолтоо болуп калды, — деп жазат белгилүү советтик лингвист Д.Дешериев. Адам көп сандаган тилди үйрөнүү, ар түркүн адабият туундуларын аркы-терки которуу өңдүү ыбырсыган машакаттарга энергиясы менен убактысын көп кетирип, өнүмсүз курулай чыгымдарга учурап келет».
Адамзат канча тилде сүйлөгөнүн бүгүнкү илим таамай айтып бере албайт. Болжолу, жер жүзүндө эң эле аз дегенде эки миңден артык тил бар өңдөнөт. Кээ биринде ондогон-жүздөгөн жан сүйлөсө, кээ биринде миллиард чамалуу киши сүйлөйт. Албетте, тилдердин көбү майда-барат, чоңдору он-он экинин тегерегинде эле.
Жалпы адамзатка тиешелүү пайдалуу информациянын жүздөн токсон тогузу негизинен чоң тилдерде иштелип чыгат, илимий чыгармачылыктын туундулары болсо көбүнчө беш-алты алп тилде эле жарыяланат. Калган тилдерде сүйлөгөндөр, эгер эл аралык тилдердин бирин экинчи эне тили кылбаса, жок дегенде бир-экөөн суудай билбесе, «дүйнөлүк Стандартка» ылайык илим-билим жана кесиптик камылга ала албайт, илимдин бир тармагы боюнча заман талаптарына шайкеш келген ачылыштар жасай албайт.
Ал эми адабий чыгармачылыктан алгылыктуу акыбет чыгарыш үчүн майда же жоон орто тилдерде сүйлөгөндөр улуу тилдердин бирине сөзсүз өтүү зарылчылыгына капталбайт. Көркөм сөз өнөрү, асыресе кагазда өмүр сүргөн адабият жер жүзүндөгү тилдердин көпчүлүгүндө далайдан бери эле өөрчүп келет. Айрыкча ушул азыркы доордо өз тилинде адабият чыгармаларын басып чыгарбаган калк өтө сейрек.
Дүйнөнүн чоң-кичине тилдеринде сүйлөгөндөрдөн жазуучулукка чын эле жарамдуулары да, жупуну-комсоо жөндөмү барлары да, атургай таланттан таптакыр кур алакандары деле айлап-жылдап үстөлгө үңүлүп, кагазга кадаланып отурат; сөз азабын тартып тытына берип мээсин чаалыктырат, көз нурун коротот, нервин бошотот: өз жан-тени аз келгенсип, бала-чакасын кошо кыйноого салат. Алардын жазгандарын жарыялаш үчүн кагаз чак келбей, уч-кыйырсыз жашыл токойлор тыптыйпыл болуп баратат. Ар кайсы тилде атам замандан бери жер майышкан өнөгөлүү адабий мурастар жыйналганын, ошолор эле адам баласын кыйлага чейин көркөм сөздөн муңдурбай турганын, айтылчу сөздүн көпчүлүгү алда качан эле айтылып калганын таназар алгандар өтө аз. Жазганым кимге зарыл, эмнеге керек деп күнөм санап, сарсанаа тартып, алды-артына серп салып иштегендери канча? Илме кайып бир күч даарыгандай ээленип, токтоно албай тырбаңдап жазып аткан эле кишилер.
Миң-сандаган калемгерлердин кээ бирлери көр оокаттын айынан чамынып иштесе, кээ бирлери мыкты бир чыгарма жаратыш ниетинде жанын жанга урат. Айрыкча, чын эле чымыны, кесиптик камылгасы, дымак-деми барлар жазып жатканым менен бүт дүйнөгө болбосо да, өз эл-жериме же чоң аймакка дүңк этем деген тымызын үмүт менен кызылдай мээнетке башын байлайт.
Бирок миңдеген эр көкүрөк жазуучулар түгүл, үркөрдөй калемдештеринен бөлүнүп чыгып, алакандай калкына белгилүү болуш да абдан кыйын. Баарынан да доордун идеялык-эстетикалык деңгээлине барабар келген, жандуу турмуштук материал менен бийик адабий салттардын ширөөсүнөн бүткөн нукура көркөм дасмия жаратыш тозоктой кымбат. Кайсы заманда, кайсы тилде болсо да ошондой. Кокус мыкты бир адабий дасмия жаралып калса, анын адегенде өз эл-жериңе, анан чоң бир регионго, анан бүтүн бир континентке, анан жалпы дүйнөгө таралып кетиши аябай татаал. Бул, айрыкча, майда тилдерде жарыяланган шедеврлерге көбүрөк тиешелүү. Алардын кең дүйнөгө кетчү жолун идеологиялык же башка бир коомдук тоскоолдор торошу мүмкүн. Бирок негизги тоскоол — тилдик каргаша (барьер). Ар бир көркөм сөз туундусу — өзү жаралган замандын, шарт-чөйрөнүн, идеологиялык системанын гана эмес, өз тилинин да туткуну.
Анткен менен ар кыл кедерги-тоскоолдорго тес бербей, өз тилинин тартуу күчүнөн айрылып чыгып, дүйнөгө дүң түшүргөн чыгармалар да ай-ааламда анда-санда бир жаралбайт. Алар дүйнө тилдеринин алптарында эмес, кичинелеринде деле жарык көрүшү ыктымал. Ошентсе да чакан тилдерде жазылган мыкты туундулар, эгер дүйнөлүк аренага көкөлөп чыкса, эреже катары орус тилдей ортомчу тилдер аркылуу гана чыгат.
Өз убагында жазуучулугу менен төгөрөктүн төрт бурчуна таанымал болуу, балким, маселенин бир эле жагыдыр. Өз эл-жеринде көтөрүлгөн кайсы бир коомдук-саясий же маданий-адабий толкундун жардамы менен атылып чыгып, анан дүйнөлүк адабий процесстин арааны жүргөн бир модалуу агымына өз маалында кошулуп кетсе, дегинкиси жалпы планеталык атак-даңкка арзыбаган жазуучунун деле туш тарапка бир дүңгүрөп алышы бар. Ырас, «тегин киши таз болобу» дегендей, дээринде эч бүдүрү жок неменин дүйнөлүк атакка жетиши бир эсептен күмөндөр иш. Экинчи жагынан, чыгармалары улуттук чектен чыкпай турган айрым бир калемгер кокусунан дүйнөлүк аренада бир жарк этип алса, а деле айран-таң калчу нерсе эмес. Бирок, мыкты чыгармалар үчүн деле өз кезегиндеги тилдик каргашалардан аттап өткөнгө караганда кийинки убакыт тоскоолдорун жарып өтүш алда канча кыйынга түшөт.
Жазуучу жана анын чыгармалары үчүн мезгилден катуу, мезгилден мерес, мезгилден калыс сынчы жок. Замандардын кабат-кабат элеги дүйнө тилдеринде жарык көргөн адабият туундуларынын түгөл баарын болбосо да, баарына жакынын өз мезгилинен нары жылдырбай кармап калат, чанда-чандаларын гана сыгып өткөрүп, кылымдар кыйырына узатат. Башкача айтканда, көпчүлүк көркөм сөз чеберлеринин дүйнөлүк адабият асманына жайнап чыккан чоң-кичине атак-даңктары таң аткандагы жылдыздар сыңары көп өтпөй жалп өчөт.
Далай кайран азамат кана уктабай, жазылып эс албай, тирүүлүктүн түркүн ыраатын көрбөй, тарамыштай тырышып жүрүп бирдемелер жазса, анан ошол жазгандары эртедир-кечтир унутулуп калса, караманча унутулбаса да, тарых барагында гана аты аталып тим болсо, анда өмүр бою чыгармачылыктын оңбогондой оор жүгүн ыңгырана көтөрүп не керек? Муну терең ойлоп баккан кишинин жаны кашайбай, көңүлү зилдебей, ырайымы ийибей койбойт?
Бирок, баш-учсуз маңгилик (вечность) кишиликтүү жан эмес, анын катуу баштыгына, таш боордугуна, ашкан кербездигине деги бир дабаа жок: тырбалаңдап көркөм сөз менен кармашып өткөн сансыз мээнеткечтерден дүйнө боюнча бир кылымда бир нечесин гана асырап алат, жалпы адамзатка сүйгүнчүк перзент кылып берет.
Ошол маңгилик сүйгөн пенделердин бири Лев Николаевич Толстой деп тайманбай айтса болот. Ырас, дүйнөлүк жазма адабияттын тарыхый фонуна салып караганда орус генийи тарабынан жазылгандар али мезгилдин көп электеринен өтө элек. Бирок жүз жыл деген да оңой жоо эмес: кайсы адабиятта болбосун өз учурунда «дүңк эткен» туундулардын басымдуу көпчүлүгү бир кылымдын сыноосун көтөрө албайт. Ал эми Толстойдун көркөм дасмиялары кылым аралыгын кебелбей арытып, кол жотпес адабий өрнөк катары кадыр-баркын улам көкөлөтүп баратпайбы. Наржагында кандай болорун ким билсин, ушу жакынкы эки жүз-үч жүз жылда а чыгармалардын адабий эталон абалынан төмөн түшчүдөй, эстетикалык таасиринен өксүчүдөй, жаңыларга ордун тарттырчудай түрү жок.
Арийне, Лев Николаевичтин көзү өткөндөн кийин деле түбөлүк тирүү калышы эң оболу анын тубаса адамдык касиеттери менен байланыштуу. Ал энеден тунук акыл-эс, сезимтал жан-тен, өтө курч тилдик жөндөм, бат таасирленме кыял менен төрөлгөн; ата-бабаларынан куландай соо саламатчылыктын, оргуштаган тирүүлүк энергиясынын, албуут ышкы-кумардын берекелүү көрөңгүсүн мурастап алган. Демек, анын жекече кишилик данеги көпчүлүктүкүнөн өзгөчө өнүп-бөртүп, көгөрүп-көктөп, чайлап-коолап кете тургандай түбүнөн алп бүткөн.
Бирок, бештен белгилүү: ар кандай чыгармачылык жөндөм, тубаса кудурети канчалык улуу болбосун, чымырканган мээнеттен тышкары бар көркү менен дегеле ачылып бербейт. Жашоонун көп жыргалынан кечип, кедери тартма пенделик өнөкөттөрүн өгөйлөп, тынымсыз оор эмгекке чегилмейин жөндөмдүү адам өзүнөн бирдеме чыгара албайт. Балким, дээр-зээн менен мээнеткечтик бири биринен ажырабаган бүкүлү бир адамдык сапаттыр?
Балким, ошон үчүн демейде генийлер тырышкан эмгекчил, мээнеткечтер гений (жок эле дегенде таланттуу) болор?
Талант тарабын ким билсин, тек иштермандык жагынан Толстой менен басташа турган жазуучу азырынча адам баласынан чыга элек шекилди. Ал жыл сайын дурус эле жөндөмү бар он-он беш кишинин жумушун өзү жалгыз бүтүргөн. Маселен, өлкөбүздүн гуманитар багыттагы академиялык мекемелеринде чоң илимий кызматкер бир жылда 4 басма табак көлөмүндө текст жазып бериши керек. Ушул туруктуу норманы көпчүлүк кызматкерлер жылына күчүркөнүп атып араң аткарат, кээ бирлери аткара албай да калат.
Ал эми Толстой айтылуу орус адабиятчысы Б.М.Эйхенбаумдун маалыматы боюнча, 60 жыл тынбай тытынып жазып, орто эсеп менен жылына 50 (демек, айына 4) басма табак чамалуу текст бүткөрүп жүрүптүр. Текст болгондо да кандай тексттер дейсиңер! Ар бир сүйлөм, акыл-ойдо кайра-кайра чайкалып, дегеле көп жолу кол менен көчүрүлүп, катуу чыгармачылык толготуудан сыгылып чыккан керемет тексттер! Буга бир эле мисал: белгилүү «Крейцер сонатысынын» жарыяланган көлөмү 5 басма табактан ашпаса, анын кол жазмалары (адеп жазылганы, оңдолуп-түзөтүлгөндөрү, улам-улам көчүрүлгөндөрү) жалпы жонунан 800 басма табакка барабар экен.
Албетте, Лев Николаевич «чымынын» жогуна карабай өлөрманданып жаза берген фанатик да, карандай көр оокаттын айынан каржалып иштеген кедей калемгер да болгон эмес. Аны көбүнчө опсуз опкок духовный муктаждыктарды өксүбөгөн кызылдай мээнетке кириптер кылган.
Рухий муктаждыктардан таптакыр башы бош киши дени-карды соолор арасынан, балким, оңой менен табыла койбос. Бирок, жумурай журттун баары активдүү духовный тиричилик өткөрөт деп айтыш да орду жок сөз болор эле. Атүгүл, коомдук абалы жана граждандык парзы боюнча бийик рухий суроолор, мүдөөлөр, умтулуулар менен жашоого милдеттүү интеллигенттер деле жапа тырмак ошентип өмүр сүрбөйт.
Адамдын бою жыйырма бештин тегерегинде өскөнүн токтотот, андан ары ныпым өйдөлөбөйт, тескерисинче, караганда анча-мынча пасая түшөт. Ал эми духовный жактан адамдын өмүр бою өнүп-өсүп отурганга мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, акыл эмгеги менен алек болгондордун көпчүлүгү анча картая элегинде эле рухий өсүп-өнүгүштөн кескин өксүп, ошо боюнча сенек тартып калат же кедеринде кете баштайт. Алар көбүнчө олуп-чолуп окуп, жеңил-желпи ой жоруп, жанын кыйнабай жүрө бергенден, акыл-эс жактан өнүгүүнүн асфальттай тегиз жолун артык көргөндөн, чымырканып ойлонуу процессин коштогон каргашаларга жана каршылыктарга тайманбай даап бара албагандан ошондой абалга туш келет.
А Лев Толстой болсо жаш чагынан духовный иш-аракеттин чытырман, чатыш, таштак, секиртмелүү, ой-чуңкурлуу, өр-белестүү, жалама зоокалуу багыты менен кеткен. Моралдык ой-санаалардын боройлогон бороондоруна каршы баргандан, чыгармачылык изденүүлөрдүн толгон токой тоскоолдорун жарып өткөндөн эч качан заарканган эмес. Ойчулдук жана сүрөткердик өнөрүнүн олчойгон оор азап-тозокторун жонуна артынып, жолсуз жөө жүргөндүн бардык түйшүгүнө түтүп, рухий бийиктиктин көк мелжиген чокусун беттеп ноюбай маңып отурган. Ошол нары катаал, нары татаал сапары анын зор талантынын жадырап ачылышын да, көзү өткөнчө духовный жактан өсүп отурушун да камсыз кылган.
Улуу жазуучунун мээнеткечтиги менен жанкечтилигин бир чети анын атак-даңк деп ак эткенден так эткени, керт башынын озуйпа-парзын өтө ыйык санап алганы да астыртан азыктандырып турган. Акыйкатта да анын атакка кумары артыкча соргок, адамдык дымагы ашкере бийик, жазуучулук дес-деми өзгөчө күчтүү болгон. Ал элден бөтөнчө бир тарыхый милдет өтөшкө жаралган жандай эрдемсип, чыгармаларым менен коомдук турмуш-шартка катуу таасир этем деп, көпчүлүктүн пейли-куюн оңоп-түзөп жиберем деп, ошол аркылуу өлбөс-өчпөс сыймыкка туйтунам деп карыганча кара сөз менен алпурушуп өткөн. «Толстой жалгыз өзүнө жалпы дүйнө жалдырай карап, аман алып кала гөр деп суранып аткандай, жеке өзү жана өзү жасаган жумушу болбосо жарык дүйнөнүн ырыскысы түгөнүп калчудай, мүлдө дүйнөнүн тагдыры өз колунда титиреп тургандай көрүнсө гана иштей алган» (Б.М.Эйхенбаум).
Арийне, даанышман калемгер сыпатында ай-ааламга таанылганы үчүн Толстой жалаң гана өзүнүн тубаса сапаттарына, аң-сезимдүү аракеттерине, кажыбас кайратына милдеткер эмес.
Калыс чындыкка канчалык дал келерин ким билсин, тек, айрым илимий-полулярдуу китептерде мамындай бир пикир аксиомадай эле айтылып жүрөт: жалпы адамзаттын арасында да, бир эл-журттун ичинде да ар бир доордо болжол менен бирдей эле сандагы өзгөчө мээлүү, өтө зор таланттуу кишилер туулат экен.
Бирок, кылым сайын эле бүт планетадан же бир өлкөдөн акыл-эстин алптары, көркөм сөздүн дөө-шаалары өлчөмүнөн кемибей бирдей санда чыга бербегенин да тарых барактары таасын айтат. Эгер ыңгайлуу социалдык шарт, маданий аңыз, тарыхый кырдаал түзүлбөсө, не бир залкар таланттар кумдуу чөлгө себилген үрөндөр сыңары өнүп чыкпай көмүскө катылган бойдон калары бышык. Айтса-айтпаса, таптык коомдор тушунда карапайым эмгекчилердин канча асылзат өкүлү ырайымсыз эзүү, көр оокат, нааданчылык тепсендисинде жанчылып, замандар дайрасына дарек-дайны билинбей агып кетти!
Жер жүзүндөгү канча калк далай кылым бою кыргыздай көчмөн күн өткөрүп, арасынан атак-даңкы алыска жайылган бир акылман же сөз чеберин өз маалында чыгара алган жок!
Кара тааныбас калктын эмес, кат-сабаттуу жамааттын ашкан чыгаан өкүлү деле, эгер ал жалпы адамзатка ортоктош алдыңкы илим-билимден жана маданий процесстен ат чабым окчун калса, кадыресе кейиштүү абалга барып такалышы толук ыктымал. Канчалык акылга дыйкан, талантка бай, мээнетке балбан болбосун, андай эргул, бар күчүн салып күндүр-түндүр чамынса да, жанталашкан аракеттеринен кылымга арзый турган акыбет туудура албайт. Бул айтылган ойдун жөн-жүйөөсү барын революцияга чейинки бир орус аңгемесинде сүрөттөлгөн киши тагдыры жакшы ырастайт.
Өз тушундагы белгилүү орус жазуучусу Гарин Михайловский (1852—1906) «Гений» аттуу аңгемесинде эски еврейче дин мектебинен кат-сабатын ачып, эсеп-кысап эрежелери менен чала-була таанышып, анан математиканын кызыгына биротоло тартылып кеткен, бүт өмүрүн тыным билбей эсеп чыгарып өткөргөн бирөө тууралуу баян этет. Ошо каарман математика илиминин тарыхый өнүгүшүнөн жана учурдагы ал-абалынан караманча кабарсыз жүрүп өзүнчө эле эсеп чыгарып убаралана бериптир, жалгыз өзүнүн жарыбаган менчик билимине, берекеси төгүлгөн тубаса жөндөмүнө, өлчөм жетпеген өлөрмандыгына гана таянып тырбаң-тырбаң иштей бериптир. Акыр-аягы ошондой көзү жок баатырдыгы, жыңалач жанкечтилиги, ноюбас эмгекчилдиги жеңип, чоң эле илимий табылгалар жаратып салыптыр! Математикалык теңдемелердин эң урунттууларын өз алдынча ачып чыгыптыр!! Тек, бир гана өкүнүчтүү жери: чала сабат неме өмүр бою жанын сабап жүрүп жеткен илимий акыйкаттар башка улуу математиктер тарабынан алда качан эле ачылып калган экен...
Адабий каарман болсо да, байкуш кодура математиктин акылына «баракелде!» дебей, талантына таазим кылбай коюш мүмкүн эмес. Бирок, анын тоо томкоргудай кайрат-күчү, пендеде сейрек кезикчү көктүгү, чанда бир жан чыдап көтөрчү түйшүгү баштан-аяк текке кетип, бүткүл аракеттери курулай далбаса бойдон калганына кабырга кайыштырып кайгырбаска да чара жок. Кайран өмүр! Кайран мээнет!
Ал эми Лев Толстой дөөлөттүү үй-бүлөдө төрөлүп, бала чагынан өз заманынын нускалуу таалим-тарбиясын жана илим-билимин алганга, өркөнү өскөн элдердин тилдерин жана маданий табылгаларын терең өздөштүргөнгө ыңгайлуу шарт-жагдайда өнүп-өскөн. Баралына баргандан кийинки коомдук ал-абалы аны көр оокат мүшкүлүнөн башы бош болуу, бүт убактысын акыл-ой эмгегине арноо, бар күчүн чыгармачылык ишке жумшоо, бай духовный ресурстарын толук ачуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ кылган.
Толстойдун Толстой болуп калдайып чыгышы үчүн бүтүндөй орус коому, орус тарыхы, орус маданияты көп кылымдар бою талыкпай адал кызмат өтөгөн, чымырканып жан-күч үрөгөн. Асыресе атпай орус журту узак замандар агымында өз алдынча эң мыкты духовный байлыктарын өндүрүп, бүт адамзат аң-сезиминин өрнөктүү тажрыйбасын боюна сиңирип, ошолордун айкалышынан коомдук ой-пикир жана көркөм сөз майданында берекелүү салттар кураштырып, оңтою оң түшкөн маалда Толстойдой адабият алптары көккө атылып чыксын үчүн керектүү маданий аңыз даярдап берген, омоктуу тилдик өбөлгөлөр түзүп берген.
Бештен белгилүү эмеспи: даанышман ойчулдарды, залкар сүрөткерлерди, улуу кайраткерлерди демейде тарыхый процесс буркан-шаркан түшүп, кайчылаш толкуган социалдык агымдар карс-карс кагылышкан мезгилдер, коомдук турмуш астын-үстүн оодарылып, күрдөөлдүү революциялык бурулуш тилкесине кирген доорлор топ-тобу менен туудурат. Демек, Толстойдун көркөм сөз шаасы сыпатында көтөрүлүп чыгышынын бир себеби өз доорунун өзгөчөлүктөрү менен да байланыштуу. Тактап айтканда, Лев Николаевич таскактуу капиталисттик өнүгүш процессине тартылган орус коому мурунку сенейиңки калыбынан жылмышып, дал-далынан кетип ыдырап, жаңы социалдык каршылыктардын жана кризистердин тогуз толгонуп, айыгышкан таптык таймаштардын түрткүсү менен куркурап революция кучагына кулап бараткан учурда өмүр сүргөн. Анан ошол жоболоңдуу тарыхый мезгил Толстойду өзү менен кошо кыйналыш тарттырып, нары-бери далбас урдуруп, оор ой-санаа мүшкүлүнө салып, кажынып иштегенге аргасыз кылып, натыйжада анын кубаттуу чыгармачылык потенциясынын оргуштап чыгышына көмөктөш болгон.
* * *
Лев Николаевич Толстой 1828-жылы 9-сентябрда (эскиче 28-августта) Тула шаарына жакын бир кыштакта туулган. Ал кыштактын аты азыр төгөрөктүн төрт бурчуна дайын: Ясная Поляна.
Толстойдун ата-энеси түпкүлүктүү бай кишилерден, дворяндар жамаатынан чыккан. Арийне, ал заманда орус дворяндары князь, граф, барон дегендей титулдар алышып, көбүнчө ири жер ээлери болушкан; карамагындагы кулдай укуксуз крепостной дыйкандардын эсебинен күн көрүшкөн. Эркектери бала чагында өз үйлөрүндө жалданма мугалимдерден, тестиер кезинде ак сөөктөр тукуму үчүн атайын мектептерден окушкан, кийин аскердик же граждандык жогорку окуу жайларынан дарс угушкан; кези келгенде өз жамаатынын бийкечтерине үйлөнүшүп, бийлик чөйрөсүнө аралашкан, аскер бөлүктөрүнө башчылык кылышкан, жан кыйнабай турган мамлекеттик же дипломатиялык кызмат орундарында отурушкан; мансаптан жолу болгондору саал кечирээк, жолу болбогондору эртелеп отставкага чыгып, өзүнө өзү бий бекер адам, жай помещик, ышкыбоз уучу катары беймарал өмүр сүрүшкөн.
Көр оокаттан камы жок, кызматтан башы бош, дөөлөтү жетиштүү кишилер эмне менен алек болот? Демейде алар атак-даңкын ашырыш, пендечилик ой-сезимдерин алымсындырыш, көңдөй өмүрүн толтуруш убарасын тартып, ар кыл эрмек издеп кайсалактайт. Орус дворяндары көп убактысын конок кабыл алып же мейманга барып, оюн-зоок кечелерине катышып, чет мамлекеттерге саякаттап, уучулукка чыгып, айтор, сайрандап-тайраңдап өткөрүшкөн; таң-тамашага көп каражат жумшоо жагынан бири бири менен атаандашкан, бечара киши суммасын эле укса эси чыккыдай акчалар сайып кумар ойношкон; эрмек үчүн крепостной дыйкандардан музыканттар же артисттер күтүшүп, дегеле көп уучу иттер бактырышкан. Дворяндар арасынан оюн-зоок, эрмек, сайранга ашкере берилип, байлыгын көзүнө карабай сапырып, акыры өтө эле жонун жукартып алгандар да сейрек жолуккан эмес.
Албетте, дворяндар катмарынан өз чөйрөсүн, анын терс жол-жоболорун жана көз караштарын жеригендер, бекерчиликтен жана сайран турмуштан качкандар, толукшуган духовный өмүр сүргөндөр, илим жана искусство жаатында олуттуу эмгектенгендер, өз мамлекетинин жана карапайым калктын оор тагдырына чындап күйүп-бышкандар да чыккан. Буга айкын бир мисал: орустун мүлдө дүйнөгө дүң түшүргөн классикалык адабиятын, музыкасын, сүрөт өнөрүн жараткандар негизинен колунда бар таптын өкүлдөрү эмеспи!
Эски замандарда, айрыкча, феодалчылык доорунда дворяндык титулдар менен артыкчылыктар укумдан тукумга, атадан балага мурасталып кете бергени белгилүү. Ошол себептен дворян балдарынын кандай тарбияланары, чоңойгондо ким болору, кимге үйлөнөрү, ырыскысын кайдан табары күн мурунтан маңдайларына «жазылып» коюлган.
Лев Толстой да туулганда эле граф наамы менен туулган. Анын атасы Николай Ильич чынжырлуу ак сөөктөрдүн бири болгон. Ал жашы анча өйдөлөй электе эле өкмөт кызматынан бошонуп, жай помещик катары кыштакта өмүр сүргөн. Жаштык чагын шапар тээп өткөрүп, өзгөчө, кумар оюнуна берилип, акыр-аягы ата мурас дөөлөтүнүн кутун учуруп, берекесин качырып алган. Катуу бөксөрө түшкөн байлыгын кайра калыбына келтириш үчүн бай колуктуга — өң жагынан «кудай айтпаган» карадалы князь кызы Волконскаяга үйлөнгөн.
Николай Ильич официалдуу режимге чындап каршы чыккан, кандайдыр бир түрдө кыр көрсөткөн эмес, бирок падышанын катаал саясатын элбиреп-желбиреп жактаган да эмес. Ал айрым декабристтер менен достошуп жүргөн, өз жамаатындагы саясий нааразылыктарга тымызын ортоктош болгон. Ак сөөктүк абалына, дворяндык наамына, эски офицерлик кызматына сыймыктанып, бала-чакасын аристократтык-патриоттук духта тарбиялоого аракет кылган.
Болочок жазуучу эки жашка чыгып-чыкпай апасынан айрылган. Ал эне мээримин билбей, апасынын элесин эс-акылында жакшы кармабай калган. Бирок, Толстойлордун тууган-туушкандары жана үй кызматчылары көзү өткөн графиня Мария Николаевнанын татынакай келбети, жибектей мүнөзү, нускалуу жорук-жосуну, жароокерлиги, боорукерлиги тууралуу жетине албай сөз кылышкан, зор сүймөнчүлүк менен эскеришкен. Ошондой көп-сөздөрдөн улам Толстой балалык учкул кыялында апасынын артыкча сулууланган, өтө бийик көкөлөтүлгөн жаркын элесин жаратып алган да, ал элести өмүр бою жакшы көрүп, ыйык санап, аздектеп өткөн.
Толстой тогуз жашында атасынан ажырап, жатындаш үч ага-иниси жана жалгыз карындашы менен томолой жетим калат. Аларга атасынын кыз туугандары опекундук кылышат, ал эми кыйыр эжеси Татьяна Александровна Ергольская тутунган эне катары бар өмүрүн арнайт.
Агалы-инили Толстойлор бири бирине удаалаш төрөлүп, тели-теңтуш сыяктуу эле болгон. Алар ата мурас дөөлөтүнүн аркасы менен турмуштан ыдык көрбөй, мээр-шапкаттан өксүбөй, таалим-тарбиядан кемибей, кененчилик шартта, патриархал дворяндык чөйрөдө алпештенип өсүшкөн. Алардын үйүндө ынтымак өкүм сүргөн, күнкор дыйкандарга кордук көрсөтүлгөн эмес, кожоюндар менен малайлар бири бирине сылык-сыпаа мамиле жасашкан. Лев Николаевич карыган курагында: «Мени курчаган адамдардын баары — атаман арабакечке чейин мага ашкан жакшы кишилер сыңары көрүнчү,— деп жазган. — Сыягы, балалык аруу мээр-туюмум мага жарык шоола сыяктуу кишилердин жакшы сапаттарын (булар эч качан өксүбөйт) ачып берсе керек».
Толстойдун балалык чагы бир жагынан тиричилик жай кыймылдаган кыштак арасында, ажайып көрктүү табият кучагында өткөн. Ал өзүн тегеректеп турган табият жана турмуш көрүнүштөрүнүн көбүнчө кооз жактарын маашыркана кабыл алып, жадагалса крепостной дыйкандардын эгин экмей, чөп чапмай, орок ормой, кырман бастырмай сыяктуу оор мээнетин да өзүнчө бир майрам мисал жумуш катары туюнган. Деги Толстой өмүр бою бейгам балалык учурун, ошондогу көргөн-билген турмуш жагдайын, жашоо ыңгайын, табият кубулуштарын, кишилер элестерин кайталанбас татынакай, кирсиз аруу, бактыга тунуп турган керемет дүйнө катары ичи элжирей эскерип, улуу чыгармаларында улам-улам укмуштай шаанилеп сүрөттөй берген.
Бала Толстой өз үйүндө жалданма мугалимдерден окуп, байлыгына чиренген тууган-туушкандарынан жана колу-коңшуларынан өрнөк алып, негизинен ак сөөктүк жана диний духта тарбияланат. Тырмактайынан окууга өзгөчө ынтаа коюп, китептердин шарапаты менен көңүл аптыктырган кооз дүйнөлөргө, аң учурган шумдук окуяларга, өз башынан өтпөгөн жаңы ой-сезимдерге, адамзат акылмандары кыйналып таап-жыйнаган социалдык тажрыйбага эртелеп коошот. Китептик таасирлер анын жаратылышынан тунук дээрине ылайланбай чөгүп, балалык бейгам жанына бүлүк салып, үлбүрөк ой-пикирин уйгу-туйгу козгойт; учкул кыялын ого бетер делбиретип, азгырылмалуу элестер жана таттуу тилектер тарапка калдаң-калдаң учурат; өткүр акылын кайрап-курчутуп, өз алдынча ой жүгүртүү азабына карай жетелейт...
Бирок, ал айланасындагы реалдуу турмуштун илеп-деминен биротоло айрылып, жалаң китептик таасирлердин туюк чүргөгүндө калган эмес. Бала чагынан кыштактын карапайым калкы, асыресе үй кызматчылары жана дыйкандар менен аралашып, алардын адамгерчиликтүү жорук-жосундарын көрүп, айырмалуу каада-салттарына кызыгып, мукамдуу кеп-сөздөрүнө кулак кандырып, алар менен чөйрөлөш чоңойгон. Крепостной мужуктардын өтө оор шартта кыйынчылык менен күн өткөргөнүн боолголоп билген, алардын эзилип жүргөнүн ырайымдуу сокур сезими менен туйган. Демек, улуу жазуучунун ачык-айкын демократчыл туйгулары жана көз караштары, айрыкча кыштак турмушуна, жөнөкөй мужуктарга, жалпы эле эмгекчи калкка карата жапакечтиги, ысык мээрими, урмат-ызаты ошо бала чагында эле көрөңгөлөнгөн.
Лев Толстой энеден ашкере сезимтал, саал апыртып айтканда, чиркейдин ичинен тынып улутунганын да туя алчудай назик жан-тен менен жаралган. Баарынан да анын эске тутуу зээни, башынан кечирген ой-сезимдерди жана көргөн билген окуяларды кайрадан эсине салып, жандандырып, таамай элестете билүү жөндөмү башкалардыкынан артыкча бүткөн экен. Ал атүгүл балтыр бешик бала чагында чүргөккө бөлөнүп жатып сезип-туйгандарын карыган курагында чымырканбай эле таасын эстеп, майда-барат эмоциялык реакцияларына чейин аябай ишенчиликтүү сүрөттөп берген. Айтор, ал кенедейинен эле сезген-туйгандарын, көргөн билгендерин, окуган-уккандарын акыл-эсине, баамына, туюмуна оңой чөгөрүп, кайра дароо жандандырып ийгенге, алардан кыялында жаңыча элестер кураштырганга жарамдуу болгон.
Албетте, ушундай тубаса касиеттери Толстойдун кези келгенде чоң жазуучу болорун тымызын каңкуулап турган. Бирок, ал бала чагында өзүнүн адабий чыгармачылыкка жөндөмдүү экенин аңдаган эмес, чоңойгондо жазуучу болом деп мүдөөлөнгөн эмес. Тек гана дээринде бар балдар сыяктуу өз курагына жараша ургаалдуу духовный өмүр сүргөн, табият-турмуш таасирлерин жан-дилине сиңирип ала берген, аңдап-байкабай келечектеги чыгармачылыгына керектүү материалдарга кубаттуу акыл-эсин каныктыра берген.
Ырас, Толстой кичинесинен көркөм адабият менен музыкага да ынак болгон, адабий китептерге бети менен түшө калып кызыккан, жети жашынан жомок жана аңгеме мисал туурама бирдемелер чыгара баштаган. Ошентсе да мунун баары жөн гана балалык оюндун алкагынан чыккан эмес.
Он үч жашында, 1841-жылдын күзүндө Толстой жатындаштары менен кошо Казань шаарына, аталаш эжеси Пелагея Ильинична Юшкованын колуна келет. Эжеси да, жездеси да көбүнчө өздөрү менен ыбырсып, жетим балдардын тарбиясына алгылыктуу көңүл бурбайт. Тескерисинче, Юшковдордун үйүндө өкүм сүргөн өз ара арамбөөш мамилелер, бири биринин көзүнө чөп салмайлар, адепсиз жорук-жосундар балдарга жомок таасир тийгизет.
Көзөмөлдүн жогунан Толстой сабактарын илең-салаң окуп, эси-дартын оюнга алдырып салат. Аңгыча болбой ал жогорку окуу жайына кирчү курагына — он алтыга аяк басат. 1844-жылы Казань университетинин чыгыш тилдери факультетине экзамен тапшырып, кулап-жыгылып атып араң өтөт. Бирок, тирмее отуруп окуганга, тырмышып сабак бышыктаганга, саргара жортуп билим алганга мойну жар бербейт. Алгачкы студенттик жылында көпкөлөң бай балдарына кошулуп, убактысын бүтүндөй оюн-тамаша, бий, кумар, ичкилик менен өткөрөт.
Жигитчилик доорун сүрүп дуулайм деп, аристократиялык жорук-жосундарды үйрөнөм деп, жогорку чөйрөдө жаркылдап көзгө көрүнөм деп далбаса кылат. Бирок, түбүнөн түрү суугураак жаралып, олдоксон жана тартынчаак тарбияланганы анын десин кесет, дымагын пастатат. Айрыкча, келишимдүү келбети жогуна катуу капаланып, арына келип, өң-түсүмдүн өксүгүн акыл, билим, эмгек менен жымылдатып салсам деп самайт, кандайдыр бир олуттуу жумуш жасап жиберсем деп ээленет. Тек, андай ой-тилектеринин мүдөөсүнө чыгышка эрк-кайраты жетпейт, оюн-тамашалардын азгырыгына туруштук бере албайт, шапар тепкенден башкага жарабаган ак сөөк жаштардын чөйрөсүнөн суурулуп чыга албайт. Сайрандап жүргөндүн аягы чалагайым жаш графтын экзамендерден жыгылып, биринчи курста көчпөй калышы менен бүтөт. Бул кырсык анын көзүн умачтай ачып, ар-намысын шакардай кайнатат.
Кийинки жылы укук факультетине которулуп, окууга баштагыдан көбүрөөк ыкылас коё баштайт. Дүнүйө капар дуулап жүргөндөн да көңүлү сууп, чөйрөлөш курбалдарынын максатсыз кысыр күн өткөргөнүн бүдөмүк аңдап калат. Өзүнүн жүргөн-турганынан ирээнжип, жалкоо, эрки бош, алаңгазар экенине капа болот. Жаман адаттарынан кутулууга, адамдык сапаттарын жакшыртууга, керт башын кайра тарбиялап чыгууга ынтызарланат. Ушундай максаттардын үдөөсүнө чыгайын деп ар күнгө конкреттүү план түзүп, ошонусун бузбай аткарууга тырышат; эрк-кайратын курчутуштун, акыл-жөндөмүн өөрчүтүштүн, максатка айныбай жетиштин катуу эрежелерин иштеп чыгат.
Ошол эрежелерин кандай кармап жатканын каттап, өз кемчиликтерин үзбөй териштирип, акыл-эси кандай өнүгөрүн көзөмөлдөп туруш үчүн күндөлүк жазганга киришет. Ага адегенде өзүн тарбиялоо чаралары кандайча ишке ашып, ишке ашпай жатканы тууралуу маалыматтар, жаман адаттарын ырайымсыз «соттогон» сүйлөмдөр, ички кайрыктары менен ой толгоолорунан кабар берген саптар түшүрүлөт.
Ал жазмаларда өзүн сынга алуу, чалды-куйду ой-пикирлерин тартипке келтирүү аракеттери абдан күчтүү. Бара-бара болочок жазуучу турмуштан же китептен алган таасирлерин, башынан кечирген окуяларын, кылган-эткенинин себеп-натыйжаларын тирмее анализдөөгө өтөт; анализдегенде ар бир сөзүн акыйкаттуу чыгарганга, жаман өнөкөттөрүн жаап-жашырбай айтканга, ыймандай сырын жалтактабай кагаз бетине төгүп салганга жан үрөйт.
Адегенде анча бийик мүдөө менен эмес, тек, түзгөн пландарынын аткарылышын текшерип туруу ниетинде жаза баштаса да, жүрө-жүрө Толстой адатынча күндөлүк жазгандын ышкысына бүт жан-дили менен арбалып кетет. Күндөлүк да анын акыл-ой, адеп, сезим жагынан өсүп-өнүгүшүнө өтө зор көмөк көрсөтөт. Тактап айтканда, ал күндөлүк жазам деп жатып чымыркана ой жүгүрткөнгө, акылы менен эмоциясын кескин кыймылга келтиргенге аргасыз болот; ой-пикирлерин кагазга түшүрөм деп түйшүктөнүп атып ар кыл каршылыктарга кабылат, сөз азабын тартып жаны кашаят, көп нерселерге көзү ачылат; күндөлүгүн кайра окуу процессинде жүрүм-турумунун өзгөрүү сызыгын, көз караштарынын эволюциясын, өз психологиясынын жашырын сырларын баамдайт.
Айтор, күндөлүк ага өзүнүн духовный жактан оош-кыйыш жол басып баратканын күзгүдөй көрсөтүп, кечээкиси менен бүгүнкүсүн салыштырганга мүмкүндүк берет, өзүн өзү аңдап таануу жана тарбиялоо куралы сыпатында жардам этет. Экинчи жактан, күндөлүк жазып жүрүү Толстойго көргөн-билгенин, сезген-туйганын, ой толгоолорун таамай сөз менен туюндуруу жумушу оңбогондой оор машакат экенин айкын сездирет; аны өз алдынча мүшкүл тартып ойлонгонго, өз тажрыйбасы аркылуу адам духунун кубулуштарын байкаганга, ой-кыялындагысын тайманбас чынчылдык менен кагаз бетине түшүргөнгө үйрөтөт. Мунун бары Лев Николаевич үчүн өзү аңдабаган чыгармачылык эксперимент, алгачкы ой жүгүртүү мектеби, жазуучулукка олуттуу камылга катары кызмат өтөйт.
Лев Николаевич күндөлүккө таянып өзүн тарбияласа да, баарынан да, өз бетинче билим алса да болорун керт башынын мисалында айкын билип, официалдуу окууга кайдыгер карай баштайт. Ошол маалда (1847) ал ата-энесинен калган мурастарынан өз энчисин алат. Китептердин таасири менен гуманисттик ой-сезимдери козголуп, айрыкча, крепостной дыйкандардын кыйын тагдырына боору ачыйт, аларга каралашуу жөн-жайын ойлоп санаа тартат. Ой-санаасын тынчытпаган мүдөөсүн кечиктирбей ишке ашырууга ашыгып, окуусун үчүнчү курстан таштап кетет да энчилеп алган кыштагы Ясная Полянага келет. Иш билги жер ээси, камбыл чарбачы, кайрымдуу помещик болоюн деп, дыйкандардын абалын жакшыртайын деп, алар менен мамыр-жумур жашайын деп аракет кылат.
Толстой ак пейилден жакшылык кылайын деп мужуктарды бир катар крепостной күнкорлуктан бошотот, бир даарына акчалай жардам берет, чакан оорукана ачат, бирок, анын баарын дыйкандар өгөйлөп, атүгүл кастык менен кабыл алат. Аларга, сыягы, жаш графтын жасагандары куру далбаса, дайны жок ысырапчылык, кадыресе апендичилик баштанып көрүнсө керек. Айтса-айтпаса, жалпы империя крепостной укук системасына туташ чырмалып турса, жалгыз-жарым помещик өз карамагындагы кыштак калкын эркин-азат кыла алмак беле, байкерчилик турмушка тундура алмак беле?
Жакшы ниеттүү демилгелеринен алгылыктуу натыйжа чыкпаганына капаланып, кайгысына чыдабай кайрадан оюн-тамаша азгырыгына тартылат, айрыкча, арак-шарапка көңүл кызытып, цыгандар хорун чакырып ырдатып, цыган келиндер менен шынаарлашып жарпын жазганга катуу берилет. Бирок, дээринде бар, ниети таза, ойчул жигит сайран турмуштун артынан кууп, жаман өнөкөттөрдүн кулу болуп кете албайт. Ал бат эле эсине келип, кандай өмүр сүрүштүн, кандай кызмат аткарыштын, кандай мансапка баш байлаштын жайын ойлоп санааркайт.
Көп ой-тилекти кыялында чайкап көрүп, акыры өз бетинче даярданып, Петербург университетин бүтүрүү ниетине токтолот. Экзамендерге кантип даярдануунун духовный жактан кантип өсүп-өнүгүүнүн конкреттүү программасын иштеп чыгат. Күндөлүк (дневник) жазганын күчөтүп, чет тилдерин үйрөнөт, илимдин көп тармагы боюнча окуу китептерин, көркөм адабият чыгармаларын, улуу философтордун жана юристтердин эмгектерин тирмее отуруп окуйт.
Бир жарым жылдай кажыбас ышкы жана көктүк менен өзүнчө билим алып, 1849-жылы Петербург университетинин бүтүрүү экзамендерине катышат, укук кандидаты деген наам үчүн эки экзаменден камчы салдырбай тың өтөт. Анан чочугандай калгандарын тапшыргандан баш тартып, кыштагына шарт жүрүп кетет. Ясная Полянага келип, чарбачылык иштери менен алпурушат, дыйкан балдарына мектеп ачып, мугалимчиликке кызыгат, көркөм сыпаттагы бирдемелер жазмыш болот. Бирок, кылган-эткенинин баарына көңүлү тойбойт, жан-дилин бүт арбап ала турган иш таппай кайсалактайт, кандайдыр бир бийик максаттарды самап буулугат. Андан да, мындан да көңүлү калып, ич бугун чыгарыш амалын издеп, кайра да кумар ойногондун, жигитчилик доорун сүргөндүн, шапар тээп дуулагандын кумарына батып кетет.
Ырас, бул жорук-жосундарына өзү катуу өкүнөт, өзүн өзү казаптап кыйналат, ак сөөктөрдүн сормодой соргок оюн-тамашаларын, жалган мамилелерин, кунарсыз турмушун жининдей жек көрөт. Ошол чөйрөнүн ыпылас атмосферасынан качсам деп, өзүнүн жаман өнөкөттөрүнөн суурулуп чыксам деп далбаса кылат, бирок, эмне кыларын билбей, алапайын таппай урунуп, кайрадан көнүмүш оюн-тамашаларга аралаша берет.
Ошентип, тентек жаны бар, албуут ышкысы бар, тоодой дымагы бар дөөлөттүү жаш жигит бирде духовный жана моралдык өнүгүштүн көкөлөгөн бийигине кол сермеп, бирде тирүүлүктүн пас тартма азгырыктарына башы менен сүңгүп кирип, эки арада чайналып, жанын жанга ура изденип, тынчы жок, онбу-донбу, өөдүк-сөөдүк өмүр сүрүп жүрөт.
Дал ошол учурда Толстойдун Кавказда аскердик кызматта жүргөн офицер агасы Николай Николаевич Москвага келип калат. Ал жатындаш инисинин турмуштан ордун таппай, туура жолдон адашып, эмне кыларын билбей чебеленип жүргөнүн көрөт да, аны өзү менен кошо Кавказга ала кетмек болот. Лев Николаевич адегенде агасынын айтканына кулак какпайт. Бирок, ал ошо ченде кумар ойноп, аябай көп акча уттуруп иет да, керт башына жумшоочу каражатын кескин кыскартууга аргасыз болот. Бир чети, өзүн чырмаган терс өнөкөттөрдөн, көңүлүн азгырган пайдасыз таң-тамашалардан, эсирген ак сөөктөр жамаатынан шарт кол үзө турганына ичинен кымылдайт. Бир чети тааныбаган эл-жерди көргөнгө, согуш кырдаалында өз тагдырын сынап бакканга, катаал турмуштук шарттарда бышыкканга ынтызарланат.
Толстой 1851-жылдын 20-апрелинде агасын ээрчип жөнөйт. Алар кырк күндөп жол азабын тартып Кавказга, Старогладковская станицасына (кыштагына) келишет. Лев Николаевичке эң оболу Кавказдын ажайып кооз да, өтө катаал да жаратылыш шарты катуу таасир калтырат. Анан ага ошо жерден алда качан орун-очок алган орус казактардын тиричилигин, салт-санаасы, психологиясы өзүнчө бир кызык, айырмалуу, өрнөктүү жаңы дүйнө сыяктуу көрүнөт. Анын аябай таң калганы: орус казактар крепостной укуктан башы бош экен, Россиядагы мужуктардай итке минген кембагал, бечара-карып, коркок-жалтаң болбойт экен; эркин-азат күн өткөргөндүн натыйжасыбы, айтор, алардын турмушу да тың экен, кулк-мүнөзү да жайдары экен, каада-салттары да санжыргалуу экен.
Россиянын калың дыйкандарын кантип крепостнойлук туткундан, кедейлик турмуштан, жүдөмүш абалдан куткаруу керек? Кандай жамаатка баш кошсо, кандай коомдук шартка дуушар келсе, ошо дыйкандар эркин-азат адамдын сыягын алат, көр оокат жагынан оңолот, духовный жактан кайра тирилет? Мына ушундай суроолор студент чагынан Толстойдун жүрөгүн өйкөп, санаасын саргайтып жүргөн эле.
Анан ал орус казактардын жамаатына туш болуп көктөн күткөнүн жерден тапкандай сүйүнөт. Казактардын патриархалчыл турмушунан крепостной дыйкандарга бап жашоо ыңгайынын сонун үлгүсүн көрөт. Башкача айтканда, кулчулуктан башы азат болсо, ээн-жайкын оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнө жетсе, укуксуз мужуктар деле орус казактардай байкер тургудай, дымактуу жүргүдөй, бышык болгудай деп ойлойт.
Толстой Кавказда баш-аягы эки жарым жылдай туруп калат. Адегенде дворяндык тек-жайын күбөлөндүргөн документтери жогунан беш айча колу бош жүрөт, анан, аскер кызматына ыктыярдуу солдат (волентер) катары өтөт. А кезде орус аскерлери азатчыл тоолуктарга падыша сурагын кабыл алдыра албай согушуп жаткан эле. Толстой да тоолуктарга каршы жортуулдарга катышып, уруш убагында баатырдыкка тете иштер жасайт, атүгүл бир жолу эрдиги үчүн орденге көрсөтүлөт. Бирок, ал өзүнө улутташ офицерлердин багынбас тоолуктарга карата жек көрүү сезимдерине ортоктош болбойт, тескерисинче, тоо арасында күн көргөн алакандай калктардын өз азаттыгын азаматча коргогонуна, жоокерчилик сапаттарына, адамдык касиеттерине суктанат; падыша өкмөтүнүн тоо журтун жөн жашатпай, эркине койбой, бөөдө бүлүндүрүп жатканына кайгырат; «жапайы» атка конгон элдердин оокаттуу турмушуна жана материалдык маданиятына сонуркайт, алардын айырмалуу расмилерине кызыгын, тилдерин жана оозеки чыгармаларын үйрөнөт.
Тоолуктарга каршы согуш илең-салаң жүрчү эле. Анын үстүнө Лев Николаевич ыктыярдуу солдат эле, графтык наамы бар өзгөчө солдат эле. Ошон үчүн Кавказда анын бош убактысы мол болот. Көп учурда өз башына өзү бий: каалаган жагына барат, оюна жаккан ишин кылат. Баарынан да орус казактардын тиричилигине, үрп-адатына, кыздарына аябай кызыгат. Нускалуу Ерошка карыя менен достошуп, бирге мергенчиликке чыгып, жай отуруп баарлашып, ошол аркылуу жергиликтүү калктын тарыхына, психологиясына, ойлоо ыктыярына жакыныраак коошот. Казактардын бир кызына үйлөнүп, жашоо ыңгайына көнүгүп, ошо жерден биротоло калсам деп кыялданат. Зериккенде Кавказдын айтылуу минерал сууларына зыярат жасайт, атактуу жерлерин кыдырат.
Бирок, бош убактысынын көбүн Толстой китеп окуп, күндөлүк жазып, жакшы көргөн чыгармаларын которуп өткөрөт. Көргөн-билгенинен бирдеме жазууга ниеттенип, акыры мурда эле кыялында багып жүргөн «Өсүп-өнгөндүн төрт доору» деген автобиографиялык романын жазууга бел байлайт. Эми адабий чыгармачылыктын кумарына да адатынча бүт ыкыласы менен тартылат.
Ырас, Толстой Кавказда солдат бойдон жүрө бергиси келбейт. Ал офицер болсом деп, Россияга кадыр-барк таап кайтсам деп эңсейт. Офицерлик наам алыш үчүн ошо кезде Кавказга бийлик кылган аскер башчыларына кат менен да, оозеки да кайрылат, атүгүл, Тбилисиге чейин арызданып барат, арага тааныштарын салып көрөт. Тек, кайрылган чоңдор анын арызына кулак какпайт, өзүнө текебер мамиле жасайт. Ошондо дворяндык наамына эрдемсип жүргөн жаш граф аябай корсунат! Бир жагынан жергиликтүү офицерлер да ага бир күнөө кылганы үчүн солдатка айдалган киши дегендей кекирейип карашат.
Ошентип, солдат абалында жүрүп карапайым адамдардын кандай кордуктар тарта турганын керт башынан кечирет, аскер турмушунун көмүскө жактарын көрүп-билет, жалган түшүнүктөрүнүн далайынан айрылып, көп нерсеге көзү ачылат. Экинчи жактан, кумар ойномой оорусуна кайрадан чалдыгып, чоң суммадагы акчага сынат. Каражаттан кыйналып, карызга пул таппай, заманасы куурулат. Ушундай оор абалда ал намысына келип, катуу чыйралып, бар күчүн жазып жаткан чыгармасын бүтүрүүгө багыттайт.
«Бала чакты» 1852-жылдын июлунда бүтүрөт да кол жазма түрүндө эле «Современник» журналынын редакциясына жөнөтөт. Көп өтпөй атактүу журналдын редактору Н.А.Некрасовдон жооп кат алат. Ал катта «Бала чак» жогору бааланыптыр, басыла турганы билдирилиптир, автордун таланты бары белгилешиптир.
Бул жакшы кабар Толстойдун кубанычка койнун толтуруп, өз жөндөмүнө ишенимин арттырат, жазуучулугун ого бетер жандандырууга умсундурат. Жаш жазуучунун кыялы ташкындап, биринен бири кызыктуу көрүнгөн сюжеттер туудурат. Ал жанын жай алдырбай, токтоо билбей, күнү-түнү менен күжүлдөп иштейт. Бир эле убакта «Өспүрүм кез» повестин, «Орус помещигинин романын», «Орус казактар» повестин жазып кирет, аларга удаалаш «Токой кыйганда», «Жортуул» («Набег»), «Святкин түнү», «Маркердин жазмалары» аңгемелерин жаза баштайт. Кавказда жүрүп «Өспүрүм кез», «Жортуул», «Маркердин жазмаларын» бүтүрүп, дагы да «Современник» журналына жиберет.
Кавказда жүргөн жылдары Толстойдун жеке өзү үчүн да, чыгармачылыгы үчүн да өтө маанилүү учур болот. Ошо жерде керт башынан кечиргендери, байкагандары, уккан-билгени анын чыгармачылыгын өмүр бою азыктандырган берекелүү булакка айланат. Экинчи жактан, аскердик кызмат, катаал турмуш, опурталдуу шарттар анын байбачалык «жиндерин» бат эле кагып түшүрөт, айрым адамдык терс сапаттарын ичинен сүрүп чыгарат, бошоңураак кайрат-эркин эшип чыйратат. Көп окуп, көп жазганы, ой азабын тартып чайналганы анын духовный жактан дүркүрөп өнүгүшүн шарттайт, жазуучулук шыгын ойготот, көргөн-билгенин башкалардан айырмалуу сүрөттөп бергенге үйрөтөт.
Кавказга келгенине эки жыл толуп-толбой Толстой аскер кызматынан бошоном деп арыз берет. Ошондо анын жазуу ишине биротоло көңүлү ооп, адабий жөндөмүнө эрдемсип калган чагы эле. Ясная Полянага кайтам, кыштактын тиричилигин жаңыртам, көркөм чыгармалар жазам деп чечип алган эле. Бирок, дал ошол маалда Россия менен Турция өз ара уруш чыгарып, аскер кызматындагыларга отставка түгүл, отпуск берилбей жаткан болучу. Муну билгенден соң Толстой Дунай багытында салгылашып жаткан орус армиясына которулам деп арыз жазат. Арызына оң жооп алат да, 1854-жылдын башында пропорщик чининде Ясная Полянага, андан Бухарестке (жаңы кызматына) кетет. Саал кийинчерээк атактуу Севастополь коргонуусуна катышып, «Севастополь декабрь айында», «Севастополь майда», «Севастополь 1855-жылдын августунда» деген көркөм очерктерин жарыялайт.
Толстой 1855-жылдын күзүндө Севастополдон Петербургга келет. Аскер кызматынан бошонбой, курьер сыпатында келет. Жарыяланган чыгармалары кадыр-баркын катуу чыгарып койгон экен, келери менен аны ошо кездеги атактуу орус жазуучулары өтө жакшы тосуп алат. Журналдарга согуштун кысталыш шарттарында жазган жаңы чыгармаларын тапшырат. Борбордук адабий жамаат менен таанышат, адабий талаш-тартыштарга аралашат. Бир кур «Современник» журналына ыктаган прогрессчил адабиятчылардан четтеп, кедери тартма жазуучуларга жакындашып кетет. Бирок, алардан да бат эле алыстап, кайрадан чыгармачылык ишке бел чечип киришет. Бир жыл ичинде автобиографиялык чыгармасынын үчүнчү бөлүгүн «Боз улан курак» («Юность»), «Эки гусар», «Помещиктин таңы» повесттерин, бир нече аңгемесин жазып салат.
Толстойдун алгачкы жазгандары жарыяланар замат эле өз убагындагы орустун билимдүү чөйрөсүндө «дүңк» эте түшкөн. Айтылуу адабият билермандары ошол чыгармачылык саамалыктардан нукура турмуштун ысык илебин туюп, реалдуу адамдардын жандуу элестерин көргөн; автордун ашкан чынчыл акыл-эси барын, ашкере кыраакы көзү барын, оригиналдуу ойлоо жана жазуу манерасы барын байкаган.
Алгачкы чыгармаларынын мыкты чыкканына бир себеп: ошолордун баары Толстой өзү таасын көргөн, жакшы билген, аралаш жүргөн окуялар, кишилер, тагдырлар тууралу. Маселен, автобиографиялык трилогиясы («Бала чак», «Өспүрүм кез», «Боз улан курак») анын Ясная Полянадагы жана Казандагы жаш өмүрүнүн материалдары менен, калган аңгеме-повесттери Кавказ жана Севастополь уруштарында көргөн-билгендери менен байланыштуу.
Бирок, Толстой өткөн өмүрүн аки-чүкүсүнө чейин калтырбай көчүрмөлөй берген эмес, өз таржымалынан өнүп чыккан чыгармаларын жөнөкөй эскерүүлөргө айландырып ийген эмес. Чыгарма жаратуу процессинде ал өз өмүрүнүн тажрыйбасын көркөм типтештирүү ыктарына салып жалпылап, өз башынан кечиргендерден көпчүлүккө кызыктуу моменттерди иргеп-тандап алган. Буга эң оболу анын автобиографиялык трилогиясы айкын далил.
Трилогиянын баш каарманы — Николенька Иртеньев, помещиктин баласы. Окуялар да ошонун атынан баяндалат. Биринчи китепте ошо каарман өзүнүн телегейи тегиз дегидей шартта бейкапар өткөн бактылуу балалык жылдарын элжиреп эскерет, ошо кезде өзү табият кубулуштарын жана турмуш көрүнүштөрүн кандай сезип-туйганын, кандай оюндарга катышканын, кандай кыялдарга азгырылганын, кандай кишилерге аралашып жүргөнүн, кандай таалим-тарбия алганын майдалап айтып берет. Ушул баяндоолордон балалык доор чылк сонундарга жана жалаң жакшы адамдардан куралган, кубаныч шаттыкка жана ынтымакка чөгүп турган идиллиялуу бир дүйнө сыяктуу көрүнөт.
Трилогиянын экинчи китебинде баш каарман өспүрүм курагына кантип жетип, духовный өсүп-өнүгүүнүн жаңы тилкесине кантип киргенин сөз кылат. Ал кыштак чөйрөсүнөн чыгып, дүйнөнүн ченемсиз кеңдигин, турмуштун карама-каршылыкка толо экенин, айлана-чөйрөсүндө байлар жана кедейлер барын, адамдардын өз ара мамилелери бала чагында сезип-туйгандай гармониялуу эмесин тааныйт; жеке өзүнүн жан дүйнөсүндө жаңыча сезим-туюмдар жамырап чыкканын, башында сарсанаалар сапырылганын байкайт; өз өмүрү, турмуш, адам, кудай, өлүм, келечек сыяктуу маселелер тууралу түйшүктүү ойлорго батат.
Трилогиянын үчүнчү китебинде Николенька Иртеньев өзүнүн боз улан курагына кантип өткөнүн, кантип жогорку окуу жайына киргенин, Дмитрий Нехлюдов деген жигит менен кантип достошконун, кандайча ошо досунун таасирине берилгенин, өз кемчиликтерин кантип талдоого алганын, өмүрлүк максатын кандайча аныктаганын, кантип өзүн өзү тарбиялайм деп далбас урганын баян этет.
Албетте, «Бала чак», «Өспүрүм кез», «Боз улан курак» повесттеринин көп окуялары, сюжеттик сызыктары, көркөм деталдары, ошондой эле баш каарман Иртеньевдин өсүп-өүгүш жолу негизинен Лев Толстойдун жекече өмүрүнөн алынган. Бирок, үчилтикте автобиографиялык фактылар башка балдардын, асыресе тааныш бай-бачалардын өмүр баяндары менен аралаштырылып, белгилүү бир тарыхый кырдаалда жана чөйрөдө өткөн алгачкы өмүрдүн типтүү көрүнүштөрү катары сыпатталган. Ошон үчүн трилогия жалгыз автордун гана эмес, жалпы эле дворян балдарынын кандай шартта тарбияланганы, кандай кайгы-шаттыктарга кабылганы, реалдуу турмушка кантип аралашканы, духовный жактан кантип өнүккөнү тууралу көркөм акыйкатка айланган.
Трилогияда көңүл аптыктырган азгырмалуу сюжет жок. Окуялардын сырткы өнүгүшү өтө жай баяндалат. Автор көбүнчө турмуштун ыбырсыган демейки көрүнүштөрүн деталдаштырып көрсөтүүгө ыкылас коёт, каармандардын кылган-эткенин таамай сүрөттөө жана түшүндүрүү менен, алардын кыймыл-аракеттерин жана ой-сезимдерин тескеп-териштирүү менен алек болот; айрыкча, адамдын ички дүйнөсүнө лупа менен карагандай кадаланып, ошо ички дүйнөнүн байкалар-байкалбас кубулжуп турган касиеттерине чейин терип-тепчип көркөм сөз менен туюндурат.
Демек, Толстой адеп жаза баштаганда эле турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөөнүн, адам образдарын түзүүнүн, көңүл сырларын ачуунун жаңыча ыкмаларын чебер пайдаланып, орус прозасы үчүн чоң ачылыш жасаган. Жаш жазуучунун ушул чыгармачылык табылгасын, тактап айтканда, психологиялык анализ ыкмасын өз убагында эле улуу адабиятчы Н.Г.Чернышевский кыраакы баамдап, «жан диалектикасын» берүү жолу деп атаган.
Толстойдун Кавказ уруштарына жана Севастополь коргонуусуна байланыштуу аңгемелери да орус журтчулугуна катуу таасир калтырган. Аларда согуштун кан-тер, азап-тозок, өлүм-житим коштогон кызылдай мээнет экени, адамзат жаратылышына коошпогон ырайымсыз кырсык экени боёмолонбой, жаап-жашырылбай, өтө реалдуу берилген; жөнөкөй орус солдаттарынын кечээки крепостной дыйкандардын коркунучтуу шарт-жагдайда демейкидей эле эмгекчил, чыдамкай, жанкечти бойдон кала бергени, ал эми ак сөөк офицерлердин кыйын кырдаалдарда кайратсыздык, моралдык жактан жармачтык, жанбактылык кылганы ачык көрсөтүлгөн. Бул чыгармалардын жаңылыгы жазуучунун катаал турмуш акыйкатына тайманбай тике караганыңда, көргөн-билгенин көнүмүш адабий салттарга жана көз караштарга кылчактабай өз алдынча жазып бергенинде, жазгандарынын ар бир сөзүн ашкан чынчыл кылууга умтулганында эле.
Лев Николаевич 1856-жылдын аягында аскер кызматынан таптакыр бошонуп, эки айдан кийин өмүрүндө биринчи сапар Европага саякаттап чыгат. Ал Варшава жана Берлин аркылуу Парижге барат, аерде Тургенев жана Некрасов менен жолугушат, айтылуу француз музейлеринде, театрларында, окуу жайларында болот, чолосу тийгенде көркөм чыгармаларын жазат. Ага француздардын коомдук турмушунун айрым жактары жакса, айрым жактары жакпайт. Айрыкча, буржуазиялык жамааттын зомбулугу, жалганчылыгы, адилетсиздиги анын көңүлүн катуу иренжитет. Ал эми Парижде бир кылмышкердин башы атайын жады (гильотина) менен элдин көзүнчө кесилгенин көргөндө, Толстой көңүлү жаман бузулуп эртеси Парижден Женевага карай качат. Швейцарияда ал өзүнүн жаш кездеги духовный таалимчиси, аябай жакшы көргөн жазуучусу Жан-Жак Руссо жүргөн жерлерге зыярат кылып, эки ай бою жөө саякаттайт. Саякаттаганда жадагалса жүк көтөрүшкөнгө жарабаган жаш баланы жолдош кылып алат.
Улуу жазуучунун жаш баланы саякатташ шериги кылып алганында чоколок таштай оор маани-маңыз бар. Арийне, Толстой жаш чагынан өз жанынын көмүскө сырларын аңдап билгенге, аң-сезиминин сымаптай мөлтүлдөгөн кубулуштарын анализдегенге, кылган-эткенинин татаал себеп-натыйжаларын тескеп-териштиргенге жедеп көнүп алган. Бул өнөкөтү жеңил-желпи жумуш эмес, жөнөкөй эрмек эмес, кызыктуу оюн эмес, оңбогондой оор түйшүк, ырайымсыз катуу сыноо, жан кашайткан жаман күрөш болгон. Кайран киши башыман кечирген ой-сезимдерим жана жасаган иш-аракеттерим тууралу ар бир сөзүм кыпындай калпы жок айтылсын деп жанын жанга урган. Ошон үчүн Толстой өз духун «Коён жатагына» чейин билгенге жетишип, ошонун аркасы менен жалпы эле адам психологиясынын эң тереңдеги кармалбас кубулуштарын алаканга салгандай титиретип көрсөткөн эмеспи, кишинин ички жаратылышы тууралу эскирбес акыйкат тизмектерин жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таамай айта алган эмеспи.
Бирок, качан болсо өзүн өзү аңдып жүрүү да кызылдай бир азап го, чиркин! Ал эми Лев Николаевич басса-турса өз жөн-жайын ойлобой коё алган эмес, көп учурда ошентип ойлой бергенден аябай жадап, атүгүл заарканып турган. Себеби: андай сарсанаалар аны дайыма өз жанынын кайгысын жеп чайналганга, өзүнө өзү тойбой нааразы боло бергенге, өзү менен өзү алпурушуп жүргөнгө кириптер кылган, духовный ал-күчтөн жана дымактан тайдырган. Ошон үчүн ал Швейцариядагы жөө саякатына жаш бала менен кошо чыккан. Баланы ал жанына эш болсун деп, көңүлүмө эрмек болсун деп, өзүм жөнүндө оор ой толгоолордон алаксытсын деп кошуп алган. Ушуга байланыштуу Лев Николаевич ошондо момындай бир укмуш терең ой-пикирин жазып калтыргап:
«Мен ишенем: адамда уюп жаткан өлчөмсүз моралдык күч гана эмес, ченемсиз кара күч да бар, тек ошону менен бирге ал күчкө жаман бир тормоз салынып коюлган. Ал тормоз адамдын өзүн өзү жакшы көргөнү, тагыраак айтканда, өзүн өзү унута албаганы. Мына ушу нерсе тирүү жанды алсыз-күчсүз кылат. Киши ошол тормоздон суурулуп чыгар замат опсуз кудуреттүү боло түшөт. Суурулуп чыккандын мыкты каражаты эле башкаларды жакшы көрүү деп айтар элем, тилекке каршы, антип айтканым адилет болбос эле. Опсуз кудуреттүүлүк аң-сезимге таянбаган иш-аракет дегенге барабар, ал эми алсыздык — өзүн өзү эсинен чыгара албагандыктын бир белгиси. Бирөөгө мээрим төгүп, баш көтөрбөй уктап, арак-шараптын артынан кууп, кажынып иштеп, айтор, ар кыл аракеттер менен өзүн өзү унутса болот, бирок кишилер өмүр бою ошо өзүн унутуу амалын издеп жүрүп өтөт. Эмне үчүн делбеленгендер, аруу баскандар, талмасы кармагандар, ошондой эле катуу ышкыга берилгендер, баласын коргологон энелер, кишилер, айбандар өзгөчө алдуу-күчтүү болуп кетет? Эмне үчүн бир сөздү кантип жаңылбай айтам деп санааркай берсеңер, ошону так айта албай булдурттап каласыңар? Эмне үчүн адамзат ойлоп тапкан жазалардын ичинен өмүр бою түрмөгө камап салгандан жаманы жок? Түрмөгө жалгыз камап койгондо адам өзүн унуттура турган бардык нерселерден ажырайт да, эси-дарты бир өзүнө гана байланып калат».
Артында кан-тенинен кайнап чыккан чыгармалары, ыймандай сырлары төгүлгөн күндөлүктөрү, башкалардын эскерүүлөрү жана изилдөөлөрү калса да, Толстойдун өмүрү опсуз чоң бир табышмак сыңары кабыл алынат. Бирок өйдөкү саптарда ошол табышмактын бир жандырмагы бар сыяктанат.
Өмүр бою нары-бери урунуп далбасаласа, азгырылып ар кайсы иштерге чарпылса, карапайым калктын зарын зарлап кыйноо тартса, баарынан да мээнети күч чыгармачылык жумуш менен тыным билбей алпурушса, ким билет, Лев Николаевич кара жанымдын кайгысын жегенден кутулсам деп, өзүмдү өзүм унутсам деп, ошону менен керт башымды азат кылсам деп, рухий жактан кудуреттүү болуп жүрсөм деп ошенткендир?
Толстойдун бөтөн эл-жерге биринчи барышы жарым жылга созулуп, анын Германияда болушу менен аяктайт. Биздин саякатчы 1857-жылдын жайында Россияга кайтып келет. Батыш өлкөлөрүнөн уйгу-туйгу ой-сезимдер, карама-каршы таасирлер, капалуу маанай менен кайтат. Өз эл-жеринде жүрүп айлана-чөйрөсүнөн көргөндөрү да анын кыжырына тийип, көңүлүн чөктүрөт. Бийлик кишилери менен да, башка тааныш-билиштери менен да анын оту күйүшпөйт. Официалдуу көз караштар жана көпчүлүктүн ой-пикирлери менен да келише албайт. Сапырылган санаалары тартипке салынбай, бууракандаган жаны тынч ала албай, ар кандай ниеттердин азгырыгына жетеленет.
Кайрадан чыгармачылык ишке киришип, чет элдик таасирлерине таянып «Альберт» повестин жана «Люцерн» аңгемесин, жеке өзү келечекте кандай үй турмуш курарын таттуу элестетип: «Үй-бүлө таалайы» романын жаратат. Тилекке каршы, а чыгармалар жарыяланганда авторго моралдык канимет бербейт, калемдештери тарабынан да бир кыйла салкын кабыл алынат.
Толстой ошол жылдары отуз жаi курагына барып, турмуш куруу маселесин да баш катырып ойлонууга аргасыз болот, ырыска шерик жар тапсам, бала-чакалуу болсом, кыштакта беймарал өмүр сүрсөм деп самай баштайт. Махаббат ышкысына көп тартылып, өз чөйрөсүнүн бийкечтерине күйөө түшүп көрөт. Бирок, шынаарлашкан кыздардын баары анча купулуна толбойт.
Жазгандары оюндагысындай чыкпай, үйлөнөм деген аракеттери оңунан келбей, башка кылган-эткени деле алчысынан түшпөй, Лев Николаевич терең духовный кризиске чалдыгат. Адабияттан көңүлү калып, экинчи эчтеме жазбаска шерт кылат. Бир кур аңчылык кумарына берилет, ак сөөктөрдүн таң-тамашаларына аралашат, анча-мынча илимге ыкылас коёт. Бирок, кандайдыр бир олуттуу ишке кызыкпай, акыл мээнетин тартып чымырканбай эндекей жүрө албайт. Ары-бери согулуп, акыры эл агартуу иши менен алек болууга мүдөөлөнөт, бүт өмүрүн педагогикалык ишке арнайм деп бел байлайт. Бул максатына адатынча көңүлүн бүт бойдон оодуруп, дыйкан балдары үчүн Ясная Полянада атайын мектеп (1859) ачат. Мугалимчиликке такай киришери менен Россиядагы таалим-тарбия берүүнүн теориялык маселелерин жана практикасын үйрөнө баштайт.
Батыш Европа өлкөлөрүндө педагогикалык иш кандай жолго коюлганын билейин деп 1860-жылы экинчи ирет саякатка чыгат. Бу саякат тогуз айдан ашуун созулат. Толстой Бельгияда, Германия, Италия, Франция, Англияларда калайыкка таалим-тарбия берүү абалы менен таанышат, Англияга барганда Герцен жана Огарев менен жолугушат.
Чет элдик сапарынан кайткан соң Ясная Полянанын тегерегиндеги кыштактарда бир нече баштооч мектептин ачылышына көмөктөшүп, 1862-жылдан «Ясная Поляна» деген педагогикалык журнал чыгарууга киришет. Менчик журналында жарыяланган макалаларында Толстой Россиядагы жана чет өлкөлөрдөгү таалим-тарбия системасын катуу сынга алып, ошол кездеги окутуу практикасында өкүм сүргөн карандай жаттатуу, формализм, педантизм, окуучулардын эркин-азат ойлошуна жол бербөө сыяктуу терс көрүңүштөрдүн бетин ачат; жеке өзүнүн педагогикалык тажрыйбасына таянып, таалим менен тарбиянын чыгармачыл болушун, программа жана формалисттик методика менен чектелбей, эркин системага негизделишин жактап чыгат.
Социалдык тек-жайы жана таалим-тарбиясы жагынан бийлөөчү таптын өкүлү болсо да, Лев Николаевич бала чагынан карапайым калкка жан тартып, жапаакечтик менен караган. Эрезеге жеткенден өз табынын мителик менен күн көргөнүн, ошо кездеги коомдун саясий-чарбалык омогу адилетсиз экенин түшүнүп, турмуштун эң түбүндө кул сыңары эзилген крепостной дыйкандардын кайгысын тарта баштаган. Бара-бара орус мужугунун оор тагдыры тууралу ойлор анын жүрөгүн өйкөгөн сарсанаага айланган. Айрыкча, Крым согушуна катышкандан кийин Толстой дыйкандарды крепостной күнкорлуктан куткаруу маселесине байланыштуу талкууларга активдүү аралашып, атүгүл өз менчигиндеги дыйкандарга азаттык берем деп демилге жасаган. Ясная Полянадагы мектепти да ошо дыйкандарга жардам берем деп ачкан. Падыша өкмөтү 1861-жылы крепостной укуктун жоюлушу тууралу манифест жарыяланганда, Толстой ал манифестке эч ыраазы болбосо да, уезддик мировой ортомчунун кызматын аткарган; помещиктер менен дыйкандардын чыр-чатагына калыстык кылып, доонун чечилишин дайыма дыйкандар пайдасына оодара салып турган. Бирок, дворяндардын катуу нааразылыгынан улам ал бир жылдан кийин ортомчулук кызматын таштоого аргасыз болгон. Дал ошол ченде Толстой жумуштап шаарга кетсе, падышанын жандармалары жана тыңчылары эки күн удаасы менен Ясная Полянада тинтүү жүргүзгөн. Мындай зомбулукка улуу жазуучу аябай жаалданып, бир кур чет мамлекетке чыгып кетем деп оолуккан; ачуусу менен падышага орой кат жазып, ого бетер жаман көрүнгөн. Акыры мектеби менен журналын жаап, тийип-качып жазып жүргөн адабий чыгармачылыкка кайрадан кайрылган.
Карапайым калк менен жакындашканы, анын мүдөөлөрү жана муктаждыктары менен тереңирээк таанышканы жазуучунун туңгуч духовный-чыгармачылык кризистен чыгышына сүйөнүч болгон. Ошо жылдары ал өзү Кавказда баштап, кайра-кайра улап жазып жүргөн «Орус казактар» повестин аяктаган. Анда Түндүк Кавказда жашаган орус казактардын турмушу эркин дыйкандардын ойдогудай тиричилик өткөрүшү катары сүрөттөлүп, крепостной укук жүдөткөн мужуктар үчүн идеал иретинде көрсөтүлгөн. Ал эми «Поликушка» (1863) аттуу аңгемесинде крепостной дыйкандын трагедиялуу өмүрү баяндалган. Бул чыгармалар Лев Николаевичтин патриархал дыйкандардын позициясына өтүүгө, алардын идеологиясын өздөштүрүүгө карата жасаган алгачкы кадамы эле.
* * *
Лев Николаевич отуз төрт жашка чыккыча бойдок жүрүп, акыры купулуна толгон колуктуга туш келет. Карт бойдоктун көңүлүн ийиткен ошо кезде солкулдаган он сегиз курагындагы Софья Андреевна Берс, орто дөөлөттүү москвалык врачтын кызы эле. Эки жаш 1862-жылы баш кошуп, Ясная Поляна кыштагын биротоло жердеп калат. Албетте, алгачкы жылдары жаңы үй-бүлөдө өз ара мээрим, ынтымак, мамырчылык өкүм сүрөт. Демек, үйлөнгөн соң Толстой байкерчилик турмуш шартында каалап алган жары менен, төрөлө турган балдары менен жай-баракат жашай бергенге гана эмес, бууракандаган албуут жанын тынч алдырганга, көөнү сүйгөн жумушун жасаганга, бүтүндөй духовный изденүүлөр менен, айрыкча, адабий чыгармачылык менен алпурушканга ойдогудай мүмкүнчүлүк алат.
Көп иш-аракеттеринен шаабайы сууган, бир далай азгырмалуу ой-ниеттеринен түңүлгөн, жекече тагдырынан көңүлү тынган соң Толстой чын эле олуттуу бирдеме жазсам деп эрдемсийт. Буга анын чыгармачылык кудурети, турмуштук тажрыйбасы, жазуучулук камылгасы толук жетет эле. Ал мурда тийип-качып иштеп жүргөн бир темасын кайра колго алып, сүргүндөн кайтып келген декабрист тууралу повесть жазууга киришет. Жазуу процессинде ал декабристтер кыймылынын түпкү чыгыш себептерин билүүгө кызыгып, орус тарыхынын тереңдей түшкөн катмарына сүңгүп кирет. Иликтөөлөрү аны 1812-жылкы Ата Мекендик согушка тикелей жетелеп келет. Эми жазуучунун бүт ыкыласы ошол согуштун тегерегине топтолот. Ушуга байланышкан материалдардын баарын акыл-сезимине сиңирип алгандан кийин Толстойдун кубаттуу ой-кыялында опсуз чоң көркөм чыгарманын татаал планы куралат. Акыры ал айтылуу согуштун тээ башатын (1805-жылдын окуяларын) сүрөттөө менен атактуу «Согуш жана тынчтык» романын жаза баштайт. Алты жыл бою (1863—1869) күн сайын көп саат катары менен үстөлдөн баш көтөрбөй, тыным билбей, ноюп койбой көшөрүп иштеп, азоодой туйлаган элестер жана ойлор тизмегин көркөм сөзгө чөгөрөм деп эңги-деңги кейип, жазгандарын тытынып кайра-кайра көчүрүп, адам баласы чанда-чанда бир чыдачу азап-тозокко түтүп, акыры төрт килейген томдон турган көлөмдүү эпопеясын жазып бүтүрөт.
Россиядагы 1812-жылкы Ата Мекен согушунун орчундуу окуялары, орус коомунун тагдырына туш келген оор сыноолор, калктын ар кайсы катмарларынын патриоттук аракеттерге тартылышы жана баскынчыларга каршы жапа тырмак көтөрүлүшү, орус элинин өз күнкорсуздугу, өзүн өзү бийлөө укугу, жарык келечеги үчүн салгылашы эбегейсиз зор энопеяга берекелүү аңыз болуп берген. Бакыбат эмен дарагындай дүпүйүп бутактанган чыгармадан беш жүздөн ашуун каарман, алардын түркүн-түркүн тагдырлары, бири бирине удаалашып, катарлашып, кайчылашып өнүккөн сюжеттик линиялар, орус турмушунун тынчтык жана согуш мезгилинде көп сандаган окуялары орун алган. Эпопеянын баш каарманы башкалардан калдайып бөлүнүп турган жеке киши эмес, улуу дайра сыңары бирде мелмилдеп, бирде ташкындап агып жаткан турмуштун өзү. Анда адам тиричилигинин бардык тарабын, атап айтканда, жеке кишинин керт башы менен үй-бүлөсүнө тиешелүү маселелерден тарых менен элдин тагдырына байланыштуу проблемаларга чейин камтыган көп пландуу сюжет кадимки эпостук байсал менен, өөрчүгөн реалисттик адабиятка мүнөздүү конкреттүүлүк менен, кереметтүү логикалык ыраат менен баяндалат. Ошо кездеги орус коомундагы ар кыл катмарлардын өкүлдөрү тарыхый окуялардын бараандуу фонунда, типтүү шарттарда, өмүрүнүн маанилүү учурларында көрсөтүлөт. Окуялар Россияда жана чет өлкөлөрдө, чоң шаарларда жана майда кыштактарда, дыйкан үйлөрүндө жана аристократиялык салондордо, падыша сарайларында жана помещик чарбактарында, ар кыл коомдук жайларда жана уруш майдандарында өтөт.
Эпопеянын башында орус коомунун жогорку баскычында тургандардын тынччылык маалдагы күндөлүк турмушу, жашоо ыңгайы, салт-санаасы, моралдык абалы, саясий талаш-тартыштары сүрөттөлөт. Мителик менен күн көргөн ордо кишилеринин жана шаар аристократиясынын калың журттукунан оолак турган сырткы гана тиричилиги ашкереленет, бирок, түпкүлүктүү патриархал дворяндардын эскиче беймарал өмүр сүрүшү Ростовдордун үй-бүлөсүнүн мисалында поэтизация кылынат. Негизги каармандар коогасыз турмуштун ар кыл жагдайларында улам-улам көрүнүп, реалдуу адамдар катары кыймыл-аракет жасай баштайт. Окуялардын жайма-жай агымы акырындап отуруп согуш мезгилине жетет. Согуш оң каармандар үчүн да, терс каармандар үчүн да өзүнчө бир улуу сыноонун милдетин аткарат. Ошол сыноодон бардык персонаждардын жан дасмиясы бүт бойдон ачылып, оң каармандар адамдык сапатынын мыктылыгын жана пейлинин актыгын, терс каармандар болсо пас моралдык кебетесин таасын көрсөтөт. Андрей Болконский менен Пьер Безухов өңдүү нускалуу дворяндар өз чөйрөсүнөн бийик туруп, сословиелик рамкадан суурулуп чыгууга талпынат, ал эми ата журт менен тууган элдин тагдырына кыйын иш түшкөндө алар өзүмчүлдүгүн жана таптык көз караштарын жеңип, өз калкынын тарыхый тагдырына, ата журтчул аракеттерине ыйык мүдөөлөрүнө ортоктош болот. Эл-жер үчүн айыгышкан салгылаштарда катардагы солдаттар, Тимохин жана Тушин сыяктуу калың эл арасынан чыккан офицерлер чындап ишке жарайт. Улуу жазуучу сыртынан комсоо көрүнгөн кишилердин байкалбаган кайратын, оркоюп тышына чыкпаган жөнөкөй эрдигин, суу кошпогон нукура патриотчулугун айрыкча даңазалайт,
Деги, романда дворяндардын өкүлдөрү көп жагынан карапайым калкка окшош болсо, ошондо гана автордун бийик баасы менен симпатиясына арзыйт. Ошол себептен Кутузовдун образы калктын калың катмарына мүдөөлөш, солдаттар менен кандаш-жандаш, жөнөкөй адамдардан айырмаланбаган карапайым командачы, ошо карапайымдыгы, жупуну акылмандыгы, сыртына тээп чыкпаган кыраакылыгы менен улуу кол башчы катары ачылат. Ал эми Наполеондун образы болсо адам өмүрү менен ойногон, өз акылын ашыра баалаган, дүйнөнүн туткасын колуна кармап тургансып дөгүрсүгөн, карапайым кишилерге бир жери окшошпогон неме кейпинде баамга урунат. Бирок, Толстой тарыхый адамдарды өз эпопеясынын борбордук фигуралары кылбайт, тарыхый процессти аракетке келтирүүчү объективдүү күчтөрдү аңдап билүүгө, улуттун тарыхый тагдырынын ички кыймылын түшүнүүгө, тарыхый өнүгүштө элдин чечүүчү ролу барын тастыктоого чын пейлинен далалаттанат.
Эпопеяда Наполеон аскерлерине каршы согуш жумурай журттун адилетчил урушу болгону, дыйкандардын Россияны жеңишке жеткирген активдүү күч катары чыкканы, орустар көтөргөн «элдик согуштун чокмору жапырык жексен болгуча француздарды токмоктогону» баса белгиленет.
Толстойдун көз карашындагы каршылыктар чыгарманын мазмунундагы айрым моменттерге аздыр-көптүр таасирин тийгизген. Маселен, жазуучу орус дыйкандарынын патриархалдык түшүнүктөрүн, демилгесиздигин, тагдырга табынгандыгын, жоош-момундугун идеализациялайт; тарыхый процесске фаталисттик көз менен карап, акыл-эс менен теориялык илим-билимди жерип, эркиндик түшүнүгүн тирүүлүктүн инстинктивдүү кудурети катары түшүндүрөт. Бирок, «Согуш жана тынчтыкта» классикалык эпостогу жазмыш өкүм зордугунун ордуна стихиялуу тиричилик агымынын сүрөттөлүшү, калк турмушунун кыймылынын жана өнүгүү диалектикасынын реалисттик таризде берилиши романдын андай өксүктөрүн анча деле оркойтуп көргөзбөйт.
«Согуш жана тынчтык» — көркөмдүк жактан телегейи тегиз дегидей жаралган чыгарма. Анын барактарынан чыныгы турмуштун реалдуу элестери жанданып, жалындуу деми уруп турат; Горький айткандай, «кармалап көргүң келгидей» даражада жандуу чыккан каармандар күндөлүк тиричилиги, кайгы-кубанчы, жекече тагдыры, өзгөрүүдө турган татаал ички дүйнөсү менен куду жаныбызда жашап жаткандай көз алдыбыздан өтөт; орус жеринин ар түркүн пейзаждары ич элжиреткен таасирдүүлүгү, конкреттүү таамайлыгы менен баамыбызга тамга басат.
Мазмундун байлыгы жана чулулугу, турмуш агымынын чыпчыргасы коробой камтылышы, образдардын айырмалуу сырткы кейпи, жекече кулк-мүнөзү, конкреттүү кыймыл-аракеттери, сүйлөө жана ойлоо өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлүшү, психологиялык анализдин укмуштай тереңдиги, баяндоолордо жана сүрөттөөлөрдө эпос менен лириканын, майдалап деталдаштыруу менен кеңири жалпылоонун эриш-аркак айкалышып кетиши «Согуш жана тынчтык» эпопеясын дүйнөдөгү улуу романдардын эң улуусу кылат.
«Согуш жана тынчтык» жаңыдан жарыяланган убагында калың окурмандар журту, асыресе орус адабий чөйрөсү тарабынан кандай кабыл алынган эле?
Албетте, чыгарманын опсуз чоң көлөмдө жаралышы, сюжетинин аябай кенен жайылып, тарам-тарам бөлүнүп, кашаң дегидей жай темпте өнүгүшү, камтыган окуяларынын тартипке салынбаган бөлөк-салак бирдемедей туюлушу, психологиялык анализдин адатта тыш майдаланып кетиши, тарыхый иш-аракеттерге жана адамдарга берилген баалардын таптакыр башкачылыгы, автордук түшүндүрмөлөрдүн жана философиялык ой жоруулардын ашкере арбындыгы катардагы китепкөйлөр түгүл, адабият билермандарынын да башын маң кылган. Романдын өйдөкүдөй өзгөчөлүктөрү калыптанган нускалуу адабий салттарга, тактап айтканда, мурдагы романдардын шарттуу-болжолдуу сүрөттөө ыкмаларына, окуяларынын көңүл азгыртма кызык курулганына, жука мазмундуу айкын баяндоолорго жедеп көнүп алган окурмандар жана жазуучулар үчүн адегенде өөн-өгөй учурабай койгон эмес.
Бирок, «Согуш жана тынчтыкты» окуп жатып анда сүрөттөлгөн окуялар тизмегинин, турмуш жана табият кубулуштарынын, адам образдарынын өтө жандуу, ишенимдүү, таасирдүү экенин, кашаңыраак жүргөн баяндоолордун, майдабарат турмуштук жана психологиялык деталдардын, атүгүл, чубалжыган философиялык тексттердин көптүгү деле зериктирип жибербегенин, каармандардын катар-карыш жана кайчылаш ачылган тагдырларын көзөмөлдөп туруу өз алдынча кызык экенин сезбей-туйбай коюш кыйын эле. Романдын аягына чыккан соң дээринде бар китепкөйлөр адегенде өз ара коошпой тургансыган окуялар, сюжеттик сызыктар, көркөм деталдар эч кандай артыкбаш, чачкын, бөлөк-салак эмес экенин, тескерисинче, алардын баары бутак-шактуу бир көмүскө өзөккө бекем байланып, бирин бири жөлөп-таяп жана толуктап, улуу дайра сыяктуу бирде мелмилдеп жай, бирде күркүрөп-шаркырап аккан калдайыңкы турмуш агымынын реалдуу туюмун бере турганын айкын байкашкан.
«Согуш жана тынчтык» көпчүлүктүн зор кызыгуусун тУУДУРУП, катары менен эки ирет басылып чыкса да, ошо кездеги сынчылар арасында кадыр-барк таппайт. Сыңар өтүгү майрык бечаралар жаңы романы менен Толстой адабий салттардын сенейиңки тарткан нормаларын бүлдүрүп тиричилик машакаттарын көркөм сөзгө чагылдыруу өнөрүн жаңылап бергенин аңдашпайт. Анткен менен жазуучу өзү кандай чыгарма жаратып койгонун баарынан жакшы билет. Ал олчойгон оор турмуш акыйкатын бел майыштыра көтөрүп, кубаттуу акыл тегирменин кайта-кайта майдалап тартып, бирок кагаз бетине аңтара салганда кайрадан бүкүлү акыйкатка — реалдуу турмуштагы оор салмагын, ысык демин, конкреттүү жышаандарын жоготпогон көркөм акыйкатка айландыра алганына кадыресе алымсынат.
«Согуш жана тынчтыгын» жарыялаган убакта Толстой кырктын кырынан жаңы ашып, каруу-күч жагынан толукшуп, чыгармачылык жагынан таскагы чыгып турган эле. Бир жагынан бала-чакасы көбөйүп, бак-дөөлөтү арбып бараткан. Атак-даңкы акырын көкөлөп, башына сыймык коно баштаган. Сыртынан караганда телегейи тегиз, төрт тарабы түгөл, келечеги кенен эле. Тагдырына таарынгыдай эч жөнү жок эле. Эми ал тынч кыштакта, бейпил шартта, жакшы көргөн кишилеринин курчамында, жазуучулук атагынын саясында бейкапар өмүр сүрүп, жан-тени менен кошо бүткөн чыгармачылык ышкысын кандырып жүрө берсе болмок.
Бирок Толстой, жашы өйдөлөгөндө деле жигит чагындагыдай тынчы жок бойдон калат. Албуут жаны дагы эле токтолго таппай буркан-шаркан түшө берет, өткүр акылы алгыр бүркүттөй алыска чабыттай берет. Ырасын айтканда, беймарал жашагандан ал өзү атайлап качат. Тынчып калсам, эс-акылым эңгилчекке басылат, көңүлүм көр оокаттын абыгерчилигине чөгөт, өмүрүмдүн жалыны өксүп-өчөт дегендей кыязда кара жанын карч урат. Тагдыры татаалдана турган, башына мээнет үйүлө турган, ой-санаасы толгоно турган тарапка качырып, өз жан-дилин өзү камчылайт. «Тирүүлүктүн эң зарыл шарттарынан, тактап айтканда, дайыма кабатырланып, мээнет тартып, күрөшүп-таймашып, жокчулукка кабылып жүргөндөн суурулуп чыгам деп бир киши да көз ирмемге ойлой көрбөсүн,— дейт Лев Николаевич бир катында.— Эми эстесем күлкүм келет: бир убакта мен... өзүмө кичинекей бир бактылуу жана адал-аруу дүйнө куруп алып, ошондо жаңылыштык кетирбей, өкүнүчкө малынбай, будаланып чайналбай, тынч гана жайма-жай жашасам болот деп, ашыгып алаңдабай, төрт тарабын төп келтирип жалаң жакшы иштер жасашым мүмкүн деп ойлочу элем. Көрсө, ошол оюм түккө турбайт экен! Адал өмүр сүрүш үчүн тытынып-жулунуп, адашып-чаташып, урунуп-беринип, жаңылып-жазып жашоо керек, бирдемеге катуу киришип, анан андан кайра айнып, улам баштап, улам айнып, дайыма күрөшүп, дайыма жоготууга учурап жүрүү керек».
Албетте, бул саптарда өмүр сүрүүнүн өтө катуу эрежеси бар. Ал эреже адамдан аң-сезимдин бийиктигин, эрк-кайраттын темирдейлигин, ден соолуктун мыктылыгын, нерв системасынын бышыктыгын сурайт. Ар ким эле өз өмүрүнө өйдөкүдөй катаал талаптар коё албайт, атүгүл, эрки күчтүү эргулдар да ошол эреженин сыноосуна туруштук бере албайт. Демейде адам баласынын басымдуу көпчүлүгү оор мээнеттен жалтайлап, жетишпеген турмуштан жана кайгы-кападан качып, ар кыл каргашалардан буйтап өткөнгө жан талашып, өмүр бою байкерчилик турмушка, жан жыргалына, көңүл тынччылыгына карай бой урат. Тек гана Толстой сыяктуу көпчүлүктүкүнөн айырмалуу пенделик касиеттери бар сейрек кишилер өзүн өмүр бою кызылдай мээнетке кириптер кылып, тыным билбей жан-дилин сабалап, азаптуу духовный изденүүлөрдүн алкагынан чыкпай өтөт.
Ырас, Толстой ошол «эрежесин» кокустан өз мээсинен сыгып чыгарып алып, анан, анысын бекем тутушум керек деген сокур ишенимге биротоло берилип, ошон үчүн гана жанын жанга уруп чайнала берген эмес. Арийне, улуу жазуучу жашынан өз алдынча кыйналып ойлонгонго, адам турмушунун аки-чүкүсүн жадабай териштиргенге, жаңгактай катуу дүйнөнүн кабыгын кантип чагам деп баш катырганга жедеп көнүп алган. Баамына урунган нерсенин баарын акыл тегирменине тартпай тура албаган тирүү аппаратка айланган. Анан, ал өз доорунун күндөлүк ыбыр-сыбыры жана урунттуу проблемалары, калың элдин кайгылуу тагдыры жана бүдөмүк келечеги, замандаштарынын сүйлөгөн сөздөрү жана жасаган иштери, керт башынын мүдөөлөрү жана мүшкүлдөрү, тирүүлүктүн түпкү мааниси жана сырткы көрүнүштөрү, өмүр менен өлүмдүн терең сырлары тууралу кантип санаасын санга бөлбөй, тогуз толгонуп ойлонбой коёт эле? Ал эми чыны менен чымырканып санаа тарткан кишинин оңой өмүр сүрүшү, беймарал күн өткөрүшү, кайдыгер жүрө бериши таптакыр мүмкүн эмес.
Бир жагынан Лев Николаевич дайыма оңбогондой оор, көк мелжиген бийик, кучак жетпес олчойгон максаттардын үдөөсүнө чыгам деп талпынып, ал эми жасагандары, башкалардыкына караганда алда канча жакшы бүтсө да, өзү ойлогон даражада чыкпай калып, ошондон улам да өзүнө өзү кайра-кайра нааразылана берген.
Айтор, «Согуш жана тынчтыгын» жарыялагандан кийин сыртынан бар дүйнөсү түгөлдөй көрүнгөн Толстой өмүрүнүн эң кыйын тилкесине кирет. Анын жаны дагы бейпайга түшүп тыбырайт, жашоо кумары какшып калгансып сезилет. Ошол учурда анын өз алганы менен ынтымагы да ыдырай баштайт.
Заадисинде Софья Андреевна акыл-эстүү, жөн билги, бышык зайып болот. Ал өз күйөөсүнүн көр оокат убарасынан кол бош жүрүп, жалаң чыгармачылык менен алпурушуна бардык жагынан шарт түзөт; улуу жазуучунун улам-улам оңдой берген кол жазмаларын кайра-кайра (кээде жети жолу!) жадабай көчүрөт. Бирок, ал канчалык аракетчил, канчалык акылдуу болсо да, алп таскактуу күйөөсү менен үзөңгүлөш жүрө албайт, анын көкөлөгөн бийик мүдөөлөрүнө ортоктош боло албайт, анын зыңгыраган оор духовный азап-тозокторун кошо тартыша албайт. Ал эми дүйнөгө эки башка мүдөөлөр менен жашаган кишилердин арасында ынтымак-ырашкер өкүм сүрүшү өтө кыйын.
Бирок, Толстойду өз үйүндөгү ыйкы-тыйкыга караганда коом тиричилигиндеги аңырайган жаракалар көбүрөөк бейпайга салат. Өз табынын кысыр өмүр өткөргөнүнө, мээнеткеч калктын ырайымсыз эзилгенине, жалпы орус жамаатынын кедери кеткенине жаны ачыйт, канчалык аракет кылса да, жеке өзү коомдун адилетсиз көрүнүштөрүн кенедей өзгөртө албаганына күйүп-бышат.
Жан-тени менен кошо бүткөн ашкан күчтүү чыгармачылык ышкысына биротоло чөгүп кетейин десе, бир чети үлүлчө күн көргөнгө көнбөгөн адамдык жаратылышы каршыгып туруп алат, бир чети көңүлүн магниттей тарткан сүрөттөө предмети табылбайт. «Согуш жана тынчтыктын» күүсү менен бир кур орус фольклоруна таянып «элдик роман» жаратканга далбаса кылат, бир кур Петр Биринчинин доору койнуна каткан табышмак тууралу жандырмак чыгарма жазганга кам урат. Тек, бул темалар анын чыгармачылык бүйрүн анча кызыта бербейт.
Арийне, Лев Николаевич эң оболу өз доорунун активдүү перзенти болгон; өз заманынын кайгы-кубанчы, кабатырлыгы, мүдөөсү менен жашап жүргөн; өз мезгилиндеги маанилүү коомдук машакаттарга кандайдыр бир шекилде аралашпай же кийлигишпей тура алган эмес. Ал атургай адабий чыгармачылыкка да көбүнчө өз учурунун практикалык маселелерин чечишем деп, кыйшайган коомдук мамилелердин түзөлүшүнө кол кабыш кылам деп, замандаштарынын моралдык жактан оңолушуна көмөктөшөм деп, орус дыйкандарынын оор тагдырын жеңилдетүүгө аралжы болом деп кайрылган.
Бирок, Толстой жашы кырктан ашканда кыйналып-кысталып жазгандары, жадагалса өлчөмсүз кыйын мээнет менен бүткөн «Согуш жана тынчтыгы» коомдук турмуштун жүрүшүнө да, билимдүү улутташтарынын аң-сезимине да байкаларлык таасир тийгизе албаганын айкын көрөт. Ушундан улам ал көркөм адабияттын социалдык маанисине, тарбиялык шарапатына, дегеле пайдасы барына күнөм санай баштайт. Бир жагынан, чар тарабында практикалык жактан токтоосуз чечилүүгө муктаж миң-сандаган курч проблемалар жабалактап турса, өзүндөй көр оокаттан колу бош кишилердин адабияттай эч кимге кереги жок иш менен алышканы ага теңирден тетири нерседей сезилет. Ал адабият жаратуу жумушун «курулай эрмек», «пендечилик», «жаман өнөкөт» деп жарыялап, дагы да жазуучулуктан баш тартат.
Ошентип, өткөн кылымдын 70-жылдары башталганда Толстойдун жеке турмушу, рухий дүйнөсү, чыгармачылыгы туюкка келип такалат. Мунусуна анын катуу сар-санаадан жиндеп кете жаздаганы, бир сапар өлүмдөн аябай эси чыкканы, ынанып жүргөн өлбөстүк идеясынан түңүлгөнү кошул-ташыл болот. Натыйжада улуу жазуучу кайгы-капага, карандай үмүтсүздүккө, көлкүгөн ишенбөөчүлүккө белчесинен батат. Бир жагынан ошо кездеги орус коомунун жан жүдөткөн жаман авасы үстүнөн ныгыра басып, анын духовный кризисин ого бетер оорлоштурат, тула бою менен акыл-эсин бүтүндөй пессимисттик маанайга толтурат.
Анткен менен Лев Николаевич а кезде жашоо кумарынан таптакыр ажырай элек эле, алдан-күчтөн деле анча тая элек эле. Ал эми өлбөгөн жан өмүрүнүн эң кыйын учурунда да тирүүлүктүн өктөм муктаждыктарына моюн сунбай койбойт эмеспи. Бармактайынан тынымсыз кара жумуш кылып көнгөн дыйкан башына кара күн түшкөндө да кажынбай тура албайт. Анын сыңары кенедейинен духовный ишке тартылган киши көзү тирүүсүндө акыл-ой жана ыйман азап-тозокторун тартпай, кандайдыр бир мээнетке чарпылбай жүрө албайт. Каңгырап турган чагында да Толстой оор эмгектен сыртта калбайт. Ал баягы эле орус дыйкандарынын кайгысын тартып, жок эле дегенде алардын балдарын караңгылыктан аздыр-көптүр куткарууга жардамдашсам деп далалат жасайт. Кайрадан педагогикалык маселелерге кунт коюп, өз кыштагында дагы да мектеп ачат. Бир аз убакыт дыйкан балдарына сабак берип жүрсө да, көбүнчө орус жеткинчектеринин бай-кедейи дебей текши пайдалангыдай «Алиппе» жана «Жаңы алиппе» китептерин кураштыруу менен, ошо китептер үчүн көркөм-дидактикалык аңгемелер жазуу менен алек болот. Ал аңгемелеринде улуу жазуучу татаал курулган сюжеттен, майдаланган психологиялык анализден, чубалжыган узун сүйлөмдөрдөн атайын качып, мазмун менен форманын жөп-жөнөкөй ачык-айкын, акыл-эске жугумдуу болушуна жетишет.
Бирок мугалимчилик иш, балдар үчүн китептер жазуу, педагогиканын теориясына кызыгуу Толстойдун опсуз опкок духовный напсисин анча алымсындырбайт, дили менен ыкыласын бүтүндөй арбап ала албайт, өмүрүнө өзөктөш ышкы-делебесин чапчаң кыймылга келтире албайт, терең рухий-чыгармачылык кырсыктын кучагынан сууруп чыга албайт. Анын эси-дартын өз өлкөсүнүн, өз калкынын, өз табынын, өз заманынын жана замандаштарынын нары татаал, нары опурталдуу тагдыры тууралу ой-санаалар көбүрөөк ээлеп, көңүл кушун олуттуу бир адабий эмгектин өктөм кумары азгырат. Ошондой эмгекке башы менен кирип кетсе гана кабыргасын кайыштырган кайгы-кападан, көздөрүн караңгылаткан пессимизмден, жанын кашайткан скепсистен кутула турганын астыртан сезип-туят. Мына ушундай түнөргөн көңүлчөкмө маанайда илең-салаң изденип жүрүп, капыстап «Анна Каренинанын» сюжетине кабылат.
* * *
«Анна Каренина» беш жыл аралыгында (1873—1877) жазылган. Толстой адегенде тек гана аристократтар чөйрөсүндөгү күйөөсү бар аялдын тетири жолго түшүп, моралдык жактан «айнып кеткен» тарыхын моралисттик духта баяндап берсем деп ниет кылган. Алгачкы планы боюнча бузулган аял катуу айыпталып, терс образ катары сыпатталмак, ал эми анын күйөөсү жеңил кыял зайыбынын айынан жапа чеккен жакшы адам катары көрсөтүлмөк болгон. Бирок, жазуу процессинде Лев Николаевичтин сүрөткердик бүйрү кызып, фантазиясы ээ-жаа бербей ала качып, алгачкы сюжеттик план түп-тамырынан бери өзгөрүүгө учураган. Негизги каармандар баштан-аяк жаңыча образдык мазмунга ээ болуп, сюжеттин чек арасы барган сайын кеңейип, улам жаңы темалар жана проблемалар менен байып отурган. Акыр-аягында сүйүү жана үй-бүлө маселесин козгогон чакан чыгарма катары ойлонулган нерсе орус турмушунун бүтүндөй бир доорун чагылдырган социалдык романга айланган. Анда жекече махаббат сезиминин ички тарыхына, жеке адам тагдырынын маани-маңызына байланышкан проблемалар коомдук турмуштун, помещиктер чарбасынын, илимдин, философиянын, көркөм өнөрдүн өтө курч маселелери менен айкалыш берилген. Бирок ушундай ар түркүн жана бай материал бири бирине жөпжөнөкөй композициялык ыкманын жардамы менен, тактап айтканда, катар жарышып жүрүп отурган кош сюжеттик линия аркылуу данакерленген.
Романдын бир сюжеттик сызыгы баш каарман Анна Каренинанын кейиштүү тагдыры менен байланыштуу. Өз ышкысынын амирине баш ийип, каалаган кишисин жан-дили менен сүйүүгө жана ошол сүйүүдөн бакыт табууга далбас урган, бирок ак сөөктөр жамаатынын эки жүздүү, ырайымсыз, арамбөөш моралынан улам жан кыюуга аргасыз болгон келиндин трагедиялуу образын жазуучу психологиялык жактан шумдуктай чеберчилик менен ачып берген. Күйөөсү Карениндин мерестиги менен өзүмчүлдүгүнө, Вронскийдин мээрим-шапкатынын сараңдыгына, Облонскийдин опаасыз ышкысына, ак сөөктөр чөйрөсүндө жүргөндөрдүн жалган жорук-жосундарына, буржуазиялык коомдун адамды жансыз кылган адеп-ахлагына Аннанын жандуу сезимдерге жана жашоо кумарына толуп турган табияты, анын жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен нукуралыгы, чынчылдыгы жана адамкерчилиги карама-каршы коюлган.
Романдын экинчи бир сюжеттик линиясы Константин Левиндин татаал тагдыры менен байланыштуу. Чыгармадагы башкы коомдук-саясий проблемалар ушул каармандын идеялык жана моралдык изденүүлөрүнө түйүндөлгөн. Левин адам өмүрүнүн түпкү мүдөөсүн, социалдык жана моралдык жүрүм-турумдун идеалдуу нормаларын издеп азап чегет. Россиянын капиталисттик жол менен өнүгүп, дворяндардын кедери кеткенине, патриархалдык чарба ыңгайынын ыдырап баратканына кейийт; өзү жашаган коомдун саясий-экономикалык негизин тескеп-териштирүүгө, чарбачылыктын жаңы ыктарын табууга, помещиктер менен дыйкандардын мамыр-жумур мамиледе болушун камсыз кылууга далалат жасайт. Ал өзүнүн, дворяндардын, карапайым элдин, жалпы өлкөнүн тагдырын ойлоп кыйналат, ар кыл теорияларды ойлоп чыгарат, өз идеяларын ишке ашырууга аракет кылат. Бирок, тарыхый окуялардын жүрүшү, реалдуу турмуштун логикасы анын утопиялык көз караштары менен кыялдарын самандай сапырып, өзүн духовный кризиске учуратат. Акыры ал турмуштан көңүлү калып, тарыхка ашынган күдөрсүздүк менен карап, өтө оор абалга дуушар болот. Коомдук аракеттерден жана идеялык изденүүлөрдөн канимет таппаган соң ал жашоонун максаты үй-бүлөдөгү ынтымакта, гармонияда, бактыда экен деген жыйынтыкка келет.
Роман өткөн кылымдын экинчи жарымындагы орус коомунун ар кайсы катмарынын көп кырдуу жана оош-кыйыштуу тиричилигинен кадыресе кеңири маалымат берет. Анын бардык каармандарынын өмүрүндөгү урунттуу моменттер 70-жылдардын тушунда өтөт. Чыгармада ошо кездеги коомдук турмуштун реалдуу фактылары жана актуалдуу маселелери, помещиктердин жана дыйкандардын жашоо ыңгайындагы өзгөрүүлөр, доордун айырмалуу белгилери, философиялык жана илимий талаш-тартыштары, тарыхый жана саясий окуялары чагылып, Россиянын реформадан соңку коомдук өнүгүшүн мүнөздөөчү социалдык-экономикалык жылыштар өзгөчө таамай көрсөтүлгөн. Толстой тууралу бир макаласында В. И. Ленин Константин Левиндин: «Бизде азыр баары тең уйгу-туйгу түшүп, жаңы гана кайра калыпка салынып жатат»,— деп айтканын цитаталай келип, ошондон улам мындайча тыянак чыгарган: «1861—1905-жылдардагы мезгилдин мындан таамай мүнөздөмөсүн табуу кыйын».
«Анна Каренинада» жалпы жонунан дүйнөгө үмүтсүз кароо, оор ой толгоолор, пессимисттик боёктор басымдуулук кылат. Анын баш каармандары жанын коёрго жер таппай чебеленип, ой азабын тартып кайгуулдап, келечектен кырсык күтө дүмөктөнүп жүрөт; экөө тең адал өмүр сүргөнгө бар күчү менен талпынып, бирок, пейли-кую жедеп бузулган буржуазиялык коомдо арманга малынып чайналат; замандын думуктурма атмосферасында бири өлүмгө баш байласа, бири рухий кырсыкка кабылат. Романдагы мындай көңүл чөктү кайрыктар Толстойдун өз заманына нааразылыгынан, коомдогу өзгөрүүлөрдү кабыл албаганынан, жалпы эле жашоо маселелерине терең скепсис менен караганынан келип чыгат.
Жазуучу романын жазып жатып өз жанын бейпайга салган татаал проблемалардын өзөгүн тескеп-териштирип жана тирмее издеп, өз өмүрүнө жана коом турмушуна карата философиялык маселесин айкындоого, коом таянып турган саясий-экономикалык жана моралдык принциптерди кайра кароого далалат жасайт. Натыйжада ал 80-жылдары өз көз караштарынын системасын кескин өзгөртүп, бүт бойдон патриархалдык дыйкандардын идеялык позициясына өтөт. Жаңыча көз караштарын Толстой «Ыйман сыры» «Исповедь», (1879—1880), «Менин ыйманым эмнеде» (1882—1884) аттуу чыгармаларында кең-кесири жарыя айтат. Ал жогорку коом катмарынын, асыресе өзү сыяктуу дөөлөттүү кишилердин тиричилиги жалган негизде турат деген ойго келип, мамлекеттик түзүлүш менен чиркөөгө, буржуазиялык коомдун мамилелери менен моралына, жалпы эле өз табынын жашоо ыңгайына каршы чыгат. Айрым публицистикалык макалаларында учурдагы цивилизациянын жаңылыктарын жерип, былык-сылык жактарын ырайымсыз ашкерелейт. Жеке өзүн жана үй-бүлөсүн митече күн көрүп жатабыз деп эсептеп, өзү жөнөкөй дыйкандардан айырмаланбай жашаганга бел байлайт.
Кара жумушка ыкылас коюп, жер айдайт, өтүк ултарат; жупуну кийинип, карандай эти жок тамак жей баштайт. Өзү жараткан улуу чыгармалардан баш тартып, аларды «дөөлөттүү кишинин эрмеги» деп санап, көркөм чыгармалар жазгандан айныйт. Өмүрдүн оопасыздыгын, коомдук турмуштун өөдүк-сөөдүк кубулуштарын кескин сезген сайын анын динчилдик маанайы күч ала берет. Эми ал өзүн санааркаткан ой-пикирлерди диний-философиялык шекилде туюнтууга, динчил-моралисттик духтагы чыгармалар жазууга бөтөнчө ынтызарланат. «Догматтык дин илимин изилдөө» (1879—1880), «Төрт инжилдин кошундусу жана котормосу» деген эмгектеринде өзүнүн диний окуусун жарыя кылат. Ошол окуунун негизинде кийинчерээк толстойчулук деген диний-утопиялык агым пайда болуп, Россия аймагына бир кыйла эле жайылат.
Толстой өз окуусунда бир жагынан ырайымсыз падышалык режимди, официалдуу чиркөөнү, капиталисттик мамилелерди, эзүүчү таптын митечилигин өтө катуу сынга алып, дыйкандардын муңун муңдап, алардын ашкере оор абалына боору ачыйт; экинчи жагынан, ал орус дыйкандарынын аң-сезиминдеги кедери тартма белгилерди идеализациялап, «бирин бири кечирүү», «орток жакшы көрүшүү», «жамандыкка күч менен каршылык көрсөтпөө», «диний-моралдык жактан жакшыруу» сыңары реакциячыл идеяларды жар салат.
Толстойдун көз караштарындагы мындай арсак-терсек көрүнүштөр Россияда капитализм дүркүрөп өөрчүп, буржуазиялык-демократиялык революция жакындап келаткан мезгилдеги орус дыйкандарынын ой-пикириндеги жана психологиясындагы каршылыктар менен шартталган эле. В. И. Ленин Толстой тууралу макалаларында анын падышалык тартипке жаны ачынып протест жасаганы менен бирге саясий жашыктыкка жана диний кыялкечтикке азгырылганын, карапайым калкты тукулжураткан себептерди ашкерелөө менен бирге дыйкан журтунун чыныгы муктаждыктарына коошпогон абстракттуу диний-моралдык жол-жоболорду үгүттөгөнүн айкын көрсөткөн. «Адамзатты аман алып калуунун рецепттерин ачкан олуя катары Толстой күлкү келтирет,— деген В. И. Ленин. — Толстойдун улуулугу Россиядагы буржуазиялык революция болор мезгилдеги миллиондогон орус дыйкандарынын аң-сезиминде куралган идеяларды жана маанайларды туюнткандыгында».
Моралдык жана диний кризиске учурашы, коомдук көз караштарынын өзгөрүшү, насыятчылык менен алек болушу Толстойдун адабий ишине бир кыйла жаңы багыт берип, анын көркөм чыгармачылык тууралу түшүнүктөрүнө орчундуу таасир тийгизет. Ал «Искусство деген эмне» (1897—1898) аттуу трактатында көркөм чыгармачылыктын табияты жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө өтө таамай пикирлер айтат, бирок, профессионал адабият менен искусствону бүтүндөй бийлөөчү таптын муктаждыктарына ылайыкталган деп жарыялап, карапайым калктын маданий деңгээлине, мүдөөсүнө, ой-сезимине шайкеш келген түшүнүктүү чыгармалардын жаралышын жактайт. Ал бу жагынан нуска катары фольклорду жана диний адабиятты көтөрө чалып, чыныгы элдик адабияттын негизи фольклордогудай диний сезимде уюп турушу керек деп эсептейт. Калктын калың катмарына арналган чыгармалар кандай болууга тийиш экенин конкреттүү көрсөтүш үчүн фольклордук үлгүдө элдик аңгемелерин жазат. Ал аңгемелерде көбүнчө жоош-момун жүрүү, ысаптуу болуу, тагдырга баш ийүү, жамандыкка каршы барбоо сыяктуу диний мотивдер козголот.
Ошону менен катар Толстой жаңы көз караштарынын духунда «Түркөйлүктүн туткуну» (1886) жана «Агартуунун үзүрү» (1886—1889) пьесаларын, «Иван Ильичтин өлүмү» (1884—1886) жана «Азезил» (1889—1890) повесттерин, «Крейцер сонатасы» (1889) аңгемесин жаратат. Булар иш башында жаңы көз караштарын үгүттөө ниети менен жазыла баштаса да, аягында бийик идеялык-эстетикалык касиети бар чыгармаларга айланат. Канткен менен иш процессинде улуу жазуучунун кубаттуу сүрөткердик жаратылышы менен, нукура реалисттик көркөм методу анын карандай морализатордук установкасынын күчтүүлүк кылып кетет. Бирок, анын реакциячыл идеялары көркөм чыгармаларынын мурдагыдай толукшуган мазмундуу чыгышына кыйла эле жолтоо кылбай да койбойт.
Лев Николаевич 90-жылдары өз окуусун жайылтуу абыгерчилигин тартат, эл агартуу ишине көмөктөшөт, өз тарапкерлерин жана жолдоочуларын (толстойчуларды) мүмкүнчүлүгү барынча колдоого алат, айрыкча, ачарчылыкка кириптер болгон дыйкандарга жан-дили менен жардам көрсөтүп, ошол калк башына түшкөн кырсыктын жолун тороого чакырган жалындуу макалалар жазат. Ал өз заманынын саясий иш-аракетинен да четтебей, элдин ашкере тукулжурап кеткенине, репрессия менен зулумдук өкүм сүргөнүнө, бүткүл коомдун адилетсиздикке чырмалганына каңырыгы түтөгөндөн Александр Үчүнчү менун Николай Экинчиге алардын саясатын катуу айыптаган каттар менен кайрылат. Ошол учурда жазуучунун атак-даңкы төгөрөктүн төрт бурчуна жайылып, кадыр-баркы Россияда өзгөчө көкөлөп, аты-жөнү жалпы улуттун сыймыгына жана уят-абийрине айланат. Чет өлкөлөрдөн жана Россиянын ар кайсы жерлеринен көп сандаган кишилер Ясная Полянага зыярат кылып келе баштайт.
Толстой а жылдары көркөм чыгармачылык майданында да чымыркана иштеп, падышалык режимдин бүткүл турпатына реалдуу протест иретинде жазылган «Пейилдин оңолушу» (1889—1899) романын колдон чыгарат. Турмуштар чын эле болгон окуя, тактап айтканда, аягы суюктук ишин аргасыздан кесип кылып, жалган жалаа менен соттолгон реалдуу аялдын тарыхы романдын сюжеттик уюткусу болуп берет. Анда негизинен баш каарман Катюша Маслованын кейиштүү тагдыры, Катюшанын жаман жолго түшүшүнө адеп себепкер болгон князь Нехлюдовдун өз күнөөсүн кечигип сезип, арманга батып азаптанганы, кеч болсо да күнөөсүн жууганга аракет жасап, жаңыча жашоого бел байлаганы, акырында христиан дининин шарапаты менен духовный жактан кайра «тирилгени» сүрөттөлөт. Бирок, сюжеттин рамкасы ушуну менен эле чектелип калбайт. Толстойдун мурдагы эпостук чыгармаларындай эле бул роман да көп пландуу. Анда ошо кезде Россияда бар таптардын жана коомдук топтордун өкүлдөрү жолугат, орус коомундагы бардык социалдык катмарлардын тиричилигине, духовный турмушуна, келечек мүдөөсүнө тиешелүү курч маселелер козголот, окуялар шаар-кыштакта, мамлекеттик мекемелерде, падыша ордосунда, санжыргалуу сарайларда, жакыр үйлөрдө, түрмөлөрдө, жалапканада өтөт. Жазуучу бар болгон сынчылык күчүн, сүрөткердик дараметин, граждандык каарын мамлекет бийлигинин, соттун, чиркөөнүн абийрин айрандай төгүүгө, дворяндардын митечилигин, жеке менчиктин адилетсиздигин, акчанын жамандыгын, түрмө менен проституциянын ташбоорлугун ашкерелөөгө жумшаган. Толстойдун айтылуу диний-моралдык жол-жоболору чыгарманын мазмунунан автордук сенек тенденция катары оркоюп чыгып турса да, романдын образдык логикасына анчалык коошо бербесе да, андагы сынчыл пафос, идеялык-эмоциялык таасир, айрыкча, динге жана чиркөөгө каршы мотивдер укмуштай күчтүү чыккан. Ошол себептүү орус динчилеринин төбөлдөрү 1901-жылы Толстойду кайрыдин деп таап, православие чиркөөсүнөн официалдуу түрдө чыгарып таштаган.
Биздин кылымдын башында Толстой, карыганына карабай, чымырканган интеллектуалдык жана чыгармачылык иш менен жашап, өз өмүрүндө моралдык төңкөрүш жасоо, өз чөйрөсүнөн суурулуп чыгуу, идеалы менен турмушун шайкеш келтирүү, өлбөстүн жолун табуу сыяктанган проблемалар менен алпурушат. Бул изденүүлөр анын ошо кездеги адабий чыгармаларында да айкын издер калтырат. Алар мурдагыдан башкачараак идеалык-эстетикалык принциптер менен жазыла баштайт. Жазуучу өтө майдалаган детализациядан жана психологизмден, чыйралыңкы сюжеттен жана көбүрүп-жабырган татаал баяндоолордон качып, адамдар менен окуялардын ички байланышын мотивировкалоого, сөздөрдүн сараңдыгына, сыпаттоолордун таамайлыгына, сүрөттөөлөрдүн жөнөкөйлүгүнө көбүрөөк ык салат; турмуш акыйкатын чулу-чулу, келки-келки жалпылоого ынтаа коюп, окуялар тизмегин ар түркүн турмуштук көрүнүштөрдү табигый түрдө камтыгыдай, улам жаңы каармандар жолдон кошулуп тургудай, негизги автордук идеялар көркөм мазмундан байкалбай агып чыккыдай кылып кураштырууга умтулат. Айтор, ал соңку чыгармаларында өзүнүн бүткүл адабий тажрыйбасын жыйынтыктап, «Согуш жана тынчтык», «Анна Каренина» сыяктуу бийик профессионалдык даражада иштелген романдары менен атайын жөнөкөйлөштүрүп жазылган элдик аңгемелеринин эстетикалык табылгаларын синтездөөгө аракет жасайт.
Ушундай аракеттердин натыйжасында «Хажимурат» (1896—1904), «Жалган купол» (1902-1904) «Сергей дамылда» (1890—1898), «Балдан кийин» (1903), «Абышка Федор Кузьмичтин өлгөндөн кийинки жазмалары» (1905), көп сандаган аңгемелери, «Тирүүнүн өлүгү» (1900) пьесасы жаралат. Булардын арасынан өтө бийик идеялык-көркөмдүк деңгээлде жазылганы — «Хажимурат».
Бул чакан повестте падыша аскерлери менен кавказдык тоолуктардын арасындагы куралдуу кагылыштардын айрым эпизоддору, орус солдаттары менен офицерлеринин күндөлүк турмушунан, орус дыйкандары менен жөнөкөй тоолуктардын жай тиричилигинен көркөм маалыматтар, Николай менен Шамилдин зулумдук жагынан бири-биринен айырмаланбаганы, аристократ-чиновниктер чөйрөсүнүн жорук-жосундары орун алган. Бирок, андагы окуялардын баары тунук акыл, эр жүрөк, таза пейил тоолуктун драмалуу тагдыры менен байланыштырылган. Баш каарман Хажимурат — табигый пакизалыгын, жан дүйнөсүнүн чулу бүтүндүгүн, тирүүлүктүн өксүбөс кумарын, азаттыкка ынтызар духун сактап калган адам. Ал кандай жагдайда болбосун өзүн эркин сезип, өз кадырын жакшы билип, жөнөкөй бойдон кала берет. Эгер беймарал өмүр сүрчүү, адам өз эрки менен боло алчу тынч заман болсо, Хажимурат өмүрүн адал эмгек өткөргөн азат дыйкан болор эле. Бирок, конкреттүү тарыхый шарттардын жана себептердин айынан ошо карапайым, ак ниет, дыйкан жандуу киши жоокерге айланып, согуш ишин кесип кылып, падышалык мамлекет менен диний хандыктын (имаматтын) ортосундагы куралдуу кармаштын аргасыз курманы болот, анын асыл өмүрү бой тирешкен эки одоно күчтүн басырыгында калып, кур бекер жанчылат. Бирок, Хажимурат тагдырга пассивдүү баш ийип бербестен, өз өмүрү жана азаттыгы үчүн кашык каны калгыча салгылашат. Сүрөткердик ышкысына жетеленген жазуучу повестин жазып жатканда жамандыкка күч менен каршылык көрсөтпөө керек деген моралисттик жобосун тарс унутуп, тайманбас тоолуктун өз өмүрү жана керт башынын эркиндиги үчүн жан кечтилик менен активдүү күрөшкөнүн даңазалайт.
Көбүнчө документтик материалга жана өзүнүн кавказдык таасирлерине таянып жазган бул повестин Толстой көңүлүндө адабий мурасым деп санаган. Чынында да ал чыгармада улуу калемгердин ашкан жаңычыл көркөм тажрыйбасынын тыянагы, калпып алынган каймагы, сыгып берилген маңызы бар. Ошол кичинекей баянга «Согуш жана тынчтык» сыңары килейген эпопеяга арзый турган бай мазмун сыйган. Ошону менен катар андан 20-кылымдагы дүйнөлүк адабиятка кийинчерээк келген нускалуу көркөм ачылыштардын эң урунттуу белгилерин табууга мүмкүн. Демек, «Хажимурат» — өзү жаралган доордон, а доордун эң бийик эстетикалык деңгээлинен озуп, болочок адабий өнүгүштүн айкын багытын көрсөткөн чыгарма.
Соңку он жылдык өмүрүндө Толстой орус адабиятынын айгине көсөмү жана тирүү классиги деп таанылып, даңазасы жер жүзүн дүңгүрөтүп, өз калкынын терең урмат-сыйына бөлөнөт. Бирок, анын жашы эңкейлеген чагын бактылуу карылык деп айтуу кыйын. Ал ошо жылдары деле моралдык азаптарга чарпылып, коомдун кайгысын жана керт башынын абыгерчилигин тартып, жаны тынбай түйшүктөнө берет. Карып калса да чыгармачылык ишин басаңдатпай, коомдогу маанилүү окуяларга кайдыгер карабай, рухий жактан баштагыдай эле активдүү жашайт. Революциялык кыймылдын күчөгөнүн кыртышы сүйбөй кабыл алат, бирок, өз күйүтүнүн бир себепкери — дыйкандардын оор тагдырын революциялык төңкөрүш гана жеңилдете турганын да боолголоп түшүнөт. Революциялык өйдөлөштөн кийин өкүм сүргөн өкмөт зулумдугуна бүткүл каары менен каршы чыгып, өлүм жазасын колдоно баштаган падышалык режимге «Унчукпай коё албайм!» (1908) деген макаласы менен тайманбай каяша айтат.
Толстойчулук Россияда кадыресе идеялык агымга айланып, атүгүл айрым чет мамлекеттерге (мисалы, Индияга) да таралып калган чакта Лев Николаевич коомдук окуялардын таасиринен жана жолдоочуларынын кылган-эткенинен улам өз окуусунун тууралыгына күнөм санап, тымызын күйүт тарта баштайт. Бирок, ал баарынан да жакыр калктын арасында өзүнүн бай, ток пейил, бейгам күн көргөнү үчүн беймаза болуп, өз оюндагысына ылайык жашай албай жатканынан жүдөй берет, өз үйүнөн биротоло кетсем деп, калган өмүрүмдү жөнөкөй дыйканчасынан жупуну өткөрсөм деп ниет кылат. Экинчи жагынан, үй-бүлөсүнүн өз ой-пикирине ортоктош болбогону, кемпири Софья Андреевна менен толстойчулардын чыр-чатагы, үйүндөгү түгөнбөгөн талаш-тартыштар да анын көңүлүнө көк таштай тиет. Акыры ал көптөн бери жүрөгүнө түйүп жүргөн ниетин чынга чыгарышка чыгынып, Ясная Полянадан 1910-жылы 10-ноябрда (эскиче 28-октябрда) түн жамынып жашырын качып чыгат. Жолдо баратып суукка урунуп, кагын менен катуу ооруп, Астапово станциясында түшүп калууга аргасыз болот да, ошол станциянын начальнигинин үйүндө ноябрдын жыйырмасында (эскиче жетисинде) дүйнөдөн кайтат.
Улуу жазуучунун өлүмү укмуштай алп дарак кулагандай бүт Россияны солк дедирип, калктын калың катмарын катуу күйүткө дуушар кылат, жер шарынын булуң-бурчуна угулуп, мүлдө дүйнөнү бир селт эттирип алат. Бул кейиштүү окуяга карата В. И. Ленин да эмиграцияда жүргөн жеринен өз мамилесин жарыя айтып, Толстойдун жалпы планеталык масштабдагы жазуучу жана ойчул экенин баса белгилейт. Ал эми орус адабиятынын Максим Горький баштаган прогрессчил өкүлдөрү улуу жазуучунун кайтыш болгонун өздөрүнүн жекече күйүтү катары кабыл алып, каңырыгы түтөп кайгырып, басма сөз бетине көп сандаган кошок мүнөз макалалар менен чыгат. Айтор, Толстойдун каза табышы ошого чейин деле далай эле улуу жазуучусун көргө узаткан дүйнөлүк адабият өз тарыхында көрүп-билбегендей катуу резонанс туудурат.
* * *
Лев Николаевич жердигинен опсуз чоң чыгармачылык кудурет, куландай соо саламатчылык, ноюбас мээнеткечтик менен жаралып, жакшы эле узак өмүр сүрүп, көзү өткөнчө кара жанын карч уруп иштеп, артына эбегейсиз зор адабий мурас калтырган. Анын өмүр жолун ийне жибине чейин иликтеп, эстетикалык, идеялык жана моралдык изденүүлөрүн сыдыра териштирип, жазгандарын бүт бойдон баштан-аяк окуп, чыгармачылык эволюциясын бүкүлү бойдон аңдап чыгыш үчүн көпчүлүктүкүндөй жөндөмү бар жеке адамдын өмүрү жетпей калышы мүмкүн. Албетте, артына «ат көтөргүс» улуу сөз таштап кетиштин өзү эле маашырканып кеп кылганга арзыйт. Бирок, Лев Николаевич карандай көп жазганы менен эмес, ташка тамга баскандай мыкты жазганы менен дүйнөлүк мааниси бар жазуучунун даражасына көтөрүлгөн.
Экинчи жагынан, ошол даражага ал өз заманынын негизги өнүгүш багытын, ички каршылыктарын жана чайналыштарын, көзгө толумдуу өзгөчөлүктөрүн даанышманча таасын чагылдырганы менен жеткен. Арийне, Лев Толстой чыгармачылыгынын көкөлөп көтөрүлгөн убагы Россиядагы патриархал мамилелер астын-үстүн түшүп талкалана баштаган 1861-жыл менен биринчи буржуазиялык-демократиялык революцияга жол ачкан 1905-жылдын аралыгына туура келет. Бул мезгил — орус тарыхынын эң урунттуу, аябаган татаал, байсал таппай туйлап турган өткөөл учуру. Жалпы чыгармачылыгы ушул жылдардан аздыр-көптүр мурда башталып, кийин аяктаса да, Толстой художник жана ойчул катары дал ушул мезгилдин ичинде калыпка түшкөн; ал мезгилдин өткөөл мүнөздө болушу улуу жазуучунун көркөм чыгармаларынын да, патриархал идеологияга таянган «толстойчулуктун» айырмалуу касиеттерин да жараткан.
Лев Николаевичтин чыгармачылыгы негизинен биринчи орус революциясынын туундусу экенин, ал революциянын өрнөктүү жана карама-каршылыктуу жактарын күзгүдөй көрсөткөнүн айта келип, В. И. Ленин мындай деген: «Анын художник катары дүйнөлүк мааниси, ойчул жана насаатчы катары дүйнөгө таанымалдыгы экөө тең барабар орус революциясынын дүйнөлүк маанисин өз алдынча чагылдырат».
Владимир Ильич Толстойдун чыгармачылыгын «бүтүндөй адамзаттын көркөм өнүгүшүндөгү алга шилтенген кадам» катары да баалаган. Чынында да Лев Николаевичтин адабий иш-аракети орустун көркөм сөз маданиятын кол жетпес бийиктикке көкөлөтүп, дүйнөлүк адабияттагы реалисттик салттардын дүркүрөп өсүшүнө жазгы жамгырдай эле таасир тийгизген. Жыйырманчы кылымдагы дүйнөлүк адабияттын чолпон жылдыздай таанымал даркандары өздөрүнүн чыгармачылык ийгиликтери үчүн көп жагынан улуу орус чеберине милдеткер. Деги жер жүзүндөгү түркүн-түркүн тилдерде жазган, турмушка олуттуу караган, чыгармачылыкка компромиссиз мамиле кылган адабиятчылардын арасынан Лев Толстойдон кандайдыр бир формада таалим албагандар, балким, оңой менен табыла койбос. Ал эми биздин өлкөдөгү нукура художник жандуу прозачылардын ичинде Толстойдун эстетикалык тажрыйбасынан кыя өткөндөр жокко эсе болсо керек.
Арийне, Лев Николаевич өз өмүрүн эзилген элдин кайгысын көңүлүндө терметип, ошол эл менен тагдырлаш, пикирлеш, кандаш-жандаш болууга умсунуп жүрүп өткөргөн. Карапайым калктын терең катмарына алып барчу жол издеп, өз чыгармалары көпчүлүккө жетсе деп тилеп, атургай жөнөкөй дыйкандардын кабыл алуу жөндөмүнө ыңгайлаштырып да аңгемелер жазып көргөн. Тилекке каршы, ошол атайлап жазгандары деле дыйкандарга жеткен эмес, анткени, тиги же бул чыгарманын көпчүлүккө жетиши же жетпеси а чыгарманын билимсиз дыйкандарга ылайыкталып жазылганына да, билимдүү интеллигенцияга арналып жазылганына да байлаланыштуу эмес болучу. Балакеттин баары карапайым калк менен профессионал адабияттын арасындагы коомдук тоскоолдордо, эмгекчи калктын материалдык жакырчылыкка гана эмес, духовный жакырчылыкка да дуушар болгонунда, түмөн-түмөн адамдарды сабатсыз калтырган адилетсиз коомдук түзүлүштө жаткан эле. Ошол себептен В. И. Ленин революцияга чейинки бир макаласында мындай деп айткан: «Толстой-художник ал тургай Россияда да үркөрдөй аз адамга белгилүү. Анын улуу чыгармаларын чыны менен жалпы элдин энчиси кылыш үчүн миллион-миллион адамды караңгылыкка, азап-тозокко, түйшүгү күч эмгекке жана жакырчылыкка кириптер кылган коомдук түзүлүшкө каршы тынымсыз күрөш керек, социалисттик төңкөрүш керек».
Улуу Октябрь революциясы Толстойдун ата журтунда социалисттик төңкөрүш жасады да миллиондогон элди караңгыда кармаган коомдук социалдык тамырларына балта чапты, карапайым калк менен профессионал искусствонун арасын ажыратып турган тоскоолдорду талкалап, адамзат жараткан бүткүл маданий дөөлөттөрдү жалпы журтчулуктун энчиси кылыш үчүн реалдуу өбөлгөлөр түздү. Калктын калың катмарын туташ камтыган маданият революциясынын шарапаты менен эмгекчилердин билим деңгээли кескин көтөрүлүп, Совет бийлигинин атайын иш-аракетинен улам мурда эзүүчү таптар гана энчилеген маданий байлыктар калың элдин арасына кең-кесири таралды.
Натыйжада профессионал искусство элге, эл профессионал искусствого жакындап, айтор, ал экөөнүн арасындагы илгеркидей чоң ажырым социалисттик курулуштун жүрүшүндө акыр-аягы жоюлуп бүттү. Мына ушундай жаңы коомдук-маданий шарттарда Толстойдун кедери тартма диний окуусу, жалган негиздүү идеялары, карама-каршылыктуу көз караштары тарых деңизинин түпкүрүнө чөгүп, эскирбес турмуш акыйкатына жана эстетикалык касиеттерге ширелген чыгармалары жалпы элдин менчик энчисине, духовный азыгына, бөксөрбөс байлыгына айланды.
Октябрь революциясынан бери карай Лев Толстой чыгармаларынын токсон томдон турган толук (академиялык) жыйнагы жарык көрдү; айрым чыгармалары оригиналында дээрлик жыл сайын миңдеген нуска менен үстөккө-босток чыгып турду; көп томдуу жыйнактары төрт-беш жыл аралыгында эле кайталанып басылып жатты. Ушинтип жатса деле көпчүлүктүн Толстой жазган чыгармаларга «суусап» турганы эмгиче кана элек. Маселен, жакынкы жылдарда эле анын 22 томдон турган чыгармалар жыйнагы туптуура бир миллион нуска менен чыга башташса да, мындай тираж дүйнөлүк китеп чыгаруу өнөрүндөгү көз көрбөгөн шумдук факт болсо да, ага жазылсак деген ынтызарлардын тең жарымынан көбү арманда калды. Алардын баарын алымсындырыш үчүн дегеле кагаз чак келчүдөй эмес. Мунун өзү улуу жазуучунун чыгармалары жүз жылдын ичинде аздыр-көптүр эскирип койбогонуна да таасын күбө эмеспи!
Чыгармалардын башка тилдерге которулганы жагынан да Толстой ушу кылымда алдыңкы катардан артка чегине элек. Айрым өлкөлөрдө, асыресе Японияда академиялык токсон томдугунун которулуп чыкканы да дүйнөлүк адабияттын тарыхындагы адаттан тышкары чыккан окуялардан...
Толстойдон айрым котормолор кыргызчада 30-жылдардын орто ченинен газета-журнал беттерине жарыяланып, мектеп хрестоматияларына кирип, өзүнчө китеп болуп чыга баштаган. Алардын дээрлик баары улуу жазуучунун жаш балдарга арналган чакан аңгемелери, жомоктору, тамсилдери болгон. Тактап айтсак, 1935-1940-жылдар аралыгында ошондой чыгармалардын алтоо өзүнчө китеп болуп чыккан: мындан тышкары «Балдар үчүн» жана «Тамсилдер» деген эки жыйнагы жарык көргөн; чоң чыгармаларынан «Хажимуратты» Мукай Элебаев казакчадан которуп бастырган. Биерде белгилеп өтчү нерсе: адегенде Толстойдун өтө жөнөкөй жазылган, ошондон улам которууга бир кыйла жеңил чыгармалары кыргызчалатылган; экинчиден, ал котормолордун көркөмдүк жагы анча бийик болгон эмес. Ал эми Мукай Элебаев «Хажимуратты» бир чети казакча жармач котормодон кыргызчалатса, бир чети өтө эле эркин которуп салган.
Лев Николаевичтин кыргызча чындап «сүйлөшү» айтылуу котормочу Сүйүнтбек Бектурсуновдун унутулбас ысмы менен байланыштуу. Ал көркөм котормо ишин өзүнүн бирден бир кесиби кылып, кыргыз китепкөйлөрүн дүйнөлүк жана орус адабиятынын мыкты үлгүлөрү менен тааныштырган. Бирок Лев Толстойду кыргызчалатуу анын өмүрлүк эң негиз ишине айланган. Анын котормосунда 1949—1955-жылдары «Согуш жана тынчтыктын» төрт тому, 1956-жылы «Пейилдин оңолушу» 1953-жылы улуу жазуучунун «Аңгемелер жана жомоктору», 1955-жылы «Кичинекей аңгемелер, жомоктор жана тамсилдери» жарык көргөн; 1959-жылы «Тандалган чыгармалар» деген жыйнакта «Бала чак» жана «Өспүрүм кез» повесттеринен главалар, «Севастополь декабрь айында», «Люцерн», «Поликушка», «Балдан кийин» аңгемелери, «Анна Каренинадан» үзүндүлөр жарыяланган. Толстойдун Сүйүнтбек таржымалаган айрым аңгемелери башка жыйнактарга кирип, журналдар бетине да чыккан.
Сүйүнтбек Бектурсунов орусча жана кыргызча жакшы билген. Анын кадыресе чоң художниктик касиети, тилдик кылдат интуициясы, дурус профессионалдык маданияты, ноюбас мээнеткечтиги бар болгон. Ушул сапаттары анын Толстойду которууда ийгиликке жетишин шарттаган. Албетте, Бектурсуновдун нукура чыгармачылык жеңиши — «Согуш жана тынчтык» котормосу. Бийик даражада өөрчүгөн орус тилинде даанышман жазуучу тарабынан жазылган татаал чыгарманы жаңы телчиккен адабий тилде кайра жаратуу ашкере кыйын болсо да, котормочу өз мойнуна илген оор озуйпаны ойдогудай десе болгудай деңгээлде аткарып, котормо өнөрүбүздө чоң эрдик жасаган. Оригиналдын жалпы мазмуну, идеялык байлыгы, образдуулугу, эмоциялык «дүрмөтү», атүгүл, стилдик өзгөчөлүктөрү кыргызчасында кадимкидей жакшы сакталган. Айрым чоң-кичине кемчилдиктерине карабастан, бул котормо жалпы жонунан чыныгы көркөм чыгарманын касиетине ээ.
С. Бектурсунов негизинен таржыма менен күн көргөн себептүү жаны тынбай көп которсо да, айрым жупуну мазмундуу китептерди түз эле машинисткага диктовка кылып, кээде чыгармачылык ишке ат үстүнөн мамиле жасаса да, Толстойду которууда бар мүмкүнчүлүгүн салып, жан-дилинен берилип, ак ниети менен олуттуу иштеген. Ошол себептен бул котормолор анын башка котормолорунан аттын кашкасындай айырмаланып турат. Деги Сүйүнтбек Бектурсунов улуу орус жазуучусунун негизги чыгармаларын кыргызчалатуу менен биздин котормо өнөрүбүздү нукура профессионалдык деңгээлге көтөрүү, көркөм сөз маданиятыбызды өөрчүтүү, тилибиздин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана кеңейтүү жагынан эң чыгаан жазуучуларыбыздыкынан кем калышпаган иш кылган.
Л. Н. Толстойду кыргызча «сүйлөтүүдө» башкалардын да аздыр көптүр үлүшү бар. Асыресе, Тазабек Саманчин которгон «Анна Каренинанын» биринчи китеби 1959-жылы кыргызча жакшы чыккан. Канткен менен Саманчин жөндөмдүү адабиятчы, көркөм сөздүн кадырын билген жазуучу эле го. Ал эми 3. Мамытбеков которгон «Хаджимурат (1953; экинчи басылышы — 1973), Д. Кулбатыров менен Б. Курманкулов которгон «Бала чак», «Өспүрүм кез», «Боз улан курак» (1970) повесттери, К. Эшмамбетов, К. Абдыкеримов, Д. Черикчиев, А. Текинаев жана башкалар которгон аңгемелер тууралу маашырканмак тургай, жөн гана алымсынып сөз кылуу кыйын. Алар чыныгы көркөм котормо, адабияттын жандуу туундусу, кыргыз котормо өнөрүнүн кадыресе табылгасы боло албай, тек сабаттуу сөзмө сөз таржыманын деңгээлинде кала берген.
Арийне, Толстойдун далай чыгармасы али кыргызчалана элек, кыргызчалангандарынын кыйласы да кайрадан которула турган жөнү бар, атүгүл, Сүйүнтбек Бектурсуновдун котормолору да көп жагынан кайра редакцияланууга муктаж. Бирок бул иштерге өз алын билбей котормочулук кылган эргулдар жана көркөм сабаты начар редакторлор эмес, жазуучулук жөндөмү бар, эстетикалык табити тетик, көркөм сөзгө ызат менен караган кишилер тартылса абзел болор эле. Деги, адабий чыгарманы жазуучу которгонго, жазуучу рецензиялаганга, жазуучу редакторлогонго эмне жетсин.
Тилекке каршы, кыргыз жазуучуларынын кары-жаш дебей котормо ишине жолобойт, кол кабыш кылбайт, кайдыгер карайт. Ошондон улам бизде котормонун жалпы деңгээли өтө эле төмөн. Бул жагдай котормочулук майданга таланттуу жазуучулардын шымаланып киришин өктөм талап кылат. Эгер алар улуу жазуучулардын, асыресе Л. Н. Толстойдун чыгармаларын кыргызчалатууга активдүү катышса, чеберчилик жагынан табылбас сабак, адабий тажрыйба жагынан нускалуу таалим, чыгармачылык жагынан зор канимет алмак. Ошондо Лев Николаевичтин көп томдуу чыгармалар жыйнагын ойдогудай даражада чыгарып, кыргыз окурмандарын улуу жазуучунун кайталанбас көркөм дүйнөсү менен кененирээк да, тереңирээк да тааныштырууга айкын мүмкүнчүлүктөр ачылган болор эле.
1978—1981-жылда